Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 267
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын уставы 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынан администрациялык жай берүү боюнча сунушту белгиленген тартипте киргизсин;
- 2012-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыздасын.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 токтому менен бекитилген |
|
|
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Дирекциянын негизги максаттары, иш милдеттери жана укуктары
3. Дирекциянын түзүмү жана башкаруу органдары
4. Эксперттик кеңеш
5. Дирекциянын мүлкү жана каражаттары
6. Эсеп, отчет жана аудит
7. Дирекцияны жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы (мындан ары - Дирекция) "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары ЖТП) ишин башкарууну ишке ашырат.
2. ЖТП дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикаеынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы мүчөсү болгон, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
3. Дирекциянын толук расмий аталышы:
- орус тилинде - "Дирекция Парка высоких технологий Кыргызской Республики";
- кыргыз тилинде - "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы";
4. Дирекциянын кыскартылган аталышы:
- орус тилинде - Дирекция ПВТ;
- кыргыз тилинде - ЖТП дирекциясы;
5. Юридикалык дареги: 720017, Бишкек ш., Исанов көч., 42.
6. Дирекция уюштуруу-укуктук формасында иштеген мекеме, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөргө, штамптарга жана бланкка, казыналык органдарында жана башка финансылык-кредиттик уюмдарда алыш-бериш жана жеке эсептерге ээ юридикалык жак болуп саналат.
7. Дирекция мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырууга, сотто доогер жана жоопкер болууга, башка укуктарга жана милдеттерге ээ болууга укуктуу.
8. Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз милдеттери боюнча жоопкерчиликтүү болот.
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Дирекциянын негизги максаттары, иш милдеттери жана укуктары
10. Дирекциянын ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү программалык продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун көбөйтүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестициялардын санын көбөйтүү;
- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялардын санын көбөйтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Дирекциянын негизги милдеттери:
- ЖТПнын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо;
- маалыматтык технологиялар жаатындагы программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана экспорттоо чөйрөсүндөгү улуттук стратегияны жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- жагымдуу инвестициялык климатты түзүү механизмдерин иштеп чыгуу, улуттук экономиканы дүйнөлүк экономикалык мамилелерге интеграциялоого көмөк көрсөтүү;
- ЖТПга чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдү тартуу;
- ЖТПнын жана резиденттердин ишкердик беделин чыңдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- ата мекендик уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында илимге жана билим берүүгө дем берүү үчүн шарттарды түзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Дирекция негизги милдеттерине ылайык өзүнүн ишинин предметин түзгөн төмөнкү функцияларды аткарат:
- чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвесторлордун программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана IТ кызмат көрсөтүүлөрү жаатындагы инвестициялык сунуштарын белгиленген тартипте карайт;
- ЖТП Байкоочу кеңешине (мындан ары - Байкоочу кеңеш) юридикалык жана жеке жактарды ЖТП резиденти катары каттоо, аларды резидент статусунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алууга зарыл материалдарды жөнөтөт;
- Байкоочу кеңештин чечимдерин аткарат;
- Байкоочу кеңештин ишинин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-усулдук камсыз кылуусун ишке ашырат;
- юридикалык жана жеке жактарды ЖТП резиденттери катары алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө чечимдердин негизинде ЖТП резиденттеринин бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматты киргизет;
- ЖТП резиденттеринин бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- юридикалык жана жеке жактарга аларды ЖТП резиденттери катары алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө күбөлүк берет;
- ЖТП резиденттеринен алардын иши жөнүндө статистикалык отчеттук маалыматтарды, ошондой эле алардын ЖТП резиденти катары ишине байланышкан башка маалыматты белгиленген тартипте алат;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта инвесторлорду тартуу максатында жарнактык-маалыматтык ишти аткарат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ЖТП өнүгүшүнүн социалдык-экономикалык программаларын ишке ашырат;
- ЖТП резиденттери менен ЖТП резиденти катары ишинин шарттары жөнүндө келишимдерди түзөт (узартат) жана алардын аткарылышын контролдойт;
- ЖТП резиденттеринин кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка уюмдар менен мамилелерде алардын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ушул Уставда жана ЖТП жөнүндө мыйзамда аныкталган максаттарга Дирекциянын каражаттарын колдонот;
- Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилиши үчүн жыл сайын, отчеттук жылдын төртүнчү кварталында кийинки жылга карата Дирекциянын өнүгүү планын, бюджеттик долбоорун берет;
- календарлык жылдын I кварталында Байкоочу кеңешке өткөн календарлык жылдагы өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчет берет;
- юридикалык же жеке жактарды ЖТП резиденти катары алгачкы каттоо жөнүндөгү чечимди Эксперттик кеңештин корутундусунун негизинде кабыл алат;
- ЖТП резиденттери тарабынан берилүүчү отчеттордун жана маалыматтардын, ошондой эле Дирекцияда болгон башка маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылып жаткан иштин Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туура келбей калуу тобокелдиктерин аныктоо жана Эксперттик кеңеш менен Байкоочу кеңештин кароосу үчүн материалдарды даярдоо максатында ЖТП резиденттеринин ишине мониторинг жана аналитикалык баалоо жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен ЖТП режимин кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу максатында, анын ичинде маалымат алмашуу, жүйөлөштүрүлгөн кайрылууларды (суроо-талаптарды), анын ичинде ЖТПнын конкреттүү резиденттеринин отчетторуна жана маалыматтарына кошумча талдоо жүргүзүү жөнүндө сунуштарды кароо жолу менен ЖТП режимин колдонуу менен байланышкан маселелер боюнча өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
Дирекция ЖТП веб-сайтынын техникалык жана маалыматтык коштолушун камсыз кылууга, веб-сайтта ЖТП иши жөнүндө маалыматтын баарын чагылдырууга милдеттүү.
Дирекция арыз ээсине ЖТП резидентин алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө күбөлүктү бергенден кийин, беш жумушчу күндүн ичинде ЖТП резидентии салыктык органга катталган жери боюнча каттоого койгонун кат түрүндөё маалымдайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Дирекция төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга кайрылууга, алардан ЖТП ишине байланыштуу маселелер боюнча маалымат алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарын белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Дирекциянын компетенциясына кирген маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын кеңешмелерине, коллегияларынын жыйындарына катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө;
- Дирекциянын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар менен иштешүүгө;
- эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарга, ассоциацияларга (союздарга) кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
- Байкоочу кеңештин кароосуна Дирекциянын ишине тиешеси бар сунуштарды киргизүүгө, бул маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышууга.
- Дирекция тарабынан анын функцияларын ишке ашыруунун алкагында алынган ЖТП резиденттеринин иши жөнүндө документтерди жана маалыматтарды Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Байкоочу кеңештин чечимдеринде каралган учурларда жана тартипте, маалыматты, жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жана мыйзам менен корголуучу башка сырлар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына маалыматтык тартипте жиберүүгө. Дирекция тарабынан берилүүчү маалымат жана документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жана аларга жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу максатында гана пайдаланылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Дирекциянын түзүмү жана башкаруу органдары
14. Дирекциянын башкаруу органдары:
- директор;
- Эксперттик кеңеш.
15. Дирекцияны директор жетектейт. Директор Байкоочу кеңештин чечими менен кызматка төрт жылдык мөөнөткө жана эки катар мөөнөттөн ашык эмес дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун үч орун басары болот. Директордун орун басарлары Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Дирекциянын директорунун буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Дирекциянын директору:
- Дирекциянын ишин жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Дирекциянын кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле башка уюмдарда коргойт, анын ичинде ЖТП ишин эл аралык уюмдарда көрсөтөт;
- ЖТП жана республикадагы маалымат технологияларынын өнүгүшүнүн кызыкчылыгындагы семинарларга, форумдарга, конференцияларга жана эл аралык жолугушууларга активдүү катышат;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ЖТП ишин көрсөтөт;
- келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет;
- банктарда учурдагы (алыш-бериш), ошондой элё башка эсептерди ачат жана жабат;
- финансылык тартиптин сакталышын жана Дирекциянын мүлк кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоону камсыз кылат;
- Байкоочу кеңеш бекиткен Дирекциянын бюджетине ылайык эмгек акы фондун жана Дирекциянын каражаттарын тескейт;
- Байкоочу кеңеш бекиткен Дирекциянын бюджетине ылайык Дирекциянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет.
- Дирекциянын кызматкерлерин кызматка алат жана бошотот, алардын кызматтык нускамаларын бекитет;
- Дирекциянын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик чараларды көрөт;
- Дирекциянын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;
- юридикалык жана жеке жактарды ЖТП резиденттери катары каттоо жөнүндө күбөлүктөргө жана Дирекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтерге кол коет;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Дирекциянын ишинин багыттары боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Дирекциянын кызматкерлеринин бардык категорияларына кызыктыруучу мүнөздөгү кошумча төлөмдөрдүн, сыйлыктардын жана башка төлөөлөрдүн өлчөмдөрүн эмгек акысын төлөө корунун чегинде аныктайт;
- жыл сайын Байкоочу кеңешке отчет берет;
- Дирекциянын кызматкерлеринин аткаруучулук жана эмгек тартибин милдеттүү түрдө аткаруу, эмгек, эс алуу жана тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чара көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш милдеттерин аткарат;
- комплаенс-аудитордун ишин уюштурууну жана Дирекциянын ЖТП резиденттеринин ишин контролдоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле резиденттердин отчетторунун аталган органдарга багытталышын координациялайт;
- Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча комплаенс-аудиторду кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Дирекциянын ишин уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Дирекция Байкоочу кеңештин контролунда турат жана өз ишин анын чечимдерине ылайык ишке ашырат.
19. Дирекция Эксперттик кеңеш менен төмөнкү багыттарда иш алып барат:
- техникалык экспертизаны кароо жана жүргүзүү боюнча Эксперттик кеңешти айына бир жолу жана зарылчылыгына жараша чакырат;
- Эксперттик кеңештин ишинин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-методикалык камсыз кылуусун ишке ашырат.
- Эксперттик кеңештин корутундуларын Байкоочу кеңешке берет.
4. Эксперттик кеңеш
20. ЖТП Эксперттик кеңеши ЖТП дирекциясынын ыйгарым укуктуу башкаруу органы болуп саналат жана ал арыз ээси тапшырган документтердин баарын милдеттүү түрдө талдоону ишке ашырат жана тиешелүү корутунду чыгарат, анын негизинде ЖТП резиденти катары алгачкы жана акыркы каттоо (каттоодон баш тартуу) жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алынат.
21. ЖТП резиденттерин акыркы каттоодон бир жыл өткөндөн кийин эксперттик кеңеш ар бир резидент боюнча Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тиешелүү корутунду берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Эксперттик кеңеш Байкоочу кеңеш дайындаган 5 мүчөдөн турат. Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге туура келиши керек;
- жогорку билим;
- программалоо жана маалыматтык-коммуникация технологиялары жаатында кеминде беш жыл иш тажрыйбасы.
Эксперттик кеңештин мүчөлөрү эки жылдык мөөнөткө жана катар эки мөөнөттен ашык эмес дайындалат.
23. Эксперттик кеңештин иши акы төлөнүүчү негизде ЖТП дирекциясынын каражаттарынын эсебинен Байкоочу кеңештин чечимине ылайык жүргүзүлөт.
24. Эксперттик кеңештин жыйындары зарылчылыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
25. Эксперттик кеңештин жыйыны анын курамынын үчтөн кем эмес мүчөсү болгондо укуктуу деп эсептелет.
26. Эксперттик кеңештин чечимдери жыйынга катышып жаткан мүчөлөрүнүн санына жараша жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Эксперттик кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага жыйынга катышкан бардык мүчөлөрү кол коет.
27. Эксперттик кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-методикалык камсыз кылууну ЖТП дирекциясы ишке ашырат.
28. Эксперттик кеңеш ЖТП резиденттери аткарган ишке жана анын натыйжаларына Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туура келиши боюнча талдоо жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Комплаенс-аудитор
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
281. Комплаенс-аудитор ЖТП дирекциясынын кызмат адамы болуп саналат, ал Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Дирекциянын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
282. Комплаенс-аудитор төмөнкү талаптарга туура келиши керек:
- экономика, финансы же бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө жогорку билимдин болушу;
- Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык аудитордун квалификациялык сертификатынын болушу;
- комплаенс-контроль жана ички контроль же мыйзамдардын, финансылык отчеттун жана салыктык жөнгө салуунун талаптарынын сакталышын талдоо менен байланышкан тобокелдиктерди башкаруу чөйрөсүндө кеминде беш жыл кесиптик иш тажрыйбасы;
- ЖТП резиденттери менен кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу.
283. Комплаенс-аудитор ЖТП резидентинин ЖТП ишинин түрлөрүнөн айырмаланган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу фактыларын аныктоо, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын башка бузууларды аныктоо максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
- ЖТП резиденттери тарабынан берилген аудитордук корутундуларга аларда камтылган маалыматтын аныктыгы жана толуктугу боюнча талдоо жүргүзөт;
- ЖТП резиденти статусуна туура келбеген ишти жүзөгө ашыруу белгилерин же салык салынуучу базаны төмөндөтүү фактыларын аныктоо боюнча ЖТП резиденттеринин финансылык отчетторун талдайт;
- ЖТП резиденттеринин ишинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 6-беренелеринин талаптарына туура келүүсүн текшерет;
- мүмкүн болгон салыктарды жана (же) социалдык чегерүүлөрдү төлөөдөн качууну, салык базасын төмөндөтүүнү жана (же) ЖТП режимин колдонууда негизделбеген артыкчылыктарды алууну далилдеген белгилерди жана (же) жагдайларды аныктайт, анын ичинде алардын алкагында виртуалдык активдер жарандык укуктардын объекти катары пайдаланылган жана эсептешүү же төлөм каражаты катары виртуалдык активдерди пайдалануу болуп саналбаган каршы берүүнүн (алмашуунун) объекти катары берилген жана (же) алынган жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышкан же жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарган учурда;
- ЖТП резиденттеринин киреше түзүмүн билдирилген иштин түрлөрүнө туура келиши боюнча талдайт;
- Дирекциянын директоруна, Эксперттик кеңешке жана Байкоочу кеңешке берүү үчүн ЖТП резиденттеринин финансылык жана аудитордук отчетторун талдоонун натыйжалары жөнүндө корутундуларды даярдайт;
- ЖТП резиденттеринин ишинде аныкталган мыйзам бузуулар жана четтөөлөр жөнүндө маалыматты тиешелүү чараларды көрүү үчүн Дирекциянын директоруна жиберет;
- ЖТП резиденттеринин ишине байланышкан маселелерди кароодо Эксперттик кеңештин жана Байкоочу кеңештин жыйындарына катышат;
- ЖТП резиденттеринин ишин финансылык контролдоого байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
- Байкоочу кеңеш үчүн ЖТП резиденттеринин финансылык абалы жана иши жөнүндө аналитикалык отчетторду даярдайт;
- Ушул Уставга ылайык ЖТП резиденттери жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз убагында жиберүүнү камсыздайт;
- Дирекциянын директорунун тапшырмаларына жана Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык ЖТП резиденттеринин ишин комплаенс-контролдоого байланышкан башка функцияларды жүзөгө ашырат.
