Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 156 токтому менен бекитилген
Ойлоп табууга өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана ал жөнүндө маалымат берүүнүн ТАРТИБИ
Ойлоп табууга өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана ал жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты.
1. Маалыматтык издөөнүн максаты болуп, өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына - жаңылыгына жана ойлоп табуучулук деңгээлине ылайыктуулугун аныктоо үчүн пайдаланылган техникалык деңгээлди табуу эсептелет.
2. Маалыматтык издөө маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнмө эсинин же үчүнчү жактын өтүнүч каты боюнча жүргүзүлөт.
Өтүнмө ээси жана үчүнчү жактар пайдалуу моделге өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүү тууралуу өтүнүч кат берүүгө укуктуу, аны жүргүзүүдө ушул Тартиптин жоболору пайдаланылат.
Алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат менен кошо берилет.
3. Ойлоп табууга өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүдө техникалык деңгээл ойлоп табуунун артыкчылык датасына чейин дүйнөдө жалпыга маалым болуп калган кайсы болбосун маалыматты камтыйт.
Пайдалуу моделге өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүдө техника деңгээли Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган маалыматтарды камтыйт.
Техника деңгээлин аныктоодо жалпыга жеткиликтүү маалыматтар деп, булакта камтылган, кайсы жак болбосун өзү тааныша ала турган, же ага анын мазмуну боюнча кабарландырылуучу маалыматтар эсептелет.
Техника деңгээлине маалымат булагын киргизүүнү аныктоочу дата болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:
- коргоо документтерине жарыяланган сыпаттамалар үчүн - аларга көрсөтүлгөн жарыялоо датасы;
- басылмалар үчүн - аларда көрсөтүлгөн басууга кол коюлган дата;
- басууга кол коюлган датасы көрсөтүлбөгөн басылмалар үчүн - аларды жарыкка чыгаруу датасы, ал эми аны аныктоо мүмкүндүгү жок болгондо айдын акыркы күнү же басылмада көрсөтүлгөн жылдын 31-декабры, эгерде жарыкка чыгаруу убактысы айларга жана жылдарга гана ылайык аныкталса;
- макалалардын, баяндамалардын, монографиялардын жана башка материалдардын депонирленген кол жазмалары үчүн - алардын депонирленген датасы;
- илимий-изилдөө иштери, илимий-техникалык маалымат органдарында турган тажрыйбалык-конструктордук иштерге жана башка конструктордук, технологиялык жана долбоордук документтерге түшүндүрмө жазуулар жөнүндө отчеттор үчүн - алардын ушул органдарга келип түшкөн датасы;
- ченемдик-техникалык документтер үчүн - буга ыйгарым укуктуу органда анын катталган датасы;
- кол жазма укугунда чыгарылган диссертациялардын материалдары жана диссертациялардын авторефераттары үчүн - алар китепканага келип түшкөн дата;
- сынакка кабыл алынган иштер үчүн - сынак өткөрүүгө тиешелүү аныкталган документтерди тааныштыруу үчүн аларды эсептөө датасы;
- карап көрүп кабылдануучу маалымат булактары үчүн (плакаттар, моделдер, буюмдар ж.б.) - аларды карап көрүү мүмкүн болуп калгандыгын документ түрүндө ырастоочу дата;
- көргөзмөгө коюлган экспонаттар үчүн - алардын көрсөтүлүп баштагандыгын документтүү ырастоочу дата;
- оозеки баяндамалар, дарстар, чыгып сүйлөөлөр үчүн - эгерде алар үн жазуу аппаратурасында, же тиешелүү иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелери боюнча белгиленген тартипте стенографиялык түрдө жазылса, баяндама, дарстар, чыгып сүйлөөлөрдүн датасы;
- радио, телевидение боюнча кабарлоолор үчүн - эгерде ал көрсөтүлгөн датага карата белгиленген тартипте аракеттенүүчү тиешелүү маалыматтык сактагычта чагылдырылган болсо, ушундай кабарлоонун датасы;
- аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон техникалык каражат жөнүндө маалыматтар үчүн - ушул маалыматтар жалпыга маалымдалгандыгын документтик ырастоочу дата;
- электрондук түрдө - Интернет, Интернет тармагынан айырмалуу он-лайн кирүү мүмкүндүгү, CD жана DVD-ROM дисктери аркылуу алынган маалыматтар үчүн - эгерде ал аларда коюлган болсо, көрсөтүлгөн электрондук чөйрөнүн жардамы менен кирүүгө мүмкүн болгон документтерди жарыялоо датасы, же эгерде бул дата жок болсо - ал документтүү ырасталган шартта ушул электрондук чөйрөгө маалыматтар жайгаштырылган дата.
4. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыгын текшерүү максаттары үчүн маалыматтык издөө жүргүзүүдө кошумча төмөндөгүлөрдү камтуучу маалыматтар эске алынат:
- Кыргыз Республикасында патенттелген, б.а. маалыматтык издөө жүргүзүлүп жаткан, ойлоп табууга патент алууга өтүнмөнүн (мындан ары өтүнмө) артыкчылык датасына ал жөнүндө маалыматтар жарыялангандыгына карабастан тиешелүү Мамлекеттик реестрлерде катталган ойлоп табуулар же пайдалуу моделдер, ошондой эле аларга евразиялык патент алынган ойлоп табуулар;
- алар үчүн төмөндөгү шарттар сакталган, артыкчылыктын кыйла мурдагы датасындагы ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр:
- өтүнмө Кыргыз Республикасында берилген;
- өтүнмө башка жак, б.а. башка өтүнмө ээси тарабынан берилген;
- өтүнмө кайра алынган эмес же кайра алынды деп табылган эмес.
5. Маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактардын өтүнүч каты боюнча маалыматтык издөөнү көрсөтүлгөн жолдомо келип түшкөн күндөн тартып сегиз айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - Кыргызпатент) жүргүзөт.
6. Маалыматтык издөө сыпаттамалар менен чиймелерди (эгерде алар бар болсо), ошондой эле ойлоп табуунун формуласына киргизилүүгө жол берилүүгө мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, ойлоп табуунун формуласынын негизинде жүргүзүлөт.
Маалыматтык издөөнүн жүрүшүндө өтүнмөнүн документтеринин оңдоолору, тактоолору жана өзгөртүүлөрү эске алынат, эгерде алар өтүнмө ээси тарабынан маалыматтык издөө жүргүзүүнүн башталышына чейин белгиленген тартипте киргизилген болсо.
Эгерде маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн датага өтүнмө ээси эки айдын ичинде бирдиктүүлүк талаптарынын бузулушу жөнүндө кабарлоого жооп бербесе, биринчи формулада(ларда) көрсөтүлгөн (дөр) ойлоп табуу боюнча (бирдиктүү ойлоп табуучулук ойлорду жаратуучу ойлоп табуулардын тобуна) маалыматтык издөө жүргүзүлөт.
7. Маалыматтык издөө төмөндөгү этаптардан турат:
- өтүнмөнүн материалдарын изилдөө;
- маалыматтык издөөнүн регламентин иштеп чыгуу;
- өтүнмө берилген техникалык чечимдин окшошторун издөө жана тандап алуу;
- жүргүзүлгөн издөө жөнүндө отчет түзүү.
8. Маалыматтык издөө ойлоп табууга өтүнмөдө көрсөтүлгөн ойлоп табуунун формуласынын сыпаттамасын жана башка материалдарды изилдөөдөн башталууга тийиш.
Эгерде өтүнмөнү изилдөөнүн натыйжасында анын Мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөндүгү, ойлоп табуунун мазмуну толук өлчөмдө экени аныкталса, маалыматтык издөөдө негизи катары кабыл алынган ойлоп табуунун формуласын тастыктоо ишке ашырылат.
