Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Соттук-гистологиялык бөлүмдө ишти уюштуруу
3. Соттук-гистологиялык экспертизанын (изилдөөлөрдүн) жыйынтыктарын тариздөө
4. Соттук-гистологиялык бөлүмдө архивдик материалды сактоо, берүү жана жок кылуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик соттук-медициналык уюмдарында адамдын органдарынын жана ткандарынын микроскопиялык түзүмүн соттук-медициналык экспертизалоо (изилдөө) (мындан ары соттук-гистологиялык экспертиза деп аталат) өткөрүүнү жана уюштурууну регламенттейт.
Соттук-гистологиялык экспертизаны тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде өткөрөт, же ал өлүктүн соттук-медициналык экспертизасынын процесстик өз алдынча бөлүгү болуп саналат.
Өлүктүн соттук-медициналык изилдөөсүн аткарган соттук-медициналык эксперттин жолдомосунун негизинде соттук-гистологиялык изилдөө жүргүзүлөт (кызматтык милдеттерди аткаруу тартибинде).
2. Соттук-гистологиялык экспертизаларды (изилдөөлөрдү) оорулар же күч салып таасир берүү менен шартталган органдар жана ткандардагы патологиялык өзгөрүүлөрдүн болушун жана ага баа берүүнү аныктоо үчүн, жабыркоолордун тирүү кезинде болгондугун жана убактысын аныктоо, ошондой эле токтомдо (аныктамада) берилген жана эксперт-гистологдун атайын билимдер чегинен чыкпаган башка суроолорду чечүү максатында жүргүзүлөт. Аларга буюмдук далилдердин соттук-медициналык экспертизаларын (изилдөөлөрүн) өткөрүүнү регламенттеген ченемдик документтердин талаптары таралат.
3. Соттук-гистологиялык экспертизаны (изилдөөнү) соттук-медициналык экспертиза борборунун өлүктөрдүн соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн соттук-гистологиялык бөлүмүндө соттук-медициналык гистология боюнча даярдыгы бар соттук-медициналык эксперттер аткарат.
4. Соттук-гистологиялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтомду (аныктаманы) алгандан кийин соттук-эксперттик мекеменин жетекчиси же анын бөлүктөрү соттук-гистологиялык бөлүмдүн башчысы аркылуу аны өткөрүүнү конкреттүү экспертке тапшырат жана ага анын укуктары, соттук-медициналык эксперттин милдеттери жана жоопкерчилигин түшүндүрөт, бул тууралуу тил кат "Эксперттин корутундусунун" кириш бөлүгүнө киргизилет.
5. Биологиялык материалды лабораторияга жеткирүүнү соттук-гистологиялык экспертизаны дайындаган адам камсыз кылат. Эгерде соттук-гистологиялык экспертиза өлүктүн соттук-медициналык экспертизасынын курамдык бөлүгү, же соттук-гистологиялык изилдөө катары өткөрүлсө, керектүү объекттер, маалыматтар жана эксперттик тапшырманы өлүктүн экспертизасын өткөргөн эксперт жиберет, ал эми жеткирүүнү эксперттик мекеменин жетекчиси уюштурат.
6. Соттук-гистологиялык экспертизага түшкөн материал белгиленген тартипте катталат.
7. Соттук-гистологиялык экспертиза (изилдөө) өткөргөндө эксперттик изилдөөлөрдүн көлөмүн жана методикасын соттук-медициналык эксперт-гистолог же бөлүм башчы иштин максаттары жана маселелерине, эксперттик тыянактардын негиздүүлүк жана объективдүүлүк талаптарына жараша, ведомстволук ченемдерди, инструкциялык жана методикалык документтерди жетекчиликке алып аныктайт.
8. Өлүктүн материалын иштеп чыгууну жана ички органдардын жана ткандардын микропрепараттарын даярдоону гистологиялык техника боюнча атайын даярдыктан өткөн диплому бар лаборант (фельдшер-лаборант), соттук-медициналык эксперт-гистологдун контролдугу алдында жүргүзөт.
9. Соттук-гистологиялык экспертиза алгачкы, кошумча жана кайталанган болушу мүмкүн. Архивдик материалды кошумча же кайталанган экспертизага (изилдөөгө) жиберген учурда коштомо документте алгачкы изилдөөнүн номерин жана датасын көрсөтөт, же анын көчүрмөсүн тиркейт.
10. Соттук-гистологиялык экспертиза өткөрүү жөнүндө эксперттик мекеменин (бөлүктүн) жетекчисинин буйругун алып, соттук-медициналык эксперт-гистолог төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүн эксперт катары четке чыгаруу үчүн мыйзамдарда каралган негиздер болгондо бул тууралуу өзүнүн жетекчисине, же экспертиза дайындаган органга же адамга айтууга;
2) четке чыгарууга негиздер жок болгондо же ошол арызын орундатпай койгондо тапшырган экспертизаны өткөрүүгө;
3) коюлган маселелердин чегинде керектүү эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана негиздүү, объективдүү тыянактарды өз убагында тариздөөгө;
4) өлүктүн экспертизасында алынган жана соттук-гистологиялык экспертизага жиберилген органдардын жана ткандардын сактыгын камсыз кылууга.
11. Соттук-гистологиялык экспертиза өткөрүү процессинде соттук-медициналык эксперт-гистолог төмөнкүлөргө укуктуу:
1) экспертиза предметине тийиштүү иштин материалдары менен таанышууга, алардан зарыл маалыматтарды жазып алууга, көчүрмө кылууга;
2) диагноз коюуга жана корутунду чыгарууга керектүү кошумча материалдарды жана объекттерди көрсөтүүнү талап кылууга ("Эксперттин корутундусун" же "Өлүктү' соттук-медициналык изилдөө актын", тарых баянын, амбулаториялык картаны ж.б.). Өтүнүчтү орундатуудан баш тартканда соттук-медициналык эксперт-гистолог керектүү материалдардын жоктугу менен анын толук эместигин негиздеп, изилдөөнү ошол көлөмдө аякташы керек;
3) экспертиза өткөрүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга, өз жетекчисин же аны дайындаган адамга кат аркылуу билдирүү менен:
а) өзүн четке чыгуусу үчүн процесстик бекитилген негиздер болгондо;
б) экспертиза дайындоонун процесстик тартиби бузулганда;
в) коюлган суроолор эксперттин компетенция (атайын билимдер) чегинен чыкканда;
г) экспертиза (изилдөө) өткөрүүгө жана корутунду чыгарууга керектүү шарттар, методикалык колдонмолор жана жабдуулар жок болгондо;
д) демейдеги кесиптик тобокелдин чегинен чыккан эксперттин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч болгондо.
12. Ишти жүргүзгөн адамдын, же эксперттик мекеменин жетекчисинин аракеттерин, эгерде алар соттук-медициналык эксперттин укуктарын бузса, белгиленген тартипте даттанууга.
13. Соттук-медициналык эксперт-гистолог төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) соттук-гистологиялык экспертиза өткөрүүгө байланыштуу суроолор боюнча, аны дайындаган орган же адамдан башка кызыкдар адамдар, процесстин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
2) өлүктүн экспертизасынын, соттук-гистологиялык экспертизанын жыйынтыктарын жана ага белгилүү алдын ала тергөөнүн маалыматтарын жарыялоого;
3) соттук-гистологиялык экспертиза өткөрүүгө материалды өз алдынча чогултууга, өлүм жагдайларын аныктоого жана экспертиза дайындаган адамдын уруксаты жок маркумдун туугандарынан жана жакындарынан катамнездик маалымат алууга.
14. Соттук-медициналык экспертке соттук-гистологиялык экспертиза өткөрүүгө керектүү жабдууларды, материалдарды, маалымат каражаттарды көрсөтүү, өндүрүштүк санитарияга жана коопсуздук техникага шайкеш иш шарттарын камсыз кылуу, "Эксперттин корутундусун" аны дайындаган органга же адамга жиберүү эксперттик мекеменин (бөлүктүн) жетекчисине жүктөлөт.
15. Эксперттик мекеменин (бөлүктүн) жетекчиси экспертке изилдөөнүн жүрүшүн жана конкреттүү экспертиза боюнча тыянактын мазмунун чечмелеген көрсөтмөлөрдү берүүгө укугу жок.
2. Соттук-гистологиялык бөлүмдө ишти уюштуруу
16. Соттук-гистологиялык экспертизага (изилдөөгө) жиберилген материалды гистологиялык бөлүмгө фиксацияланган түрдө кабыл алат. Кесилген кесимдердин калыңдыгы 0,8 см ашык эмес, туурасы жана узуну ар кандай болушу мүмкүн (демейде 1х1 см же 1,5х2 см), алган кесим стандарттуу үстүнкү айнекке батышкандай болушу керек. Кесимдерди дароо фиксациялуу суюктукка салат.