284. Комплаенс-аудитор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарды, салык мыйзамдарын, ушул Уставды жана Дирекциянын директору тарабынан бекитилүүчү кызматтык нускаманы жетекчиликке алат.
285. Комплаенс-аудитор төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЖТП резиденттеринен комплаенс-контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты жана документтерди суроого;
- ЖТП резиденттеринен алардын финансылык-чарбалык ишинин маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте ЖТП резиденттери жөнүндө маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылууга;
- Дирекциянын директоруна, Эксперттик кеңешке жана Байкоочу кеңешке ЖТП резиденттеринин ишин контролдоону өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ЖТП резиденттеринин ишин текшерүүлөргө катышууга.
286. Комплаенс-аудитор даярдаган корутундуларынын тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Дирекциянын мүлкү жана каражаттары
29. Мүлк Дирекцияга оперативдик башкаруу укугунда бекитилген, ага карата Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, колдонуу жана тескөө укуктарын ишке ашырат.
30. Дирекциянын оперативдик башкаруусунда болгон мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
31. Дирекциянын мүлкүн түзгөн булактар:
- ЖТП резиденттери ЖТП иштин түрлөрүн аткаруунун натыйжасында мурунку кварталда алынган акчанын 1 (бир) пайызын квартал сайын которуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
Дирекциянын мүлкүнүн курамында: негизги каражаттар, ээлеген жайлар, жабдуу, инвентарь, жер тилкелери жана башка мүлк болушу мүмкүн.
Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүн ээсинин макулдугу менен өзүнө бекитилген мүлктү ижарага берүүгө укуктуу.
32. Дирекция өзүнө оперативдик башкаруу укугунда бекитилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөөнү мыйзамда каралган чекте жана өз ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык ишке ашырат.
33. Ишкерлик ишинен алынган киреше жана анын эсебинен алынган мүлк Дирекциянын өз алдынча тескөөсүнө түшүп, мыйзамдарга жана анын ишинин максаттарына ылайык колдонулат.
6. Эсеп, отчет жана аудит
34. Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин натыйжаларынын оперативдүү чарбалык, бухгалтердик, статистикалык жана башка эсебин жүргүзөт.
Дирекция салыктык, статистикалык жана башка отчетту даярдап, белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик органдарга өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары тууралуу отчетторду жана керектүү маалыматтарды тапшырат.
35. Дирекциянын финансылык-чарбалык ишти жүргүзүүсүн Байкоочу кеңеш контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Байкоочу кеңештин чечими боюнча Дирекция өзүнүн каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
36. Дирекцияда бухгалтердик отчеттогу маалыматтардын тууралыгы үчүн жооптуу адамдар мамлекеттик мүлктүн уурдалганын жашыруу максатында отчетту бурмалоого жол беришсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
361. ЖТП резиденттеринин ишине байланышкан документтерди жана маалыматтарды иштеп чыгуунун жана жиберүүнүн белгиленген тартибинин жана мөөнөттөрүнүн, ошондой эле маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча талаптардын бузулушуна күнөөлүү болгон Дирекциянын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Дирекцияны жоюу
37. Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн.
38. Кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин калган Дирекциянын мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигине, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органынын балансына өткөрүлөт.
39. Дирекция жоюу жөнүндөгү жазуу Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилгенден баштап жоюлду деп табылат.
40. Дирекция жоюлганда анын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого кепилдик берилет.
41. Дирекциянын ишин жүргүзүүдө колдонулган документтер, ал жоюлган жана кайра түзүлгөн учурларда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.