Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-майы № 300
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 413-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Сатып алуулар боюнча мамлекеттик агентствонун" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 533-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Сатып алуулар боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик агентствосунун директору" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөп тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндөгү 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиги жоюлганына байланыштуу, сатып алуучу уюмдар тарабынан өткөрүлгөн тендерлердин тууралыгын, ачыктыгын жана өткөрүлгөн конкурстук сатып алуулардын эффективдүүлүгүн координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атайын саясат жүргүзүп келет.
Бир нече жылдардан бери, көптөгөн сатып алуучу уюмдар (кызмат адамдары) сатып алууларды атайын мыйзамда каралган процедураларды бузуулар менен алууда. Бул мыйзам бузуулар административдик мыйзам бузуулар болуп саналат.
Азыркы учурда, прокуратура органдары, финансы полициясы жана башка укук коргоо органдары тарабынан текшерилип мыйзам бузуулары катталып жана ошол мыйзам бузуулар боюнча соттордун жана прокуратуралардын токтомдору келип түшүүдө.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 413 жана 533-беренелеринде, административдик мыйзам бузууларды кароо жана административдик чараларды көрүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиги белгиленгендиктен, бүгүнкү күндө жогоруда айтылган токтомдор аткарылбай келет.
Ушуга байланыштуу, жана өкмөттүн структурасы өзгөрүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине кайра өзгөртүүлөрдү киргизбөө максатында "мамлекеттик сатуу алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген жалпы терминалогиясы сунушталат.
Көтөрүлгөн маселенин маанилүү экенин эске алып, жана атайын мыйзам бузуулардын алдын ала болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү колдоп беришиңерди суранабыз.
Финансы министринин милдетин аткаруучу | М.Темирбеков |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Азыркы редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│413-статья. Товарларды, иштерди │413-статья. Товарларды, иштерди │
│ жана кызмат │ жана кызмат │
│ көрсөтүүлөрдү │ көрсөтүүлөрдү │
│ мамлекеттик сатып │ мамлекеттик сатып │
│ алуулар жөнүндө │ алуулар жөнүндө │
│ мыйзамдарды бузуу │ мыйзамдарды бузуу │
│ │ │
│Товарларды, иштерди жана кызмат │Товарларды, иштерди жана кызмат │
│көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып │көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып │
│алуулар жагынан мыйзамдарды бузуу-│алуулар жагынан мыйзамдарды бузуу-│
│кызмат адамдарына эсептешүү │кызмат адамдарына эсептешүү │
│көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүнө │көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүнө │
│чейин администрациялык айып │чейин администрациялык айып │
│салууга алып келет. │салууга алып келет. │
│Мамлекеттик каражаттарды │Мамлекеттик каражаттарды │
│пайдалануу менен сатып алуулар │пайдалануу менен сатып алуулар │
│жагынан [Кыргыз Республикасынын │жагынан │
│Өкмөтүнүн алдындагы Сатып-алуулар │МАМЛЕКЕТТИК САТУУ АЛУУЛАР БОЮНЧА │
│боюнча мамлекеттик агентствонун] │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│чечимдерин ишканалардын, уюмдардын│ОРГАНЫН чечимдерин ишканалардын, │
│жана мекемелердин аткарбоосу - │уюмдардын жана мекемелердин │
│кызмат адамдарына эсептешүү │аткарбоосу - │
│көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүнө чейин │кызмат адамдарына эсептешүү │
│администрациялык айып салууга │көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүнө чейин │
│алып келет. │администрациялык айып салууга │
│ │алып келет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│533-статья. Товарларды мамлекеттик│533-статья. Товарларды мамлекеттик│
│ сатып алуу, жумуштар │ сатып алуу, жумуштар │
│ жана кызмат │ жана кызмат │
│ көрсөтүүлөр жөнүндө │ көрсөтүүлөр жөнүндө │
│ мыйзамдардын │ мыйзамдардын │
│ сакталышына │ сакталышына │
│ контролдукту жүзөгө │ контролдукту жүзөгө │
│ ашыруучу орган │ ашыруучу орган │
│ │ │
│[Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │МАМЛЕКЕТТИК САТУУ АЛУУЛАР БОЮНЧА │
│алдындагы Сатып алуулар боюнча │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│мамлекеттик агентство] ушул │ОРГАНЫ ушул Кодекстин │
│Кодекстин 413-статьясында каралган│413-статьясында каралган │
│администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштерди карайт. │жөнүндөгү иштерди карайт. │
│Администрациялык укук бузуулар │Администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштерди кароого жана │жөнүндөгү иштерди кароого жана │
│администрациялык жаза чарасын │администрациялык жаза чарасын │
│көрүүгө [Кыргыз Республикасынын │көрүүгө Кыргыз Республикасынын │
│Мамлекеттик агентствосунун │МАМЛЕКЕТТИК САТУУ АЛУУЛАР БОЮНЧА │
│директору] жана анын орун │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│басарлары укуктуу. │ОРГАНДЫН ТӨРАГАСЫ жана анын орун │
│ │басарлары укуктуу. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Финансы министринин милдетин аткаруучу | М.Темирбеков |