Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майындагы № 290
"Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Жийде декларациясы - II этап программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын чегинде буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө гранттык макулдашууну (КYR - 031) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Жийде декларациясы - II этап программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын чегинде буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө гранттык макулдашууну (КҮR - 031) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору ;
- Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Жийде декларациясы - II этап программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын - экинчи фазасынын чегинде буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө гранттык макулдашууга (КҮR - 031) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Жийде декларациясы - II этап программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын чегинде буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө гранттык макулдашуу (КҮR - 031) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жогоруда аталган Гранттык макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
2010-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан Джидда Декларациясынын II этабы (КҮR-031) программасынын алкагында кыска мөөнөттүү иш-чаралар планын экинчи фазасынын алкагында жалпы суммасы 400 миң доллар АКШ мунун ичинен буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн (200 миң доллар АКШ), талаачылык (100 миң доллар АКШ) жана лабораториялык (100 миң доллар АКШ) жабдууларды сатып алууну каржылоо үчүн кайтарымсыз каражаттарды берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга кол коюлган.
Өткөрүлгөн тендердик сатып алуулардын натыйжасында 2010-жылдын күзүндө күздүк буудайдын 506,6 тонна сертификацияланган үрөндөрү сатылып алынып, Баткен областынын Баткен, Кадамжай жана Лейлек районундагы, Чүй областынын Кемин, Чүй, Панфилов райондорундагы аз кирешелүү дыйкан, фермер чарбаларына 2011-жылдын күздүк себүүсү үчүн таркатылып берилген.
2011-жылдын жазында Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Талас областтарынын мамлекеттик сорт сыноо станцияларына жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларына үрөн тазалоочу машиналар сатылып алынган. Ал эми күзүндө Панфилов райондук мамлекеттик үрөн инспекциясы, Чүй областынын Кемин жана Чүй райондорунун жана Баткен областынын Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунун район аралык мамлекеттик үрөн инспекцияларына лабораториялык жабдуулар сатылып алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификация болбогондугуна байланыштуу сатылып алынган лабораториялык жабдуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасына сатылып алынган лабораториялык жабдууга кошумча нарк салыгынан бошотулбагандыгына байланыштуу, алып келген фирмалар машиналарга жана жабдууларга сактоого чыгымдарды төлөшүүдө.
Ушул максатта 2010-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Джидца Декларациясынын II этабы (КҮR-031) программасынын алкагында кыска мөөнөттүү иш-чаралар планын экинчи фазасынын алкагында буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууга, сатып алууну каржылоо үчүн кайтарымсыз каражаттарды берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору сунушталат.
Айыл чарба жана мелиорация министри | С.Тынаев |
Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Жийде декларациясы - II этап программасынын алкагындагы иш-чаралардын кыска мөөнөттүк планынын экинчи фазасынын чегинде буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн сатып алууну каржылоо үчүн акысыз каражат берүү жөнүндө гранттык макулдашуу (КҮR - 031) (мындан ары - Гранттык макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Гранттык макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 94-б буйругу менен жактырылган.
Гранттык макулдашууга ылайык Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан Баткен жана Чүй облустарынын фермердик чарбаларына (жер участкасынын аянты 10-20 га) колдоо көрсөтүү үчүн аларга жогорку сапаттагы буудайдын үрөнүн сатып алуу жана бөлүү жолу менен, ошондой эле райондор аралык жана райондук үрөн инспекциялары үчүн лабораториялык жабдууларды жана сорт сыноочу станциялар жана участоктор үчүн талаа жабдууларын сатып алууга 400,0 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Ошентип, Гранттык макулдашууда каралган иш-чараларды ишке ашыруу республиканын азык-түлүк коопсуздугун колдоого оң таасир көрсөттү.
Гранттык макулдашууда каралган иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкүлөр сатып алынды:
- Чүй жана Баткен облустарынын жакыр дыйкан жана фермер чарбалары үчүн жогорку сапаттагы буудай үрөнү - 200,0 миң АКШ доллары суммасына;
- Кыргыз Республикасынын Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарынын мамлекеттик сорт сыноочу станциялары жана мамлекеттик сорт сыноочу участоктору үчүн үрөн тазалагыч машиналар - 99550,0 АКШ доллары суммасына;
- Кыргыз Республикасынын Кемин, Чүй, Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунун райондор аралык мамлекеттик үрөн инспекциялары, ошондой эле Панфилов райондук инспекциясы үчүн лабораториялык жабдуулар 96180,0 АКШ доллары суммасына.
Сатып алынган үрөн тазалоочу машиналар көбөйтүү питомниктеринде өндүрүлүүчү үрөндөрдүн көлөмүн жана сапатын олуттуу көбөйтүүгө мүмкүндүк берет жана өндүрүшкө жаңы мол түшүм берүүчү келечектүү жана тартыш сортторду киргизүүнү тездетет. Өз кезегинде сатып алынган лабораториялык жабдуулар райондор аралык жана райондук үрөн инспекцияларын жаңы лабораториялык жабдуулар менен кайра жабдууга жана айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк материалын текшерүүнү кыйла так жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого оң натыйжа көрсөтөт. Үрөн инспекциялары үрөнчүлүк чарбаларында үрөндүн сынамыктарын кыйла сапаттуу тандоону жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн себүү сапаттарын так аныктоону жүргүзүшөт, анын натыйжасында дыйкан жана фермер чарбалары сертификатташтырылган үрөн сатып алышат, бул 1 гектардан 5 центнерден кем эмес кошумча түшүм берет.
Гранттык макулдашуунун 4,02 бөлүмүнүн (iii) пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Гранттык макулдашуунун алкагында кандай болбосун сатып алууларга колдонулуучу ар кандай төгүмдөргө же салыктарга чыгымдарды жабууга милдеттенет.