Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Өлүктү кароо
3. Каза табуунун ар кандай түрүндө өлүктү кароонун өзгөчөлүктөрү
4. Соттук-медициналык лабораторияда изилдене турган буюмдук
далилдер жана издерди айкындоо жана алып коюу
1. Жалпы жоболор
1. Өлүктү тапкан жерден тышкы кароону тергөөчү күбөлөр болгондо соттук медицина тармагындагы дарыгер-адистин катышуусу менен жүргүзөт, анын катышуусу мүмкүн болбосо - башка дарыгердин.
Эгерде өлүк мурда башка жерде болсо, дарыгер-адис ошол жерди кароо үчүн катышууга тартылат. Соттук медицина тармагындагы дарыгер-адис алдын ала жана соттук тергөөнүн жүрүшүндө өлүктү тапкан (окуя болгон) жерди кайталанган же кошумча кароо үчүн чакырылышы мүмкүн. Өзгөчө учурларда, өлүктү тапкан жерде аны кароого шарт болбосо, өлүктү мүмкүн болушунча ошол жерден карашат, андан кийин моргго жиберет, ал жерде деталдуу кароо жүргүзүлөт.
2. Соттук медицина тармагында адис катары өлүктү тапкан жерден кароого соттук-медициналык экспертиза борборунда штаттык кызматты ээлеген кезекчи соттук-медициналык эксперт тартылат.
3. Соттук-медициналык экспертизанын райондук жана райондор аралык бөлүмдөрүнүн соттук-медициналык эксперттери тейлеген аймактын чегинде өлүктү тапкан жерге чыгышат, борборлордо эксперттердин кезекчиликтери уюштурулат.
4. Өлүктү тапкан жерде анын кароосуна адис катары катышкан штаттык дарыгер-соттук-медициналык эксперт андан ары да иш боюнча соттук-медициналык эксперт катары катышууга укуктуу; ага мүмкүн болушунча ошол өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын өткөрүүнү тапшыруу максатка ылайык.
5. Өлүктү тапкан жерге соттук медицина тармагында дарыгер-адистин келиши жана анын кайтышын окуя болгон жерде кароону жүргүзгөн органдар (тергөөчү) камсыз кылат; аларга адистин иши үчүн шарт түзүү (жарык берүү, тартипти сактоо, өлүктү караганда техникалык жардам ж.б.), ошондой эле өлүктү моргго жана буюмдук далилдемелерди лабораторияга жеткирүү жүктөлөт. Окуя болгон жерди кароо протоколунун көчүрмөсүн өлүк менен кошо жиберүү керек.
6. Өлүктү тапкан жерде иштегенде соттук медицина тармагындагы дарыгер-адис атайын шаймандарды колдонот жана керектүү изилдөөлөрдү жүргүзөт.
7. Өлүктү тапкан жерде соттук медицина тармагындагы дарыгер-адис:
- өлүмдүн убакытын, жабыркоону пайда кылган механизм жана анын мүнөзү, тергөө аракеттери үчүн мааниси бар башка маалыматтар жөнүндө айтууга көмөктөшкөн белгилерди айкындайт;
- тергөөчүгө өлүктү тапкан жерде тышкы кароого байланыштуу суроолор боюнча жана кийин соттук-медициналык экспертиза өткөрүү боюнча консультация берет;
- тергөөчүгө кан, сперма жана адамдын денесинен чыккан башка нерселерге окшош издерин, чачын, ар кандай заттарды, буюмдарды, куралдарды жана башка объекттерди табууга жардам көрсөтөт;
- аларды алууга көмөктөшөт;
- ошол окуя үчүн мааниси бар бардык өзгөчөлүктөргө тергөөчүнүн көңүлүн бурат.
