Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-майы № 305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Суу боюнча улуттук кеңештин курамы бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору.