Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-майы № 293
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүү жана түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары,
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эл аралык
финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз
ара мамилелери
3-глава. Финансылык ресурстарды тартуу жана пайдалануу
4-глава. Банктын капиталы жана пайдасы
5-глава. Банктын бюджети, отчеттуулугу жана көз карандысыз аудити
6-глава. Банктын башкаруу органдарынын түзүмү
7-глава. Корутунду жоболор
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана дем берүүгө арналган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн максатын аныктайт.
1-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана анын статусу
1. Кыргыз Республикасын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары Банк) ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
Банктын бирден-бир акционери болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
2. Банктын жайгашкан жери - Бишкек шаары.
3. Кыргыз Республикасы Банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Банк Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
2-берене. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу
1. Банктын ишин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
2. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
3-берене. Банктын максаты
Банктын ишинин негизги максаты инвестициялык иштер, анын ичинде коммерциялык мүмкүн болгон шарттарда ири улуттук долбоорлорго инвестициялар аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо жана ага дем берүү болуп саналат.
4-берене. Банктын милдеттери
Банктын артыкчылыктуу милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) экономиканын чектеш секторлоруна мультипликативдик таасир этүү;
2) экономиканын түзүмдүк илгерилөөсүнө дем берүү;
3) өндүрүштүк инфраструктураны реабилитациялоо жана өнүктүрүү;
4) экономиканын экспортко багытталган өндүрүштүк секторун түзүү;
5) региондордо ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү;
6) региондордун экономикалык өнүгүүсүн теңдөө;
7) орто жана узак мөөнөттүү негизде экономика субъекттеринин кредиттик ресурстарга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу;
8) инвестицияларды ата мекендик ишканаларга тартууга дем берүү;
9) кредиттөө процессинин менеджментинин, баалоонун жана контролдоонун заманбап методдорун киргизүү жана долбоорлорду ишке ашыруу.
5-берене. Банктын функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Банктын функциялары төмөнкүлөр:
1) юридикалык жактардын ишине (капиталына) катышууну кошкондо, долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо;
2) Банктын ички актыларына ылайык каржылоого сунушталган долбоорлорун баалоо;
3) долбоорлорду ишке ашыруу үчүн юридикалык жактарды тандап алуу;
4) Банк тарабынан каржылануучу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
5) ар түрдүү булактардан зайымдарды тартуу жана төлөө;
6) өнүктүрүүнүн эл аралык уюмдары, өнүктүрүүнүн чет өлкөлүк корпорациялары жана институттары менен өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүүнүн эл аралык уюмдарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырууга катышуу;
7) Банк тарабынан финансылык, инвестициялык жана аналитикалык консалтинг көрсөтүү;
8) Банктын катышуусу менен ишке ашырылуучу долбоорлордун шарттарында каралган талаптарды юридикалык жактардын сакташын контролдоо.
2. Өз ишин жүргүзүү үчүн Банкка төмөнкү ыйгарым укуктар берилет:
1) Банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү ички актыларга ылайык кредиттик саясатын ишке ашыруу;
2) долбоорду каржылоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо;
3) банктык экспертизаны ишке ашыруу үчүн эксперттерди жана консультанттарды тартуу;
4) зайымдык каражаттарды, анын ичинде тийиштүү жылга республикалык бюджет тууралуу мыйзамга ылайык республикалык бюджеттерден каражаттарды тартуу;
5) ата мекендик жана чет өлкөлүк банктардын жана башка финансылык институттардын катышуусу менен карыз алуунун уюштуруучусу жана катышуучусу болуп чыгуу.
6-берене. Банктын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелери
1. Банк өз алдынча ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз ишин уюштурат жана ишке ашырат.
2. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралгандан башка учурларда мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын Банктын ишине ар кандай формада кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара мамилелери
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Банкка төмөнкү шарттарда жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат:
1) ушул Мыйзам менен "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосунда карама-каршылыктар пайда болгондо ушул Мыйзамдын жоболору гана колдонулат;
2) Банкка "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензия алуу талап кылынбайт.
2. Банктын каражаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана башка коммерциялык банктарда (катышуучу банктарда) өзүнчө эсепке жайгаштырылат.
8-берене. Банктын эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара мамилелери
Банк өз ишинде долбоорлорду техникалык деңгээлде каржылоо боюнча эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк банктар менен өз ара аракеттенет.
