Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 282
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тизмесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│2 │Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
"; "
- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│6 │Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу │
│ │министрлиги │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
";
- 11-14-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│11│Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│12│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы│
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│13│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│14│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык │
│ │камсыздандыруу фонду │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
";
- төмөнкү мазмундагы 15-16-пункттар менен толукталсын:
"
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│15│Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду │
├──┼──────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│16│Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги │
└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|