Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №33 токтому менен бекитилген |
1. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасы
2. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасын уюштуруу жана аткаруу техникасынын тартиби
3. Кандын соттук-медициналык экспертизасы
4. Сперманын соттук-медициналык экспертизасы
5. Шилекейдин соттук-медициналык экспертизасы
6. Тердин жана зааранын соттук-медициналык экспертизасы
7. Чачтын соттук-медициналык экспертизасы
8. Башка объекттердин соттук-медициналык экспертизасы
9. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасы
10. Балдардын талаш ата-тегинин экспертизасы (тууганчылыгын аныктоо)
11. Атайын бөлүк
12. Негизги түшүнүктөргө түшүндүрмө
1. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасы
1. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарына, жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга; методикалык көрсөтмөлөргө, ушул эрежелерге, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарына жана башка документтерине ылайык жүргүзүлөт.
2. Буюмдук далилдердин экспертизасынын максаты соттук медицина тармагындагы атайын билимдерди колдонуп, биологиялык объекттердин болушун, түрүн, тобун, жынысын жана башка белгилерин (кан, чыккан нерселер, чачтар, сөөктөр ж.б.) аныктоо болуп саналат.
3. Буюмдук далилдердин экспертизасы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык тергөөчүнүн, прокуратуранын токтомунун негизинде, ошондой эле соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт.
Буюмдук далилдердин экспертизасы менен катар соттук-биологиялык бөлүмдөрдө соттук-медициналык экспертиза борборунун башка бөлүмдөрүнүн соттук-медициналык эксперттери жиберген биологиялык объекттердин изилдөөсүн жүргүзөт.
4. Буюмдук далилдердин экспертизасын буюмдук далилдерди изилдөө тармагында алгачкы даярдыктан өткөн жана өзүнүн билимин системалуу түрдө жакшырткан штаттагы соттук-медициналык эксперттер гана жүргүзөт.
5. Тергөө органдардын токтому жана соттун аныктамасы боюнча аткарылган иштердин материалдары боюнча комиссиялык экспертизаларды өткөрүүдө эксперттик комиссиялардын мүчөлөрү катарында зарылдыкка жараша башка соттук-эксперттик, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын, адистери, жождордун, университеттердин, институттардын медициналык кафедраларынын профессордук-мугалимдик курамы катышуусу мүмкүн. Комиссиянын курамын соттук-медициналык экспертиза борборунун директору, же тергөөнү жүргүзгөн адам аныктайт.
6. Соттук-биологиялык бөлүмдөрдүн соттук-медициналык эксперттери адистер катары үлгүлөрдү жана буюмдук далилдерди табууга, бекитүүгө жана алууга катышат; алар өз компетенциясынын чегинде тергөө жана сот процессинин бардык стадияларында катышат; тергөө кызматкерлерди жана судьяларды өз дисциплинасы жаатында консультациялайт.
2. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасын уюштуруу жана аткаруу техникасынын тартиби
7. СМЭБ бөлүмдөрүнө түшкөн буюмдук далилдерди (токтом менен бирге) бөлүм башчы кабыл алат жана каттоого алат; айрым учурларда кабыл алууну соттук-биологиялык бөлүмдүн кезекчи эксперти жүргүзүшү мүмкүн.
Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасын өткөрүү үчүн төмөнкүлөр берилет:
1) Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасын дайындоо жөнүндө тергөө органдарынын токтому же иштин жагдайларын баяндаган соттун аныктамасы; чечиле турган суроолор так берилет; изилдөөгө жата турган предметтер саналып чыгат;
2) Конкреттүү экспертизаны аткаруу үчүн керектүү үлгүлөр (кан, чыккан нерселер, чачтар ж.б.);
3) Буюмдук далилдерди жана салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү, буюмдук далилдерди кургатылган, оролгон жана мөөр басып чапталган түрдө алуу чагылдырылган протоколдун көчүрмөсү;
4) экспертиза өткөрүүгө керектүү бардык документтердин көчүрмөлөрү (өлүктүн соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу же тирүү адамды күбөлөндүрүү; кайталанган же кошумча экспертиза дайындалган учурларда эксперттин алгачкы корутундусу; кылмыш иштин материалдары).
8. Керектүү материалдар берилбегенде, эксперт аларды сурап алууга милдеттүү (салыштырма изилдөө үчүн үлгүлөр, аларсыз экспертиза жүргүзүлбөйт). Тез бузулуучу объекттер түшкөндө гана же шектүү адам жок болсо, экспертиза издөө салууга керектүү маалыматтарды алуу максатында үлгүсүз жүргүзүлөт.
9. Экспертиза башталган күнү деп сурап алынган материалдын акыркысы түшкөн күн эсептелет, ал материалдар - ишке тиешелүү адамдардын буюмдук далилдери, кан үлгүлөрү, чачтар, чыккан нерселер ж.б.
10. Соттук-биологиялык бөлүмдүн башчысы буюмдук далилдерди жана аларга документтерди эксперт-аткаруучуга өткөрүп берет.
11. Соттук-биологиялык бөлүмдө милдеттүү түрдө төмөнкү журналдар жүргүзөт:
1) каттоо журналы, анда соттук-тергөө органдарга түшкөн бардык материалдар фиксацияланат;
2) мазокторду жана тампондорду каттоо журналы;
3) суюк канды каттоо журналы;
4) микро-донордук журналы;
5) жумуш журналы.
12. Аталган документтер Борбордо төмөнкү мезгилдин ичинде сакталат:
1) каттоо журналдары;
2) жумуш журналдары - 25 жыл;
3) эксперттердин корутундуларынын көчүрмөлөрү - 25 жыл;
4) микродонордукту эсепке алуу журналы - 3 жыл;
5) талап кылынбаган, экспертиза аткарылган буюмдук далилдер - 1 жыл;
6) талап кылынбаган, экспертиза аткарылбаган (үлгүсүз) буюмдук далилдер - 1 жыл;
7) өлүктөрдүн жана тирүү адамдардын кан үлгүлөрү - 1 жыл;
8) тампондор жана мазоктор - 3 жыл.
13. Экспертиза өткөргөндө ар бир эксперт жумуш жазууларды жүргүзөт, өзүнүн күндөгү аракеттерин белгилейт, атап айтканда:
1) изилденген издерге берилген объекттердеги номерлерди кылдат чагылдыруу;
2) тажрыйбалардын негизги параметрлери;
3) реагенттер жөнүндө маалыматтар (титр, аралаштыруу, спецификалуулук, жарактуулук мөөнөтү ж.б.);
4) реакцияга киргизилген контролдук материал жөнүндө маалыматтар.
Алган жыйынтыктар ар бир объект, предмет-алып жүрүүчү, үлгү боюнча атайын журналдарда (чачтардын экспертизасынан тышкары, анткени аны өз алдынча журналда сүрөттөйт) фиксациялайт. Бирдей жыйынтыктарды алган ар кандай объекттерди бириктирүүгө сунуштабайт.
14. Буюмдук далилдерди сүрөттөп бергенде эксперт алар салынган таңгактын абалын, басылмасын, мөөрүн жана күбөлөндүргөн кол тамгалар болушун текшерүүгө милдеттүү.
15. Таңгак бузулганда "Акт" түзүлөт, ага бөлүмдүн үч кызматкери кол коет. Окшош документти коштомо документте көрсөтүлгөн кайсы бир предмет же үлгү жок болсо да түзөт. Акттын бир экземпляры "Эксперттин корутундусуна" тиркелет.
16. Экспертиза аяктаганда буюмдук далилдер оролгон жана мөөр басып чапталган түрдө тергөөчүгө кайтарылат (кандын, чыккан нерселердин, чачтардын ж.б. үлгүлөрү менен бирге). Экспертизаны аткаруу боюнча талап кылынбаган буюмдук далилдер жөнүндө (ушул эрежелердин 12-пункту).
17. Буюмдук далилдер жана аларга документтер оозу жабылган жана мөөр басып чаптала турган шкафта же сейфте, тез бузулган объекттер муздаткычта сакталат.
18. Буюмдук далилдердин жана документтердин сактыгына жоопкерчиликти экспертиза жүргүзгөн эксперт тартат.
19. Конкреттүү экспертиза өткөрүү үчүн керектүү эксперттердин санын соттук-биологиялык бөлүм башчысы аныктайт. Татаал резонанстуу экспертизалар болгон учурда алгачкы соттук-биологиялык экспертизаны комиссиялык түрдө жүргүзөт.
20. Ошону менен бирге бир ставкага эксперт үч экспертизага чейин аткарышы мүмкүн.
Бир нече экспертизалар үстүндө иштеп жатканда ката кетирбес үчүн этияттык чаранын бардыгы көрүлүшү керек (жумуш журналын так жүргүзүү, объектти көңүл менен белгилөө).
21. Кайталанган экспертизада мурда изилденген буюмдук далилдер берилет жана бардык алгачкы изилдөөлөр, ошондон эле мурда колдонулбаган изилдөө методдору жүргүзүлөт. Кайталанган экспертизада объекттердин алгачкы белгилерин сактоо максатка ылайыктуу, кайталанган экспертизада алгачкы изилдөөнү жүргүзгөн эксперттин катышуусуна жол берилбейт.
22. Буюмдук далилдердин кошумча экспертизасында мурда жасалбаган изилдөөлөрдү гана жүргүзүү керек. Мындай экспертизаны эксперт-аткаруучу да, башка адис да жүргүзүшү мүмкүн.
23. Экспертиза жүргүзүп жана тергөө суроолоруна чечип, эксперт эксперттик демилге тартибинде жана өз компетенциясынын чегинде башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана токтомдо каралбаган, бирок эксперттин пикири боюнча иш үчүн маанилүү суроолорду чечүүгө укугу бар.
24. Экспертизаны туура жүргүзүүгө (методикалык сунуштарды так аткарууга ж.б.) жоопкерчиликти эксперт-аткаруучу тартат.
25. Буюмдук далилдердин экспертизасы төмөнкү иретте жүргүзүлөт:
1) документтер менен таанышуу;
2) таңгагын кароо жана аны сүрөттөө;
3) буюмдук далилдерди кароо жана сүрөттөө;
4) биологиялык объекттердин болушун аныктоо (буюмдук далилдерди сүрөттөөнүн жүрүшүндө жүргүзүлөт);
5) колдогу методикалар жана аныкталган объектилерге ылайык экспертиза өткөрүү планын түзүү;
6) тергөөчү же сот койгон суроолорду чечүү максатында объекттердин түркүмдүк, топтук, жыныстык таандыгын аныктоо;
7) эксперттик корутундуларды түзүү;
8) "Эксперттин корутундусун" тариздөө.
