Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы № 33
Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны
уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери;
- Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун соттук-медициналык аныктоо эрежелери;
- Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун соттук-медициналык аныктоо эрежелерин колдонуу нускамасы;
- «Соттук медицина тармагындагы дарыгер-адистин өлүктү табылган (окуя болгон) жеринде тышкы кароо эрежелери»;
- «Өлүктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү эрежелери»;
- «Жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»;
- «Буюмдук далилдерге соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү жана соттук-медициналык экспертиза борборунун лабораторияларынын соттук-биологиялык бөлүмдөрүндө туугандыгын аныктоо эрежелери»;
- «Соттук-медициналык экспертиза борборунун лабораторияларынын соттук-химиялык бөлүмдөрүндө буюмдук далилдердин экспертизасын өткөрүү эрежелери»;
- «Соттук-медициналык экспертиза борборунун гистологиялык бөлүмдөрүндө соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»
- «Соттук-медициналык экспертиза борборунун медициналык-криминалисттик бөлүмдөрүнүн лабораторияларында соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»;
- «Соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза өткөрүү эрежелери»;
- «Эркектердин жыныстык абалына соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелери»;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик мекемелеринде комплекстүү медициналык-криминалисттик жана медициналык-автотехникалык экспертизаларды уюштуруу эрежелери.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон улам келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде бир айлык мөөнөттө чечсин.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2012-жылдын 20-январындагы № 04 (2154) саны менен жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |