Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 288
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңишинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 30-берененин 5-бөлүгүндө "жүз" жана "эки жүз" деген сөздөр тиешелүү түрдө "эки жүз" жана "беш жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 27-глава төмөнкү редакцияда берилсин:
"27-глава
Банк мыйзамдарына шек келтирген администрациялык
укук бузуулар
357-берене. Банк операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашыруу
Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиясыз банк операцияларын жүзөгө ашыруу, -
жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
358-берене. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу
Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайтарып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардан акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу, -
жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
359-берене. Банк мыйзамдарын бузуу
Банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдардын банк мыйзамдарынын жоболорун бузуусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбоосу -
банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Банк иши жөнүндө маалыматтарды бербей коюу же өз учурунда бербөө же болбосо туура эмес маалыматты, отчетту же билдирүүлөрдү берүү -
банктардын же финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдарга эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн эки жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн бир миңге чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
360-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жалган жарнамалоо
Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банк лицензиясында каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банк операцияларын же банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачык таратуу кардарлардын адашуусуна алып келүүсү мүмкүн болсо же аларга зыян келтирсе же келтириши мүмкүн болсо, -
банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдарга эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
361-берене. Төлөм балансы боюнча маалыматтарды бербөө
Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөм балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалымат бербөө же өз убагынан кечиктирип берүү -
банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка финансылык-кредиттик мекемелерге эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салуу чарасы көрүлгөндөн кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке жана юридикалык жактар тарабынан ачылган эсептердин жана аманаттардын каттоодон өткөртүлбөшү жана алар боюнча отчеттордун берилбеши, ошого тете эле Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында мамлекеттин кепилдигисиз чет өлкөлүк кредиторлордон алынган кредиттердин жана займдардын каттоодон өткөрүлбөшү -
жарандарга эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
362-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнот жана монета) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
363-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын
сүрөттөлүштөрүн пайдалануу
Өзгөчө касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөттөлүштөрү) боюнча төлөм жүгүртүлүшүндө Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун (монеталарынын) сүрөттөлүштөрүн же алардын бир же бир нече түстөгү кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын пайдалануу жана көчүрүп жасоо, -
укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон предметти конфискациялоо менен, эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Эгерде банкноттогу сүрөттөлүштөр өтө чоңойтулган (130% дан кем эмес) же өтө эле кичирейтилген (70% дан кем эмес) өлчөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунда (монеталарында) түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрдү бир же бир нече түстө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз көчүрүп жасоого жол берилет.
363-1-берене. Улуттук валютанын "ҮЛГҮ" ("образец") деп жазылган
банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу
Улуттук валютанын "ҮЛГҮ" деп жазылган банкнотторунун үлгүлөрүн жүгүртүүгө чыгаруу,-
"ҮЛГҮ" деп жазылган банкнотторду конфискациялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн миң өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга алып келет
3. 508-берененин 1-бөлүгү "363," деген цифрадан кийин "363-1," деген цифра менен толукталсын.
4. 531-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"531-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-беренелеринде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, анын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери укуктуу.".
5. 556-1-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улуттук банк (363, 363-1-беренелер);".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жөнүндө" токтом долбоорун макулдашуу үчүн карооңуздарга сунуштайт.
Нак чет өлкө валюталарын алмашуу рыногундагы анализдөөлөр бул сектордо жүргүзүлүп жаткан операциялардын ачык-айкындуулугуна жетишүү жана мыйзам актыларын бузууга жол берүү фактыларын азайтуу үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн эки багытын аныктап берген.
Биринчи багыт - бул, Улуттук банктын конверсиондук операциялар рыногуна аралашуу талаптарын белгилеген ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ал эми экинчи багыт - бул, банк мыйзамдарын бузууга жол бергендиги үчүн шайкеш айыптык чараларды белгилөө Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжолдойт. Ушуну менен катар эле, аталган Кодекске банк ишин жөнгө салуучу мыйзам чөйрөсүндөгү бузуулардын бардык тизмеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.
Ушундан улам, Улуттук банк тарабынан, аталган Кодекске анын 27-главасында каралган укук бузуулар, б.а. банк иши чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар үчүн айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатуу жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалган.
