Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Атайын бөлүк
Жыныстык катнашка жөндөмдүүлүк экспертизасы
Тукум жаратуу жөндөмүн экспертизалоо рH аныктамасм (зарыл болсо)
Венерикалык оорулардын экспертизасы
Бачабаздык белгилерди аныктоо
Жыныстык катнаштын күч колдонуу жолу аркылуу болгондугун мүнөздөгөн белгилерди аныктоо (зордуктоодо шектүүнү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү)
1. Бул жоболор эркектердин жыныстык абалы туурасында соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежесин регламентациялайт, алар тергөөчүнүн, прокурордун, алгачкы тергөө же соттун аныктамасын жүзөгө ашыруучу адам тарабынан гана жүргүзүлөт.
Эскертүү:
Эгерде күтүлбөгөн чукул кырдаалдар учурунда ар кыл кырдаалдарга байланыштуу (окуя болгон райондун тергөө органдары же соттук мекемелерден алыстыгы ж.б.) экспертизанын иши тууралу өз учурунда токтом алууга мүмкүн болбосо, соттук-медициналык күбөлөндүрүү жабырлануучулардын, ошондой эле ата-энелеринин, бойго жете элек инсандардын өкүлдөрүнүн же тиешелүү кызмат адамынын арызынын негизинде ишке ашат.
Соттук-медициналык эксперт мындай күбөлөндүрүүнүн жүрүшү туурасында кечиктирбестен аймактык тергөө органдарына билдирүүсү зарыл.
Мындай учурларда эксперттин бүтүмү эмес, соттук-медициналык күбөлөндүрүү актысы түзүлөт.
2. Эркектердин жыныстык абалы туурасында соттук-медициналык экспертиза, Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасындагы экспертиза ишин регламенттөөчү ченемдик, инструктивдик жана методикалык документтер жана бул Эрежелер тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Эркектердин жыныстык абалы туурасында экспертизаны жүзөгө ашыруу атайы даярдыгы бар соттук-медициналык эксперт тарабынан аткарылат. Жыныстык активдүүлүктү, венерикалык оорулардын бар же жок экендигин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза, урология жана венерология тармагы боюнча атайы даярдыгы бар адис тарабынан ишке ашат. Атайы даярдыгы бар эксперт жок болуп калган учурларда экспертиза: соттук-медициналык эксперт жана уролог же венеролог догдуру тарабынан жүргүзүлөт (экспертиза ишинин мүнөзүнө жараша).
Эгерде зарыл болсо, экспертиза өткөрүүгө башка адистиктеги догдурлар да тартылышат.
4. Эреже катары, экспертиза күндүзгү, жарык, жылуу жайда өткөрүлүүсү керек. Ректалдуу изилдөөлөр бийик, катуу кушеткада өткөрүлөт.
Аялдарды текшерүү (эгерде мунун өзү эркектин жыныстык абалына экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болсо) гинекологиялык креслодо жүзөгө ашырылат.
5. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда, эксперт күбөлөндүрүлүүчүнүн ким экендигин паспорт же аны алмаштыра турган сүрөтү бар документ аркылуу аныктап алууга милдеттүү. Сүрөтү бар тиешелүү документи жок болсо, күбөлөндүрүлүүчүнүн ким экендиги аны экспертизага алып келген тергөө органынын өкүлү тарабынан тастыкталып, эксперттин бүтүмүнө тиешелүү белги коюлат. Эгерде, күбөлөндүрүлүүчүнүн ким экендигин тактоо мүмкүн болбосо, экспертизанын актысы менен бирге дубликатына чапталып коюла турчу бүтүмгө фотосүрөт тиркелет. 16 жашка жете электерди күбөлөндүрүү ата-энесинин, мугалимдеринин же алардын ордун алмаштыра ала турган бойго жеткен адамдардын катышуусунда (күбөлөндүрүлүүчү менен бир жыныстагы) өткөрүлүүсү абзел.
6. Болуп өткөн окуянын чоо-жайы иш материалдарын көрсөтүү же токтомго экспертиза өткөрүү мөөнөтүн белгилөө жолу аркылуу соттук-медициналык эксперттке билдирилүүсү зарыл. Айрым бир нерселердин чын-бышыгына жетүү үчүн соттук-медициналык мааниге ээ эксперт күбөлөндүрүүчүгө сурак жүргүзөт. Балдардын айтып берүүсү, мүмкүнчүлүгүнө жараша сөзмө сөз жазылат. Ал эми алынган маалыматтарды сын көз менен кароо керек.