9-берене. Банктын операциялары
1. Өз функцияларын аткаруу үчүн Банк банктык операциялардын төмөнкү түрлөрүн жүргүзөт:
1) өз атынан келишимдик шарттарда зайымдарды тартууну;
2) кредиттерди акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайрымдуулук негизинде берүүнү;
3) Банктын долбоорлорун ишке ашырууга катышкан юридикалык жактардын банктык эсептерин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында корреспонденттик эсептерин ачууну жана жүргүзүүнү;
4) кредиттик иштер менен байланышкан консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүнү;
5) өз керектөөлөрү үчүн накталай жана накталай эмес төлөмдөр үчүн чет өлкөлүк валюталарды сатып алууну жана сатууну;
6) Банктын долбоорлорун ишке ашырууга катышуучу юридикалык жактарга банктык кепилдиктерди акы төлөө негизинде берүүнү.
2. Банк ушул беренеде аталгандарга байланышкан жана Банктын максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн максатка ылайыктуу болгон жана жол берилчү башка операцияларды ишке ашырууга укуктуу.
3. Банк катышкан ар бир операция боюнча келишимдик документте Банктын операциялар боюнча милдеттери Кыргыз Республикасы тарабынан кепилдикке алынбаганы жана Кыргыз Республикасы операцияга байланыштуу болгон чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпастыгы жөнүндө көрсөтүлөт.
10-берене. Банк тарабынан башка булактардан финансылык ресурстарды тартуу жана пайдалануу
1. Банк башка булактардан финансылык ресурстарды акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде алууга укуктуу. Банк башка булактардан алуучу финансылык каражаттарды берүүнүн, пайдалануунун жана кайра берүүнүн тартиби жана шарты Банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ошондой эле эки тараптуу келишим менен аныкталат.
2. Банк үчүн арналган мамлекеттик каражаттар тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекеттик бюджет аркылуу гана өткөрүлөт.
11-берене. Банктын катышуучу банктар менен өз ара мамилелери
1. Катышуучу банктарды кредиттик тейлөө Банк тарабынан Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларына ылайык келишимдин негизинде ишке ашырылат.
2. Тейлөөнүн жалпы шарты ачык информация болот. Тейлөөнүн шарттары өзгөргөн учурда, Банк бул жөнүндө катышуучу банктарга Банктын башкармасы бекиткен Банктын ички актыларында белгиленген тартипте кабарлайт.
3. Катышуучу банктарды тейлеген учурда Банк эл аралык практикада колдонулуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эсептешүүнүн ар кандай системасын пайдаланууга укуктуу.
4. Банк катышуучу банктардын каражаттарды максаттуу пайдаланышын ушул Мыйзамга жана Банктын ички актыларына ылайык контролдойт.
12-берене. Долбоорлорду каржылоо
1. Банк Банктын Директорлор кеңеши белгилеген талаптарга жооп берүүчү долбоорлорду каржылайт.
2. Банктын долбоорлорду каржылоосу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) Банктын Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга жана макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактардын иштерине катышуу;
2) Банктын Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга жана кредиттик келишимдерге ылайык долбоорлорду кредиттөө.
3. Банктын долбоорлорду каржылашы Банктын Директорлор кеңеши бекиткен ички актыларга ылайык аныкталган шарттарда, тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. Берилүүчү кредит боюнча акынын ставкасынын чоңдугу Банктын карызынын орточо наркын жана операциялык чыгымдарын эске алуу менен эсептелет.
4. Банк тарабынан берилүүчү кредиттер күрөө, кепилдик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуучу башка ыкмалар менен камсыз болушу керек.
13-берене. Банк каржылоочу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү
1. Банк өзү каржылоочу долбоорлорго карата долборду ишке ашыруучу субъекттер менен макулдашуунун негизинде төмөнкүлөрдү кошкондо, мониторинг жүргүзөт:
1) долбоорлорду ишке ашырууну катышуучу банктар тарабынан каржылоонун графигине;
2) долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардын жана юридикалык жактардын финансылык абалына;
3) долбоордун ортодогу жыйынтыктары боюнча каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугуна;
4) тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө.
2. Катышуучу банктар алар тейлеген долбоорлорго карата агенттик тейлөөгө болгон келишимдерге ылайык иштин көлөмүнүн иш жүзүндө аткарылышына, ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча көрсөтүлгөн кызматтарга мониторинг жүргүзөт.
3. Банктын башкармасы жыл сайын долбоордук техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө жыйынтыктардын дал келишин баалоо менен долбоорлорду ишке ашырууга жана каржылоого талдоо жүргүзөт жана Банктын Директорлор кеңешине тиешелүү корутундуну берет.
14-берене. Банктын ишин чектөө
Банкка төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Банк тарабынан каржылоо үчүн тандап алынган долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардан, лизинг берүүчү уюмдардан жана юридикалык жактардан бөлөк жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүгө;
2) депозиттерди тартууга, жеке жактарга эсептерди ачууга;
3) зайымдарды аларды кайтарып алууну камсыздабай туруп берүүгө;
4) мурда алар тарабынан тартылган зайымдар боюнча милдеттенмелеринин мөөнөтү өтүп кеткен (бир жылдан ашык) учурда кошумча тышкы жана ички карыз берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, мамлекеттик башка органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредит берүүгө;
6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле чарбакер субъекттерге ар кандай формада финансылык жардам берүүгө;
7) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык каржылоону кошпогондо мамлекеттик булактардан каржылоону тартууга.
15-берене. Банктын капиталы
1. Банктын уставдык капиталы _____________________________________ (_________________) кыргыз сомун түзөт жана толук боюнча төлөнүүгө тийиш. Банктын капиталы республикалык бюджет аркылуу бөлүштүрүлгөн жана Банкка анын Акционери берген каражаттардын эсебинен түзүлөт. Капитал Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. Банктын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен көбөйтүлүшү мүмкүн.
3. Банк өзүнүн акциясын сатып алуу жана күрөөгө алуу укугуна ээ эмес.
4. Банктын акциялары сатылбайт, күрөөгө коюлбайт, милдеттенмеге алынбайт же кандайдыр бир ыкма менен башкалардын ээлик кылуусуна берилбейт.
16-берене. Банктын пайдасы
1. Банктын пайдасы ошол мезгилдеги бардык кирешелерин жана чыгымдарын, төмөнкүлөрдү кошо эсепке алгандан кийин финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча аныкталат:
1) Банктын нормалдуу ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон, эл аралык практикада кабыл алынган операциялык жана башка чыгымдарды;
2) потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан түзүлгөн резервдерди.
2. Банктын таза пайдасын бөлүштүрүү тартибин Банктын башкармасынын сунушунун негизинде Директорлор кеңеши аныктайт.
17-берене. Потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан түзүлгөн резервдер
Классификациялаган активдер жана шарттуу милдеттенмелер боюнча потенциалдуу зыяндарды жабууга Банк тарабынан резервдерди түзүү финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
18-берене. Банктын бюджети жана отчету
1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо камтуу менен белгиленет.
2. Банктын жыл сайын түзүлүүчү бюджетинин долбоору Банктын Директорлор Кеңеши бекиткен форма боюнча даярдалат.
3. Банктын башкармасы жыл сайын Банктын бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетун, балансын жана Банктын пайдасы жана зыяндары жөнүндө отчетун даярдайт. Банктын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
4. Банк төмөнкүлөр тууралуу отчет берет:
1) квартал сайын бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджеттин каражаттарын сарптоо жөнүндө, эгер мындайлар бар болсо;
2) Банктын Директорлор кеңеши бекиткенден кийин аудитордук текшерүүдөн өткөн отчетту, ошондой эле Банктын Директорлор кеңеши аныктаган Банктын иши жөнүндө башка отчетторду, отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине.
5. Акционер Банктын иши жөнүндө тиешелүү отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Банктын уставына ылайык суроого жана алууга укуктуу.
6. Банктын Директорлор кеңеши бекиткен Банктын жылдык отчету жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш. Банктын иши жөнүндө маалымат Интернет тармагындагы Банктын расмий сайтында жайгаштырылат.
19-берене. Банктык аудити
1. Банктын Директорлор кеңеши Банктын финансылык жылы бүткөнгө чейин алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Банктын аудити жөнүндө чечим кабыл алат жана Банктын башкармасынын сунушу боюнча "Чоң төрт илтиктен" аудитордук фирманы аныктайт.
2. Финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Банктын ишине аудит жүргүзүү жөнүндө аудитордук фирма менен келишимди Банктын атынан башкарманын төрагасы түзөт.
3. Банк аудитордук фирма менен түзүлгөн келишимге ылайык эл аралык аудитордук практикага туура келген аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалыматтарды берет.
