Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын аткаруу техникасы,
тартиби жана аны уюштуруу
3. Көрсөтүлгөн документтер менен таанышуу
4. Өлүктүн экспертизасын пландаштыруу
5. Өлүктү сырттан изилдөө
6. Өлүктү ичтен изилдөө
7. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн объекттерди алуу
8. "Эксперттин корутундусун" тариздөө
9. Өлүм жөнүндө медициналык күбөлүктү толтуруу
10. Соттук-медициналык моргдо өлүктөрдү кабыл алуу, каттоо, сактоо жана берүү
11. Лабораториялык изилдөөгө өлүк материалдарын алуу жана жиберүү соттук-химиялык изилдөө үчүн объекттерди алуу
Объекттерди гистологиялык изилдөөгө алуу
Объекттерди цитологиялык изилдөө үчүн алуу
Соттук-биологиялык изилдөөгө үлгүлөрдү алуу
Медициналык-криминалистикалык изилдөөлөр үчүн объекттерди алуу
Микробиологиялык (вирусологиялык) изилдөө үчүн объекттерди алуу
Диатомдук планктонго изилдөө үчүн объекттерди алуу
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин соттук-медициналык уюмдарында - республикалык, облустук соттук-медициналык экспертиза борборлорунда жана райондук бөлүмдөрдө өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын өткөрүүнү жана уюштурууну регламенттейт. Экспертизанын бул түрүн Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын соттук экспертиза суроолору боюнча токтомдоруна жана чечимдерине, ушул эрежелерге, буйруктарга жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башка методикалык документтерине ылайык өткөрөт.
2. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын токтому же соттун аныктамасы боюнча өлүм себебин аныктоо жана токтомдо (аныктамада) көрсөтүлгөн жана эксперттин атайын билим чегинен чыкпаган башка суроолорду чечүү үчүн өткөрөт. Башка учурларда өлүмдүн себебин аныктоо өлүктү соттук-медициналык изилдөө процессинде укук коргоо органдардын кат түрүндө сунушу боюнча жүргүзүлөт.
3. Дарылоо уюмунан сырткары мүрт кеткен адамдардын өлүктөрү соттук-медициналык изилдөөдөн өтүшү керек. Дарыгердин байкоосунда турган адамдын мүрт өлүмү учурунда дарылоо мекемеге "Өлүмү тууралуу дарыгердик күбөлүктү" соттук-медициналык эксперт менен макулдашпай берүүгө жана ал тиешелүү уруксат бермейинче тапшырууга тыюу салынат.
4. Дарылоодо жүргөн жана киши колдуу болуп өлгөн, же ошого шектенүүдө, же медициналык кызматкерлер өз кызматтык жана кесиптик милдеттерин жакшы аткарбагандыкты көрсөтүп турган жагдайларда дарылоо-алдын алуу уюмда адам каза тапканда, мекеменин башкы дарыгери бул тууралуу аймактык укук коргоо органдарына өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын дайындоо жөнүндө суроону чечүү үчүн өз убагында билдирүүгө милдеттүү.
5. Өлүктү патолого-анатомиялык изилдөө учурунда кол салып өлтүрүү белгилери табылса, союп ачуу токтотулат, патологоанатомиялык бөлүмдүн башчысы өлүктүн органдары жана ткандары сакталышына чара көрөт жана медициналык уюмдун жетекчиси аркылуу укук коргоо органдарына соттук-медициналык экспертиза дайындоо максатында билдирет. Өлүктү андан ары изилдөөнү соттук-медициналык эксперт жүргүзөт.
6. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын мамлекеттик мекеменин штаттык соттук-медициналык эксперттери өткөрүшөт. Өлүктүн экспертизасын өткөрүүгө медициналык жождордун соттук медицина кафедраларынын (курстарынын) профессордук-мугалимдик курамы, ошондой эле корутунду берүүгө атайын билимдери бар башка адистиктеги дарыгерлер тартылыш мүмкүн. Тергөө органдардын жана соттун мындай адамды эксперт катары тартуу жөнүндө талабы ошол адам иштеген уюмдун жетекчилери үчүн аткарууга милдеттүү.
7. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын соттук-медициналык моргдо же дарылоо-алдын алуу уюмдун моргунда өткөрөт.
8. Өлүктү моргго жеткирүү мүмкүн болбосо, экспертиза дайындаган адам дарылоо-алдын алуу уюмдун администрациясы менен биргелешип (менчиктин түрүнө карабай) соттук-медициналык экспертке башка бөлмөдө иши үчүн зарыл шарттарды түзүп беришин камсыз кылат.
9. Өзгөчө учурларда, укук коргоо органдарынын жетекчилиги жана соттук-медициналык эксперт менен макулдашып, эксгумацияланган же ачык абада табылган өлүктүн экспертизасын өткөрүүгө уруксат берилет, мында жылдын жылуу мезгили, кургак аба ырайы, жетиштүү жарык жана соттук-медициналык экспертизанын талаптарына болушунча жакындатылган иштин зарыл шарты түзүлүшү керек.
10. Өлүктү, анын кийимин жана өлүккө түздөн түз тиешелүү башка буюмдарды өз убагында моргго жеткирүүнү өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын (изилдөөсүн) дайындаган адам камсыз кылат. Ошону менен бирге токтом (аныктама) коштоп берилет, анда өлүмгө алып келген, же өлүктү табуу жагдайлары баяндалат, экспертке суроолор берилет, ошондой эле өлүк менен жеткирилип жаткан документтер жана баалуулуктар саналып чыгат. Эгерде окуя болгон жердин жана өлүктүн кароосу жүргүзүлсө, кароонун протоколунун көчүрмөсү тиркелет.
11. Эгерде соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом моргго өлүктү жибергенде тариздөөгө мүмкүн болбосо, өлүктү тергөөчүнүн кат түрүндө тапшырмасы менен коштойт, анда токтом экспертиза өткөрүүнүн башталышына жеткирилет деп белгиленет.
12. "Тез медициналык жардам" бригадалары эрежеден тышкары соттук-медициналык моргго дарылоо уюмуна ташып баратканда, көчөдө жана башка коомдук жерлерде каза тапкан адамдарды жеткирүүгө укуктуу. Бригаданын дарыгери (фельдшер) өлүк менен "Коштомо баракчага" толтурулган айрыма талон берип, өлүк табылган аймактын милиция бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү. Милициянын бул бөлүмү же прокуратура өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын өз убагында дайындоону камсыз кылат.
13. Дарылоо уюмунан өлүктү моргго жибергенде, соттук-медициналык экспертизаны дайындаган адам өлүктүн кийимин жана оору баяндын түп нускасын кошо (экспертиза өткөрүү башталганга чейин) жеткирүүнү камсыз кылат. Эгерде кийимди тергөө же суракка алуу органдары алып калса, же алардын уруксаты менен маркумдун туугандарына берилсе, токтомдо бул тууралуу тиешелүү жазуу калтырат.
14. Моргго түшкөн өлүк, анын кийимдери жана ар кандай буюмдары белгиленген тартипте катталат. Өлүктөр чирибегидей шартта сакталышы керек. Өлүктүн кийими жана аны менен бирге алып келген буюмдар экспертиза өткөрүүгө чейин моргго келген абалда өзгөрүлбөй сакталышы керек. Зарыл болсо калтырган буюмдардын жараксыз болуусун алдын алууга багышталган конкреттүү иш-чаралар жүргүзүлөт.
15. Өлүктүн экспертизасын дайындоо жөнүндө аныктама же токтомду алгандан кийин соттук-медициналык эксперттик уюмдун же бөлүмдүн жетекчиси (Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору, облустук борборлордун жетекчилери жана шаардык, райондук, райондор аралык бөлүмдөрдүн башчылары) аларга соттук-медициналык эксперттин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрүп берет, алар жөнүндө алардын кол койгон түшүндүрмөлөрүн алып, аларды эксперттин корутундусу менен бирге тергөөчүгө жиберет.
16. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасы алгачкы, кошумча жана кайталанган болушу мүмкүн. Соттук-медициналык экспертиза (изилдөө) өткөрүүгө маркумдун мураскорлорунун же туугандарынын макулдугу талап кылынбайт.
17. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын, эрежеде, бир эксперт өткөрөт; айрым учурларда (татаалдык, эксперттик изилдөөнүн көлөмү чоң, чет элдик жарандыктагы өлүктүн экспертизасы, өлүктүн кайталанган экспертизасы) - эки же андан көп соттук-медициналык эксперттер менен.
18. Өлүктүн алгачкы экспертизасын өткөргөн соттук-медициналык эксперт өлүктүн кайталанган соттук-медициналык экспертизасын дайындаган адамдын уруксаты боюнча аны өткөрүүгө катышуусу мүмкүн.
19. Өлүктүн экспертизасында эксперттик изилдөөлөр методикасын жана көлөмүн соттук-медициналык эксперт экспертизанын маселесине жана максаттарына, эксперттик корутундулардын объективдүүлүгүнө жана негиздүүлүгүнө коюлган талаптарга, ведомстволук ченемдик, инструкциялык жана методикалык документтердин көрсөтмөлөрүнө жараша аныктайт.
20. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасы комплекстүү мүнөздө болот жана, эрежеде, өлүктүн экспертизасы менен катар андан алынган биологиялык материалдын экспертизасы да өткөрүлөт. Өлүктүн изилдөөсүн жүргүзгөн эксперттин тапшырмасы боюнча бул материалды Борбордун лабораториясына беришет жана ал адистер тарабынан изилденет, алар да эксперттин статусун алышат жана анализдин жыйынтыктарын "Эксперттин корутундусу" түрүндө тариздейт, аны өлүктүн экспертизасынын натыйжаларын тариздегенде колдонот.
21. Дарыгерлер, медициналык академиялардын дипломдон кийинки билим берүүнүн угуучулары, медициналык жана юридикалык жождордун студенттери өлүктүн соттук-медициналык экспертизасына эксперттик уюмдун (бөлүмдүн) жетекчисинин уруксаты менен катышуусу мүмкүн. Өлүктүн соттук-медициналык изилдөөсүндө бөтөн адамдардын катышуусуна уруксатты экспертиза дайындаган адам берет. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасынын жүрүшүндө соттук-медициналык эксперт бөтөн адамдарга түшүндүрмө берүүгө жана экспертизага байланыштуу суроолорго жооп берүүгө укугу жок.
22. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын өткөрүү жөнүндө эксперттик уюмдун (бөлүмдүн) жетекчисинен буйрук алганда соттук-медициналык эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) эксперт катары өзүн өзү алып таштоого мыйзамдарда каралган негиздер болсо, ошол замат бул тууралуу өз жетекчисине, же экспертиза дайындаган органга же адамга билдирүүгө;
2) өзүн алып таштоого же четке кагууга негиздер болбосо тапшырылган экспертизаны өткөрүү үчүн кабыл алууга;
3) коюлган маселелердин чегинде керектүү эксперттик изилдөө жүргүзүүгө жана өз убагында коюлган суроолор боюнча негиздүү жана объективдүү корутунду берүүгө;
4) соттун, судьянын чакыруусу боюнча сотко же алдын ала тергөөгө жеке катышуу үчүн келүүгө;
5) өткөрүлгөн изилдөөгө жана берген корутундуга байланыштуу суроолор боюнча алдын ала иликтөөдө жана сотто көрсөтүүлөрүн берүүгө;
6) экспертиза дайындаган органга же адамга корутунду берүүдөн жана экспертиза өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген эксперттердин укуктарын ишке ашыруу тартибинде билдирүүгө;
7) өлүктүн экспертизасында алынган ткандардын, органдардын жана башка объекттердин сактыгын камсыз кылууга жана аларды өз убагында лабораториялык (кошумча) изилдөөгө жиберүүгө же экспертиза дайындаган органга, адамга өткөрүп берүүгө.
23. Өлүктүн экспертизасынын жүрүшүндө соттук-медициналык эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) экспертизанын предметине тиешелүү иштин материалдары менен таанышууга, алардан керектүү маалыматтарды корутундуга (актка) жазып алууга;
2) корутунду берүү үчүн керектүү кошумча материалдарды жана объекттерди көрсөтүүнү талап кылууга;
3) тергөө жана сот аракеттерин жүргүзүүдө катышууга, алардын жүрүшүнө экспертиза дайындаган орган же адамдын уруксаты менен катышууга, эгерде бул каза табуу себеби жана анын келишинин жагдайлары тууралуу маалыматтарды билүүгө көмөктөшсө;
4) өлүктүн экспертизасын эксперттер тобу өткөрүшү тууралуу өтүнүч билдирүүгө;
5) өлүм келиши үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоого, бул тууралуу ага суроолор берилбесе да, жана аларды өз корутундусунда көрсөтүүгө;
6) өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын дайындаган адамдын суранычы боюнча эксперт жыйынтык чыгаргандан мурда ага оозеки түрүндө ошол адамды кызыктырган айрым суроолор боюнча өзүнүн алдын ала пикирин айтууга укугу бар, алдын ала пикир айтууга жетиштүү объективдүү негиздер болгон учурда;
7) экспертиза өткөрүүдөн эксперттик мекеменин жетекчисине же экспертиза дайындаган адамга кат түрүндө билдирип төмөнкү учурларда баш тартууга:
а) өзүн өзү алып таштоого негиздер болгондо;
б) экспертиза дайындоонун процесстик тартиби бузулганда;
в) коюлган суроолор эксперттин компетенциясынын (атайын билиминин) чегинен чыгып кеткенде;
г) корутунду берүүгө изилдөө объекттери жана берилген материалдар жетишсиз, өлүктүн экспертизасын дайындаган орган же адам аларды кошумчалоодон баш тарткан учурда;
д) өлүктү изилдөө жана корутунду берүү үчүн керектүү жабдуулар, методикалык каражаттар, шарттар жок болгондо;
е) демейдеги кесиптик тобокелдин чегинен чыккан эксперттин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондо;
ж) соттук-медициналык эксперт тейлеген аймактын чегинде иштин материалдык камсыздоосу жоктугу, анын ичинде өлүктү экспертизалаганда;
з) мыйзамдарда аныкталган тартипте ишти жүргүзгөн адамдын, же мекеме жетекчинин аракеттерине даттанууга, эгерде ошол аракеттер соттук-медициналык эксперттин укуктарын бузган болсо.
24. Соттук-медициналык эксперт төмөнкүлөргө укуксуз:
1) өлүктүн экспертизасын дайындаган адамдан же органдан башка, ошол экспертизага байланыштуу суроолор боюнча кызыкдар адамдар, процесстин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) өлүктүн экспертизасынын жыйынтыктарын жана алдын ала жана соттук тергөөнүн ага белгилүү болгон маалыматтарын жарыялоого;
3) өлүктүн экспертизасында алынган объекттерди экспертиза дайындаган адамдын уруксатысыз жок кылууга (жабыркоолору менен тери препараттары, жабыркаган сөөк участкалары, чач, тырмак, травма куралдары, кошулмалар).
25. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасы алгачкы өлүктүк өзгөрүүлөр пайда болгончо башталышы керек (муздап кетүү, өлүктүк тактар, өлүктүк сенейүү). Көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр пайда болгонго чейин өлүктүн экспертизасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган тартипте комиссиялык түрдө өлүм болгон фактыны констатациялоодон кийин жана тиешелүү актыны тариздегенде жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул актынын бир экземплярын өлүктүн экспертизасы тапшырылган соттук-медициналык экспертке беришет жана ал корутундунун көчүрмөсү менен бирге соттук-медициналык экспертиза борборунда сакталат.
26. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын жүргүзгөндө экспертизаны дайындаган тергөөчү (же ал жиберген өкүлү), эксперттик мекеменин (бөлүмдүн) жетекчиси, эксперттин техникалык жардамчысы. Өлүктүн экспертизасында тергөөчүнүн болушу "Эксперттин корутундусунда" жазылат.
27. Соттук-медициналык экспертке өлүктүн экспертизасын өткөрүүгө керектүү жабдыктарды, материалдарды, маалымат каражаттарын берүү, коопсуздук техникасына жана өндүрүштүк санитарияга шайкеш иш шарттарын камсыз кылууну, "Эксперттин корутундусун" аны дайындаган органга же адамга жиберүү милдети эксперттик мекеменин (бөлүмдүн) жетекчисине, мүмкүн болушунча экспертиза дайындаган органга же адамга жүктөлөт.
28. Эксперттик мекеменин (бөлүмдүн) жетекчиси конкреттүү экспертиза боюнча корутундунун мазмунуна жана изилдөөнүн жүрүшүн чечкен көрсөтмөлөрдү экспертке берүүгө укугу жок.
29. Экспертиза жыйынтыгына соттук-медициналык эксперттин жеке кызыкчылыгы табылганда, ал экспертиза дайындаган адам, же соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчиси тарабынан ушул экспертизаны өткөрүүдөн четтетилиши керек. Бул тууралуу айтып турган жагдайлардын тизмеги Кыргыз Республикасынын ЖПК аныкталат.
2. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын аткаруу техникасы, тартиби жана аны уюштуруу
30. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасы эксперттин төмөнкү аракеттерин камтыйт:
- берилген документация менен таанышуу;
- өлүктүн экспертизасын пландаштыруу;
- өлүктүн тышкы изилдениши;
- өлүктүн ички изилдениши;
- биологиялык материалды алуу;
- "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүгүн тариздөө;
- соттук-медициналык диагнозду коюу;
- өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү тариздөө;
- материалдарды берүү жөнүндө сурамдарды тариздөө;
- алынган биологиялык материалдын кошумча изилдөөлөрү;
- "Эксперттин корутундусундагы" изилдөөчү бөлүгүнө өлүктү изилдөө жыйынтыктарын, лабораториялык изилдөөлөрдү жана берилген материалдардын маалыматтарын киргизүү менен комплекстүү баа берүү;
- "Эксперттин корутундусундагы" жыйынтыктарды тариздөө. Бул жерде жазылган эксперттин аракеттер иретинин жалпы схемасы ар бир конкреттүү учурда өзгөрүлүшү, такталышы же толукталышы мүмкүн.
3. Көрсөтүлгөн документтер менен таанышуу
31. Көрсөтүлгөн документтер менен - токтом (аныктама), өлүктү жана окуя болгон жерди кароо протоколдун көчүрмөсү, медициналык документтер ж.б. таанышуу (өлүктү сое электе) экспертке союу ыкмаларын, методиканы тандоо жана эксперттик аракеттерди пландаштыруу үчүн зарыл.