8. Окуя болгон жерге соттук медицина тармагында дарыгер-адис келгенде жабырлануучунун тирүү экендигинин белгилери бар-жогуна ынанышы керек. Өлүмдүн чыныгы белгилери жок болсо соттук медицина тармагында дарыгер-адис тергөөчү аркылуу "Тез медициналык жардамды" чакырууга милдеттүү, ал келгенге чейин организмдин негизги жашоо функцияларын калыбына келтирүү боюнча колунан келген чараларды көрөт (жасалма дем алдыруу, жүрөккө түз эмес массаж ж.б.). Эгерде көргө чаралары ийгиликке жетпесе, кароо протоколунда жандантуу үчүн кандай чаралар көрүлгөнү, аларды көрүү убактысынын башталышы жана аякташы тууралуу көрсөтүү керек.
9. Окуя болгон жерде жана өлүктү кароо жыйынтыктары, ошондой эле өлүктү кароонун башталышы жана аяктаган убактысы тергөөчү түзгөн окуя болгон жерди кароо протоколунда жазылат. Өлүм белгилерин изилдөө мезгили окуя болгон жерди кароонун протоколдук бөлүгүндө жазылат. Өлүктү, анын издерин ж.б. сүрөттөөгө тиешелүү жазууларды түшүрүүнү тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча соттук медицина тармагында дарыгер-адис жүргүзүшү керек, анын протоколго кире турган толуктоолорду жана эскертүүлөрдү кылууга укугу бар. Протоколду окугандан кийин окуя болгон жерди кароого катышкандар кол коюшат, анын ичинде соттук медицина тармагындагы дарыгер-адис.
10. Окуя болгон жерди караганда, эгерде каза болгонго чейин ал адам узак убакыт өнөкөт оору менен ооруса жана тиешелүү медициналык уюмда эсепке алынган болсо, ошондой эле каза тапкан адамдар 65 жана андан көп жашка чыккан болсо, кандайдыр бир денедеги жабыркоолор же күч колдонуп өлтүргөн белгилери болбосо, соттук медицина тармагындагы дарыгер-адистин белгиленген үлгүдөгү "Бейтапканалар үчүн маалымкатты" берүүгө укугу бар.
11. Өлүктү тапкан жерге бардык баруулар "окуя болгон жерге соттук медицина тармагындагы кезекчи дарыгер-адистин баруулар журналында" жазылат, анда барып келүүнүн датасы, убактысы жана жери, жабырлануучунун аты-жөнү көрсөтүлөт, аткарылган аракеттер жана өлүмдүн болжолдуу себеби берилет. Журналды сактоо мөөнөтү - 10 жыл.
2. Өлүктү кароо
12. Соттук медицина тармагындагы дарыгер-адис өлүктү тапкан жерден караганда протоколго жазуу үчүн тергөөчүгө төмөнкүлөрдү аныктап, билдирүүгө милдеттүү:
1) Өлүктүн позасын, аяктардын абалы, өлүктө, анын жанында жана алдында болгон ар кандай издер жана буюмдар, өлүк жаткан жердин абалы.
2) Өлүктөгү кийим-кечек жана анын абалын (айрылып-тытылуусу, кирдегени, топчулардын, илмектеринин абалы жана бүтүндүгү), кан жана адамдан чыккан нерселердин издери болушун.
Эскертүү:
Өлүктүн кийимин караганда аны чечпейт, жөн гана топчуларын чечет жана көтөрөт, бул тууралуу протоколдо тиешелүү жазуу калтырылат.
3) Жынысын, болжолдуу курагын, дене түзүлүшүн, терисинин түсүн.
4) Каректердин, көз челинин, көздүн былжырлуу кабыкчаларынын, табигый тешикчелердин абалын (бөтөн нерселердин, бөтөн жактан чыккан нерселердин ж.б. болушу).
5) Өзгөчө белгилер - эгерде адам белгисиз болсо (денедеги кемчиликтер, тырыктар, татуировкалар ж.б.).
6) Өлүктүн алгачкы көрүнүштөрүнүн болушун, аларды изилдөөгө алган убакытты көрсөтүп:
- кийими, ачык жана жабык дене участкаларынын муздактык даражасы (кармалап билүү);
- өлүктүн темгил тактарынын болушу, жайгашуусу жана түсү, аларды басканда түсү өзгөрүлгөндүгү жана алгачкы түсү канчалык тез калыбына келиши;
- булчуңдардын ар кандай топторунда өлүктүк сенейүүнүн көрүнүү даражасы;
- таргыл булчуңдардын механикалык таасир этүүгө реакциясы;
- таргыл булчуңдардын электр козголгучтугу;
- пилокарпин жана атропин эритмелерди көздүн алдыңкы камерасына киргизүүгө каректик реакциянын мүнөзү.
Эскертүү:
Атропин жана пилокарпинге каректик реакцияны жана булчуңдардын механикалык дүүлүгүүнү, электр козгогучтукту изилдөө зарыл учурларда жүргүзүлөт.
7) Кийинки өлүктүк көрүнүштөрдүн болушу (чирүү, май-момдук, мумификация ж.б.), алардын көрүнүү даражасы жана анатомиялык локализациясы.
8) Өлүктө бузулуулардын болушу, анатомиялык локализациясы, формасы, өлчөмү, четтеринин мүнөзү жана башка өзгөчөлүктөр; өлүктө же анын жанында канга, адамдан чыккан нерсеге окшош жана башка издердин болушу, алардын өлүктөн, тегеректеги буюмдардан аралыгы, формасы, багыты, локализациясы, мүнөзү; дубалда, бакта ж.б. жайгашканда - анын полдон, жерден аралыгы.
Эскертүү:
Алгачкы түрүн же бузулуулардын касиеттерин өзгөрткөн зонддоого жана башка ушул сыяктуу аракеттерге тыюу салынат; бузулуулардан жана тегерек четиндеги териден кургап калган канды суу менен жууп, же башка ыкма менен кетирүүгө болбойт (бузулуу болгон жерде буюмдук далилдемелерди жоготпош үчүн);
Бузулуу болгон жердеги буюмдарды жана куралдарды алып чыгууга тыюу салынат (аларды ошол бойдон калтыруу керек, өлүктү моргго жеткиргенде анын сактыгы камсыз кылынат).
9) Бузулуулар болгон жерде ээн жаткан нерселер табылса, аларды изилдөөгө жиберүү үчүн тергөөчүгө өткөрүп берүү керек.
10) Көкүрөк клеткасын басканда кандайдыр бир жыт (алкоголь ж.б.) барбы.
11) Травма алгандан кийин жабырлануучунун өз алдынча жылгандыгынын же өлүктү жылдыргандын (жаткан абалы өзгөрүлгөн) белгилери.
12) Өлүктө жана кийимде курт-кумурскалардын болушу, алардын мүнөзү, эң көп чогулган жери. Бул өлүмдүн убактысын аныктоо үчүн маанилүү болсо - курт кумурскаларды, курттарды, личинкаларды тергөөчү энтомологиялык изилдөөгө жиберүү үчүн алат (пробиркаларга, склянкаларга).
13. Өлүктү жана аны тапкан жерди сыртынан кароонун негизинде соттук медицина тармагындагы дарыгер-адис оозеки түрүндө тергөөчүгө төмөнкү суроолорго жооп бериши мүмкүн:
1) Каза тапкандан тартып канча убакыт өттү?
2) Каза тапкандан кийин өлүктүн жатканын өзгөртүү белгилери барбы?
3) Өлүктө сырткы бузулуулар барбы, алар болжолу менен кайсы курал менен келтирилди?
4) Өлүк табылган жер өлүктү кароодо табылган жабыркатуу келтирилген жерби, же жабыркатуулар башка жерден келтирилгенби?
5) Өлүктө же аны тапкан жерде кан, адамдан чыккан нерсеге окшош жана башка издер барбы?
6) Каза табуунун мүмкүн болгон себеби эмнеде?
Зарыл болсо соттук медицина тармагында дарыгер-адис кошумча изилдөөнү талап кылбаган жана өзүнүн компетенциясынын чегиндеги башка суроолорго жооп бериши мүмкүн.
Эскертүү:
Соттук медицина тармагында дарыгер-адистин өлүктү тышкы кароонун маалыматтарына негизделген пикири алдын ала ой жүгүртүү болуп саналат жана эксперттик корутунду катары каралбайт (ал өлүктүн толук соттук-медициналык экспертизасынан кийин берилет).
3. Каза табуунун ар кандай түрүндө өлүктү кароонун өзгөчөлүктөрү
14. Өлүктү караганда каза табуунун айрым түрүнө шектенүү болсо, соттук медицина тармагында дарыгер-адис тергөөчүнүн көңүлүн төмөнкүлөргө өзгөчөлүктөргө бурууга милдеттүү:
1) Тукул жана курч эмес буюмдар менен жабыркатканда - жабыркатуу мүнөзүн, анатомиялык локализациясын, формасын, четтерин, көлөмүн, жана башка өзгөчөлүктөрүн, кийимде жабыркатуулардын шайкештиги; бир өңчөй жабыркатууларда - алардын саны, өз ара жайгашканы; канга окшош издер өлүктө, анын кийиминде, тегерек четтеги буюмдарда, травма келтирген болжолдуу куралдарда.
2) Автомототрактордук травмада - өлүктүн позасын, анын транспорт каражаты менен жана анын издери менен өз ара жайгашканы, ошондой эле алардын ортосундагы аралык; кийимдердин абалы (механикалык жана башка жабыркатуулар, машина май, көчөдөгү ылай, сыр менен булгануу, сүйрөлүүнүн издери жана протекторлордун, гусеницанын жана транспорт каражатынын башка бөлүктөрүнүн издери) жана бут кийимдин таманындагы издер (сыйгалануу); өлүктөгү жабыркатуулардын мүнөзү, алардын локализациясы жана тамандан канчалык өөдө жайгашканы; сөөктөрдүн нормага жатпаган кыймылдуу жерлери, крепитация болушу, дененин айрым бөлүктөрүнүн деформациясы, аяктардын кыскарышы ж.б.; транспорттук каражаттарда кандын, чачтардын, ткандардын жана органдардын майда бөлүктөрү, кийим ткандын сүрөтү түшкөнү ж.б. болушу, алардын жол бетинен канчалык жогору жайгашканы.
3) Темир жол травмасында - өлүктүн же анын бөлүктөрүнүн рельстерге, темир жолго карата жайгашканы, позасы; өлүктө жана анын кийиминде жабыркатуулардын мүнөзү (басылуу тилкелери, сүйрөлүү издери ж.б.), булгануу (мазут менен, шлак менен ж.б.), жабыркатуулар тирүү адамга келтирилгендиктин белгилери.
4) Авиациялык травмада - өлүктөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн самолетко же анын айрым бөлүктөрүнө карата жайгашканы; кийимдин абалы, бөтөн жыттар; бөлүктөрдүн ар бир өлүккө таандыгы (бөлөктөргө катар номери менен бирка тиркейт, же белгилүү болсо, жабырлануучунун аты-жөнү менен); экипаж мүчөлөрүнүн жабыркоо мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү (ок атуудан болгон жабыркоо белгилердин мүмкүндүгү, көмүртек кычкылы менен уулануу ж.б.); башкаруу тетиктердин тактары бут кийимде, кол капта ж.б. жабыркоо пайда болуу механизмин жана катастрофа учурундагы позаларын кийин аныктоо үчүн.
5) Бийиктен кулаганда - өлүктүн позасы жана кулап түшкөн объекттен анын жайгашкан жери; кан болушу, анын көптүгү; өлүк жаткан жердин өзгөчөлүктөрү жана анын жанында, тегерегинде жаткан буюмдардын өзгөчөлүктөрү; кийимдин абалы; өлүктөгү жабыркатуулар.
6) Ок атып жабыркатканда - кийимдеги жабыркатуулар, анын катмарларында же бырыштарында ок, бытыра ж.б. болушу (бар болсо тергөөчү атайын изилдөөгө алат); жабыркоолордун саны жана алардын жайгашкан жери (тамандан жогору аралыгын көрсөтүп), формасы, көлөмү, четтери, ок дарынын көөсү жана күйүп бүтпөгөн ок дарынын болушу, алар ээлеген аянтча, ок кирген тешикте ткандардын айрылышы жана курал оозунун изи болушу; бутунда бут кийми бар; жаракаттын мүнөзү (тешип чыкма, сокур) жана анын өзгөчөлүктөрү; өлүктө, анын кийиминде, тегерек четтеги буюмдарда канга окшош тактар, алардын жайгашканы жана өзгөчөлүктөрү.
7) Механикалык себептерден муунтканда - бетинин шишимелдиги, кандын бириктиргич кабыкчаларына кан агуу; теринин көк тартканы; денеде жана кийимде заңдын, зааранын, уруктун тактары.
8) Моюн сыйыртмакка басылганда - өлүктүн позасын; дене бош илинип турганда - тамандан полго (жерге) чейинки аралык жана полдон сыйыртмактын бош жагын илип бекиткен жерге чейинки аралык, астына койгон буюмдардын жана алардагы издердин болушу (мисалы, бут кийимдин); сыйыртмак (материал, тип, оромдордун саны, моюнда жайгашуусу, странгуляциялык бороздонун шайкештиги, түйүндөрдү байлоо мүнөзү); кийимдин, бет менен моюндун терисинин абалы, өлүк тактардын жайгашканы жана өлүктүн позасына алардын локализациясынын шайкештиги; странгуляциялык бороздонун мүнөзү жана өзгөчөлүгү.
Эскертүү:
Сыйыртмакты андан наркы атайын изилдөөгө тергөөчү жибериш үчүн түйүнгө каршы жерден кесип, жиптер менен кесилген жерин бириктирип, сыйыртмактын узундугун жана анын бош жагын ченеп чыгуу.
Странгуляциялык бороз начар көрүнсө (ачып союу мезгилге чейин ал такыр көрүнбөй калышы мүмкүн), аны фотоаппаратка тартуу керек.
9) Моюн органдарын кол менен басканда ооз жана мурунду кол же башка нерселер менен жаап өлтүрүүгө шектенгенде - моюн, бет териси, мурун менен ооз тегерегинде, эриндин былжырлуу кабыкчасы жана ооз көңдөйүндө жабыркатуулар бар (сыйрыктар, канталаган жерлер, бөтөн нерселер, тиштердин тактары ж.б.); дененин башка жактарында, өзгөчө колдорунда жабыркатуулар бар.
10) Көкүрөк клетканы жана ичти басканда - баскан буюмдардын өлчөмү, мүнөзү; териде кийимдин жана башка буюмдардын тактары; механикалык жабыркатуулардын өзгөчөлүктөрү жана мүнөзү; тери сыртынын түсү; кабактын былжырлуу кабыкчасына жана көздүн агына, беттин терисине, моюнга, тулку бойдун үстүнкү жагына кан агуу, экзофтальм ж.б.
11) Сууга чөктүргөндө - денени суунун үстүндө кармап турган (куткаруучу пояс ж.б.) же, тескерисинче, чөктүргөн (денеге байлаган же кийимдин чөнтөктөрүндө болгон таштар) буюмдардын болушу, кийимдин болушу жана анын абалы, бөтөн нерселердин болушу (чөгүндө, кум, балыр ж.б.); механикалык жабыркатуулардын болушу жана локализациясы жана алардын мүнөзү, теринин мацерация участкасы; мурун жана ооз тешиктеринде туруктуу көбүктүн болушу.
Эскертүү:
Соттук медицина тармагында дарыгер-адис планктонго изилдөөгө көлмөктөн сууну адам чөккөн жердеги 3 деңгээлден ар биринен 1 литр сынакка алууну тергөөчүгө сунушташы керек; эгерде чөккөн жери белгисиз болсо, өлүк табылган жерден алынат.
Жылдын ысык учурунда кароодон кийин өлүктү тез моргго жеткирүү мүмкүн болбосо, анын жакшы сакталышы үчүн сууда болуп турушу максатка ылайык болот.