9. Издөөнүн регламенти маалыматтык издөөнүн милдеттерине ылайык иштелип чыгат жана патенттик жана патенттик эмес адабияттардын фондулары боюнча издөө жүргүзүүнүн чөйрөсүн аныктоочу программа болуп эсептелет.
Издөө чөйрөсүн аныктоо үчүн издөө предметин түзүү, издөө өлкөсүнүн ретроспективасын аныктоо, алар боюнча издөө жана классификациялык рубрикаларды жүргүзүү, Ойлоп табуулардын эл аралык патенттик классификациясынын (мындан ары - ЭПК) издөөнүн көлөмүн аныктоо талап кылынат.
1) Издөө предметин аныктоо.
Издөө жүргүзүүнүн алдында өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын так аныктоо жана билдирилген ойлоп табуунун окшошторун табуу максатында издөө кайсы техникалык объектилерге багытталуу керектигин түшүнүү маанилүү.
Издөө предмети сыпаттама менен чиймени (эгерде алар бар болсо) керектүү деңгээлде эске алуу менен, ошондой эле белгиленген тартипте киргизилген формуланын өзгөртүүлөрүн эске алуу менен ойлоп табуунун формуласынын негизинде аныкталат.
Издөө предметин аныктоодо ойлоп табуунун формуласынын айырмалоочу бөлүгүн гана эмес, чектөөчү бөлүгүн дагы, б.а. өтүнмө ээси жаңы деп эсептегенди гана эмес, бүтүндөй техникалык чечимди дагы көңүлгө алуу керек.
Издөө предмети ойлоп табуунун формуласында жана сыпаттамасында камтылган бүтүндөй объектини, ошондой эле функционалдык өз алдынча элемент катары каралуусу мүмкүн болгон анын айырмалоочу ошол белгилерин камтууга тийиш. Ойлоп табуунун объектисинин айырмалоочу белгилери болуп эсептелген функционалдык өз алдынча элементтер өзүнчө издөө предметине бөлүнөт жана алар үчүн издөө өз алдынча объект үчүн да же алар кайсы аталыштагы объектилерде колдонгондугуна тиешесиз белгилүү объектилердин бөлүктөрү катары да издөө жүргүзүлөт.
Ошентип, эгерде өтүнмө берилген объект - түзүлүш болсо, анда издөө предметтери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- бүтүндөй түзүлүш (жалпы компоновка, принциптүү схема);
- түзүлүштүн иштөө принциби (ыкмасы);
- түйүндөр жана бөлүктөр:
- түзүлүштүн кээ бир элементтерин даярдоо үчүн пайдаланылган материалдар (заттар);
- түзүлүштү даярдоо технологиясы;
- мүмкүн болгон колдонуулар тармагы.
Эгерде өтүнмө берилген объект болуп ыкма (технологиялык процесс) эсептелсе, анда издөө предмети төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- ыкма же бүтүндөй технологиялык процесс;
- анын этаптары;
- баштапкы продуктулар;
- ортодогу продуктулар жана аларды алуу ыкмалары;
- акыркы продуктулар жана аларды колдонуу ыкмалары;
- анын негизинде берилген ыкма жүзөгө ашырылуучу жабдуулар.
Эгерде өтүнмө берилген объект болуп зат эсептелсе, анда издөө предмети төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- заттын өчү (анын сапаттык жана сандык курамы);
- затты алуунун ыкмасы;
- баштапкы материалдар;
- мүмкүн болгон колдонуу тармагы.
Издөө предметин аныктоодо өтүнмөдө чындыгында ойлоп табуулардын канча объектиси (бир же бир нече) сыпатталгандыгын белгилөө, ошондой эле бул объектилерди ар түрдүү көз караштарда (конструктивдик өзгөчөлүктөрүнүн, курамынын, аткарган милдетинин, арналышынын, жетишилген натыйжасынын көз карашында) карап чыгуу маанилүү.
