Загрузка документа…
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндөгү ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 29-майы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин (мындан ары - ЖТП резиденттери) каттоо тартиби жөнүндөгү жобо "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ЖТП резиденттери. ЖТП резиденти катары катталуу үчүн кайрылуу
2. ЖТП резиденти катары катталуу үчүн юридикалык же жеке жак ЖТП дирекциясына Байкоочу кеңеш бекиткен формадагы арызды төмөнкүлөрдү тиркөө менен берет:
- юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн анын жетекчиси күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү;
- жеке жактар үчүн - жеке жакты жеке ишкер катары каттоо фактысын ырастаган документтин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, аталган документтердин түп нускаларын көрсөтүү менен;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги талаптарга ылайык ишинин шайкештигин документтерди.
Юридикалык жактын уюуштуруу документтеринде "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде каралган иш түрлөрү (түрү) көрсөтүлүшү керек.
3. Юридикалык же жеке жакты ЖТП резиденти катары каттоо (каттоодон баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби
3. ЖТП резиденти катары катталуу үчүн юридикалык же жеке жак ЖТП дирекциясына тапшырган документтер тизме боюнча кабыл алынат, анын көчүрмөсү документтер кабыл алынган датасын белгилөө менен арыз ээсине берилет.
4. ЖТП дирекциясы тапшырылган документтерди карап, арыз ээсин ЖТП резиденти катары алгачкы каттоо мүмкүндүгү тууралуу корутунду алуу үчүн Эксперттик кеңешке экспертизага жөнөтөт.
5. Эксперттик кеңеш арыз ээси берген документтерге экспертиза (экспертизалар) жүргүзөт. Экспертиза жүргүзүүгө Эксперттик кеңеш керек болгон учурда илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди чакырууга укуктуу. Бул учурда документтерди кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтү экспертиза (экспертизалар) жүргүзүү мезгилине чейин узартылат, бирок 10 күндөн ашык эмес убакытка узартылат.
6. ЖТП резиденти катары алгачкы катталуу үчүн юридикалык же жеке жак тапшырган документтерди ЖТП дирекциясынын кароосунун, экспертиза жүргүзүү жана чечим кабыл алуусунун жалпы мөөнөтү бул документтерди арыз ээси бергенден тартып бир айдан ашпашы керек.
7. ЖТП дирекциясы тарабынан Эксперттик кеңештин тиешелүү корутундусунун негизинде юридикалык жана жеке жакты ЖТП резиденти катары алгачкы каттоо жөнүндө (каттоодон баш тартуу жөнүндө) чечим кабыл алынат жана алгачкы каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.
8. Арыз ээсин ЖТП резиденти катары каттоодон баш тартуу үчүн негиз катары төмөнкүлөр саналат:
- ушул Жободо аныкталган документтерди толук эмес жана туура толтурулбастан берүү;
- арыз ээси ЖТП резиденти катары катталуу үчүн тапшырган документтерди экспертиза (экспертизаларды) жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча терс тыянак чыгаруу.
9. Юридикалык же жеке жактын ЖТП резиденти катары акыркы каттоосу жөнүндө (каттоодон баш тартуу жөнүндө) чечим Байкоочу кеңеш тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. ЖТП резидентин акыркы каттоо жөнүндө чечим Байкоочу кеңеш тарабынан эки айдан ашпаган мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.
10. Байкоочу кеңеш арыз ээсин ЖТП резиденти катары акыркы каттоо жөнүндө чечим кабыл алганда ЖТП дирекциясы ЖТП резиденттеринин бирдиктүү реестрине тиешелүү маалымат киргизип, арыз ээсине ЖТП резиденти катары акыркы каттоо жөнүндө күбөлүк берет.
11. ЖТП резиденттеринин реестринин түзүү тартибин Байкоочу кеңеш бекитет.
12. ЖТП резидентин алгачкы жана акыркы каттоосу жөнүндө күбөлүктүн формасы белгиленген тартипте бекитилет.
13. ЖТП резидентин алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө күбөлүк же юридикалык же жеке жакты ЖТП резиденти катары алгачкы жана акыркы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ЖТП дирекциясы тарабынан арыз ээсине алгачкы жана акыркы каттоо (каттоодон баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алгандан тартып беш жумушчу күндүн ичинде берилет.
14. ЖТП Дирекциясы ЖТП резидентин алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө күбөлүктү берген мөөнөттөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ЖТП резидентин каттагандыгы жөнүндө салык органына кат түрүндө билдирүүгө жана берилген күбөлүктүн көчүрмөсүн жиберүүгө милдеттүү,
15. Юридикалык же жеке жакты ЖТП резиденти катары каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим баш тартуунун жүйөөлүү себептерин камтышы керек жана сотко арызданууга болот.
