Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 281
"Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
"Патент мыйзамы" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статьяда:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуунун деңгээлине ээ болот.";
- 9 жана 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Төмөндөгүлөр ойлоп табуу катары таанылбайт:
1) ачылыштар;
2) илимий теориялар жана математикалык методдор;
3) чарбаны уюштуруунун жана башкаруунун методдору;
4) шарттуу белгилер, расписаниелер, эрежелер;
5) акыл операцияларын аткаруунун, оюн өткөрүүнүн эрежелери жана методдору;
6) эсептөөчү машиналар үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
7) маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
8) курулуштарды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары;
9) эстетикалык таламдарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү сунуштар;
10) интегралдык микросхемалардын топологиялары;
11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукуму;
12) коомдук таламдарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карама-каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү сунуштар.
Ушул статьянын тогузунчу бөлүгүнүн 6, 10, 11-пункттарында аталган объектилер өзүнчө мыйзамдар менен корголот".
2. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"Өнөр жай менчигинин объектисине патент менен тастыкталган мүлктүк укуктар күрөө предмети боло алышат.".
3. 15-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим белгиленген алым төлөнгөн шартында, Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз болуп эсептелет. Лицензиялык келишим, патентке болгон укуктун күрөөсү жөнүндө келишим Кыргызпатентте каттоодон өткөн датадан тартып күчүнө кирет жана каттоо жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.".
4. 17-статьянын 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "ишенимдүү өкүл" деген сөздөрдөн кийин "же башка өкүл" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 28-статьяда:
- 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Патенттин формасы жана автордун күбөлүгү, ошондой эле анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан аныкталат.";
- 8-бөлүк "Берилген патенттен" деген сөздөрдөн кийин "жана автордун күбөлүгүнөн" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Патент ээси болуп эсептелбеген өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна Кыргызпатент тарабынан каалоосу боюнча автордун күбөлүгү берилет.";
6. VI бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"VI бөлүм. Патенттерди аракетин токтотуу жана калыбына келтирүү".
7. VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын:
"32-1-статья. Патенттин аракетин калыбына келтирүү. Пайдалангандан
кийинки укук
Эгерде ойлоп табууга патенттин аракети патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алымдын төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында токтотулса жана патенттин аракетинин мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнүч каты боюнча алымды төлөө боюнча бересени жана ушундай өтүнүч катты бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдөгү алымды төлөгөн шартында, Кыргызпатент тарабынан мындай патенттин аракети калыбына келтирилиши мүмкүн.
Ойлоп табууга патенттин аракетин калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
Кайсыл жеке же юридикалык жак болбосун, ойлоп табууга патенттин аракети токтотулган учурдан тартып аны калыбына келтирүү датасына чейин, ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында окшош чечимди пайдаланган болсо же ушуга карата зарыл болгон даярдыкты көрсө, ушундай пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен аны мындан ары акысыз пайдалануу укугу сакталат (пайдалангандан кийинки укук).".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Сунушталган мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Мыйзам долбоору патент ээлерине укук берүүдөгү кошумча жол-жоболорду караштырат. Ошентип күрөө укугу киргизилет, патентти калыбына келтирүү караштырылат, пайдалангандан кийинки укук каралат.
Өзгөртүүлөр улуттук мыйзамдарды чет өлкөлүк укуктардын ченемдери жана эл аралык келишимдердин жоболору менен шайкеш келтирүү максатында киргизилүүдө.
Негизинен, төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда:
Мыйзамдын 5-статьясында 3-бөлүгү жаңы редакцияда берилиши сунушталат, ага ылайык эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуунун деңгээлине ээ болот. Ушул тармактагы адистин пикиринин негизинде тактыгын жана толуктугун баалоо, пайдаланылган техникалык терминологиянын тууралыгы, патентке жөндөмдүүлүк талаптарынын туура келиши, ойлоп табууну чечмелеп берүүнүн деңгээлинин маселелери чечилет (ойлоп табуучулук деңгээли жана жаңылыктуулук).
Мыйзамдын 5-статьясын 9 жана 10-бөлүктөрүндөгү сунушталган өзгөртүүлөр эл аралык макулдашуулардын, региондук жана улуттук патенттик мыйзамдардын жоболорунун жана эксперттөө тажрыйбаларынын негизинде киргизилүүдө.
11- жана 15-статьяларында Мыйзамга өнөр жай менчигине патент менен тастыкталган мүлктүк укуктар күрөөнүн предмети боло алат деген жобону киргизүү караштырылат. Бул сунуштар "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктунан келип чыгат, ага ылайык күрөө берүүчүгө тиешелүү болгон мүлктүк укуктар, анын ичинде интеллектуалдык менчикке болгон укуктар күрөө предмети боло алышат.
Мыйзамдын 17-статьясын 4-бөлүгүндө өкүлүнө байланыштуу толуктоолор киргизилген. Патенттик ишенимдүү өкүлдөр сыяктуу эле, өкүл Кыргызпатентке патент алууга өтүнмө берүүдө жана карап чыгууда ата мекендик ойлоп табуучулардын, уюмдардын, ишканалардын кызыкчылыктарын кесипкөйлүк менен көрсөтүүгө укугу бар.
Мыйзамдын 28-статьясында киргизилген оңдоолорго ылайык патент ээси болуп эсептелбеген өнөр жай менчигинин объектисинин авторуна Кыргызпатент тарабынан автордун күбөлүгү берилет.
