Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-майы № 299
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна чечимдердин долбоорлорун киргизүү жол-жобосун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 16-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын министринин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 64-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"64. Өкмөттүн кароосуна киргизилген ар бир маселе боюнча төмөнкүлөр берилет:
- Өкмөттүн чечиминин так түзүлгөн долбоору;
- чечимдердин долбоорлоруна коштомо каттын жана макулдашуу баракчаларынын түп нускалары;
- маалымкат-негиздеме, анда ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишилиши же чечилиши мүмкүн болгон максаттар жана милдеттер; кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолдору; коомдук талкуулоо өткөрүлүүгө тийиш болгон учурда анын натыйжасы жөнүндөгү маалыматтар; ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга шайкештигине талдоо; аны каржылоо булактарынын болушу камтылууга тийиш;
- ченемдик укуктук актыларга жана башка чечимдерге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүдө - колдонулуудагы жана сунушталуучу редакцияларга салыштырма таблица;
- чечим долбоорун макулдашууда мамлекеттик органдар берген сунуштарды жана сын-пикирлерди көрсөтүү, аларды чечүү жөнүндө маалыматтар менен таблица;
- ушул Регламентке ылайык башка документтер.
Маалымкатка иштеп чыгуучу болуп эсептелген мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет.
Документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде, "Тimes New Roman" 14 шрифти менен 1 интервалда басылган, маалыматтын электрондук булагындагы текст менен тексти менен бир пакетте берилет (мыйзам долбоорлору тиркелген документтер менен "Тimes New Roman" 12 шрифтинде 1 интервалда басылып берилет).
Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлорунун тексттери фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан парафирленүүгө (ар бир бетине кол коюлууга) тийиш.
Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинкада жазылган он барактан ашкан учурда документтин аркы бетине штамп коюуга жол берилет.";
- 70-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен (мындан ары - Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги);".
- төмөнкү мазмундагы 70-1-пункту менен толукталсын:
"70-1. Жогорку Кеңеш ратификациялоочу же денонсациялоочу эл аралык келишимдин долбоору, ага Президент же Өкмөт кол коердун алдында төмөнкү документтерди тиркөө менен Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринин кароосуна жана макулдашуусуна жиберилет:
- тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;
- келишимдин долбоорунан келип чыгуучу финансылык милдеттенмелер бөлүгүндө Финансы министрлигинин экспертизасын;
- Тышкы иштер министрлигинин корутундусу.";
- 77-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"77. Эгерде актынын долбоорунун демилгечиси тарабынан бардык берилген сын-пикирлер эске алынса, актынын долбоору кайталап макулдашууга берилбейт;";
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кайчы пикирлердин матрицасына кол коюу макулдашуучу органдар тарабынан ушул Регламенттин 73-пунктунда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.";
86, 87 жана 124-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
117-пунктунун экинчи абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөттөгү туруктуу өкүлү" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов
|