Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугунун белгилерин
квалификациялаган соттук-медициналык критерийлер
3. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын соттук-медициналык аныктоого карата нускама Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Соттук-медициналык критерийлер белгилерди квалификациялаган медициналык мүнөздөмө болуп саналат, алар соттун аныктамасынын, судьянын, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адамдын, тергөөчүнүн токтомунун негизинде ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын аныктоого, жарандык, администрациялык жана жазыктык иштер боюнча сотто соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдө пайдаланылат.
Соттук медициналык критерийлер - бул Кыргыз Республиканын колдонулуудагы жазык мыйзамдарында каралган ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын квалификациялаган белгилердин медициналык мазмуну (медициналык мүнөздөмөсү, медициналык курамы, медициналык компоненти).
3. Медициналык критерийлер тирүү адамды соттук-медициналык текшергенде, өлүктү же анын бөлүктөрүн изилдегенде, ошондой эле медициналык документтер жана иштин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө табылган жабыркоолорду баалоо үчүн колдонулат.
Тирүү адамдардын соттук-медициналык экспертизасынан тышкары адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын оордук даражасын баалоо өлүктүн соттук-медициналык экспертизасында жана иштин материалдары боюнча экспертизада жүргүзүлөт. Иштин материалдары боюнча экспертиза кылууга киришип жатып, экспертизага жабырлануучуну көрсөтүү жөнүндө өтүнүч билдирүү керек. Жабырлануучуну түздөн-түз текшергенде медициналык документтердеги жазууларга жабыркатуунун локализациясы, саны жана мүнөзү боюнча шайкеш келбеген жабыркоолор (же алардын издери) табылышы мүмкүн. Эгерде жабырлануучуну алып келүүгө мүмкүн болбосо, тергөөчү (прокурор, судья, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адам) эксперттин өтүнүчүнө жооп иретинде жабырлануучуну соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө көрсөтүү мүмкүн болбогондугунун себебин көрсөтүшү керек. Адамдын ден соолугуна келтирген зыяндын оордук даражасын аныктоо боюнча экспертизага медициналык документтердин түн нускалары көрсөтүлөт. Өзгөчө учурларда гана нотариус аркылуу өткөн, же соттук-медициналык экспертизаны дайындаган орган күбөлөндүргөн көчүрмөлөр көрсөтүлөт.
Ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасы жабырланган тирүү адамды түздөн-түз текшерүүнүн же өлүктү изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аныкталышы мүмкүн. Эгерде экспертиза өткөрүү учуруна келтирилген жабыркоолор айыгып кетсе же кыйла өзгөрүлсө, келтирген жабыркоо жөнүндө объективдүү маалыматты медициналык документтерди иликтегенде алууга мүмкүн болот, аларда жабыркоолордун алгачкы динамикасы жана жабыркоонун клиникалык өнүгүү динамикасы берилет.
Эгерде тирүү жабырлануучу же өлүктү эксперттик изилдөөгө көрсөтүүгө мүмкүн болбосо, медициналык документтер ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын аныктоо маселесинде жабыркоо тууралуу маалыматтын жалгыз булагы болуп калат.
4. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасы мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын медициналык уюмдарында врач-соттук-медициналык эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана Ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын соттук-медициналык аныктоо эрежелерине ылайык аныктайт.
Медициналык критерийлер ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасы мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын медициналык уюмдарында врач-соттук-медициналык эксперт тарабынан ушул токтом менен бекитилген, ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун аныктоонун соттук-медициналык эрежелерине ылайык аныкталганын баса белгилеп кетет.
Ушундай даярдыктан өтүүнүн далили катары соттук-медициналык эксперт адисинин сертификаты саналат. Эксперттердин кесиптик даярдык деңгээлин соттук-медициналык экспертизанын республикалык борбору аныктайт.
Эксперттик иш-аракет жүргүзүү укугу ар бир 3 жылда дипломдон кийинки билим берүү жогорку окуу жайында кайра даярдоодон өтүү менен далилденип турат.
5. Адамдын ден соолугуна келтирилген зыян деп тышкы чөйрөнүн химиялык, физикалык, биологиялык, психогендик факторлорунун таасири менен пайда болгон анатомиялык бүтүндүк же адамдын органдарынын жана ткандарынын физиологиялык функциялары бузулушун түшүнөбүз.
Адамдын ден соолугуна тышкы таасир этүү менен келтирилген зыянды аныктоо фундаменталдуу соттук-медициналык "жабыркоо (травма)" түшүнүгүн кайталайт, б.а. ден соолукка келтирилген зыян тышкы травмалык таасир этүүнүн материалдык кесепети катары жабыркоонун синоними болуп саналат. Ден соолукка келтирилген зыянды мына ушинтип түшүнүү ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизанын маңызын аныктайт, ал эң башында анатомиялык түзүмдөрдүн жана физиологиялык функциялардын бузулуу даражасын жана фактысын аныктоодо турат.
Ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасы дайыма тирүү адамга карата аныкталат: тирүү адамдын, өлүктүн экспертизасын өткөргөндө жана иштин материалдары боюнча. Ошондуктан адамдын ден соолугуна келтирген зыяндын оордук даражасын аныктаганда эксперт анатомиялык түзүмдердүн бузулуу мүнөзун жана организмдин физиологиялык функциялары бузулуу даражасын жана маңызын аныктап жатып, бирдиктүү маселени чечет.
2. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугунун белгилерин квалификациялаган соттук-медициналык критерийлер
6. Ден соолукка келтирилген оор зыянга карата квалификациялык белгилердин соттук-медициналык критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Адам өмүрүнө кооптуу ден соолукка келтирилген зыян, өзүнүн мүнөзү боюнча түздөн түз өмүргө коркунуч келтирет, ошондой эле өмүргө коркунучтуу абалдын өнүгүшүнө алып келген ден соолукка келтирилген зыян (мындан ары - адам өмүрүнө кооптуу ден соолукка келтирилген зыян).
Соттук медициналык критерийлер адам өмүрүнө кооптуу зыяндын эки түрүн белгилейт:
- өмүргө түздөн түз коркунуч түзгөн ден соолукка келтирилген зыян;
- өмүргө коркунучтуу абалдын өнүгүшүнө алып келген ден соолукка келтирилген зыян.
Өмүргө түздөн-түз коркунуч түзгөн ден соолукка келтирилген зыян деп демейки клиникалык жүрүшүндө өлүм менен аяктай турган жабыркоолорду түшүнөбүз (анатомиялык түзүмдөрдүн жана физиологиялык функциялардын бузулушу), б.а. жабыркоо менен кийинки өлүмдүн ортосунда түз себептик-кесепеттик байланыш бар.
Өмүргө коркунуч келтирген абал - бул жабыркатуудан улам адамдын организминин өмүргө маанилүү функцияларынын бузулушу, аны организм өз алдынча компенсациялай албайт жана медициналык жардамдын атайын чараларын көрмөйүнчө өлүм менен аяктайт.
Жабыркоонун демейки клиникалык жүрүшү деп жабырлануучунун организминин жеке өзгөчөлүктөрүнө байланышпаган травмалык оорунун өнүгүшүнүн типтүү варианттарынын бирин түшүнөбүз (коштогон оор соматикалык же инфекциялык оорулары, иммундук жетишпестик, астенизация ж.б. болушу).
Адам өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтирүү деп келтирилген жабыркоо менен өлүм ортосундагы түз себептик байланыш болушун түшүнөбүз. Түз себептик байланыш жөнүндө келтирилген жабыркоосуз өлүм болмок эмес деген учурда гана айта алабыз (конкреттүү каралып жаткан жагдайда).
Өмүргө кооптуулук жабыркаткан учурда же өмүргө коркунучтуу абал өнүккөндө түзүлөт, б.а. көрсөтүлгөн медициналык жардам конкреттүү учурда өлүмдөн сактап калса да, бул өмүргө кооптуулук фактыны констатациялоого таасир бербейт.
Соттук медициналык критерийлер жабыркоолордун жана өмүргө коркунучтуу абалдардын конкреттүү нозологиялык бирдиктер түрүндө толук тизмегнн камтыйт. Ошондуктан, эгерде атайын диагностикалык соттук-медициналык изилдөөдөн кийин эксперт өмүргө коркунуч келтирген абалды же өмүргө түздөн түз коркунуч түзгөн ден соолукка келтирилген зыяндын тизмегине кирген нозологиялык бирдикти аныктаса, ал ошону менен квалификациялаган белгини - өмүр үчүн кооптуулукту аныктайт.
б) Өмүргө түздөн-түз коркунуч түзгөн, адам өмүрү үчүн кооптуу ден соолукка келтирилген зыян:
1) баш сөөк ичине кирген, анын ичинде мээни жабыркатпаган, баш жаракаты (чач өскөн жагын, кабагын жана көз тегерегин, мурун, кулак, бет жана чыкый-жаак жагын, баштын башка жактарын).
Чечүүчү белги болуп баш сөөктүн көңдөйүн чектеген катуу мээ кабыкчасы жабыркаганы саналат. Катуу мээ кабыкчасы жабыркаганы жаракаттын түздөн-түз текшерүүдө, хирургиялык операцияда, атайын инструменттик изилдөөлөрдү жүргүзгөндө (мисалы, магниттик-резонанстык томографияны МРТ) жана спецификалуу симптомдор болгондо (ликворорея, жаракатка мээ детрит түшкөнү ж.б.) аныкталышы мүмкүн.
Жаракат баштын ар тарабында жайгашуусу мүмкүн: чач жагында, бет жагында. Жаракат теринин, баш сөөктүн жана катуу мээ кабыкчанын бузулушу менен көрүнүшү мүмкүн. Жаракат баш сөөк көңдөйүнө кадимки тышкы тешиктер аркылуу сөөк жана катуу мээ кабыкчасын (ооз көңдөйү, мурун жолдору, тышкы угуу жолдору), же көз чарасын жабыркатып кириши мүмкүн. Жаракат баш сөөк көңдөйүнө баш сөөктөрдү жабыркатпай кириши мүмкүн: тери жана баш сөөк негизиндеги анатомиялык тешик аркылуу (айрылган, сүйрү, тегерек ж.б.).
2) Баш сөөктүн төбөсү (чеке, чоку сөөктөрдүн) жана (же) түбүнүн сынганы: баш сөөктүн чуңкурчасы (алдыңкы, ортоңку же арткы) же желке сөөктүн, же көз чарасынын үстү жагы, же торчо сымал сөөктүн, же тилке сымал сөөктүн, баш сөөктүн төбөсүнүн тышкы сөөк пластинкасынын өз алдынча сыныгын жана бет сөөктөрдүн сыныктарын кошпогондо: мурундун, көз чарасынын ылдыйкы жагын, көз тамчы сөөкчөнүн, бет сөөгүнүн, үстүнкү жаактын, альвеолярдык өскөн жерин, таңдай сөөктүн, ылдыйкы жаактын.
Баш сөөктүн чекеси менеи аркасы жагынан башка, баш сөөктүн төбөсүн желке, чыкый жана тилке сымал сөөктөр түзөт - алардын сынганы да өмүргө кооптуу катары бааланышы керек.
Баш сөөктүн негизи же төбөсүнүн ачык да, жабык да сынганы камтылат. Сынган фактысы жаракаттын ревизиясы учурунда же хирургиялык операцияда, же рентгенологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча табылганда далилденет. Бул топко ички сөөктүк пластинканын ар кандай сынганы, эки сөөктүк пластинкаларды жабыркатуу менен толук сынганы, линиялык, майдаланган, басырылган, терраса сымал, тешилген, комбинациялуу сынгандар кирет. Төмөнкүлөр кирбейт: баш сөөктүн төбөсүнүн тышкы сөөктүк пластинкасынын жалгыз өз алдынча жаракасы, бет сөөгүнүн сынганы (мурун сөөкчөлөрдүн, мурун раковинасынын, көз чарасынын ылдыйкы жагы, жаш агуу сөөкчөсү, бет сөөктүн, үстүнкү жаактын, эки жаактын альвеолалык өскөн жерин, таңдай сөөктүн);
Өмүргө кооптууларга баш сөөктүн негизин түзүүгө катышкан тешилген пластинканын жана торчо сөөктүн короз таажысы сынганы кирет. Торчо сөөктүн башка элементтери сынганы өмүргө кооптуу катары бааланбайт.
Негизги (тилке сымал) сөөктүн чоң канатынын көз чара үстү менен түзүлгөн көз чаранын латералдык жагынын үстүнкү бөлүгүнүн сынганы өмүргө кооптуу ден соолукка келтирилген зыян катары бааланат. Бет сөөктүн көз чара үстү менен түзүлгөн көз чаранын латералдык жагынын ылдыйкы бөлүгүнүн сынганы өмүргө кооптуу болуп саналбайт.
Негизги сөөктүн латералдык үстү жана торчо сөөктүн фронталдык пластинасы менен түзүлгөн көз чаранын медиалдык үстүнүн арткы бөлүмдөрү сынганы өмүргө кооптуу болуп саналат. Жаш агуу сөөкчөнүн өз алдынча сынганы өмүргө кооптуу болуп саналбайт.
Үстүнкү жаак жана таңдай сөөктөр менен түзүлгөн үстүнкү таңдайдын сынганы өмүргө кооптуу болуп саналбайт.
3) Баш сөөк ичиндеги травма: мээнин жанчылышы; мээнин диффуздук аксоналдык жабыркоосу; оор даражадагы мээнин урунушу; травмалык мээ ичиндеги же карынча ичиндеги кан агуу; орточо даражадагы мээнин урунушу же травмалык эпидуралдык, же субдуралдык, же субарахноидалдык кан агуу жалпы мээнин, очоктук же сөңгөктүк симптомдор болгондо.
Мээнин травмалык жанчылышы мээ кабыгынын үстү (айрым учурда тереңирээк) бузулушунда көрүнөт, ал мээге хирургиялык операция жасаганда же аутопсияда мээни түздөн түз караганда, компьютердик томограмманы (КТ) же магниттик-резонанстык томографияда (мындан ары - МРТ) изилдегенде, мээнин ангиограммасында кабыктын очоктук тамырсыз участкаларын изилдегенде диагностикаланат.
Мээнин диффузиялык аксоналдык жабыркоосу атайын гистологиялык изилдөөлөр менен (мисалы, өлүктү изилдегенде ден соолукка келтирген зыяндын оордугун аныктоо зарылдыгында), компьютердик томограммаларда эки тараптан жети сүйрү ядролордо, сөңгөктүк жана перивентрикулярдык зоналарда, диффузиялык жалпы шишик фондогу чордуу денесинде майда очоктуу кан агуулар табылганда далилденет.
Мээнин урунуусу клиникалык аныкталат: катуу кармаган мезгилде оор же өтө оор абалдын тез өнүгүшү жүрөт; узак эстен тануу белгиленет - бир нече сааттан суткаларга жана жумаларга чейин; организмдин өтө маанилүү функциялары бузулушу менен мээнин сөңгөк бөлүмүнүн алгачкы жабыркоо симптомдору; неврологиялык симптомдордун жыйындысы - көз алмасынын калкыган кыймылы, көз караштын парези, өзүнөн өзү кеткен тоникалык көп жолку нистагм, ммдриаз же миоз, каректин формасынын өзгөрүшү, жарыкка каректин реакциясы, корнеалдык жана бульбардык рефлекстердин жоголушу, вертикалдык же горизонталдык огу боюнча көздөрдүн дивергенциясы, өзгөрүп турган булчуң тонусу, тарамыш рефлекстердин, патологиялык рефлекстердин ээлигүүсү же чөгөт болушу; жутуунун бузулушу, карын рефлекстердин жоктугу, паралич, афазия, менмнгеалдык симптомдор; карышуу кармашы мүмкүн; неврологиялык симптоматиканын тескери өнүгүшү жай баракат, психикалык жана кыймыл чөйрөлөр тарабынан одоно өзгөрүүлөр сакталган, атрофия очоктору жана кабыкчада эт өскөнү топтолгону инструменталдык айкындалат.
Эсине келгенде дезориентациялык, кулагы тунуу, патологиялык уйкусуроо кыймылдуу же көп сүйлөгөн дүүлүгүшү менен алмашып турат, ретрожана (же) антерограддык амнезия, жүрөк иштеши, дем алуу, терморегуляция жана метаболизм бузулган.
Оор даражадагы мээ урунушун инструменталдык далилдөө: электроэнцефалограммада - (альфа)-ритмдин үзгүлтүксүздүгү бузулушу, ушул бузулушу "сөңгөктүк дүрт этүү" турундө 8- жана 0-активдүүлүк менен айкалышуусу; реоэнцефаллографияда - мээнин кан тамырларынын атониясы; Эхоэпцелограммада - ортоңку түзүмдөрдүн туруктуу жылышканы жана кошумча импульстар; ангиографияда - очоктук тамырсыз зоналар; компьютердик томограммада кабыкчанын калыңдыгынын очоктук жогорулашы.
Мээнин шишиги, дислокациясы жана басылганынан тышкары мээ ичиндеги (ак затындагы) гематомалардын симптоматикасы көлөмдүк процесстин локализациясына жараша болот. Эрежеде, травмалык мээ ичиндеги гематомалар кабыкчанын контузиялык жабыркоо очоктору жана ички карынчаларда кан агуулар менен айкалышат. Мындай учурда жабыркоолорду өмүргө кооптуунун катарына кошуу кабыкчанын очоктук урунушун жана мээнин карынчаларында кан агууларды табуу фактысына негизделет.
Мээнин карынчаларында кан агуу мээнин сөңгөктүк бөлүмүнүн диэнцефалдык жана мезэнцефалдык түзүмдөрдүн функциясы бузулганына алып келет: аң-сезимдин терең чөгүшү, тахипноэ, артериялык кан басымдын жогорулашы, дене температурасы көтөрүлгөн, гипергидроз, көз кыймылдаганы бузулган, менингеалдык синдром. Карынча ичиндеги кан агуу фактынын түздөн түз далили карынчанын пункциясында кан алганда, компьютердик томографияда жана ядро-магниттик-резонанстык томографияда (мындан ары - ЯМРТ) - томографияда мүмкүн.
Эпи-, субдуралдык жана субарахноидалдык кан агууларды, орточо деңгээлдеги мээ урунушун өмүргө кооптуу деп табууга жалпы мээлик, очоктук жана сөңгөктүк симптомдордун болушу негизги аргумент болуп берет. Ошентип, жабырлануучуда баш сөөк ичиндеги кан агуулар болушу башында клиникалык, операциялык жана инструменталдык түрдө (ушулардын бириси) далилдениши керек, андан кийин анын жалпы мээлик, очоктук жана сөңгөктүк симптомдору айкалышканы далилденет. Жалпы мээлик симптомдор: аң сезимдин чөгүшү же жоголушу, күчөгөн баш оору, кайталанган кусуу, психомотордук дүүлүгүү ж.б. Очоктук симптомдор: моно - гемипарездин пайда болушу, бир тараптуу мидриаз, сезгичтиктин бузулушу, анизокория, контралатералдык гемипарез ж.б. Сөңгөктүк симптомдор: күчөп бараткан брадикардия, артериялык кан басымдын жогорулашы, өөдө көз караштын чектелиши, тоникалык өзүнөн өзү кеткен нистагм, эки тараптуу патологиялык рефлекстер ж.б.
4) Тамагына же кекиртекке, же трахеянын моюндагы бөлүмүнө, же кызыл өңгөчтүн моюндагы бөлүмүнө кирген моюн жаракаты; калкан бездин жаракаты.
Көп учурда тамакка, же кекиртекке, же трахеяга, же кызыл өңгөчкө кирген, же калкан бези жабыркоосу менен моюндун жаракаты болгону сайган, кескен, сайып кескен, чапкан буюмдардын аракетинин натыйжасында, майда сынык, ок жана башка снаряддык жабыркатуулардан пайда болот. Мындай жаракаттар милдеттүү түрдө хирургиялык дарылануудан өтөт, ошондуктан моюн жаракаттын аталган варианттарында бир фактынын далили операциялык кийлигишүүнүн жүрүшүндө кекиртек, же тамак, же трахея, же кызыл өңгөчтүн өтмө жабыркоосу, же калкан безинин жабыркоосу табылганда мүмкүн болот.
Кекиртек кемирчегинин ачык жана жабык сынганы; калкан сымал же шакек сымал, же сузгу сымал, же кекиртек үстүндөгү, же мүүз сымал, же трахеялык кемирчектер былжырынын үзүлүшү менен, оор даражадагы шок менен коштолгон же дем алуусунун бузулушу менен же башка өмүрүнө коркунуч болгон башка кубулуштар менен коштолгон.
Калкан, же шакек сымал, же сузгуч сымал, же кекиртек үстүндөгү, же мүйүз сымал кемирчектин, же трахеялык кемирчектин сынганы рентгенологиялык диагностикаланат. Мындай сыныктарды өмүргө кооптуу деп табуу үчүн аталган кемирчектердин бири сынганда, ал сынык ачык же жабыгына карабай, аны аныктоо жетиштүү болот.
5) Кыр арканын моюн бөлүмүнүн сынганы: дене сынганы же моюн омуртканын догоосунун эки тараптуу сынганы, же моюн омуртканын II тишинин сынганы, же моюн омуртканын I жана II догоосунун эки тараптуу сынганы, же моюн омурткалардын көп жеринен сынганы, анын ичинде жүлүндүн функциясынын бузулушу.
Моюн денеси сынганы же моюн омуртканын догоосунун эки тараптуу сынганы өмүргө түздөн түз коркунуч түзүп, кооптуу болуп саналат. Биринчи моюн омуртка алдыңкы жана арткы догоолор менен түзүлгөн туура эмес шакек сыяктуу болуп көрүнөт. Ошондуктан ар кандай, мейли бир тараптуу болсун, биринчи моюн омуртканын алдыңкы жана арткы догоосу сынганы өмүргө кооптуу катары бааланышы керек. Биринчи моюн омуртканын кырынан-туурасынан, кырдагы жана туурасында өскөн жерлери сынганы өмүргө кооптуу болуп саналбайт.
Экинчи моюн омуртканын тишин же догоосу сынганы да өмүргө түздөн түз коркунуч түзөт. Мында экинчи моюн омуртканын догоосу бир жеринен сынганы эле жетиштүү болот.
Өмүр үчүн кооптууга моюндун ар омурткасынын догоосу эки тараптуу сынганы же моюн омурткалардын көп жеринен (эки жана андан көп) сынганы, алардын локализациясына карабай кирет. Өмүргө кооптууга бир моюн омуртканын кырынан жана (же) туурасынан өскөн жери бириндеп сынганы (сынгандары) кирбейт.
Моюн омурткалардын сынганы рентгенологиялык же хирургиялык кийлигишүүнүн жүрүшүндө далилденет.
6) Бир же бир нече моюн омурткалардын чыгып кетиши; жүлүн басылып, кыр арканын моюн бөлүмү деңгээлинде омурткалар арасындагы дисктин травмалык үзүлүшү.
Өмүргө кооптуу деп табуу үчүн жүлүндүн травмалануу симптому болушу же болбошуна карабай моюн омуртканын бири чыгып кеткенин аныктоо жетиштүү болот.
Омуртка бир аз чыгып кетиши омуртка чыгышынын варианты катары каралышы керек.
Кыр арканын моюн бөлүмү деңгээлинде омурткалар арасындагы дисктин биринин травмалык үзүлүшү өмүргө кооптуу болуп моюн бөлүмдөгү жүлүндүн басылышы менен айкалышканда гана бааланат. Омуртка арасындагы дисктин үзүлүшү салттуу рентгенография, КТ жана МРТ менен далилденет. Жүлүн басылуу неврологиялык симптомдор жыйындысы менен аныкталат: аркадагы кан айлануунун бузулушу, травмадан кийин пайда болгон басылуу деңгээлдин ылдый жагында өткөрмөлүктүн бузулушу, солуган парез же арефлексия менен булчуңдун параличи жана жабыркоо деңгээлинен төмөн сегменттик бузулуштар, жүрөк, дем алуу аракетинин жана жамбаш чарадагы органдардын функциясынын бузулушу. Басылуу диагнозу деталдуу неврологиялык текшерүү, люмбалдык пункция, спондилография, миелографиядан кийин коюлат.
7) Жүлүндүн моюн бөлүмү урунушу анын функциясынын бузулушу менен.
Жүлүндүн моюн бөлүмүнүн урунуусу морфологиялык мээ ичиндеги кан агуу же анын тканынын жанчылуусунан көрүнөт. Симптоматикасы жабыркоо деңгээлден төмөн неврологиялык бузулуу менен аныкталат: сезгичтикти жоготуу, булчуңдардын парези жана параличи, жабыркоо деңгээлден төмөн арефлексия, дем алуу функциянын, жүрөк аракетинин жана жамбаш чарадагы органдардын функциясынын бузулушу. Диагностикага ликворду, спондилография, миелография изилдөөлөрү жардам берет.
8) Көкүрөктүн жаракаты, плевралык көңдөйүнө же перикарддын көңдөйүнө, же орто көңдөй клетчаткасына кирген, анын ичинде ички органдардын жабыркоосуз.
Плевралык көңдөйгө, же перикард көңдөйгө, же орто көңдөй клетчаткасына кирген көкүрөк клетканын жаракаты милдеттүү түрдө хирургиялык дарыланат. Алгачкы хирургиялык иштеп чыкканда жаракат каналы ревизияланат, жаракат каналдын багыты аныкталат, жүрөк кабы же капталдагы плевранын жабыркоосу болушу же жоктугу, орто көңдөйгө жаракат каналдын кирүү тереңдиги аныкталат. Эгерде жаракат плевралык көңдөйгө же перикард көңдөйгө кирсе, мындай жабыркоо өпкө жана (же) жүрөк бүтүн болуп сакталса да өмүргө кооптуу катары бааланат. Плевралык көңдөйгө жаракаттын кириши тери алдындагы эмфиземанын белгилери болушу менен, ошондой эле рентгенологиялык же плевра көңдөйүнүн пункциясында пневмоторакс же гемопневмоторакс менен далилденет.
9) Көкүрөк көңдөйүндөгү органдардын жабык жабыркоосу (жанчылуусу, айрылуусу, үзүлүүсү); жүрөктүн же өпкөнүн, же бронхтун, же трахеянын көкүрөк бөлүмүнүн, травмалык гемоперикард же пневмоторакс, же гемоторакс, же гемопневмоторакс; диафрагманын же лимфалык көкүрөк жолун, же айры сымал бездин.
Жүрөктүн, өпкөнүн же трахеянын травмалык үзүлүшү, эрежеде, өлүм менен аяктайт жана тирүү адамдын экспертизасында жолукпайт. Жүрөктүн урунуусу жана чайкалуусу өмүргө коркунуч болушу же болбошуна жараша бааланат.
Бронхтордун өз алдынча травмалык айрылыштары кездешпейт. Демейде алар өпкө тканы үзүлүшү жана өпкө тканына арбын кан агуулар менен айкалышат, алар өпкөдөн кан агуу, гемопневмоторакс, эндобронхтук кан агуу жана кан аспирациясы боюнча диагностикаланат.
Трахея же бронхтун жабык үзүлүшүнүн мүнөздүү белгилери: - тышкы дем алуунун бузулушу, пневмоторакс, орто көңдөйдүн эмфиземасы, тери алдындагы эмфизема, гемоторакс жана кан түкүрүү. Инструменталдык диагностика - рентгеноскопия, бронхоскопия, бронхография, рентгенография. Эрежеде, хирургиялык кийлигишүү талап кылынат, анын жүрүшүндө трахея же бронхтун травмасынын мүнөзү такталат.
Травмалык гемоперикард, же пневмоторакс, же гемопневмоторакс клиникалык, рентгенологиялык жол менен, ошондой эле плевралык көңдөйдүн пункциясында аба жана кан алып, перикард көңдөйүнүн пункциясында кан алып аныкталат. Объективдүү диагностикага торакоскопия, ультра добуштук изилдөө, КТ жана МРТ көмөктөшөт.
Жүрөк үзулүшү жөнүндө жабырлануучунун абалы боюнча билет: өзүн жоготкон, кумсарган, кара тер, катып калган көз караш, эси оогон же жарым оогон абалда, жүрөк тампонада белгилери (дем жутканда систоликалык басымдыи азайышы 15 мм.рт.ст., дем жутканда пульстун начарлашы, борбордук көк кан тамыр басымы тез жана кыйла жогорулашы, жүрөк ыргагы кескин начарлашы, ренттеноскопияда журөк пульсациясынын көлөкөсү "жоктугу" жана жүрөк менен перикард көлөкөсү ортосунда суюктуктун горизонталдык деңгээли жана абанын тилкелеринин болушу (гемо-пневмо-перикард), ЭКГ өзгөрүшү). Гемоперикарддын тике далили болуп перикарддын көңдөйүндөгү пункцияда кан алуу саналат.
Диафрагманыы үзүлүшү клиникалык жана рентгенологиялык симптомдор боюнча диагностикаланат.
Көкүрөк лимфалык агым экинчи бел омуртка деңгээлинде башталат, кыр арканы бойлой омурткалардын алдыңкы жагында аортанын артында жетинчи моюн омурткасына чейин барат, алдыга кетип солго кайрылат жана көк күрөө тамыр жана сол акырек алдындагы көк кан тамыр кошулганы менен пайда болгон сол көк кан тамыр бурчуна кирет. Өмүргө кооптуу болуп көкүрөк клетканын участкасында, б.а. аортанын көкүрөк көңдөйгө диафрагма аркылуу кирүүдөн көк кан тамыр бурчка кошулганга чейин лимфалык көкүрөктөгү агымдын жабыркоосу саналат. Көкүрөктөгү агымдын жабыркоосу капталынын толук айрылышы же анын толук үзүлүшү түрүндө болушу мүмкүн. Лимфалык көкүрөктөгү агымдын жабык жабыркоосу көкүрөк омурткалардын сынганы менен айкалышат, ошондуктан көкүрөк агымы айрылуусу (же үзүлүүсү) шек туудурса, кыр арканын көкүрөк бөлүмү рентгенологиялык деталдуу текшерилиши керек.
Богок бездин жабыркоосун өспүрүмдөрдө гана, бул бездин тескери өнүгүшү болгончо айкындоого мүмкүн.
10) Көп жеринен кабыргалардын эки тараптуу сынганы көкүрөк клетканын каркасынын анатомиялык бүтүндүгү бузулушу менен же көп жерден кабыргалардын бир тараптуу сынганы эки же андан көп анатомиялык линиялар боюнча "кабырга клапаны" типтеги көкүрөктөн кыймылдаган участкалары пайда болушу менен.