32-статья менен патенттин күчүн калыбына келтирүүнүн ченемдерин киргизүү жана ошондой эле ага байланыштуу пайдалангандан кийинки укук караштырылган. Көрсөтүлгөн толуктоо патент ээлеринин укуктарын кеңейтүүгө байланыштуу жана улуттук патенттик мыйзамдарды чет өлкөнүн патенттик укугунун ченемдери жана эл аралык келишимдердин жоболору менен шайкеш келтирүү максатында киргизилүүдө. (1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын 5 bis (2) беренеси).
Сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт.
Ошондой эле Мыйзам долбоору коомдун талкуусунан өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн www.gov.kg сайтында жайгаштырылгандыгын белгилей кетели. Коомдук талкуулоонун натыйжасында эскертүүлөр жана сунуштар түшкөн эмес.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт жана кандайдыр социалдык. Экономикалык, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.
Сунушталган мыйзам долбоору ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салууга багытталган эмес. Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорун регулятивдүү таасирдеги талдоонун негизинде негиздөөгө талап кылынбайт.
Төрага | М.Назарбеков |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонулуп жаткан редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5-статья. Ойлоп табуунун патентке │5-статья. Ойлоп табуунун патентке │
│ жарамдуулугунун шарттары│ жарамдуулугунун шарттары│
│ │ │
│Эгерде ойлоп табуу катары сунуш │Эгерде ойлоп табуу катары сунуш │
│кылынган объект жаңы, ойлоп │кылынган объект жаңы, ойлоп │
│табуучулук деңгээлде болсо жана │табуучулук деңгээлде болсо жана │
│өнөр жайында колдонууга жараса, ал│өнөр жайында колдонууга жараса, ал│
│укуктук жактан коргоого алынат. │укуктук жактан коргоого алынат. │
│Эгерде ойлоп табуу техниканын │Эгерде ойлоп табуу техниканын │
│деңгээлинде белгисиз болсо, ал │деңгээлинде белгисиз болсо, ал │
│жаңы деп эсептелет. │жаңы деп эсептелет. │
│Эгерде ойлоп табуу техниканын │[Эгерде ойлоп табуу ушул │
│деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, │тармактагы адис үчүн техниканын │
│ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ │деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, │
│болот. │ал ойлоп табуунун деңгээлине ээ │
│Техниканын деңгээли ойлоп табуунун│болот.] │
│приоритет күнүнө чейин дүйнөдө │Эгерде ойлоп табуу техниканын │
│жалпыга белгилүү болгон │деңгээлинен ачык көрүнүп турбаса, │
│маалыматтардын кайсынысын болбосун│ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ │
│камтыйт. │болот. │
│Ойлоп табуунун жаңылыгын аныктоодо│Техниканын деңгээли ойлоп табуунун│
│техникалык деңгээлдин │приоритет күнүнө чейин дүйнөдө │
│маалыматтарына Кыргызпатентке │жалпыга белгилүү болгон │
│мурда берилген башка авторлордун │маалыматтардын кайсынысын болбосун│
│кайра чакырылып алынбаган мурда │камтыйт. │
│приоритетке ээ болгон өтүнмөлөрү │Ойлоп табуунун жаңылыгын аныктоодо│
│жана Кыргыз Республикасында │техникалык деңгээлдин │
│патенттелген ойлоп табуулар жана │маалыматтарына Кыргызпатентке │
│пайдалуу моделдер да кирет. │мурда берилген башка авторлордун │
│Эгерде ойлоп табуу өнөр жайында, │кайра чакырылып алынбаган мурда │
│айыл чарбасында, саламаттык │приоритетке ээ болгон өтүнмөлөрү │
│сактоодо жана эл чарбасынын башка │жана Кыргыз Республикасында │
│тармактарында пайдаланылышы мүмкүн│патенттелген ойлоп табуулар жана │
│болсо, өнөр жайында колдонууга │пайдалуу моделдер да кирет. │
│жарамдуу деп эсептелет. │Эгерде ойлоп табуу өнөр жайында, │
│Ойлоп табууга тиешелүү маалыматтын│айыл чарбасында, саламаттык │
│өтүнмө берүүчү, автор же бул │сактоодо жана эл чарбасынын башка │
│маалыматты автордон түздөн-түз же │тармактарында пайдаланылышы мүмкүн│
│кыйыр түрдө алган ар кандай адам │болсо, өнөр жайында колдонууга │
│тарабынан ачык жарыяланышы, мында │жарамдуу деп эсептелет. │
│ойлоп табуунун маани-маңызы │Ойлоп табууга тиешелүү маалыматтын│
│тууралу кабарлар өтүнмө берилген │өтүнмө берүүчү, автор же бул │
│же эгерде ал суралып алынса, │маалыматты автордон түздөн-түз же │
│приоритет күнүнө чейин он эки │кыйыр түрдө алган ар кандай адам │
│айдан мурда эмес жалпыга белгилүү │тарабынан ачык жарыяланышы, мында │
│болуп калса, ойлоп табуунун │ойлоп табуунун маани-маңызы │
│патентке жарамдуулугуна таасир │тууралу кабарлар өтүнмө берилген │
│берүүчү жагдай катары таанылбайт. │же эгерде ал суралып алынса, │
