Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Соттук-химиялык экспертизалардын (изилдөөлөрдүн) максаты, маселелери жана объекттери
2. Соттук-химиялык экспертиза (изилдөө) өткөрүү үчүн негиздер
3. Буюмдук далилдер менен бирге жиберилген документтер
4. Соттук-химиялык экспертиза жүргүзгөн адамдар, алардын укуктары жана милдеттери
5. Соттук-медициналык экспертизалар үчүн бөлмө жана жабдуулар
6. Буюмдук далилдерди жана коштомо документтерди кабыл алуу жана сактоо
7. Соттук-химиялык экспертиза өткөрүү тартиби
8. Соттук-химиялык анализдин методологиясы
9. Соттук-химиялык экспертиза өткөрүүдөгү документтер
1. Соттук-химиялык экспертизалардын (изилдөөлөрдүн) максаты, маселелери жана объекттери
1. Соттук-химиялык экспертизаларды (изилдөөлөрдү) адам организминин органдарында жана биологиялык суюктуктарында, ошондой эле фармацевттик препараттарда уулуу, баңгилик жана таасири күчтүү заттарды, алардын өзгөрүлгөн продуктуларын чыгарып алуу, идентификациялоо, өлчөмүн табуу же жоктугун аныктоо максатында жүргүзүлөт. Соттук-химиялык анализдин маанилүү бөлүгү болуп алган жыйынтыктарды интерпретациялоо саналат.
2. Соттук-химиялык экспертиза маселелери:
1) өлүм себебин аныктоо үчүн токсикологиялык маанилүү заттарды белгилөө;
2) адам абалына таасир бере турган дары жана баңги заттарды идентификациялоо;
3) соттук медициналык жана соттук-тергөө практикасына мааниси бар биологиялык материалда же башка үлгүлөрдө баңги заттардын сапаттык жана сандык анализи;
4) кийинки интерпретациясы соттук-тергөө органдарына пайдалуу болушу мүмкүн анализдик жыйынтыктарды алуу үчүн соттук-химиялык экспертизага объекттерди туура тандоо, алуу жана объекттерди жиберүүгө чоң маани берилет.
2. Соттук-химиялык экспертиза (изилдөө) өткөрүү үчүн негиздер
3. Буюмдук далилдердин соттук-химиялык экспертизасын тергөө органдардын, прокуратуранын токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде жүргүзөт.
4. Адам өлүктөрүнүн биологиялык суюктугун, ткандарын, ички органдардын соттук-химиялык изилдөөсү соттук-медициналык эксперттердин кат аркылуу жолдомосу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Биологиялык суюктуктарды, адамдан чыккан нерселерди, баңги же башка каражаттарды керектөөгө байланыштуу ууланууга шектенгенде тери үстүнөн жууп алынгандарды соттук-химиялык изилдөө наркологиялык диспансер жана башка медициналык уюмдардын дарыгерлеринин жолдомосу боюнча жүргүзүлөт.
3. Буюмдук далилдер менен бирге жиберилген документтер
6. Буюмдук далилдер менен бирге төмөнкүлөрдү жиберет:
1) экспертиза дайындоо жөнүндө тергөөнүн токтому же соттун аныктамасы, анда иштин жагдайлары баяндалат, изилдөөгө жиберилген предметтер саналат жана чечилүүгө тийиш суроолор так коюлат;
2) алдын ала маалыматты, өлүктү изилдөөнүн негизги маалыматты камтыган жана изилдөө максатын көрсөткөн, соттук-медициналык эксперт кол койгон өлүктүн соттук-медициналык изилдөө актысынан көчүрмөнү;
3) медициналык мекеме күбөлөндүргөн стационардык бейтаптын картасынын көчүрмөсүн, эгерде жабырлануучу медициналык жардам алган болсо;
4) кайталанган экспертизада мөөр басып кол койгон "Алгачкы соттук-химиялык изилдөө актынын" ("Эксперттин корутундусунун") көчүрмөсүн жиберет.