Издөө предметине демейде ушул тармакта бардык же эгерде алар өтүнмөдө өз алдынча түрдө сыпатталган болсо дагы, анын кээ бир белгилерине карата билдирилген ойлоп табуунун объектиси эквиваленттүү болуп эсептелген объектилер кирет.
Издөө предметин аныктоодо ойлоп табуунун билдирилген формуласынын бардык пункттары, анын ичинде көз каранды пункттар көңүлгө алынууга тийиш, өзгөчө эгерде алар ойлоп табууга жаңы маанилүү белгилерди кошсо.
ЭПК боюнча системага салынган патенттик документтердин фондунда издөө предметин аныктоо үчүн, издөө предметин камтуучу классификациялык рубрикалар тандалып алынат. Биринчи кезекте издөө предмети өтүнмө берилген чечимдин предметине түздөн-түз тиешеси бар рубрикаларды (эреже катары, бир-эки рубрика) камтыйт. Кээде издөө предметин толук аныктоо үчүн бир рубрика жетишсиздик кылат. Ал классификация системасынын өзгөчөлүгүн көңүлгө алуу менен аныктоого мүмкүн болгон чектеш рубрикаларды камтууга тийиш. Андан тышкары, издөө предметине жараша кошумча рубрикалар боюнча издөө жүргүзүү зарылдыгы пайда болуусу мүмкүн. Ар бир конкреттүү учурда негизги, чектеш же кошумча тармакты эсептөө керектиги жөнүндө маселе, өтүнмөдө көрсөтүлгөн ойлоп табуунун максаттарынан гана эмес, милдеттеринен же билдирилген өтүнмөнүн колдонулуу тармагынан да келип чыгуу аркылуу каралат. Издөө предмети аны жүргүзүүгө чейин аныкталат жана алынган натыйжаларга жараша такталышы мүмкүн.
Издөө предмети издөө жүргүзүүнүн регламентинин 1-графасына киргизилет (1-тиркеме).
Мында өтүнмө берилген объект бөлүштүрүлүү менен курамдык элементтерге киргизилет. Мындай элементтер, мисалы, түзүлүштүн түйүнү же деталы, ыкманын операциясы, материал болушу мүмкүн.
2) Издөөнүн өлкөлөрүн аныктоо.
Маалымат издөөнүн өлкөсүн тандоо маалыматтык издөөнүн маселелери менен аныкталат.
Болжолдонгон ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн баалоодо издөө эң аз дегенде төмөндөгү өлкөлөрдүн жана ведомстволордун патенттик документтери боюнча жүргүзүлөт: Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, мурдагы СССРдин, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Франциянын, Япониянын, Швейцариянын, Евразия патенттик уюмунун, Европалык патенттик ведомствонун жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун. Издөө өлкөсү катары техниканын берилген тармагында алдыңкы орундарды ээлеген өлкөлөр тандалып алынат.
Издөө өлкөлөрүнүн тизмеси издөө жүргүзүү регламентинин 2-графасында келтирилет (1-тиркеме).
3) Өлкөнү издөөнүн ретроспективдүүлүгү.
Патенттик издөө билдирилген чечимдин техникалык мүнөзүн эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы элүү жылдан ашык эмес ретроспективдүү материалдардын арасында жүзөгө ашырылат.
Техниканын жаңы областтары үчүн издөөнүн ретроспективдүүлүгү
берилген тематика боюнча биринчи маалыматтар жарыяланган убакыт боюнча аныкталат.
Издөөнүн ретроспективдүүлүгү издөө регламентинин 5-графасында чагылдырылат (1-тиркеме).
4) Классификациялык рубрикаларды аныктоо.
Издөө тармагын мүнөздөө үчүн патенттик жана патенттик эмес маалыматтар (фондунда ЭПК пайдаланылат.
