Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 276 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин өз компетенциясынын чегинде экономика тармактарында мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты коргоону жана өнүктүрүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жалпы таанылган принциптерди жана эл аралык укуктун ченемдерин, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөргө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылык системасында жана банк-агенттеринде алыш-бериш жана башка эсептерге ээ.
2. Департаменттин максаты
4. Департаменттин максаты атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салууну ишке ашыруу болуп эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
5. Департаменттин негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасындагы товардык рыноктордун, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуу иштеши үчүн атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо;
- монополисттик иш-аракетти жана ак ниет эмес атаандаштыкты болтурбоо, чектөө, бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
- керектөөчүлөр үчүн алар саткан товарлардын (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жеткиликтүүлүгүн жана бааны жөнгө салууну камсыздаган керектөөчүлөрдүн жана табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин кызыкчылык балансына жетүү үчүн монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контролду жүргүзүү;
- товарларды (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөрдү) алууда керектөөчүлөрдүн укугун мамлекеттик коргоону жүргүзүү;
- жарнак жөнүндө мыйзамдын аткарылышы үчүн мамлекеттик контролду жүргүзүү.
4. Департаменттин функциялары
6. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү иштерди жүргүзөт:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- экономика тармагында бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашырат;
- экономиканын монополиялык чөйрөлөрүн демонополизациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- ички жана тышкы рыноктордун катышуучуларынын кызыкчылык балансын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;
- атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана коргоого, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана жарнак ишин жөнгө салууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жарнак боюнча мыйзамдарды, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартибин өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- рынок мамилелеринин болушуна жана атаандаш чөйрөнү өнүктүрүүгө тиешелүү болгон мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоого катышат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- чарбакер субъекттин үстөмдүк абалын белгилөө жана атаандаштыкты болтурбоо, чектөө же жоюу учурларын табуу максатында атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзөт;
- табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуу ыкмасын аныктайт;
- табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзөт;
- табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин товарларын (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) жеткирүүгө (сатып алууга) келишимдердин формаларын, негизги каражаттарын кайра баалоону жүргүзүү, эсепке алуу саясатын жана табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин жөнгө салынган товарларынын (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) түрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана тартылган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүү ыкмасын макулдашат;
- эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин (алардын бирикмесинин) пайда болуусуна, уставдык капиталдагы акцияларды (үлүштөрдү) алууга, монополияга каршы мыйзамда каралган башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга алып келе турган болсо, чарбакер субъекттердин жана мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кайра түзүү (биригүү, кошулуу, кайра өзгөртүп түзүү) тууралуу өтүнүчүн карайт жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
- табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн карайт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер жана базарлардын администрациялары белгиленген тартипте көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) макулдашат;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга милдеттүү түрдө аткаруу үчүн Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча тартип бузууларды токтотуу жана алардын кесепетин жоюу жөнүндө жазма буйрук берет;
- чарбакер субъекттердин жана жарандардын укуктарын монополиялык аракеттердин жана ак ниет эмес атаандаштыктын пайда болуусунан жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты чектөөгө багытталган аракеттеринен коргоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды, жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү жана Департаменттин компетенциясына кирүүчү башка маселелер боюнча даттанууларды, арыздарды жана сунуштарды карайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына, уюмдарга жана мекемелерге, алардын жетекчилерине, ошондой эле жеке жактарга айып салуу жана экономикалык санкция колдонуу тууралуу чечимди (токтом) белгиленген тартипте кабыл алат;
3) координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
- жөнгө салуучу чөйрөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн мамлекеттик контролду жүргүзөт, анын ичинде:
үстөмдүк абалды ээлеген, анын натыйжасында атаандаштыкты чектөөгө жана (же) башка чарбакер субъекттердин же жеке жактардын кызыкчылыгын басмырлаган чарбакер субъекттердин (адамдардын топтору) иштерине;
атаандаштыкты чектеген чарбакер субъекттердин атаандаштыкка каршы макулдашууларын (макулдашылган иш-аракеттерин);
атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын жана иш аракеттерин (аракетсиздигин);
товарларды сатып алууга коюлган монополияга каршы талаптарды;