Мындай сунуштарды киргизүү зарылчылыгы 1998-жылы Администрациялык жоопкерчилик Кодексин кабыл алган учурда белгиленген колдонуудагы айыптардын өлчөмү өз актуалдуулугун жоготкондугуна жана укук бузууларга бөгөт коюу функцияларын аткарбай калгандыгына байланыштуу келип чыккан. Тажрыйба көрсөткөндөй, Улуттук банк тарабынан Кодекстин 27-главасынын беренелери боюнча жоопко тартылган адамдар, укукка каршы аракеттерге дале жол берилип жаткандыгы орун алууда.
Мындан тышкары, банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптардын негизсиз аз өлчөмдө белгилениши, күнөөкөр адамдарды жоопко тартуу үчүн Улуттук банктын Көзөмөл блогунун кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан олуттуу иштерди актабай келет. Мындай жагдай, жол берилген укук бузууларга карата колдонулган айыптардын Улуттук банк тарабынан аткарылган иштерге шайкеш эместигин мүнөздөйт.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө учурда орун алган айкын жайгдайлардан жана Кыргыз Республикасынын экономикалык абалынан улам, банктык мыйзам бузууларга администрациялык айыптык төлөм өлчөмдөрүн көбөйтүү жана такташтырууну карайт. Айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү жеке адамдардын жана юридикалык жактардын так иштөөсүнө түрткү берип, ошол аркылуу Улуттук банктын бул чөйрөдөгү көзөмөлдөө ишинин таасирдүүлүгүн күчөтөт.
Сөзсүз жаза алуу принциби банк чөйрөсүндө жоопкерчиликти күчөтүп, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан тиешелүү региондордо администрациялык укук бузууларга жол берген адамдарга карата администрациялык чара көрүү укугун чегерет.
Ушул мыйзамдын долбоору, Кыргыз Республикасынын "Укуктук ченемдик актылары" жөнүндөгү Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын расмий сайтында, 04.11.2011ж. http://www.nbkr.kg. дареги боюнча, "Банктар жөнүндөгү мыйзамдар. Талкулоо үчүн мыйзам долбоорлору" бөлүмүнө жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы | З.Асанкожоева |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынган редакция │
│ (редакцияланган жоболор │ (редакцияланган жоболор │
│ карартылган шрифт менен │ карартылган шрифт менен │
│белгиленген, алынып салынуучулар -│белгиленген, алынып салынуучулар │
│ сызылып коюлган) │ - сызылып коюлган) │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│30-статья. Айып │30-статья. Айып │
│ │ │
│Айып администрациялык укук бузууда│Айып администрациялык укук бузууда│
│күнөөлүү болгон жактан сот │күнөөлүү болгон жактан сот │
│(судья), ыйгарым укуктуу орган │(судья), ыйгарым укуктуу орган │
│(кызмат адамы) тарабынан │(кызмат адамы) тарабынан │
│мамлекеттин кирешесине акчалай │мамлекеттин кирешесине акчалай │
│өндүрүп алууну билдирет. │өндүрүп алууну билдирет. │
│Айыптын өлчөмү администрациялык │Айыптын өлчөмү администрациялык │
│укук бузуу жасалган учурга карата │укук бузуу жасалган учурга карата │
│белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө│белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө│
│негизделип, ошондой эле тартип │негизделип, ошондой эле тартип │
│бузуулардын түздөн-түз объектиси │бузуулардын түздөн-түз объектиси │
│болгон аткарылган иштердин, │болгон аткарылган иштердин, │
│товарлардын жана транспорт │товарлардын жана транспорт │
│каражаттарынын наркына, ошондой │каражаттарынын наркына, ошондой │
│эле эреже бузуучунун товарларды │эле эреже бузуучунун товарларды │
│(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)│(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)│
│сатуудан түшкөн акчанын суммасына │сатуудан түшкөн акчанын суммасына │
│пайыздык катышта аныкталат. │пайыздык катышта аныкталат. │
│Товарларды жана транспорт │Товарларды жана транспорт │
│каражаттарынын наркына негизденип │каражаттарынын наркына негизденип │
│пайыздык катышта эсептелүүчү айып │пайыздык катышта эсептелүүчү айып │
│түрүндөгү жаза салууда бул │түрүндөгү жаза салууда бул │
│предметтердин наркы катары алардын│предметтердин наркы катары алардын│
│укук бузуулар аныкталган күнгө │укук бузуулар аныкталган күнгө │
│карата рыноктук баасы эсептелет. │карата рыноктук баасы эсептелет. │
