Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 328
"Коррупциянын же салыктарды жашыруунун мүмкүн болгон фактылары жөнүндө билдирген адамдар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Коррупциянын же салыктарды жашыруунун мүмкүн болгон фактылары жөнүндө билдирген адамдар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
Долбоор |
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мамлекетке материалдык зыян алып келген коррупциянын фактысы же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамдын кайрылуусун кароо тартибин, ошондой эле ушул адамга мамлекет тарабынан акчалай сыйакы төлөп берүү тартибин карайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адам - аткаруу бийлигинин органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка уюмдарда эмгектенген же түздөн-түз байланышта болгон жеке адам (бир нече адам), ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери.
2. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арыз мамлекеттик каражаттарды уурдоо же мамлекеттин бюджетине каражаттардын толук түшпөгөндүгүнүн фактысы жөнүндө же салыктарды жашыруу жөнүндө маалымат камтылган билдирүү.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - прокуратура органдары. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арыз ушул органдарга берилет.
3-берене. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамдын укуктары
1. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арыз жазган адам ушул туурасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө укуктуу.
2. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адам ушундай фактынын табылгандыгы жөнүндө кимдир-бирөөгө айтууга жана ал туурасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн кабарлоо ниети жөнүндө билдирүүгө милдеттүү эмес.
4-берене. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арызды берүү тартиби
Адамдын коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө арызы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) аты-жөнү;
2) туулган жылы;
3) дареги жана телефон номуру;
4) иштеген (окуган) жери жана ээлеген кызматы (болсо);
5) арыз ээсинин пикири боюнча коррупция же салыктарды жашыруу фактысын жасаган адамдын аты-жөнү;
6) арыз ээсинин пикири боюнча коррупция же салыкты жашыруу фактысын жасаган адамдын иштеген жери жана ээлеген кызматы;
7) коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жасалгандыгы жөнүндө күбөлөгөн, анын ичинде журналисттик териштирүүнүн жүрүшүндө алынган, орун алган коррупциялык схемаларды баяндоо камтылган жана иши мамлекетке зыян келтирген мыйзамсыз материалдык пайда алууну көздөп алдын-ала келишип алып аракеттенген дешке жетиштүү негиз берген адамдар көрсөтүлгөн тиешелүү материалдар берилүү менен маалыматтардын кеңири баяны.
5-берене. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамды мамлекеттик коргоо
1. Күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка кылмыш-жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактылары жөнүндө билдирген адамга мамлекеттик коргоо, ошондой эле өзү жөнүндө маалыматты таркаттырбоо укугу берилет.
2. Адам коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысын билдиргендиги үчүн өзү эмгектенген же башка иш жүргүзгөн органдын жетекчилиги тарабынан куугунтукталышына, ага тете эле укуктары жана эркиндиктери бузулушуна же чектелишине жол берилбейт.
6-берене. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамга сыйакы
1. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы ырасталган учурда ордуна коюлган сумманын 20 пайызы ушул факт жөнүндө билдирген адамга төлөнүп берилет.
Эгерде коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы бир канча адамдардын арызынын негизинде ырасталса, анда жогоруда көрсөтүлгөн сумма ушул адамдар ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүлөт.
2. Коррупциянын жана салыктарды жашыруунун фактылары боюнча соттун чечиминин негизинде мамлекеттин бюджетине кайтарыла турган акча каражаттары финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга которулат.
3. Финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул сумманы алган учурда анын 80 пайызын мамлекеттин бюджетине которууга, ал эми 20 пайызын бир айдын ичинде коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамга төлөп берүүгө милдеттүү.
7-берене. Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билдирген адамдын жоопкерчилиги
Коррупциянын же салыктарды жашыруунун фактысы жөнүндө билип туруп атайылап жалган арыз жазган адам мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
8-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
2. Өкмөт үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Мыйзамдын ушул долбоору Юстиция министрлиги тарабынан Өкмөттүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги отурумунун N 9 протоколунун 1-пунктун жүзөгө ашыруу максатында даярдалган.
Көрсөтүлгөн пункт аркылуу коррупциянын фактысын аныктаган жана билдирген адамдарды сыйлоого багытталган Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган.
Ушул долбоордун алкагында мамлекеттик бюджеттен каржыланган түзүмдөр жана башка уюмдар менен түздөн-түз байланыш түзгөн же аларда эмгектенген жеке адамдардын алар тарабынан аныкталган коррупциянын жана салыктарды жашыруунун фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүү мүмкүнчүлүгү бекитилүүдө.
Ошол эле мезгилде ушундай адамга мамлекеттик коргоо жана аты-жөнүн билдирбөө кепилденет.
Ошондой эле коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө айтканда, ушул долбоор анын мамлекетке материалдык зыян алып келген бөлүгүн гана камтыйт.
Мындан тышкары коррупциянын жана салыкты жашыруунун фактысы жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу органга ушул туурасында өзү иштеген органдын жетекчилигин кабардар кылуу милдеттендирилбестен берүү мүмкүнчүлүгү аныкталууда, бул ушундай фактынын тиешелүү органга тоскоолдуксуз билдирилишин камсыз кылат.
Ошондой эле журналисттик териштирүүнүн натыйжасында ырасталган коррупция фактылары жөнүндө арызга өзүнчө басым жасалууда, бул коррупцияны коомдук айыптоону жана ушундай мыйзам бузууларды чагылдырууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө алып келмекчи.
Мындан тышкары эч кандай фактылар менен ырасталбаган арыздарга жол бербөө максатында мыйзам долбоору аркылуу баяндалган маалыматтарды ушул фактынын алкагында андан ары текшерүү үчүн майда-чүйдөсүнө чейин берүүнүн милдеттүүлүгү көрсөтүлүүдө, ал эми билип туруп атайы жалган маалымат билдиргени үчүн мыйзамдарда көрсөтүлгөн жоопкерчилик каралууда.
Ошондой эле билдирген коррупциянын жана салыктарды жашыруунун фактылары кийин аныкталса аны билдиргени үчүн бюджетке келип түшкөн каражаттардын 20 пайызы өлчөмүндө акчалай сыйакы төлөө каралууда, ал жарандар үчүн ушундай фактыларды аныктоого жана бөгөт коюуга дем-түрткү болмокчу.
Ушул механизм жарандарга өз кадамынын кандайдыр-бир кесепеттеринен чочулабастан, укук бузуунун ушул татаал түрүнүн тамырын кыркууга өз салымын кошуусуна мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун 7-беренеси аркылуу эгерде коррупциянын жана салыктарды жашыруунун фактысы сот тарабынан аныкталган болсо, ушул факт жөнүндө билдирген адамга сыйакы төлөп берүү тартиби аныкталган.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз.
Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз.
Ошондой эле, ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын билдиребиз.
Ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы коррупция фактысы ырасталган учурда аны билдирген адамга тиешелүү сыйакыга берүү үчүн эсептелген, мурда уурдалып, кийин бюджетке кайтарылган акча каражаттарынын 20 пайызын эске албаганда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарына алып келбейт.
Министр | А.Шыкмаматов
|