4. Банкка аудит жүргүзүү боюнча аудитордук фирманын кызматына акыны Банк өзүнүн каражатынын эсебинен төлөйт.
Эскертүү: "Чоң төрт илтик" деп аудитордук жана консалтингдик кызматтарды көрсөтүүчү дүйнөдөгү төмөнкү төрт ири компания түшүнүлөт:
- Pricevaterhouse Coopers;
- Deloitte;
- Ernst & Young;
- KPMG.
6-глава
Банктын башкаруу органдарынын түзүмү
20-берене. Банкты башкаруу органдары
1. Байкоочу орган - Банктын Директорлор кеңеши.
2. Аткаруучу орган - Банктын башкармасы.
3. Контролдоочу органдар - ички аудитор жана тобокелдик-менеджери.
21-берене. Банктын Директорлор кеңеши
1. Банктын байкоочу органы болуп Банктын Директорлор кеңеши саналат, ал Акционердик алдында фидуциардык жоопкерчилик тартат.
2. Банктын Директорлор кеңеши төрагадан жана 6 башка мүчөдөн турат.
3. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат жана кийинки мөөнөттөргө дайындалышы мүмкүн.
Жогоруда айтылгандарга карабастан ушул Мыйзамга ылайык дайындалуучу Директорлор кеңешинин алгачкы мүчөлөрүнүн үчөө эки жылдык мөөнөткө дайындалышат, ал эми төраганы кошкондо калган төрт мүчөсү үч жылдык мөөнөткө дайындалышат.
4. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Банкта туруктуу иштебейт.
5. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктардын кызмат адамдарына коюлуучу бардык талаптарга жооп беришет, болгону алардын дайындалышы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бекитүүгө тийиш эмес.
6. Директорлор кеңешинин үчтөн ашпаган мүчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү же министрликтердин, ведомстволордун же башка мамлекеттик органдын кызмат адамдары боло алышат.
7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ушул Мыйзамга ылайык Кеңештин жаңы мүчөсүн дайындайт.
8. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкү маселелери кирет:
1) Банктын жылдык отчетун бекитүү;
2) Банк тарабынан облигация чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды чыгаруунун тартибин аныктоо;
3) бүтүмдү түзүү тууралуу чечим кабыл алынган күндөн мурунку, акыркы отчеттук күнгө карата Банктын өздүк каражатынын (капиталынын) көлөмүнүн 10 жана андан ашык процентин түзгөн мүлктү Банктын алышына, башкалардын ээлик кылуусуна беришине же берүү мүмкүндүгүнө байланышкан бүтүмдү же өз ара байланышы бар бир нече бүтүмдү жактыруу жөнүндө чечим чыгаруу;
4) Банктын операциялык жана инвестициялык ишинин негизги тобокелдиктерин аныктоо, бул тобокелдердин чектик деңгээлин белгилөө, ошондой эле аларды башкарууну уюштуруу;
5) Банктын кирешелеринин жана чыгымдарынын финансылык планын (бюджет), резервдерди жана фонддорду түзүүнүн тартибин, ошондой эле пайданы, резервдерди жана фонддорду пайдалануунун тартибин бекитүү;
6) Банктын ички контролунун адекваттуу жана натыйжалуу системасын түзүү жана сактоо;
7) Банктын регламентин жана ишинин эрежелерин жана анын катышуучу банктар, кредиторлор жана башка үчүнчү жактар менен болгон өз ара аракеттерин бекитүү.
9. Банктын Директорлор кеңешинин бардык чечимдери корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндөгү арызга ылайык кабыл алынат:
1) Банктын Директорлор кеңеши ар бир финансылык жыл башталганга чейин 1 ай калгандан кечиктирбестен Акционерге корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндө арыздын долбоорун берет;
2) корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндө арызда ушул финансылык жыл жана андан кийинки түздөн-түз келүүчү эки финансылык жылдын ар бири үчүн Банк боюнча төмөнкү маалыматтар келтирилет:
а) ушул Мыйзамда белгиленген максаттардын алкагында Банктын максаттары;
б) иштин жүргүзүлүүчү мүнөзү жана масштабы;
в) өздүк капиталдын активдердин топтомуна катышы;
г) бухгалтердик эсеп саясаты;
д) иштин максаттуу көрсөткүчтөрү жана башка көрсөткүчтөр, ал боюнча Банктын иши бааланышы, анын максаттары менен салыштырылышы мүмкүн;
е) мамлекетке бөлүштүрүү үчүн арналган салыктарды төлөгөндөн кийин жылдык пайданын суммасын же үлүшүн баалоо менен бирге жылдык дивидендди аныктоо үчүн кабыл алынган принциптер жөнүндө арыз;
ж) ушул финансылык жылдын ичинде Банк тарабынан Акционерге берилүүчү маалыматтын түрү.