│Жарандарга салынган айыптын эң аз │Жарандарга салынган айыптын эң аз │
│өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1│өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1│
│өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки│өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки│
│өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. │өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. │
│Жарандарга салынуучу айыптын эң │Жарандарга салынуучу айыптын эң │
│көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн│көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн│
│[жүз] өлчөмүнөн, ал эми кызмат │ЭКИ ЖҮЗ өлчөмүнөн, ал эми кызмат │
│адамдарына - [эки жүз] өлчөмүнөн │адамдарына - БЕШ ЖҮЗ өлчөмүнөн │
│ашпоого тийиш. │ашпоого тийиш. │
│Юридикалык жакка салынган айыптын │Юридикалык жакка салынган айыптын │
│эң аз өлчөмү эсептешүү │эң аз өлчөмү эсептешүү │
│көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем │көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем │
│болбоого тийиш. │болбоого тийиш. │
│Юридикалык жакка салынган айыптын │Юридикалык жакка салынган айыптын │
│эң көп өлчөмү эсептешүү │эң көп өлчөмү эсептешүү │
│көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн │көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн │
│ашпоого, же колдонуудагы │ашпоого, же колдонуудагы │
│ченемдерди же мыйзам актыларын │ченемдерди же мыйзам актыларын │
│бузуу менен аткарылган иштердин │бузуу менен аткарылган иштердин │
│наркынын жыйырма пайызынан │наркынын жыйырма пайызынан │
│ашпоого тийиш. │ашпоого тийиш. │
│Укук бузуучунун товарларды │Укук бузуучунун товарларды │
│(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)│(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)│
│сатуудан түшкөн акчанын суммасынан│сатуудан түшкөн акчанын суммасынан│
│эсептелген айыптын эң төмөнкү │эсептелген айыптын эң төмөнкү │
│өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн │өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн │
│жыйырмадан биринен аз болушу │жыйырмадан биринен аз болушу │
│мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку │мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку │
│өлчөмү эреже бузулуп жатканы │өлчөмү эреже бузулуп жатканы │
│аныкталган мезгил ичинде укук │аныкталган мезгил ичинде укук │
│бузуучунун товарларды (жумуштарды,│бузуучунун товарларды (жумуштарды,│
│кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык │кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык │
│сатууларынан түшкөн акчасынын │сатууларынан түшкөн акчасынын │
│жыйынды суммасынын ондон бир │жыйынды суммасынын ондон бир │
│өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. │өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ 27-глава │ 27-глава │
│Банк мыйзамдарына шек келтирген │Банк мыйзамдарына шек келтирген │
│ укук бузуулар │ укук бузуулар │
│ │ │
│357-статья. [Банк ишин жүргүзүүнү │357-берене. БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫН │
│ лицензиясыз ээлөө │ ЛИЦЕНЗИЯСЫЗ ЖҮЗӨГӨ │
│ │ АШЫРУУ │
│Банк ишин жүргүзүүнү мыйзамдарда │ │
│белгиленген тартипте берилүүчү │ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫ МЕНЕН АЛМАШУУ │
│лицензиясыз ээлөө - │ОПЕРАЦИЯЛАРЫН КОШО АЛГАНДА, │
│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│БЕЛГИЛЕНГЕН МЫЙЗАМДЫК ТАРТИПТЕ │
│бештен он беш, кызмат адамдарына │БЕРИЛГЕН ЛИЦЕНЗИЯСЫЗ БАНК │
│ондон отуз өлчөмүнө чейин │ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ, - │
│администрациялык айып салууга алып│ЖАРАНДАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ │
│келет. │КӨРСӨТКҮЧТҮН ЭКИ ЖҮЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ, │
│Финансылык кредиттик мекемелердин │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ │
│банктык айрым операцияларды │КӨРСӨТКҮЧТҮН БИР МИҢ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│мыйзамдарда белгиленген тартипте │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА │
│берилүүчү тийиштүү лицензиясыз │АЛЫП КЕЛЕТ. │
│жүзөгө ашыруусу - │ │
│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│ │
│бештен он беш, кызмат адамдарына │ │