│Мында бул фактыны далилдөө милдети│приоритет күнүнө чейин он эки │
│өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. │айдан мурда эмес жалпыга белгилүү │
│Түзүлүш, ыкма, зат, │болуп калса, ойлоп табуунун │
│микроорганизмдин штаммы, │патентке жарамдуулугуна таасир │
│өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын │берүүчү жагдай катары таанылбайт. │
│жаңы клеткалары, ошондой эле мурда│Мында бул фактыны далилдөө милдети│
│белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы,│өтүнмө берүүчүгө жүктөлөт. │
│затты, штаммдарды жаңыча түрдө │Түзүлүш, ыкма, зат, │
│колдонуу, же техника менен │микроорганизмдин штаммы, │
│технологиянын бардык │өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын │
│тармактарындагы жаңы │жаңы клеткалары, ошондой эле мурда│
│жетишкендиктердин кайсынысы │белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы,│
│болбосун ойлоп табуунун объекттери│затты, штаммдарды жаңыча түрдө │
│боло алышат. │колдонуу, же техника менен │
│Төмөндөгүлөр: │технологиянын бардык │
│1) илимий теориялар жана │тармактарындагы жаңы │
│математикалык методдор; │жетишкендиктердин кайсынысы │
│2) чарбаны уюштуруунун жана │болбосун ойлоп табуунун объекттери│
│башкаруунун методдору; │боло алышат. │
│3) шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, │[Төмөндөгүлөр ойлоп табуу катары │
│эрежелер; │таанылбайт: │
│4) акыл иш-аракеттерин аткаруунун │1) ачылыштар; │
│методдору; │2) илимий теориялар жана │
│5) эсептөөчү машиналар үчүн │математикалык методдор; │
│алгоритмдер жана программалар │3) чарбаны уюштуруунун жана │
│турган турпатында; │башкаруунун методдору; │
│6) курулуштарды, имараттарды, │4) шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, │
│аймактарды пландаштыруунун │эрежелер; │
│долбоорлору жана схемалары; │5) акыл операцияларын аткаруунун, │
│7) эстетикалык таламдарды │оюн өткөрүүнүн эрежелери жана │
│канааттандырууга багытталган │методдору; │
│буюмдардын тышкы түрүнө гана │6) эсептөөчү машиналар үчүн │
│тиешелүү сунуштар; │алгоритмдер жана программалар │
│8) интегралдык микросхемалардын │турган турпатында; │
│топологиялары; │7) маалымат берүүдөн гана турган │
│9) өсүмдүктөрдүн сорттору жана │чечимдер; │
│жаныбарлардын тукуму; │8) курулуштарды, имараттарды, │
│10) коомдук таламдарга, │аймактарды пландаштыруунун │
│гумандуулук жана моралдык │долбоорлору жана схемалары; │
│принциптерге карама-каршы келүүчү,│9) эстетикалык таламдарды │
│айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү │канааттандырууга багытталган │
│сунуштар ойлоп табуу катары │буюмдардын тышкы түрүнө гана │
│таанылбайт. │тиешелүү сунуштар; │
│Ушул статьянын тогузунчу бөлүгүнүн│10) интегралдык микросхемалардын │
│5, 8, 9-пункттарында саналып өткөн│топологиялары; │
│объекттер өзүнчө мыйзам менен │11) өсүмдүктөрдүн сорттору жана │
│корголот. │жаныбарлардын тукуму; │
│Ойлоп табуунун курамында эсептөөчү│12) коомдук таламдарга, │
│машиналар үчүн алгоритмдердин жана│гумандуулук жана моралдык │
│программалардын болушу, эгерде │принциптерге карама-каршы келүүчү,│
│булар ойлоп табуунун бир бөлүгү │айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү │
│болуп саналса, ойлоп табуунун │сунуштар.] │
│патентке жарамдуулугуна таасир │Ушул статьянын тогузунчу бөлүгүнүн│
│этүүчү жагдай болуп таанылбайт. │6, 10, 11-пункттарында саналып │
│ │өткөн объекттер өзүнчө мыйзам │
│ │менен корголот. │
│ │Ойлоп табуунун курамында эсептөөчү│
│ │машиналар үчүн алгоритмдердин жана│
│ │программалардын болушу, эгерде │
│ │булар ойлоп табуунун бир бөлүгү │
│ │болуп саналса, ойлоп табуунун │
│ │патентке жарамдуулугуна таасир │
│ │этүүчү жагдай болуп таанылбайт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│11-статья. Патент ээсинин укугу │11-статья. Патент ээсинин укугу │
│ │ │
│Патент ээсине өнөр жай менчигинин │Патент ээсине өнөр жай менчигинин │
│объекттерине бирден-бир │объекттерине бирден-бир │
│укуктуулук, анын ичинде, эгерде │укуктуулук, анын ичинде, эгерде │
│мындай пайдалануу ушул Мыйзамга │мындай пайдалануу ушул Мыйзамга │
│ылайык патент ээсинин бирден-бир │ылайык патент ээсинин бирден-бир │
│укугун бузуу болуп саналбаган │укугун бузуу болуп саналбаган │
│учурлардан бөлөктө, көрсөтүлгөн │учурлардан бөлөктө, көрсөтүлгөн │
│объекттерди башка адамдардын │объекттерди башка адамдардын │