17. Соттук-гистологиялык бөлүмдө төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1) түшкөн материалдарды жана документтерди каттоону;
2) объекттердин болушун коштомо документтеги тизмекте алардын көрсөтүлүшү менен салыштыруу;
3) препараттарды даярдоо;
4) аларды микроскопиялык изилдөө;
5) изилдөө жыйынтыктарын тариздөө.
18. Түшкөн материалдардын каттоосун улук лаборант же бөлүм башчы дайындаган башка адам "Гистологиялык бөлүмдө материалдарды жана документтерди каттоо журналында" жүргүзөт. Коштомо документте анын түшкөн күнүн, экспертизанын (изилдөөнүн) катар номерин, иштеп чыгуу методун жана соттук-гистологиялык изилдөөгө жиберилген материалда аныкталган дефектилерди белгилейт.
19. Секциялык материалды соттук-гистологиялык изилдөөгө негиздеп алганда органдар жана ткандардын түшкөн кесимдердин санын кыскартууга болбойт.
20. Материалды жиберүү алдында органдар жана ткандардын кесимдерин аккан сууга жууйт жана фильтрленген кагазга кургатат.
21. Гистологиялык препараттарды даярдоо үчүн куюунун парафиндик методун, ошондой эле кесимдерди тоңдуруу методун колдонот.
22. Кургаган объекттерди жиберүү алдында 2-3 сутка ичинде физиологиялык эритмеде 3% формалин эритмесинде чылоо сунушталат.
23. Органдардын жана ткандардын чирик же өлүктүн башка өзгөрүүлөрү соттук-гистологиялык экспертиза (изилдөө) өткөрүүдөн баш тартууга негиз болбойт.
24. Даярдалган гистологиялык препараттар төмөнкү талаптарга шайкеш келиши керек:
1) калыңдыгы 10-15 микрондон ашык эмес болот; бырыш жана айрылышы жок жакшы түзөтүлгөн болушу керек;
Эскертүү:
Сапаттуу кесинди алууга мүмкүн болбогондо ар кандай калыңдыктагы кесиндилерди жана алардын фрагменттерин даярдоого уруксат берилет.
2) кесиндилердин боелгону ар кандай түзүмдөрдүн дифференциациясын сактоо менен бирдей болушу керек;
3) кесиндилер жакшы ачылышы керек;
4) кесиндилерди бөтөн бүртүктөр, кристаллдар менен булганбашы керек, ошондой эле үстүнкү айнекке аба баштыкчалар киришине жол берилбейт.
25. Бир объекттен бир боек методикасы үчүн 1-2 кесинди даярдайт. Зарыл болсо кесиндилер саны көп болот, ырааттуу кесиндилер сериясына чейин.
26. Препараттарды даярдагандан кийин предметтик айнекте тушь же мом карандаш менен соттук-гистологиялык экспертизанын (изилдөөнүн) номерин жана гистологиялык препараттарды даярдаган жылды белгилейт.
27. Эксперт-гистолог толук кандуу гистологиялык изилдөө жүргүзүүнү кыйындаткан же мүмкүн кылбаган, аталган талаптарга шайкеш келбеген гистологиялык препараттарды алып, аларды лаборантка кайра жасоого кайтарып берет.
28. Соттук-гистологиялык практикада бардык учурларда кесиндилерди гематоксилин жана эозин менен боео милдеттүү. Зарыл учурларда төмөнкү боекторду колдонуу сунушталат:
- липиддерге;
- темир кычкылынын туздарын айкындоо (Перлс боюнча);
- кошунду тканга (Ван-Гизон боюнча, Зербино боюнча, Маллори);
- эластикалуу волокнолор (Вейгерт, Харт боюнча ж.б.);
- кардиомиоциттер "жабыркоолорун айкындоо үчүн (Рего, Ли, Зербино боюнча);
- амилоидге (Конго кызыл, генциандык фиолеттүү);
- гликогенге (Бесту, Шабадаш боюнча, реактив Шифф менен);
- нерв ткандын (Ниссль боюнча);
- гемоглобинурийлик пигменттерди айкындоо үчүн (Лепене боюнча);
- үстүнкү дем алуу жолдорунун былжырлуу кабыкчаларынын мазок-тактары (Павловский боюнча);
- ымыркайлардын өлүктөрүн экспертизалаганда өпкөнүн микроциркулятордук агымынын кан толушун аныктоо үчүн (Маллори боюнча);
- микробдорду аныктоо үчүн (метилен көк Лефлер, Грам-Вейгерт боюнча ж.б.).