│ондон отуз өлчөмүнө чейин │ │
│администрациялык айып салууга алып│ │
│келет.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│358-статья. Акча каражаттарын │358-берене. Акча каражаттарын │
│ тийиштүү лицензиясыз │ тиешелүү лицензиясыз │
│ тартуу │ тартуу │
│ │ │
│Мыйзамда белгиленген тартипте │Мыйзамдык тартипте берилген │
│берилүүчү тийиштүү лицензиясыз │тиешелүү лицензиясыз, │
│мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана │мөөнөттүүлүк, убагында кайтарып │
│төлөө шарттарында жеке же │берүү жана төлөөгө жөндөмдүүлүк │
│юридикалык жактардын акча │шарттарында жеке адамдардан же │
│каражаттарын тартуу же тартууну │юридикалык жактардан акча │
│ачык сунуш кылуу - │каражаттарын тартуу же тартууну │
│[эсептешүү көрсөткүчүнүн │ачык сунуштоо, - │
│жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин │ЖАРАНДАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ │
│администрациялык айып салууга алып│КӨРСӨТКҮЧТҮН ЭКИ ЖҮЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ, │
│келет.] │ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ │
│ │КӨРСӨТКҮЧТҮН БИР МИҢ ӨЛЧӨМҮНДӨ │
│ │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА │
│ │АЛЫП КЕЛЕТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│359-статья. [Банк мыйзамдарын │359-берене. Банк мыйзамдарын бузуу│
│ бузуу │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│Банктардын же финансылык-кредиттик│банкынан лицензия алышкан жана иши│
│мекемелердин кызмат адамдарынын │ал тарабынан жөнгө салынган ЖЕ │
│банк мыйзамдарынын жоболорун │КАТТАЛГАН банктардын же │
│бузуусу, ыйгарым укук берилген │финансы-кредит мекемелеринин жана │
│мамлекеттик органдын милдеттүү │башка жактардын кызмат адамдары │
│көрсөтмөлөрүн аткарбоосу - │тарабынан банк мыйзамдарынын │
│кызмат адамдарына эсептешүү │жоболорун бузуу, Кыргыз │
│көрсөткүчүнүн ондон жыйырма │Республикасынын Улуттук банкынын │
│өлчөмүнө чейин администрациялык │милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбай │
│айып салууга алып келет. │коюу - │
│Банк иши жөнүндө дайыма маалымат │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│бербөө же анык эмес маалымат, │банкынан лицензия алышкан ЖАНА иши│
│отчет же кабарларды берүү - │ал тарабынан жөнгө салынган ЖЕ │
│эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан│КАТТАЛГАН банктардын же │
│элүү өлчөмүнө чейин │финансы-кредит мекемелеринин жана │
│администрациялык айып салууга алып│башка жактардын кызмат адамдарына │
│келет.] │жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик │
│ │көрсөткүч өлчөмүнө, юридикалык │
│ │жактарга - беш жүздөн бир миң │
│ │эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки│
│ │администрациялык айып салынышына │
│ │алып келет. │
│ │Банк иши жөнүндө маалыматтарды │
│ │бербей коюу же өз учурунда бербөө │
│ │же болбосо такталбаган │
│ │маалыматтардын, отчеттордун же │
│ │билдирүүлөрдүн берилиши - │
│ │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│ │банкынан лицензия алышкан жана иши│
│ │ал тарабынан жөнгө салынган │
│ │ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же │
│ │финансы-кредит мекемелеринин ЖАНА │
│ │БАШКА ЖАКТАРДЫН кызмат адамдарына │
│ │элүүдөн эки жүзгө чейинки │
│ │эсептик көрсөткүч өлчөмүнө, │
│ │юридикалык жактарга - эки жүздөн │
│ │бир миң эсептик көрсөткүч өлчөмүнө│
│ │чейинки администрациялык айып │
│ │салынышына алып келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│360-статья. Банктык кызмат │360-статья. Банктык кызмат │
│ көрсөтүүлөрдү жалган │ көрсөтүүлөрдү жалган │
│ жарнамалоо │ жарнамалоо │
│ │ │
│Эгерде мындай операциялар (кызмат │Эгерде мындай операциялар (кызмат │
│көрсөтүүлөр) банк лицензиясында │көрсөтүүлөр) банк лицензиясында │
│каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банк │каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банк │
│операцияларын же банктык кызмат │операцияларын же банктык кызмат │
│көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды │көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды │
│ачык таратуу кардарлардын │ачык таратуу кардарлардын │
│адашуусуна алып келүүсү мүмкүн │адашуусуна алып келүүсү мүмкүн │