Классификациялык рубрикаларды аныктоодо төмөндөгү факторлор эсепке алынат:
- издөөнүн ретроспективдүүлүгүнө барабар болгон колдонулуп жаткан жана бүтүндөй мезгил ичинде издөө өлкөсүндө колдонулуп келген редакцияга ылайык келүүчү классификация системасы (ЭПК);
- классификациянын ар түрдүү системаларында ойлоп табуулардын классификация системасын жана ойлоп табууларды индекстештирүү эрежелерин түзүү принциби;
- ойлоп табуулардын ар түрдүү классификацияларынын динамикалуулугу.
Табылган классификациялык индекстер издөө регламентине киргизилет (1-тиркеме), анда 4-графада маалыматтын патенттик жана патенттик эмес булактары боюнча издөө үчүн пайдаланылуучу ЭПК рубрикалары көрсөтүлөт.
5) Издөөнүн көлөмү.
Кыргызпатент төмөндөгүлөрдү камтыган көлөмдө маалыматтык издөө жүргүзөт.
- Кыргыз Республикасынын расмий бюллетендери;
- Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларынын жана пайдалуу моделдеринин сыпаттамалары;
- алардын материалдары менен үчүнчү жактарды тааныштыруу үчүн жеткиликтүү болгон, Кыргыз Республикасында берилген ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр;
- башка жактар тарабынан Кыргыз Республикасында берилген, кыйла мурдараак артыкчылык датасы бар ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге кайра сурап алынбаган өтүнмөлөр;
- жарыяланган евразиялык өтүнмөлөр жана патенттер;
- Россия Федерациясынын, мурдагы СССРдин, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Франциянын, Япониянын, Швейцариянын, Евразия патенттик уюмунун, Европалык патенттик ведомствонун жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун патенттик документтери;
- беш жылдан кем эмес ретроспективадагы, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросу тарабынан жарыяланган тизме боюнча патенттик эмес адабияттар.
Издөө регламентинин 3-графасында (1-тиркеме) алар боюнча издөө жүргүзүлө турган патенттик жана патенттик эмес адабияттардын аталыштары көрсөтүлөт.
10. Билдирилген ойлоп табуунун аналогун издөө патенттик жана патенттик эмес адабияттар боюнча регламентке ылайык жүргүзүлөт.
Ойлоп табуулардын аналогдору болуп техникалык чечимдер - техникалык маңызы жана пайдаланууда жетишилген натыйжасы боюнча ойлоп табуунун объектилерине окшош болгон ошол эле арналыштагы объектилер эсептелет. Маселенин кайсы болбосун техникалык чечими, тиешелүү белгилери менен мүнөздөлүүчү объектинин бөлүктөрүн түзүүчү жөнөкөй техникалык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелет. Бир арналыштын объектилери техникалык маңызы боюнча айырмаланышы мүмкүн, муну менен объектинин техникалык маңызы иштетилүүдөгү предметке принциптердин, иштердин, аракеттердин, ыкмалардын таасирине көз каранды жана коюлган маселени чечүү үчүн пайдаланылуучу техникалык каражаттардын ошол жыйындысы менен аныкталат.
Издөөнүн башталышында эксперт ар кандай классификациялык индекстерге ылайык келүүчү маалымат массивдерине кайрылуу тартибин белгилеп алууга жана аналогдорду табуу мүмкүндүгү кыйла жогору болгон рубрикаларга артыкчылык берүүгө тийиш.