│пайдалануусуна тыюу салуу укугу │пайдалануусуна тыюу салуу укугу │
│таандык. │таандык. │
│Өнөр жай менчигинин кайтарылуучу │Өнөр жай менчигинин кайтарылуучу │
│объектине болгон өзгөчө укук │объектине болгон өзгөчө укук │
│Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу│Кыргызпатент тарабынан чыгарылуучу│
│расмий бюллетенде патент берүү │расмий бюллетенде патент берүү │
│тууралу маалыматтар жарыяланган │тууралу маалыматтар жарыяланган │
│күндөн тартып пайда болот. │күндөн тартып пайда болот. │
│Коргоо документи бир нече адамга │Коргоо документи бир нече адамга │
│таандык болгон өнөр жай менчигинин│таандык болгон өнөр жай менчигинин│
│объектисин пайдалануу боюнча өз │объектисин пайдалануу боюнча өз │
│ара мамилелер алардын ортосундагы │ара мамилелер алардын ортосундагы │
│макулдашуу менен аныкталат. Мындай│макулдашуу менен аныкталат. Мындай│
│макулдашуу жок болгон учурда │макулдашуу жок болгон учурда │
│алардын ар бири корголуучу │алардын ар бири корголуучу │
│объектти өзү каалагандай пайдалана│объектти өзү каалагандай пайдалана│
│алат, бирок ага өзгөчө лицензия │алат, бирок ага өзгөчө лицензия │
│берүүгө же калган патент ээлеринин│берүүгө же калган патент ээлеринин│
│макулдугусуз коргоо документин │макулдугусуз коргоо документин │
│башка адамга өткөрүп берүүгө акысы│башка адамга өткөрүп берүүгө акысы│
│жок. │жок. │
│Бирден бир лицензия берүү же │Бирден бир лицензия берүү же │
│коргоо документин өткөрүп берүү │коргоо документин өткөрүп берүү │
│жөнүндө патент ээлеринин ортосунда│жөнүндө патент ээлеринин ортосунда│
│макулдашууга жетишилбеген учурда, │макулдашууга жетишилбеген учурда, │
│өнөр жай менчигинин объектисине │өнөр жай менчигинин объектисине │
│укукту бөлүштүрүү сот тартибинде │укукту бөлүштүрүү сот тартибинде │
│чечилиши мүмкүн. │чечилиши мүмкүн. │
│Алдын ала патент, патент менен │Алдын ала патент, патент менен │
│корголуучу ойлоп табууну, өнөр жай│корголуучу ойлоп табууну, өнөр жай│
│үлгүсүн, күбөлүк менен корголуучу │үлгүсүн, күбөлүк менен корголуучу │
│пайдалуу моделди камтыган │пайдалуу моделди камтыган │
│продуктуну даярдоо, колдонуу, алып│продуктуну даярдоо, колдонуу, алып│
│келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу │келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу │
│чарбалык жүгүртүүгө башкача │чарбалык жүгүртүүгө башкача │
│киргизүү же ошол максатта сактоо, │киргизүү же ошол максатта сактоо, │
│ошондой эле ойлоп табуунун алдын │ошондой эле ойлоп табуунун алдын │
│ала патенти, патенти менен │ала патенти, патенти менен │
│корголуучу ыкманы колдонуу өнөр │корголуучу ыкманы колдонуу өнөр │
│жай менчигинин объектисин │жай менчигинин объектисин │
│пайдалануу деп таанылат. │пайдалануу деп таанылат. │
│Өнөр жай менчигинин объектин │Өнөр жай менчигинин объектин │
│пайдалануу деп патент менен │пайдалануу деп патент менен │
│корголгон өнөр жай менчигинин │корголгон өнөр жай менчигинин │
│объекттери камтыган продуктуну │объекттери камтыган продуктуну │
│даярдоо, колдонуу, ташып келүү, │даярдоо, колдонуу, ташып келүү, │
│сатууга сунуш кылуу, сатуу, │сатууга сунуш кылуу, сатуу, │
│чарбалык жүгүртүүгө дагы башкача │чарбалык жүгүртүүгө дагы башкача │
│киргизүү же ушул максатта сактоо, │киргизүү же ушул максатта сактоо, │
│ошондой эле ойлоп табуунун патенти│ошондой эле ойлоп табуунун патенти│
│менен корголгон ыкманы колдонуу │менен корголгон ыкманы колдонуу │
│таанылат. │таанылат. │
│Эгерде продукт формуланын өз │Эгерде продукт формуланын өз │
│алдынча пунктунда келтирилген │алдынча пунктунда келтирилген │
│ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин │ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин │
│ар бир белгисин камтыса, же │ар бир белгисин камтыса, же │
│пайдалануу күнүнүн башталышына │пайдалануу күнүнүн башталышына │
│карата техниканын ушул тармагында │карата техниканын ушул тармагында │
│ошондой сапатта белгилүү болгон │ошондой сапатта белгилүү болгон │
│ага барабар белгини камтыса бул │ага барабар белгини камтыса бул │
│продукт патент менен корголгон │продукт патент менен корголгон │
│ойлоп табууну, пайдалуу моделди │ойлоп табууну, пайдалуу моделди │
│камтыган деп таанылат. Эгерде │камтыган деп таанылат. Эгерде │
│формуланын өз алдынча пунктунда │формуланын өз алдынча пунктунда │
│келтирилген ойлоп табуунун ар бир │келтирилген ойлоп табуунун ар бир │
│белгиси колдонулса, же пайдалануу │белгиси колдонулса, же пайдалануу │