29. Бир катар патологиялык абалдарды аныктоо үчүн соттук-гистологиялык практикада фазалык-контрасттык, люминесценттик, полярдык жарыкта изилдөөлөрдүн атайын методдорун колдонуу мүмкүн.
30. Органдын же ткандын (мазоктун) бир кесимин боектун бир методикасын колдонуп гистологиялык изилдөө бир гистологиялык объект-изилдөө болуп саналат. Ошол эле кесимден даярдалган препараттын ар бир кошумча боелгону, микроскопиянын ар бир атайын методун колдонуу (фазалык-контрасттык, люминисценттик, поляризациялуу жарыкта ж.б.), ошондой эле бир препараттын морфометриясы жана микрофотографиясы кошумча объект-изилдөө катары эсепке алынат.
31. Бөлүм башчыга жылдык иш жүгү 300 соттук-гистологиялык изилдөөлөрдү түзөт ("Эксперттин корутундулары"), эксперт-гистологдун бир ставкасы - 400 гистологиялык изилдөөлөр ("Эксперттин корутундусу").
32. Лаборант гистологдун жылдык иш жүгү эксперт-гистологдун жылдык иш жүгүнө шайкеш.
3. Соттук-гистологиялык экспертизанын (изилдөөлөрдүн) жыйынтыктарын тариздөө
33. Соттук-гистологиялык экспертизанын жыйынтыктарын "Эксперттин корутундусу" менен тариздейт, соттук-гистологиялык изилдөөлөрдү - "Соттук-гистологиялык изилдөө актылары" менен.
34. "Эксперттин корутундусу" кириш, изилдөөчүлүк бөлүгү, соттук-гистологиялык диагноз жана тыянактарды камтыйт.
35. "Корутундунун" кириш бөлүгүндө титулдук баракта соттук-гистологиялык экспертиза өткөрүү жерин, анын каттоо номерин, материалды ким жиберген, өлүктүн соттук-медициналык экспертизасынын датасын жана номерин; соттук-медициналык эксперт-гистологдун аты-жөнү, иш стажы, категориясы, илимий даражасы көрсөтүлөт; изилдөө объектилери саналып чыгат. Өлүктүн аты-жөнүн жана курагын, материал кимден жиберилген; соттук-медициналык диагноз, изилдөө максаты. Материалдын бөлүмгө түшкөн күнүн, соттук-гистологиялык экспертизанын башталган жана аяктаган күнүн белгилейт, ошондой эле корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же жалган корутунду бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин беренеси тууралуу айтылат, ал тууралуу соттук-медициналык эксперт-гистолог эскертилет, анын колу коюлат.
Мындан тышкары, кириш бөлүгүндө эксперттин чечүүсүнө коюлган суроолор саналып чыгат, кыска баяндалган иштин жагдайлары берилет, даярдоо методикалары көрсөтүлөт, атайын боектордун колдонулган түрлөрү жана изилдөөнүн кошумча методдору, изилденген гистологиялык препараттардын жалпы саны.
36. Изилдөөчүлүк бөлүгү "Гистологиялык препараттардын сүрөттөмөсү" деп аталат. Препараттарды органдар боюнча изилденген препараттардын жана алардын маркалоосун көрсөтүп сүрөттөйт. Маркаланган препараттардын топтук сүрөттөмөсү сунушталбайт. Ар бир органда кан айлануу абалын, стромдор, паренхималар белгиленет, аутоликалык жана башка өлүктүк өзгөрүүлөр чагылдырылат. Атайын боек жана изилдөөнүн кошумча методдорун колдонгон учурларда (люминисценттик, фазалык-контрасттык, поляризациялуу жарыкта ж.б.) алардын жардамы менен аныкталган өзгөрүүлөрдү чагылдырат.
