Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-майы № 302
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармагына түз инвестицияларды тартуу, мамлекеттик менчиктеги активдердин инвестициялык кызыктыруучулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын 75 (жетимиш беш) пайызын түзгөн 750 (жети жүз элүү) жөнөкөй энчилүү акцияларын аукционго койсун.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын 75 (жетимиш беш) пайызын түзгөн 750 (жети жүз элүү) жөнөкөй энчилүү акцияларынын базардык наркын баалоону камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|