Эскертүү:
Изилдөө объектиси менен бирге наркологиялык диспансерден сынак алууну жүргүзгөн жана объектти изилдөөгө жиберген адамдарды көрсөтүп, объектти алуу актысын жиберет. Эгерде керектүү материалдар жиберилбесе, алар талапка коюлушу керек, изилдөөнү жүргүзүү аларды алууга чейин токтотулуп турат (тез бөлүнчү токсикалуу заттарга анализдерден башкасын).
4. Соттук-химиялык экспертиза жүргүзгөн адамдар, алардын укуктары жана милдеттери
7. Соттук-химиялык экспертизаны токсикологиялык химия боюнча атайын даярдыктан өткөн, соттук-медициналык эксперт дарыгер - бөлүм башчы жана соттук-медициналык эксперт дарыгер кызматына белгиленген тартипте уруксат алган адамдар жүргүзөт.
8. Соттук-химиялык бөлүмдү квалификациялуу адис жетектейт, ал бөлүмдүн ишин татыктуу илимий-техникалык деңгээлде камсыз кылат, экспертизалардын аткарылышын жетектейт, бөлүмдөгү ишти контролдойт жана кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууну байкап турат. Бөлүм башчы соттук-химиялык бөлүмдүн кызматкерлерин инструкциялар жана сунуштар менен камсыз кылат.
9. Соттук-химиялык бөлүмдүн соттук-медициналык эксперттери өз теориялык деңгээлин жана кесиптик квалификациясын билимди жакшыртуу курстарында, ошондой эле атайын тематикалуу семинарларда 5 жылда бир жолудан кем эмес системалуу түрдө жогорулатып турушу керек.
10. Соттук-химиялык бөлүмдүн соттук-медициналык эксперттин милдетине төмөнкүлөр кирет:
1) буюмдук далилдерди жана аларга документтерди кабыл алуу;
2) буюмдук далилдердин экспертизасы катталышына контролдук кылуу;
3) соттук-химиялык экспертизаларды илим жана техниканын заманбап жетишкендиктер деңгээлинде жана белгиленген мөөнөттө өткөрүү;
4) буюмдук далилдердин сүрөттөмөсүнө, алардын таңгагына жана изилдөөсүнө тиешелүү жумуш журналында жазууларды калтыруу;
5) өз компетенциясынын чегинде объекттерди (буюмдук далилдерди) жиберген жана кылмыш ишин тергөөгө алган адамдар менен консультациялык ишти жүргүзүү;
6) буюмдук далилдердин жана коштомо документтердин "Соттук-химиялык изилдөө актыны" ("Эксперттин корутундусун") түзүү, басылган тексттерди текшерүү;
7) буюмдук далилдердин, изилдөө объекттердин жана экспертизага коштолгон документтердин сактыгын камсыз кылуу.
5. Соттук-медициналык экспертизалар үчүн бөлмө жана жабдуулар
11. Буюмдук далилдердин соттук-химиялык экспертизасын химиялык иштер үчүн атайын жабдылган, вентиляциялык орнотмосу менен сордургуч шкафтар, газ жана суу тартылган, жакшы кадимки жарыгы, жылуулугу, вентиляциясы бар, күч электр линиясы, жерге кетиргич контуру менен жабдылган бөлмөдө жүргүзөт. Лабораторияга бөтөн адамдар үчүн кирүүгө тыюу салынат.
12. Бөлмө санитардык нормаларга шайкеш келиши керек жана ишти заманбап илимий деңгээлде аткарууга көмөктөшүүсү керек. Бөлүмдө инфекцияланган жана токсикалуу материал менен иштөө үчүн бардык шарттар камсыз кылынышы керек. Соттук-химиялык бөлүм төмөнкүлөрдү камтыйт: адистерге, аппаратурага жана жабдууларга (анын ичинде муздаткыч орнотмолор, тоңдургуч камералар, центрифугалар ж.б.) лабораториялык орундар үчүн бөлмөлөр, адистердин кабинеттери, жуучу бөлмө, реактивдерди, химиялык идишти, архивди сактоого көмөкчү бөлмөлөр.
13. Соттук-химиялык бөлүмдүн бөлмөлөрүн жабдуулантканда коопсуздук техниканын шарттары эске алынышы керек.
14. Соттук-химиялык бөлүм обочолонгон болушу керек жана бөлүмдүн мөөрү басылып чапталат.
6. Буюмдук далилдерди жана коштомо документтерди кабыл алуу жана сактоо
15. Буюмдук далилдер (изилдөө объектилери) СМЭБдин соттук-химиялык бөлүмүнө түздөн түз түшөт.
16. Объекттерди туура тандоо, алуу жана жиберүү Өлүктүн материалын соттук-химиялык изилдөөгө алуу жана жиберүү эрежелеринде чагылдырган. Иштеп жаткан Эрежелерди бузуп жиберилген объекттер изилдөөгө алынбайт. Бул жобо башка шаардын мекемелеринен жиберилген буюмдук далилдерине таркабайт (материал бузулбас үчүн) жана алар кабыл алынат.
Биологиялык объекттерди соттук-химиялык изилдөөгө алуу, тариздөө жана жиберүү эрежелерин бузганда 2 экземплярда акт түзөт, анын бирин материалды изилдөөгө жиберген адамга беришет, экинчисин - бөлүмдө сактайт. Бөлүмгө кабыл алынган буюмдук далилдерди каттоодон өткөрөт, сүрөттөйт жана изилдөөгө алат.
17. Соттук-химиялык изилдөөгө жиберилген объекттер изилдөө өткөрүү үчүн жана кайталанган анализге жетиштүү өлчөмдө болушу керек.
18. Инфекциялык оорулары бар тирүү адамдарды жана инфекциялык өлүктөрдөн объекттерди соттук-химиялык изилдөөгө жибергенде этияттык чараларды сакташ үчүн контейнерлерде өзгөчө белгилер болушу керек, мисалы, "кургак учук", "сарык", "СПИД" ж.б.
19. Бөлүмгө түшкөн буюмдук далилдерди жана аларга документтерди каттоону бөлүмдүн каттоо журналында бекитилген форма боюнча жүргүзөт. Каттоо журналы номерленген барактары менен тигилет, мөөр басып чапталат; бөлүм башчы кол коет.
20. Буюмдук далилдерди кылдат кароого алат жана сүрөттөйт. Мында таңгактын, жазуунун, мөөрдүн мүнөзүн белгилейт. Жеткирилген буюмдук далилдердин жолдомодо (токтомдо) көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин текшерет.
21. Буюмдук далилдер соттук-химиялык изилдөөнүн башталышына чейин, анын жүрүшүндө жана ал аяктагандан кийин ошол объекттердин сактыгын камсыз кылган шартта болушу керек;
1) чирибей турган буюмдук далилдерди жабык жана мөөр басып чапталган металл шкафта сактайт;
2) чирий турган буюмдук далилдерди (ички органдар, биологиялык суюктуктар) муздаткычка же тоңдургуч камерага салынган жылчыксыз жабылган идиште сактайт, аларды иш бүткөндө мөөр басып чаптайт;
3) уулуу жана таасири күчтүү заттар болгон буюмдук далилдерди СМЭБдин соттук-медициналык лабораторияларында уулуу жана таасири күчтүү заттарды кабыл алуу, сактоо, колдонуу жана кое берүү эрежелерин аткарып сактайт.
Экспертиза аяктаганда чирибей турган буюмдук далилдерди "Эксперттик корутунду" менен бирге мөөр басылып чапталган түрдө аларды алууга укугу бар адам аркылуу кайтарылат же почта менен аларды жиберген мекемеге жиберет.
22. Чирий турган буюмдук далилдер (ички органдар, өлүктөрдүн бөлүктөрү, адам организминен чыккан нерселер ж.б.), эгерде аларды сот же тергөө органдарына кайтарып берүүгө ошол органдарда андан ары сактоо татаал болгондуктан мүмкүн болбосо, экспертиза аяктагандан кийин бир жыл ичинде соттук-химиялык бөлүмдөрдө сактоого калтырат (сактоо үчүн шарт болсо). Сактоого шарт жок болсо, изилдөө аяктагандан кийин бир айдын ичинде жок кылынат.
Эскертүү:
Чирүү процесстери өлүктүн материалында этанолду аныктоого таасир бергендиктен, этанолдун гана болушуна изилдөөгө түшкөн кан, заара жана ички органдар, эрежеден тышкары тартипте, изилдөө аяктагандан кийин 30 сутка өткөндө жок кылынат.
23. Айрым учурларда буюмдук далилдер соттук-медициналык эксперттин же соттук-тергөө органдардын кат түрүндө уруксаты менен аныкталган мөөнөттөн эрте жок кылынышы мүмкүн.
24. Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин буюмдук далилдерди жана башка объекттерди "Соттук-медициналык лабораторияларда буюмдук далилдерди сактоо жана жок кылуу эрежелерине" ылайык жок кылынат.
25. Коштомо документтерди экспертиза аяктаганда архивде "Эксперттин корутундусунун" ("Актынын") көчүрмөсү менен бирге сактайт.
7. Соттук-химиялык экспертиза өткөрүү тартиби
26. Буюмдук далилдердин соттук-химиялык экспертизасы айрым заттардын бөлүнүү жана учуу касиеттерин эске алып, алар түшкөн күндө башталышы керек (органикалык эриткичтер, кычкылдыктар, щелочтор, синил кычкылдыгы, атропин, кокаин). Эгерде бул объективдүү себептерден мүмкүн болбосо, буюмдук далилдерди муздаткычта сактайт.
27. Соттук-химиялык бөлүмгө түшкөн буюмдук далилдерди эксперт кылдаттык менен карайт жана жумуш журналында майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөйт.
28. Эксперт алган объекттердин коштомо документте алардын сүрөттөмөсү менен толук шайкештигин жана алардын таандыгын аныкташы керек.
29. Эксперт жүргүзүлгөн экспертиза боюнча бардык материалдарды кылдат изилдейт жана изилдөө планын түзөт.
30. Соттук-химиялык изилдөөнү (табуу, далилдеген методдорду колдонуу, санын аныктоо) жүргүзүү үчүн жиберилген буюмдук далилдердин (объекттердин) үчтөн эки бөлүгүн сарптайт жана үчтөн бир бөлүгүн, зарыл болуп калса, кайталанган анализге лабораторияда (архивде) сактайт.
31. Буюмдук далилдерди чектелүү өлчөмдө алганда, алар соттук-медициналык эксперт же соттук-тергөө органдарынын макулдугу боюнча толугу менен колдонулушу мүмкүн.
8. Соттук-химиялык анализдин методологиясы
32. Соттук-химиялык экспертизанын негизги маселеси затты бөлүп алуунун оптималдуу методун тандоо болуп саналат. Химиялык жана дары заттарды табуу жана идентификациялоо үчүн алдын ала методдор (түстүү реакциялар, ичке катмардуу хроматография, иммундук-ферменттик методдор) жана далилдеген-инструменттик (спектрофотометрия көрүнсө, УФ (ультрафиолеттик) - жана ИК (инфракызыл) - жактарында, атомдук-абсорбциялык спектрофотометрия, газ суюктук хроматография, жогорку натыйжалуу суюктук хроматография, хромато-масс спектрометрия) методдор бар.
УФ-спектрометрияны колдонгондо метаболиттердин жана башка булгаган соэкстрактивдик заттардын таасирнн жана методдун жетишсиз спецификасын эске алуу керек.
Газ жана суюктук хроматография колдонгондо үстүндөгү абсорбцияга байланыштуу каталарды азайтуу үчүн эриткичтерди буу менен кетиргенде, киргизүүнүн ар кандай техникасы менен шартталган дериватизация жана кайра өндүрүлбөстүккө байланыштуу ички стандарт методун колдонуу керек.