Кабыргалардын көп эки тараптуу сынганы деп сол жактан экиден кем эмес жана оң жактан экиден кем эмес кабыргалар сынганын билебиз. Көкүрөк клетканын каркасынын анатомиялык бүтүндүгү анын жабыркабагандыгы менен билинет. Ошондуктан кабыргалардын сынганын өмүргө кооптуу деш үчүн ар бир жагынан экиден кем эмес травмаланган кабырга болушун аныктоо жетиштүү болот, мында көкүрөк клетканын каркасынын анатомиялык бүтүндүгү бузулушу талашсыз болуп калат.
Экинчи вариантта эки же андан көп анатомиялык линиялар боюнча кабыргалардын көп (эки же андан көп) бир тараптуу сынганы "кабыргалык клапан" типтеги көкүрөк капталынын кыймылдаган участкасы пайда болушу менен айкалышуусу менен каралат. Бул вариантты айырмалап турган өзгөчөлүк "кабыргалык клапан" эки же андан көп чектеш кабыргалар жабыркаган учурда гана пайда болгондо турат, мында ар бири экиден кем эмес анатомиялык линиялар боюнча жабыркайт. Мындай учурда дем жутканда көкүрөк клетканын жабыркаган бөлүгү тартылып, дем чыгарганда, тескерисинче, томпоет. Бул күчөп барган дем алуу жетишсиздигине алып келип, адам өмүрүнө коркунуч туудурат.
11) Кыр арканын көкүрөк бөлүмүнүн сынганы; көкүрөк омуртканын бир догоосунун же денесинин сынганы жүлүндүн функциясы же бир нече көкүрөк омурткалардын бузулушу менен.
Бул белги көкүрөк омуртканын догоосу же денеси сынганы менен жүлүн функциясынын бузулушу айкалышканын билдирип турат (омуртканын туурасынан жана кырынан өскөн жерлери сынганын кошпогондо). Ушул белгиге ылайык бир көкүрөк омуртканын сынганы жетиштүү болот. Эки же андан көп көкүрөк омурткалардын бардык башка сынгандары жүлүн функциясы бузулушу менен айкалышканда гана оор катары бааланат.
Бул белгиде жүлүндүн функциясы бузулуу даражасы айтылбайт: "арка шогу" же жүлүндүн "дүүлүгүү симптомдору". "Арка шогу" тетра - же параплегия, арефлексия, өткөргүч типтеги анестезия, приапизм, жамбаш чарасынын органдарынын функциясы жана вегетативдүү функциянын (тер чыгуу, гемодинамика, тери температурасы, пиломотордук рефлекстер ж.б.) бузулушу менен мүнөздөлөт.
Жүлүндүн "Дүүлүгү симптомдору": "сөөк какшаганы", ооруксунуунун пароксизмдик мүнөзү (кыска мөөнөттүк же көп күнгө созулган ооурутуп кармаганы), гипестезия же анестезия, тактилдик парестезия (сенейип калуу, сенейип катып калуу, "ичиркенүү", "электр тогу етүү"), спастикалык синдром, кыймылдык синергия формасында коргоонуу рефлекстери, заара ушатуунун бузулушу ж.б.
12) Көкүрөк омуртканын чыгып кетиши; жүлүндү кысып, көкүрөк бөлүмдө омуртка ортосундагы дисктин травмалык чыгып кетиши.
Жабыркоо өмүргө кооптуу болуп саналат, эгерде көкүрөк омуртканын чыгып кетиши гана болсо же омурткалар аралык дисктин үзүлүшү жүлүндүн көкүрөк бөлүмү басылышы менен айкалышса. Жүлүн басылуунун симптоматикасы "арка шогунун" неврологиялык белгилери менен окшош, анын эң жакшы көрүнгөнү травма учурунда болот - омуртка жылышканда (чыкканда) же травмаланган омурткалар ортосундагы дисктин кыр арка каналга түшүп кеткенде кыр арка каналдын конфигурациясы өзгөрүлгөндүктөн. Жүлүндүн алдыңкы, арткы жана капталдагы басылышын алардын айкалышуусу менен бөлүштүрүп билет.
Неврологиялык симптоматикадан тышкары кыр арка каналдын конфигурациясынын кескин өзгөрүлүшү рентгенологиялык, КТ же МРТ аркылуу далилденет.
13) Жүлүндүн көкүрөк бөлүмүнүн урунуусу, анын функциясынын бузулушу.
Жүлүндүн урунуусу (гематомиелия), анын функциясынын бузулушу жөнүндө айтып турган төмөнкү симптомдордун жыйындысы боюнча диагностикаланат: параличтер жана парездер булчуң гипотониясы менен, арефлексия, сезгичтиктин (оорутуу, тактилдик сакталып, терең жана температуралык) бузулушу, жамбаш чарасындагы органдардын функциясы бузулушу, ликвордогу кан. Жүлүн урунушу морфологиялык жактан кабыкчалар алдындагы жана мээ ичиндеги кан агуулар менен көрүнүшү мүмкүн, алардын көлөмү жана кайталанышы жабырлануучунун оордук абалына таасир берет.
14) Карын көңдөйгө кирген ичтин жаракаты, анын ичинде ички органдар жабыркабастан.
Карын көңдөйгө кирген жаракат курч буюмдардын аракетинен (көбүнчө саюучу жана сайып кескен), атылма октордун (октордун, дробь, картечь ж.б.), жарылчу нерселердин сыныктарынан ж.б. пайда болот. Карын көңдөйгө кирген ичтин жаракаттары операциялык кийлигишүүгө түздөн түз көрсөткүч болуп саналат, анын жүрүшүндө карын капталдарынын бүтүндүгү бузулган факты аныкталат, бул жаракаттын өтүп киргендигинин далили болуп саналат. Эгерде карын көңдөйгө кирген деген диагноз өз убагында коюлбаса, карын көңдөйгө кирген жаракаттын эрте билинген кыйыр белгиси катары чектелген же жайылган перитонит болушу мүмкүн.
Өтүп кирген жаракаттын далили үчүн атайын методика колдонулат: вульнерография - жаракат каналынын контрастталганы. Сууда эритилчү контрастты (10 мл.) жаракат каналдын өзүнө киргизет жана рентгенографияны эки проекцияда аткарышат: контраст карын көңдөйгө кириши жаракаттын өтүп киргени жөнүндө айтып турат, контрасттын тери астындагы майлуу клетчаткада жана булчуң тканда болушу - карындын капталынын бүтүндүгү тууралуу айтып турат.
15) Жабык жабыркоо (жанчылуу, айрылуу, үзүлүү): карын көңдөй органдарынын - көк боордун же боордун, же (жана) өт баштыкчанын, же уйку бездин, же ашказандын, же ичке ичегинин, же алкактуу ичегинин, же түз ичегинин, же чоң карын майдын, же жоон жана (же) ичке ичегинин чычыркайы; карын артындагы органдардын - бөйрөктүн, бөйрөк үстүндөгү бездердин, сийдик түтүгүнүн:
Бул пунктта жабыркоолордун үч түрү каралат: ичтин бош же паренхиматоздук органдын же карын артындагы ткандардын жанчылуусу, айрылуусу же үзүлүүсү. Ар бир ушундай жабыркоо ткандар тегерегине кан таралуу менен коштолот. Органдын тканына кан таралуунун өзү жогоруда аталган үч жабыркоолордун бириси көрүнгөнү болушу мүмкүн, бирок ал өзү формалдык жагынан жабыркоо болуп эсептелбейт. Ошондуктан кан таралууну табуу, ал эмнеден болгондугун аныктоо зарылдыгын айтып турган жагдай болуп саналат: жанчылуу, айрылуу, үзүлүү.
Паренхиматоздук органдын тканы айрылганы - ал ткандын айрылуу даражасы - ден соолукка келтирген оор зыян катары каралат. Бош органдын капталдары үзүлүшү - бул анын капталын түзгөн бардык катмарларынын бүтүндүгү тешилип бузулушу.
Ичтин ички органы жабыркоосуна күмөн саноого перитонит же ички кан агуу синдрому, же алардын айкалышы негиз берет.
Жалпы симптомдор: бүт ичи катуу ооруйт, жабыркаган органдын тегерек четинде даана билинип турат, кускусу келүү, кусуу, алдыңкы карын капталынын булчуңдары коргонуп чыңалган, карындын дүүлүгүү симптомдору, перкуссияда боордун туюктугу "жоголуу", ичтин жантайма жактарында туюктуктун пайда болушу, тери алдындагы эмфизема, кан жоготкондо - терисинин жана былжырлуу кабыкчалардын кумсарганы, пульстун тездеши, артериялык кан басымдын төмөндөшү, турган турушу аргасыз (позасын өзгөртсө ал кайра алгачкы турган турушуна келет, ушул позада азап тартканы азыраак, мисалы уику бези жабыркаганда тизелеп-чыканактап калат же көтөн чучуктун карын ичиндеги үзүлүшүндө тизелеп калуу). Ашказанды же 12 эли ичегини жабыркатканда кусундуда кан байкалат, көтөн чучукту жабыркатканда - заңында кан байкалат, заарада кан болуу бөйрөктүн жабыркашы жөнүндө айтып турат, заара ушатуунун токтоп калышы - табарсыктын жарылгандыгы тууралуу.
Бул жана башка белгилер ички органдын жабыркашына шек саноого гана жардам берет. Анын далилдөөгө инструменттик методдорду колдонуп жетишүүгө мүмкүн: ичтин рентгенографиясы, ультра добуштук изилдөө, лапароскопия, лапароцентез издөөчү катетер же перитонеоскопияны колдонуп.
16) Белдин ылдый жагынын жана (же) жамбаш сөөктүн жаракаты, карын артына кирген, карын артындагы органдарды жабыркаткан: бөйрөктү же бөйрөк үстүндөгү бездерди, сийдик түтүгүн, же уйку бездерин, же он эки эли ичегинин төмөндөөчү жана горизонталдык бөлүгүн, же төмөндөөчү жана горизонталдык алкактуу ичегини.
Негизги квалификациялык белги болуп бир же бир нече органдардын жабыркашы саналат.
Арканын ылдый жагынын жана (же) жамбаш чарасынын жаракаттары карын артына кирген жаракат канал болуп көрүнөт, дайыма кайсы бир органдын жабыркоосу менен: бөйрөктүн, бөйрөк үстүндөгү бездин, же сийдик түтүгүнүн, же уйку бездерин, же 12 эли ичегинин төмөндөгөн же горизонталдык бөлүгүн, же төмөндөгөн алкактуу ичегини. Мындай жабыркоолор негизинен курч буюмдардын, майда сыныктардын жана атылчу октордун таасиринен болот. Көрсөтүлгөн жаракаттар хирургиялык кийлигишүүгө тике көрсөткүч болуп саналат, анын жүрүшүндө жаракаттын чыныгы көлөмү жана мүнөзү, ар бир органдын жабыркоо көлөмү жана мүнөзү аныкталат.
17) Кыр арканын бел-куймулчак бөлүмүнүн, дененин же "жылкы куйругу" синдрому менен бел жана (же) куймулчактын бир нече омурткаларынын догоосу сынганы;
18) Бел омуртканын чыгып кетиши; белдеги, бел-куймулчак бөлүмүндө "жылкы куйругу" синдрому менен омурткалар дискинин травмалык үзүлүшү;
19) "жылкы куйругу" синдрому менен жүлүндүн бел бөлүмүндөгү урунуусу.
Өмүргө кооптуу болуп бел омуртканын чыгып кетиши саналат.
Ушул пункттун 17, 18 жана 19-пунктчаларында келтирилген башка жабыркоолорду өмүргө кооптуу деп табууга негизги белги болуп "жылкы куйругу" синдромунун болушу саналат, ал параплегия, чап бырышынын сезгичтиги бузулуу менен, жамбаш чарасындагы органдардын функциясы бузулуу (катуу кармаган мезгилде - заара ушатуунун токтошу), ылдыйкы аяктарда кыймыл функциясы бузулушу булчуңдардын кийинки гипо- жана атрофиясы менен көрүнөт.
Бел омуртканын догоосу же денеси сынганы, анын чыгып кетиши, омуртка ортосундагы дисктин травмалык үзүлүшү жана анын кесепеттери түз жана капталдагы спондилограммаларда, КТ жана МРТ, перидурография же дискография, ликвородинамикалык сынак, миелография, субарахноидалдык мейкиндикке аба киргизүү менен, ангиография, эндоскопия. Люмбалдык пункциянын жардамы менен диагностикаланат.
20) Жамбаш сөөк жактагы органдардын жабыркоосу (жанчылуусу, айрылуусу, үзүлүшү): табарсыктын же заара ушатуу каналынын жаргактуу бөлүгүнүн, же уруктукту, же жатын (фаллопий) түтүкчөсүн, же жатынды, же башка жамбаш сөөк жактагы органдардын (эрендик бези, урук көбүкчөлөрдүн, урук чыгаруучу жолдун) ачык жана (же) жабык жабыркоосу.
Жамбаш чарасындагы органдардын травмасынын жалпы симптомдору: ооруганы бүт ичине тараган, ылдый жактарында катуурак ооруйт, ички кан агуунун белгилери, перитониттин симптомдору, шок, коллапс, көңүлү айнуу, кусуу ж.б.
Табарсык жабыркашынын белгилери: чат дөмпөгү ооруп, алага, жыныс мүчөсүнө, көтөн чучукка таркалышы; чап жагында булчуңдун чыңалышы, сийдиктеги кан; заара ушатуу келгени менен сийдиктин чыкпаганы; жалган "кандуу" анурия; чап жана аланыкол менен кармалап билгенде оорутуу. Табарсыктын жарылышынан сийдик карын көңдөйгө куюлушу перитониттин өнүгүшүнө алып келет. Табарсык карын тышынан жарылганда сийдик табарсык тегерегиндеги клетчаткага куюлуп, сийдиктик шишиктер пайда болот жана клетчатканын ириңдүү сезгениши өнүгөт. Диагноз цистоскопия, өөдөлөгөн цистография, лапароцентез жана лапароскопия, ультра добуштук изилдөө, КТ менен далилденет.
Уретранын жабыркоосунун негизги симптомдору: заара ушатуунун бузулушу, заарадагы кан, калта жана (же) аладагы гематома, заара ушатканда ооруйт, заара ушатууга барганы натыйжасыз, тегерек четтеги клетчаткага зааранын сиңип кетиши, заара шишиктери пайда болушу, андан кийин клетчатканын ириңдүү сезгенүүсү. Диагноз уретроскопия, контрасттык уретрография Фолей катетеринин жардамы менен, КТ.
Жатын айрылуунун негизги белгилери: ичи оору, жатынды кармалаганда катуу ооруйт, карындын дүүлүгүү симптомдору, ички кан агуу симптомдору (жалпы алсыздыгы, теринин жана былжырлуу кабыкчанын кумсарганы, кара тер, тынчы кетүү, тахикардия, жүрөк ыргагы начарлашы, артериялык кан басымдын төмөндөшү ж.б.). Кош бойлуу жатындын айрылышы боюнан түшүүгө же күмөндүн өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Энелик без жана жатын түтүкчөлөр жабыркоосу жогоруда аталган белгилер менен коштолот, бирок анчалык билинбейт. Акыркы диагноз атайын гинекологиялык текшерүүдөн, лапороскопия, ультра добуштук изилдөө жана КТдан кийин коюлат.