7. Күбөлөндүрүлүүчүнү экспертизадан өткөрүп жатканда текшерүүдөн сырткары, талапка жооп берүүчү методго ээ адамдар тарабынан изилдөөнүн инструменталдык жана лабораториялык ыкмалары колдонулат. Лабораториялык изилдөөлөр экспертизанын составдык бөлүгү болуп, ал эми алардын жыйынтыгы эксперт берген суроого жооп берүү үчүн зарыл учурда, эксперт тергөөчүнүн катышуусу жок эле тиешелүү объектилерди (эрендик, мазок ж.б.) изилдөөгө жиберүүгө укуктуу.
Тукум жаратуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн алынган эрендик жана ошондой эле, сперматозоиддердин бар же жок экендигин текшерүү үчүн көтөн чучуктан алынган нерселерден даярдалган мазок соттук-медициналык эксперт тарабынан аткарылат, ал эми аларды текшерүү соттук-медициналык лабораториянын соттук-биологиялык бөлүмүндө жүргүзүлөт.
Гонококктордун, жыныстык трихомонадалардын бар же жок экендигин аныктап алуу үчүн күбөлөндүрүүчүлөрдү тери-венерологиялык мекемеге жөнөтүшөт.
8. Соттук-медициналык экспертизада венерикалык оору жуктуруу боюнча эркек менен катар эле аялдар дагы күбөлөндүрүүдөн өтүшөт. Соттук-медициналык эксперт баштапкы күбөлөндүрүүнү өткөргөн соң, толук текшерүүдөн өткөрүү үчүн күбөлөндүрүлүүчүлөрдү тери-венерологиялык мекемеге жөнөтөт. Атайы мекемелерде жүзөгө ашкан изилдөөлөрдүн жыйынтыгы, соттук-медициналык экспертке кат жүзүндө билдирилүүсү керек.
9. Окуя болгон учурда күбөлөндүрүүчү кийип жүргөн кийим-кече соттук-медициналык экспертизанын соттук-медициналык лабораториясындагы соттук-биологиялык бөлүмүндө текшерилүүдөн өткөрүлөт.
Кийим-кечени алып, текшерүүгө жөнөтүү тергөө органдарынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде кийим-кече өз учурунда алынбай ал эми аларда кандайдыр бир шектүү издер бар болсо, соттук-медициналык эксперт кийим-кечени алып, текшерүүгө жөнөтүү зарылчылыгы туурасында тергөөчүгө билдирүүсү зарыл.
10. Эркектердин жыныстык абалы туурасында ар бир соттук-медициналык экспертизага киришүү, баяндоо жана корутунду өңдүү 3 бөлүктөн турган "Эксперттин корутундусу" толтурулат.
11. "Эксперттин корутундусу" аталган бөлүктө (соттук-медициналык экспертизанын актысы) төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) түзүлгөн актынын катар номуру, сааты, күнү, айы жана экспертиза өткөрүлгөн жыл;
2) экспертиза өткөрүүнүн негизи;
3) экспертиза өткөрүү орду жана шарттары (негизинен жарык берүү жагы);
4) эксперттин аты-жөнү, атасынын аты, ээлеген кызматы, адистиги, эмгек стажы, квалификациялык категориясы, окумуштуулук даражасы;
5) экспертиза өткөрүлүп жатканда катышкандардын аты-жөнү, атасынын аты, ээлеген кызматы;
6) күбөлөндүрүлүүчүнүн аты-жөнү, атасынын аты, туулган жылы (жашы жете электер үчүн - туулган жылы, күнү, айы), үй бүлөлүк абалы, билими, кесиби, иштеген жери жана жашаган орду, көрсөткөн документинин номуру жана берилген убактысы, кайсы орган тарабынан берилгендиги - документ жок учурда адамга кепилдик берип жаткан адамдын фамилиясы жана ээлеген кызматы, күбөлөндүрүлүүчүнүн фотографиясы;
7) экспертиза өткөрүүнүн максаты жана аны чечүү үчүн коюлган суроолор;
8) иштин чоо-жайы:
а) күбөлөндүрүлүүчүнүн сөзүнө, ошондой эле экспертизанын жүрүшү жөнүндө токтом менен бирге тергөөнүн жүрүшүндөгү башка материалдарга негизделген кыскача маалыматтар. Эгерде күбөлөндүрүү маалында зарыл болгон материалдар жок болсо, соттук-медициналык эксперт аларды тергөөчү аркылуу талап кылууга укуктуу. Мындай шартта күбөлөндүрүү дароо жүзөгө ашырылып, ал эми эксперттин бүтүмү соттук-тергөө органдарына жөнөтүлөт. Материалдар ошол эле эксперт талап кылган учурларда кайрадан кайтарылат;
б) эгерде күбөлөндүрүлүүчү экспертизага чейин медициналык мекемелерге же кайсы бир адистерге кайрылган болсо, кайрылган күнү жана номуру көрсөтүлгөн медициналык документтер;
в) күбөлөндүрүлүүчүнүн арызы;
г) экспертизанын максатына жараша көрсөтүлө турчу атайын анамнез:
- башынан өткөргөн оорулары, мисалы: венерикалык, кургак учук, ичеги-карын, психикалык оорулар ж.б.;
- жыныстык жактан жетилүү, онанизм, жыныстык жашоосу;
- зыяндуу адаттары: тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, наркотик жана башка заттарды пайдалануу;
- кесипке байланышкан зыяндары.