Ички стандарт анализге алынган зат менен физикалык-химиялык касиеттери боюнча окшоштугу болушу керек. Ички стандарттын хроматографиялык касиеттери анализденгеы зат менен элюирленген болушу керек жана башка болгон заттардан айырмаланып турушу зарыл. Мүмкүн болушунча анализденген заттын гомологун колдонуу керек, ал эрип, анализденген сынак менен бир калыпта аралашуусу керек.
33. Көп дары препараттар жана башка токсикологиялык маанилүү заттар организмде метаболизацияланат жана полярдык, конъюгирленген метаболитке айланат, алардын учуу касиети төмөн болгондуктан газохроматографиялык идентификацияга көп алдырбайт. Мындан тышкары, коньюгаттар кадимки экстракциялык методдор менен көп экстрацияланбайт, ошондуктан конъюгатты экстракция алдында кычкылдыктуу гидролиздин жардамы менен бузуу керек, андан кийин гана метаболиттерди экстракциялайт, термикалык стабилдүүлүктү жана алардын учуу касиетин көбөйтүү үчүн дериватизациялайт.
Бирок жогоруда аталган анализдик процедураларда (кычкылдыктык гидролиз, дериватизация, газохроматографиялык процессте термикалык кубулуулар ж.б.) айрым заттар өзгөрүлүшү мүмкүндүгүн эске алуу керек жана бул нативдик заттарды жана алардын метаболиттерин идентификациялоо үчүн кошумча белги болушу керек.
34. Изилдөө белгилүү кошундуга, заттар тобуна же белгисиз затка жалпы соттук-химиялык изилдөө схемасы боюнча коштомо документте коюлган суроолорго жараша жүргүзүлүшү мүмкүн.
35. Эгерде изилдөөнүн жүрүшүндө башка затка анализ жүргүзүү зарылдыгы пайда болсо, эксперт изилдөөнү кеңейтүүгө милдеттүү.
36. Изилдөө үчүн эксперт билген, колдонуу шарттары менен тааныш, колдонууда пайда болгон бардык каталарды эске ала турган методдорду жана процедураларды колдонушу керек. Методдун же процедуранын ар кандай өзгөрүүлөрү так документтелет, аларды өзгөртүүнүн себептери түшүндүрүлөт. Бардык өзгөрүүлөр бөлүм жетекчиси менен макулдашылат.
37. Бөлүмдө бардык колдонулган стандарттык методикалар үчүн иштелип чыккан сунуштар болушу керек. Бардык методикалар апробацияланышы керек. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин системасынын методикалык көрсөтмөлөрүн колдонуу милдеттүү болушу керек. Методикалардын ар кандай өзгөрүшү негиздүү жана жүйөлүү болушу керек.
38. Коюлган маселелерге жараша анализдин тиешелүү схемасы иштелип чыгат. Эгерде анализ бир ууну же заттар тобун табууга багышталса, атайын иштелип чыккан жеке методикалар колдонулат. Мүмкүн болушунча, экиден кем эмес көз карандысыз методдор колдонулушу керек, анын ар бири ар кандай физикалык же химиялык принциптерге ишенимдүү идентификациялоо үчүн негизделет. Эгерде атайын тапшырмасыз көп ууларды табуу же жокко чыгаруу талап кылынса ("белгисиз затка" анализдин жалпы жүрүшү), изилдөөнүн системалуу жүрүшү үчүн комплекстүү мамилени колдонуу, анын максаты токсикалуу заттарды табуу, аларды идентификациялоо жана сан өлчөмүн аныктоо болуп саналат. Ал үчүн скрининг-анализди ар кандай аналитикалык принциптерге негизделген тастыктоочу методдорду кийин колдонуу менен жүргүзүү керек. Ар бир методдун жыйынтыктарын тиешелүү маалыматтар менен салыштырат, бул шектүү заттарды чектөөгө жардам берет. Кайсы бир кошундуну тапкан учурда, аны ишенимдүү идентификациялоо үчүн болжолдуу токсикалуу заттын түп нуска заттын тийиштүү стандарты менен салыштырма анализин жүргүзүү керек же биологиялык материалга кошумчалоо методду колдонуу, же контролдук тажрыйбанын жыйынтыктарын эсепке алуу зарыл.