│күнүнүн башталышына карата │күнүнүн башталышына карата │
│техниканын ушул тармагында ошондой│техниканын ушул тармагында ошондой│
│сапатта белгилүү болгон ага │сапатта белгилүү болгон ага │
│барабар белги колдонулса ойлоп │барабар белги колдонулса ойлоп │
│табуунун патенти менен корголгон │табуунун патенти менен корголгон │
│ыкма пайдаланылды деп таанылат. │ыкма пайдаланылды деп таанылат. │
│Иштеткенде же эксплуатациялаганда │Иштеткенде же эксплуатациялаганда │
│өзүнүн милдетине ылайык ошол │өзүнүн милдетине ылайык ошол │
│ыкманы автоматтык түрдө жүзөгө │ыкманы автоматтык түрдө жүзөгө │
│ашырган түзүлүштү чарбалык │ашырган түзүлүштү чарбалык │
│жүгүртүүгө киргизүү же ошол │жүгүртүүгө киргизүү же ошол │
│максатта сактоо да, алдын ала │максатта сактоо да, алдын ала │
│патент, патент менен корголгон │патент, патент менен корголгон │
│ыкманы пайдалануу деп таанылат. │ыкманы пайдалануу деп таанылат. │
│Түздөн-түз ушул ыкма менен алынган│Түздөн-түз ушул ыкма менен алынган│
│продуктуну чарбалык жүгүртүүгө │продуктуну чарбалык жүгүртүүгө │
│киргизүү же ушул максатта сактоо │киргизүү же ушул максатта сактоо │
│да продукт алуунун алдын ала │да продукт алуунун алдын ала │
│патент, патент менен корголуучу │патент, патент менен корголуучу │
│ыкмасын пайдалануу деп таанылат. │ыкмасын пайдалануу деп таанылат. │
│Мында жаңы продукт, тескерисинче │Мында жаңы продукт, тескерисинче │
│далилдөө жок болсо патенттелген │далилдөө жок болсо патенттелген │
│ыкма менен алынган деп │ыкма менен алынган деп │
│эсептелинет. │эсептелинет. │
│Продуктунун тажрыйба үлгүсүн │Продуктунун тажрыйба үлгүсүн │
│жасоо, эксперимент иретинде │жасоо, эксперимент иретинде │
│текшерүү жана сыноо өнөр жай │текшерүү жана сыноо өнөр жай │
│менчигинин объектисин пайдалануу │менчигинин объектисин пайдалануу │
│деп таанылбайт. │деп таанылбайт. │
│Патент ээси алган коргоо │Патент ээси алган коргоо │
│документин ар кандай жеке адамга │документин ар кандай жеке адамга │
│жана юридикалык жакка өткөрүп │жана юридикалык жакка өткөрүп │
│бериши мүмкүн. Коргоо документин │бериши мүмкүн. Коргоо документин │
│өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим │өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим │
│Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө │Кыргызпатентте каттоодон өтүүгө │
│тийиш жана Кыргызпатенттин расмий │тийиш жана Кыргызпатенттин расмий │
│бюллетенинде жарыяланат. Каттоодон│бюллетенинде жарыяланат. Каттоодон│
│өтпөгөн келишим жараксыз деп │өтпөгөн келишим жараксыз деп │
│эсептелет. │эсептелет. │
│Патенттер жана аларды алуу укугу │Патенттер жана аларды алуу укугу │
│мурас боюнча өтөт. │мурас боюнча өтөт. │
│ │[Өнөр жай менчигинин объектисине │
│ │патент менен тастыкталган мүлктүк │
│ │укуктар күрөө предмети боло │
│ │алышат.] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│15-статья. Өнөр жай менчигинин │15-статья. Өнөр жай менчигинин │
│ объектисин пайдаланууга│ объектисин пайдаланууга│
│ укук берүү │ укук берүү │
│ │ │
│Патент ээси болуп саналбаган │Патент ээси болуп саналбаган │
│адамдардын кимиси болбосун, коргоо│адамдардын кимиси болбосун, коргоо│
│документи менен корголгон өнөр жай│документи менен корголгон өнөр жай│
│менчигинин объектисин лицензиялык │менчигинин объектисин лицензиялык │
│келишимдин негизинде патент │келишимдин негизинде патент │
│ээсинин уруксаты менен гана │ээсинин уруксаты менен гана │
│пайдаланууга акылуу. │пайдаланууга акылуу. │
│Лицензиялык келишим боюнча патент │Лицензиялык келишим боюнча патент │
│ээси (лицензия берүүчү) корголуучу│ээси (лицензия берүүчү) корголуучу│
│объектини келишимде көрсөтүлгөн │объектини келишимде көрсөтүлгөн │
│көлөмдө пайдалануу укугун башка │көлөмдө пайдалануу укугун башка │
│жакка (лицензия алуучуга) берүүгө │жакка (лицензия алуучуга) берүүгө │
│милдеттенет, ал эми лицензия │милдеттенет, ал эми лицензия │
│алуучу лицензия берүүчүгө │алуучу лицензия берүүчүгө │
│келишимде шартталган төлөмдөрдү │келишимде шартталган төлөмдөрдү │
│берип турууга жана келишимде │берип турууга жана келишимде │
│каралган башка аракеттерди ишке │каралган башка аракеттерди ишке │
│ашырууга милдеттенме алат. │ашырууга милдеттенме алат. │
│Бирден бир лицензия учурунда │Бирден бир лицензия учурунда │
│лицензия алуучуга келишимде │лицензия алуучуга келишимде │
│белгиленген чектерде өнөр жай │белгиленген чектерде өнөр жай │
│объектисин пайдаланууга бирден бир│объектисин пайдаланууга бирден бир│
│укук берилет, мында лицензия │укук берилет, мында лицензия │
│берүүчүнүн лицензия алуучуга │берүүчүнүн лицензия алуучуга │
│берилбеген көлөмдө өнөр жай │берилбеген көлөмдө өнөр жай │
│объектисин пайдалануу укугу │объектисин пайдалануу укугу │
│сакталат. │сакталат. │
│Бирден бир эмес лицензия учурунда │Бирден бир эмес лицензия учурунда │
│лицензия берүүчү лицензия алуучуга│лицензия берүүчү лицензия алуучуга│
│өнөр жай менчигинин объектисин │өнөр жай менчигинин объектисин │
│пайдалануу укугун берүү менен │пайдалануу укугун берүү менен │
│бирге патенттен келип чыккан │бирге патенттен келип чыккан │
│бардык укуктарды, анын ичинде │бардык укуктарды, анын ичинде │
│лицензияны үчүнчү жакка берүү │лицензияны үчүнчү жакка берүү │
│укугун өзүнө сактап калат. │укугун өзүнө сактап калат. │
│Лицензия, лицензия берүүчү менен │Лицензия, лицензия берүүчү менен │
│лицензия алуучунун ортосунда өз │лицензия алуучунун ортосунда өз │
│ара макулдашуу боюнча ушул │ара макулдашуу боюнча ушул │
│статьяда көрсөтүлгөндөн │статьяда көрсөтүлгөндөн │
│айырмаланган жоболорду камтышы │айырмаланган жоболорду камтышы │
│мүмкүн. │мүмкүн. │
│Лицензиялык келишим Кыргызпатентте│[Лицензиялык келишим, патентке │
│каттоодон өтүүгө тийиш, ансыз │болгон укуктун күрөөсү жөнүндө │
│жараксыз деп эсептелинет. │келишим белгиленген алым төлөнгөн │
│Лицензиялык келишим аны │шартында, Кыргызпатентте каттоодон│
│Кыргызпатентте каттаган күндөн │өтүүгө тийиш, ансыз жараксыз болуп│
│тартып күчүнө кирет жана │эсептелет. Лицензиялык келишим, │
│Кыргызпатенттин расмий │патентке болгон укуктун күрөөсү │
│бюллетенинде жарыяланат. │жөнүндө келишим Кыргызпатентте │
│Патент ээси Кыргызпатентке ар │алар каттоодон өткөн датадан │
│кандай адамга өнөр жай менчигинин │тартып күчүнө кирет жана каттоо │
│объектисин келишимде көрсөтүлгөн │жөнүндө маалыматтар │
│шарттарда пайдалануу укугун берүү │Кыргызпатенттин расмий │
│жөнүндө (ачык лицензия) арыз бере │бюллетенинде жарыяланат.] │
│алат. Мындай учурда ошондой арыз │Ачык лицензияга укук берүү жөнүндө│
│жөнүндө Кыргызпатент маалыматтарды│патент ээсинин арызы кайра │
│жарыялагандан кийинки жылдан │чакырылып алынууга тийиш эмес. │
│баштап патентти күчүндө сактап │Келишим түзүүдөн баш тартуу │
│туруу үчүн төлөм акы элүү │жөнүндөгү, ошондой эле келишим │
│процентке төмөндөйт. │түзүүнүн шарттары боюнча талаштар │
│Ачык лицензияга укук берүү жөнүндө│сотто каралат. │
│патент ээсинин арызы кайра │ │
│чакырылып алынууга тийиш эмес. │ │
│Келишим түзүүдөн баш тартуу │ │
│жөнүндөгү, ошондой эле келишим │ │
│түзүүнүн шарттары боюнча талаштар │ │
│сотто каралат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│17-статья. Патенттерин берүүгө │17-статья. Патенттерин берүүгө │
│ өтүнмө берүү │ өтүнмө берүү │
│ │ │
│Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык│Ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык│
│коргоо документин алууга укугу бар│коргоо документин алууга укугу бар│
│адам (мындан ары - өтүнмө ээси) │адам (мындан ары - өтүнмө ээси) │
│тарабынан коргоо патентин берүүгө │тарабынан коргоо патентин берүүгө │
│Кыргызпатентке өтүнмө берилет. │Кыргызпатентке өтүнмө берилет. │
│Патентин берүү жөнүндөгү арыз │Патентин берүү жөнүндөгү арыз │
│мамлекеттик же расмий тилдеринде │мамлекеттик же расмий тилдеринде │
│берилет. Ойлоп табуунун же │берилет. Ойлоп табуунун же │
│пайдалуу моделдин формуласы, өнөр │пайдалуу моделдин формуласы, өнөр │
│жай үлгүсүнүн маанилүү │жай үлгүсүнүн маанилүү │
│белгилеринин тизмеси, өнөр жай │белгилеринин тизмеси, өнөр жай │
│менчигинин объектисинин аталышы, │менчигинин объектисинин аталышы, │
│өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин│өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин│
│аталышы (аты) мамлекеттик же │аталышы (аты) мамлекеттик же │
│расмий тилдеринде берилүүгө тийиш.│расмий тилдеринде берилүүгө тийиш.│
│Эгерде өтүнмөнүн башка │Эгерде өтүнмөнүн башка │
│документтери, ошондой эле өтүнмөнү│документтери, ошондой эле өтүнмөнү│
│экспертизадан өткөрүүдө │экспертизадан өткөрүүдө │
│көрсөтүлгөн документтер башка │көрсөтүлгөн документтер башка │
│тилде берилсе, өтүнмөгө алардын │тилде берилсе, өтүнмөгө алардын │
│мамлекеттик же расмий тилдериндеги│мамлекеттик же расмий тилдериндеги│