Эскертүү:
Бул маалыматтар такталып, актынын баяндоо бөлүгүнүн толтурууда, эксперт күбөлөндүрүлүүчүнүн жаш курагын, экспертиза мүнөзүн эске алуу менен документке жалаң гана талапка ылайык маалыматтарды киргизет.
"Иштин жүрүшү" аталган киришүү бөлүгү түзүлүп бүткөн соң күбөлөндүрүлүүчү айтып берген маалымат мазмуну ага кайтадан окулуп берилет жана анын кол коюусу менен ырасталат. Ал эми мектеп жашына чейинки балдарга экспертиза жүргүзүлгөн чакта кол коюу баланы коштоп жүргөн адам тарабынан ишке ашат. Күбөлөндүрүлүүчүнү тергөө материалдары менен тааныштырууга эксперттин укугу жок.
12. "Эксперттин бүтүмү" аталган баяндоо бөлүгүндө эксперт тарабынан күбөлөндүрүү учурунда алынган объективдүү изилдөөлөргө тиешелүү маалыматтар берилет:
1) күбөлөндүрүлүүчүнүн жалпы физикалык абалы, ошондой эле, зарылчылыгына жараша антропометрикалык көрсөткүчтөрү;
Эскертүү:
Эгерде күбөлөндүрүлүүчүнүн психикалык абалы шек жаратса, эксперт соттук-психиатриялык экспертиза өткөрүү зарылчылыгы туурасында тергөө органдарына билдирүүсү зарыл.
2) экинчи жыныстык белгилердин болуусу;
3) сырткы жыныстык органдардын абалы;
4) көтөн чучук аймагынын абалы;
5) дененин, айрыкча жыныстык орган же көтөн чучук аймагынын жабырланышы;
6) өткөрүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы;
7) адистердин берген консультациялары.
13. Корутунду бөлүк өзүнө тергөө материалдарынын анализин камтыган ар бир конкреттүү окуялардын, экспертизанын чечүүсүнө коюлган маселелердин, ошондой эле медициналык документтер менен лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде түзүлөт.
Эгерде экспертизанын жүрүшүндө иш үчүн маанилүү деп саналган, бирок, мурда алар боюнча эч кандай маселелер көтөрүлбөй кала берген кырдаалдар чыга турган болсо, эксперт бүтүмүндө аларды көрсөтүүгө укуктуу.
Эгер зарылдыгы болсо, "Эксперттин бүтүмү" күбөлөндүрүлүүчүнүн денесиндеги жабыркаган жерлерди чагылдырган фото сүрөттөр менен иллюстрацияланышы зарыл.
"Эксперттин корутундусуна" соттук-медициналык эксперт тарабынан кол коюлат. Ал эми экспертизага комиссиянын мүчөсү катары башка адистер да катышкан болсо, бүтүмгө комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Эгерде консультация алып барып жүрүшкөн адис-догдурлар (проктолог, венеролог ж.б.) соттук-медициналык эксперттердин (тергөөчү же соттун эмес) суроосуна жазуу түрүндө жооп жөнөтүшсө, анда бул жооп соттук-медициналык экспертизанын бюросунда сактала турган актынын дубликатына кошо тиркелип коюлат. Эксперт алынган маалыматтарды талапка ылайык шилтемелери менен бирге өз бүтүмүнө (соттук-медициналык экспертиза актысында) пайдаланат; бүтүмгө жалгыз эксперт гана кол коет.