чарбакер субъекттерди (алардын бирикмелерин) түзүүгө, кайра түзүүгө (бириктирүүгө, кошууга, өзгөртүп түзүүгө), эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болуусуна алып келе турган болсо; табигый жана уруксат берилген монополиянын чарбакер субъекттерин жоюуга; мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды бириктирүүгө, кошууга жана жоюуга эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болуусуна алып келе турган болсо;
чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы акцияларды (үлүштөрдү) алууда жана башка учурларда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын;
табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин иши үчүн мамлекеттик контролду жүргүзөт, анын ичинде:
табигый жана уруксат берилген монополия субъекттери сатып алууларды жүргүзүүдө;
табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин бүтүмдөрүнө жана инвестицияларына, чарбакер субъекттердин уставдык капиталына акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттери менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдердин шарттарын;
- монополияга каршы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндө мыйзамдарды бузуу тууралуу, ошондой эле бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тууралыгын бузуу жөнүндө иштерди карайт;
- өз компетенциясынын чегинде жарнак жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышы үчүн мамлекеттик контролдоо жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар жана мекемелер, базарлар тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча, ошондой эле чарбакер субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, базарлардын бааларды (тарифтерди) түзүүсүнүн жана колдонуусунун тууралыгына белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзөт;
4) колдоо көрсөтүү функциялары:
- монополияга каршы мыйзамдардын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө, жарнак жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча консультация берет;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама маселелери боюнча коомдук уюмдар (ассоциациялар) менен өз ара байланышты ишке ашырат;
- өз иши жана кабыл алынган чечимдер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымат берет.
5. Департаменттин укуктары
7. Өз функцияларын аткаруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттердин, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга;
- доо арыздар жана арыздар менен сотторго кайрылууга, ошондой эле Департаменттин компетенциясынын чегинде монополияга каршы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузууга байланышкан иштерди карап чыгууда сот жыйындарына катышууга;
- зарыл учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы боюнча материалдарды укук коргоо органдарына иш козгоо үчүн берүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерден жана жеке жактардан өз функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде купуя жана/же коммерциялык сырды түзгөн маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- кеңешүү органдарын (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде белгиленген иш чөйрөсүндөгү, курамы жана жобосу Департаменттин директору тарабынан бекитилүүчү ведомстволук органдарды түзүүгө;
- мыйзамдын бузулушу боюнча иштерди карап чыгууда, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдарды, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде белгилүү бир иштер жана кызмат көрсөтүүлөр менен иштөөгө укугу бар чет элдик уюмдарды тартууга;
- Департаменттин потенциалын күчөтүү максатында эл аралык, коомдук уюмдардын финансылык каражаттарын мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;
- товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр рынокторунда атаандаштык чөйрөсүн баалоо керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнак иштери маселелери боюнча сатуучулардын жана сатып алуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүүгө;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кесиптик даярдоону уюштурууга, аларды кайрадан даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкага жиберүүгө;
- конференцияларды, практикалык курстарды жана семинарларды, "тегерек столдорду жыйындарын" уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүргүзүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
8. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
9. Департаментте директордун орун басары кызматы түзүлгөн. Директордун орун басары Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
10. Департаменттин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
11. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын бекитүүгө берет;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- мыйзамга каршы келген аймактык органдардын чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине Департаменттин аткарган иштери тууралуу отчетту жыл сайын берет;
- Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык органдар тууралуу жоболорду бекитет;
- Департаменттин мамлекеттик кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана чектүү саны боюнча сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана чет мамлекеттер менен болгон мамилелерде Департаменттин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу тууралуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө маселелерди чечет;
- мыйзамда белгиленген тартипте Департаменттин каражаттарын жана мүлкүн башкарат;
- Департаменттин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
- Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
7. Департаменттин финансылык жана чарбакерлик иши
12. Департаменттин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны кармоо жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражатынан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн атайын каражаттардан;
- эл аралык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн кредиттеринен жана гранттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардан.
8. Корутунду жоболор
13. Департаментти кайра түзүү жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.