37. Соттук-гистологиялык диагноз айкындалган микроскопиялык өзгөрүүлөрдү системага келтирет. Ал сүрөттөмө бөлүктөн келип чыгышы керек, илимий жактан негиздүү болуп патогенетикалык принцип боюнча курулат. Маалымат жетишпегенде диагноздун фотографиялык таризделиши колдонулат, анда системалуу иретте органда жана ткандарда табылган өзгөрүүлөрдү келтирет. Травмалык жана травмалык эмес генездеги органдардын жана ткандардын жабыркоолорунда реакциялык процесстердин көбүнчө локализациясын көрсөтүп, алардын мүнөзүн жана көрүнүү даражасын белгилейт.
38. Тыянактарда коюлган суроолорго аргументтелген жооптор камтылат. Тыянактарга эксперт кол коет: эксперттин койгон колу мекеменин мөөрү менен бекитилет.
39. "Соттук-гистологиялык актта" кириш, изилдөөчүлүк бөлүгү жана соттук-гистологиялык корутунду болот. Соттук-гистологиялык изилдөөлөрдү өткөргөндө (өлтүрүүгө шектенген учурларда, өндүрүштүк травмаларда, инфекциялык ооруларда, ымыркайлар чарчап калганда жана 30 жашка чейинки жаш адамдар каза тапканда, дарылоо мекемелерде өлгөндө) "Соттук-гистологиялык изилдөө актынын" кыскартылган тариздөө формасын колдонууга уруксат берилет, ал өзүнө кириш бөлүгүн жана кеңейтилген, сүрөттөмө элементтери бар соттук-гистологиялык диагнозду камтыйт.
40. Препараттарда өлүктү ачып сойгондо өтө жугуштуу же карантиндик оорулардын (бөртмө, ич, кайталанма келте, холера, чума ж.б.) белгилери табылганда соттук-гистологиялык бөлүмдүн башчысы же изилдөө жүргүзгөн эксперт-гистолог дароо бул тууралуу соттук-медициналык экспертиза борборунун директоруна жана өлүктү изилдеген соттук-медициналык экспертке билдирет.
41. "Эксперттин корутундусун" үч экземплярда тариздейт: анын экөөсүн соттук-медициналык экспертке жиберет, үчүнчүсүн тигет жана соттук-гистологиялык бөлүмдүн архивинде сактайт. "Соттук-гистологиялык изилдөө актысын" эки экземплярда тариздейт.
42. Айрым учурларда соттук-гистологиялык экспертиза (изилдөө) жыйынтыктарына препараттарды сүрөттөөнүн объективдүү далили катары микрофотографияларды тиркеген максатка ылайык, бул кайталанган соттук-медициналык экспертизаларда талаш суроолордун чечилишин жеңилдетет.
4. Соттук-гистологиялык бөлүмдө архивдик материалды сактоо, берүү жана жок кылуу тартиби
43. Гистологиялык архив соттук-гистологиялык бөлүмдө микропрепараттардан калыптанат. Архивдин сактыгына жоопкерчилик соттук-гистологиялык бөлүмдүн башчысына жүктөлөт.
44. Гистологиялык препараттар эки жылдын ичинде сакталат. Гистологиялык архивге зыян келтирип, ал андан ары сакталууга жараксыз болгондо тиешелүү акт түзүлөт.
45. Блоктогу объекттер, ошондой эле тоңдуруудан калган кесимдерди соттук-гистологиялык изилдөө аяктаганга чейин сактайт.
46. Ички органдардын жана ткандардын кесимдеринин нымдуу архивин моргдо 10% формалин эритмеде бир жыл ичинде сактайт.
47. Бөлүмдөн архивдик материалды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин берүүнү экспертиза (изилдөө) дайындаган адамдын, же эксперттик мекеменин жетекчиси же өлүктүн соттук-гистологиялык экспертиза бөлүм башчысынын бөлүм кат аркылуу талабы боюнча жүргүзүлөт, бул тууралуу "Гистологиялык бөлүмдө материалды жана документтерди каттоо журналында" жазуу калтырат. Материалды таңгакталган жана мөөр басып чапталган түрдө коштомо кат менен берет.
48. Каттоо "Журналы" жана "Эксперттин корутундусунун" жана "Соттук-гистологиялык изилдөө актылардын" көчүрмөлөрү соттук-гистологиялык бөлүмдө үч жыл ичинде сакталат. Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин аталган документтерди тил кат жазып соттук-медициналык экспертиза борборуна өткөрүп берет, ал жерде ал архивдик материал катары сакталат.
|
|