32. Көрсөтүлгөн документтерди иликтегенде өлүмдүн шарттарын жана жагдайларын билишет, өзгөчө көңүл анын себептерин аныктоого тиешелүү маалыматтарга жана токтомдогу (аныктамадагы) башка суроолорго жооп берүүгө бурулат.
33. Зарыл болсо эксперт маркумдун туугандарынан травмалары, башынан өткөргөн оорулары, зыяндуу көнүмүштөрү, акыркы мезгилдеги ден соолугунун жалпы абалы жана башка катамнездик маалыматтарды сурап билет, алган маалыматтарын "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүгүнө киргизиши мүмкүн.
4. Өлүктүн экспертизасын пландаштыруу
34. Көрсөтүлгөн документтер менен таанышкандан кийин эксперт токтомдун (аныктаманын) коюлган суроолорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги басып чыгарган өлүмдүн айрым түрлөрүндө экспертиза өткөрүү жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү (сунуштарды), ошондой эле сот менен тергөөнүн жүрүшүндө пайда болгон суроолорду жетекчиликке алып, төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) жалпысынан эксперттик иштин көлөмүн;
2) өлүктүн органдарын, системаларын жана бөлүктөрүн изилдөө иретин, буга керектүү атайын методикаларды, ыкмаларды же сынактарды колдонууну;
3) алына турган биологиялык материалдын мүнөзүн иретин жана санын;
4) тиешелүү жабдууларды, инструментарийди, идишти, инвентарды, таңгактоо жана башка материалды даярдоо боюнча жардамчы кызматкерлердин (лаборанттардын, медициналык регистраторлордун жана санитарлардын) иш көлөмүн. Белгиленген планга конкреттүү экспертизаны өткөрүү процессинде түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.
5. Өлүктү сырттан изилдөө
35. Сырттан изилдөө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кийимди, бут кийимди жана өлүк менен кошо алып келинген башка буюмдарды изилдөөнү;
2) өлүктүн биологиялык мүнөздөмөсүн;
3) сөз менен сүрөттөө методу менен кебетесинин белгилерин сүрөттөөнү;
4) жабыркоолорду изилдөөнү, зарыл учурларда фотоаппаратка тартууну жана аларды адам денесинин бөлүкчөлөрүнүн контурдук схемаларында тартууну;
5) лабораториялык изилдөөгө мазокторду, адамдан чыккан нерселерди, коюлмаларды жана өлүктү, анын кийимин тышкы изилдөөсүндө табылган башка объекттерди алууну;
6) ушул учурдун спецификасы менен шартталган эксперттин башка аракеттери.
36. Кийимди изилдөөнү анын айрым буюмдарын санап чыгуудан жана кароо учурунда өлүктө алардын жайгашканынан баштайт. Материалдын болжолдуу түрүн (жибек, жүн ж.б.), түсүн, эскирүү даражасын, илмектердин, топчулардын сактыгы. Белгисиз жактардын өлүгүндөгү кийимде мүнөздүү сүрөт, тамга, товардык белги жана башка өзгөчөлүктөрдүн болушун белгилейт. Чөнтөк ичиндегилер жана өлүк менен жеткирилген башка буюмдарды санап чыгат жана сүрөттөйт.
Кийимдеги булгануулар жана бузулуулар болгондо, алардын так локализациясын (кийим жана бут кийимдин бөлүктөрүнүн стандарттуу аталыштарын колдонуп), формасын, өлчөмүн, тигилиш жеринин аралыгын жана башка кийимдин конкреттүү константалык ориентирлерин (деталдарын) (чөнтөктөрдү, клапандарды, четтери ж.б.), багытын, четтеринин жана аяктарынын мүнөзүн жана башка өзгөчөлүктөрдү көрсөтөт. Кийимдеги булгануулар жана жабыркатуулар жайгашканы менен өлүктөгү издер менен салыштырат. Жабыркатууларды жана булганууларды ченеш керек, мүмкүн болсо, фотоаппаратка түшүрүү зарыл.
Үзүлүү, кесилүү, сыйгалануу издерин, ткандын дефектилерин, куйкалануу же мүнөздүү өзгөрүүлөр (протектордун тагы, майлануу, сырдын, көөнүн майдалары ж.б.), же канга, кусундуга окшош, дары-дармек, жегич же башка химиялык заттардын издерин тапканда эксперт табылган жабыркоолорду, булганууну, сиңген жерлерди жана түшүрүлгөнүн башка адистиктеги эксперттер кийин изилдеш үчүн жана ошол издердин кошумча деформациясын, булгануусун, жабыркатуусун пайда кылбаш үчүн сактоого чара көрүш керек. Ушул максатта кийимди кургатат, белгиленген тартипте таңгактайт жана тил кат жазып тергөөчүгө беришет.
37. Кийимди чечкенден мурда булчуңдун аркайсы топторунда өлүктүк сенейүүгө жана өлүктүк муздап калышына изилдөө жүргүзүү керек (41-пункттун 1-2-пунктчалары).
38. Өлүктүн биологиялык мүнөздөмөсүн изилдөөнү жынысынын тышкы белгилерин, курагын, дене түзүлүшүн, толуктугун, өлүктүн узундугун ченөөдөн жана зарыл болсо салмагын өлчөөдөн баштайт.
39. Төмөнкүлөрдүн салмагы милдеттүү түрдө ченелет: 1 жашка чейинки ымыркай балдардын өлүгү, чоң кишилердин өлүмү өлүмдүн айрым түрлөрүндө.
40. Дене түзүлүшүн чыйрак (атлеттүү, гиперстениялык), орто (нормостениялык), начар (астениялык) деп аныктайт; зарыл болсо, дененин айрым бөлүктөрүнүн параметрлерин белгилейт.
41. Өлүктүк өзгөрүүлөрдү изилдейт (так убактысын көрсөтүп):
1) өлүктүн муздаганын кийим менен жабылган жана ачык жерлерин кармап аныктайт (зарыл болсо, колтукта, көтөн чучукта жана боор тканында температураны ченейт);
2) скелеттик булчуңдун рельефи жана тыгыздыгы, муундарда кыймылдын көлөмү боюнча өлүктүк сенейүүнүн болушун (жоктугун) аныктайт, бет, моюн, үстүнкү жана ылдыйкы аяктарда алардын таркалышы жана көрүнүү даражасын белгилейт;
3) өлүктүн тактары болушун, дененин ар жагында алардын локализациясын, таркалышын, интенсивдүүлүгүн (арал сымал, акма, арбын, сейрек), мүнөзүн, түсүн, алардын фонунда канталоо болушун белгилейт, тактар жок участкаларды сүрөттөйт (кийимдердин жана буюмдардын тактары); алгачкы түсү калыбына келген убакытты белгилейт (сек., мин.), өлүктүн денесин өзгөрткөндө жылдырууга жөндөмү сакталышын жана башында пайда болгондон айырмалык даражасын белгилейт; өлүктүк тактарды канталоодон дифференциациялоо үчүн териде кесиндилерди жасайт;
4) терини баскан жана өлгөндөн кийинки механикалык жабыркаткан жерлерде (пергаменттик тактар) теринин локалдуу кургагандарын аныктайт, алардын локализациясын белгилейт (эрежеде, дененин чыгып турган жерлеринде сөөк жатканына шайкеш), формасын, өлчөмүн, контурлардын көрүнүшү, алардын тегерегиндеги өзгөрүлбөгөн териге карата жайгашуу деңгээли (чыгып турат, кирип турат); көздүн тунук катмары киргилденишин аныктайт ("Лярше" тактары), эриндердин четтеринин былжырлуу кабыкчасы, теринин жука катмары - бармактардын учтары, калтанын, басылып калган жерлерде тери бырыштар арасында кургаганын аныктайт; Белоглазов белгисин диагностикалайт (көз чанагын басканда каректин формасы өзгөрүшү). Зарыл болсо, тирүү кезиндеги реакцияларды аныктайт: 1) каректик сынакты, 2) ийиндин же сандын булчуңдарын механикалык дүүлүктүрүү.
5) өлүктүк кеч өзгөрүүлөр болгондо чириген жыт жана өлүктүн көлөмү чоңоюшу ("гигант өлүк") белгиленет; өлүктүк көгөргөнү көрүнгөн даражасы, теринин көк кан тамырдын чириген тармагы, чириген көбүктөр, чириген эмфиземаны белгилейт, анын локализациясын, түсүн, өлчөмүн, формасын, көтөн чучук, жатын чыккан белгисин келтирет; майлуу мом участкалары болушун, алардын жытын, локализациясын, консистенциясын, түсүн жана анын фонунда ткандын түзүмүнүн сактыгын белгилейт; мумификация белгилерин (өлүктүн кургап калуу даражасы, теринин түсү, тыгыздыгы, териге урганда чыккан добуш, өлүктүн көлөмү жана салмагы азайышы) аныктайт; зарыл болсо: өлүктө табылган чымынды, анын личинкасын, куртун пробиркага салат жана лабораториялык энтомологиялык изилдөөгө жиберет; локализациясын, түсүн, бийиктигин, көк даттын теридеги жана өлүктүн кийиминде колонияларын жана участкаларын көрсөтөт, этияттап аны стерилдүү пинцет менен алып, стерилдүү пробиркага өсүү убактысын аныктоо үчүн салат.
6) өлүм убакытын аныктоонун белгиленген тартипте сунушталган инструменттик жана лабораториялык методдорун колдонот.
42. Белгисиз адамдын өлүгүн изилдегенде милдеттүү тартипте теринин сыртын карайт. Теринин түсүн жана өзгөчөлүктөрүн (кургак, терчил, майлуу, кумсарган, "кааз сымал" ж.б.), жүн канчалык чыккан (анын ичинде баштагы чачтын узундугу), булгануунун, түшүрүүнүн, медициналык инъекциялардын издерин, хирургиялык кесилгени, сыртка чыкканы, шишиктери, карттар, жаралар, тубаса жана кабыл алган анатомиялык жана башка жеке өзгөчөлүктөр (тырыктар, калдар, татуировкалар ж.б.) болушу белгиленет. Зарыл болсо, мисалы, белгисиз адамдын өлүгүн изилдегенде сөз менен айтылган портрет менен катар табылган анатомиялык жана башка жеке өзгөчөлүктөрдү масштабдык сызгыч менен фотографиялайт же сүрөткө тартат.
43. Башты изилдейт. Аны кармалаганда мээ жана бет сөөктөрдүн абалын, кыймылдын, деформациянын жана башка өзгөчөлүктөрдүн болушун белгилейт. Өзгөчө кылдат баштын чач жагын, чачтын түсүн жана узундугун, тастыгын ж.б. карайт. Көздөр ачык же жабыгын көрсөтөт, радужный облочка түсүн жана каректердин диаметрин, көз чанактын консистенциясын аныктайт, көз агынын жана бириктирген ткандык кабыкчанын нымдуулугун, кан толушун, түсүн белгилейт (актыгын, шишигин, саргычтыгын, экхимоз болушун), беттин шишимелдигин. Мурундан, ооздон, кулактан чыккан нерселердин жоктугун (же болушун) көрсөтөт. Эриндердин четтерин жана былжырлуу кабыкчасын карайт. Ооз ачыкпы, тиштер тиштелгенби, тилди тиштегенби белгилейт. Көрүнүп турган тиштердин түсүн жана өзгөчөлүктөрүн, коронка жана жасалма тиш болушун жана анын санын, сары металлдан жасалганын кошуп көрсөтөт. Тиш этинин альвеолярдык үстүнүн абалын, жок тиштерин сүрөттөйт. Ооз көңдөйдө кан, тамактын калдыктары, порошоктор жана башка бөтөн нерселердин болушун (же жоктугун) белгилейт.
44. Моюнду карайт, странгуляциялык бороз болгондо сүрөттөйт: жайгашканы, багыты, оролуу саны (сыйыртмактан), бириккен, жазысы, тереңдиги, бирдей басылганы, түсү, тыгыздыгы, рельеф. Странгуляциялык бороздун жайгашуусун моюндун анатомиялык тармактары боюнча сүрөттөйт, алдындагы абалынан баштап, капталын жана артынан. Моюндун алдыңкы жагынан бороздонун калкан сымал кемирчектин үстүнкү чет жагына жайгашуусун көрсөтөт.
Көкүрөктү, ичти, арканы, үстүнкү жана ылдыйкы аяктарды, колтук алдыларын, эмчек алдындагы теринин бырыштарын, аласын жана көчүк жакты карайт. Аялдардын өлүгүн изилдегенде эмчектин формасы жана өлчөмү, упчу тегерегинин пигментациясын жана ичтин ак линиясын, басканда эмчектен сүт чыкканы, кош бойлуулук тырыктары жана башка өзгөчөлүктөрдү аныктайт.
45. Тышкы жыныс органдарды изилдейт. Эркектердин жыныс мүчөсүнүн абалын, заара ушатуу каналынын, калтанын; аялдарда - аласынын, половых губ, кынга кирүү жерин, кыздыгын, кындын абалын аныктайт. Чыккан нерселер болушу же жоктугун, тырыктарды, жараларды жана башка өзгөчөлүктөрдү көрсөтөт. Көчүк тешигинин жана анын тегерегиндеги теринин абалын аныктайт.
46. Баш сөөктү кармалайт. Патологиялык кыймылды же деформация болушун белгилейт.
47. Бардык табылган сырткы жабыркоолор өлүктүн ар жагын ирети менен кароодо же өз алдынча "Сырткы изилдөө" бөлүгүнүн аягында сүрөттөлөт.
Сырткы жабыркоолорду изилдөөнү башында жөн гана көз менен карап жүргүзөт, зарыл болсо лупанын, стереомикроскоптун, операциялык микроскоптун жардамы менен. Изилдөөнү окуянын жагдайларын кийин толук реконструкциялоо үчүн керектүү фактылык маалыматтарды алууну камсыз кылган толуктук менен жүргүзөт (жабыркоолор пайда болуу механизмин аныктоо; травма келтирген куралдын жеке, топтук же түрдүк белгилерин айкындоо ж.б.).
48. Ар бир жабыркоо үчүн өз алдынча анын түрүн (канталаган, сыйрык, жаракат), так анатомиялык локализациясын, формасын, өлчөмүн, дене огу боюнча багытын же саат циферблаты боюнча окшоштуруп, түсү, четтердин жана аяктардын мүнөзү, сыйрыктардын рельефинин өзгөчөлүктөрү, каналдардын болушу, сезгенүү же айыгуу белгилери, тегеректеги ткандардын абалы көрсөтүлөт. Бир типтүү жабыркоолор болсо аларды сүрөттөгөндө өз алдынча анатомиялык жактар боюнча жогоруда аталган талаптарды аткаруу менен топтоого уруксат берилет.
49. Жабыркоонун локализациясын аныктаганда тийиштүү анатомиялык жакты көрсөтөт жана жабыркоодон жакынкы анатомиялык точкага чейинки аралык - ориентирлер, тик бурчтук координаттар системасын колдонуп, ошондой эле зарыл болсо (транспорттук травма, ок аткан, сайган-кескен жабыркоолор ж.б.) ар бир жабыркоонун төмөн деңгээлинен тамандын астына чейинки аралыкты ченейт.
50. Жабыркоо формасын геометриялык фигуралар түрүндө көрсөтөт (үч бурчтуу, тегерек, сүйрү ж.б.).
51. Жабыркоолордун түсүн белгилөө үчүн негизги түстөрдү жана иреңдер колдонулат (түстөр шкаласы боюнча);
52. Жабыркоолордун өлчөмүн ченөө үчүн катуу материалдан (металл, пластмасса, жыгач) сызгыч колдонуп, ченемдин метрикалык системасы көрсөтүлөт.
53. Жабыркоо жактарда булгануу жана түшүрүүлөрдү изилдегенде кошумча алардын болжолдуу мүнөзүн белгилейт (кан, көө, май, сыр, кум ж.б.).
54. Жабыркоонун тегерегиндеги ткандардын абалын изилдегенде төмөнкүлөрдүн бар же жогун белгилейт - шишиктин (шишимектин), түстүн, формасынын, интенсивдүүлүгүн, чектеринин дааналыгын, канталоонун көлөмүн. Көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү айкындоо үчүн кайчылаш кесүү максатка ылайык.
55. Жабыркоолордун мүнөзүн жана өзгөчөлүгүн же скелеттин сөөктөрүндө ооруткан өзгөрүүлөрдү тактоо үчүн башында (техникалык мүмкүндүк болгондо) анын рентгенографиясын жүргүзөт, андан кийин жумшак ткандарды кесет, сөөктөрдү жана тегерек четиндеги ткандарды изилдейт. Зарыл учурларда жабыркаган сөөктү алып чыгат жана жумшак ткандардан арылтат. Сыныктын так локализациясын, анын тегиздигинин багытын, бузулуунун мүнөзүн жана деформациясынын түрүн мүнөздөгөн морфологиялык өзгөчөлүгүн, сынып бөлүнгөндүн болушун жана өзгөчөлүгүн көрсөтөт.
56. Транспорттук травма болгондо же ага шектенгенде, ар кандай бийиктен кулаганда (анын ичинде турганда жана басып баратканда), ошондой эле курч эмес, мукул буюмдар менен жабыркатканда булчуңда терең канталоо, байламталар менен булчуңдар үзүлүшү, сөөктөрдүн жабыркоосу пайда болушу мүмкүн болгондо дененин арты жагындагы жумшак ткандарды кесет (желкедеги дөмпөктөн куймулчакка чейин омурткалардын кырынан линия кылып көчүк аркылуу сандын жана шыйрактын арты жагы менен) жана көрсөтүлгөн жабыркоолорду табуу (же жок деп аныктоо) үчүн аларды препаровкалоо. Ар бир учурдун өзгөчөлүгүнө жараша дененин арты жагындагы ткандарды изилдөөнү өлүктүн ички изилдөөсүн бүткөндөн кийин жүргүзөт.
57. Адамдын дене бөлүктөрүнүн контурдук сүрөттөлөшүндө тышкы жабыркоолордун схемасын түзүшөт; жабыркоолорду жана кийим менен бут кийимдеги мүнөздүү тактарды тартышат.
58. Техникалык мүмкүнчүлүк болсо денедеги жана кийимдеги жабыркатууларды фото сүрөткө түшүрөт. Сүрөттөрдү сереп мүнөздө гана эмес (жабыркоолору менен дененин жалпы түрү), айрым жабыркоолорду да милдеттүү түрдө масштабдык линейканы колдонуп түшүрүү керек. Денедеги жана кийимдеги жабыркоолорду фото сүрөткө түшүрүүнү же соттук-медициналык эксперт, же анын жетекчиси алдында лаборант жүргүзөт.
