Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-майы № 294
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилге кылган Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилге кылган Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-статьясы менен төмөнкүлөр сунушталат:
- Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамынын 7-статьясынын 3-пунктундагы "ижарага берүүчү" деген сөздөрдү "ижарага алуучу" деген сөздөргө алмаштыруу.
Бул долбоор менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жеке жана юридикалык жактарга жерлерди ижарага берүүдө камсыздандыруу төгүмү учурдагы жылга жер салыгынын базалык ченеминин өлчөмүндө белгиленээри жана жерди ижарага алуучу тарабынан төгүүлөрүн белгилөө сунушталат.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамынын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төгүлгөн суммалары эмгектик салымына жараша чарбанын эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт жана ар биринин жеке камсыздандыруу эсебине киргизилет. Ижарага берүүчү төккөн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарага алган жеринде иштеген жарандардын жеке камсыздандыруу эсептерине Социалдык фонд тарабынан киргизилет.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн компетенциясына муниципалдык менчиктеги жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин пайдалануу жана башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү кирет.
2008-жылдын 17-октябрындагы N 230 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 5 жана 7-бөлүктөрүнө ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин кошкондо мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө жер салыгын төлөөчү болуп жер участогун ижарага берүүчү мамлекеттик же муниципалдык пайдалануучу эсептелет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алуучулардан айыл аймактары тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн өз учурунда жана сапаттуу жыйноодо айыл аймактарында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын пайда болуу коркунучу болбосун белгилөө керек.
Каралуучу мыйзам долбоору ижарага берүүчү тарабынан төгүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы ижарага алынган жерде иштөөчү жарандардын жеке камсыздандыруу эсептерине төгүлөөрүн караган колдонулуудагы ченемге каршы келет. Ошондой эле сунушталган мыйзам долбоорунда жер салыгын төлөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ушул сыяктуу ченемди киргизүү каралган эмес.
Берилген мыйзам долбоорун кабыл алуу жерди субижарага алууда ижарага алуучуну аныктоо проблемасы менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качуу коркунучу менен коштолгон. Бул болсо минималдуу пенсиялык камсыздоого, же болбосо каралып жаткан адамдардын категориясы үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү камсыздандырылган адамдардын камсыздандыруу стажын биротоло жоготууга алып келет.
Сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алууда камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону башкаруу начарлашы, ошондой эле ижарага берүүчүнүн, ижарага алуучунун жана субижарага алуучунун өз ара мамилелери аныкталбашы, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби белгиленбеши мүмкүн.
Бул учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгоочу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору норма жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууланууга тийиш экендиги белгиленген.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилге кылган Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.