Издөө негизги классификациялык рубрикадан башталат. Биринчи кезекте издөө тармагы бүтүндөй билдирилген объектиге тиешелүү маалымат массивдерин, б.а. бардык релеванттык техникалык тармактарды камтууга тийиш. Андан ары классификациянын чектеш рубрикалары менен аныктала турган маалыматтар массиви иштелип чыгат. Кошумча жана айкалышуучу рубрикаларга, ошондой эле объектинин функционалдык өз алдынча элементтерине туура келүүчү классификациялык рубрикаларга кайрылуу зарылдыгын, ошондой эле аларды карап чыгуу тартибин эксперт издөө объектисин талдоонун жыйынтыктары боюнча жана жүргүзүлгөн издөөнүн натыйжаларын эске алуу менен, ар бир конкреттүү учурда өзүнчө аныктайт. Аналогдор табылганда башка классификациялык рубрикаларга шилтеме берүү менен издөө тармагы корректировкаланат.
Ылайыктуу техникалык деңгээл өтүнмө ээсинин ойлоп табуучулук идея жана умтулуу көз карашынан алганда маанилүү болгон билдирген ойлоп табуунун ар бир техникалык аспектисине карата ачылып берилүүгө тийиш. Издөө жүргүзүлүп жаткан формуланын ар бир пунктуна жок дегенде бир документ карама-каршы коюлат, муну менен бир документ бир эле учурда ойлоп табуунун формуласынын бир нече пунктуна таандык болушу мүмкүн. Ошондуктан формуланын ар бир көз карандысыз пунктуна карата жок дегенде бир документ цитата катары алынышы керек. Табылган аналогдордун саны техниканын колдонулуп жаткан деңгээли жөнүндө кыйла толук жана мазмундуу маалыматын көрсөтүү шартынан аныкталууга тийиш. Муну менен табылган документтерди кайталоодон качуу керек.
Издөө предметине табылган шилтеме берилген документтердин тиешелүүлүгү, шилтеме берилген документтин астында коюлуучу латын тамгасы менен белгиленет. Бул релеванттуулук категориясынын белгиси.
Эгерде издөө процессинде техника деңгээлинде издөө жүргүзүлүп жаткан ойлоп табуунун бардык белгилерине окшош белгилер менен мүнөздөлүүчү ошол эле арналыштагы каражаттар табылса, маалыматтык изилдөө токтотулбастан толук көлөмдө улантылат. Аналогдорду издөө процессинде табылгандардын саны маалыматты даана кайталабаган жана керексиз кайталоолорсуз маңыздуу техникалык деңгээл жөнүндөгү кыйла толук жана мазмундуу маалыматтын шарттарынан келип чыгуу менен аныкталууга тийиш.
Маалыматтык издөө маалыматтардын бардык булактары талданып чыкканда, же бүтүндөй объектиге гана эмес, анын бардык айырмалоочу белгилерине карата дагы жаңылыктын жана ойлоп табуучулук деңгээлдин жоктугун көрсөтүүчү документтер табылганда аяктайт.
Издөө аяктагандан кийин табылган документтердин ичинен издөө жөнүндө отчетто эскертилүүгө тийиш болгон документтер тандалып алынат. Отчетко дайыма релеванттык документтер киргизилүүгө тийиш.
11. Маалыматтык издөө аяктагандан кийин отчет түзүлөт (2-тиркеме).
Отчетко өтүнмөнү бирдейлештирүүчү формалдуу маалыматтардан тышкары, берилген өтүнмө боюнча издөө жүргүзүүдөгү эксперттин аракеттери жөнүндө кеңири маалыматтар киргизилет.
Издөө жөнүндө отчеттун 2-графасында ойлоп табуунун объектиси үчүн негизги жана кошумча классификациялык рубрикалар жана эксперт тарабынан тандалып алынган издөө тармагын мүнөздөөчү классификациялык рубрикалар көрсөтүлөт.
Отчетко ойлоп табуунун биримдүүлүк талаптарынын сакталышы же сакталбашы жөнүндө маалыматтар киргизилет (3-графа). Бул боюнча зарыл болгон текстик түшүнүдүрүүлөр "Эскертүүлөр" деген 8-графада берилет.