59. Мурдатан каралган жана тышкы изилдөөнүн жүрүшүндө түзөтүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн рационалдык комплексине ылайык, "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүгүндө жасалган аракеттер жөнүндө жазуу калтырып, өлүктүн кийинки союлушунда өзгөрүлө турган же булгана турган материалды алуу жүргүзүлөт (мисалы, майлоо заттардын, сырдын ж.б. тактарын люминесценттик изилдөө үчүн, металлдардын түшүрүлүшүн контакттык-диффузиялык же спектографиялык айкындоо үчүн терини алат), көздүн тунук катмарынын, эмчектин сүтү, ооз, кын, көтөн чучуктун көңдөйүнүн мазоктор изин калтырат, чачтын үлгүлөрүн алат.
6. Өлүктү ичтен изилдөө
60. Өлүктү ичтен изилдөө баш сөөк, көкүрөк жана карын көңдөйүн ачууну, ички органдарды кесүүнү камтыйт. Кыр арка жана жүлүн жабыркоого же ооруганына шектенүү болгондо, ошондой эле, зарыл болсо, жол-транспорттук кырсыктардагы, ар кандай бийиктен жыгылганда баш сөөк мээ травмасында милдеттүү түрдө изилденет.
61. Өлүктү союу ыкмасын, көңдөйлөрдүн жана органдардын изилдөө ыкмаларын жана иретин өлүм жагдайлары жөнүндө алдын ала маалыматтарды, кырсыктын конкреттүү өзгөчөлүктөрүн, изилдөө маселелерин жана тиешелүү методикалык документтерди жетекчиликке алып, эксперт аныктайт. Анын жыйынтыктарын тариздегенде жана изилдегенде (БНС, жүрөк-тамыр ж.б.) системалык тартипти колдонуу максатка ылайык.
62. Өлүктүн экспертизасында келтирилген жабыркатуулар (кабыргаларды, кемирчектерди, кекиртекти, баш сөөктөрдү сындыруу ж.б.) "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүмүндө чагылдырылышы керек.
63. Пневмоторакска же аба (газ) эмболиясына шектенгенде, суу алдында плевралык көңдөйдү же жүрөк карынчаларын тешип алдын ала тиешелүү сынак алат.
64. Белгисиз жагдайларда же боюнан алдырууда каза тапкан бала төрөй турган курактагы аялдардын өлүгүн изилдегенде аба эмболиясына сынак жүргүзүү милдеттүү болуп саналат.
65. Аба эмболиясына сынак жүрөк, өпкө, чоң кан тамырлар жабыркоосуна шектенгенде жана каза тапканга чейин медициналык кийлигишүү болгон учурларда (көрсөтүлгөн органдарга хирургиялык операция, пункция, канюля киргизүү, тамырлардын катетерлештирүүсү ж.б.) милдеттүү болуп саналат.
66. Жумшак ткандарды кесүүнү, мүмкүн болушунча, тышкы жабыркоолорду, хирургиялык кесилгендерди, тешиктерди, дренажды, катетерлерди, канюляны, чыгаруучуларды ж.б., ошондой эле жаракатта калган бөтөн нерселерди тийбей жасайт. Булчуңдардын түсүн, тери алдындагы май клетчатканын калыңдыгын, травмалык же патологиялык өзгөрүүлөрдүн болушун (жоктугун) белгилейт.
67. Моюн, көкүрөк жана ич көңдөйүндөгү органдарды алып чыгаардан мурда аларды ошол жерден карайт. Органдардын туура жайгашуусун, өнүгүү кемтиктерин, өпкө плевралык көңдөйлөрдү толтуруу даражасын; диафрагманын туруу бийиктигин; плевралык жана карын көңдөйлөрдө өскөн жерлери болушун; капталдагы плевранын жана чечекей ичинин, лимфалык түйүндөрдүн, орто көңдөй жагынын абалын; карындын жана ичеги түйүлгөндөрү көбүшү же түшүүсүн; бош үстүнкү жана ылдыйкы көк кан тамырлардын кан толуу даражасын белгилейт. Көңдөйлөрдөн жана органдардан бөтөн жыттын болушун же жоктугун көрсөтөт. Карын артындагы гематома табылганда анын өлчөмүн жана жайгашуу деңгээлин аныктайт.
68. Зарыл учурда дем алуу жолдорунда тромбоэмболия же бөтөн нерсе болушун же жоктугун аныктоо үчүн ошол жерден кесет жана өпкө артериясынын башкы бутакчаларын, же тиешелүү түрдө кекиртек менен трахеяны карайт;
69. Ууланууга шектенгенде лигатураны кызыл өңгөчкө, карынга жана ичегилерге салат.
70. Органдарды алып чыгуу үчүн эксперттин ыктыяры боюнча жана конкреттүү жагдайларга жараша бөлүнгөн жана толук эвисцерация методун колдонот (органдарды бирдиктүү органокомплекс менен алып чыгат жана аларды бөлүштүрбөй кескилеп изилдейт). Зарыл болсо башка методдорду колдонуу мүмкүн: Вирхов (ар бир органды өз алдынча алып чыгат); Абрикосов (органдарды 5 комплекс түрүндө алып чыгат: 1) моюн органдар көкүрөк клетканын органдары менен; 2) ичегилер; 3) көк боор; 4) боор карын, 12 эли ичеги жана уйку бези менен 5) бөйрөк үстүндөгү без, сийдик түтүктөрү жана жамбаш чаранын органдары менен; Киари-Мариш (органдарды ошол жерден өлүктөн ачышат жана кийин деталдуу изилдөө, таразага тартуу жана ченөө үчүн алып чыгат); Шор, Лютелю (органдарды бирдиктүү органокомплекс менен бөлөт жана кескилеп өз алдынча изилдейт). Органдарга жетүү жакшы болушун камсыз кылуу, аларды деталдуу изилдөө жана, зарыл болсо, алар менен жабыркоолор ортосундагы топографиялык катыштыкты сактоо мүмкүндүгү маанилүү. Өзгөчө татаал учурларда төмөнкү варианттарды колдонуу максатка ылайык:
1) "эрежеден тышкары" методду - комплекстин тыгыз спайкаларында шишиктин алгачкы фокусун аныктоо максатында колдонот. Алып чыккан органокомплексти кылдат кароодон кийин башында негизги процесске тиешеси бар бардык органдарды изилдейт, андан кийин изилденбей калган органокомплексти "издөө" методу менен изилдейт;
2) "издөө" методун - органдар ортосундагы спайкалардын өтө тыгыз конгломератында колдонот. Узун жумшак зонддордун, тумшук сымал металл буждардын жана катетерлердин жардамы менен бири бири менен спайкаланган органдардын анатомиялык-топографиялык катыштыгын аныктайт жана аларды ыңгыйлуу багыттар табылгандан кийин киргизилген зонддор жана катетерлер линиясы боюнча кесип бөлүшөт (метод татаал жара процесстерде, тешиктерде, аномалдык соустье ж.б.);
3) "тегиздик айкалышуулар" методу - органдар ортосундагы катыштыкты деформациялаган массивдүү кеңири спайкалар болгондо органокомплексти (конгломератты) терең параллелдүү ачык китептей ичке пластина кылып кесет.
71. Бардык органдарды ченейт жана үстүнөн, кесилиштен изилдейт. Алардын консистенциясын, анатомиялык түзүмүн, түсүн, кан толушун, спецификалуу жытын белгилейт, өзгөрүүлөрдү жана жабыркоолорду кылдаттык менен изилдейт жана сүрөттөйт; ичи бош органдарда ичиндегинин мүнөзүн жана көлөмүн аныктайт. Жүрөктү, өпкөнү (өз алдынча), боорду, көк боорду, бөйрөктү (өз алдынча) таразалайт. Мээни, калкан сымал, богок жана уйку бездерди, бөйрөк үстүндөгү бездин, гипофизди, эпифизди жана башка органдарды таразага салууну алардын патологиясында жүргүзөт.
72. Башты изилдегенде жумшак сыртынын ички жагынын абалын, түсүн, нымдуулугун, консистенциясын, кан толушун, канталоо болушун же жоктугун, алардын локализациясын, түсүн, формасын жана өлчөмүн белгилейт (калыңдыгын кошуп); үстүнөн жана кесип чыкый булчуңдарды карайт.
Баш-сөөк мээ травмасында маңдай, чыкый, кара куш мээ жана кежиге сөөктөрдүн калыңдыгын аралап ченейт, ошондой эле узунунан жана туурасынан баш сөөктүн өлчөмүн ченейт. Баш сөөктүн төбөсүнүн жабыркоосун изилдейт. Баш сөөктүн кошулган жерлеринин абалын белгилейт.
Чыңалуу даражасын жана мээнин катуу кабыкчасынын түсүн, анын сөөктөр менен өсүшүн, тамырлардын жана көңдөйлөрдүн кан толушун; мээнин жумшак кабыкчаларынын тунуктугун жана кан толушун, желе алдындагы жана цистерналардын ичинин мүнөзүн сүрөттөйт. Жарым шарлардын симметриясын, бороздо жана ийри-буйрулардын рельефинин көрүнүш даражасын, орок сымал өскөн жердин чети менен басылгандан тилкелердин болушун же жоктугун, кара куш мээнин, чоң кежиге тешиктин көктөлүшүн белгилейт. Мээнин узунунан же туурасынан кесилишинде (эксперт тандаган методго жараша) мээ ткандын түзүлүшүнүн жалпы сүрөтү жана анын анатомиялык түзүмдөрүнүн, өзгөчө сөңгөк бөлүмүндө көрүнүшүн, ошондой эле анын нымдуулук жана кан толуу даражасын белгилейт. Карынчалар ичиндегини, эпендимв жана чырмалышуунун болушун, атеросклероздук өзгөрүүлөрдү, аневризмди белгилеп сүрөттөйт. Гипофизди изилдейт, кесилиште анын тканындагы сүрөттү жана түсүн белгилейт. Баш сөөк ичиндеги канталоо, жумшаруу очоктору же мээ урунганы, шишиктер табылганда - жарым шар чегинде алардын так локализациясын, үлүшүн жана алардын үстүн, өлчөмүн, салмагын, көлөмүн, түрүн жана үстүнөн, кесилиштеги формасын, очоктун перифериясы боюнча мээ затынын абалын көрсөтөт. Мээнин катуу кабыкчасын алып салгандан кийин баш сөөктүн негизиндеги сөөктөрдү карайт, алардын жабыркоосун жана өзгөчөлүктөрүн сүрөттөйт; зарыл болсо кошо чыккан көңдөйчөлөрдү ачат, алардын ичинде болушун же жоктугун белгилейт. Баш төбөсүнүн сөөгүн толук эмес кескенде баш сөөктүн төбөсү жапа негизи күч менен бөлбөй толук араалап кесүү керек.
73. Кыр арка каналын изилдегенде анда суюктук же кан болушуна, жүлүндүн катуу кабыкчасынын абалына көңүл бурушат. Жүлүндү мээнин катуу кабыкчасы менен алып чыгат, кабыкчалардын түрүн жана туурасынан кеткен иреттүү (сегменттер боюнча) кесилиштердеги мээ тканынын абалын сүрөттөйт. Кыр арка канал жактан омуртка жана омурткалар ортосундагы дисктерди карайт жана алардын өзгөчөлүктөрүн, жабыркоосун, деформациясын, ооруткан өзгөрүүлөрдү белгилейт. Атлант жакты - окципиталдык муунду канталоону, байламталар үзүлүүнү, сыныктарды табуу же алардын жоктугун билүү үчүн изилдейт.
74. Моюндун магистралдык артерияларын ачат. Алардын патологиялык буралышын, остеофиттер менен басылышын, тамырлардын ички кабыкчаларынын бир аз үзүлгөнү болушун же жоктугун белгилейт; канталоо жоктугуна моюндун жумшак ткандарын жана тамыр-нервдик тутамын карайт.
75. Тилди, алкым бездери, дем алуу тамагын, кекиртекти, кызыл өңгөчтү, калкан сымал жана папаршют сымал бездерди, лимфа бездерди изилдейт. Тил алдындагы сөөктүн жана кекиртектин кемирчеги бүтүндүгүн текшерет.
76. Көкүрөк көңдөй органдарды изилдөө алдыңкы жана арткы орто көңдөйдү, богок безди, кызыл өңгөчтү, бронхту, өпкөнү, жүрөктү жана аортаны кароону камтыйт.
77. Өпкө плеврасын карайт, түшүрүү, канталоо болушун, алардын формасын, чоңдугун, көптүгүн, локализациясын белгилейт. Өпкө ткандарынын консистенциясына, үстүнөн жана кесилиштеги анын түсүнө көңүл бурат.
78. Дем алуу жолдорун майда бронхтордун тармак жаюусуна чейин ачат, алардын ичинде болушун же жоктугун көрсөтөт, былжырлуу кабыкчада кан толушун жана түсүн, өпкө ткандык эбелектейлиги жана кан толуу даражасын, басканда анын үстүнөн аккан суюктуктун мүнөзүн, очоктук өзгөрүүлөр болушун жана мүнөзүн белгилейт. Паратрахеялык жана бронхтук лимфа түйүндөрдү сүрөттөйт;
79. Жүрөктү жана аортаны ачуу методун эксперт тандайт. Метод бүт узундугунда көк кан тамыр артерияларды жана миокарддын бардык бөлүмдөрүндө изилдөөнү алдын ала карашы керек. Перикарддын абалын, анын ичиндегинин мүнөзүн жана санын, жүрөк көңдөйүндө кан толушу жана кан уюунун мүнөзүн, эпикарддын, эндокарддын, миокарддын, көк кан тамыр артериялардын, клапандарынын, папиллярдык булчуңдардын абалын сүрөттөйт. Карынчалардын жана тосмолордун капталдарынын калыңдыгын, клапан үстүндөгү аортанын периметрин ченейт, анын ички кабыкчасынын бүт узундуктагы абалын изилдейт. Өпкө жана жүрөк патологиясында жүрөк бөлүкчөлөрүн өз алдынча таразага салат.
80. Карын көңдөйдөгү жана карын артындагы мейкиндиктин органдарын изилдөө ыраатын эксперт 70-пункттун талаптарын эсепке алып аныктайт.
81. Кызыл өңгөчтү, андан кийин карынды изилдейт - анын формасын, санын жана ичтегинин түрүн (түсүн, жытын, консистенциясын, тамак майдасынын өлчөмүн жана мүнөзүн), былжырлуу кабыкчанын абалын (түсүн, бырыштардын көрүнүшүн, канталоонун, жаранын, тырыктын болушун ж.б.) белгилейт. Ичегилерди бүт узундукта ачат, анын ар кандай бөлүмдөрүнүн ичиндегилери кандай мүнөздө жана санда, түстө болушун, былжырлуу кабыкчалардын абалын жана башка өзгөчөлүктөрдү сүрөттөйт; курт сымал өсүндү түрүн жана жайгашуусун белгилейт. Өлүм убакытын аныктоо зарыл болсо, карын жана ичегилердин ар кандай бөлүмдөрүнүн ичиндегиси кандай мүнөздө жана санда болушуна өзгөчө көңүл бурат - ичке ичегиден карында болгон тамакка окшош тамактын майдалары табылган жерге чейинки аралыкты ченейт, ичегинин жана карындын ичин кийинки микроскопиялык изилдөө үчүн алат.
82. Уйку безди, боорду, көк боорду, бөйрөк үстүндөгү бездерди изилдегенде органдын тышкы түрүнө (формасына, түсүнө), ткандын кармаганда тыгыздыгына, анын анатомиялык түзүмүнүн көрүнүшүнө, кан толуу даражасына, көк боордун кесиндисинен кырылманын мүнөзүнө көңүл бурат. Өт баштыкчанын ичиндегинин түрүн жана санын, анын былжырлуу кабыкчасынын абалын, түтүктөрдүн өтүмдүүлүгүн белгилейт.
83. Бөйрөктү изилдегенде анын формасын жана өлчөмүн аныктайт, түсүн, ткандын тыгыздыгын, капсуланы алгандан кийин үстүсүнүн мүнөзүн, кабыкча, мээ жана ортоңку (юкстамедуллярдык) катмарлардын көрүнүшүн, лоханканын былжырлуу кабыкчасынын абалын көрсөтөт. Сийдик түтүктөрдүн өтүмдүүлүгүн жана былжырлуу кабыкчасынын абалын аныктайт.
84. Табарсыкта зааранын өлчөмүн, анын түсүн, тунуктугун жана былжырлуу кабыкчанын түрүн жана түсүн, конкременттердин болушун белгилейт.
85. Аялдардын кын жана анын төбө жагынын абалын, жатындын формасын, моюнча жана тышкы тешигин сүрөттөйт, жатындын өлчөмүн жана консистенциясын аныктайт. Былжырлуу тыгындын болушун, моюнчанын ачылышын (ачылуу даражасын белгилеп) көрсөтөт, чыккан нерселерди жана жабыркоолорду белгилейт. Жатындын былжырлуу жана булчуң катмарынын абалын, ошондой эле түтүктөрдү, аял тукумдарын, жатын жанындагы клетчатканы тамырлары менен изилдейт. Жатында бөтөн суюктук болгондо, аны соттук-химиялык изилдөөгө жиберет.
86. Эркектерде, зарыл болсо, урук безин изилдейт. Консистенциясын, ткандын түрүн, урук баштыкчалардын секрети менен толуу даражасын көрсөтөт, калтанын тканынын өзгөчөлүгүн белгилейт.
87. Жамбаш чаранын сөөктөрүн изилдөөнү куймулчак-уруңкай мүчөлөрдөн кароодон баштайт, аларды жарыкка караганда кандын болушун же жоктугун белгилейт, куймулчактын капталдагы массасын, уруңкай сөөктүн канаты жана алардын алдын ала жумшак ткандардан тазалап, жамбаш чаранын алдыңкы шакекче сөөктөрүн карайт. Жабыркоолор болгондо алдыңкы шакекче сөөгүн ала сөөк дөмпөгүнүн бутактарынын тышкы аяктарына тиешелүү аралап кесүү керек.
88. Өлүктү изилдеп бүткөндөн кийин бардык органдар эксперттин көзөмөлү алдында өлүктүн тулку боюнун көңдөйүнө салынат, андан кийин өлүктү тигип салат. Ошондой эле кошумча жасалган кесиндилерди да тигет. Өлүктүн көңдөйүнө ага таандык эмес органдарды же бөтөн нерселерди, эски чүпүрөктөн тышкары, салууга уруксат берилбейт.
89. Өлүккө, эгерде ал колдонулган методиканын керектиги менен чыкпаса (баш сөөктү ачкандан мурда, тамырлар аркылуу мээнин затын фиксациялоо ж.б.) консервациялык заттарды өлүктү изилдөө аяктаганга чейин киргизүүгө болбойт.
7. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн объекттерди алуу
90. Өлүктөн кандайдыр бир бөлүктөр, ички органдар жана ткандар, кан, заарасы ж.б. кийинки соттук-медициналык кошумча (х) жана лабораториялык (хх) изилдөөлөр үчүн алынышы мүмкүн. Алынган объекттердин санын жана мүнөзүн, ошондой эле изилдөөлөрдүн керектүү түрүн соттук-медициналык эксперт чечилүүгө коюлган суроолорго жана ушул учурдун өзгөчөлүгүнө жараша аныктайт.
Материал экспертиза дайындаган орган же жарандын сунушу боюнча өлүктөн үлгү катары алынышы мүмкүн.
Материалды эксперт алат, анын маркалоосу, таңгактоосун, биологиялык объекттердин бузулушуна тоскоолдук болгон иш-чараларды аткарууну жана коштомо документацияны толтурууну эксперттин жетекчилиги жана контролдугу алдында моргдун орто жана кичи кызматкерлери жүргүзөт.
Эскертүү:
Кошумча изилдөөлөр - бул атайын методикаларды же каражаттарды, мисалы стереомикроскопияны ж.б. колдонуп, моргдо соттук-медициналык эксперт аткарган өлүктөн алынган объекттердин изилдөөсү жана эксперименттери.
Лаборатордук изилдөөлөр - бул соттук-медициналык лабораторияда жана соттук-гистологиялык бөлүмдө аткарылган өлүктөн алынган объекттерди изилдөө.
91. Өлүктөн объекттерди трансплантацияга, клиникалык, илимий, окуу-педагогикалык жана башка максаттар үчүн алуу соттук медициналык экспертиза борборунун директорунун же эксперттик иш боюнча директордун орун басарынын кат түрүндө уруксаты менен жүргүзүлөт жана өлүктү соттук-медициналык экспертизалаганда диагностикага тоскоолдук болбошу керек же өлүктүн түрүн бузууга алып келбеши керек. Аталган талаптардын аткарылышына жоопкерчиликти өлүктөн ткандарды жана органдарды алган дарыгерлер жана катышып жүргөн соттук-медициналык эксперт тартат.
92. Милдеттүү түрдө төмөнкүлөр алынат:
1) ички органдардын жана ткандардын майдалары гистологиялык (гистохимиялык) изилдөөлөр үчүн - өлүмдүн бардык учурларында;
2) мазоктор - дем алуу жолдорунун (кекиртек, трахея, бронхтордун), өпкөнүн жана мээнин тактары бактериологиялык жана вирусологиялык изилдөөлөр үчүн - балдар мүрт (киши колдуу эмес) каза болгон бардык учурларда жана чоңдордун мүрт өлгөн тиешелүү учурларында;
3) кан, ички органдардын бөлүктөрү, мазоктор - органдардын тактары микробиологиялык жана вирусологиялык изилдөөлөр үчүн - инфекциялык оорулардан же бактериялык тамактан уулануулардан өлүм болушуна шектенгенде; өтө кооптуу инфекцияга шектүү болгондо материалды алууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган тартипте дарыгер-бактериологдун катышуусу менен жүргүзөт;
4) негизги сөөктүн көңдөйүнөн суюктук, ачылбаган бөйрөк же сөөк чучугу сан же ийин сөөктөрүнө, сол карынчадан кан диатомдук планктонго изилдөө үчүн - чөккөндө;
5) жатындын, түтүктүн, аял уругунун жана жатын жанындагы клетчатканын тамырларын гистологиялык изилдөө үчүн; жатындын көңдөйүнүн ичиндегисин жана капталынан бөлүкчөнү соттук-химиялык изилдөө үчүн; тампондор жана кындан, эмчек безинен чыккан мазокторду цитологиялык изилдөөлөр үчүн - ооруканадан сырткары боюнан алдыруудан өлүм болгонуна шектенгенде; сепсис менен татаалданып турганда боюнан алдырганда бактериологиялык изилдөөгө материал кошумча алынат;
6) этанол болушун жана анын санын аныктоо үчүн кан жана заара киши колдуу жана киши колдуу эмес өлүм болгон бардык учурларда (стационарда 1 суткадан ашык жаткан адамдардын өлүмү болгон учурларды кошпогондо);
7) ууландыруучу заттардын болушу жана алардын сандык өлчөмүн аныктоо үчүн өлүктүн органдары жана ткандары - химиялык заттар, козу карын, уулуу өсүмдүктөр менен жана тамак аш менен ууланууга шектенгенде; ар кандай топтогу уулуу заттарды соттук-химиялык анализ жүргүзүү үчүн керектүү алынган органдардын жана ткандардын тизмеги "Өлүктүн материалын лабораториялык изилдөөгө алуу жана жиберүү" бөлүктө келтирилген;
8) АВО (Н) системасы жана башка системалар боюнча топтук антигендик таандыкты аныктоо үчүн кан - тышкы жабыркоолор же кан агуу менен коштолгон киши колдуу өлүмдө; өлтүрүлгөндө же ошого шектенгенде; жыныстык кылмыштарда же аларга шектенгенде; белгисиз адамдардын өлүктөрүн изилдегенде;
9) тери, кемирчек бөлүктөрү жана сөөктөр жабыркоолор менен, паренхиматоздук органдар жаракат каналы менен - ок атып, курч кесилген, сайган жана мукул куралдан жабыркагандан өлгөндө медициналык-криминалисттик изилдөө үчүн.
93. Кат аркылуу сунуш боюнча экспертиза дайындаган органга же адамга төмөнкүлөр алынат жана өткөрүп берилет:
1) зарыл болсо чыгаруу категориясын аныктоо үчүн өт же заараны;
2) тампондор жана кын ичиндегинин мазоктору сперма табуу, кындык эпителийдин морфологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү үчүн - жыныстык кылмыштарда жана аларга шектенгенде; бузуку түрүндө жыныстык катнашууга шектенгенде эркектин да, аялдын да өлүгүндө тампонду жана мазокту ооздун былжырлуу кабыкчасынан жана көтөн чучуктан алат; жыныстык кылмышка шектенгенде териден, жыныстык органдын тегерегинен жана көчүктөн жуунду алуу максатка ылайык;
3) башынан (чекесинен, чыкыйдан, кежигеден, төбөдөн) жана чат дөмпөгүнөн чачтар салыштырма изилдөө үчүн - өлтүргөндө же ошого шектенгенде; жыныстык кылмышта жана ага шектенгенде; транспорттук травмада; баштын чач өскөн жагы жабыркаганда; белгисиз адамдардын өлүгүн изилдегенде;
4) башынан чачты, же тырмактар, же курт жебеген чоң азуу тиш (6-7-8-тиштер) үстүнкү жаактан, же түтүкчө сөөктүн фрагменти чучугу менен, же булчуң тканы топтуу спецификалуу антигендерди аныктоо үчүн чирик өзгөрүлгөн, мумификациялуу, жиликтелген жана скелеттелген белгисиз адамдардын өлүктөрүн, же зарыл болсо, таанылган өлүктөрдү изилдегенде;
5) скелеттелген жана таанылбаган күйгөн өлүктөрдүн сөөк объекттерин - маркумдун жынысын, курагын жана узундугун аныктоо үчүн;
6) тиешелүү көрсөтмө болгондо, беш манжа жана колдун бармактары өлгөндөн кийин фалангалар териси өзгөрүлгөнү менен - дактилоскопия үчүн; таанылбаган өлүктүн ажыратылган башы кийинки идентификациялык изилдөө үчүн.
94. Соттук-медициналык лабораторияга багыштоого арналган объекттерди эксперттер алышат, таңгакталат жана тиешелүү лабораторияга жеткирилет.
95. Соттук-медициналык лабораторияга 92-пунктта саналып чыккан объекттерди багыштаганда тиешелүү жолдомо бланк (бланктар) толтурулат, анда өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын дайындоо жөнүндө токтом качан жана ким чыгарганын, лабораториянын бөлүмдөрүндө экспертиза өткөргөндө чечиле турган токтомдун суроолору көрсөтүлөт.
96. 93-пунктта эсептелген объекттерди өлүктүн экспертизасын дайындаган органга же адамга соттук-медициналык лабораторияда буюмдук далил катары андан аркы изилдегенде чечим кабыл алуу үчүн өткөрүп берет.
97. Алган материалды соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткиргенди уюштурууну өлүктү изилдөөнү же экспертизаны дайындаган адам камсыз кылат.
98. Эксперттин жолдомосун же тергөөчүнүн токтомун жана алынган материалды колго алганда эксперттик мекеменин жетекчиси соттук-медициналык лабораториянын (соттук-гистологиялык бөлүмдүн) тиешелүү бөлүм башчысы аркылуу экспертти дайындайт, ага ушул экспертизаны өткөрүүнү тапшырат, ал экспертке анын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, корутунду берүүдөн баш тартканы же качканы үчүн, же жалган корутунду бергендиги үчүн жазык жоопкерчиликке тартылары жөнүндө эскертет. Бул буйрутма "Эксперттин корутундусунун" кириш бөлүгүн (буюмдук далилдердин экспертизасын) камтыйт же өз алдынча документ түрүндө таризделет. Лабораториянын эксперти тапшырылган экспертизаны тиешелүү Эрежелерди жетекчиликке алып жүргүзөт жана өз компетенциясынын чегинде анын алдында коюлган суроолорго жооп берет.
99. Органдарды жана ткандарды алуу жөнүндө жазууну "Эксперттин корутундусунда" калтырат. Өлүктөн органдарды жана ткандарды алууга маркумдун туугандарынын же мураскорлорунун макулдугу талап кылынбайт.
8. "Эксперттин корутундусун" тариздөө
100. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасынын жыйынтыктарын документ менен тариздейт, ал азыркы Жазык процесстик кодекске жана саламаттык сактоо мекемелердин медициналык алгачкы документациясынын бекитилген формаларына ылайык "Эксперттин корутундусу" (өлүктүн экспертизасы) деп аталат.
101. Өлүктүк материалды соттук-медициналык лабораторияда жүргүзүлгөн экспертиза жыйынтыктарын "Эксперттин корутундусу" (буюмдук далилдердин экспертизасы) катары тариздейт.
102. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын дайындоо жөнүндө токтом чыгарылбаса жана прокуратуранын, тергөөчүнүн, соттун кат аркылуу тапшырмасы менен өлүктүн соттук-медициналык изилдөөсү дайындалса, аны тышкы жана ички изилдөөгө, материалды лабораториялык жана кошумча изилдөөгө алууга тиешелүү ушул Эрежелерди аткарып жүргүзөт. Өлүктү изилдөө жыйынтыктарын "Өлүктү соттук-медициналык изилдөө актысы" катары, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тиешелүү "Акты" менен тариздейт.
103. "Эксперттин корутундусун" медициналык документтердин маалыматтары боюнча өлүккө соттук-медициналык изилдөө жүргүзбөй түзүүгө катуу тыюу салынат.
104. Эгерде өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) экспертке өлүктүн соттук-медициналык изилдөөсүн өткөрүп, "Акт" түзгөндөн кийин тапшырылса, "Эксперттин корутундусун" тариздейт. Ал үчүн "Эксперттин корутундусунун" аныкталган формадагы кириш бөлүгүн толтурат, экспертке процесстик укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликти түшүндүрүү жөнүндө белги кылат, чечүүгө койгон суроолорду атап чыгат жана корутунду чыгарат. "Эксперттин корутундусуна" "Өлүктүн соттук-медициналык изилдөө актын" тиркейт. "Эксперттин корутундусуна" "Акттын" номерин ыйгарат.
105. "Эксперттин корутундусуна" соттук-медициналык эксперт кол коет. Милдеттүү түрдө экспертиза бүткөн күн көрсөтүлөт.
106. "Эксперттин корутундусунун" текстине айрым сөздөрдү же сүйлөмдөрдү кошумчалап жазууга, сөздөрдү чийүүгө ж.б. болбойт; киргизилген түзөтүүлөр эксперттин колу менен тастыкталат.
107. СМЭ борборунун директору, же анын орун басары, же Борбордун түзүмдүк бөлүгүнүн башчысы экспертке процесстик укуктары, милдеттери жана жалган корутунду бергени үчүн жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иши жүргүзүлгөндүгү тууралуу кагазга мөөр басат, ошондой эле протоколдук бөлүгү, тыянагы, фото таблицалар жана жабыркоолор схемасы алдында эксперттин колу коюлат. Эгерде "Эксперттин корутундусуна" түзөтүүлөр же толуктоолор киргизилсе, бул тууралуу документтин аягында тиешелүү жазуу калтырылат, эксперттин колу жана мөөр коюлат.
108. "Эксперттин корутундусуна" фото-таблица, жабыркоолор схемасы жана өлүктү экспертизалоо процессинде башка эксперттер өткөргөн бардык экспертизалардын тыянагы тиркелет - "Эксперттин корутундусу" (буюмдук далилдер экспертизасы). Аталган материалдарды "Эксперттин корутундусунун" (өлүктүн экспертизасынын) курамдык бөлүгү катары карайт.
109. "Эксперттин корутундусун" эки экземплярдан кем эмес түзөт, анын бирөөсүн экспертиза дайындаган орган же адам алат, башкасын Соттук-медициналык экспертиза борборуна, же анын шаардык, райондук, райондор аралык бөлүмдө 25 жылдын ичинде сакталууга калат.
110. "Эксперттин корутундусун" ар кандай маалымкат жана көчүрмөлөр менен алмаштырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитпеген алгачкы документациянын формаларын колдонууга болбойт.
111. Өндүрүштүк травма болгон учурда профсоюздун техникалык инспекторунун кат түрүндө сурамы боюнча өлүмдүн себебин жана маркумдун заарасында, канында алкоголдун концентрациясын көрсөтүп маалымкат берилиши мүмкүн.
112. "Эксперттин корутундусу" кириш жана изилдөөчү бөлүктөн, лабораториялык жана кошумча изилдөөлөр жыйынтыктарынан, диагноздон жана тыянактан турат. Кириш жана изилдөөчү бөлүгү "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүгү болуп аталат.
113. "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүгү өлүктү ачып сойгондон тартып он күндөн кеч эмес мөөнөттө түзүлөт.
114. Кириш бөлүктө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: экспертизанын датасы, башталган жана аяктаган күнү; аны өткөрүү шарттары; дайындаган датасы жана дайындаган адамдын аты-жөнү менен кызматын көрсөтүп, экспертиза жүргүзүүгө негиз берген токтомдун (аныктаманын) болушу; экспертиза өткөрүү жери; соттук-медициналык эксперттин (эксперттердин) аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери, адистиги, адистиги боюнча иш стажы, квалификациялык категориясы, илимий даражасы жана илимий наамы; маркумдун аты-жөнү (курагы); соттук-медициналык эксперттин (эксперттердин) процесстик укуктарын жана милдеттерин, жалган тыянак чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрмөгө кол коюшу; тергөөчүнүн айтуусунда экспертизаны чечиш үчүн коюлган суроолор.
115. Кириш бөлүгүндө каза табуу жагдайлары баяндалат (тарых баянынан, окуя болгон жерди кароо протоколунан, токтомдон, экспертиза өткөрүүнүн башында тергөөчү берген башка документтерден маалыматтар). Документтердин аталышы, алардын номери, түзүлгөн күнү көрсөтүлөт. Эгерде маалымат булагы катары медициналык документтер болсо (стационардык жана амбулатордук бейтаптын медициналык картасы ж.б.), дарылоо-алдын алуучу мекеменин аталышы, дарылоого түшкөн убактысы жана жатуу узактыгы жөнүндө маалыматтар, келгенде анын динамикасынын абалы, жүргүзүлгөн дарылоо иш-чаралар, операциялык кийлигишүүлөр, анализдердин жыйынтыктары, татаалдануу, кошумча оорулар, клиникалык диагноз көрсөтүлөт. Медициналык документтердин күбөлөндүрбөгөн көчүрмөлөрүн колдонууга болбойт.
116. "Эксперттин корутундусунун" изилдөөчүлүк бөлүгү эксперттик тыянак түзүү жана негиздөө үчүн объективдүү негизи болуп берет. Ал өлүктү изилдөө процессин ырааты менен баяндоону жана ошондогу айкындалган бардык фактылык маалыматтарды (өлүк менен алып келген кийимди, бут кийимди жана башка буюмдарды сүрөттөө, өлүктү тыштан жана ичтен изилдөөнү; соттук-медициналык лабораторияга жиберилген жана тергөөчүгө өткөрүлүп берилген объекттердин тизмегин) камтыйт, клиникалык, илимий же окуу максаттарды бул бөлүктө жүргүзүлгөн кийлигишүүдөн кийин сүрөттөмөсүн берет жана эмне алынган, кимге жана кайсы мекемеге берилгени көрсөтүлөт.
117. Изилдөөчүлүк бөлүктүн түзүмүн (баяндоо иретин) өлүктүн экспертизасын өткөргөн соттук-медициналык эксперт ошол экспертизанын өзгөчөлүгүнө жараша аныктайт.
118. Изилдөөчүлүк бөлүгү өлүктү изилдөө процессинде айкындалган бардык фактылык маалыматтарды объективдүү жана толугу менен протоколдошу керек. Табылган травмалык же ооруткан өзгөрүүлөр, органдардын жана ткандардын нормадагы абалы, бөтөн жыттар ж.б. гана эмес, иш үчүн мааниси бар өзгөрүүлөр же өзгөчөлүктөр (канталоо, жабыркоо, жыт ж.б.) жоктугу да констатацияланат. Кылдат сүрөттөөнү диагноз менен ("абсцесс", "кириш ок жаракаты" ж.б.) же "нормада", "өзгөчөлүгү жок" ж.б. сөздөр менен алмаштырууга болбойт, ошондой эле сөз кыскартууга, жалпыга белгилүүлөрдү кошпогондо, жол берилбейт.