│болсо же аларга зыян келтирсе же │болсо же аларга зыян келтирсе же │
│келтириши мүмкүн болсо, - │келтириши мүмкүн болсо, - │
│[банктын кызмат адамдарына │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон │банкынан лицензия алышкан жана иши│
│жыйырма өлчөмүнө чейин │ал тарабынан жөнгө салынган │
│администрациялык айып салууга алып│ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же │
│келет.] │финансы-кредит мекемелеринин │
│ │ЖАНА БАШКА жактардын кызмат │
│ │адамдарына жүздөн эки жүз эсептик │
│ │көрсөткүч өлчөмүнө, юридикалык │
│ │жактарга беш жүздөн бир миң │
│ │эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки│
│ │администрациялык айып салынышына │
│ │алып келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│361-статья. Төлөм балансы боюнча │361-статья. Төлөм балансы боюнча │
│ маалыматтар бербөө │ маалыматтар бербөө │
│ │ │
│[Факты жүзүндөгү жана болжолдуу │Айкын жана болжолдуу төлөм │
│төлөм балансын түзүү үчүн │балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөр │
│көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча │курамы боюнча маалыматтардын │
│маалымат бербөө же өз убагынан │берилбеши же өз учурунда │
│кечиктирип берүү - │берилбеши, - │
│кызмат адамдарына эсептешүү │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│көрсөткүчүнүн бештен он беш │банкынан лицензия алышкан жана │
│өлчөмүнө чейин администрациялык │иши ал тарабынан жөнгө салынган │
│айып салууга алып келет. │ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же БАШКА │
│Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │финансы-кредит мекемелеринин │
│каралган ошол эле аракет │кызмат адамдарына элүүдөн жүз │
│администрациялык айып салынгандан │эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки│
│кийин жыл ичинде кайталанып │администрациялык айып салынышына │
│жасалса, - │алып келет. │
│эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз│Ушул берененин биринчи бөлүгүндө │
│өлчөмүнө чейин администрациялык │каралган ошол эле аракеттер │
│айып салууга алып келет. │администрациялык чара колдонгондон│
│Кыргыз Республикасынын чектеринен │кийинки жыл ичинде кайталанса, - │
│тышта ачылган эсептерди жана │жүздөн эки жүз эсептик көрсөткүч │
│аманаттарды каттабоо - │өлчөмүнө чейинки администрациялык │
│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│айып салынышына алып келет. │
│бештен он, кызмат адамдарына ондон│Кыргыз Республикасынын чегинен │
│жыйырма өлчөмүнө чейин │тышкары жеке адамдар жана │
│администрациялык айып салууга алып│юридикалык жактар тарабынан │
│келет. │ачылган эсептердин жана │
│Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө │аманаттардын каттоодон │
│каралган ошол эле аракет │өткөртүлбөшү жана алар боюнча │
│администрациялык айып салынгандан │отчеттордун берилбеши, ошондой │
│кийин жыл ичинде кайталанып │эле Кыргыз Республикасынын │
│жасалса, - │резиденттери тарабынан Кыргыз │
│жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн│Республикасынын Улуттук банкында │
│ондон он беш, кызмат адамдарына │мамлекеттик гарантияларсыз │
│жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин │чет өлкө кредиторлорунан алынган │
│администрациялык айып салууга │кредиттердин жана займдардын │
│алып келет.] │каттоодон өткөрүлбөшү - │
│ │жарандарга жүздөн эки жүз эсептик │
│ │көрсөткүч өлчөмүнө, │
│ │юридикалык жактарга - эки жүздөн │
│ │беш жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүнө│
│ │чейинки администрациялык айыптын │
│ │салынышына алып келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│362-статья. Улуттук валютаны кабыл│362-берене. Улуттук валютаны кабыл│
│ алуудан [негизсиз] │ алуудан БАШ ТАРТУУ │
│ баш тартуу │ │
│ │Кыргыз Республикасынын улуттук │
│Кыргыз Республикасынын улуттук │валютасын (банкнотторду жана │
│валютасын төлөөгө кабыл алуудан │монеталарды) төлөөгө кабыл алуудан│
│[негизсиз] баш тартуу - │БАШ ТАРТУУ - │
│[эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен │ЭЛҮҮДӨН ЖҮЗ эсептик көрсөткүч │
│отуз өлчөмүнө чейин │өлчөмүнө чейинки администрациялык │
│администрациялык айып салууга │айыптын салынышына алып келет. │