39. Ар бир соттук-химиялык изилдөөнү сан өлчөмдүк изилдөө катары жүргүзүү керек, иштин ар стадиясында ал ошого айланышы мүмкүн. Бардык сыноолор үчүн объекттерди дистилляттардын салмагы, саны боюнча алат; диализаттар, фильтраттар - көлөмү боюнча.
40. Сан өлчөмүн аныктоону мүмкүн болушунча бардык учурларда жана аныктоонун тиешелүү методдору болгондо жүргүзөт. Табылган заттардын саны объекттин кесимин анализге алган 100 г катыштырат жана салмак бирдигинде берилет.
41. Сан өлчөмүн аныктоонун бардык методдору анализге колдонула турган биологиялык матрицадан (кан, заара, органдардын ткандары) апробацияланышы керек, ага белгилүү сан өлчөмдөгү затты кошот жана анализдин ушул схемасы боюнча изилдейт. Мында табуу жана аныктоо чектерин, ар кандай концентрацияда абсолюттук чыгаруу, калибровкалык график үчүн аныкталуучу заттар болушунун диапазону (Ламберт-Бер мыйзамына баш ийгендиги), селективдүүлүгү, анализди кайталоо мүмкүндүгү. Табыла турган заттын так аныкталышын жогорулатуу үчүн ар бир объект үчүн экиден кем эмес аныктоолор өткөрүлөт.
42. Анализге колдонулчу реактивдердин химиялык тазалыгына ынануу керек, мында реактивдердин тазалыгына алар анализге колдонула турган болушунча көп сан өлчөмдө текшерилет жана соттук-химиялык изилдөөнүн жүрүшүндө колдонула турган методдор жана реакциялар менен ошол текшерүүнү жүргүзүлөт.
43. Экспертиза өткөрүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн методго да, аныкталчу затка да багышталган сапаттын ички лабораториялык жана тышкы контролдугун жүргүзүү сунушталат. Соттук-химиялык бөлүмдөр лицензияланышы (аттестацияланышы) керек.
9. Соттук-химиялык экспертиза өткөрүүдөгү документтер
44. Документтерди Жазык-процесстик мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иштеп жаткан буйруктарына ылайык тариздөө керек.
45. Ар бир эксперттин жумуш журналы болот, ага жүргүзүлгөн изилдөө боюнча бардык керектүү маалыматтар киргизилет.
46. Ар бир экспертиза боюнча "Эксперттин корутундусун" ("Соттук-химиялык изилдөө актын") 2 экземплярда тариздейт, анын бирисин экспертиза дайындаган адамга изилдөө бүткөндөн кийин берет, экинчисин бөлүмдүн архивинде сактайт. "Эксперттин корутундусуна" ("Соттук-химиялык изилдөө актыга") эксперт кол коет, тариздөө аяктаган күндү жана мөөрдү коет.
47. Ар бир "Эксперттин корутундусуна" ("Соттук-химиялык изилдөө актыга") коштомо документ тиркейт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: жиберилип жаткан "Эксперттин корутундусунун" ("Соттук-химиялык изилдөө актынын") номери, экспертиза өткөрүлгөн иш, жабырлануучунун (же каза тапкандын) аты-жөнү; мекемеге кайтарылып берилген буюмдук далилдер; бөлүмдө калган буюмдук далилдер; кайтарылган документтер барактардын саны жөнүндө белгиси менен. "Актка" коштомо документке РСМЭБ директору жана соттук-химиялык бөлүмдүн башчысы кол коет.