119. Изилдөөчүлүк бөлүгү соттук медицинада атайын билими жок адамга түшүнүктүү тил менен берилиши керек. Атайын медициналык терминдерсиз түшүндүрүүгө болбосо, алардын мааниси түшүндүрүп берилет.
120. Изилдөөчүлүк бөлүктүн айрым бөлүмдөрүн баяндоону (тышкы изилдөө, ички изилдөө ж.б.) жаңы саптан баштайт.
121. "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүгүнө лабораториялык изилдөөгө багышталган объекттерди санап чыккандан кийин соттук-медициналык эксперт (эксперттер) кол коет.
122. "Эксперттин корутундусунун" протоколдук бөлүгүнөн кийин кошумча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, соттук-медициналык диагноз келтирилет. Ал өлүктүн морфологиялык изилдөө жыйынтыктарынын негизинде жана медициналык документтердин клиникалык маалыматтары (стационардык же амбулатордук бейтаптын медициналык картасы ж.б.) болгондо таризделет.
123. Диагноз түзүү өлүктү изилдегенде табылган өзгөрүүлөрдүн жана жабыркоолордун маңызын кыскача ирети менен берүү жана системалаштыруу максатында, ошондой эле клиникалык диагноз менен салыштыруу үчүн жүргүзүлөт. Табылган өзгөрүүлөрдүн жана жабыркоолордун эксперттик баалоосу тыянакта жасалгандыктан, диагноз тыянактын ордун ээлебейт жана аны туура ирети менен жана негиздүү түзүлүшүнө көмөктөшөт.
124. Диагнозду өлүктүн изилдөөсүн аяктагандан кийин тариздейт.
125. Диагноз патогенетикалык принцип боюнча табылган өзгөрүүлөрдүн өнүгүү иретин жана негизги жабыркоосун, оорусун же патологиялык абалын чагылдыруу менен коштогон жабыркоолорду, ооруларды же негизги процесстин жүрүшүнө жагымсыз таасир көрсөткөн абалдарды көрсөтүп курулат; негизги жабыркоо же оору жана өлүм себеби менен байланышпаган башка коштогон өзгөрүүлөр да көрсөтүлөт.
126. Өлүм себебин жана нозологиялык формаларды аныктаганда медициналык кызматкерлер азыркы "Оорулардын, травмалардын жана өлүм себептердин эл аралык статистикалык классификациясын" жетекчиликке алат.
127. Соттук-медициналык лабораториядан алган жана тергөөчү кошумча берген материалдан жана документтерден керектүү маалыматтарды соттук-медициналык диагнозго чейин алган күнүн, номерин жана аткарылган датасын көрсөтүп берет.
128. Моргдо соттук-медициналык эксперт аткарган бардык кошумча, лабораториялык изилдөөлөрдү жана эксперименттерди "Эксперттин корутундусунда" "кошумча изилдөөлөр" бөлүктө датасын көрсөтүп берет жана ага эксперт кол коет.
129. Кошумча изилдөөлөр аяктагандан кийин өлүктөн алынган объекттерди тил кат жазып, таризделген "Эксперттин корутундусу" (өлүктүн экспертизасы) менен бирге өлүктүн экспертизасын дайындаган органга же адамга 90-п. келтирилген талаптар аткарылгандан кийин берет.
130. "Эксперттин корутундусунун" тыянактары өлүктүн экспертизасына байланыштуу бардык изилдөөлөрдү аяктагандан кийин эксперттин алдында коюлган суроолорго ылайык түзүлөт. Мазмуну боюнча жакын суроолорду бириктирүүгө жана алардын иретин (суроонун алгачкы формулировкасын өзгөртпөй) өзгөртүүгө болот. Суроолордун мазмуну түшүнүксүз болсо, эксперт тигил же бул суроону кантип түшүнгөнүн айтып берет. Эксперт өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын дайындаган адамга суроолорду тактоо суранычы менен кайрылууга укугу бар.
131. Соттук-медициналык эксперттин тыянагы коюлган суроолорго илимий жактан негизделген жүйөлүү жооптор катарында болушу керек, аларга ал өлүктү изилдөө маалыматтарын ар тараптан жана объективдүү талдоонун, кошумча жана лабораториялык изилдөөлөр жыйынтыктарын, медициналык документацияны билүү жана башка материалдарды колдонуунун жыйынтыгында келет. Эгерде эксперт ченемдик материалдарды жана маалымдама маалыматты колдонсо, ал кайсыларды колдонгонун көрсөтөт. Текшерилбеген (апробацияланбаган) методикаларды колдонууга болбойт.
132. Тыянактарды ар кандай талкуулоого жол бербей, так жана конкреттүү чыгаруу керек.
133. Өзүнүн атайын билимдер чегинен чыккан суроолорду эксперт жоопсуз калтырат, аларды тыянактарда белгилеп кетүү менен.
134. Эгерде соттук-медициналык илимдин жана практиканын мүмкүндүктөрү же изилденген объекттердин мүнөзү шексиз, негизделген жооп бере албаса, соттук-медициналык эксперт бул суроо боюнча тыянак берүүдөн баш тартууга укуктуу.
135. Эксперт алдында коюлган бардык суроолорго жооп берүүгө мүмкүндүк болбосо (анын ичинде суроолор анын атайын билимдер чегинен чыккандыгына байланыштуу), корутунду чыгарууга мүмкүндүк болбогондугу тууралуу билдирме (акт) түзүшөт. Эксперт коюлган суроолорго жарым-жартылай жооп берген учурда, тыянакта (корутундуда) толук көлөмдө жооп берүү мүмкүн болбостугун көрсөтөт жана жүйөөсүн айтат.
136. Соттук-медициналык эксперт анын алдына коюлган суроолордо жок болсо да, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды экспертиза өткөргөндө аныктаса, аларды өз тыянагында көрсөтүүгө укуктуу.
137. Соттук-медициналык эксперт иш үчүн маанилүү жаңы маалыматтарды тапса, экспертиза дайындаган органдарга экспертиза бүткөнгө чейин билдирүүгө милдеттүү. Жабыркатуудан, уулануудан, ооруканадан сырт жакта боюнан алдырганда кыйындап кетип, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн учурда, эксперт экспертиза дайындаган адамга аныкталган жагдайлар тууралуу телефон аркылуу тезинен билдириши керек.
138. Тирүү кезинде табылбаган өтө жугуштуу ооруну тапканда (ВИЧ-инфекция, ич келте, бөртмө келте, кайталанма келте, дизентерия ж.б.), эксперт же бөлүм башчысы тезинен бул тууралуу кат түрүндө тиешелүү санэпидкөзөмөл органына билдирет. Өтө кооптуу инфекцияларды тапканда тезинен жергиликтүү саламаттык сактоо бөлүмүнө билдирет.
139. Өлүктүн экспертизасында диагностиканын жана дарылоонун одоно дефектилери айкындалганда, эксперт кат түрүндө бул тууралуу жергиликтүү саламаттык сактоо бөлүмүнө жана соттук-медициналык экспертизанын жетекчилигине билдирет. Бул учурду клиникалык-анатомиялык конференцияда жана дарылоо-контролдук комиссияда талкуулоо экспертиза дайындаган адамдын кат түрүндө уруксаты менен гана мүмкүн.
9. Өлүм жөнүндө медициналык күбөлүктү толтуруу
140. "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү" ("Перинаталдык өлүм жөнүндө медициналык күбөлүктү") өлүктү соттук-медициналык ачып сойгон күндө толтурулат жана ага өлүктүн экспертизасын өткөргөн соттук-медициналык эксперт кол коет.
141. "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүк" маркумдун туугандарына (жакындарына), анын документин көрсөткөн уюмдарга же башка адамдарга, маркумду коюуга жооптууларга берилет.
Ал саламаттык сактоо мекемесинде калтырыла турган өлүм тууралуу медициналык күбөлүктүн дүмүрчөгүнө кол койдуруп берилет. "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүксүз" өлүктү берүүгө тыюу салынат.
Эскертүү:
"Өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү" аны алган адам жоготкондо, кат түрүндө ошол адамдын арызынын негизинде жаңы "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүк" "дубликат" деген белгиси менен берилет.
142. "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү" ("Перинаталдык өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү") толтуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү инструкциялары менен аныкталган.
143. "Перинаталдык өлүм тууралуу медициналык күбөлүк" өлүк төрөлгөн же төрөлгөндөн кийин 0-6 сутканын ичинде чарчап калган ымыркайдын өлүгүн соттук-медициналык экспертизалаганда толтурулат. Бардык калган учурларда "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүк" толтурулат.
144. Эрежеде, өлүм тууралуу биротоло күбөлүктү дароо эле беришет. Эгерде өлүм себебин аныктоо же тактоо үчүн лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо, өлүм тууралуу алдын ала күбөлүк берилет. Өлүмдүн түрү же жагдайлары жана травма алган жерин аныктоо өлүм тууралуу күбөлүк берүү убагына мүмкүн болбогондугу өлүм тууралуу алдын ала күбөлүктү берүүгө негиз болбойт; мындай учурда бланкта сызып коюшат "өлүмдүн түрү аныкталган жок". Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана башка керектүү маалыматтарды алгандан кийин өлүм тууралуу алдын ала күбөлүктүн ордуна эксперт жаңы - акыркы өлүм тууралуу күбөлүк "алдын ала бериле тургандын ордуна" - деген белгиси менен түзөт, түз эле облустук (шаардык, республикалык) статистикалык башкармалыкка жиберет, бул тууралуу "Эксперттин корутундусунда", "Изилдөө актысында" экинчи экземплярдын титулдук барагындагы арткы жагына тиешелүү жазуу калтырат.
145. "Эксперттин корутундусунда", "Изилдөө актысында" экинчи экземплярдын титулдук барагындагы арткы жагында берилген "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүктүн" маалыматын берет, анын номерин, берген күнүн, өлүмдүн негизги себебин, анын татаалдануусун, өлүмдүн түздөн түз себебин, коштогон ооруларды жана жабыркоолорду.
146. Соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Статистика башкармалыгына алдын ала күбөлүктүн ордуна жиберилген жаңы өлүм тууралуу күбөлүктү өз убагында түзүлүшүнө жана жиберилишине контролдукту камсыз кылат.
147. СМЭБ директору (өлүктөрдү соттук-медициналык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу методикалык бөлүмдүн башчысы), өлүм жөнүндө медициналык күбөлүктү толтуруу сапатына контролдукту камсыз кылат.
148. Киши колдуу болуп өлгөнүнө шектенгенде, же өлүм механикалык асфиксиядан, өтө бийик же төмөн температурадан, электрдин таасиринен, саламаттык сактоо мекеменин сыртынан жүргүзүлгөн жасалма боюнан алдырууда, медициналык байкоого алынбаган балдардын мүрт өлүшү, ошондой эле аты-жөнү таанылбаган адамдар өлгөндө өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү соттук-медициналык эксперт өлүктү ачып сойгондон кийин берет.
10. Соттук-медициналык моргдо өлүктөрдү кабыл алуу, каттоо, сактоо жана берүү
149. Соттук-медициналык моргго өлүктү кабыл алууну моргдун санитары өлүктүн Соттук-медициналык экспертизасынын эрежелериндеги 10 жана 12-пункттарда көрсөтүлгөн коштомо документ болгондо гана жүргүзөт.
150. Өлүктү кабыл алган санитар маркумдун кийимин, баалуулуктарын, документтерин жана өлүк менен кошо алып келген башка буюмдарды "Моргдо документтерди, баалуулуктарды, буюмдук далилдерди, көтөрмө буюмдарды каттоо журналында" каттоого алат жана өлүккө анын аты-жөнүн, курагын жана каттоо номерин көрсөтүү менен бирка, же штампталган каттоо номери менен штампталган жетон тиркейт. Өлүк менен бирге келген коштомо документтерде санитар өлүк моргго түшкөн убакты, күнү жана каттоо номерин көрсөтүп, тиешелүү жазуу калтырат.
151. "Өлүктөрдү соттук-медициналык моргдо каттоо журналында" өлүктү жана коштомо документтерди каттоону медициналык регистратор же башка атайын дайындалган адам жүргүзөт.
152. Номерленген барактары менен каттоо журналын тигишет, РСМЭБ мөөрү басылат, аларга РСМЭБ директору кол коет жана тил кат менен өлүктөрдүн соттук-медициналык экспертизасы бөлүмүнүн башчысына же соттук-медициналык экспертизанын райондук бөлүм башчысына берет; аларга журналды туура жүргүзүүгө системалуу контролдук кылуу жүктөлөт. Аяктаган каттоо журналы тил кат менен соттук-медициналык экспертиза борборунун кеңсесине сактоого өткөрүп берет.
153. "Өлүктөрдү соттук-медициналык моргдо каттоо журналын" сактоо мөөнөтү - 25 жыл, "Моргдо документтерди, баалуулуктарды, буюмдук далилдерди, кол буюмдарын каттоо журналын" - 5 жыл.
154. Өлүктөр соттук-медициналык моргдо өлүк сактагычта чирүү процесстеринин өнүгүшүнө тоскоолдук кылган шартта сакталышы керек (t град. Цельсия = 0-2 град. Цельсия). Өлүктөрдү сактоо максатында консервациялык заттарды колдонуу өлүктү соттук-медициналык экспертизалоо эрежелердин 89-пункту менен регламенттелет.
155. Өтө жугуштуу оорулардан (ич келте, бөртмө келте, кайталанма келте, ж.б.) өлгөн адамдардын өлүгүн башка өлүктөрдөн обочолонтуп сактайт. Моргдун бардык бөлмөлөрүн мында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл эрежелерине ылайык дезинфекциялайт.
156. Жиликтелген өлүктөрдүн бөлүктөрү дененин анатомиялык областтарын, каттоо номерин жана изилдөө датасын көрсөтүп маркаланат жана, эрежеде, формалиндин 10% эритмесинде жана Ратневский суюктугунда сактайт. Бир резервуарда ар кайсы өлүктүн дене бөлүктөрүн сактоого тыюу салынат.
157. Өлүктүн башы эритмеси менен идишке мурун жана кулак кемирчеги ошол идиштин капталынан жана түбүнөн деформация болбогудай кылып салынат.
158. Өлүктөрдүн жиликтелген бөлүктөрү экспертиза дайындаган адамдын өзгөчө буйругуна чейин, бирок 10 суткадан ашык эмес сакталат.
159. Соттук-медициналык моргдогу өлүктөр изилдөө бүткөндөн кийин 3 суткадан ашык эмес сакталышы керек, 158 жана 160-пункттарда каралган учурларды кошпогондо.
160. Белгисиз өлүктөрдү сактоо узактыгы сактоо шартына жараша болот, бирок 10 суткадан ашпайт.
161. Өлүктү изилдегенден кийин 10 сутканын ичинде көмүүгө алып кетишпесе, аны, экспертиза дайындаган адамдын өзгөчө буйругу болбосо, шаардык же райондук администрациянын коммуналдык кызматы көмөт же кремациялайт. Белгисиз жана суралбаган өлүктү көмүү тиешелүү коммуналдык кызматтарга соттук-медициналык экспертизанын бөлүм башчысынын кат түрүндө сунушу боюнча жүргүзүлөт. Көмгөн жери тууралуу коштомо кагаздарда жана "Өлүктөрдү соттук-медициналык моргдо каттоо журналында" тиешелүү жазуу калтырылат.
162. Өлүктүн экспертизасын (изилдөөсүн) дайындаган органдын же адамдын кат түрүндө уруксаты жана тиешелүү уюмдардын табыштамасы болгондо, ошол уюмдарга илимий жана окуу максаттарда көмүүгө алынбай калган өлүктөрдү өткөрүп берүүгө уруксат берилет.
163. "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү" жана өлүктү көмүү үчүн маркумдун жакындарына же туугандарына, же көмүү аракетин өзүнө алган ыйгарым укуктуу коомдук уюмдарга маркумду жана көмүү аракетин жасаган адамды күбөлөндүргөн документтерди көрсөткөндө берилет.
164. Өлүк жуумай жана аны берүү моргдун санитарларынын милдетине кирет; көмүү үчүн керектүү бардык нерселерди көмө турган адамдар алып келет. Өлүктү көмүүгө даярдоо моргдун санитарынын милдетине кирбейт.
165. Өлүктөрдүн бальзамациясы дарыгердик манипуляция болуп саналат жана аны дарыгер же атайын үйрөтүлгөн медперсонал дарыгердин катышуусу менен жүргүзүшөт. Соттук-медициналык изилдөөдөн өткөн жана үйдөн өлгөндөрдүн өлүгүн бальзамациялоо маркумдун туугандары, же көмүү аракетин өзүнө алган коомдук ыйгарым укуктуу уюмдар "Өлүм тууралуу медициналык күбөлүктү" алгандан кийин, өлүктүн изилдөөсүн жүргүзгөн же аны тапкан жерге чыккан соттук-медициналык эксперттин кат түрүндө уруксаты боюнча гана жүргүзүлөт.
166. Өтө жугуштуу оорулардан өлгөн адамдардын өлүгү көмүү (кремация) жайга табытта жеткирилет, табытты ачууга болбойт, анын түбүнө санитар дезинфекциялык жана ным тартуучу заттарды себет. Көмгөн (кремациялаган) адамдар бул талапты бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө кат аркылуу эскертилет.
167. Өтө кооптуу инфекциялардан каза тапкан адамдардын өлүгү көмүүгө берилбейт. Аларды көмүү тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тиешелүү эрежелер менен регламенттелет.
168. Өлүк менен кошо алып келген кийимдер жана бут кийим өлүктү изилдегенден кийин укук коргоо органдардын коштомо документтеринде аларды сактоо жөнүндө белги болгондо, аларды моргдо экспертиза дайындаган учурдан тартып 10 күндүн ичинде бөлмө температурасында кургак абалда полиэтилен же кагаз капта биркасы менен сакталат. Сактоо үчүн жоопкерчилик моргдун санитарларынын бирине жүктөлөт. Туура сакталышына контролдук кылууну өлүктөрдү соттук-медициналык экспертизалоо бөлүмдүн башчысы, райондордо бөлүм башчы жүргүзөт.
169. Өлүк менен кошо алып келген же аны изилдегенде табылган жана буюмдук далилдер болушу мүмкүн баалуулуктар, документтер жана башка буюмдар өлүктүн соттук-медициналык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысында же өлүктөрдү соттук-медициналык экспертизалоонун райондук бөлүм башчысынын сейфинде же мөөр менен чапталган металл шкафта сакталат.