Отчеттун 4-графасында билдирилген ойлоп табуунун формуласына карата ылайыктуу маалыматтар чагылдырылат: издөөдө ойлоп табуунун формуласынын бардык пункттары, формуланын белгилүү бир пункттары гана (кайсылар экендиги көрсөтүлөт), ойлоп табуунун формуласынын өзгөртүүлөрү эске алынгандыгы. Керектүү түшүндүрүүлөр "Эскертүүлөрдүн" 8-графасында келтирилди.
5-графада өткөрүлгөн издөөнүн ретроспективдүүлүгүн көрсөтүү менен издөө жүргүзүлгөн патенттик документтерди чыгаруучу же каттоону ишке ашыруучу өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын эки тамгадан турган коддору келтирилет.
"Маалымат булактарынын пайдаланылган түрлөрү" деген 6-графада издөө процессинде каралып чыккан маалымат булактары көрсөтүлөт.
7-графада издөө предметине тиешелүү табылган документтерге шилтемелер келтирилет. Аталган графада шилтеме берилүүчү документтин категориясы (б.а. издөө предметине анын релеванттуулук даражасы); шилтеме берилген табылган документтердин аталыштары (издөө предметине таандык болгон бөлүктөрдү зарыл болгон жерлерде көрсөтүү менен), ошондой эле формулалар жана алар таандык болгон формуланын ошол пункту(тары) көрсөтүлөт.
Эгерде шилтеме берилген документ ойлоп табуунун формуласынын бардык пункттарына таандык болбосо, тиешелүү графада берилген документ аларга карата цитаталанган пункттар көрсөтүлөт. Эгерде издөө предметине шилтеме берилүүчү документтен айрым гана үзүндүлөр таандык болсо, бул документти бирдейлештирүүдө ушул үзүндүлөрдү камтыган барактын номери, колонкалар, абзацтар же саптар көрсөтүлөт.
Патенттик документтер үчүн коргоо документинин номери жана түрү, жарыяланган өлкөсү жана датасы, ал эми ата мекендик өтүнмөлөр үчүн ошондой эле - артыкчылык датасы көрсөтүлөт. Патенттик эмес адабияттар үчүн маалымат булагынын аталышы (мезгилдүү басылмалар үчүн - аталышы жана номери), автор жөнүндө маалымат, басма жана чыгарылган жылы, беттери, абзацтары, цитаталанган материалдардын саптары келтирилет.
Отчетко аты-жөнүн жазуу менен эксперт кол коет. Отчетто маалыматтык издөө жөнүндө аткарылган отчеттун көлөмү (барактар менен) белгиленет, издөө аяктаган дата көрсөтүлөт.
| Ойлоп табууга өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана ал жөнүндө маалымат берүүнүн тартибине карата 1-тиркеме |
Издөө регламенти
Ойлоп табуунун аталышы:___________________________________________
Өтүнмөнүн номери:_________________________________________________
Маалыматты издөөнүн максаты:______________________________________
Издөөнүн башталышы:_______________________________________________
Издөөнүн бүтүшү:__________________________________________________
┌────────┬─────────┬───────────────────────┬────────────┬─────────────┐
│ Издөө │ Издөө │Издөө жүргүзүлө турган │ Издөөнүн │ Маалыматтык │
│предмети│жүргүзүлө│ маалымат булактары │ ретроспек- │ базанын │
│ │ турган ├───────────┬───────────┤ тивдүүлүгү │ аталышы │
│ │ өлкөлөр │ аталышы │ рубрикалар│ │ │
│ │ │ │ ЭПК │ │ │
├────────┼─────────┼───────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
├────────┼─────────┼───────────┼───────────┼────────────┼─────────────┤
│ │ │Патенттик: │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │
│ │ │Патенттик │ │ │ │
│ │ │эмес: │ │ │ │
└────────┴─────────┴───────────┴───────────┴────────────┴─────────────┘
| Ойлоп табууга өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана ал жөнүндө маалымат берүүнүн тартибине карата 2-тиркеме |
Интеллектуалдык менчик
жаатындагы ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган (Кыргызпатент)
Издөө жөнүндө отчет