4. ЖТП резиденттеринин укуктары жана милдеттери
16. ЖТП резидентинин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ЖТП ишинин багыттарына ылайык иштөө;
- ЖТП резиденти катары катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде салык органында салыктык каттоодон өтүү;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык өз убагында салык отчетун берүү жана салыктык төлөмдөрдү ишке ашыруу;
- мамлекеттик статистика органдарына берилген өз иши жөнүндө статистикалык отчеттун көчүрмөлөрүн ЖТП дирекциясынын суроосу менен берүү;
- жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттун тууралыгына жыл сайын милдеттүү аудит жүргүзүүнү камсыз кылуу, анын натыйжасы ЖТП дирекциясына берилет. Кошумча, жылдык бухгалтердик (финансылык) отчеттун тууралыгын тастыктоодон тышкары, аудитордук текшерүү төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлүүгө тийиш:
ЖТП резидентинин ишинин түрлөрүнө коюлган талаптардын «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде каралган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруудан түшкөн кирешенин 90 %ынан кем эмес киреше алуу бөлүгүндө сакталышын талдоо;
резиденттин ишинин экспорттук багыттуулук талаптарынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык экспорттоонун натыйжасында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн кирешенин 80 %ынан кем эмес киреше алуу бөлүгүндө сакталышын талдоо;
«Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык ЖТП резидентинин пайдасынын 1 %ы өлчөмүндө ЖТП дирекциясына милдеттүү чегерүүлөрдүн өлчөмүн жана толук төлөнүшүн аныктоо;
- квартал сайын, ЖТП ишинин түрлөрүн ишке ашыруунун жыйынтыгында мурдакы кварталдан түшкөн акчанын жана башка түшүүлөрдүн 1 (бир) пайызын ЖТП ишин каржылоо үчүн которуу;
- ЖТП дирекциясынын же комплаенс-аудитордун суроо-талабы боюнча резиденттин ишинин Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ЖТПда ишти жүзөгө ашыруу шарттарына шайкештигин контролдоо үчүн зарыл болгон, суралган финансылык маалыматты, документтерди жана түшүндүрмөлөрдү суроо-талапты алган учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде берүү;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына шайкештикке таасир этүүчү кирешенин (түшкөн акчанын) түзүмүндөгү өзгөрүүлөр, иштин түрлөрү жөнүндө, ошондой эле башка олуттуу жагдайлар пайда болгондугу жөнүндө мындай өзгөрүүлөр (жагдайлар) келип чыккан күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ЖТП дирекциясына кабарлоо, анын ичинде алардын алкагында виртуалдык активдер жарандык укуктардын объекти катары пайдаланылган, эсептешүү же төлөм каражаты катары виртуалдык активдерди пайдалануу болуп саналбаган каршы берүүнүн (алмашуунун) объекти катары берилген жана (же) алынган жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышкан же жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарган учурда кабарлоо;
- комплаенс-аудитордун же ЖТП дирекциясынын суроо-талаптары боюнча финансылык-чарбалык иштин маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана кошумча маалымат берүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ЖТП резиденттеринин ишинин негиздери
17. ЖТП резиденти менен ЖТП дирекциясынын ортосунда келишим түзүлүп, анда ушул Жобонун IV главасынын жана ЖТП дирекциясынын талаптарын эске алуу менен ЖТП резидентинин укуктары жана милдеттери, тараптардын макулдашуусу боюнча башка жоболор аныкталат. Келишимдин типтүү формасын Байкоочу кеңеш бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
6. ЖТП резидентин статусунан ажыратуу
18. ЖТП резиденти статусунан ажыратуу төмөнкү учурда жүргүзүлөт:
- ЖТП резидентинин арызынын негизинде;
- ЖТП резиденти ушул Жободо каралган милдеттерин аткарбаганда, ал Эксперттик кеңештин тиешелүү корутундусу менен тастыкталганда;
- ЖТП резиденти жоюлган (ишин токтоткон) учурда.
ЖТП резиденти статусунан ажыратуу келишимди бузуу үчүн негиз болуп саналат.
181. Эгерде ЖТП резидентинин түшкөн акчасы жок болсо жана эки жана андан көп биринин артынан бири келген кварталдардын ичинде нөлдүк отчет берсе, ЖТП дирекциясы резиденттин ишинин Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө маселени Эксперттик кеңеш тарабынан кароону демилгелейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
182. Ушул Жобонун 181-пунктунда каралган кароонун натыйжалары боюнча Эксперттик кеңеш резиденттин иш жүзүндөгү чарбалык ишинин жана (же) Жогорку технологиялар паркы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигине таасир этүүчү башка жагдайлардын бар же жок экендиги жөнүндө корутунду чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
19. ЖТП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечимди Байкоочу кеңеш кабыл алат, ал боюнча сотко даттанууга болот.
20. ЖТП дирекциясы Байкоочу кеңеш ЖТП резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алгандан тарып үч күндүк мөөнөттө бул жөнүндө юридикалык же жеке жакка, ошондой эле ЖТП резиденти катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын органдарына алынган чечимдин негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирет жана ЖТП резиденттеринин бирдиктүү реестрине тиешелүү жазуу киргизет.
21. ЖТП резиденти статусунан ажыратылган учурда юридикалык же жеке жак беш күндүн ичинде ЖТП резидентинин күбөлүгүн ЖТП дирекциясына кайтарып берүүгө милдеттүү.