170. Өлүктүн соттук-медициналык экспертизасында табылган буюмдар соттук-медициналык эксперттин пикири боюнча ууландыруучу, радиоактивдүү ж.б. жуктуруу же жарылуу-өрткө кооптуу булак болушу мүмкүн болсо, соттук-медициналык экспертизанын бөлүм башчылары бул тууралуу ички иштер органдарына жана прокуратурага билдирүүгө милдеттүү.
171. Эгерде өлүктү көмүү учуруна чейин укук коргоо органдары алып салбаса жана коштомо документтерде аларды соттук-медициналык моргдо сактоо жөнүндө белги болбосо, кол буюмдары, баалуулуктар жана документтер өлүктү көмүүнү жүргүзгөн адамга ички иштер органдардын жана прокуратуранын атайын уруксатысыз, тил кат жаздырып берилет. "Моргдо документтерди, баалуулуктарды, буюмдук далилдерди, көтөрмө буюмдарды каттоо журналында" тиешелүү жазуу калтырылат.
172. Маркумдун кийимин, бут кийимин, баалуулуктарын ички иштердин же прокуратуранын кызматкерлери алуусу тиешелүү протокол менен таризделет.
173. Өлүк менен алынып келинген жана укук коргоо органдары же маркумдун туугандары талап кылбаган кийим, бут кийим жана башка буюмдар экспертиза дайындаган учурдан тартып 10 сутка өткөндөн кийин жок кылынат.
174. Мамлекеттин эсебинен көмүлө турган өлүк менен моргго алып келинген акчалар жана баалуулуктар экспертиза дайындаган адамга тиешелүү документтерди тариздеп өткөрүп берилет.
175. Моргдун бардык бөлмөлөрүн суулап, жуучу каражаттарды колдонуу менен күн сайын жыйнайт.
176. Секциялык столдор, столчолор, органдарды изилдөө үчүн идиштер, полдогу решеткалар, инструменттер, клеенкалык белдемчилер жана жең сымал колго киймелер, секциялык залдагы полдор жана өлүк сактагыч күн сайын изилдөө бүткөндөн кийин самын, сода жана башка жуучу каражаттарды колдонуп кылдат жууш керек.
177. Күн сайын секциялык залда жана өлүк сактагычта самын же сода жана 3% хлорамин эритме, же башка жуучу же дезинфекциялык каражат менен терезелерди жана дубалдарды (кафель менен капталган же майлуу сыр менен сырдалган) жууп, толук жана кылдат жыйналышы керек. Ай сайын өтө жугуштуу оорулардан өлгөндөрдү айкындаган бардык учурларда моргдун бардык бөлмөлөрүндө толук жыйноо жасалат.
178. Өтө кооптуу инфекциядан өлгөндөрдү ачып сойгондон кийин моргдун дезинфекциясы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдардын күчү жана каражаттары менен жүргүзүлөт.
179. СПИД же ага шектенген бейтаптардын өлүктөрүн изилдегенде этияттыктын төмөнкүдөй чаралары көрүлүшү керек:
1) СПИД же ага шектенген бейтаптардын өлүктөрү моргго түшкөндө, өлүккө СПИД деген атайын бирка тиркелет;
2) СПИД менен ооруган бейтаптын өлүгүн кабыл алууга, изилдөөгө, сактоого жана берүүгө тиешеси бар моргдун кызматкерлери 1-типтеги костюм кийиши керек: резина колгаптын түгөйү, вата-марля маскасы, коргоочу көз айнек, халат, жең сымал колго киймелер, суу өтпөгөн белдемчи, өтүк жана гөлөч, бахилдер;
3) өлүктү изилдегенде жана жууганда канализацияга жугунду сууну агызууга тыюу салынат. Жугунду суулар дезинфекциялык эритме бар идиштерге чогултулат. Секциялык залга кире бериште дезинфекциялык эритмеге чыланган килемче төшөйт;
4) жугуштуу секциялык материал, буюмдар жана инструменттер менен кокустан травма алуудан жана өлүктөн объектти алганда терини жабыркатпай, контакт кылуудан качуу керек. Колдун бардык жабыркаган терисин лейкопластырь менен чаптайт же бармакка кийгич менен кийгизип жабат;
5) халат жана колгап менен корголбогон дене бөлүктөрдү өлүктөн чыккан кан же башка алынган материал менен булганууда дезинфикат эритме менен (мисалы, гипохлорид натрий же 70% этанол) булганган жерди тезинен тазалайт. Жугуштуу материал былжырлуу кабыкчага тийген болсо, аны ошол замат 0,05% перманганат калий эритме менен иштеп чыгат, көздөрдү 1% бор кычкылдыктын эритмеси менен жууйт же 1% азот-кычкыл күмүш эритмесинин тамчыларын тамчылайт, мурунга 1% протаргол эритмесин тамчыланат, ооз жана тамак кошумча 70% этанол же 0,05% перманганат калий же 1% бор кычкылдыктын эритмеси менен чайкалат;
6) коргоо костюмун чечээр алдында марля тампонду дезинфикат эритмеге малып, белдемчи кылдат сүртүлөт, андан кийин аны чечип, сырт жагын ичке каратып бүктөйт. Дезинфикат эритмеге чыланган айрым тампондор менен жең сымал колго киймелерди, сырткы колгаптарды, өтүктөрдү сүртөт. Кыймылды үстүнөн ылдый жүргүзөт. Өлүктү изилдегенде колдонулган костюм кан же башка биологиялык суюктуктар менен булганууда "этият болгула, СПИД!" деген эскертүүчү жазуусу бар инфекциялык калдыктарды жок кылууга жана чогултууга гана арналган суу өтпөгөн капка же белгилүү түстөгү пластик пакетке салат;
7) өлүктү изилдегенде колдонулган секциялык инструменттер атайын жылчыксыз, жабылган "Этият болгула, СПИД!" деген маркалоосу бар контейнерге салынат. Кайталап изилдөө үчүн бул инструменттерди тазалайт, кургатат жана жаңы жасалган 3% суутек кычкылдуу эритмеде 5-10 минут, жаңы 10% гипохлорид натрий эритмеде, же 70% изопропанолдо дезинфекциялайт. Автоклавирлөө артыкчылыктуу болот;
8) канга булганган буюмдарды маркаланган жылчыксыз жабылган контейнерге кийинки зыянсыздандыруу үчүн салат, же инфекциялык материалды ликвидациялоо эрежелерине ылайык жок кылуу үчүн атайын түстөгү пластик капка салат;
9) контейнердин тышы кан менен булганууда, аны дезинфикат менен иштетип чыгат. Контейнерди транспорттоо үчүн, аны экинчи контейнерге же жылчыксыз жабылган сумкага салат;
10) лабораториялык изилдөөгө жиберилген секциялык материал бар контейнерлерде "Этият болгула, СПИД!" эскертүүчү жазууну калтырат. Транспорттогондо материал менен бардык банкаларды тыгын жана резина пленка менен (колгаптан) жылчыксыз жабат жана экинчи суу өтпөгөн бузулбаган жылчыксыз жабылган контейнерге салат. Бардык материалдарды атайын жөнөтмө менен алып барат. Фиксациялуу секциялык материалды атайын бөлүнгөн, мөөр басып чапталган жабык бөлмөдө сактайт. Бул материалды сактоо жана мындан наркы иштөөнү культураларды, бактерияларды, вирустарды эсепке алуу, сактоо, айландыруу жана салып жиберүү тартиби жөнүндө азыркы жобого ылайык жүргүзүү керек;
11) ВИЧ-инфекциялык материал менен иш аяктаганда жана коргоочу кийимди чечкенден кийин бүт кызматкерлер колдорун кылдат жууганга милдеттүү;
12) изилдөөнү аяктап, өлүктү 3% хлорамин "В" эритме же хлор акиташ менен сугарат, дезинфекциялык эритмеге чыланган шейшепке оройт жана металл же жыгач ичинен пленка кагылган табытка салат. Түбүнө хлор акиташты 10 см кем эмес калыңдыкта сээп салышат. Өлүктү көмүү же кремация үчүн ташууну эвакобригада санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүы аймактык органынын өтө кооптуу инфекциялар бөлүмүндөгү адистин коштоосунда жүргүзөт;
13) лабораториялык изилдөөлөрдө колдонулган бардык потенциалдуу жукма материалдарды муктаждык өткөндөн кийин зыянсыздандырат. Зыянсыздандыруу режимдери төмөнкүдөй: бөлмөнү жана жабдууну иш бүткөндө 3% хлорамин "В" эритме менен же 3% хлор акиташтын ачык эритмеси менен сүртөт. Коргоочу кийим, халат, жоолук, шапичке, ваталык-марля маскалар, колгаптарды 2% сода эритмесинде же башка жуучу каражатта кайнагандан баштап 30 минут кайнатат же 2 саатка 3% хлорамин "В" эритмеге 5 л/кг эсептеп чылайт. Буу аба аралашмасы менен 80-90 град. Цельсия температурада 45 минуттун ичинде автоклавирлейт.
11. Лабораториялык изилдөөгө өлүк материалдарын алуу жана жиберүү соттук-химиялык изилдөө үчүн объекттерди алуу
180. Соттук-химиялык изилдөөгө уулуу заттарды табуу жана өлчөмүн аныктоо максатында болжолдуу уунун табиятын жана аны организмге киргизүү жолун, чыгаруу жолдорун жана ылдамдыгын, дарылоо чаралардын интоксикациясынын узактыгын эске алып заараны, канды жана ар кандай ички органдарды алат жана жиберет. Ошондой эле кусундуну, жуунду суунун биринчи порцияларын, дары жана химиялык заттардын калдыктарын, тамактын, суусундуктун калдыгын жана башка объекттерди жиберет. Ички органдарды жана биологиялык суюктукту кайталанган экспертиза үчүн материалдын үчтөн бир бөлүгү архивде калыш керектигин эске алып, соттук-химиялык изилдөө жүргүзүү үчүн жетиштүү өлчөмдө жиберет.
181. Уулуу зат менен ууланууга шектенгенде ички органдардын комплекси жиберилет: мээнин үчтөн бир бөлүгү, карын ичиндегиси менен, бир метр ичеги өзгөрүлгөн жерлерден, боордун үчтөн бир бөлүгү, бир бөйрөк, ошондой эле бүт заарасын. Ар бир орган, кан, заараны өз алдынча таза жана кургак айнек банкага салат.
182. Ууну кын же жатын аркылуу киргизүүгө шектенгенде, кошумча өз алдынча банкаларга жатынды жана кынды алуу керек.
183. Тери алдына же булчуң ичине киргизүүгө шектенгенде - болжолдуу киргизүү жактан теринин жана булчуңдун участогу.
184. Ингаляциялык ууланууга шектенгенде - өпкөнүн толук кандуу участкаларынын төрттөн бири, мээнин үчтөн бири.
185. Карындын ичинде бүртүк, таблетканын, кайсы бир заттардын кристаллдары табылганда, алар да соттук-химиялык изилдөөгө жиберилиши керек. Ички органдардын жана биологиялык суюктуктардын кошумча көрсөтүлгөн комплексине ууланууга шектенгенде жиберүү керек:
1) кычкылдык жана жегич щелоч менен тамакты, трахеяны жана кызыл өңгөчтү, тери участкалар уунун таасиринин издери менен;
2) учуучу хлор органикалык заттар менен (хлороформ, хлоралгидрат, төрт хлордук көмүртек, дихлорэтан, хлорорганикалык пестициди ж.б. галоген өндүрүүчүлөр) - карын май, мээнин үчтөн бири;
3) метил спирт менен - мээнин үчтөн бири;
4) гликозиддер менен - боордун үчтөн бири ачылбаган өт баштыкчасы менен, гликозиддердин тез бөлүнүшүнөн этанол менен консервацияланган инъекциялар сайылган жерлердеги ткандар;
5) фосфорорганикалык бирикмелер - холинэстеразынын активдүүлүгүн аныктоо үчүн кан милдеттүү түрдө.
6) сымап тыздары менен - көтөн чучукту, чачты;
7) коргошун бирикмелери менен өнөкөт уулануу - жалпак сөөктөр;
8) таллий бирикмелер менен өнөкөт уулануу - жалпак сөөктөр, чачтар;
9) мышьяктын бирикмеси менен өнөкөт уулануу - чачтар, тырмактар, жалпак сөөктөр;
10) тетраэтил коргошун - мээ жана өпкө;
11) көмүртек кычкылы - кан (20 мл тегерегинде), булчуң тканы;
12) этанол менен - кан, заара 20 мл өлчөмдө (капкагына чейин толтурулган идишке), канды пипетка же шприц менен аяктардын чоң көк кан тамырынан же катуу мээ кабыкча синустардан. Канды, заараны же ички органдарды жиберүүгө мүмкүн болбосо, булчуң тканды (500 гр жакын) алышат;
13) метгемоглобин чыгарган уулар менен (ферроцианиддер, анилин, нитробензол, перманганат калий, формальдегид, хроматтар, метилен көк, ацетальдегид) - метгемоглобинге кан;
14) козу карын жана уулуу өсүмдүктөр - карын жана кызыл өңгөч ичинен козу карындын сиңирилбеген майдаларын, кусунду жана жууган суулар.
186. Ички органдарды кызыл өңгөчкө, карынга, ичегилерге экилик лигатураны түшүргөндөн кийин (ар бөлүмдө бир метр аралыкта) алардын ичиндегисин механикалык аралаштырууну болтурбаш үчүн алып чыгат.
187. Органдарды суу менен жуубаш керек жана химиялык заттар же механикалык кошулмалар менен булгабайт. Органдарды айнек идишке салат (кургак оозу чоң банкаларга). Металл же керамика идишти колдонууга тыюу салынат.
188. Эксперт өлүктөн уу чыгарылып, сыртта болбошун байкап турат. Ошондуктан ачып сойгонго чейин секциялык столду, инструменттерди жана колгаптарды кылдат жууш керек жана ачып сойгондо суу ж.б. суюктук менен колдонбошу керек.
189. Банкаларды сода эритмеси же горчица менен жууйт, таза суу менен кылдат чайкайт, андан кийин дистилляциялуу суу менен жана кургатуучу шкафта кургатылат.
190. Изилдөө объекттерди жүрөк гликозиддер, фенотиазин, фосфор органикалык пестициддер, алколоиддер жана үч циклдүү антидепрессанттардан өндүрүлгөндөр менен ууланууга шектенгенде консервациялайт. Фиксацияга спирт-ректификат колдонот, анын банкадагы ички органдар үстүндөгү деңгээли бийиктиги 1 см кем болбошу керек.
191. Ошол эле учурда соттук-химиялык бөлүмгө консервацияга алган тарадан куюлган спирттин контролдук сынагын 300 мл өлчөмүндө жиберет.
192. Банканы жылчыксыз жабат, ар бирине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен формада тиешелүү жазуулары менен этикетка чаптайт жана мөөр басып чапталган пакетке же контейнерге салат, аны дароо изилдөөгө жиберишет.
Эскертүү:
Этанол менен ууланууга шектенгенде транспорттоо 4-10 суткага кармалып калганда, анын өлчөмүн аныктоонун жыйынтыктары туура эместигине себеп болушу мүмкүн.
193. Ошол эле учурда соттук-химиялык бөлүмгө өлүктүн соттук-медициналык экспертизасын дайындоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн; каза табышынын жагдайларын, өлүктү изилдөөнүн негизги маалыматтарын диагнозу менен, маркумдун аты-жөнүн жана курагын, эксперт-химиктер чече турган суроолорду кыскача баяндап, соттук-медициналык эксперт жолдомо жиберет.
194. Эксгумацияланган өлүктү изилдегенде соттук-химиялык анализге 500 граммдан алты жерден алынган жерди (табыт алдынан жана үстүнөн, анын капталынан, баш жана аяк жагынан), ошондой эле кийимдин, табыттын кабынан, төшөлгөнүнөн, ылдыйкы тактайынан (беш жүз квадраттык сантиметрдей) майдаланганын, ар кандай жасалга жана өлүктү жанынан табылган нерселерди жиберет.
Объекттерди гистологиялык изилдөөгө алуу
195. Өлүктүн органдарын жана ткандарын гистологиялык изилдөөгө өлүктүн изилдөөсүн жүргүзгөн соттук-медициналык эксперт алат, органдарды лаборант же санитар алсын деген тапшырма берүүгө тыюу салынат.
196. Кесимди курч бычак менен кесет, ткандарды бырыштырбаш үчүн кайчы колдонууга болбойт, кесимдин үстүн кырбаш керек, өзгөчө былжырлуу же сероздук кабыкчаларын, көпшөк оңой бөлүнгөн ткандар жана массалар (мисалы, жатын көңдөйдү ичиндегини) пинцент менен колдонбой, бычакка алат жана марля баштыкчадагы фиксациялык суюктукка салат.
197. Кесимди 0,8 см калыңдыкта кесет, узундугу жана туурасы ар кандай болушу мүмкүн (демейде 1x1 см же 1,5x2 см), ал стандарттуу сырт айнекке баткандай болушу керек. Ткандын тереңине жайдан сиңгенине байланыштуу кесимдерди дароо фиксациялык суюктукка салат, калыңыраак кесимдерди изилдөөгө алуу сунушталбайт.
198. Кесимди алуу үчүн органдардын кесилиши алардын анатомиялык түзөлүшүн жакшы көрсөткөндөй кылып жасалат, мисалы: бөйрөк кесимде кабыгы жана жумшак катмары көрүнүшү керек, пневмония очогунда - борбордук жана перифериялык участкалар. Механикалык жана башка жабыркоолордо жабыркаган жерлерди жанындагы соо ткандар менен кошо алуу керек.
199. Бир эле органда же тканда ар кандай өзгөрүүлөргө баа берүү зарыл болсо, аларды этикетка менен маркалайт. Этикеткаларга жазуу графит карандаш менен жазылат. Этикеткалар үчүн фиксациялык суюктуктун таасирине туруктуу материалды колдонот (клеенка, фото кагаз ж.б.).
200. Кесилген кесимдерди 10-15% формалин эритмеге салат. Аны формальдегиддин концентрациялуу эритмесинен, анын бир бөлүгүнө суунун 9 бөлүгүн кошуп даярдайт. Агыш тунмасы бар формальдегид колдонуу сунушталбайт. Мындай учурларда алгачкы концентрациялуу эритмени аба соргуч шкафка салат жана тунмасы эригенче жылытат, ушундан кийин аны колдонсо болот.