3) Директор кеңеши финансылык жыл башталганга чейин 14 күн калгандан кечиктирбестен корпоративдик ниеттенүүлөрү жөнүндөгү арыздын долбоору боюнча Акционер тарабынан жасалган ар кандай сын-пикирлерди карайт.
4) корпоративдик ниеттенүүлөр жөнүндөгү акыркы арыз финансылык жылдын башталышына карата же башталганга чейин Акционерге берилет жана андан ары Банктын расмий веб-сайтына жарыяланат.
10. Ушул Мыйзам жана Банктын уставы менен каралган Банктын Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын Банктын башкармасына берүүгө жол берилбейт.
11. Банктын Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктары, регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу Банктын уставы менен аныкталат.
22-берене. Банктын башкармасы
1. Банктын башкармасы Банктын коллегиялуу аткаруучу органы болот. Банктын башкармасынын курамына Банктын башкармасынын төрагасы жана Банктын башкармасынын төрт мүчөсү кирет.
2. Банктын башкармасынын төрагасын жана Банктын башкармасынын мүчөлөрүн Банктын Директорлор кеңеши кызматка дайындайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бекитүүгө тийиш. Банктын башкармасынын төрагасын жана Банктын башкармасынын мүчөлөрүн Банктын Директорлор кеңеши кызматтан бошотот.
3. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банкта туруктуу негизде иштешет жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктардын кызмат адамдарына колдонулуучу бардык талаптарды канааттандырышы керек. Жогоруда айтылгандарга карабастан башкарманын бир дагы мүчөсү бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү же министрликтердин же башка мамлекеттик органдын кызмат адамы болбошу керек.
4. Банктын башкармасынын мүчөлөрүнө акынын же башка төлөмдөрдүн өлчөмүн Банктын Директорлор кеңеши бекитет.
5. Банктын башкармасынын мүчөлөрү Банктын башкармасынын төрагасынын сунушу боюнча Банктын Директорлор кеңеши тарабынан ыйгарым укугун аткаруудан мөөнөтүнөн эрте бошотулушу мүмкүн. Эгер көрсөтүлгөн адамдар ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотушса, ушул Мыйзамда жана Банктын уставында белгиленген тартипте Банктын башкармасынын жаңы мүчөлөрү дайындалат.
6. Банктын башкармасынын Банктын уставынын негизинде иштейт, анда Банктын башкармасынын ыйгарым укугу, регламенти, жыйындардын мөөнөтү, чакыруу жана өткөрүү тартиби, ошондой эле чечим кабыл алуу тартиби белгиленет.
7. Банктын башкармасынын жыйынында протокол жазылат, ал Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө, Банктын ички контролдоо кызматынын жана аудитордук уюмдардын мүчөлөрүнө алардын талаптары боюнча берилет.
8. Банктын башкармасынын төрагасы анын ишин жетектейт. Банктын башкармасынын төрагасына Банктын ишиндеги маселелер боюнча оперативдүү жана аткаруу-тескөөчү чечимдерди кабыл алуу, Банктын атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Банктын уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды пайдаланууга ыйгарым укук берилген.
9. Банктын башкармасынын Банктын уставында каралган ыйгарым укуктарын Директорлор кеңешине өткөрүп берүүгө болбойт.
23-берене. Банктын контролдоочу органдары
1. Банкта ички контролдоо жана Банктын ишиндеги максаттарга жетүүгө терс таасирин тийгизген материалдык, инвестициялык жана финансылык тобокелдиктерди дайыма ачып көрсөтүүгө жана баалоого мүмкүндүк берген тобокелдиктерди башкаруу системасы болуш керек. Мындай баалоолор бардык тобокелдиктерди, атап айтканда кредиттик жана инвестициялык тобокелдиктерди, валюталык тобокелдикти, топтоо тобокелдигин, тындыруу тобокелдигин, операциялык тобокелдикти, юридикалык тобокелдикти, саясий жана башка тобокелдиктерди камтууга тийиш.
Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүүнүн системасына ээ болушу зарыл. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуу чөйрөсү аныкталып, минималдуу кылынышы жана көз карандысыз байкоого алынышы керек.
Банктын тобокелдиктерин көз карандысыз оперативдүү контролдоо үчүн Банктын директорлор кеңеши тобокелдик-менеджерин дайындайт, ал тобокелдиктерди башкаруу боюнча Банктын саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу болот. Тобокелдик-менеджери Банктын директорлор кеңешине отчет берет.
2. Банкта ички аудитор тарабынан жүргүзүлүүчү ички аудит ишке ашырылышы керек, анын компетенциясына ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле бекитилген кызматтык нускамага ылайык Банктын аткаруучу кызмат адамдары тарабынан киргизилген милдеттерди аткаруунун сапатын, мыйзамдуулуктун сакталышын жана эсеп жүргүзүүнүн адекваттуулугун жана Банктын саясатына ылайык башка маселелерди текшерүү жана баалоо кирет.
Банктын ички аудитору Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат жана отчет берет. Аудит жүргүзүүнүн тартиби жана ага карата талаптар Банктын Директорлор кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат.
24-берене. Банкты кайра уюштуруу же жоюу
1. Банк мыйзамдык актылар менен гана кайра уюштурулушу же жоюлушу мүмкүн.
25-берене. Банктын жоопкерчилиги жана талаш-тартыштарды чечүүнүн
тартиби
1. Банк, анын жетекчилери жана директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн биргелешкен жана чогуу жоопкерчиликти тартат.
2. Бул Мыйзамдын аткарылышы боюнча Банк менен мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын ортосунда пайда болгон бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
3. Бул Мыйзамды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
26-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары - текст боюнча - Мыйзам долбоору) кароого көрсөтүлүүдө. Бул Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы токтому менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруунун зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик банкынын максаттарынын жана милдеттеринин алкагында экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоо боюнча инфраструктураны өнүктүрүү үчүн улуттук жана башка долбоорлорду ишке ашыруу талап кылынат.
Бирок белгиленген милдеттерди аткарууну бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бюджетти толтуруу үчүн жаңы булактарды издөө, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу талап кылынат.
Тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, ар кандай тобокелдиктерге көз каранды болбогон жана кабыл алынган милдеттерди аткаруунун кепилдиги катары чыккан стабилдүүлүктүн көрсөткүчү болуп саналган уюмдарды башкача айтканда Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик банкын (мындан ары - текст боюнча - Банк) түзгөн учурда гана мүмкүн.
Буга байланыштуу Банкта инвестициялардан, мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруудан келип түшкөн каражаттарды, финансылык куралдарды сапаттуу башкаруунун эсебинен жана Банктын анын Уставына ылайык операциялардан келип түшкөн кирешелерден түшкөн каражаттарды топтоштуруу пландаштырылууда.
Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Банктар жана банк иш-аракеттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын зарыл болгон талаптарынан-критерийлеринен, Мыйзам долбоорунун редакциясынын өзүндө аныкталган Банктын кеңири ыйгарым укуктарынан, ошондой эле анда болгон башка артыкчылыктардан айырмаланган башкаруунун инновациялык структурасын иштеп чыгуу керек болгондуктан зарыл.
Бул Мыйзам долбоорунун артыкчылыгы төмөнкү критерийлер болуп саналат:
1. Акционердин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Банктын иш-аракеттерине түздөн-түз контролдошу;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын республиканын экономикасына жыл сайын инвестициялардын көлөмү жагынан Банкты көзөмөлдөшү.
Өнүктүрүү банктары Россия, Казакстан сыяктуу айрыкча өнүккөн экономикасы бар өлкөлөрдө түзүлгөн. Көрсөтүлгөн өлкөлөрдө өнүктүрүү институттарын түзүү каражаттарды координациялоону камсыз кылууга багытталган уюмдардын үлгүсүнүн жана экономиканы өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн интеллектуалдык ресурстарды, атап айтканда мамлекеттин жогорку артыкчылыктагы жана стратегиялык долбоорлорун, жана мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу үчүн интеллектуалдык ресурстардын көрсөткүчү болуп калган.
Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу экономиканын реалдуу секторун финансылык колдоо, экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын каржылоо, экономиканын субъекттерине жеткиликтүү кредиттик ресурстарды берүү, ошондой эле мамлекеттин жогорку артыкчылыктагы максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн туруктуу базага жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Министр |
Т.Сариев
|