Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 287
Пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2012-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу болот.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 287 токтому менен бекитилген |
1. Пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) пенсиялык топтоолордун каражаттарын ишенимдүү башкарууну ишке ашыруу мезгилине колдонулуучу пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын эсептөө эрежелерин белгилейт.
2. Пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктары камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүндө аларды чагылдыруу үчүн отчеттук жыл аяктаганда жылына бир жолу эсептелет. Ушул Жобонун максатындагы эсептөө мезгили 1-январь 31-декабрь отчеттук жыл болуп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар бир инвестициялык портфели үчүн төмөнкүлөр эсептелет:
- пенсиялык топтоолордун каражаттарын администрациялоо жана инвестициялоо менен байланыштуу келтирилген чыгымдарды эске алуу менен пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгында эсептик мезгил үчүн алынган кирешенин салыштырма чоңдугу, - инвестициялык портфелдин өсүш коэффициенти;
- пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыгында эсептик мезгил үчүн келтирилген жана инвестициялык портфелди түзүүчү чыгымдардын салыштырма чоңдугу, - инвестициялык портфелдин чыгымдарынын коэффициенти.
4. Инвестициялык портфелдин өсүш коэффициенти (k_өсүш) төмөнкү формула боюнча үтүрдөн кийин он эки белгиге чейинки тактыкта Соцфонддун инвестициялык портфели үчүн эсептелет:
К_өсүш = Sk / (So + Sn - Sm), мында:
Sk - отчеттук жылдын акыркы жумуш күнүнө карата Соцфонддун инвес-
тициялык портфелин түзуучу таза активдердин наркы;
So - мурунку эсептик мезгилдеги жылдын акыркы жумуш күнүнө карата
Соцфонддун инвестициялык портфелин түзүүчү таза активдердин
наркы;
Sn - эсептик мезгилдин ичинде Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд-
дун (мындан ары - МТПФ) эсебине түшкөн пенсиялык топтоолордун
каражаттарынын суммасы;
Sm - эсептик мезгилдин ичиндеги МТПФнын эсебинен төлөөгө жумшалган
пенсиялык топтоолордун каражаттарынын суммасы.
Отчеттук жылдын акыркы жумуш күнүнө карата инвестициялык портфелди түзүүчү таза активдердин наркын эсептөөдө (мурунку эсептик мезгилдеги жылдын акыркы жумуш күнүнө карата) эсептик мезгилдин (эсептик мезгилден мурунку жылдын) жыйынтыгы боюнча эсептелген зарыл эсептөөлөрдүн чектик өлчөмүнөн ашкан сумма эсептелет.
5. Инвестициялык портфелинин чыгымдарынын коэффициенти (k чыгымдар) төмөнкү формула боюнча үтүрдөн кийин он эки белгиге чейинки тактыкта ар бир инвестициялык портфель үчүн эсептелет:
K_ чыгымдар 1 = R / (So + Sn - Sm), мында:
R - инвестициялык портфелди түзүүчү пенсиялык топтоолордун кара-
жаттарын администрациялоо жана инвестициялоо боюнча чыгымдар-
дын эсептик мезгили үчүн келтирилген суммасы, бирок Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зарыл чыгымдардын
чектик өлчөмүнө жараша эсептелген суммадан көп эмес.
6. Инвестициялык портфелдин өсүш коэффициентин жана инвестициялык портфелдин чыгымдар коэффициентин эсептөө төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- пенсиялык топтоолордун каражаттары инвестицияланган пенсиялык активдердин наркын эсептөөлөрдүн;
- пенсиялык топтоолордун каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер жөнүндө отчеттордун.
7. Курамына эсептик мезгилдин акырына карата камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорунун каражаттары кирген инвестициялык портфель үчүн ушул Жобого ылайык эсептелген өсүш коэффициенти жана чыгымдар коэффициенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө чагылдырылат.
8. Ушул Жобого ылайык эсептелген жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө чагылдырылган инвестициялык портфелдин өсүш коэффициенти камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорунун каражаттарынын суммасын аларды инвестициялоонун жыйынтыктарын (Sз/л) эске алуу менен төмөнкү формула боюнча эсептөө үчүн пайдаланылат:
Si = S (j-1)
Sз/л = Sj + E SiKiK (i+1) ... K (j-1), мында:
Si
i - эсептик мезгил 1 (i=j - учурдагы жыл);
Si - жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө чагылдырылган
жана i жылына жайгаштыруу үчүн берилген пенсиялык топтоолор-
дун каражаттарынын суммасы. Мында Sj - жеке камсыздандыруу
эсебинин топтоо бөлүгүндө чагылдырылган жана учурдагы жылы
берилген (берилүүгө тийиш) пенсиялык топтоолордун каражатта-
рынын суммасы;
ki - курамына i - эсептик мезгилдин акырына карата камсыздандырыл-
ган адамдын пенсиялык топтоолорунун каражаттары кирген, i -
эсептик мезгил үчүн ушул Жобого ылайык эсептелген жана жеке
камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө чагылдырылган инвес-
тициялык портфелдин өсүш коэффициенти.