26. Түркүмүн, болушун, тобун, жынысын ж.б. аныктоо боюнча атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөндө объекттин сарптоосун изилдөөнүн толуктугун, ошондой эле аны менен кошумча же кайталанган аракеттерди жасоо мүмкүндүгүн камсыз кылгандай жүргүзөт. Өтө кичинекей объекттер менен экспертизалар, аларды толук жок кылмайынча тергөөдө коюлган суроолорду чечүү мүмкүн болбогон учурларда гана бул эреже колдонулбайт.
27. Суюк кан жана башка тез бузулган материалдар бөлүмгө түшкөндөн бир күн өткөрбөй изилдениши керек.
28. Объекттерди маркалоосу так болушу керек жана бир экспертизаны бардык редакциясында аткарганда өзгөрүлгүс болуп калат.
29. Ар бир изилдөөнү жүргүзөөр алдында жана анын түрүнө жараша колдонулган реактивдердин жана реагенттердин жарактуулугун (алардын спецификасын жана активдүүлүгүн) текшерет.
30. Буюмдук далилдердин экспертизасын "эксперттин корутундусу" менен тариздейт, анын каттоо журналындагы катталышына ылайык катар номери болот.
31. "Эксперттин корутундусунун" биринчи титулдук барагын аныкталган тартипте бекитилген бланкта тариздейт.
32. Андан кийин белгиленген тартипте тергөө суроолору, "Иштин жагдайлары", "Кан жана шилекей үлгүлөрү", "Буюмдук далилдердин сүрөттөмөсү", "Изилдөө", "Корутунду" болот.
33. "Иштин жагдайлары" бөлүгүндө каалаган формада кыскача токтомдо көрсөтүлгөн иштин маңызын баяндайт. Кайталанган экспертизаларда бул бөлүккө алгачкы корутундунун тыянактары камтылат, ошол экспертиза өткөрүлгөн мекемени, аны өткөргөн эксперттин аты-жөнүн, ошондой эле корутундунун номери жана жүргүзүү датасы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
34. Буюмдук далилдерди кароо жана сүрөттөө биологиялык издердин толук мүнөздөмөсүн көрсөтүп жүргүзүлүшү керек. Мында негизги принцип сакталышы керек - кийин тергөөнүн же соттун ар этабында ошол предметти таанылышы, башкача айтканда фактураны, негизги өлчөмдөрдү, айырмалай турган деталдар, түсү, эскиргени, жабыркаганы, булганышы ж.б. кылдат көрсөтүлөт. Биологиялык издерди сүрөттөөгө өзгөчө талаптар коюлат: милдеттүү түрдө издин локализациясын, анын түсүн, формасын, контурларын, сиңүү даражасын, тыгыздалганын, өлчөмүн, өзгөчөлүгүн белгилейт. Жок кылууга аракет жасалган издерди өтө кылдаттык менен сүрөттөйт, тигилген жерди сөөгүн, кылмыш куралды (куралдарды) чачып салууну ж.б. караштырат. Эксперт буюмдук далилдер менен бирге салыштырууга көрсөтүлгөн үлгүлөрдү, ошондой эле тергөөчүнүн көзүнчө бөлүмгө алынган үлгүлөрдү кылдат сүрөттөөгө милдеттүү.
35. Корутундунун изилдөөчүлүк бөлүгү изилдөөнүн тиешелүү таблицаларында жайгаштырылат, же баяндоо формасында берилет.
36. "Корутунду" бөлүктө башында адамдардын топтук мүнөздөмөсү боюнча маалыматтарды, салыштырмалуу таанышууга көрсөтүлгөн кан үлгүлөр жана чыккан нерселер берилет; андан кийин экспертизага жиберилген объекттердин изилдөө жыйынтыктарын санап чыгуу керек, андан кийин тергөө же сотту кызыктырган конкреттүү адамдан изилденип чыккан объекттер чыккандыгы (же чыкпагандыгы) тууралуу жалпы тыянакты чыгарат. Тыянактар болушунча кыска, илимий негизделген жана кабыл алууга жеткиликтүү формада берилет.
Мындай принцип буюмдук далилдердин экспертизасынын бардык түрүн өткөргөндө кынтыксыз аткарылыш керек.
37. Таризделген "Эксперттин корутундусу" буюмдук далилдер жана коштомо документ менен бирге (акыркыда корутунду номерин, иштен өтүп жаткан адамдардын аты-жөнү көрсөтүлөт, буюмдук далилдер саналып чыгат) экспертиза дайындаган тергөөчүгө өткөрүп берилет.
3. Кандын соттук-медициналык экспертизасы
38. Кан экспертизаларын өткөрүү планы жалпы принциптерге шайкеш келет: канга окшош издерди табуу; анын болушун, түрүн, тобун, жынысын жана регионго таандыгын аныктоо.
39. Канга окшош издерди табууну УФЛ (ультрафиолет лампасы) жарыгында жасалма жарык берип, күн жарыгында көрүп жүргүзөт; жуулган тактар болсо объекттерди гематопорфирин болушуна люминесцецттик микроскопияны колдонуп изилдөө керек.