14. Эксперттин бүтүмү расписканын негизинде тергөө же сот органдарынын өкүлдөрүнө берилет же болбосо, почта аркылуу жөнөтүлөт. Эксперттин бүтүмү же күбөлөндүрүүнүн өтүшү туурасында маалымдама, тергөө жана сот органдарынын өкүлдөрүнөн сырткары башка адамдардын колуна берүүгө тыюу салынат. Күбөлөндүрүлүүчүгө күбөлөндүрүү же экспертизанын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүүгө тыюу салынат.
2. Атайын бөлүк
15. Эркектердин жыныстык абалы туурасында соттук-медициналык экспертиза төмөндөгүлөрдү тактоо үчүн жүргүзүлөт:
1) жыныстык катнашка болгон жөндөм;
2) тукум жаратуучулук жөндөмү;
3) венерикалык оорулар;
4) бачабаздык белгилери;
5) шектүү адамдын зордуктоо жолу менен жыныстык катнаш жасоосун мүнөздөй турган белгилери;
6) жынысы.
Жыныстык катнашка жөндөмдүүлүк экспертизасы
16. Жыныстык катнашка жөндөмдүүлүктү текшерүү зарылчылыгы төмөнкү учурларда келип чыгат: зордуктоо, бачабаздык, ажырашуу процесстери, аталык боюнча талаш-тартыш маселелер, ден соолукка келтирилген залалдын кыйындыгы (жыныстык органдардын травмасында, борбордук же перифериялык нерв системасынын жабыркашында).
17. Жыныстык катнашка болгон жөндөмдүүлүк жөнүндө маселени чечүүдө, эксперт күбөлөндүрүлүүчүнү экспертиза өткөрүү жана тергөө маселелерине жараша текшерип, кеңири сурак жүргүзөт.
18. Күбөлөндүрүлүүчүнү суракка алууда эксперт төмөнкү маселелерди тактап алат:
1) анамнезде жыныстык функцияга тескери таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү оорулар: венерикалык, эндокриндик, борбордук нерв системасынын инфекциялык оорулары жана травмасы, жыныстык органдардын травмаларга байланыштуу жабыркоосу;
Венерикалык же башка оорулар жөнүндө алынган маалыматтарды тактоо үчүн эксперт, экспертиза өткөрүү күнүн белгилеген адамдан күбөлөндүрүлүүчү дарыланган мекеменин медициналык документтерин сурап алып, иликтеп чыгат;
2) зыяндуу адаттары: тамеки чегүү (мөөнөтү, суткасына чегилген тамеки саны), алкоголдук ичимдиктерди ичүүсү (саны жана мөөнөтү) наркотиктерди, медикаменттерди пайдалануусу (уктатуучу жана гармондук препараттар ж.б.);
3) профессионалдык зыяндуулуктары (нурданууга кабылуусу, коргошун, сымап жана башка заттар менен иш алып баруусу);
4) күбөлөндүрүлүүчүнүн жыныстык жактан жетилгендиги жана жыныстык жашоосу жөнүндө маалыматтар: поллюциялардын алгачкы ирет пайда болуусу жана жыштыгы; онанизм (кайсы куракта жана канча ирет); жыныстык жашоонун башталуу мөөнөтү; жыныстык катнашка баруу саны (сутка, ай ичинде); күбөлөндүрүлүүчүнүн ойу боюнча нормадан четтей башташы; никеси (канча жолу үйлөнгөн), балдары, жыныстык жашоого байланышкан үй бүлөдөгү жаңжалдар ж.б.
19. Күбөлөндүрүүнүн жүрүшүндө эксперт эске ала турган нерселер: дене түзүлүшү, тамак ашы, туруп турган жана отурган абалындагы боюунун узундугу, терең дем алып жана демди кайра чыгарган учурдагы көкүрөгүнүн көлөмү, тиштеринин саны, акыл азуусун өзүнчө көрсөтүү; тери рефлекстерин изилдөө (ич, көчүк, аналдык, кремастерлик), бети, колтугу, маңдайында түктүн болуусу (кандай деңгээлде өскөн, аял же эркекке тиешелүү мүнөздөбү); калкан сымал кемирчектин абалы, үн тембри.