12) Ууланууларда - териде жана кийимде уу таасиринин издери (күйүктөр, өлүктө жана анын жанында кусундулар); химиялык заттардын калдыктары (порошоктор, таблеткалар, суюктуктар, бош склянка, ампула, дарылардан конвалюта), шприц менен ийненин болушу ж.б.; өлүктүн терисинин жана көрүнүп турган былжырлуу кабыкчалардын түсү, оозунан келген жыт, инъекциянын издери.
Эскертүү:
Соттук медицина тармагында дарыгер-адис лабораториялык изилдөө үчүн кусунду, тамактын калдыктары, дарылардын таралары ж.б. алууга тергөөчүгө жардам берет.
Газ сымал заттар менен ууланганда соттук медицина тармагында дарыгер-адис окуя болгон жерде кароодон мурда санитардык-эпидемиологиялык станциядан адисти аба сынагын алуу үчүн чакыруу зарылдыгы тууралуу тергөөчүгө билдирет. Абаны сынакка алып, бөлмөнү шамалдаткандан кийин кароо жүргүзүлөт.
13) Төмөн температура таасир бергенде - өлүктүн позасы, өлүк жаткан жер үстүнүн абалы; кийимдин абалы (жыл мезгилине шайкештиги, такыр жоктугу, сүсүлгөн, ным ж.б.); өлүктүк тактардын түсү, кыроонун же муз көз жана мурун тегерегинде болушу, "кааз териси" жана ар кандай даражадагы үшүктөр болушу, алардын локализациясы, көлөмү жана башка өзгөчөлүктөрү. Тоңуп калган өлүктү караганда тоңгон дене бөлүктөрүн сындырып албагыдай кылып этият болуш керек (бармактарын, кулактарын ж.б.).
14) Бийик температура таасир эткенде - кийимдин абалы, жыттын болушу (бензин, керосин ж.б.) куйкалоо же өрттөнүү, канга окшош тактар, жалындын таасирине байланыштуу эмес жабыркоолор; өлүктө күйүктүн локализациясы, таркалышы жана даражасы; ооз көңдөйүндө күйүк жана көө болушу, тери бырыштардын кырларында, көздүн тышкы бурчтарында, чекесинде ж.б. көөнүн болушу.
Жылыткыч очогунда өлүктү өрттөп салганына шектенүү болгондо соттук медицина тармагында дарыгер-адис от жаккан жердин жана үйлөгүч жердин ар кайсы жеринен салмагы 50 гр күлдү 4 өз алдынча сынактан кем эмес алууга тергөөчүгө көмөктөшөт, айрым табылгаларды алып, кароону өткөргөндөн кийин - калган күлдү изилдөө үчүн алууга жардамдашат.
15) Электр тогу урганда:
а) Атмосфералык (чагылган) - кийимде жана денеде жабыркоолордун болушу; кийимдин күйгөнү, чачтардын күйгөнү же куйкаланганы, "чагылган фигуралары" териде, ошондой эле металл буюмдардын эриши.
Эскертүү:
"Чагылган фигурасы" болгондо аларды фотоаппаратка түшүрүү керек, анткени алар тез жоголуп кетиши ыктымал.
б) Техникалык - эгерде жабырлануучуга жардам көрсөтүлүп, денеси жылдырылса - жардамдын мүнөзү жана алгачкы тапкан жердин абалы; токтун булагы же өткөргүчү менен дененин мүмкүн болгон контакттары (эпидермис бөлүкчөлөрү, алардагы чачтар); электр ток урушу мүмкүн шарттар; жерге кетирилген металл конструкциялар, жердин (полдун) нымдыгы, бөлмөдөгү нымдуулук ж.б.; токту өткөрүүгө жагымдуу шарт түзгөн кийимдин өзгөчөлүктөрү (нымдуулугу, бут кийимдин таманындагы мыктар); токтун жылуулук жана механикалык таасиринен жабыркоолордун болушу (куйкалануу, өрттөнүү, ткандардын айрылышы ж.б.); токтун таасиринин белгилери: электрометкалар (көп учурда беш манжа жана таман жакта жайгашат), металл буюмдарга (саат браслетине ж.б.) жакын тери участкаларда электрдик металлизация, алардын локализациясы, саны жана жалпы түрү.