│котормосу тиркелет, мамлекеттик же│котормосу тиркелет, мамлекеттик же│
│расмий тилиндеги котормо, өтүнмө │расмий тилиндеги котормо, өтүнмө │
│Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн│Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн│
│тартып үч айдан кечиктирилбей │тартып үч айдан кечиктирилбей │
│өтүнмө ээси тарабынан берилиши │өтүнмө ээси тарабынан берилиши │
│керек. │керек. │
│Көрсөтүлгөн материалдарды берүүнүн│Көрсөтүлгөн материалдарды берүүнүн│
│мөөнөтү бузулган учурда, жүйөлүү │мөөнөтү бузулган учурда, жүйөлүү │
│себептердин болгондугу жана │себептердин болгондугу жана │
│тийиштүү алым төлөнгөнү ырасталса,│тийиштүү алым төлөнгөнү ырасталса,│
│өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча │өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча │
│ал мөөнөт узартылышы же калыбына │ал мөөнөт узартылышы же калыбына │
│келтирилиши мүмкүн. │келтирилиши мүмкүн. │
│Өтүнмө Кыргызпатентте катталган │Өтүнмө ишенимдүү өкүл [же башка │
│патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу │өкүлдүн] патенттик ишенимдүү өкүл │
│берилиши мүмкүн. Кыргыз │аркылуу берилиши мүмкүн. Кыргыз │
│Республикасынын чегинен тышкары │Республикасынын чегинен тышкары │
│жашаган жеке адамдар, же чет │жашаган жеке адамдар, же чет │
│өлкөлүк юридикалык тараптар, же │өлкөлүк юридикалык тараптар, же │
│алардын патенттик ишенимдүү │алардын патенттик ишенимдүү │
│өкүлдөрү патенттерин алуу, ошондой│өкүлдөрү патенттерин алуу, ошондой│
│эле өнөр жай менчигин коргоого │эле өнөр жай менчигин коргоого │
│байланышкан иштерди, өтүнмө │байланышкан иштерди, өтүнмө │
│берилген күндү белгилөөгө, алым │берилген күндү белгилөөгө, алым │
│төлөөгө, конвенциялык артыкчылык │төлөөгө, конвенциялык артыкчылык │
│суралган учурда мурдагы өтүнмөнүн │суралган учурда мурдагы өтүнмөнүн │
│көчүрмөсүн берүүгө, мурда берилген│көчүрмөсүн берүүгө, мурда берилген│
│өтүнмөнүн көчүрмөсүн тапшырууга, │өтүнмөнүн көчүрмөсүн тапшырууга, │
│жогоруда аталган жол-жоболорго │жогоруда аталган жол-жоболорго │
│карата Кыргызпатенттин тилкаттарын│карата Кыргызпатенттин тилкаттарын│
│жана билдирүүлөрүн алууга, │жана билдирүүлөрүн алууга, │
│патентти күчүндө сактагандыгы үчүн│патентти күчүндө сактагандыгы үчүн│
│алым төлөөгө байланышкан │алым төлөөгө байланышкан │
│жол-жоболордон бөлөктөрүн │жол-жоболордон бөлөктөрүн │
│Кыргызпатентте катталган патенттик│Кыргызпатентте катталган патенттик│
│ишенимдүү өкүлдөр аркылуу │ишенимдүү өкүлдөр аркылуу │
│жүргүзүшөт. │жүргүзүшөт. │
│Патенттик ишенимдүү өкүлдүн │Патенттик ишенимдүү өкүлдүн │
│ыйгарым укуктары патентти суратып │ыйгарым укуктары патентти суратып │
│жаткан адам берген ишеним кат │жаткан адам берген ишеним кат │
│менен ырасталат. │менен ырасталат. │
│Кыргызпатент патенттик ишенимдүү │Кыргызпатент патенттик ишенимдүү │
│өкүлдөрдү аттестациялоонун жана │өкүлдөрдү аттестациялоонун жана │
│каттоонун тартибин аныктайт жана │каттоонун тартибин аныктайт жана │
│аны ишке ашырат. │аны ишке ашырат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│28-статья. Менчик өнөр жай │28-статья. Менчик өнөр жай │
│ объекттерин каттоо, │ объекттерин каттоо, │
│ патент берүү жөнүндөгү │ патент берүү жөнүндөгү │
│ маалыматтарды жарыялоо │ маалыматтарды жарыялоо │
│ жана патент берүү │ жана патент берүү │
│ │ │
│Кыргызпатент патент берүү жөнүндө │Кыргызпатент патент берүү жөнүндө │
│чечим кабыл алгандан кийин │чечим кабыл алгандан кийин │
│патентти каттагандыгы жана │патентти каттагандыгы жана │
│бергендиги үчүн алым төлөнгөн │бергендиги үчүн алым төлөнгөн │
│болсо Кыргыз Республикасынын Ойлоп│болсо Кыргыз Республикасынын Ойлоп│
│табуулар боюнча мамлекеттик │табуулар боюнча мамлекеттик │
│реестрине, Кыргыз Республикасынын │реестрине, Кыргыз Республикасынын │
│Пайдалуу моделдер боюнча │Пайдалуу моделдер боюнча │
│мамлекеттик реестрине же Кыргыз │мамлекеттик реестрине же Кыргыз │
│Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрү │Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрү │
│боюнча мамлекеттик реестрине │боюнча мамлекеттик реестрине │
│тиешелүү түрдө ойлоп табууну, │тиешелүү түрдө ойлоп табууну, │
│пайдалуу моделди же өнөр жай │пайдалуу моделди же өнөр жай │
│үлгүсүн киргизет, патент │үлгүсүн киргизет, патент │
│берилгендиги жөнүндө расмий │берилгендиги жөнүндө расмий │
│бюллетенде маалыматтарды жарыялайт│бюллетенде маалыматтарды жарыялайт│
│жана патент кимдин атына суранса, │жана патент кимдин атына суранса, │
│ошол адамга патент берет. │ошол адамга патент берет. │
│Патент бир нече адамдын аттарына │Патент бир нече адамдын аттарына │
│суранса, аларга бир патент │суранса, аларга бир патент │
│берилет. │берилет. │
│Патенттин катталгандыгы жана │Патенттин катталгандыгы жана │
│берилгендиги үчүн алым │берилгендиги үчүн алым │
│төлөнгөндүгүн ырастаган документти│төлөнгөндүгүн ырастаган документти│
│өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө │өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө │
│чечимди алган күндөн тартып эки │чечимди алган күндөн тартып эки │
│айдын ичинде же аталган эки айлык │айдын ичинде же аталган эки айлык │
│мөөнөт бүткөн күндөн тартып │мөөнөт бүткөн күндөн тартып │
│кошумча акы төлөө менен үч айдын │кошумча акы төлөө менен үч айдын │
│ичинде берет. │ичинде берет. │
│Патенттин катталгандыгы жана │Патенттин катталгандыгы жана │
│берилгендиги үчүн алым │берилгендиги үчүн алым │
│төлөнгөндүгүн ырастаган документ │төлөнгөндүгүн ырастаган документ │
│белгиленген тартипте берилбегенде │белгиленген тартипте берилбегенде │
│менчик өнөр жай объекти │менчик өнөр жай объекти │
│катталбайт, патент жөнүндө │катталбайт, патент жөнүндө │
│жарыяланбайт жана ал берилбейт, │жарыяланбайт жана ал берилбейт, │
│тиешелүү өтүнмө чакыртып алынды │тиешелүү өтүнмө чакыртып алынды │
│деп эсептелинет. │деп эсептелинет. │
│Расмий бюллетенде жарыялануучу │Расмий бюллетенде жарыялануучу │
│маалыматтардын тизмесин жана │маалыматтардын тизмесин жана │
│толуктугун Кыргызпатент аныктайт. │толуктугун Кыргызпатент аныктайт. │
│Патент берилгендиги жөнүндө │Патент берилгендиги жөнүндө │
│маалыматтар жарыялангандан кийин │маалыматтар жарыялангандан кийин │
│өтүнмөнүн материалдары менен ар │өтүнмөнүн материалдары менен ар │
│кандай адам тааныша алат. │кандай адам тааныша алат. │
│Патенттин түрүн, ошондой эле анда │[Патенттин формасы жана автордун │
│көрсөтүлүүчү маалыматтардын │күбөлүгү, ошондой эле анда │
│курамын Кыргызпатент белгилейт. │көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы│
│Берилген патенттен чындыкка │Кыргызпатент тарабынан аныкталат.]│
│жатпаган жана техникалык каталар │Берилген патенттен [жана автордун │
│табылган учурда патент ээси менен │күбөлүгүнөн] чындыкка жатпаган │
│автордун талабы боюнча │жана техникалык каталар табылган │
│Кыргызпатент тарабынан алым │учурда патент ээси менен автордун │
│төлөнбөстөн тиешелүү өзгөртүүлөр │талабы боюнча Кыргызпатент │
│киргизилет. │тарабынан алым төлөнбөстөн │
│ │тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. │
│ │[Патент ээси болуп эсептелбеген │
│ │өнөр жай менчигинин объектисинин │
│ │авторуна Кыргызпатент тарабынан │
│ │автордун күбөлүгү берилет".] │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ VI бөлүм │ VI бөлүм │
│ Патенттердин аракетин токтотуу │ Патенттердин аракетин токтотуу │
│ │ жана күчүнө калыбына келтирүү │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │[Төмөнкүдөй мазмундагы 32-1-статья│
│ │менен толукталсын: │
│ │"32-1-статья. Патенттин күчүн │
│ │ калыбына келтирүү. │
│ │ Пайдалангандан │
│ │ кийинки укук. │
│ │ │
│ │"Эгерде ойлоп табууга патентти │
│ │күчүндө кармап туруу үчүн │
│ │белгиленген мөөнөттө жылдык │
│ │алымдын төлөнбөгөндүгүнүн │
│ │натыйжасында токтотулса жана │
│ │патенттин күчүнүн мөөнөтү өтө элек│
│ │болсо, анда анын ээсинин өтүнүч │
│ │каты боюнча алымды төлөө боюнча │
│ │бересени жана ушундай өтүнүч катты│
│ │бергендиги үчүн белгиленген │
│ │өлчөмдөгү алымды төлөгөн шартында,│
│ │Кыргызпатент тарабынан мындай │
│ │патенттин күчү калыбына келтирилсе│
│ │болот. │
│ │Ойлоп табууга патенттин күчүн │
│ │калыбына келтирүү жөнүндө │
│ │маалыматтар Кыргызпатенттин расмий│
│ │бюллетенинде жарыяланат. Кайсы │
│ │жеке же юридикалык жак болбосун │
│ │ойлоп табууга, пайдалуу моделге, │
│ │өнөр жай үлгүсүнө патенттин күчү │
│ │токтотулган учурдан тартып, аны │
│ │калыбына келтирүү датасына чейин │
│ │ушул берененин биринчи бөлүгүнө │
│ │ылайык Кыргыз Республикасынын │
│ │аймагында окшош чечимди │
│ │пайдаланган болсо же ушуга карата │
│ │зарыл болгон даярдыкты көрсө, │
│ │ушундай пайдалануунун көлөмүн │
│ │кеңейтпестен аны мындан ары акысыз│
│ │пайдаланууга укугу сакталат │
│ │(пайдалангандан кийинки укук)".] │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