21) Кындын же түз ичегинин, же аласынын жаракаты, кичи жамбаш сөөк жактагы клетчаткасына жана (же) көңдөйүнө кирген.
Жабыркоону ушул пунктка таандык кылуу үчүн кындын капталынын бардыгы же көтөн чучук, же аласынын бүтүндүгү бузулушу чакан жамбаш чаранын көңдөйүндөгү карындын капталынын бүтүндүгү бузулушу менен жана (же) чакан жамбаш чаранын клетчаткасына жаракат кирүү менен (карындын бүтүндүгү сакталып) айкалышканда чечүүчү шарттын бири болуп саналат.
Кындын капталынын жаракаты кындагы жана ички кан агуу менен коштолот. Гематома тышкы жыныс органдарга жана чакан жамбаш чаранын клетчаткасына таркалат. Күчөгөн гематома чадырайтып оорутат. Аяккы диагностика атайын вагиналык же ректо-вагиналык текшерүү менен коюлат.
Көтөн чучуктун жаракаты ректалдык кан агуу, тез өнүккөн парапроктит жана перитонит менен көрүнөт.
Кындын, көтөн чучуктун жана аланын жаракаты, чакан жамбаш чаранын көңдөйүнө кирген жаракат каналдын ревизиясына жана операциялык кийлигишүүгө түздөн түз көрсөткүч болуп саналат, анын жүрүшүндө карындын капталы жабыркоосу жана жаракаттын карын көңдөйүнүн ылдыйкы кабатына чакан жамбаш чаранын көңдөйүнө кириши аныкталат, бул натыйжада өмүргө түздөн түз коркунуч түзөт, адам өрүрүнө кооптуу ден соолукка келтирген зыян болуп саналат.
22) Үзгүлтүксүздүгү бузулуп, алдыңкы жамбаш сөөктүн жарым тегерекчесинин эки тараптуу сынганы: "көпөлөк" типтеги эки чат жана эки көчүк сөөктөрдүн сынганы; көтөн жакта жамбаш сөөктүн тегерекчесинин үзгүлтүксүздүгү бузулушу менен жамбаш сөөктүн сынганы; куймулчактын, капчыт сөөктүн вертикалдуу сынганы, куймулчак-капчыт муундун өз алдынча үзүлүшү; алды жана арткы жактагы жамбаш сөөктүн тегерекчесинин үзгүлтүксүздүгү бузулушу менен жамбаш сөөктүн сынганы; бир жагында жамбаш сөөктүн алдыңкы жана арткы жактарынын бир тараптуу жана эки тараптуу вертикалдуу сынганы (Мальгень сыныгы); маңдай-тескей жактарда жамбаш сөөктүн алдыңкы жана арткы жагындагы диагоналдык-вертикалдык сынганы (Воллюмье сыныгы); алдыңкы жана арткы жактарда жамбаш сөөктүн муундарынын үзүлүшү жана сөөктөрдүн ар кандай сынышы.
Өмүргө түздөн түз коркунуч түзгөн ден соолукка келтирген зыяндын өмүргө кооптуусуна жамбаш кырчоосун бузган ар түрлүү сыныктар кирет. 22-пунктчага өз алдынча горизонталдуу, жантайган горизонталдуу орто көңдөйдүн сөөктөрүнүн сынганы, чат дөмпөгү же көчүк сөөктөрдүн бир бутагынын өз алдынча сынганы кирбейт.
Жамбаш кырчоосу сынгандын жалпы клиникалык симптомдору: жабырлануучунун пассивдүү абалы, буту менен кыймылдайын дегенде жамбаш кырчоосу катуу ооруганы, жамбаш чаранын ассиметриясы, сынган жерде туура эмес кыймылдаганы жана майда сыныктардын крепитациясы, буттардын "кыскарышы", көчүк бырыштарынын ассиметриясы, Волкович симптому (буттарды тизеден бүгүп, ротацияга аракет жасаганда жамбаш чара жакта ооруганы күчөйт), Маркс симптому (көчүк сөөктүн дөмпөгүнөн орто көңдөй сөөктүн кырына тике багытта, жамбаш кырчоосуна күч келгенде саггиталдык жана фронталдык багытта сынган жерлерде ооруганы күчөйт). Жамбаш чаранын сынганын рентгенография, КТ менен аныктайт.
23) Кыр арканын куймулчак бөлүмүнө, же бел, же көкүрөк, же моюндун омуртка каналына кирген жаракат, анын ичинде жүлүндү жана "жылкы куйругун" жабыркатпастан.
Сайылган, сайып кескен, октун, майда сыныктардын ж.б. жаракаттын кыр арка каналына кириши бир гана учурда болушу мүмкүн - эгерде жабыркаткан нерсе катуу мээ кабыкчанын бүтүндүгүн бузганда гана. Өмүргө түздөн түз коркунучту жүлүн тике травмаланышына карабай кыр арка каналына жаракаттын кирип кетиши түзөт. Кыр арка каналына кирген жаракаттын далили катары инструменттик текшерүүлөр (рентгенографиянын, КТ, МРТ жана миелографиянын) жыйынтыктары болушу мүмкүн, ошондой эле жаракат каналын хирургиялык ревизиялаганда аныкталган катуу мээ кабыкчанын жабыркоо фактысы болот.
24) Жүлүндүн ачык же жабык жабыркашы: жүлүндүн толук же толук эмес үзүлүшү; жүлүндүн жанчылышы.
Жүлүн жабыркаганда анын үзүлүм синдрому өнүгөт: тетра- же параплегия төмөн тонус менен, арефлексия, анестезия өткөргүч типтеги, приапизм, жамбаш органдардын функциясы жана вегетативдик функция бузулушу ("арка шогу"). Бул өзгөрүүлөр бир нече жума же айлар ичинде кайра ордуна келет. Өзгерүүлөр ордуна келбесе жүлүндүн толук үзүлүшү жөнүндө айтышат. Жүлүн үзүлүшүнүн морфологиялык көрүнүшү болуп анын жанчылышы, гематомиелия, локалдуу туурасынан кеткен некроз саналат. Жүлүн үзүлүшүнүн далилин неврологиялык текшергенде, рентгенографияда, КТ, МРТ, миелографияда, люмбалдык пункцияда алышат.
25) Чоң кан тамырлардын жабыркашы (үзүлүшү, айрылышы, кесилиши, травмалык аневризма): аортанын же күрөө тамырдын (жалпы, тышкы, ички), же акырек астындагы, же колтук алдындагы, же ийин, же же капчыт (жалпы, тышкы, ички), же сан, же тизе алдындагы артериянын жана (же) алардын коштогон магистралдык көк кан тамырдын.
Чоң кан тамырлардын жабыркоосунун жалпы клиникалык диагностикасы жаракаттан кийин кан көп кетүү фактысына, жалпы кыйла кан жоготуу белгилерге (суусаганы, териннн жана былжырлуу кабыкчалардын кумсарганы, пульстун начарлашы, артериялык кан басымдын түшкөнү, демигүү, тахикардия, айрым учурда эсин жоготуу), жаракат каналы чоң кан тамырлар топографиясынын проекциясында жайгашуусуна, кан тамырдын кеткен жерде "футлярдык" гематомага, жаракат болгон аяктарда ишемиялык ооруганына, ишемиялык контрактурага негизделет. Кан тамыр жабыркоонун мүнөзү (үзүлүшү, айрылышы, кесилиши) жабыркаган зонаны хирургиялык ревизиялаганда аныкталат.
Аневризмдин травмадан пайда болушун далилдөө үчүн кан тамыр капталынын (мисалы, интимдин) бир катмары жабыркаган факты далилденип, кан тамыр жабыркаган зонада патологиялык өзгөрүүлөр жок болуш керек. Интимдин жабыркоосу тамырдын травмалык окклюзиясына жана анын бассейнинде кан айлануу токтошуна алып келиши мүмкүн - мындай жабыркоолор өмүргө кооптуу болуп бааланат.
26) Рефлексогендик зоналардын туюк травмасы: кекиртек жагын, каротиддик синустар жагын, өзөк жагын, тышкы жыныс органдар жагын клиникалык жана морфологиялык маалыматтар болгондо.
Жабыркоо өмүргө кооптуу болушу үчүн рефлексогендик зоналардын бири травмаланышы жетиштүү болот.
Рефлексогендик зонанын урунуу травмасынын далили төмөнкүлөрдү жыйнактуу баалоодо турат: а) травмага чейинки окуяларды; б) рефлексогендик зоналар проекциясында тышкы жабыркоолордун болушун; в) травмадан кийин ошол замат жазылган клиникалык сүрөтүн.
Травма алууга чейин, демейде, узак же кыска мөөнөттүү конфликт чыгат, анын учурунда жабырлануучу эмоциялык желигүүдө болот.
Рефлексогендик зонага ушундай таасир берүү фактысы тууралуу ошол зоналардын биринин проекциясында (кекиртекте, синокаротиддик зонада, өзөктө, калтада) тышкы жабыркоо - сыйрык, канталап көгөргөндөрү, тери алдындагы гематомалар болушу боюнча айтышат. Бирок анатомиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү (мисалы, карындын алдыңкы капталы жумшактыгы) жана травмадан жабырлануучунун соттук-медициналык текшерилишине чейин узак убакыт өтүп кетсе, тышкы жабыркоолор табылбай калышына себеп болушу мүмкүн. "Жашырын" тери алдындагы кан агуу жылуулук көрүүчү методдор менен аныкталышы мүмкүн.
Клиникалык жактан көрүнгөн ден соолуктун бузулушу дароо травмадан кийин келет: жабырлануучу токтоп калат ("сенейип калат"), колдору түшкөн, буттары тизе муундан кармалбай бүгүлөт, дене "жумшарган", чалкасынан же көмкөрөсүнөн кулашы мүмкүн. Айрым кыска мөөнөттүү (5-10 секунд) координациялуу кыймылдар байкалат (бир нече кадам, кол салуучуга каршылыгы эптеген), ошону менен бирге коллапс синдрому өнүгөт: булчуңдун өтө начардыгы, карыны ач же суусайт, теринин жана былжырлуу кабыкчанын кумсарганы бардык дененин ар кандай көгөргөнү менен алмашып турат, көк кан тамырлар бошой түшөт, жүрөк ыргагы "саат чыкылдагандай" же эмбриокардия, тахикардия (чанда - брадикардия), араң билинген пульс, артериялык жана көк кан тамырдык кан басымдын түшүүсү, дем алганы тез-тез жана үстүртөн, айрым учурда кырылдап же "чулкулдоо" менен, дем алуу кыймылдары тез (тахипноэ), ритм боюнча бирдей эмес жана тереңдиги боюнча ар кандай, оозунан көбүк чыгуу, аң сезимин жоготот, каректери кеңейет, кыймылдык желигүү жана тоникалык тырышуулар, өзүнөн өзү кеткен физиологиялык актылар. Мындай абалдар реанимациялык көмөктөшүү болмоюнча көп учурда өлүм менен аяктайт.
27) Дене үстүнүн 15% ашкан III-IV даражадагы термикалык же химиялык, же электр, же нурдан күйүктөр; дене үстүнүн 20% ашкан III даражадагы күйүктөр; дене үстүнүн 30% ашкан II даражадагы күйүктөр; күйүк оорусу өнүккөнү менен коштолгон аянты азыраак күйүктөр; шишиген жана үн жылчыгы куушуп калышы менен дем алуу жолдорунун күйүктөрү.
Күйүктөрдү өмүргө коркунучтуулардын категориясына киргизүү үчүн төмөнкүнү аныктоо керек: а) күйүктөрдүн тереңдигин жана б) алардын аянтын. Толук кандуу диагностика күйүк эмнеден болгонун аныктоону талап кылат: термикалык, химиялык, электрдик, нурдук.
Тереңдиги боюнча күйүктөрдүн төмөнкүдөй даражаларын айырмалашат:
I даража: эпидермистин гана жабыркоосу, теринин кызарышы жана шишигени, чыдатпай оорутуу;
II даража: теринин терең жабыркоосу учтар катмары сакталып; тунук суюктук толгон ыйлакчаалар пайда болушу менен эпидермис катмарланган, теринин гиперемиясы, басканда гиперемия участкалары агарат, бул кан айлануу сакталгандыгы тууралуу айтып турат;
III - а даража: чачтын түбү, тер жана май бездер сакталып, учтар катмарынын баштары жабыркап теринин жарым-жартылай некрозу; ыйлакчаалардын бир бөлүгү киргил геморрагиялык суюктук менен толгон, башка ыйлакчалар жарылган, түбү кургак сары-күрөң, сакталган чачтар оорутпай жулунат;
III - б даража: эпидермистин, дерманын толугу менен жана тери алдындагы клетчатканын жарым-жартылай некрозу; күйүк үстү күрөң же кочкул күрөң, кургак; күйүк үстү жабыркабаган же күйгөн териге карата тереңдеп кеткен;
IV даража: теринин, тери алдындагы клетчатканын, булчуңдардын, тарамыштардын, муундардын, сөөктөрдүн некрозу; күйүк үстү кара-кочкул, булчуң, тарамыш, сөөктөр көрүнүп калган.
Терең болуп III-IV даражадагы күйүктөр эсептелет.
Күйүк үстүнүн аянты "алакан аянты" боюнча аныкталат, ал шарттуу түрдө дене үстүнүн 1% барабар, жана "тогуздар эрежеси" боюнча: баш менен моюн үстү - 9%, тулку бойдун алдыңкы жагы - 9x2 = 18%, тулку бойдун арткы жагы - 2x9 = 18%, сандын үстүн - 2x9 = 18%, шыйрак таман менен 9%, алалар - 1%.
Күйүк оорусу күйүктен болгон ар кандай органдар жана системалар функциясы бузулуусунун жыйындысы болуп көрүнөт жана төрт өзүн өзү ирети менен алмашкан мөөнөттөрдүн өнүгүшү менен айырмаланат: күйүк шогу, күйүк токсемиясы, күйүк септикалык токсемия жана реконвалесценция. III-IV даражадагы күйүктүк шок жана күйүктүк сепсис өмүргө коркунуч келтирген абалдарга кирет. Күйүк оорусунун жүрүшү төмөнкү кошумча оорулардын мыйзамдуу өнүгүшү менен мүнөздөлөт - пневмония, сепсис, бактериялык шок, күйүктүк арыктоо, катуу кармаган (стресстик) ашказан-ичеги трактынын жарасы кан агуу же ашказан, ичеги капталынын перфорациясы, катуу кармаган ташы жок холесцистит, чычыркай тамырлардын тромбозу, нефролитиаз.
Дем алуу жолдорунун күйүктөрү клиникалык көрүнүшү боюнча (үн байламталардын жана кекиртектин жана трахеянын былжырлуу кабыкчалардын шишиги, тышкы дем алуунун кыйындашы, жөтөл, көөнүн карасы аралашкаи какырык чыгуу) жана инструменттик - ЛОР аркылуу - кекиртек текшерүү, трахеоскопия жолу менен диагностолот.
29) Жабыркатуу аянты дене үстүнүн 10% ашкан III-IV даражадагы үшүккө алдыруу; жабыркатуу аянты дене үстүнүн 15% ашкан III даражадагы үшүккө алдыруу; жабыркатуу аянты дене үстүнүн 20% ашкан II даражадагы үшүккө алдыруу.
Тереңдиги боюнча үшүктүн төмөнкү даражасы айырмалашат:
I даража - тери алдындагы кан айлануунун жана иннервациянын бузулушу тери некрозу жок: тери кочкул кызыл-кызыл же көк, шишик тарткан, "мрамор" түрүндөй; бул көрүнүштөр 3-7 күндөн кийин өтөт;
II даража - негиздик катмарга чейин эпидермистин некрозу; кочкул-көк териде ичи тунук ыйлаакча, ыйлаакча түбү кызгылтым, ооруйт; 2-3 жумадан кийин толук айыгат;
III даража - теринин бүт катмары жана жарым-жартылай тери алдындагы клетчатканын некрозу; ыйлаакчалар кочкул геморрагиялык, түбү көгүш-кочкул кызыл, сезилбейт, тырыктар болуп айыгат;
IV даража - теринин, тери алдындагы клетчатканын, булчуңдун, сөөктөрдүн некрозу, ириңдүү кыйындап кетиши менен нымдуу гангрена өнүгөт, кургак гангрена жабыркаган бөлүктөрдүн патологиялык ампутациясы менен (көп учурда перифериялык нерселерди: фалангаларды, бармактарды, таманды ж.б.).
Үшүктөрдүн аянты күйүктөрдүн аянты ченелгендей ченелет.
30) Оор жана өтө оор даражадагы катуу кармаган нурлануу оорусу болуп көрүнгөн нурлануу жабыркоолор.
Катуу кармаган нурлануу оорусунун клиникалык жүрүшүндө алгачкы реакцияны, латенттик фазаны жана көрүнүп турган клиникалык симптомдор мезгили айырмалайт.
Алгачкы реакция (бир нече минуттан 3-4 суткага чейин): көңүлү айнуу, кусуу, башы оор тартат, кескин булчуң начардыгы, уйкусу келүү, кандын биохимиялык касиеттеринин жана клеткалык курамынын орточо өзгөрүшү.
Латенттик стадия (2-4 жумага чейин): чачы түшүү, жалпы неврологиялык бузулуулар, кандын клеткалык элементтеринин азайышы, кан жаратуунун басаңдашы.
Көрүнүп турган клиникалык симптомдордун мезгили: жалпы абалынын кескин начарлашы, көп жолку тери алдындагы жана былжыр алдындагы кан агуулар, анемия, массивдүү ички кан агуулар, инфекциялык кошумча оорулар.
Нурлануу жабыркоонун оор даражасы болуп нурлануу оорунун латенттик стадияга өтүшү же көрүнүп турган клиникалык симптомдордун мезгили саналат.
в) Адамдын организминдеги өтө маанилүү функциялардын бузулушуна алып келген адамдын өмүрүнө кооптуу ден соолукка келтирген зыян, аны организм өзү ордун толтура албайт жана демейде өлүм менен аяктайт (мындан ары - өмүргө коркунучтуу абал):
г) Өмүргө коркунучтуу абалдын өнүгүшүн алып келген адам өмүрүнө кооптуу ден соолукка келтирген зыян толук тизмекте камтылат.
1) Оор (III-IV) даражадагы шок.
III даражадагы шоктун критерийлери: систоликалык кан басым 50-70 мм.рт.ст., Альговер индекси (пульстун тездиги систоликалык кан басымдын чоңдугуна катышы) 30,2 ашык; ОЦК дефицити (циркуляциялык кандын көлөмү) 30% жана андан ашык; жабырлануучу сопороздук абалда.
IV даражадагы шоктун критерийлери: артериялык кан басым 50 мм.рт.ст. же аныкталбайт, дем алуу үстү-үстүртүнөн же карышкан, аң сезимин жоготкон. Аягы клиникалык өлүмгө алып барат.
2) Ар кандай этиологиядагы II-III даражадагы кома.
Кома - өмүргө маанилүү функциялардын бузулушу жана аң сезимин толук жоготуп, БНС функцияларынын терең чөккөн абалы.
II даражадагы (терең) кома: ооруп дүүлүктүрүүгө реакциянын толук жоктугу, булчуңдардын диффузиялык гипотониясы, рефлекстердин чөккөнү, тышкы дем алуунун жана жүрөк кан тамыр иш-аракетинин көрүнүп турган бузулушу.
III даражадагы (терминалдык, атониялык) кома: арефлексия, атония, эки тараптуу мидриаз, көрүнүп турган виталдык бузулуулар (патологиялык дем алуу, апноэ, коллаптоиддик абал).
Нозологиялык жактан сөз посттравмалык кома жөнүндө жүрөт.
3) Катуу кармаган, арбын же массивдүү кан кетүү.
Циркуляциялык кандын 30% көлөмүн тез жоготуу катуу кармаган анемияга, мээнин гипоксиясына алып келет жама мыйзамдуу түрдө өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Катуу кармаган арбын кан жоготуунун субъективдүү белгилери: жалпы начардыгы, баш айлануу, көзү караңгылайт, оозу кургайт, суусайт, демигүү, кусуу, тынчсыздануу, эйфория, коркуу, көзү алдында "чымын" учуу.
Объективдүү белгилер: теринин жана былжырлуу кабыкчанын кумсарганы, цианоз, жабышкан кара тер, тахипноэ, тахнкардия, артериялык жана көк кан тамыр басымы төмөндөгөн (АД 50-70 мм.рт.ст. төмөн), аң сезими бузулган, Альговер индекси 1,3-1,4.
Массивдүү кан жоготуу, анын ичинде өнөкөттүү, 2-2,5 л ашык кан жоготкондо диагностикаланат.
4) Оор даражадагы катуу кармаган жүрөк жана (же) кан тамырдык жетишсиздик, же мээдеги кан айлануунун оор даражадагы бузулушу.
Катуу кармаган посттравмалык жүрөк жетишсиздигин (кардиогендик шок) түзгөн факторлор: нервдик аяктардан норадреналин көтөрүңкү бошоп чыгуусу менен жүрөк булчуңга симптоматикалык түз нервдик таасирлер; эндокардда жана эпикардда кан агуу катыштыгы төмөндөшү, жүрөккө кычкылтек жеткирүү шайкеш эместиги; ашыкча тахикардия көк кан артериялар боюнча кан агуунун бузулушу менен; гиперкатехоламинемия канда адреналиндин концентрациясы өсүшү үстөмдүк кылышы менен; гипоксемия жана респиратордук ацидоз. Катуу кармаган жүрөк жетишсиздиктин оор даражадагы клиникалык көрүнүшү: катуу дем алуу, өпкөдө нымдуу кырылдактар, кан айлануунун чакан тегерегинде токтолуу, күңүрт жүрөк ыргагы, тахикардия, бийик борбордук көк кан тамыр басымы, ЭКГ вольтажынын төмөндөшу, көкүрөк жолдорунда ST сегменттин депрессиясы, кан айлануунун төмөн минуттук көлөмү, АД төмөндөшү, дистоликалык кан басымдын төмөндөшү, миокардиалдык депрессиянын күчөгөнү.
Коллапс - катуу кармап өнүккөн тамырдык жетишсиздик, ал тамырдык тонустун түшкөнү, циркуляциялык кан массанын азайышы, артериялык жана көк кан тамырдын басымы кескин төмөндөшү, мээнин гипоксиясы, организмдин өмүргө маанилүү функциясы чөгүшү менен мүнөздөлөт. Травмада геморрагиялык коллапс пайда болот, анын себеби массивдүү кан жоготуу саналат.
Мээнин кан айлануусу бузулуунун оор даражасы мээ ичиндеги гематома пайда болушу менен, шишик жана субдуралдык, субарахноидалдык, эпидуралдык гематоманын кесепетинен мээнин дислокациясы, ички карынча же ички сөңгөктүк кан агуу менен билинет.
5) Катуу кармаган бөйрөк же катуу кармаган боор, же катуу кармаган бөйрөк үстүндөгү бездердин оор даражадагы, же катуу кармаган панкреонекроз.
Катуу кармаган боор жетишсиздик травмалык оорунун ириңдүү септикалык кошумча оорулардын кесепетинен же оор даражадагы травмалык шоктон өтүшүп кетиши мүмкүн. Катуу кармаган боор жетишсиздигинин клиникалык көрүнүштөрү: тери сыртынын жана былжырлуу кабыкчанын саргыч тартканы, тери алдындагы жана былжырлуу кабыкча алдындагы кан агуулар, тамак сиңирүү тракттын жылчыкчасына кан агуу, боордун өлчөмү чоңоюшу (айрым учурда - кичирейиши), боордун пальпациясында ооруксунуу, асцит, спленомегалия. Диагноз биохимиялык изилдөө жыйынтыктары менен тастыкталат: гипопротеинемия, глобулиндер үстөмдүк кылуу менен белоктук фракциялар катыштыгы бузулушу, гипербилирубинемия, фибриноген, протомбин, холестерин деңгээли төмөндөшү, трансаминаз болушу жогорулап, калий жана натрий деңгээли төмөндөшү, тимолдук сынактын жогорулашы жана сулемдик сынактын төмөндөшү менен.
Катуу кармаган боор жетишсиздиги травмалык ооруда травмалык шоктун өнүгүшү жана уулануудан болгон кошумча ооруларга байланыштуу болот. Катуу кармаган боор жетишсиздиктин клиникалык көрүнүштөрү: зааранын суткалык көлөмүнүн азайышы (сейрек учурда - көбөйүшү), олигурияда - суткалык көлөм 50-100 мл чейин азайышы мүмкүн, полиурияда суткалык көлөм 2,5-5 литрге чейин жана андан көп болушу мүмкүн; каналча некроз бөйрөктүн концентрациялык жөндөмү басаңдашы, азотемияга, уремияга (шлактардын топтолушуна), сийдик жана креатинин көрсөткүчтөр көбөйүшүнө, ички тамырдык гемолизге, миоглобинурияга алып келет.
Бөйрөк үстүндөгү бездердин кабыгынын катуу кармаган жетишсиздиги бөйрөк үстүндөгү бездин кабыгынын гормондор продуктусу кескин азаюу менен билинет, ал нервдик чыңалуу, ичтеги тараган оорутканы, кусуу, гипертермия, геморрагиялык синдром менен көрүнөт жана коллапс менен кома болуп аяктайт. Бул өзгөрүүлөр бөйрөк үстүндөгү бездердин кабыгына алгачкы (травмалык) же экинчи кан агууларда байкалат.
Катуу кармаган панкреонекроз уйку бездин тканындагы некроздо, анын тканын геморрагиялык сиңдирүү жана оор метаболиялык өзгөрүүлөр, гипотензия, секвестрация, участкалардын некротизациясы, өлүмгө алып келген полиоргандык жетишсиздик менен айкалышып көрүнөт. Эң башынан клиникалык жактан аркага таркаган жана курчаган мүнөздөгү эпигастралдык жагында кескин туруктуу оорутуу пайда болот, көңүлү айнып, кускусу келгени кошулат. Ичи көпкөн, ичтин сол каптал жагында - сары-көк темгилдер, ич үстүнүн бардыгында бийик тимпанит, ич көңдөйүндө экссудат эңкейиш жерлерде пайда болгондо перкуссияда сыздаганы пайда болот, кийин терисырты саргыч тартат. Инструменттик диагностиканы ультра добуштук изилдөө жана КТ камсыз кылат.
6) Катуу кармаган оор даражадагы дем алуу жетишсиздиги.
Травмада дем алуу жетишсиздиги газ алмашуунун керектүү деңгээлин тышкы дем алуу системасы камсыз кылууга жөндөмсүз болуп аныкталат.
Травмаларда катуу кармаган дем алуу жетишсиздигинин себептери: ачык жана чыңалган пневмоторакс, көкүрөк клетканын ыкчамдалган басылышы, кыр арканын травмасы жүлүндүн жабыркоосу менен, оор баш сөөк-мээнин травмасы, кан жана кусунду массанын аспирациясы, дем алуу жолдорунун обсртукциясы, өпкө паренхимага кан агуу, интерстициалдык шишик тартуу ж.б.
Травмада катуу кармаган дем алуу жетишсиздигинин оор даражасы ("жеңил шок") тахипноэ жана гиперноэ прогресстелип күчөшү менен мүнөздөлөт, тахикардия, өтө аз какырыкта нымдашкан кырылдак болушу, өпкө ткандын жумшактыгы төмөндөшү менен билинет.
7) Ириңдүү-септикалык абал: сепсис же перитонит, же ириңдүү плеврит, же флегмона;
Ириңдүү-септикалык абалдар травмалык оорунун мыйзамдуу өнүккөн этаптарынын бири болуп саналат. Алар сепсис, же перитонит, же ириңдүү плеврит, же флегмон болуп билинет.
Сепсис - генерализациялуу инфекция, ал кыйла клиникалык полиморфизм менен айырмаланат. Клиникалык сүрөтүндө алдыңкылардан болуп борбордук нерв системанын функциялары бузулушу (энцефалопатия), гемодинамикалык бузулуштар, инфекциялык-уулануу шоктун белгилери боор жана бөйрөк жетишсиздик өнүгүшү менен, суу-электролиттик алмашуунун жана кычкылдык-щелочтук абалдын прогрессивдик декомпенсацпясы саналат. Сепсис менен жабырлангандарда гектикалык температура 39-40 град. Цельсияга чейин көтөрүлүшү, чыйрыгуу, шалкылдап тердөө, тахикардия, артериялык гипотония, жүрөк функциянын аритмиясы, жүрөктүн кан чыгарышы жана көлөмдүк кан агуу азайышы, начар жана тез каккан пульс, теринин "мрамордуулугу". Өлүм 1-3 сутканын ичинде болушу мүмкүн.
Перитонит - карындын сезгенүүсү. Бул экинчи иреттеги оору, ал оор травманын кошумча оорусунун бири болуп саналат. Перитониттин клиникалык көрүнүшү: ичи ооруйт, карын дем алуунун жоктугу, алсыздык, суусаганы, демигүү, ичти кармалаганда ооруксунуу, алдыңкы карын капталынын булчуңу чыңалган, карындын дүүлүгү синдрому, перкуссияда ичтин эңкейиш жерлери сыздайт. Диагностиканын инструменттик методдору: рентгенография, ультрасонография, лапароскопия, карын көңдөйдүн пункциясы. Экспертизанын жүрүшүндө травманын фактысы, кошумча оорулардын болушу (перитонит) жана алардын ортосундагы себептик байланыш далилдениши керек.
Плеврит ириңдүү - травманын кесепети болуп саналган плевра көңдөйүндө ириң толуп, плевранын посттравмалык сезгениши. Ириңдүү плевриттин клиникалык көрүнүшү: жалпы алсыздыгы, капталы оорутуу, тышкы дем алуунун бузулушу, кургак жөтөл, дене температуранын жогорулашы, аускультацияда плевранын сүрүлүшү угулат, дем алгандагы оорутканы ийинге же ичине таркалат, өпкө алдында перкутордук добуш жакшы угулбайт жана плевралык көңдөйдө суюктук топтолгон зонада дем алуунун начарлашы. Инструменттик далилдениши: рентгенологиялык, рентгенографиялык, КТ жардамы менен, плевралык көңдөйдүн пункциясында ириң чыгаруу. Экспертизанын жүрүшүндө травманын фактысы, ириңдүү плевриттин болушу жана алардын ортосундагы себептик байланыш далилдениши керек.
