Загрузка документа…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө
ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 311 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) ишинин, функциясынын жана компетенциясынын укуктук негиздерин аныктайт.
2. Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары - ЖТП) ишине жалпы контролду жана башкаруу жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы (мындан ары - ЖТП дирекциясы) үчүн программалык камсыздоонун ата-мекендик индустриясын жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоону камсыздоочу жетекчи орган катары түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Байкоочу кеңештин курамы, анын милдеттери жана функциялары
(Главанын аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Байкоочу кеңеш тогуз мүчөдөн турат жана төмөнкү түрдө түзүлөт:
- үч мүчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дайындалат, алардын ичинде:
бири - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу керек;
бири - экономика жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу керек;
бири - юриспруденция жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу керек;
- үч мүчөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат, алардын ичинде:
бири - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-коммуникация технологиялар жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар өкүлү;
бири - мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын финансы жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар өкүлү;
бири - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин экономикалык жөнгө салуу тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органынын экономика жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар өкүлү;
- үч мүчөсү программалык продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмеси тарабынан дайындалат, алар маалыматтык-коммуникация технологиялар жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болушу керек.
Ошондой эле Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө дайындалган бардык адамдардын жогорку билимге ээ болушу жана жетектөөчү кызматта үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу шарт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 311 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Байкоочу кеңештин төрагасын кошкондо бардык мүчөлөрү үч жылдык мөөнөткө жана катары менен экиден ашык эмес мөөнөткө дайындалышат.
Байкоочу кеңештин мүчөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же ушул Жобонун ченемдерин бузган учурда, Байкоочу кеңештин ишине ден соолугунун абалы боюнча катыша албаган учурда, ЖТП ишине олуттуу зыян келтиргенде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
Байкоочу кеңештин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу чечимин аны бекиткен адам же орган кабыл алат.
5. Экономикалык жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Байкоочу кеңештин курамынын долбоорун берет.
Байкоочу кеңешинин төрагасы Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан өзүнүн курамынын ичинен шайланат. Байкоочу кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 311 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Байкоочу кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ЖТП ишин жалпы жетектөө, контролдоо жана координациялоо;
- ЖТПны түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын жана Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- ЖТП ишинин алты айдан кем эмес мезгилге стратегиялык максаттарын, милдеттерин жана иш артыкчылыктарын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасында ЖТП өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- жаңы жана жогорку технологияларга негизделген өндүрүштөрдү түзүү жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- ЖТП ишинин багыттары боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- ЖТП резиденттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
- ЖТП ишинин багыттары боюнча жаңы жана жогорку технологиялар чөйрөсүнө ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- ЖТП резиденттеринин интеллектуалдык менчик объектилерине товарларды (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) экспорттоону, мүлктүк укуктарды көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Байкоочу кеңеш негизги милдеттерин аткаруу максатында:
- ЖТП дирекциясынын жана Эксперттик кеңештин ЖТП ишинин багыттарын кеңейтүү жөнүндө сунуштарын макулдаштырат;
- ЖТП дирекциясынын сунушу боюнча жана Эксперттик кеңештин корутундусунун негизинде юридикалык же жеке жактарды ЖТП резиденти катары толук түрдө катталгандыгы (каттоодон баш тартуу), ЖТП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- ЖТП резиденттеринин ишинин маселелери боюнча алардын сунуштарын, ошондой эле контролдоочу органдар, ЖТП дирекциясы, Эксперттик кеңеш берген маалыматтарды карайт;
- өз жыйындарына мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, жетекчилерин, башка уюмдардын, анын ичинде ЖТП дирекциясынын, Эксперттик кеңештин, ЖТП резиденттеринин өкүлдөрүн, башка адамдарды чакырат;
- мамлекеттик органдардан (кызмат адамдарынан), башка уюмдардан, анын ичинде ЖТП резиденттеринен өзүнүн иши үчүн зарыл документтерди жана маалыматты сурайт;
- ЖТП өнүктүрүү жана колдоо программаларын иштеп чыгууга катышат;
- ЖТП дирекциясы даярдаган жылдык иш пландарды жана аларды ишке ашыруу боюнча финансылык пландарды карайт, анын негизинде аларды андан ары аткаруу жөнүндө чечим кабыл алат;
- ЖТП дирекциясынын каралган иштерин жана иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматын квартал сайын угат;
- аткарылып жаткан иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ЖТП дирекциянын бюджетин колдонуу боюнча сунуш берет;
- ЖТП дирекциясынын директорун дайындайт жана кызматтан бошотот;
- ЖТИ дирекциясынын бюджетин бекитет;
- Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- ЖТП өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат;
- ЖТП резиденттеринин ишин талдоонун натыйжалары жөнүндө комплаенс-аудитордун отчетторун угат жана тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
- ЖТП дирекциясынын ЖТП резиденттеринин отчетторун жиберүү жана маалымат алмашуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин жана формаларын бекитет;
- ЖТП дирекциясы ЖТП резиденттеринин отчетторун жана алардын иши жөнүндө башка маалыматтарды жиберүүгө милдеттүү болгон кошумча мамлекеттик органдарды (ЖТП дирекциясынын Уставында каралгандардан тышкары) аныктайт;
- ЖТП резиденттеринин мыйзам бузуулары жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан келип түшкөн маалыматты карайт жана ал боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
- ЖТП дирекциясынын директорунун сунушу боюнча комплаенс-аудиторду кызматка дайындоону жана бошотууну макулдаштырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу
8. Байкоочу кеңештин ишине жетекчиликти Байкоочу кеңештин төрагасы (төрага жок болгондо - анын орун басары) ишке ашырат. Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басарын Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз ичинен шайлашат.
9. Байкоочу кеңештин төрагасы:
- Байкоочу кеңештин ишин жетектейт;
- Байкоочу кеңештин жыйындарын алып барат;
- Байкоочу кеңештин чечимдерине жана жыйындарынын протоколдоруна кол коет;
- Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- Байкоочу кеңештин мамлекеттик органдар, башка уюмдар жана жеке жактар менен мамилесинде анын атынан чыгат;
- Байкоочу кеңештин иш пландарын бекитет;
- Байкоочу кеңештин кезексиз жыйындарын чакырат, алардын күн тартибин бекитет;
- Байкоочу кеңештин өз функцияларын аткаруусу үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык бул кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде башка милдеттерди жана функцияларды аткарат.
10. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Байкоочу кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча Байкоочу кеңештин жыйындарын өткөрүүгө демилге көтөрүүгө, ошондой эле докладдарды, билдирүүлөрдү жасоого, каралып жаткан маселелерди талкуулоодо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууда сунуш киргизүүгө жана ЖТП дирекциясынан маалымат алууга;
- Байкоочу кеңештин жыйынына келе албай калганда каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө, Байкоочу кеңештин мүчөсү кабыл алынган чечимге макул эмес болгон учурларда, ал өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирип, протоколго киргизүүгө жана Байкоочу кеңештин төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
- дайындаган адамдын же органдын атына жазылган жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде Байкоочу кеңештин курамынан чыгууга;
- ЖТП резиденттеринин иши жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган маалымат жана комплаенс-аудитордун корутундулары менен таанышууга;
- ЖТП дирекциясынан комплаенс-аудитор тарабынан ЖТП резиденттеринин ишине конкреттүү маселелер боюнча кошумча талдоо жүргүзүүсүн суроого.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ЖТП кызыкчылыгында аракет кылууга, өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алууга;
- Байкоочу кеңештин кезектеги жана кезексиз жыйындарына жеке өзү катышууга жана Байкоочу кеңештин жыйынына катыша албастыгы жөнүндө келе албастыгынын себебин көрсөтүү менен кабарлоого;
- жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат менен иштөөгө, коопсуздук жана сактоого байланышкан белгиленген эрежелердин баарын сактоого;
- купуя маалыматты жайбоого.
12. Байкоочу кеңеш өзүнүн жыйындарында өз компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алат. Байкоочу кеңештин жыйындары зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Байкоочу кеңештин кезексиз жыйыны Байкоочу кеңештин төрагасынын, кеңештин башка мүчөлөрүнүн, ошондой эле ЖТП эки же андан көп резиденттердин, ЖТП дирекциясынын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
13. Байкоочу кеңештин жыйыны анын курамынын кеминде үчтөн экиси катышканда укуктуу деп эсептелет.
14. Байкоочу кеңештин жыйынын Байкоочу кеңештин төрагасы (төрага жок болгондо - анын орун басары) алып барат.
15. Байкоочу кеңештин чечимдери бардык мүчөлөрдүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын (төрага жок болгондо – анын орун басарынын) добушу чечүүчү болуп саналат.
Байкоочу кеңештин чечимдери жазуу жүзүндөгү протокол менен таризделет, ага Байкоочу кеңештин жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Байкоочу кеңештин жыйынга катышкан бардык мүчөлөрү кол коёт жана ал ЖТП дирекциясы жана Эксперттик кеңеш тарабынан алардын иши бөлүгүндө аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Байкоочу кеңеш өз компетенциясынын чегинде жана Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык кабыл алган анын чечимдери ЖТП резиденттеринин статусуна, укуктарына жана милдеттерине тиешелүү бөлүгүндө ЖТП резиденттери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Байкоочу кеңештин жыйынында ЖТП дирекциясынын директору добуш берүүгө укуксуз катышат жана маселелер боюнча түшүндүрмө берүүгө укуктуу, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин чакырылган өкүлдөрү катыша алышат.
17. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин акысыз негизде жүзөгө ашырышат.
18. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-методикалык камсыз кылууну аткаруу органы - ЖТП дирекциясы ишке ашырат. Дирекция өзүнүн ишин белгиленген тартипте бекитилген Уставка ылайык ишке ашырат.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын олуттуу бузулуулары аныкталган учурда ЖТП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө жүйөлүү сунуштарды Байкоочу кеңешке жиберүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)