Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-майы № 276
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин укук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Карашев
|