201. Формалиндин нейтралдык эритмесин колдонуу зарыл болгондо, аны төмөнкүдөй даярдайт: формалин эритмеси (37-40 %) - 100 мл., дистилляцияланган суу 900 мл., бир алмаштырылган фосфат натрий - 4 г., суусуз эки алмаштырылган фосфат натрий - 6,5 г.
202. Фиксациялык суюктуктун көлөмү кесимдин көлөмүнөн 10 эседен кем эмес ашат. Мында кесимдер эритмеде бири бирине жана банканын түбүнө жабышпаганын байкап туруш керек, ал үчүн банканын түбүнө бир катар вата салат жана эритмени мезгил мезгили менен чайкап турат. Калкып чыккан кесимдер кургап калбасын үчүн аларды үстүнөн вата менен жабат. Формалинде фиксацияны бөлмөдөгү температурада 1-2 сутка жасайт. Сутка өткөндөн кийин эритмени алмаштырат. Мындан узак фиксация кылууга болбойт.
203. Нерв тканын фиксациялоо үчүн атайын боек колдонгондо нейтралдуу формалин пайдаланат. Айрым методикалар үчүн (мисалы, гликогенге боек) кесимдерди 96% этанолдо фиксациялайт.
204. Кургаган ткандардын майдаларын пакетке чогултат жана гистологиялык бөлүмгө фиксациялабай жиберет. Ушундай ыкма менен мумификациялуу өлүктөрдүн жана чым көңдүү малмага салып ийлегендей жана май мом абалдагы өлүктөрдүн кесимдерин жиберет.
205. Гистологиялык изилдөө үчүн ички органдардын жана ткандардын фиксациялуу кесимдерин даярдоону моргдо өлүктү изилдөөнү жүргүзгөн эксперт аткарат. Кесимден калган материалды маркаланган марля баштыкчага чогултат жана аны бир жыл ичинде моргдо сакталган формалиндин жаңы эритмеси менен тыгыз жабылган идишке салат.
206. Соттук-гистологиялык изилдөөгө материал алуу аутопсиянын 100% учурларында жүргүзүлүшү керек. Гистологиялык изилдөөгө ички органдардын жана ткандардын кесимдерин жиберүү зарылдыгы жөнүндө суроону соттук-медициналык эксперт конкреттүү ситуацияга жараша чечет. Соттук-гистологиялык изилдөөнү жүргүзүү өлтүрүлгөн учурларда, өндүрүштүк травма, уулануу (анын ичинде алкоголь менен), электр тогу урганда, тышкы чөйрөнүн төмөн температурасы таасир бергендиктен каза тапканда, балдар жана чоңдор мүрт өлгөндө, инфекциялык оорулардан (анын ичинде кургак учуктан да), онкологиялык жана гематологиялык оорулардан, ятрогенднк оорулардан, дарылоо мекемеде каза тапканда милдеттүү болуп саналат.
207. Тигил же бул органдардан же ткандардан алынган кесимдердин саны патологиялык процесстин таркалышы жана көрүнүшү, ошондой эле изилдөө маселелери менен аныкталат.
208. Өлүмдүн белгилүү түрүнө шектенгенде төмөнкүлөрдү изилдөө максатка ылайык:
1) механикалык асфиксияда - странгуляциялык бороздону, андан кесимди түбү, ылдыйкы жана үстүнкү четтеги валиктер жабыркабаган ткандары менен болгондой кылып кесишет (эгерде бороздо чоң болсо эки кесим кылууга болот - үстүнкү четки валик менен түбү жана ылдыйкы четки валик менен түбү көрүнгөндөй кылып);
2) бийик температуранын жергиликтүү таасиринен өлгөндө - күйүк жерден теринин кесимди, трахеяны, башкы бронхту, өпкөнү, бөйрөктү;
3) төмөн температуранын аракетинен өлгөндө - карын, он эки эли ичеги, уйку без, жүрөк, өпкө;
4) баш сөөк-мээ травмасында - контузиялык очоктон жана анын чегиндеги зонадан, ошондой эле мээнин сөңгөгүнөн жумшак мээ кабыкчалары менен кесимдерди, мээнин катуу кабыкчасын көрсөткүчтөр боюнча;
5) субарахноидалдык, өзгөчө негиздик кан агууларда - патологиялык өзгөрүүлөр жана өнүгүүнүн тубаса кемтиктери көп учурда локализацияланган жерлерден мээнин негизинен ар кандай калибрдеги артериялар;
6) күйгүзүүчү уулар менен ууланганда - тил, кызыл өңгөч, карын, ичке ичеги, үстүнкү дем алуу жолдору, боор, бөйрөк;
7) фосфор органикалык бирикмелер менен ууланганда - өпкө, жүрөк, бөйрөк, боор, бөйрөк үстүндөгү без;
8) белгилүү көрсөткүчтөрдө - тери алдындагы май клетчаткасы жана булчундар менен дары жана баңги заттар киргизилген жерлерден;
9) криминалдык боюнан алдырууга шектенгенде - жатынды, аялдын урук бездерин, түтүктөрдү, кындын капталдарын, параметралдык клетчатканы;
10) катуу кармаган коронардык жетишсиздиктен каза тапканына шектенгенде - көп өзгөрүүлөр болгон жерде көк кан тамыр артериясын, жүрөк бүт капталынын калыңдыгы аркылуу ишемизациялуу жана толук кандуу участкалардын чети боюнча;
11) кара күч салып өтө иштегенден, психикалык травмадан же башка стресстик таасирден жаш курактагы адам мүрт өлгөндө, ошондой эле өлүм себеби түшүнүксүз болгондо башка органдар менен катар гипоталамо-гипофизардык-бөйрөк үстүндөгү без системасын, иммуногенез органдарды, мазокторду - дем алуу жолдорунун былжырлуу кабыкчаларынын тактарын алышат;
12) СПИДге шектенгенде - мээни жана жүлүндү, боорду, бөйрөктү, карынды, ичегилерди, иммуногенез органдарын (сөөк чучугу, богок бези, ар кандай локализациядагы лимфо түйүндөр, көк боор), көрсөткүчтөр болсо көздүн сетчаткасын, терини, ооздун былжырлуу кабыкчасын ж.б. алышат.
209. Эмчектеги жана ымыркайлар мүрт чарчап калганда төмөнкүлөрдү жиберет:
1) кекиртектин бөлүгү үн байламталар жана региондук лимфа түйүндөрү менен;
2) трахеянын үч кесими - баштапкы бөлүмү (трахея деңгээли жөнүндө ориентация кармаш үчүн калкан без участкалары менен), ортоңку (паратрахеялык лимфа түйүндөрү менен) жана бифуркация жери (эки негизги бронхтордун алгачкы бөлүмдөрү менен);
3) өпкө сыртындагы бронхтор жана өпкө тамыры жагындагы кесимдер перибронхтук лимфалык түйүндөр менен;
4) өпкө ткандан участкалар көп же ченелүү көрүнгөн өзгөрүүлөрү менен;
5) кекиртек капталдары, алкым бездери дужкасы менен, шилекей бездери;
6) кекиртек, трахея, бронхтордун былжырлуу кабыкчалар, өпкө кесилишинин үстүлөрүндөгү мазок-тактар;
7) иммуногенездин борбордук жана перифериялык органдары (богок бези, лимфалык түйүндөр, көк боор, ичеги карын трактынын лимфоиддик ткандары);
8) жүрөк клапандык аппарат менен;
9) боор;
10) мээ кабыгы жумшак кабыкчалар менен, мээнин субэпендимардык бөлүмдөрү;
11) ичке жана жоон ичегилер;
12) бөйрөк үстүндөгү бездер.
210. Ымыркайлардын өлүктөрүн изилдегенде мээ, жүрөк, бөйрөк, боор, богок бези, бөйрөк үстүндөгү бездер, киндик тамырлары менен, төрөт шишиги, баланын тонун алыш керек.
211. Материалдарды гистологиялык бөлүмгө жибергенде маркум тууралуу маалымат, өлүм келишинин жагдайлары жана өлүктү изилдөө маалыматтардан тышкары (органдардын жана ткандардын макроскопиялык мүнөздөмөсү, алдан ала диагноз), коштомо документте өлүктүн экспертизасын дайындоо жөнүндө токтомдон маалымат келтирилет, органдардын аталыштары, кесимдердин саны (жалпысынан жана органдар боюнча), фиксация ыкмасы жана соттук-гистологиялык изилдөөнүн максаты маалыматтар берилет (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен "соттук-гистологиялык изилдөөгө жиберүүнүн" азыркы формасына ылайык).
Объекттерди цитологиялык изилдөө үчүн алуу
212. Цитологиялык изилдөө үчүн материал алууну X и Ү - хроматин боюнча генетикалык кодду аныктоо үчүн өлүк көмүргө айлангандыктан, жиликтелген өлүктүн бөлүктөрү болгондо жыныстык таандыгын аныктоо татаал болгон ж.б. учурларда жүргүзөт. Өлүктүн сакталган органдарынын жана ткандарынын ар кандай участкаларынан мазок-тактарды, ошондой эле чачтын түбү жана тырмактарды изилдейт.
213. Мазок-тактарды даярдоо кылуу оң. Ал үчүн майсызданган предметтик айнектерди органдын же ткандын кесилиштеринин үстүнө басат, андан кийин бөлмөдөгү температуранын абасында кургатат жана метанол менен 10 мин. фиксациялайт же, ал жок болсо, этанол колдонот. Ар бир органдан төрттөн кем эмес мазок-тактар даярдалат.
214. Мазок-тактарды даярдоого арналган предметтик айнектерди алдын ала 6-8 саат хромпик менен иштеп чыгат, аккан сууга жууйт, сүртөт жана Никифоров аралашмада сактайт (96% этанолдун бир бөлүгү жана этил эфирдин бир бөлүгү). Колдонуу алдында кылдат сүртүшөт.
215. Мазок-тактарды даярдоо мүмкүн болбосо, ар бир органдан 1,5х1,5х1см өлчөмүндө 3-4 кесимден кем эмес алышат. Кесимдерди алгандан кийин биринчи сутка ичинде лабораторияга жеткирүү керек. Эгерде андай мүмкүндүк болбосо, аларды муздаткычта 36 сааттан ашык эмес лабораторияга жеткиргенче сакташат. Кесимдерди 8% нейтралдуу формалин эритмеде фиксациялоого болот. Бийик температуранын таасиринде калган же кыйла кургап калган (мисалы, мумификацияланууда) өлүктүн ткандары фиксацияланбайт.
216. X жана Ү - хроматин изилдөө үчүн уюган кан, ошондой эле кийимдеги кандын тактары жиберилиши мүмкүн. Уюган канды маркаланган өз алдынча пробиркага салат, тыгын менен жабат жана мөөр басып чапталат. Кан тактары бар кийим белгиленген тартипте изилдөөгө жиберилет:
217. Уюган кан болгондо мазокторду даярдоого уруксат берилет. Кан тамчыларын майсызданган предметтик айнектин бир учуна түшүрөт (214-п. карагыла) жана тез бир калыптагы кыймыл менен башка жылмаланган айнектин четине 45 град. бурчу менен предметтик айнекке сүртүп мазок даярдайт. Бөлмөдөгү температуранын абасында кургаткандан кийин мазокторду метанол же 96% этанол менен 40 мин. фиксациялайт, кургатат, түгөйлөп иреттеп салат (мазоктор үстү ичине карап турат), таза ак кагазга оройт. Андан кийин аларды маркаланган пакетке салат, аны мөөр басып чаптайт.
218. Чачтарды кол же жазы пинцет менен жулуп алат. Кын кабыкчалары менен 10 чачтан кем эмес алат, аларды маркаланган кагаз пакетке салат, аны клейлеп, мөөр басып чаптайт.
219. Тырмак пластинкаларды беш манжанын же тамандын 2-3 бармактарын өскөн бөлүгү менен алат, маркаланган өз алдынча кагаз пакетке салат, клейлеп, мөөр басып чаптайт.
220. Өлтүргөндө же жыныстык кылмыш болгондо же аларга шектенгенде кайчы менен тырмак пластинканын бош четин беш манжанын ар бир бармагынан кесет жана учталган жыгач таякча лопатка менен кырылган тырмак алдындагысы менен бирге ар бир бармак үчүн өз алдынча маркаланган кагаз же калька пакетке салат. Бардык даярдалган пакетчелерди бир жалпы пакетке салат, ага кол коет жана мөөр басып чаптайт.
221. Эмчектин морфологиялык секретин изилдөө үчүн анын тамчысын майсызданган предметтик айнекке түшүрөт жана мазок даярдайт, аны бөлмөдөгү температурада кургатат жана метанол менен 5-10 мин фиксациялайт.
Соттук-биологиялык изилдөөгө үлгүлөрдү алуу
222. Өлүктү изилдегенде үлгү катары кан, чач, өт (заара) жана кын клеткалары алынат.
223. Кан соттук биологиялык бөлүмгө суюк түрүндө, же бинтте (марляда) так түрүндө жиберилет:
1) канды 3-5 мл өлчөмүндө жүрөк көңдөйлөрүнөн же чоң тамырлардан стерилдүү пипетка же шприц менен алат жана таза пробиркага (флаконго) салат, аны резина же кабыкча тыгын менен жабат. Пробиркага алган үлгүнүн аталышы, маркумдун аты-жөнү жана инициалы, өлүктү каттоо номери, эксперттин аты-жөнү жана өлүктү изилдөө датасы көрсөтүлүп этикетка чапталат, пробирканы мөөр басып чаптайт;
2) бинт (марляны) 5-6 катар бүктөйт жана пипеткадан же шприцтен 5-6 см диаметр участкада канды сиңдирет. Бинтти ак кагаздын барагында бөлмөдөгү температурада моргдун таза бөлмөсүндө кургатат (секциялык зал менен өлүк сактагычтан сырткары). Кургатылган үлгүлөрдү ысыткыч приборлордун жанына калтырууга же күн нурунун түз таасирин тийгизүүгө же булганыч кылууга болбойт. Кургатылган үлгүлөр жана так алууга колдонулган таза бинттин четин (контролдук үчүн) өз алдынча пакетке салат, аларды маркалайт, клейлейт жана мөөр басып чаптайт;
3) кан үлгүлөрүн алууга мүмкүн болбосо (скелеттелген, чирип өзгөрүлгөн, мумификацияланган өлүк ж.б.) жумшак ткандардын 1x1x0,5 см өлчөмдөгү кесимин 1-2 тишти, тырмактарды, чачтарды, сөөктөрдү, жумшак ткандардын кесимдерин чирип өзгөрүлгөнү азыраак жерлерден алат.
224. Жумшак ткандардын кесимдерин таза айнек идишке салат, аны тыгын менен жабат, маркалайт, мөөр басып чаптайт жана муздаткычта сактайт. Транспорттоо узак болгон учурда алган кесимдерди бөлмөдөгү температурада кургатат же 5-10% формалин эритмеде фиксациялайт. Формалин үлгүсүн лабораторияга контролго жиберет.
225. Чачты кайчы менен чач түбүнө жакын жерден кесип алат.
226. Тырмактарды өскөн катмары менен кошо ар бир беш манжанын эки тырмагынан алат.
227. Скелеттелген өлүктү изилдегенде губка сыяктуу сөөк чучугу бар сөөктөрдүн 2-3 фрагментин алат.
228. Чачтын үлгүлөрүн дененин ар кайсы жагынан иштин жагдайларына жана изилдөө маселесине жараша алат.
229. Маркумду идентификациялоо үчүн жана баш жагында жабыркатуулар болгондо чачтар чекесинен, эки чыкынынан, чоку жана желкеден, ошондой эле жабыркаган жеринен алынат. Ал үчүн түп жагынан кайчы менен кесип алат. Чачтарды өз алдынча, күн мурун маркаланган пакеттерге салат, аларды жалпы пакетке салат. Аны маркалайт, клейлейт жана мөөр басып чаптайт.
230. Жыныстык кылмыштарда же ага шектенгенде чачты чат дөмпөгүнөн кошумча алат.
231. Адамдан чыккан нерселер категориясын өлгөндөн кийинки изилдегенде өттү алат, ал жок болсо - заараны же перикардиалдык суюктукту. Ал үчүн өт баштыкчаны, перикард же табарсыкты башында ным, таза, кийин кургак марля менен сүртөт жана капталын таза кургак бычак (скальпель) менен ачат. Шприцке 3-5 мл өт, заара же перикардиалдык суюктуктан сордуруп алат жана таза пробиркага (флаконго) салат, анын тыгын менен жабат, маркалайт жана мөөр басып чаптайт.
232. Узак транспорттогондо (өттү, заараны, перикардиалдык суюктукту) таза марляга куят жана кургатат.
233. Кын ичиндегинин үлгүлөрүн жыныстык кылмыштарда жана ага шектенгенде алат. Марля тампон менен кын төбөсүндөгүнү алат жана аны бирдей ичке катар кылып эки майсызданган айнекке түшүрөт. Тампон, айнектерди бөлмөдөгү температурада кургатат (п.223.2. карагыла), андан кийин айнектерди түгөйлөп мазокторду ичине келтирип, предметтик айнектер ортосуна шереңке чийин же башка нерсени коюп жыйнаштырат, таза ак кагазга оройт жана тампон менен кошо маркаланган пакетке салат, аны мөөр басып чаптайт. Ошону менен бирге өз алдынча пакетте контролго таза тампонду жиберет. Ушуга окшоштуруп көтөн чучук ичиндеги менен тампондорду даярдайт жана изилдөөгө жиберет. Алган тампондорду жана мазокторду соттук-биологиялык бөлүмгө кийинки изилдөөгө беришет, ал соттук-тергөө органдары соттук-биологиялык экспертиза дайындагандан кийин өткөрүлөт.
Медициналык-криминалистикалык изилдөөлөр үчүн объекттерди алуу
234. РСМЭБ лабораториясында медициналык-криминалистикалык изилдөө жүргүзүү зарыл болгондо кийимди, органдарды, препараттарды жана өлүктөн алып чыккан бөтөн нерселерди өлүктүн экспертизасын дайындаган органга же адамга беришет.
235. Медициналык-криминалистикалык экспертизанын маселелерин эске алып, объекттерди алууну соттук-медициналык эксперт аутопсия жыйынтыктарын, тергөө маалыматтарды жана регламенттеген, методикалык документтердин талаптарын жетекчиликке алып жүргүзөт.