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│1. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге өтүнмөлөрдү бирдейлештирүү │
├─────────────────┬────────────────┬─────────────┬────────────────────┤
│ Каттоо номери │ Кирүү номери │ Берилген │ Артыкчылыктын эң │
│ │ │ датасы │ баштапкы датасы │
├─────────────────┴────────────────┴─────────────┴────────────────────┤
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин аталышы: │
│ ┌─┐ │
│ └─┘ Кандай көрсөтүлгөнү │
│ ┌─┐ │
│ └─┘ Өтүнмө ээси тарабынан такталганы │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│Өтүнмө ээси: │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин объектисинин классификациясы │
│(ЭНКнын колдонулуудагы жаткан редакциясынын негизги жана кошумча │
│рубрикалары (7): │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│3. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин биримдиги │
│┌─┐ ┌─┐ │
│└─┘ сакталганы └─┘ сакталбаганы (Тиркемедеги түшүндүрмөлөр)│
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│4. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин формуласы │
│┌─┐ │
│└─┘ баардык пункттар эске алынды │
│┌─┐ │
│└─┘ төмөндөгү пункттар эске алынды (Тиркемени карагыла) │
│┌─┐ │
│└─┘ өзгөртүлгөн формула эске алынды (Тиркемени карагыла) │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│5. Издөөнүн көлөмү, ретроспективдүүлүгү (өлкөлөр, жылдар): │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│6. Маалыматтын пайдаланылган булактарынын түрлөрү: │
│ │
│6.1. о№-li№е системасындагы маалымат базасы: │
│ │
│6.2. Электрондук маалыматтын локалдык маалымат базалары: │
│ │
│6.3. Патенттик маалыматтын кагаз түрүндөгү сактагычтары: │
│ │
│6.4. Патенттик эмес маалымат: │
│ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│7. Издөө предметине тиешелүү документтер │
├─────────────┬──────────────────────────────────┬────────────────────┤
│ Категориясы │ Издөө предметине тиешелүү │ Пунктка тиешелүү │
│ │бөлүктөрүн көрсөтүү менен (зарыл │ формуланын № │
│ │болгон жерде) документтин аталышы │ │
├─────────────┼──────────────────────────────────┼────────────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │
├─────────────┼──────────────────────────────────┼────────────────────┤
├─────────────┴────────────────────┬─────────────┴────────────────────┤
│Шилтеме берилген документтердин │"Т" - кыйла кийинки документ, │
│негизги категориялары: │артыкчылык датасынан кийин │
│"А" - жалпы техникалык деңгээлин │жарыяланган - жана өтүнмөнү │
│аныктоочу документ. │бузбаган, бирок ойлоп табууну (ПМ)│
│"Е" - кыйла мурдагы, бирок эл │түшүнүү үчүн келтирилген. │
│аралык берүү же андан кийинки │"X" издөө предметине кыйла жакын │
│датага жарыяланган документ. │тиешеси бар, жаңылыгын жана ойлоп │
│"L" - артыкчылыкка умтулуусунан │табуучулук деңгээлин бузуучу │
│(ларынан) шек саноо жаратуучу │документ. │
│документ. │"Y" издөө предметине кыйла жакын │
│"О" - оозеки түрүндө ачууга, │тиешеси бар жана ойлоп табуучулук │
│пайдаланууга жана │деңгээлин бузуучу документ. │
│экспонировкалоого ж.б. тиешелүү │"S" патент-аналог болуп │
│документ. │эсептелүүчү документ. │
│"Р" - эл аралык берүү датасына │ │
│чейин, бирок суралган артыкчылык │ │
│алынган датадан кийин жарыяланган │ │
│документ. │ │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│8. Эскертүүлөр: │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│9. Отчеттун күбөлүгү: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│Издөөнүн бүткөн датасы: │Аткаруучу: │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