40. Кандын болушун аныктай турган реакциялар гемоглобин жана анын туундуларын табууга негизделет, алар микро спектроскопия, ичке катмардуу хроматография, иммуноэлектрофорез, электрофорез, микролюминесценция сиңдирүү спектрин кийин айкындоо методдору менен жүргүзүлөт.
Аталган методдор тандоо методдору болуп саналат жана анын ар бирин эксперт өз ишинде колдонушу мүмкүн, мында бирок ар бир методдун сезгичтигин эске алуу керек. Эгерде башында сезгичтиги төмөн колдонулуп, терс реакция алынса, кийин сезгичтиги жогоруну милдеттүү түрдө колдонот жана ошондон кийин гана кан табылган жок деген тыянак чыгарууга мүмкүн.
Аткарууга милдеттүү болуп төмөнкүлөр саналат. Кан болушу тууралуу тыянак чыгаруу үчүн аталган методдордун колдонууда дурус жыйынтык берген каалаганын колдонсо болот, ал эми кан табылган жок деген тыянак үчүн - сезгичтиги күчөп барган ар кандай методдорду ирети менен колдонот.
Реакциянын терс жыйынтыгы кан жоктугу тууралуу тыянак чыгарууга негиз болбойт - мындай учурда эксперт анын табылбаганы жөнүндө фактыны гана айтууга укуктуу.
41. Түркүмдүк таандыкты анын болушун аныктагандан кийин гана белгилейт.
42. Кандын түрүн иммунологиялык методдор менен аныктайт: суюк чөйрөдө, агарада преципитация реакциясы, бет маңдайкы жана параллелдик-бет маңдайкы иммуноэлектрофорез ар кандай алып жүрүүчүдө, иммунофлюооресценция. Бир катар учурларда диагноз Ү-хроматин айкындалганда коюлушу мүмкүн.
Методиканы тандоо кан издеринин мүнөзү менен аныкталат.
43. Бөлүмгө түшкөн бардык сывороткаларды партиялап активдүүлүгүн жана спецификасын текшерет.
44. Түркүмдүк таандыгын аныктоо боюнча реакциясына милдеттүү түрдө адам белогун преципитациялаган сыворотканы жана экиден кем эмес башка сывороткаларды, аларды тандоо иштин жагдайлары менен мажбур кылынат.
45. Кандын издеринен алып чыккан менен бирге ошол буюмдардын таза участкаларынан да алып чыгышат (аларды каны бар алып чыгуулардын жыйынтыгы чыккандан кийин колдонот). Эгерде бул алып чыгуулар кайсы бир түркүмдүк сывороткалар менен терс реакция берсе, бул реагенттер менен контролдукту изилдөө максатка ылайык болбой калат.
46. Эгерде буюмдук далилдердеги кан адамдыкы болсо, кийинки этапта кандын топтук таандыгын генетикалык шартталган системалар - АВО, M№Ss, Р, резус Rh, Gm, Lewis, Нр ж.б. боюнча аныктайт, аларды колдонуу атайын сунуштар, каттар, илимий статьялар менен шартталат.
47. Адам каны жаныбарлардын каны менен аралашкан тактарда топтук касиеттерди аныктабайт.
48. Кандын топтук мүнөздөмөсүн билүүдөн иште өтүп жаткан адамдардын кан үлгүлөрүн изилдөө эртерээк өткөрүлүшү керек. Үлгүлөрдү, мүмкүнчүлүккө жараша, суюк түрдө изилдейт, андан кийин гана марляда кургатылган так түрүндө бардык реакцияларга киргизет.
Жабырлануучу же шектүү адам жок болсо, үлгүлөрү катарында алардын көтөргөн буюмдарын изилдесе болот жана кандын тобун терди изилдөө жолу менен аныктайт. Өзгөчө учурларда үлгү катары өлүктөн чечип алынган кийимди изилдейт (бул иш-аракет экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо айтылат).
49. Иштен өтүп жаткан адамдардын кан үлгүлөрү соттук-биологиялык бөлүмдө же соттук-тергөө органдардын тапшырмасы боюнча оорукананын, абактагы ж.б. медициналык кызматкер кийин аны бөлүмгө жеткирүү менен алышы мүмкүн (ошону менен бирге суюк канды жана аны алганда даярдалган марлядагы такты жеткирет).
Өлүктөн суюк кандын үлгүсүн ачып сойгонду жүргүзгөн соттук-медициналык эксперт алат. Канды жүрөк көңдөйүнөн алган максатка ылайыктуу. Кайсы бир себептерден канды алууга мүмкүн болбосо үлгү катарында чачты, тырмакты, сөөктү, тишти, булчуңду, өттү алышат.
50. Өлтүрүү же зордуктоо тууралуу иштер боюнча суюк канды бөлүмгө бардык жеткирүү учурларында, ал канды токтом жок болсо да кийин бөлүштүрүү мүмкүндүгү максатында эң көп системалар боюнча изилдеп чыгышат.
Эгерде кан марлядагы так түрүндө түшсө, анын изилдөөсүн буюмдук далилдер менен бирге жүргүзөт. Эксперт үлгүлөр менен таанышууну эң маалымдуу жана жеткиликтүү системалардан баштайт, буюмдук далилдердеги объектилерди изилдөө үчүн ортосунда айырмачылыгы аныкталган үлгүлөрү бар системаларды тандайт.
51. Кандын болушу, анын түркүмдүк жана топтук мүнөздөмөсү жөнүндө суроону чечип, эксперт, зарыл болсо, кандан жынысты жана анын региондук чыккан жерин аныкташы керек, ал үчүн атайын методикаларды колдонушу мүмкүн.
52. Күмөндүн, ымыркайдын жана чоң адамдын канын дифференциаяциялоону электрофорездик жол менен, колориметриялык жана иммунологиялык методдор менен жүргүзөт.
53. Кан кош бойлуу аялга таандык экендигин гравидадиагностикумдун жардамы менен аныктайт.
54. Перифериялык жана менструациялык кандын дифференциациясын электрофоретикалык жана цитологиялык методдор менен жүргүзөт.
4. Сперманын соттук-медициналык экспертизасы
55. Жыныстык кылмыштар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдер менен таанышуу сперма тактарына окшош издерди издөөдөн башталат. Ал үчүн ачык табигый же жасалма жарыкта УФЛ (ультрафиолет лампасынын) жарыгында предметтерди кароо, картөшкө ширеси менен реакция кылуу жана бардык компоненттерди айкындап хроматография методу менен жетишет.
56. Сперма болушуна шектүү тактарда, анын болушун далилдүү методдор менен аныктайт. Эксперт тандаган ар метод дурус натыйжа бергенде сперманын болушу жөнүндө тыянак чыгарууга укук берет. Ошол эле мезгилде сперманын жоктугу тууралуу тыянак берүү үчүн методикалардын бүт болгон арсеналын колдонуу керек.
57. Оорулар болгондо (азооспермия, олигоспермия, некроспермия ж.б.) ката тыянакты чыгарбаш үчүн морфологиялык изденүүлөрдүн терс жыйынтыгы чыкканда башка методиканы колдонуу керек (атап кетсек, кычкыл фосатазаны ингибитор менен жана реакцияны картөшкө ширеси менен басуу).
58. Сперманын топтук таандыгын АВО системалары боюнча тиешелүү колдонмолордо сүрөттөлгөн айрым модификациялар менен кан тобун аныктаган метод менен аныктайт.
59. Иш боюнча өтүп жаткан шектүү адамдардын топтору бир болгондо издерди мүмкүндүү дифференциациялоо максатында сперма тактарында топту Gm системасы боюнча аныктаса болот.
60. Сперма изилдөө жыйынтыктарында эксперттик тыянактарды конкреттештирүү иммунофлюоресценцня колдонгондо мүмкүн, анын жардамы менен топтук спецификалуу антигендер түздөн түз сперматазоиддерде айкындалат.
61. Сперма тобун аныктоо алдында иш боюнча өткөн адамдардын кан жана чыккан нерселеринин үлгүлөрүн изилдеп чыгат. Мында алардын топтук мүнөздөмөсүн жана чыккан нерселердин категориясын аныктайт.
Чыккан нерселердин категориясын аныктоо үчүн эксперт буюмдук далилдердеги (биздин мисалда сперманы изилдеш керек) тактарда айкындаган чыккан нерсени изилдөөгө алат, анткени ар кайсы чыккан нерселерди изилдеп жатып, эксперт карама каршы жыйынтыктарды алышы ыктымал.
Өлүктөн "чыккан нерселер" категориясын анын өт жана заара үлгүлөрүн АВО системасы боюнча, же канды Lewis системасы боюнча изилдөө жолу менен аныктайт. Бир катар учурларда параллелдүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, алган жыйынтыктарды салыштыруу керек.
62. Буюмдук далилдерде сперма тактары менен, ошондой эле сперма же шилекей үлгүлөрү менен иштегенде бир реагентти колдонуу керек.
5. Шилекейдин соттук-медициналык экспертизасы
63. Буюмдук далилдер менен иштеп баштаганда эксперт шилекейге окшош тактарды табышы керек. Бул изилдөөнү ачык жарыкта, же УФЛ менен жүргүзөт.
64. Буюмдук далилдерди кароодо аныкталган тактарда шилекейдин болушун Барсегянц модификациясында Моллер иштеп чыккан реакция менен аныктайт.
65. Ооздо болуу белгиси бар тамеки калдыгында шилекей болушун башка изилдөөлөр түрүнө материалды үнөмдөө максатында аныкталбайт. Тамеки калдыкта топтук спецификалуу антигендерди айкындаганда натыйжалар даана чыкпай калган учурларда гана шилекей болушун аныктоо боюнча реакция жасоого туура келет.
66. Шилекейде топтук касиеттерди сперма тактарын аныктаган методикалар менен айкындайт. АВО системасы менен таанышат, айрым учурларда дифференциациялоо үчүн Gm системасынын антигендерин айкындоого туура келет.
67. Шилекей боюнча топтук спецификалуу антигендерди айкындоого багытталган реакцияларды жүргүзүү алдында, иш боюнча өтүп жаткан адамдардын чыгаруучу нерселер категориясын аныктоо боюнча милдеттүү ишти аткарышат. ("Сперманын соттук-медициналык экспертизасы" бөлүгүн карагыла).
68. Эгерде тергөөнү шилекейдин жыныстык таандыгы кызыктырса, эксперт бул суроону чечүү үчүн изилдөөнүн цитологиялык методдорун колдонот.
6. Тердин жана зааранын соттук-медициналык экспертизасы
69. Тердин болушун аныктоого так спецификалуу реакция болбогондуктан, анын изилдөөсүн төмөнкү учурларда жүргүзүү максатка ылайыктуу (ичке катмарда хроматография реакциясы же химиялык реакциялар менен).
1) Буюмдук далилдин белгилүү адамга таандыгын аныктаганда;
2) Бармак тактары менен таанышууда;
3) Предмет-алып жүрүүчүнүн сывороткага таасирин аныктоо.
70. Терди шеренкенин чийинде, тырмак алдында, тамеки калдыкта ж.б. изилдөөнү өтө көп спецификалуу эмес жыйынтыктар ыктымалдуу болгондуктан сунуштабайт.
71. Эгерде жагдайларга жараша эксперт тердин болушун кайсы бир көтөрмө буюмдардан айкындоого аргасыз болсо, мындай учурларда тердин болушу жөнүндө тыянакка бул такта шилекей же сперма жоктугун тастыктагандан кийин келет.
72. Узак кийип жүргөн буюмдарда (баш кийимдин бүктөлгөн жеринде, бүт кийимдин батегинде, байпактарда ж.б.) тердин болушу.
73. Тердин түрүн өтө сейрек өзгөчө учурларда гана аныктайт (кайсы бир жаныбардын тери болушунда). Ал үчүн каршы келген иммуноэлектрофорез методун колдонот.
74. Тердин топтук касиеттерин ар кандай модификацияда абсорбция-элюция методу менен аныктайт.
75. Аралаш тактарда (мисалы, кан жана тер) тердин тобу жөнүндө суроону чечүү үчүн материалды бутанолго экстракциялоону же бутанол метанол менен аралашмасын колдонот.
76. Шектүү тактарда зааранын болушун мочевина жана креатинин болушу боюнча аныктайт.
77. Зааранын түрү андагы белоктун жетиштүү өлчөмү болбогондуктан аныкталбайт (өзгөчө учурларда иммунофлюоресценция реакциясы менен аныкталышы мүмкүн).
78. АВО системасынын топтук спецификалуу антигендерин заарада ар кандай модификацияда абсорбция-элюция методу менен аныктайт;
79. Аралаш тактардын топтук спецификалуу касиеттерин өз алдынча тактар менен иштегенде колдонгон методикалар менен аныктайт.
7. Чачтын соттук-медициналык экспертизасы
80. Чачка окшош объекттерди тергөөчү көрсөтөт. Тергөөчү буюмдук далилдерди тандап алганда байкабай калган ушуга окшогон объекттерди эксперттин алууга жана бул аракеттерди корутундуга киргизүүгө укугу бар.
81. Чачтын болушун жана түрүн аныктоону изилденген объекттердин ар кандай морфологиялык белгилерин макро- жана микро изилдөө жолу менен жүргүзөт. Ошондой эле физикалык жана химиялык методдор колдонулат.
82. Ушул методдор менен чачтардын регионалдык табиятын аныктайт.
83. Тергөөчү берген чачтын (чачтар - далилдер) алар бир адамга таандык экендиги тууралуу суроону чечүү үчүн салыштырат.
84. Бир катар чачтарда же бөлүгүндө, бир чачта АВО системасынын топтук спецификалуу антигендерин айкындоо үчүн абсорбция-элюция реакциясын өткөрөт.
85. "Далил" чачтар менен топтук мүнөздөмөсү боюнча окшош конкреттүү адамдан үлгү катары алынган чачтар изилденет. Тобу боюнча окшош эмес үлгүлөрдү мындай изилдөөнүн максатка ылайык эместигинен улам жасабайт (чач-далил башка адамга таандык экендиги ушул этапта эле айкындалат).
86. Окуя болгон жерден жана үлгү болгон бир топтогу чачтардын салыштырма изилдөөсүн жүргүзөт.
87. Эгерде чачтар менен таанышуу процессинде эксперт бул чачтар жаныбарга таандык деген тыянакка келсе, ал андан ары ал жаныбардын түркүмү тууралуу суроону чечүүгө милдеттүү эмес, анткени бул эксперт-криминалисттин компетенциясына кирет. Эгерде эксперт чачы табылган жаныбардын түркүмдүк таандыгын билсе, ал бул суроону чечип коюуга укугу бар.
88. Чачтардын окшоштугу тууралуу суроону эксперт-криминалист чечет.
8. Башка объекттердин соттук-медициналык экспертизасы
89. Органдар, ткандар жана гистологиялык препараттардын кесимдерин изилдегенде, башында, эгерде алар окуя болгон жерден алынса, ошол кесимдердин белгилүү бир органга, тканга таандыгы жөнүндө суроону чечишет. Бул изилдөөнү эксперт-гистологдун жардамы менен жүргүзөт. Эгерде материал аныкталган болсо жана соттук-гистологиялык бөлүмгө кошумча изилдөөгө берилсе, мындай ишти жүргүзбөйт.
90. АВО системасынын топтук спецификалуу антигендерин аралаш агглютинация жана абсорбция-элюция реакциясы менен айкындайт, аларды болушунча көп материалды камтып параллелдүү колдонот. Бул ушуга окшогон объекттерде антигендердин бирдей эмес көрүнүшүнө байланыштуу.
91. Жиликтелген өлүктүн бөлүктөрүнүн топтук таандыгын аныктаганда же эксгумацияланган өлүктү изилдегенде тырмактар, сөөктөр, тиштер, чачтар изилдөөгө алынат. Сөөк фрагменттери, тырмак пластинкалары, тиштер менен иштегенде ар кандай модификацияда абсорбция-элюция реакциясын колдонот (бляшка, навеска, кесимдерди изилдейт) жана мындан ары бардык алынган жыйынтыктарды салыштырат.
92. Заңдын болушу даярдалган мазоктордун цитологиялык сүрөтү боюнча аныкталат (өз алдынча заңдын тобун аныктабайт).
93. Мурдагы болгон кош бойлуулукту эмчек безинин секретинин морфологиялык сүрөтү боюнча аныктаса болот, аны динамикада белгилүү убакыт аралыгында алышат.
94. Чириген булчуңдар менен иштегенде АВО системасынын топтук спецификалуу антигендерин айкындоого мүмкүн, бирок алдын ала изилдөө үчүн материал даярдоо боюнча атайын ишти жүргүзүү керек (формалин менен фиксациялоо ж.б.).
9. Буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизасы
95. Соттук-медициналык цитологиялык экспертизаны (изилдөөнү) соттук биология боюнча атайын даярдыгы бар жана билимин жакшыртуунун атайын циклдеринде жана семинарларда цитологиялык методиканы өздөштүргөн СМЭБдин/бөлүмдөрдүн соттук-биологиялык бөлүмдөрүнүн соттук-медициналык эксперттери жүргүзөт.
96. Соттук-цитологиялык экспертизалар (изилдөөлөр) объектилери болуп кан, чыккан нерселер (сперма, кын ичиндегиси, шилекей, тер), чачтар, органдар жана ткандардын кесимдери саналат.
97. Эксперт-цитологдун соттук биология боюнча даярдыгы болушу керек, демек, ал өз алдынча цитологиялык эмес, изилдөөлөрдүн комплексин аткарышы керек.
10. Балдардын талаш ата-тегинин экспертизасы (тууганчылыгын аныктоо)
98. Балдардын ата-теги талаш болгондо соттук-медициналык экспертиза өткөрүүнү СМЭБдин/бөлүмдөрдүн соттук-биологиялык бөлүмдөрүндө буюмдук далилдер экспертизасын өткөрүү боюнча бөлүктө берилген жоболордун негизинде жүргүзөт.
99. Ата-тегин аныктоо боюнча экспертизанын айрым өзгөчөлүктөрү бар:
1) экспертизанын максаты - арыз берген бир ата-энесинен же экөөнөн тең балалуу болуу мүмкүндүгү (же мүмкүн эместиги) жөнүндө суроону чечүү. Ал үчүн адам организминин касиеттеринин топтук полиморфизмин изилдейт жана андан кийин мурастык мыйзамдардын негизинде тиешелүү тыянак чыгарат;
2) туугандыгын аныктоо экспертизаларында канды алуу бардык кызыкдар адамдар бир убакта келгенде жана аларды тастыктаган документти көрсөткөндө жүргүзүлүшү керек;
3) айрым экспертизаларды жүргүзгөндө кээ бир системалар боюнча (M№Ss, Нр ж.б.) четке кагуу жөнүндө суроону чечүү үчүн чоң атасынын жана чоң апасынын, айрым учурда бир тууган эже же агасынын канын изилдөө керек болот;
4) кээ бир системалар балдарда 10 ай курагында гана калыптанат, ошондуктан биологиялык экспертизаны бала 1 жашка чыккандан кийин өткөрүү керек.
100. Тууганчылыгын аныктоо экспертизаны төмөнкү иретте өткөрүлөт:
1) Көрсөтүлгөн документтер менен таанышуу;
2) Экспертиза үстүндө иштөөнүн планын түзүү;
3) Изилдөөгө материал алуу;
4) Алган жыйынтыктарды баяндап берүү менен изилдөө;
5) Эксперттик тыянактарды түзүү;
6) "Эксперттин корутундусун" тариздөө.
101. Балдардын ата-теги талаш болгондо экспертизанын изилдөөлөр көлөмү ушул конкреттүү бөлүмдүн мүмкүндүктөрү менен аныкталат, анткени балдардын ата-теги талаш болгондо экспертиза өткөрүү негизинен эрежеден сырткары экспертиза болуп саналат.
11. Атайын бөлүк
102. Балдардын ата-теги талаштыгы экспертизасында кан жана шилекейди изилдөө процессинде иш боюнча өткөндөрдүн бардыгынын кан жана шилекейдин генетикалык шартталган системаларынын фенотиптерин аныктайт (айрым учурда - гаплотиптерди жана генотиптерди).
103. Эгерде экспертизага кызыкдар адамдардын бирөөсүнө кан куюу жүргүзүлгөндүгү аныкталган болсо, экспертизаны ошол кан куйган мезгилден тартып 6 айдан кийин өткөрөт.
104. Конкреттүү экспертизада колдонула турган реагенттердин спецификасын жана активдүүлүгүн айкындалган антигендер камтылган жана камтылбаган ушул максатта даярдалган үлгүлөрдү колдонуп күн мурун текшерет.
105. Аталыгын (энелигин) кийин четке кагуу үчүн негиз боло турган маалыматтарды алганда милдеттүү түрдө аталыкты четке каккан системанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек (начар касиеттердин, ж.б. болушу).
12. Негизги түшүнүктөргө түшүндүрмө
106. "Объект" деп кийин изилдене турган кайсы бир биологиялык субстрат изилденип жаткан предметте табылган изди (же бир нече издердин жыйындысын; же шарттуу түрдө айрым участкаларга бөлүнгөн чоң тактарды) түшүнөбүз.
Эч кандай биологиялык компоненттер айкындалбаган издер объекттер болуп белгиленбейт, бирок объекттер/изилдөөлөрдү эсепке алганда саналат.
107. Эсепке алуу бирдиги (эски түшүнүгү объект/изилдөө) - бул буюмдук далилдерде объект менен жүргүзүлгөн бардык изилдөөлөрдү санап чыгуу. Эсептеп чыгууну соттук медицинанын илим-изилдөө институтунда мурда иштелип чыккан унификациялык системага ылайык жүргүзөт. Анын негизги талаптары төмөнкүдөй:
1) кандын болушу - колдонулган методикалар боюнча (тактан кесилген боюнча эмес), б.а. эгерде бир методика менен кандын болушу аныкталбаса, кийинки колдонулат жана ал эки объект/изилдөө же эки бирдик катары эсепке алынат ж.б.;
2) кандын түрү - колдонулган методикалар боюнча (реакцияга киргизилген сывороткалардын өлчөмүн жана контролдугун эсепке албай);
3) кан тобу - АВО, эгерде сөз абсорбция-элюция жөнүндө болсо, объектте изилденген участкалардын саны эсепке алынат, башкача айтканда бир белгиленген объекттен изилдөөгө беш участка алынды, демек, 5 эсепке алуу бирдиги: андан ары эсепке алууга ошол объект менен кайталанган бардык изилдөөлөр киргизилет, эгерде алар изилдөө жыйынтыктарын тактоо үчүн талап кылынса. Сывороткалар жана контролдор эсепке алынбайт (эгерде, мисалы, кайталоолор бир гана сывороткага тиешелүү болсо, баары бир эсепке алуунун бирдиги болот). Ушул эле сан абсорбциясына таркалат, эгерде эксперттер объекттен альфа, бета жана а-Н үчүн үч жерден кесимди даярдашса - бул эсепке алуунун үч бирдиги, реакцияга киргизилген сывороткалардын санына карабай. Үстүңкү айнек реакциясында ар кандай коэффициенттерди колдонбос үчүн ушул реакциянын татаал эместигин эске алып, эсепке алууну белгиленген объекттер боюнча жүргүзүү максатка ылайык;
4) башка системалар боюнча кан тобу - эсепке алуу окшош, башкача айтканда изилденген участкалардын саны боюнча жана бардык кайталоо жана алардын модификациялары боюнча;
Изилдөөнүн ар түрү боюнча жаңы методикаларды киргизгенде экспертти ушул киргизүүгө кызыктыруу максатында коэффициенттерди киргизүү максатка ылайык; бул коэффициент бөлүмдө макулдашуу боюнча ар кандай болушу мүмкүн (бул иштелип чыккан методиканын татаалдыгына жараша болот);
5) чыккан нерселер тобу - кан менен иштегенде коюлган талаптардай, эгерде топтук таандык тууралуу сөз жүрсө;
6) сперманын болушу - көп учурда сперматозоиддерди концентрациялуу чыгаруу тууралуу сөз жүрөт, - эсепке алууну даярдалган алып чыгуулар саны боюнча жүргүзөт; эгерде эксперт фитоагглютинациялык метод менен иштесе, коэффициент 1:2 киргизилет; КФ ингибитор басымдоо реакциясы менен иштегенде - 153. Ушул изилдөөлөргө камтылган бирин-серин участкалар жөнүндө сөз болгон учурларда коэффициентти киргизүүнүн кажети жок экендигин билиш керек: - шилекейдин болушу - кесимдер (ченемдер) саны боюнча; - тердин болушу - негизинен, изилденген объекттер боюнча; - тырмак алдындагысы - тырмактын фрагменттери ар бир колунан бириктирүү керек, ар бир тырмакты өз алдынча изилдебей, жана эсепти тиешелүү түрдө жүргүзөт - эсепке алуунун 2 бирдиги;
7) чачтар - ар бир чачтын морфологиясы (далил жана үлгү) - эсепке алуунун 1 бирдиги; топтук таандыгы - реакцияга киргизилген ар бир тал чач - бул эсепке алуунун өз алдынча бирдиги, бирок эгерде тал чачтын бир нече участкасы изилденсе, алардын бардыгы эсепке алынышы керек. Салыштырма изилдөө - микроскопияны колдонуп салыштырган чачтардын саны.
Баяндалганы схема болуп саналат жана бөлүм башчы менен макулдашылат.
108. "Предмет" деген түшүнүк алдында иш боюнча өткөн адамдардан экспертизага берилген ар бир буюмду, ар бир кан үлгүсүн билет; чачтар далилдер алынган жери боюнча; чачтар-үлгүлөр - алган тармагы боюнча (баштан, чат дөмпөктөн, буттан, колдон ж.б.).
109. Эксперт-биологдун 1 ставкасына иш көлөмү бир нече көрсөткүчтөрдүн жыйындысынан куралат, негизге төмөнкү цифрларды алат: жылына - 48 экспертиза, 240 - предметтер, 1750 - эсепке алуу бирдиктери.