236. Жабыркатуу жана башка издери менен кийимди бөлмөдөгү абанын температурасында кургатат, андан кийин ар бир буюмду өз алдынча таза кагазга ороп маркалайт. Чубурма заттардын түшө турган жери алдын ала таза кездеме же пленкалык материал менен тигет.
237. Мукул же курч курал менен жабыркаган жерлерден тери препараттарды тегерегиндеги жабыркабаган териден 2 см кем эмес алат, аларды картон койгучтарга фиксациялайт, кургатат (жаракат каналы болгондо тери препаратты тери алдындагы май клетчатка жана канал боюнча башка ткандар менен кесишет), координаттык маркалоону түшүрөт, таза пленкадан же кагаздан пакетке салат жана мөөр басып чаптайт.
238. Жабыркаган териде бөтөн нерселерди табуу үчүн (металл, октун кошумча факторлорун ж.б.) тери препаратты кесет жана үстү бузулбаган хромдолгон таза инструменттерди колдонуп тери алдындагы май клетчатканы кылдаттык менен алып таштайт. Тери препаратты белгиленген тартипте медициналык криминалистика бөлүмүнө (МКБ) алдын ала бөлмөдөгү температурада кургатып өткөрүп беришет. Ушуга окшоштуруп контролдоо катарында тери препаратты дененин симметриялуу жактарынан же жабыркоо болбогон жерден кесишет.
239. Сөөк жабыркоолору табылса, бүт сөөктү алат (узун түтүк сымал сөөктөрдү, кабыргаларды) же жабыркаган фрагментти жабыркоо четинен 5 см нары аралап алышат, хромдолгон инструмент менен жумшак ткандарды этияттык менен алып салат жана бөлмөдөгү аба температурасында кургатат. Объектти маркаланган калька же ак таза кагаз пакетке салат жана мөөр басып чаптайт.
240. Жабыркаган кемирчектерди жабыркоо четинен нарырак кесет, этияттап хромдолгон инструмент менен жумшак ткандарды алып салат. Объекттин аяктарына кесилиштин тараптарын жана тегиздиктерин белгилеп, биркалар тиркелет. Объекттерди консервациялык суюктукка (формалинсиз) же маркаланган таза ак кагаз же калька пакетке салышат жана полиэтилен пакетке оройт.
241. Идентификация маселелерин чечүүгө керектүү скелеттелген же күйүп кеткен өлүктөрдүн сөөк объекттерин кургаткандан кийин кагазга оройт жана фанера же картон кутучага салат, аны маркалайт жана мөөр басып чаптайт.
242. Өлүктүн органдары жана ткандары спектрографиялык изилдөө максатында алынышы мүмкүн:
1) жабыркаган жактарда металл жана башка химиялык элементтер болушун жана өлчөмүн аныктоо үчүн; адамдын органдарында, ткандарында жана суюктугунда - ууланууга шектенгенде;
2) сөөк калдыктарынын түркүмдүк таандыгын аныктоо үчүн, күлдө сөөк затынын болушу;
3) сырттан берилген органикалык уулуу заттарды аныктоо үчүн, анын ичинде таасири күчтүү дары заттарды;
4) жабыркаган жерлерде нефтепрдуктулар жана боек лак материалдардын издерин табуу үчүн;
5) ок атуу жана жарылма заттарды айкындоо үчүн.
243. Бузулбаган хромдолгон сырты бар таза жуулган медициналык инструмент менен алдын ала метанол менен иштетип чыгып алынган объекттерди (5-10 гр) кургатат, ар бир объектти калька же таза ак кагаз пакетке өз алдынча оройт жана маркалайт. 96% этанолдо айнек идиште ушул эле спирттин үлгүсүн контролдук изилдөөгө жиберүү менен фиксациялоого болот. Өлүктү же анын бөлүктөрүн өрттөгөн жерде жыгач же пластмасс күрөкчө менен ошол жердеги ар кайсы участкалардан ар бири 50 гр күлдүн 4 сынагын алышат. Сынактарды маркаланган өз алдынча кагаз пакеттерге салышат. Өлүктү өрттөгөндө колдонулган күйүүчү майдын 100 гр кем эмесин алуу керек.
244. Контролдук үлгүлөрдүн болушу спектрографиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөндө милдеттүү шарт болуп саналат. Контролдоо үчүн жабыркоонун четинен бир аз аралыкта ошол эле ткандан (органдан же дененин тескери жагындагы окшош жеринен) кесимди алышат.
245. Объект менен жөнөтмөнү ороп салуу үчүн фанералык же картондук коробка колдонсо болот. Химиялык реактив, фотоматериалдар, металл буюмдар ж.б. салынган тараны колдонууга катуу тыюу салынат. Жөнөтмөлөрдү механикалык жабыркатуудан сактагандай кылып таңгактайт.
Микробиологиялык (вирусологиялык) изилдөө үчүн объекттерди алуу
246. Микробиологиялык (вирусологиялык) изилдөө инфекциялык оорулардан же бактериялык азыктык уулануудан өлгөндүгүнө шектенгенде жүргүзүлөт.
247. Объекттерди изилдөөгө алууну өлүм болгондон кийин биринчи 24 сааттын ичинде жүргүзүү керек. Кеч мөөнөттө дурус жыйынтыктарды алуу мүмкүндүгү төмөндөйт.
248. Материал алууну санэпидкөзөмөлдүн бактериологиялык лабораториясынын адиси жүргүзөт, ал жок болсо гана - соттук медициналык эксперт.
249. Алуу үчүн стерилдүү инструменттерди, предметтик айнектерди жана идишти колдонот, аларды этанол менен жууйт жана күйгүзөт. Изилдөө үчүн объекттерди өлүктү ачып сойгондо айкындалган морфологиялык өзгөрүүлөр жана оорунун клиникалык симптомдоруна негизделген болжолдуу диагнозго жараша алышат.
250. Өлүктүн канын мээни алганга чейин жүрөктөн алып чыгат. Тулку бойдун алдыңкы жагынын ортодон кесилишин жүргүзүү жана тери-булчуңдарын алып салуу үчүн марля менен чыланган этанол менен төш үстүн сүртөт жана ысытылган шпатель менен күйгүзөт. Төш менен перикардды экиге кесип бөлөт. Шпатель менен оң карынчанын алдыңкы жагын күйгүзөт жана анын көңдөйүнө стерилдүү пипетканын аягын же шприцтин ийнесин киргизет. 5-10 мл кан сордуруп алат. Эгерде жүрөк көңдөйүндө кан уюса же жок болсо, аны ошол эле шарттарды сактап бош, көк күрөө жана сандын кан тамырынан алат.
251. Ички органдардын кесимдерин алууну алардын үстүн ысытылган шпатель менен күйгүзгөндөн кийин жүргүзөт.
252. Өпкө, боор, мээ жана башка органдардын кесимдерин 1х1х2 см өлчөмдө кесишет. Өпкө кесимдерди тамыр жагынан жана ар бир үлүштүн орто ченинен кесишет (гипостатикалык участкалардан кесимдерди алууга болбойт). Боор кесимдерди ар бир үлүштөн кесип алышат. Өт баштыкчаны лигатура салгандан кийин толугу менен алып чыгат.
253. Ичегилердин ичиндегисин изилдөө үчүн ичке ичегинин 2-3 кесимин узундугу 15-20 см алып чыгат, алдын ала ага эки лигатура салат, алардын ортосунан кесет.
254. Мээ кесимдерди баш көңдөйдөн алып чыкканга чейин кесип алат. Ал үчүн катуу мээ кабыкчасын күйгүзөт жана аны кескенден кийин мээ үстүн күйгүзөт.
255. Органдардын мазокторун жана тактарын даярдайт. Дем алуу жолдордун ичиндегисинин мазокторун (алкымдын, кекиртектин, трахеянын, бронхтордун артыңкы капталынан), патологиялык процесске шектенген жерлерде, өпкөдөгү кесилиштердин үстүнөн жана былжырлуу кабыкчалардан тактарды кылуу керек. Ортоңку кулактын көңдөйүнөн чыккан нерсе болсо, анын да мазокторун кылат. Мазокторду жана тактарды ысытуу менен фиксациялант же булгануу менен чымындардан коруп, бөлмөдөгү аба температурасында кургатат (фен менен жакшы болот). Вирусологиялык изилдөө үчүн флюоресценттик антителдер методу менен трахеянын, бронхтун былжырлуу кабыкчасы жана өпкөнүн кесилишинин үстүнөн мазок-тактарды 4 град. Цельсияга чейин муздатылган 96% этанол абада кургаткандан кийин фиксациялайт.
256. Алынган материал стерилдүү банкага же пробиркага салынат, тыгын менен оозун жабат, маркалайт жана кылдаттык менен оройт. Фиксациялык суюктук катары глицериндин 25% суу эритмеси гана колдонулушу мүмкүн (ичеги түйүндөрүн фиксациялабайт жана муздаткычта сактайт). Материалды бактериологиялык лабораторияга жибергенде айнек идишти сындырбагандай кылып этияттык чаралар көрүлөт.
257. Өтө кооптуу инфекцияга шектенгенде материалды өтө кылдаттык менен оройт. Айнек идишти металлдык пеналга салат, аны мөөр басып чаптайт жана атайын бөлүп берилген транспорт менен өтө кооптуу инфекциялар лабораториясына ташып барат.
258. Ар кандай инфекциялык ооруларда изилдөөгө төмөнкү объекттерди алуу керек:
1) актиномикоз, бластомикоз жана башка диссеминирленген микоздор ириң, жабыркаган жеринен ткандардын кесимдери, өпкө жана башка органдар жабыркоо мүнөзүнө жараша;
2) кутурма - мээ (аммондун мүйүзү, узартылган мээ);
3) бруцеллез - кан, заара, ички органдар (өзгөчө боор менен көк боор), какырык, ириң, жабыркаган ткандарда жана органдарда экссудаттар; аялдарда - кошумчалап эмчектерин;
4) ич келте, паратифтер - жүрөктөн кан, боор, өт, көк боор, өпкө, бөйрөк, мээ, ичегинин лимфа түйүндөрү, жоон жана ичке ичегинин ичиндегиси;
5) кайталанма келте, безгек, лептоспироз - кан, ички органдар (өзгөчө көк боор, боор, мээ), жүлүн суюктугу, заара (лептоспирозах);
6) газдык гангрена - жаракаттан, жабыркаган ткандан жана органдардан ткандардын кесимдери, аппендикс, перитонеалдык суюктук, жатын моюнчанын секрети, өпкө, кан (клиникалык көрүнүшүнө жараша, ошондой эле бөтөн нерселер (кесимдер, травма куралы, кийимдер)) табылган учурларда;
7) герпес кадимки - мээ, боор;
8) гонококктук инфекция - уретранын, кындын, жатын моюнчанын, көтөн чучуктун, эркектин урук безинин бөлүнүп чыкканы, муундардын, сезгенген карын жана чыккан нерселердин экссудаттары;
9) сасык тумоо жана башка респиратордук топтогу вирустук инфекцияларда - трахея, чоң бронхтор, өпкө кесимдери; мазоктор - трахея, бронхтор, өпкөнүн кесилишинин үстүлөрүнүн былжырлуу кабыкчалар үстүнөн тактар;
10) дизентерия - жоон ичегинин ылдыйкы бөлүмдөрүнүн ичиндегиси, кан, заара, мезентериалдык бездер, боор, көк боор;
11) дифтерия, Венсенн ангинасы - теринин былжырлуу кабыкчасынын жабыркаган участкаларынан (алкым, мурун, жыныс органдары, көз) чыккан нерселер жана кабыкча, тери, кан;
12) көк жөтөл - өпкө, кеңилжээр былжыры;
13) лейшманиоз (ички) - сөөк чучугу, көк боор, боор, кан;
14) листериоз - мээ, боор, көк боор;
15) менингококктук инфекциялар - жүлүн суюктук, мээ кабыкчасы, кан, алкымдан былжыр, ткандык суюктук, ириң;
16) орнитоз - пневмониялык очоктордон өпкө кесимдери, көк боор, плевралык көңдөйдөн экссудат;
17) чечек - былжырлуу кабыкчалардан теринин кесимдери бүртүкчөлөр, кабырчык жана кабыктар элементтери менен, жүрөктөн кан, боор;
18) пневмококктук инфекция, Фридлендердин капсулдук бактериялары менен инфекция, Афанасьев-Пфейфер гемофилдери менен инфекциялар - өпкө, кеңилжээр былжыры, какырык, кан, ириң, заара, жүлүн суюктук, плевралык жана башка экссудаттар;
19) полиомиелит - мээ (өзгөчө сүйрү мээ жана жүлүн), кан кеңилжээрден чыккан нерселер, жоон жана ичке ичегинин ичиндегиси.
20) сап - жараланган участкаларда теринин жана былжырлуу кабыкчанын кесимдери, лимфалык түйүндөр, абсцесс жеринен булчуң ткандын кесимдери, ички органдар, кан;
21) күйдүргү - теринин жана башка ткандардын жабыркаган участкалары, лимфалык түйүндөр, кан, экссудаттар, ички органдар, жүлүн суюктугу, кан;
22) көтөн жара - былжырлуу кабыкчалардын бөлүнүп чыккандары, жабыркаган жерден ткандын кесимдери, ички органдар, кан, жүлүн суюктугу;
23) стафилококктук, стрептококктук инфекциялар, көк ириңдүү таякча инфекциялар - ириң экссудат, кан, жабыркаган ткандардын жана органдардын участкалары, алкымдын былжырлуу кабыкчасынан кырылган нерселер, региондук лимфалык лимфа түйүндөр;
24) тырышма - ириң жабыркаган жерден ткандардын кесимдери, эски тырыктар, кан, боор, көк боор, травма куралынын кесимдери түрүндө бөтөн нерселер ж.б.;
25) бөртмө келте - кан, ички органдар, бүртүктөр элементтери менен тери кесимдери;
26) төмөнкүлөрдөн чыккан токсикоинфекциялар:
а) ичеги таякчасы - ичке ичеги ичиндегиси, жүрөктөн кан, боор, көк боор, өпкө, бөйрөк, ичегинин лимфалык түйүндөрү;
б) сальмонеллалар менен - паренхиматоздук органдар, жүрөктөн кан, карын жана ичке ичегинин ичиндегиси, ичегинин лимфалык түйүндөрү;
в) протей менен - жоон жана ичке ичегилер ичиндегиси;
г) стафилококк менен - ичке жана жоон ичегинин ичиндегиси;
д) Cl.реrfri№ge№s - ичке ичегинин ичиндегиси (200-300 мл), перитонеалдык суюктук, ичеги жана чечекей лимфа бездери;
е) Cl.botuli№um - боор, ичке ичегинин кесимдери, карын ичиндегиси, мээ, кан;
27) токсоплазмоз - мээ, боор, көк боор, өпкө, лимфа түйүндөр;
28) кургак учук - какырык, кекиртектен мазок, өпкө жана башка ички органдардан кесимдер (жабыркоо мүнөзүнө жараша), заара, жүлүн суюктук;
29) холера - ичке ичегинин узундугу 10-15 см үч кесимдер, өт баштыкча, региондук лимфа түйүндөр, боор, көк боор;
30) чума, туляремия - лимфа түйүндөр (бубондор), кан, ички органдар (өзгөчө өпкө, көк боор, боор). Алкымдан былжыр, какырык, жүлүн суюктугу, жабыркаган теринин кесимдери, сөөк чучугу;
31) энцефалиттер - мээ, жүлүн суюктугу, кан, перифериялык нервдер, ички органдар;
32) СПИД - жүрөк көңдөйүнөн кан.
Диатомдук планктонго изилдөө үчүн объекттерди алуу
259. Сууда чөккөндөн каза табуу фактыны далилдөө максатында диатомдук планктонго (альгологиялык анализ) материалды изилдөө суюктук үлгүлөрдүн белгиленген тизмегин, өлүктөн ткандар жана органдардын, көлмөдөн сууну, ошондой эле төмөнкү талаптарды аткарууну алдын ала караштырат:
1) үлгүлөрдү алууга арналган идишти алдын ала механикалык түрдө тазалайт, суу менен жууйт, хром аралашмасы менен иштеп чыгат (күкүрт кычкылдыкта эки хромдук кычкыл калийдин байытылган эритмеси менен), эки-үч жолу дистилляцияланган суу менен чайкайт жана кургатат. Даярдалган идишти водопровод суусу, булгануу жана чаңдан сактайт;
2) инструменттер таза жана алмашма болушу керек. Секциялык бычак тери сыртын кескенден кийин өлүктүн органдарын жана ткандарын кийинки кескени үчүн колдонулбайт. Бычактарды, ийнелерди жана шприцтерди жуучу каражаттын эритмеси менен жууйт, эки-үч жолу дистилляцияланган суу менен чайкайт. Ар бир моргдо зарылдыкка жараша колдонула турган тазалыгы кепилденген, алдын ала иштелип чыккан банкалар жана инструменттердин жылчыксыз жабылган комплекти болууга тийиш.
260. Изилдөө үчүн негизги объекттер болуп төмөнкү суюктуктар, ар кандай айкалышта өлүктөн органдар жана ткандар болушу мүмкүн:
- бөйрөк;
- жүрөктүн сол жарымынан кан (20 мл кем эмес) (же жүрөк көңдөйүнүн жуулма суулары);
- негизги сөөктүн көңдөйчөсүнөн суюктук;
- сан же ийин сөөктүн фрагменти сөөк чучугу менен (10-15 см).
Эскертүү:
Ар бир үлгүнү өз алдынча идишке салат жана капкак менен жабат.
Алган үлгүлөрдү суу менен жууганга катуу тыюу салынат.
261. Изилдөөлөр үчүн негизги милдеттүү объект болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чириген өзгөрүүлөр стадиясындагы өлүктү изилдегенде - 20 мл кем эмес өлчөмдөгү кан жүрөктүн сол карынчасынан;
2) чириген өзгөрүүлөр стадиясында өлүктү изилдегенде - ачылбаган бөйрөк байланган "буту" менен капсулада же негизги сөөк көңдөйчөсүнөн же сөөк чучугу менен түтүк сөөктүн фрагментинен суюктук;
262. Контролдук объект катарында көлмөдөн суунун үлгүлөрү (0,5 литр) (өлүктү тапкан жерден жана болжолдуу чөккөн жерден) ар кандай идиште алынат.
Эскертүү:
Суу үлгүлөрүн изилдөөгө алууну жана жеткирүүнү укук коргоо органдардын кызматкерлери жасашат. Диатомдук планктонго изилдөөгө алган үлгүлөрдү консервациялоого болбойт.