16) Криминалдык бойдон алдырганда - спринцовка, кружка, чара, химиялык заттар, медикаменттер болушу, алар бойдон алдыруу максатында колдонулушу мүмкүн; ич кийимде, тегерек четтеги буюмдарда канга шектүү тактар, тышкы жыныс органдардын жана аланын абалы (механикалык жабыркоолор, кан, жыныс жолдоруна салынган бөтөн буюмдар); ыргытылган же катылган тон, күмөн же анын бөлүктөрү болушу мүмкүн жерлерди кароо зарылдыгы.
17) Ымыркайлардын өлүгүн же бөлүктөрүн караганда - таңгактын болушу жана анын мүнөзү, өлүктөгү механикалык жабыркатуулар, ымыркайды кароого аракет жасоо белгилери (киндикти байлоо, таңуулар ж.б.), сыр сымал майлама, төрөт шишиги болушу; киндиктин, табигый жылчыктардын абалы (бөтөн нерселерди табуу үчүн);
18) Белгисиз адамдын өлүгүн караганда - кийимди (деталдуу); жынысы, болжолдуу курагы, өзгөчө белгилери (өсүшүнүн дефектиси, травмалардын кесепеттери, тырыктар, татуировкалар ж.б.); өлүктү сөз портрети методу менен сүрөттөө максатка ылайык.
19) Жиликтелген өлүктүн бөлүктөрүн тапканда - таңгактын болушу жана мүнөзү, кийимдин буюмдарын же бөлүктөрүн, өзгөчө белгилер (п.3.15. карагыла), бөтөн заттар менен булгануу, локализация, үстүлөрдүн, четтердин мүнөзү жана жиликтелгендин башка өзгөчөлүктөрү; башка бузулган жерлердин формасы, көлөмү жана өзгөчөлүгү ж.б.; фото кылуу керек, тиешелүү объекттер болгондо - сөз портрети методу менен сүрөттөө.
20) Мүрт өлгөндө - жабыркоолордун болушу же жоктугу, алардын мүнөзү; өлүмгө чейинки жагдайларды билүү зарылдыгы, маркум жөнүндө медициналык документацияны алуу.
21) Өтө кооптуу инфекциядан өлүм тапканына шектенүү болгондо (кара тумоо, чечек, холера ж.б.) соттук медицина тармагында дарыгер-адис ошол замат бул тууралуу тергөөчүгө билдирет жана аны менен бирге жакынкы саламаттык сактоо органдардын жана санэпидстанция жетекчилерин билдирүүгө чара көрүшөт. Окуя болгон жерди кароонун бардык катышуучулары атайын эпидемияга каршы бригада келмейинче ордунда калышы керек, ал конкреттүү жагдайга жараша тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет. Өлүктү эвакуациялоону санитардык-эпидемиологиялык кызмат атайын транспорт менен жүргүзөт.
4. Соттук-медициналык лабораторияда изилдене турган буюмдук далилдер жана издерди айкындоо жана алып коюу
15. Кандан, уруктан, адам организминин башка чыккан нерселеринен пайда боло турган тактарды табууда, чачтарды издегенде соттук медицина тармагында дарыгер-адис тергөөчүнүн көңүлүн төмөнкү өзгөчөлүктөргө бурушу керек:
1) кандан болушу мүмкүн тактарды тапканда:
- "жашырын жерлерде" кандын тактары сакталыш мүмкүндүгү (өлүктүн кол бармактарынын тырмак алдында, чөнтөк четтеринде жана кийимдин жеңдеринде, тигилген жерлерде жана кездеме артында; полдун жылчыктарында, плинтус алдында, чуңкур жерлерде жана эмерек, эшиктин кармагычтары, водопровод крандары, кылмыш куралында, транспорт каражатында ж.б.);
- кан тактарынын түсү өзгөрүү мүмкүндүгү, эгерде алар караңгы жерде, ала-була фондо болсо же жуулуп калса (карарган, жашылданган, кызгылтым, саргыч түс) ж.б.;
- кан тактарын калтыруунун мүмкүндүү механизми.