48. "Эксперттин корутундусу" ("Соттук-химиялык изилдөө акты"). Буюмдук далилдердин соттук-химиялык экспертизасын жүргүзгөндө прокуратуранын токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде "Эксперттин корутундусун" түзүшөт, ал эми соттук-медициналык эксперттердин жана башка адамдардын жолдомосу боюнча соттук-химиялык изилдөө жүргүзгөндө "Соттук-химиялык изилдөө актысын" тариздейт. Алар жумуш журналдын жазуулары, анализдин жыйынтыктары менен ар тараптан таанышуунун негизинде түзүлөт жана экспертиза дайындаган мекемеге (адамга) арналат, бул ошол документтердин маалыматтарынын толук болушун шарттайт.
"Эксперттин корутундусун" ("Соттук-химиялык изилдөө актын") белгилүү форма боюнча түзөт, ал төмөнкү бөлүктөрдөн турат: кириш бөлүгү. Буюмдук далилдердин (изилдөө объекттердин) сүрөттөмөсү, изилдөөчүлүк бөлүгү жана тыянактар (корутунду).
Кириш бөлүгүндө экспертизаны кайсы документтердин негизинде жүргүзгөндүгү; изилдөө жүргүзгөн бөлүм; эксперттин аты-жөнү, иш стажы, категориясы көрсөтүлөт; буюмдук далилдер (объекттер) саналып чыгат, каза тапкандын (жабырлануучунун) аты-жөнү көрсөтүлөт, изилдөө башталган жана аяктаган күндү белгилейт, чечилүүгө тийиш суроолор саналып чыгат. Андан кийин иштин жагдайларын баяндайт, алган документтерден маалыматтар келтирилет.
"Эксперттин корутундусуна" ("Соттук-химиялык изилдөө актысына") эксперт кол коет, мөөр, тариздөө аяктаган күнү коюлат.
Жашырындыкты камсыз кылуу үчүн этияттыктын бардык чаралары колдонулат. Ал үчүн бөлүмдө маалыматты жана документацияны ыйгарым укуктуу адамга гана берүү формасы иштелип чыккан.
49. Эксперттик ишти эсепке алууда бирдиктүү мамиле кылуу максатында СМЭ борборунун соттук-химиялык бөлүмдөрүндө толук анализге белгисиз заттардын соттук-химиялык изилдөөлөрүн кайра санап чыгуунун шарттуу коэффициенттери иштелип чыккан (шарттуу бирдиктер).
Белгисиз заттардын (порошокторду, суюктуктарды ж.б.) изилдөөлөрүн толук анализге кайра санап чыгуу фактылык кетирген убакыт боюнча бир толук анализге орто эсеп менен 35 жумуш саат кетирилээрин эсепке алып жүргүзүлөт. Бул параметрлер тиешелүү түрдө жана аныкталган тартипт
кайра каралып чыгышы мүмкүн.
50. РСМЭБ соттук-химиялык бөлүмүндө соттук-медициналык экспертинин дарыгер кызматын төмөнкүдөй эсептеп коет: 1 кызмат жылына ар бир 55 толук анализдерге.
Толук анализге белгисиз заттардын соттук-химиялык изилдөөлөрүн кайра санап чыгуу КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ (шарттуу бирдиктер)
┌──────────────────────────────────┬───────────────────────┬──────────┐
│ Изилдөө методу жана органдар │ Жыйынтыктар │ Эскертүү │
│ ├──────┬───────┬────────┤ │
│ │ + │ - │ Саны │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│1. Газ хроматографиясы (ДТП) │ │ │ │ │
│1.1. Алкоголь │ │ │ │ │
│1.1.1. Кан │ 0,04 │ 0,04 │ │ │
│1.1.2. Заара │ 0,04 │ 0,04 │ │ │
│1.1.3. Булчуң │ 0,15 │ 0,15 │ │ │
│1.1.4. Дистиллят │ 0,04 │ 0,04 │ │ │
│1.1.5. Суюктук │ 0,04 │ 0,04 │ │ │
│1.2. Көмүртек кычкылдуу │ 0,10 │ 0,10 │ │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│2. Газ хроматографиясы (ДИП) │ │ │ │ │
│2.1. Учуучу │ 0,15 │ 0,08 │ 0,20 │ │