│алып келет.] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│363-статья. [Кыргыз │363-берене. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН│
│ Республикасынын │ УЛУТТУК ВАЛЮТАСЫНЫН │
│ улуттук валютасын │ СҮРӨТТӨЛҮШТӨРҮН │
│ пайдалануу менен │ ПАЙДАЛАНУУ │
│ жарнамалоо │ │
│ │Өзгөчө мүнөздөмөлөрү (өлчөмү, │
│Өздөрүнүн касиеттери (өлчөмү, │түсү, түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрү) │
│түсү, сүрөтү) боюнча төлөөдө │боюнча төлөм жүгүртүлүшүндө Кыргыз│
│колдонууда Кыргыз Республикасынын │Республикасынын акча белгилеринин │
│акча белгилеринин чыныгы │анык купюралары катары кабыл │
│купюралары катары кабыл алынышы │алынышы мүмкүн болгондой │
│мүмкүн болгондой банкноттордун │банкноттордогу (монеталардагы) │
│сүрөттөрүн же алардын сүрөттөрүнүн│сүрөттөлүштөрдү же алардын │
│кандайдыр бир жарым-жартылай │кандайдыр бир жарым-жартылай │
│даярдалышын (бир же бир нече │даярдалышын пайдалануу жана │
│түстөгү) пайдалануу, - │көчүрүп ЖАСОО, - │
│укук бузууну жасоонун куралы же │укук бузууну жасоонун куралы же │
│түздөн-түз объектиси болгон │түздөн-түз объектиси болгон │
│буюмзатты конфискациялоо менен │буюмзатты конфискациялап, ЖҮЗДӨН │
│эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон │БЕШ ЖҮЗ эсептик көрсөткүч өлчөмүнө│
│жыйырма өлчөмүнө чейин │чейинки администрациялык айып │
│администрациялык айып салууга алып│салууга алып келет. │
│келет. │Эскертүү. Эгерде банкноттогу │
│Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │сүрөттөлүштөр өтө чоңойтулуп │
│каралган ошол эле аракеттер │(100% дан кем эмес) же өтө эле │
│администрациялык айып салынгандан │кичирейтилген (70% дан кем эмес) │
│кийин жыл ичинде кайталанып │өлчөмдө, ошондой эле жарык реклама│
│жасалса, - │түрүндө берилсе, Кыргыз │
│эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан│Республикасынын улуттук │
│элүү өлчөмүнө чейин │валютасынын банкнотторунда │
│администрациялык айып салууга алып│(монеталарында) түшүрүлгөн │
│келет. │сүрөттөлүштөрдү бир же бир нече │
│Эскертүү. Эгерде банкноттун сүрөтү│түстө ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│өтө чоңойтулган (130%тен кем эмес)│органдын расмий уруксатысыз │
│же өтө кичирейтилген (70%тен кем │көчүрүп жасоого жол берилет. │
│эмес) көлөмдө, ошондой эле жарык │ │
│реклама түрүндө берилсе, ыйгарым │ │
│укук берилген мамлекеттик органдын│ │
│расмий уруксатысыз эле улуттук │ │
│валютанын бир же бир нече түстөрдө│ │
│сүрөттөлүшүн жасоого жол берилет. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │363-1-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫН │
│ │ БЕТИНДЕ "ҮЛГҮ" │
│ │ ("ОБРАЗЕЦ") ДЕП │
│ │ ЖАЗЫЛГАН │
│ │ БАНКНОТТОРУН │
│ │ ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРУУ │
│ │ │
│ │УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫН БЕТИНДЕ "ҮЛГҮ" │
│ │("ОБРАЗЕЦ") ДЕП ЖАЗЫЛГАН │
│ │БАНКНОТТОРУН ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРУУ,- │
│ │МЫНДАЙ ҮЛГҮДӨГҮ БАНКНОТТОРДУ │
│ │КОНФИСКАЦИЯЛАП, КЫРГЫЗ │
│ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНА │
│ │ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ЭКИ ЖҮЗДӨН │
│ │МИҢ ЭСЕПТИК КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНӨ │
│ │ЧЕЙИНКИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП │
│ │САЛУУГА АЛЫП КЕЛЕТ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│508-статья. Судьялар │508-статья. Судьялар │
│ │ │
│Райондук, шаардык соттордун │Райондук, шаардык соттордун │
│судьялары ушул Кодекстин 57-64, │судьялары ушул Кодекстин 57-64, │
│66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │
│85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │
│92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │
│147, 148, 149, 149-1, │147, 148, 149, 149-1, │
│151-157-статьяларында, │151-157-статьяларында, │
│228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│232-статьянын экинчи жана үчүнчү │232-статьянын экинчи жана үчүнчү │
│бөлүктөрүндө, 234-статьянын │бөлүктөрүндө, 234-статьянын │
│биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын │биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын │
│бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, │бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, │
│240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│241-статьянын биринчи, үчүнчү жана│241-статьянын биринчи, үчүнчү жана│
│төртүнчү бөлүктөрүндө, │төртүнчү бөлүктөрүндө, │
│242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│246, 250-статьяларында, │246, 250-статьяларында, │
│254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │
│264, 265, 271, 273, │264, 265, 271, 273, │
│277-статьяларында, 286-статьясынын│277-статьяларында, 286-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, │экинчи бөлүгүндө, │
│286-1-статьясында, 289-статьясынын│286-1-статьясында, 289-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│
│301-2, 301-3-статьяларында, │301-2, 301-3-статьяларында, │
│302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│
│305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │
│төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │
│339-345, 346-1, 354, 363, 364, │339-345, 346-1, 354, 363, 363-1, │
│368, 369, 370, 371, 373, 374, │364, 368, 369, 370, 371, 373, 374,│
│382-статьяларында, 390-статьясынын│382-статьяларында, 390-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, 391, │экинчи бөлүгүндө, 391, │
│392-395-статьяларында, │392-395-статьяларында, │
│400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │
│400-1 400-2-статьяларында, │400-1 400-2-статьяларында, │
│404-406, 409-1, 409-2, │404-406, 409-1, 409-2, │
│412-статьяларында, 417-статьясынын│412-статьяларында, 417-статьясынын│
│биринчи бөлүгүндө, 420,422, │биринчи бөлүгүндө, 420,422, │
│422-1-422-4, 454, 464,466-468,476,│422-1-422-4, 454, 464,466-468,476,│
│505-1-505-10-статьяларында │505-1-505-10-статьяларында │
│каралган администрациялык укук │каралган администрациялык укук │
│бузуулар жөнүндө иштерди карайт │бузуулар жөнүндө иштерди карайт │
│жана администрациялык жаза │жана администрациялык жаза │
│чараларды көрөт. │чараларды көрөт. │
│Ушул Кодекстин 503-статьясынын │Ушул Кодекстин 503-статьясынын │
│биринчи бөлүгүндө, 504-10, │биринчи бөлүгүндө, 504-10, │
│504-14, 504-16, 504-17, 504-19, │504-14, 504-16, 504-17, 504-19, │
│504-23, 504-32, 504-33, 504-36, │504-23, 504-32, 504-33, 504-36, │
│505, 505-17-статьяларында каралган│505, 505-17-статьяларында каралган│
│администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштер, мындай │жөнүндөгү иштер, мындай │
│администрациялык укук бузуу │администрациялык укук бузуу │
│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│
│орган же кызмат адамы судьянын │орган же кызмат адамы судьянын │
│кароосуна өткөрүп берген учурларда│кароосуна өткөрүп берген учурларда│
│судьялар тарабынан каралат. │судьялар тарабынан каралат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│531-статья. Кыргыз Республикасынын│531-берене. Кыргыз Республикасынын│
│ Улуттук Банкынын │ Улуттук банкынын │
│ органдары │ органдары │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Улуттук │Кыргыз Республикасынын Улуттук │
│Банкынын органдары ушул Кодекстин │банкынын органдары ушул Кодекстин │
│357-362-статьяларында каралган │357-362, ЖАНА 363-1-беренелеринде │
│администрациялык укук бузуулар │каралган администрациялык укук │
│жөнүндө иштерди карайт. │бузуулар жөнүндө иштерди карайт. │
│[Администрациялык укук бузуулар │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР │
│жөнүндө иштерди кароого жана │ЖӨНҮНДӨ ИШТЕРДИ КАРООГО ЖАНА │
│администрациялык жаза чарасын │АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАЗА ЧАРАСЫН │
│көрүүгө Улуттук Банктын төрагасы │КӨРҮҮГӨ УЛУТТУК БАНКТЫН ТӨРАГАСЫ, │
│жана анын орун басары укуктуу.] │АНЫН ОРУН БАСАРЛАРЫ ЖАНА ОБЛАСТТЫК│
│ │БАШКАРМАЛЫКТАРДЫН/ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮН │
│ │ЖЕТЕКЧИЛЕРИ УКУКТУУ. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│556-1-статья. Администрациялык │556-1-статья. Администрациялык │
│ укук бузуулар │ укук бузуулар │
│ жөнүндө │ жөнүндө │
│ протоколдорду │ протоколдорду │
│ түзүүгө ыйгарым │ түзүүгө ыйгарым │
│ укуктуу кызмат │ укуктуу кызмат │
│ адамдары │ адамдары │
│ │ │