Эскертүү:
Эгерде кан тактары ачык күндүн же электрдин жарыгында көрүнбөсө, бирок ал бар болуш керек деген божомол болсо, жантайып түшкөн жарыкта кароону же лупанын жардамы менен кароону колдонуш керек, ошондой эле мүмкүн болсо ультрафиолет нурду колдонуу максатка ылайык.
Өтө этияттык менен болсо да, суутек кычкылы, бензидин же люминал менен реакцияларга өзгөчө учурларда гана жана көп сандагы изилденчү материал болгондо кайрылуу керек, аны негизги бөлүктөн бөлүүгө чара көргөндөн кийин. Бул текшерүүнүн жыйынтыктары кароо протоколдо чагылдырылат.
2) Эркектин уругунан пайда боло турган тактарды тапканда:
- мүнөздүү чиймеленген сөлөкөтү, катыгандык, тактардын текстилдик ткандарда агыш, саргыч же боз түсү; түктүү ткандарда кургаган агыш-боз, саргыч бүртүктөр, же ошол түстөгү кабыктар сиңирбеген үстүлөрдө.
Эскертүү:
Тактарды ушалаганда булганууну коштуруудан этият болуш керек, ал лабораториялык изилдөөгө тоскоол болушу мүмкүн!
Эркектин уругуна шектүү тактарды караганда ультрафиолет нурдун булагын колдонуу максатка ылайык.
3) Адамдын башка чыккан нерселеринен болгон тактарды тапканда (шилекей, заара ж.б.):
- аларды табууга ультрафиолет нурда кароо көмөктөшүүсү мүмкүн болоруна.
4) Чачтарды издегенде, окуянын мүнөзүнө жараша ал кылмыш куралында, кийимде же адамдын денесинде, транспорт каражатында болушу мүмкүн:
- лупа менен, жарыкта кароо зарылдыгы; чач менен этият болууга, аларды бузуу же жоготпоо үчүн.
5) Окуя болгон жерде болжолдуу кылмышкерлер калтырган тамеки чегиндиси, тарак, кийим, баш кийим, бут кийим табылганда - соттук медицина тармагында дарыгер-адис тергөөчүгө аларды соттук-биологиялык лабораторияга шилекей, май тер, терди изилдөө максатында жиберүүнү сунуштайт, бул адамдын кан тобун аныктоого жардам берет.
6) Дене ткандарынын майдасын тапканда:
- же аларды бөлмөдөгү температурада кургатуу зарыл (чоңдугуна, кароо шартына жана боло турган изилдөөнүн максатына жараша), же буралып жабылган склянкага салып, формалин эритмесин куюу зарылдыгы.
7) Буюмдук далилдерди соттук-медициналык лабораторияга изилдөөгө алуу жана бекитүүдө тергөөчүгө жардам берүү үчүн соттук медицина тармагында дарыгер-адис төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
- кийимди жана башка чакан буюмдук далилдерди толугу менен алуу;
- эпсиз чоң буюмдардан шектүү тактары бар участкаларды, ошол тактар бүт аянтты ээлебегендей кылып алуу;
- бардык буюмдук далилдерди же алардын бөлүгүн алууга мүмкүн болбосо, шектүү такты кырат же суу менен нымдалган марля менен сүртөт; марляны кийин бөлмө температурасында кургатат;
- эгерде кыруу жүргүзүлсө, шектүү участканын жанынан алынган буюмдун үлгүсүн контролдук изилдөө үчүн өз алдынча пакетке салат; такты жууп кетирүү же кан менен каарды кургатуу үчүн колдонулган марлянын таза кесиндиси ж.б.;
- нымдуу буюмдук далилдер же кургатылбаган тактарды бөлмөдөгү температурада кургатуу.
|
|