Флегмона (посттравмалык) - май клетчатканын катуу кармаган жайылган сезгениши. Флегмоналар үстүртөн кеткен (тери алдындагы, эпифасциалдык), терең (булчуңдар аралык) жана клетчатка арадагы флегмоналар болуп айырмаланат. Флегмоналар сероздук, ириңдүү, чириген болушат (акыркы экөөнүн кооптуулугу чоң). Жалпы симптомдор: алсыздык, баш оору, дене температурасы 40 град. Цельсиядан жогору, чыйрыгуу, лейкоцитоз, нейтрофилез, СОЭ көбөйүү, демигүү, тахикардия. Жергиликтүү белгилер: сезгенген инфильтрат, ал кийин флюктуация пайда болушу менен жумшарат. Флюктуация очогу алдында тери көк тарткан. Лимфаденит, лимфангоит, тромбофлебит белгиленет. Эң кооптуу болуп карындын арты жагындагы (ириңдүү паранефрит), аладагы (ириңдүү парапроктит), орто көңдөйдөгү (ириңдүү медиастенит) флегмондор саналат. Инструменттик диагностика: ультра добуштук изилдөө, флегмонанын пункциясы, рентгенография. Экспертизанын жүрүшүндө травманын фактысын, белгилүү локализациядагы флегмонанын болушу жана флегмонанын кийинки болгон травма менен себептик байланышы далилдениши керек. Өмүргө кооптууларга организмдин ириңдүү-септикалык жалпы абалы өнүгүшү менен коштолгон флегмоналар кирет.
8) Ички органдын инфарктыиа же аяктын гангренасына алып келген регионалдык жана (же) органдык кан айлануунун бузулушу; өпкөнүн же мээ кан тамырларынын эмболиясы (газдык, майлык, ткандык, же тромбоэмболиялар).
Бул пункт боюнча өмүргө кооптуу абалды аныктоо үчүн башынан жабырлануучуда газдык же ткандык эмболия, же тромбоэмболия болушу далилденет. Эмболия деп кан жүгүргөн тамырдын ар кандай (травмаланган) органдардын жана ткандардын, үзүлгөн тромбдордун газ көбүктөрү, май тамчылары, ткандын бөлүкчөлөрү менен тыгындалышын түшүнөбүз. Эмболиянын бардык чыныгы саналган түрлөрү морфологиялык диагностикаланат, мисалы, өлүктүн соттук-медициналык экспертизасында.
Тирүү кезинде газ эмболиясы кан тамырларда же жүрөк көңдөйлөрүндө аба көбүкчөлөрүн рентгенологиялык, КТ же МРТ аркылуу табылып билинет.
Май эмболиясын тирүү кезинде далилдеп берүү травмадан кийин жакын арада көрүнгөн клиникалык белгилердин жыйындысына негизделет: жүйөөсү жок тахикардия, катуу кармаган дем алуу жетишсиздиги, психика, аң сезими өзгөрүлгөнү тууралуу маалымат, гипоксиялык кома мүмкүн, өтмө неврологиялык симптоматика, кеңири таркаган петехиалдык кан агуулар жана гастро-дуоденалдык кан агуулар, көз чуңкурунун мүнөздүү сүрөтү (сетчатка тамырларынын тегерегинде агыш-күмүш булут сымал темгилдер, көп жолку кан агуулар ж.б.), туруктуу гипертермия. Өпкөнүн рентгенограммасында эки тараптуу жабыркоо "каардуу бороон" сымал, КТ жана МРТ - мээдеги ишемиялык участкалар.
Ткандык эмболиянын клиникалык сүрөтү ткандык эмболиянын чоңдугуна, жабыркаган кан тамырдын калибрине жана бута болуп жабыркаган органга жараша болот. Ткандык эмболиянын кесепеттери ички органдардын бир аз же көбүрөөк кеңейген ишемиялык инфаркты пайда болушунда көрүнөт (биринчи кезекте - өпкөнүн жана мээнин).
Тромбоэмболиянын клиникалык сүрөтү: күтүүсүз жерден дем алуу жетпестигин сезүү (тахипноэ, диспноэ), жөтөл, тахикардия, көкүрөктө оорутуу, моюндагы көк кан тамырлар көпкөн, беттин жана тулку бойдун үстүнкү жарымынын цианозу, нымдуу кырылдаганы, кан түкүрүү, дене температурасы кескин көтөрүлгөн, коллапс. Массивдүү тромбоэмболия бир нече сааттын ичинде өлүм менен аяктайт, ал эми өтө тез жүргөнү - 10-15 минуттун ичинде оң карынчанын жетишсиздиктен же мээнин анорексиясынан.
9) Ушул пункттун 1)-8) пунктчаларында берилген өмүргө коркунучтуу абалдарга алып келген медициналык жана медициналык эмес химиялык жана биологиялык заттар менен катуу уулануу, анын ичинде баңги заттар же психотроптук каражаттар, же уктатуучу каражаттар, же көбүнчө жүрөк-кан тамыр системасына таасир берген препараттар, же алкоголь жана анын суррогаттары, же техникалык суюктуктар, же токсикалуу металлдар, же токсикалуу газдар, же тамактан уулануу;
Химиялык жана биологиялык заттарды медициналык жана медициналык эмес колдонуудан катуу уулануу ушул пунктта каралган химиялык же биологиялык таасир этүүнү болжолдойт.
Химиялык травманы адам өмүрүнө кооптуу ден соолукка келтирген зыяндын түрүнө таандык кылыш үчүн төмөнкүлөр керек: а) башында уулануу факты далилденет (бацги зат же психотроптук каражаттар, же уктатуучу каражаттар, же көбүнчө жүрөк кан тамыр системасына таасир берген препараттар, же алкоголь, же анын суррогаттары, же техникалык суюктуктар, же оор металлдар, же токсикалуу газдар, же тамак аш продуктулар менен); б) ушул соттук-медициналык критерийлерде каралган өмүргө коркунучтуу абал жабырлануучуда болушун далилдөө; в) аныкталган уулануу менен далилденген өмүргө коркунучтуу абал ортосундагы себептик байланышты аныктоо. Биологиялык травманы өмүргө кооптуу деп аныктоо методикасы химиялык травма үчүн жогоруда берилген методикадан көп айырмаланбайт.
10) Механикалык асфиксиянын ар кандай түрү; бийик же төмөн температуранын жалпы таасиринин кесепеттери (ысык өтүү, күн өтүү, жалпы өтө ысып кетүү, организмдин үшүп кетиши).
Бийик жана төмөн атмосфералык басымдын таасиринин кесепеттери (баротравма, кессондук оору); техникалык же атмосфералык электрликтин таасиринин кесепеттери (электротравма);
Ушул пункттун 1)-8) пунктчаларында берилген өмүргө коркунучтуу абалдарга алып келген башка формадагы жагымсыз таасирлердин кесепеттери (суусуздандыруу, арыктоо, организмдин өтө чыңалып иштешинин кесепеттери).
Тышкы физикалык жабыркатуучу факторлордон болгон жабыркоонун тигил же бул түрүн адам өмүрүнө кооптуу ден соолукка келтирген зыянга таандык кылыш үчүн төмөнкүлөрдү кылуу зарыл:
- башында жабырлануучуда жабыркоолордун бири болушун аныктоо керек (механикалык асфиксия, ысык же күн тийүү, же организмдин жалпы ысышы түрүндө бийнк же төмөн температуранын кесепеттери, баротравма же кессондук оору түрүндө бийик же төмөн атмосфералык басымдын өтүшүнүн кесепеттери, техникалык же атмосфералык электрликтин таасиринин кесепеттери, суусуздануу, арыктоо, же организмдин өтө күчөнүшүнүн кесепеттери);
- жабырлануучуда өмүргө коркунучтуу абалдын бири болушун далилдөө;
- аныкталган жабыркоо менен далилденген өмүргө коркунучтуу абал ортосундагы себептик байланышты аныктоо.
7. Көрбөй калуу - эки көзү тең толук туруктуу көрбөй калышы же травмадан, уулануудан же башка тышкы таасирден адамдын көзү начарлап, кайтарылгыс абалга келгени, ал 0,04 жана андан төмөн көрүү жөндөмүнө шайкеш келет.
Бир көзү көрбөй калганы орган өз функциясын жоготкон болуп саналат жана ден соолукка оор зыян келтирүүүгө кирет.
Травмага чейин көрүп жүргөн бир көз чанагын посттравмалык алып таштоо жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу белгиси боюнча бааланат.
Көрбөгөн көздү жоготкондо адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасын аныктоо ден соолуктун бузулушунун узактык белгиси боюнча жүргүзүлөт. Көрбөй калуу деп эки көзү тең толук туруктуу көрбөй калышы (кайтарылгыс) же эки көздүн начарлап, 0,04 жана андан төмөн кайтарылгыс жарыкты гана сезүү абалга келгени ("бет алдында бармактарды санагандан" ашык эмес).
Бир көзү көрбөй калуу эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу белгиси боюнча бааланат: мисалы, башында көрүү курчтугу 1,0-0,8 болсо, бир мындай көздү жоготкондо эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгын түзөт, б.а. ден соолукка келтирген зыян оор; башында көрүү курчтугу 0,7 жана андан кем болсо, эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу үчтөн бир бөлүгүнөн кемирээк түзөт, б.а. ден соолукка келтирген зыян көп оор эмес.
Бир көз чанагын посттравмалык алып таштоо жалпы эмгкке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу белгиси боюнча травмага чейин ушул көз менен көрүү курчтугуна жараша бааланат.
Көрбөгөн көздү жоготкондо адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасын баалоо ден соолуктун бузулушунун узактык белгиси боюнча жүргүзүлөт. Эгерде көрбөгөн көздүн жабыркоосун адамдын оңдолгус жүзүнөн кетирүү белгиси боюнча баалоо зарылдыгы пайда болсо, эксперт жабыркоонун оңдолгустугун аныктоо менен чектелет.
Ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын аныктаганда эксперт операциялык кийлигишүү же медициналык техникалык каражаттардын (көз айнек, линза ж.б.) жардамы менен көрүшүн жакшыртуу мүмкүндүгүн эсепке албайт.
Көрүүнү толук же жарым жартылай жоготушун аныктоо адис-офтальмолог менен биргелешип жүргүзүлөт.
8. Сүйлөбөй калуу - айланадагыларга түшүнүктүү даана угулган добуштар аркылуу өз ой-пикирин айтуу жөндөмүн кайтарылгыс жоготуу.
Сүйлөбөй калуу деп даана угулган добуштар аркылуу өз ой-пикирин айтуу жөндөмүн кайтарылгыс жоготууну түшүнөбүз. Экспертизанын жүрүшүндө сүйлөбөй калуунун себептерин аныктоо зарыл: тилинен ажыроо, үн байламталары жабыркоо, борбордук нерв системасы жабыркоо ж.б. Ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын аныктаганда эксперт сүйлөө жөндөмү хирургиялык каражаттар менен толук же жарым-жартылай калыбына келүү мүмкүндүгүн эсепке албайт.
Зарыл учурларда ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын аныктоо боюнча экспертиза бир же бир нече клиницисттердин катышуусу менен жүргүзүлөт: отоларингологдун, жаак-беттин хирургдун, логопеддин, неврологдун, психиатрдын.
9. Укпай калуу - эки кулагы менен тең толук туруктуу укпай калуу же кулагынан 3-5 см аралыкта адам сүйлөгөн сөздү укпай калган кайтарылгыс абал.
Орган өз функциясын жоготкон катары бир кулагы укпай калуу ден соолукка келтирген оор зыянга кирет.
Укпай калуу деп эки кулагы менен тең толук (кайтарылгыс) туруктуу укпай калуу же кулагынан 3-5 см аралыкта адам сүйлөгөн сөздү укпай калган угуу жөндөмүнүн төмөндөшү.
Бир кулагына толук укпай калуу эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу белгиси боюнча бааланат.
Ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын аныктаганда эксперт операциялык кийлигишүү же уктуруу аппараттардын жардамы менен угууну жакшыртуу мүмкүндүгү эсепке алынбайт.
Зарыл учурларда экспертизага катышууга отоларингологду чакыруу керек.
10. Кайсы бир органды жоготуу же орган өз функциясын жоготушу.
Бул пунктта аяктарды же алардын функцияларын толук же жарым-жартылай жоготууну, же өндүрүштүк жөндөмдү жоготууну караштырат.
1) Колун же бутун жоготуу, б.а. аларды тулку боюнан ажыратуу же ал өз функциясын туруктуу жоготушу (паралич же функциясын иштетпеген башка абал); беш манжаны же таманды жоготуу колду же бутту жоготууга теңештирилет.
Аяктарды (колун же бутун) жоготуу деп бардык аяктарды же анын перифериялык сегментин (беш манжа же таманды) анатомиялык жоготууну же анын функциясын, мисалы аяктардын параличи түрүндө туруктуу (кайтарылгыс) жоготууну түшүнөбүз.
Зарыл учурларда аяктардын функциясын жоготуу даражасын жана мүнөзүн баалоо невролог жана (же) травматологдун катышуусу менен жүргүзүлөт.
2) Өндүрүмдүк жөндөмдү жоготуу, эркектерде жакындашуу же уруктантуу жөндөмүндө, аялдарда жакындашуу же бойго бүтөрүү, же көтөрүү, же төрөө жөндөмүндө көрүнөт.
3) Эркектин бир урук безин жоготуу.
Эркектердин өндүрүмдүүлүк жөндөмүн жоготуу деп жакындашууга жөндөмүн жоготууну (жыныс мүчөнү жоготуу, үңкүрдүк жерлердин толук үзүлүшү, жыныс мүчөсүндө кан айлануу токтошу ж.б.) же уруктандырууга жөндөмдү жоготууну түшүнөбүз (аспермия, урук жолчосун үзүү, эки урук безинен ажыроо ж.б.).
Эгерде травманын натыйжасында бир урук безинен ажыраса (же хирургиялык жол менен ажыратылса), ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын баалоо эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу белгиси боюнча жүргүзүлөт. Эркектердин өндүрүмдүүлүк жөндөмүн жоготуу даражасын баалоо урологдун катышуусу менен жүргүзүлөт.
Аялдардын өндүрүмдүүлүк жөндөмүн жоготуу деп жакындашууга жөндөмүн жоготууну (мисалы, кындын атрезиясы, кындын жылчыгы кыйла тырыктык кичирейиши ж.б.), же бойго бүтүүгө (жатын түтүктөрдүн облитерациясы, аялдардын урук безинин функциясы токтоп калышы ж.б.), же күмөндү көтөрүүгө (мисалы, посттравмалык жатын ичиндеги синехия, экстирпациялык жатын), же төрөгөнгө (жамбаш чаранын шакекчесинин деформациясы жана посттравмалык тарылышы, жатын моюнчанын жана ала булчуңдардын тырыктык ичкериши ж.б.) жөндөмдүн жоготушун түшүнөбүз.
Аялдын өндүрүмдүүлүк жөндөмүн жоготуу даражасын баалоо акушер-гинекологдун катышуусу менен жүргүзүлөт.
11. Боюнан алдыруу - ден соолукка келтирген зыяндан, боюнан түшүү өнүккөнү менен, күмөндүн жатын ичинде өлүп калышынан, мөөнөтүнөн эрте төрөттөн же медициналык кийлигишүү зарылдыгын шарттаган мөөнөтүнө карабай кош бойлуулугун токтотуу.
Эне жана күмөндүн ооруп калышынан боюнан алдыруу ден соолукка келтирген зыяндын түздөн түз себептик байланышта болушу керек жана ден соолукка келтирген зыянга чейин аялдын организминин жана күмөндүн (ооруп калышы, патологиялык абалдары) жекече өзгөчөлүктөрү менен шартталбашы керек. Эгерде тышкы себептер медициналык кийлигишүү (жатын ичин кырып тазалоо, кесарча кесүү ж.б.) жолу менен боюнан алдыруу зарылдыгын шарттабаса, бул жабыркоолор жана болгон кесепеттер боюнан алдырууга теңештирилет жана ден соолукка келтирген оор зыян катары бааланат.
"Боюнан алдырууну" ден соолукка келтирген оор зыяндын белгиси катары кош бойлуулукту, анын ар мөөнөтүндө посттравмалык токтотууну түшүнөбүз. Боюнан алдыруу боюнан түшүү, же жатын ичинде күмөндүн өлүшүнүн, же мөөнөтүнөн эрте төрөт, же медициналык кийлигишүүнүн натыйжасында (жатынды кырып тазалоо же кесарча кесүү) болушу мүмкүн, аны жасоого травманын кесепеттери же эне менен күмөндүн өмүрүнө кооптуу абалдар алып келген.
Экспертизанын жүрүшүндө башында кош бойлуулук жана травма болгон фактылар аныкталат, андан кийин - травма менен кийинки боюнан алдыруунун түз себептик байланышы. Эгерде травма болбосо кош бойлуулук дурус физикалык абалда өтөөрү аныкталса, бул түз себептик байланыштын болушу тууралуу айтып турат. Травма менен боюнан алдыруу ортосундагы түз себептик байланыш болгону тууралуу айтуу үчүн кош бойлуулуктун кадимкидей жүрүшүнө кош бойлуу аялдын организминин өзгөчөлүктөрү (оорулар, гормондук бузулуштар ж.б.), кош бойлуулуктун кошумча оорулары, күмөндүн жашоого жөндөмдүүлүгү жана өнүгүү даражасы тийгизген жагымсыз таасирин болтурбоо керек. Булар тууралуу маалыматты кош бойлуулук процессинде жана ага чейин аялдын ден соолугу жана кош бойлуулугу өтүшү тууралуу медициналык документтерди изилдөө жолу менен, ошондой эле жабырлануучуну түздөн түз текшерип, же төрөлгөндү изилдөө, же күмөндү (же анын фрагменттерин) хирургиялык алып чыгуу аркылуу алышат.
Кош бойлуулукту посттравмалык токтотуу белгиси боюнча ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын экспертизалоо акушер-гинекологдун, зарыл болсо - терапевттин, эндокринологдун ж.б. катышуусу менен жүргүзүлөт.
12. Психикалык бузулуш пайда болушу ден соолукка келтирген зыян менен себептик байланышта, башкача айтканда анын кесепети болушу керек. Психикалык бузулуштардын тизмеги Оорулардын эл аралык классификациясынын X кароосунда камтылган (МКБ-10).
Адамдын ден соолугуна келтирген зыянды оор деп табуу үчүн төмөнкүлөрдү кылуу керек:
- пациенттин психикалык бузулушун аныктоо;
- иликтенген окуяга түз катышы бар травмага чейинки ден соолугу бузулган фактыны аныктоо;
- травмага чейинки мүмкүн болгон психикалык бузулуштар болбогонун аныктоо;
- психикалык бузулуш менен ага чейинки травма ортосунда түз себептик байланыштын болушун аныктоо.
Ден соолукка келтирилген зыянды оор деп табуу үчүн психикалык бузулуу фактысын, анын мурдагы травма менен себептик-кесепеттик байланышын аныктоо жетиштүү болот. Мында психикалык бузулуш убактылуу да, кайтарылгыс да болушу мүмкүн.
Психикалык бузулушту алып келген зыяндын оордук даражасын аныктоону психиатрдын катышуусу менен жүргүзөт. Психикалык бузулуштун патологиялык себептери болбогонун аныктоо үчүн экспертизага катышууга кошумча неврологдор жана нейрохирургдар тартылат.
13. Жүзүнүн көркүн кайтарылгыс кетирүү.
Жүзүнүн көркүн кайтарылгыс кетирүү менен адам ден соолугуна келтирилген зыяндын оордук даражасын сот аныктайт.
Соттук-медициналык экспертизаны өткөрүү ошол жабыркоонун кайтарылгыстыгын, ошондой эле анын медициналык кесепеттерин Медициналык критерийлерге ылайык аныктоо менен гана чектелет. Кайтарылгыс өзгөрүүлөр деп мезгил өткөн сайын өз алдынча кетпеген (тырыктарды хирургиялык жоготуусуз, деформация, мимикасы бузулушу жана башкалар же хирургиялык эмес методдордун таасири алдында) жана аларды кетирүүгө операциялык кийлигишүү (мисалы, косметикалык операция) талап кылынган адам жүзүнүн жабыркоолорун билебиз.
Жүзүнүн көркүн кайтарылгыс кетирүү фактысын адам ден соолугуна келтирген оор зыяндын квалификациялык белгиси катары сот аныктайт. Соттук-медициналык эксперттин милдеттери, ошол жүзүнө келтирген жабыркоонун кайтарылгыстыгын жана адам ден соолугуна келтирген зыяндын оордук даражасынын башка медициналык критерийлерин аныктоо менен гана чектелет. Кайтарылгыс болуп теринин посттравмалык тырыктары, бет скелетинин сөөктөрү сынгандан бет түзүлүшүнүн элементтери деформацияланганы, мимиканын бузулушуна алып келген функционалдык жабыркоолор жана хирургиялык эмес каражаттардын жардамы менен кетирилгис башка жабыркоолор саналат. Эгерде келтирилген жабыркоолордун кесепеттерин операциялык кийлигишүүнүн жардамы менен гана коррекциялоого мүмкүн болсо, мындай өзгөрүүлөр кайтарылгыс болуп эсептелет.
Соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө беттин төмөнкү анатомиялык чектерин эсепке алуу керек: үстүнкү - баштын чач жагынын маңдайкы чети, капталдык - кулак түбүнүн алдыңкы чети жана ылдыйкы жаактын бутактарынын арткы чети (соттук-медициналык жактан беттин чектерине кулактын өзү да кирет), ылдыйкы - ылдыйкы жаактын ылдыйкы чети жана бурчунун ылдыйкы чети.
Жүзүнүн көркүн кетирүү - бул адам жүзүнүн өзгөчөлүгүн бузууга багышталган аракет. Беттин статикалык жана динамикалык мүнөздөмөсүн посттравмалык бузуу даражасын өзүнүн ички көз карашына жараша сот аныктайт.
Эгерде беттин жабыркоосу ден соолуктун узак жана кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келсе, эксперт бул квалификациялык белгини өз корутундусунда белгилөөгө милдеттүү.
14. Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү үчтөн биринен кем эмес туруктуу жоготуу (30% ашык жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу).
Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү үчтөн биринен кем эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка келтирилген оор зыянга медициналык жардам көрсөтүүгө (көрсөтпөөгө) жана анын натыйжасына карабай төмөнкү жабыркоолор кирет:
1) Күң жиликтин ачык же жабык сыныгы: ички муундун (ийиндин башталышы) же муун тегерегиндеги (анатомиялык моюнча, сөөк башынын алды жагы жана наркы жагы), же хирургиялык моюнча, же күң жиликтин диафизи.
2) Чыканак муунду түзгөн сөөктүн ачык же жабык сыныгы; билектин сөөктөрүнүн ачык же жабык сынганы-чыкканы; үстүнкү же ортоңку чыканактык үчтөн бир бөлүгү сынганы билек сөөктүн башы чыгып кетиши же чыканак сөөктүн башы чыгып, билек сөөктүн ылдыйкы үчтөн бир бөлүгү сынганы.
3) Жамбаш чөйчөгүнүн жылышкан ачык же жабык сынганы.
4) Кашка жиликтин проксималдык бөлүмүнүн ачык жана жабык сынганы: муун ичиндеги (кашка жиликтин моюнчасы жана башы сынганы) же муундан тышкары (вертел аралыгындагы, вертел аркылуу сынганы), чоң жана кичи вертелдердин өз алдынча сынганын кошпогондо.
5) Кашка жиликтин диафизинин ачык жана жабык сынганы.
6) Тизе муунду түзгөн сөөктөрдүн ачык жана жабык сынганы, тизе томугун кошпогондо.
7) Жото жиликтин диафизинин ачык сынганы.
8) Эки жото жиликтин кызыл ашыктын томугунун ачык жана жабык сынганы, жото жиликтин муун үстүнүн сыныгы менен жана тамандын чыгып кетиши менен дисталдык жото жилик аралыгындагы синдесмоз үзүлүп чыгып кетиши менен айкалышканда.
9) Жүлүн жана жамбаш органдарынын функциясы бузулушу менен кыр арканын көкүрөк жана бел бөлүмүнүн бир же андан көп чектеш омурткалардын компрессиялык сынганы.
10) Далынын, же билектин, же беш манжанын, же сандын, же шыйрактын, же тамандын ачык чыгып кетиши муун капсуласы жана байламта аппараттын айрылышы менен.
Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу ар кандай травмалардын, уулануулардын жана ушул Медициналык критерийлерге тиркелген тышкы себептердин таасиринин башка кесепеттеринен жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуунун проценттер таблицасына ылайык проценттеп, бешке бөлүнүп аныкталат.
Эмгекке жөндөмдүүлүк - бул белгилүү бир продукт, буюм же кызмат түрүндө социалдык жактан маанилүү жыйынтык алууга багышталган аракетке адамдын тубаса жана үйрөнгөн жөндөмдөрүнүн жыйындысын аныктаган социалдык-медициналык түшүнүк.
Жалпы эмгекке жөңдөмдүүлүк - бул өзүн өзү тейлөөсүн камсыз кылган (гигиеналык процедуралар, мейкиндикте өз алдынча басып жүрүү, тамак ичүү, кийим, бут кийим кийүү ж.б.) жана квалификациялуу эмес ишти аткарууга адамдын жөндөмүнүн жыйындысы. Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу - бул функцияны (функцияларды) кайтарылгыс жоготуу, ал адамды өзүн өзү тейлөөсүн камсыз кылуу жана квалификациялуу эмес жумушту толугу менен же жарым-жартылай аткаруу жөндөмүнөн ажыратат.
Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуунун өлчөмүнө жараша адамдын ден соолугуна келтирилген зыян оор, оор эмес жана жеңил болуп бааланат.
Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу өлчөмү травманын ар кандай натыйжаларында атайын Таблицада каралган, ал соттук-медициналык критерийлерге ажырагыс тиркеме болуп саналат. Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө жабыркоонун конкреттүү натыйжасы аныкталат, ал Таблицада камтылган тиешелүү маалыматтар менен салыштырылат, ал жерде жабырлануучуга келтирилген жабыркатуунун аныкталган натыйжасына карата жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу өлчөмү (% менен) келтирилет.
Натыйжа бир жолку же динамикалык клиникалык-эксперттик изилдөөнүн жүрүшүндө аныкталышы мүмкүн.
Эгерде акыркы натыйжа 120 күндүн ичинде аныкталбаса, анда шарттуу түрдө жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу (кайтарылгыс) жоготуу деп жабырлануучуда көрсөтүлгөн убакыттын аралыгында түзүлгөн жоготкон функциянын өлчөмүн эсептешет.
Эгерде жабырлануучу травмага чейин кайсы бир оору менен ооруган болсо, кайсы бир органдын, же сегменттин, же дене бөлүгүнүн функциясы (функциялары) жарым жартылай же толугу менен жоголсо, анда эксперттик баалоого травманын кесепеттери гана камтылат. Ал үчүн башында жабырлануучуну түздөн түз эксперттик (эрежеде, комиссиялык) текшерүү жана травмага чейинки анын ден соолугу жөнүндө медициналык документтерди изилдөө жолу менен травма алган учурда анын жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу даражасы аныкталат. Андан кийин травманын кесепеттерин айкындашат, анын натыйжасын аныктайт жана жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу өлчөмү белгиленет. Мында алган травманын натыйжасына жана клиникалык дарылоосуна мурдагы патологиялык фондун жагымсыз мүмкүн болгон таасири эсепке алынышы керек. Бул маалыматтардын талдоосу жана жыйынды баасы травма менен ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын аныктоого жардам берет. Коштогон патологиясына жараша комиссиялык эспертиза өткөрүүгө тиешелүү эксперт-клиницисттер тартылышы мүмкүн.
Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү үчтөн биринен кем эмес туруктуу жоготуу 33% ашык жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготууну түшүнөбүз.
15. Ден соолукка келтирилген оор эмес зыяндын квалификациялык белгилеринин соттук-медициналык критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат.
1) Узактыгы 3 жумадан ашык (21 күндөн ашык) убактылуу эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготуу (мындан ары - ден соолуктун узак бузулушу).
Ден соолукка келтирилген зыян деп ооруга же жабыркоого түздөн түз байланышкан организмдин функциясынын бузулушун түшүнөбүз. Адам ден соолугуна келтирген зыяндын оордук даражасын аныктаганда алган травмасына байланыштуу ден соолугу бузулушу эсепке алынат.
Ден соолуктун убактылуу бузулушун, жумушка жөндөмдүүлүктү убактылуу жоготуу менен же эмгекке убактылуу жөндөмсүздүк менен окшоштурууга болбойт, эмгекке убактылуу жөндөмсүздүктүн узактыгы "Эмгекке убактылуу жөндөмсүздүк баракчасында" аныкталат. Эмгекке жөндөмдүүлүк мыйзамда 14 жаштан тартып белгиленет, б.а. эгерде ден соолуктун бузулушу деп эмгекке убактылуу жөндөмсүздүктү билсек, анда балдардын жана 14 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн ден соолугу бузулушун аныктоого мүмкүн болбой калат. Эгерде 14 жашка чейинки мектеп окуучулардын эмгекке убактылуу жөндөмсүздүгүн шарттуу түрдө мектептеги сабактарга баруу мүмкүн болбой калууга теңештирсек, мектепке чейинки балдардын мындай дагы критерийи болбой калат. Иштебегендер жана пенсионерлер "Эмгекке убактылуу жөндөмсүздүк баракчасын" колдонбосо болот. Кыска диагноздон тышкары "Эмгекке убактылуу жөндөмсүздүк баракчасында" жабырлануучунун ден соолугу тууралуу эч кандай маалымат камтылбайт, бул стационарда же амбулаториялык байкоодо жана дарылоодо болуу мөөнөттүн негиздүүлүгүн сын көз менен баалоого мүмкүндүк бербейт (ошол эле учурда "Эмгекке убактылуу жөндөмсүздүк баракчасын" берүүгө негиз катары көп убакта пациенттин субъективдүү даттануулары болуп жүрөт). Экинчи жактан, жабырлануучу дарылануудан баш тартса болот, стационардан сакайганга чейин кетип, жумушка мөөнөтүнөн эрте келиши мүмкүн.
Ошентип, травмага байланыштуу ден соолугу бузулушунун узактыгы жөнүндө айтууга жалгыз негиз катары медициналык документтерде жазылган организмдин функциясы (функциялары) посттравмалык бузулушунун узактыгы (амбулаториялык бейтаптын медициналык картасында, стационардык бейтаптын медициналык картасында, клиникалык-лабораториялык, инструменттик изилдөөлөрдүн ж.б. жыйынтыктары) жана жабырлануучуну түздөн түз соттук-медициналык текшерүү болуп калат.
Соттук медициналык критерийлер ден соолук бузулушунун эки градациясын аныктайт: ден соолуктун узак бузулушу, б.а. функциянын убактылуу посттравмалык бузулушу үч жумадан (21 күндөн ашуун) ашык созулган жана ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушу, б.а. функциянын убактылуу посттравмалык бузулушу үч жумага (21 күнгө чейин) чейин созулган.
Алган травмасы жабырлануучунун өнөкөт оорусун начарлатышы мүмкүн жана травма менен стационарга түшкөн пациент ден соолугун коррекциялоо үчүн жана начарлаган өнөкөт оорусу боюнча оорукана койкасында узак убакыт жатышы мүмкүн. Мындай учурда ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын баалоо үчүн өнөкөт ооурусу жана жабыркоосуна байланыштуу функциялардын бузулушун бөлүштүрүү керек, ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын аныктаганда посттравмалык бузулуштун узактыгы гана эске алынат.
Эгерде хирургиялык операция травманын кесепеттерин четтетүү максатында гана жасалса, ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын аныктаганда ден соолуктун бузулушунун узактыгы, анын ичинде операциядан кийинки мезгилди кошуп, эске алынат.
Эгерде хирургиялык операция диагностика максатында жасалса, операциялык кийлигишүү менен ден соолукка келтирилген зыян ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын баалаганда эсепке алынбайт.
Медициналык жардам көрсөтүү дефектинин натыйжасында ден соолукка келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Эрежелерде каралган квалификациялуу белгилерге ылайык өз алдынча бааланат, келтирген жабыркоого жана анын кесепеттерине байланыштырбай. Эгерде хирургиялык операциянын натыйжасында же башка медициналык кийлигишүүдө медициналык жардам көрсөтүү дефектиси болсо жана жабырлануучуга кошумча азап келтирилсе, алар мурда болгон жабыркоо менен ден соолукка келтирген зыяндын оордук даражасын көбөйтүүгө негиз болуп бербейт. Болжолдуу диагноздо (мисалы, мээ чайпалуу) травманын ачык белгилери жок болсо (түзүмдүн жана функциянын бузулушу), жабырлануучуну клиникалык байкоо үчүн стационарга жаткырышы мүмкүн, анткени травманын белгилери дароо көрүнбөй, бир нече күндөн кийин байкалышы мүмкүн. Эгерде мындай белгилер байкалбаса, стационарда жатуу убактысы ден соолуктун узак бузулушу катары каралбайт.
2) Эмгекке жөндөмдүүлүктү үчтөн биринен кем эмес туруктуу кыйла жоготуу деп 10%тен 33%ке чейинки эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготууну түшүнөбүз.
16. Ден соолукка келтирген жеңил зыяндын квалификациялуу белгилердин медициналык критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Органдардын жана (же) системалардын функциясы убактылуу бузулганы (убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк) 3 жумадан (21 күндөн) ашык эмес (мындан ары - ден соолуктун кыска мөөнөттүк бузулушу).
2) 10%ке чейинки жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу бир аз жоготуу.
Үстү-үстүртөн жабыркоолор, анын ичинде: сыйрык, кайталап көгөргөн жер, жумшак ткандарды урунтуу жана гематома, үстүнкү жаракаттар жана ден соолуктун кыска мөөнөттүк бузулушуна алып келбеген башка жабыркоолор ден соолукту кыска мөөнөткө бузбай жеңил келтирилген зыян катары бааланат.
Бир жолку үстүртөн жабыркоолор ден соолукту бузбайт жана жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготууга алып келбейт: сыйрыктар, кайталап көгөргөн жерлер, аянты боюнча чектелген жана терең эмес жаракаттар. Алар эксперт тарабынан ден соолукту кыска мөөнөттүк бузууга алып келбеген же жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү бир аз туруктуу жоготуу катары жазылат. Көп сыйрыктар, кайталаган жерлер жана терең эмес, демейде урунган жаракаттар тегерек четтеги ткандардын шишиги менен коштолот жана функциялардын чектелишине алып келет (травмаланган каректерде көрүү талаасы чектелген, травмаланган жумшак ткандардын шишип оорутканынан муундарда кыймылдын чектелиши ж.б.). Мындай жабыркоолор функциянын бузулушу менен коштолгон катары ден соолуктун бузулушу белгиси боюнча бааланат.
3. Корутунду жоболор
17. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн квалификациялык белгилердин бири болушу жетиштүү.
18. Бир нече квалификациялык белгилер болгондо ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу ден соолукка эң чоң даражадагы оордук келтирген зыяндын белгиси боюнча аныкталат.
19. Күбөлөндүрүүчүгө нечен ирет келтирген травмалык таасир бергенден болгон жабыркоолор болгондо ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун ар бирине карата өз алдынча бааланат.
20. Көп жабыркоолор бирин бири оордоткон учурларда ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу жалпы бааланат.
21. Жабыркоо пайда болуунун убактысы ар кандай болгондо ар биринин оордугун баалоону өз алдынча жүргүзөт.
22. Адамдын өмүрүне кооптуу келтирилген зыян өзүнүн мүнөзү
боюнча өмүргө коркунуч келтирет, мында бул мүнөзү кокусунан эмес,
мыйзам ченемдүү көрүнүштө болот.
23. Медициналык жардам көрсөткөндөн кийин өлбөй аман калганы ден соолукка келтирген зыяндын өмүргө кооптуу деген бааланышын өзгөртпөйт.
24. Ден соолуктун бузулушу убактылуу эмгекке жөндөмсүздүктү шарттаган патологиялык абалга, ооруга, жабыркоого түздөн-түз байланыштуу органдардын жана (же) органдар системаларынын убактылуу бузулушунда турат.
25. Органдар жана (же) органдар системасынын функциялары бузулуу узактыгы (убактылуу эмгекке жарамсыздыктын) объективдүү медициналык маалыматтарга жараша күндөр менен аныкталат, анткени дарылоо узактыгы адам органынын жана (же) органдар системасынын функциясы чектелүү узактыгы менен дал келбейт. Жүргүзүлгөн дарылоо тирүү адамдын органдар жана (же) органдар системасынын фуикцияларынын посттравмалык чектелиши болушун четке какпайт.
26. Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү жоготуу критерийлери жагымсыз эмгек жана клиникалык болжолунда, же аныкталган жыйынтыкта эмгекке жөндөмдүүлүктү чектөө мөөнөтүнө карабай, же 120 күндөн ашык ден соолук бузулушунун узактыгында (мындан ары - жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу) колдонулат.
27. Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү (адамдын өзүн өзү тейлөөгө тубаса жана үйрөнгөн жөндөмдөрүн жоготуу) жана квалификация менен кесибине (адистигине) карабай адамдын эмгекке жөндөмдүүлүгүн (кандайдыр бир продукт, буюм же кызмат түрүндө социалдык жактан маанилүү натыйжа алууга багышталган аракетке адамдын тубаса жана үйрөнгөн жөндөмдөрүн жоготуу) туруктуу жоготуу тирилик аракетин чектеген түрдө функцияларын калыбына келтиргис жоготууда турат.
28. Балдардын келечекте жалпы (кесиптик) эмгекке жөндөмдүүлүгүн туруктуу жоготуу мүмкүндүгү бөлүгүндө эмгектик болжолун чоңдордукундай ушул соттук-медициналык критерийлерге ылайык аныкташат.
Медициналык критерийлер балдардын жалпы эмгекке жөндөмдүүлүгүн туруктуу жоготууну чоңдордукундай аныктоону сунуштайт. Ошону менен бирге конкреттүү учурда баланын курагы жана өсүп бараткан организмдин өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек, ошондуктан соттук-медициналык экспертиза комиссиялык тартипте педиатр жана (же) балдар неврологу ж.б. менен өткөрүлүшү керек.
29. Эгерде тирүү адамды атайын медициналык текшерүү зарылдыгы пайда болсо, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө ошол текшерүүлөрдү жүргүзүүгө керектүү шарттары бар уюмдардын дарыгер-адистери тартылышы керек.
30. Травмага чейин оорусу бар же толугу менен же жарым-жартылай функциясын жоготкон дененин кайсы бир бөлүгүндө жабыркоосу бар тирүү адамга соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө, травмадан же аны менен себептик байланышта болгон адамдын ден соолугуна келтиргеи зыян гана эсепке алынат.
31. Травманын, уулануунун, оорунун мүнөзү жана оордугу, дарылоону өтө кеч баштагандан, адамдын курагына, коштогон патологияга жана башка себептерден адамдын ден соолук абалы начарлаганы ден соолукка зыян келтирүү катары каралбайт.
Эгерде жабыркоосу (уулануусу, "оорусу") бар адамда дарылоо кемчиликтерге, мурдагы ооруларга, организмдин жеке өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу ден соолугу начарлап кетсе, ушул факторлорго байланыштуу функциялардын бузулушу травмадан келтирилген зыяндын оордук даражасын баалаганда эсепке алынбайт.
32. Медициналык жардам көрсөтүүнүн дефектисинен адамдын ден соолук абалы начарлаганы ден соолукка келтирген зыян катары каралат.
33. Адам ден соолугуна келтирилген зыяндын оордук даражасын Медициналык критерийлердин 24 жана 25 пункттарында көрсөтүлгөн учурларда аныктоо эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
34. Адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын оордук даражасы аныкталбайт, эгерде:
а) тирүү адамды медициналык текшерүү, иштин материалдарын жана медициналык документтерди изилдөө процессинде ден соолукка келтирген зыяндын маанисин аныктоого мүмкүн болбосо;
б) тирүү адамды медициналык текшерген учурда адамдын өмүрүнө кооптуу эмес келтирилген зыяндын натыйжасы белгисиз болсо;
в) соттук-медициналык экспертиза дайындалган тирүү адам соттук-медициналык экспертизага келбей калганда жана аны алып келүүгө мүмкүн болбогондо же тирүү адам медициналык текшерүүдөн баш тарткан учурда;
г) медициналык документтер жок же аларда жетиштүү маалымат жок болгондо, анын ичинде инструменттик жана лабораториялык текшерүү методдордун жыйынтыктары, буларсыз адамдын ден соолугуна келтирген зыяндын оордук даражасы жана мүнөзү тууралуу айтууга мүмкүн эмес.
"Медициналык текшерүү моменти" деп соттук-медициналык экспертиза өткөрүү мезгилин түшүнүү керек.
Ден соолукка келтирилген зыяндын мааниси травманын толук көлөмүнүн объективдүү далилденген диагнозу болмоюнча аныкталган болуп эсептелбейт.
Эгерде экспертиза өткөрүү учурда анатомиялык түзүмдөрдүн бүтүндүгү бузулуунун толук көлөмү же травмадан болгон организмдин физиологиялык функцияларын жоготуу же бузулуу даражасы аныкталбаса, натыйжанын белгисиздиги да орун алат.
Адам ден соолугуна келтирилген зыяндын оордук даражасы жабырлануучу өзү жок болсо аныкталбашы мүмкүн, эгерде көрсөтүлгөн медициналык документтерде травмадан болгон түзүмдүк жана функционалдык бузулуулар мүнөзү жөнүндө маалымат жетишсиз болгондо. Медициналык документтерде берилген маалыматтардын ырастыгына жоопкерчиликти экспертиза дайындаган адам тартат.
Тирүү адамды эксперттик текшерүүгө көрсөтүү мүмкүн эмес болсо жана мындай мүмкүн эместиктин себептери экспертиза дайындаган адам кат түрүндө тастыкташы керек. Бул экспертке керектүү медициналык документтерди жана медициналык (инструменттик жана лабораториялык) изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын берүү мүмкүн болбогон учурларга да тиешелүү.
35. Адам ден соолугуна келтирилген зыяндын оордук даражасын аныктаганда, ал каза тапса ден соолукка келтирилген зыян оор катары бааланат, эгерде:
а) адам ден соолугуна келтирилген зыян өзү өлүм себеби болду же өнүгүп кеткен кокустан эмес кошумча оорунун кесепетинен өлүмгө алып келген;
б) адам ден соолугуна келтирилген зыян кокусунан болбогон өмүргө коркунучтуу абал өнүккөндүн кесепетинен өлүмгө алып келген; адам ден соолугуна келтирген зыян өмүргө кооптуу ден соолукка келтирген зыяндын медициналык критерийлеринин бири болсо;
в) медициналык документтерде адам ден соолугуна келтирген зыяндын кесепетинен өмүргө кооптуу абалдын клиникалык сүрөтү аныкталган;
г) медициналык документтерде көрүү, сүйлөө, угуу, кайсы бир органды же анын функциясын жоготуунун, же психикалык бузулуштун, же баңгилик, же токсикоманиянын, же жүзүн кайтарылгыс кетирүүнүн медициналык критерийлери камтылат;
д) кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүктү толук жоготуу же үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу кыйла жоготууну көрсөткөн анатомиялык же функционалдык белгилер бар.
Баалоо өлүктү толук соттук-медициналык изилдөө жыйынтыктары боюнча жана травмага чейин, травмага байланыштуу жана травмадан кийин каза тапкандын медициналык документтерде жазылган ден соолугун мүнөздөгөн жыйынтыктар боюнча жүргүзүлөт.
36. Жогоруда аталган медициналык критерийлер жана квалификациялаган белгилер жок болгондо, ден соолукка келтирилген зыян оор эмес катары бааланат, эгерде:
а) өлүм ден соолукка келтирилген зыяндан кийин 21 күн ашкан мөөнөттө болсо (ден соолуктун узак бузулушу белгиси боюнча).
б) жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктүн үчтөн бир бөлүгүн туруктуу жоготкон анатомиялык белгилер болгондо.
Адамдын ден соолугуна келтирилген зыянды оор эмес катары баалоо үчүн жабырлануучуда жогоруда аталган оор эмес зыяндын медициналык критерийлери жана квалификациялык белгилери башынан жок болушун аныктоо керек. Өлүктүн соттук-медициналык изилдөөсүндө келтирилген зыян, эгерде өлүм ден соолукка келтирилген зыяндан кийин 21 күн ашкан мөөнөттө болсо, бүтөлбөгөн жабыркоолорго карата оор эмес катары бааланат жана жабыркоолордун эскилиги 21 күндөн ашык болушу керек. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасында келтирилген зыян оор эмес катары бааланат, эгерде жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктүн үчтөн бир бөлүгүн туруктуу жоготкон анатомиялык белгилер болгондо - 10%дан 30%га чейин.
Эгерде өлүм ден соолукка келтирилген зыяндан 21 күнгө чейин болсо, ушул мезгилде бүтөлүп калган жабыркоолор табылса, аларды ден соолуктун кыска мөөнөттөгү бузулушу белгилси боюнча жеңил зыян катары бааланат. Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү бир аз туруктуу жоготууга көрсөткөн анатомиялык белгилер болгондо да ден соолукка келтирилген зыянды жогорудагыдай баалайт.
Эгерде өлүктү изилдегенде жана медициналык документтерди карап чыкканда ден соолукка келтирилген зыяндын натыйжасы жөнүндө корутунду чыгаруу үчүн анын оордугун өмүр үчүн кооптуу эмес катары баалоо жүргүзүлбөйт.
|
|