│1. Администрациялык укук бузуулар │1. Администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштер боюнча соттор │жөнүндөгү иштер боюнча соттор │
│тарабынан кароо ишке ашырылуучу │тарабынан кароо ишке ашырылуучу │
│администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндө протоколду түзүүгө │жөнүндө протоколду түзүүгө │
│төмөндөгүлөр укуктуу: │төмөндөгүлөр укуктуу: │
│1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │
│адамдары: │адамдары: │
│прокуратура органдары (49, 50, 51,│прокуратура органдары (49, 50, 51,│
│52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, │52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, │
│61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, │61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, │
│67, 82-1-статьялар, 400-статьянын │67, 82-1-статьялар, 400-статьянын │
│экинчи бөлүгү, 404, 406, │экинчи бөлүгү, 404, 406, │
│409-1-статьялар); │409-1-статьялар); │
│... │... │
│Улуттук банк (363-статья); │Улуттук банк (363, │
│... │363-1-статьялар); │
│2) ушул статьянын 1-пунктунун │... │
│1-пунктчасында каралган учурлардан│2) ушул статьянын 1-пунктунун │
│тышкары, ушул Кодекстин │1-пунктчасында каралган учурлардан│
│354-статьясында каралган │тышкары, ушул Кодекстин │
│администрациялык укук бузуулар │354-статьясында каралган │
│жөнүндө протоколдорду түзүүгө │администрациялык укук бузуулар │
│аткаруу бийлигинин органдарынын, │жөнүндө протоколдорду түзүүгө │
│алардын мекемелеринин, түзүмдүк │аткаруу бийлигинин органдарынын, │
│бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык │алардын мекемелеринин, түзүмдүк │
│органдарынын, ошондой эле тиешелүү│бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык │
│органдардын компетенцияларынын │органдарынын, ошондой эле тиешелүү│
│чектеринде ишмердүүлүктүн айрым │органдардын компетенцияларынын │
│түрлөрүн лицензиялоону жана │чектеринде ишмердүүлүктүн айрым │
│лицензиялардын шарттарын сактоо │түрлөрүн лицензиялоону жана │
│үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу │лицензиялардын шарттарын сактоо │
│башка мамлекеттик органдардын │үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу │
│кызмат адамдары укуктуу; │башка мамлекеттик органдардын │
│3) ушул Кодекстин 420 жана │кызмат адамдары укуктуу; │
│422-статьяларында каралган │3) ушул Кодекстин 420 жана │
│администрациялык укук бузуулар │422-статьяларында каралган │
│жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот │администрациялык укук бузуулар │
│аткаруучулары, сот приставдары │жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот │
│жана соттун төрагасы же соттун │аткаруучулары, сот приставдары │
│жыйналышына төрагалык кылуучу │жана соттун төрагасы же соттун │
│тарабынан ыйгарым укук берилген │жыйналышына төрагалык кылуучу │
│башка сот кызматкерлери укуктуу. │тарабынан ыйгарым укук берилген │
│2. Ушул Кодекстин │башка сот кызматкерлери укуктуу. │
│509-546-3-статьяларында │2. Ушул Кодекстин │
│көрсөтүлгөн органдардын │509-546-3-статьяларында │
│кароосуна өткөрүлүп берилген │көрсөтүлгөн органдардын │
│администрациялык укук бузуулар │кароосуна өткөрүлүп берилген │
│жөнүндө иштерди кароого ыйгарым │администрациялык укук бузуулар │
│укуктуу кызмат адамдары │жөнүндө иштерди кароого ыйгарым │
│администрациялык укук бузуулар │укуктуу кызмат адамдары │
│жөнүндө протоколдорду түзүүгө │администрациялык укук бузуулар │
│укуктуу. │жөнүндө протоколдорду түзүүгө │
│3. Ушул статьянын 1-пунктуна │укуктуу. │
│ылайык администрациялык укук │3. Ушул статьянын 1-пунктуна │
│бузуулар жөнүндө протоколдорду │ылайык администрациялык укук │
│түзүүгө укугу бар кызмат │бузуулар жөнүндө протоколдорду │
│адамдарынын тизмеги мыйзамдарда │түзүүгө укугу бар кызмат │
│көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн │адамдарынын тизмеги мыйзамдарда │
│милдеттер менен иш-милдеттерге │көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн │
│ылайык мамлекеттик бийликтин │милдеттер менен иш-милдеттерге │
│ыйгарым укуктуу органдарына │ылайык мамлекеттик бийликтин │
│жараша белгиленет. │ыйгарым укуктуу органдарына │
│ │жараша белгиленет. │
|
|