│2.2. Дары │ 0,30 │ 0,20 │ 0,20 │ │
│2.3. Гликолдор │ 0,30 │ 0,20 │ 0,20 │ │
│2.4. Уксус кычкылдыгы │ 0,15 │ 0,08 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│3. Газ хроматографиясы (ДЭЗ) │ 0,30 │ 0,30 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│4. Газ хроматографиясы (ТИД) │ 0,30 │ 0,30 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│5. ВЭЖX │ 0,30 │ 0,30 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│6. Хромато-масс спектрометрия │ 0,30 │ 0,30 │ │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│7. Перегонка │ │ │ │ │
│7.1. Алкоголь суррогаттары │ 0,40 │ 0,25 │ 0,20 │ │
│7.2. Уксус кычкылдыгы │ 0,30 │ 0,20 │ 0,20 │ │
│7.3. Гликолдор │ 0,20 │ 0,20 │ │ │
│7.4. Синил кычкылдыгы │ 0,40 │ 0,25 │ 0,20 │ │
│7.5. Фтор │ 0,60 │ 0,60 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│8. Дары заттарды обочолонтуу │ │ │ │ │
│8.1. Суу менен │ 0,40 │ 0,40 │ 0,20 │ │
│8.2. Спирт менен │ 0,40 │ 0,40 │ 0,20 │ │
│8.3. Ацетонитрил менен │ 0,40 │ 0,40 │ 0,20 │ │
│8.4. Башка органикалык эриткичтер │ 0,40 │ 0,40 │ 0,20 │ │
│менен │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│9. Биологиялык суюктуктан баңги │ 0,20 │ 0,20 │ 0,20 │ │
│заттарды обочолонтууу │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│10. Гидролиз │ │ │ │ │
│10.1. Ички органдар │ 0,30 │ 0,30 │ 0,20 │ │
│10.2. Алып чыгуулар │ 0,30 │ 0,30 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│11. Пестициддерди органикалык │ │ │ │ │
│эриткичтер менен обочолонтуу │ │ │ │ │
│11.1. Эфир менен │ 0,30 │ 0,30 │ 0,20 │ │
│11.2. Гексан менен │ 0,40 │ 0,40 │ 0,20 │ │
│11.3. Бензол менен │ 0,40 │ 0,40 │ 0,20 │ │
│11.4. Башка эриткичтер менен │ 0,30 │ 0,30 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│12. Спектрофотометрия │ │ │ │8, 9, 10, │
│12.1. УФ-тарабы жана көрүнүшү │ 0,05 │ 0,05 │ │11-п.п. │
│12.2. ИК-тарабы │ 0,20 │ 0,20 │ │бир │
│ │ │ │ │спектрдик │
│ │ │ │ │мүнөздөмө │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│13. Ичке катмардык хроматография │ │ │ │8, 9, 10, │
│13.1. Без элюирлөө │ 0,15 │ 0,10 │ │11-п.п. │
│13.2. Элюирлөө │ 0,05 │ │ │бир │
│ │ │ │ │пластинка │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│14. Реакция │ │ │ │8, 9, 10, │
│14.1. Микрокристаллдык │ 0,02 │ 0,02 │ │11-п.п. │
│14.2. Боектоо │ 0,02 │ 0,02 │ │бир │
│ │ │ │ │реакция │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│15. Деструкция │ 0,40 │ 0,40 │ 0,10 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│16. Минерализация │ 0,40 │ 0,40 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│17. Күлдөнүү │ 0,30 │ 0,30 │ 0,10 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│18. Диализ │ 0,40 │ 0,30 │ 0,20 │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│19. Спектрофотометриялык СОНв │ 0,15 │ 0,15 │ │ │
│аныктоо │ │ │ │ │
├──────────────────────────────────┼──────┼───────┼────────┼──────────┤
│20. Иммундук-ферменттик анализ │ 0,05 │ 0,05 │ │ │
├──────────────────────────────────┴──────┴───────┴────────┴──────────┤
│21. Башкалар (убакыт кетирүү боюнча) 1 п.а. = 25,5 с. │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