20. Эксперт сырткы жыныстык органдардын туура же туура эмес өнүгүүсүн, оорусун, жаракат алуу издерин аныктайт, мындан сырткары:
1) кадыресе дүүлүкпөй тургандагы узундугун (түбүнөн тартып учуна чейин) жана туурасын (жоон ортосун жана кертмек баштын эң жоон жерин) өлчөйт; көңдөйлүү дене абалын, заара чыгуучу каналдын сырткы тешигинин жайгашуусу, жыныстык мүчөнү жаап турган тери абалы, оорунун бар же жок экендиги.
2) көңдөйлүү дененин тыгыздалышы байкалган учурда эксперт алардын көлөмүн жана мүнөзүн белгилейт, ал эми жыныстык мүчөнү жаап турган тери жөнүндө жазууда анын кыймылдуулугуна токтолот (кертмек башты жаап турушу жана андан оңой эле жылдырса болорлугу).
3) калта формасы, бырыштуулугу, пигментациясы, чоңдугу (кичирейген, чоңойгон же кадыресе): калтадагы урук бездеринин саны, алардын консистенциясы (жумшак, жумшак-серпилмелүү, ийкемдүү); кыртышынын абалы (жылмакай, быдырала), оорусу, чоңдугу (узундугу, жоондугу, туурасы).
4) урук безиндеги кошумча өсүндүнүн (придаток) өзгөрүүсүн жана (бүртүк-бүртүк болуусу, башы, денеси, куйрукчасынын катууланышы эн жипчесинин абалын (жоондугу, консистенциясы) аныктайт.
5) урук безин жана алардын сырткы формасын изилдөө пальпатордук негизде жүргүзүлөт: урук бези изилдеп жаткан адамдын алаканына салынып, манжаларынын экинчи-бешинчиси жана бармагы аркылуу текшерилет. Оң урук бези сол кол менен ал эми сол урук без оң кол аркылуу изилдөөгө алынат.
21. Ички жыныстык органдар - урук чыктагыч без жана урук көбүкчөлөрүн текшерүү, күбөлөндүрүлүүчүнү чыкканак-тизеге тургузуп же оң капталына жаткырып алып көтөн чучукка сөөмөйдү киргизүү (резина мээлей кийип) аркылуу жүргүзүлөт. Эксперт урук чыктагыч бездин жайгашуусун, болжолдуу көлөмүн, жайгашкан чегин, кыртышынын абалын (жылмакай же быдырала), ортоңку жөөгүн, үлүштөрүнүн бирдейлүүлүгүн, консистенциясын (былбырак, жумшак-серпилмелүү, тыгыз-серпилмелүү).
Эскертүү:
Нормадагы урук чыктагыч без серпилмелүү же тыгыз-серпилмелүү консистенцияда болсо, ошондой эле урук көбүкчөлөрү жумшак болушат. Ал эми алардын тыгыз тартышы мурда кайсы бир ооруну башынан өткөргөндүгүнөн же ооруп жаткандыгынан кабар берет.
Эгер зарылчылык келип чыкса, жабдуулук изилдөөлөр өткөрүлөт: алдыңкы жана арткы уретроскопия жана ректоскопия.
22. Күбөлөндүрүлүүчүнүн жыныстык катнашка болгон жөндөмдүүлүгү жөнүндө эксперттик талкуу сурап билүүнүн, күбөлөндүрүүнүн, лабораториялык изилдөөлөрдүн, тергөө материалдары менен бирге медициналык документтерге негизделет.
23. Алынган маалыматтарды баалоодо эксперт жыныстык четтөөлөргө төмөнкүлөр себеп болушу мүмкүн экендигин эске алуусу зарыл: оор мүнөздөгү жана арыктатуучу жалпы оорулар, борбордук нерв системасынын оорулары, жыныстык органдардын сезгенүүсү жана башка оорулар; эндокриндик бузулуулар; жыныстык органдардын майыптыгы (мисалы, гипоспадия); жыныстык мүчө жана калта аймагынын механикалык жабыркоосу, каверноздун денечедеги тырыктардын болуусу; урук чыктагыч бездин жабыркоосу (былбырактык, үстүңкү бетинин тегиз эмес быдырала болуусу, бир жак үлүшүнүн чоңураак болуусу ж.б.).
24. Эгерде күбөлөндүрүлүүчү импотенция туурасында билдиргенине карабай эксперт жыныстык катнаш жасоого мүмкүн болбой турган объективдүү себептерди учуратпаса, анда күбөлөндүрүлүүчүнүн жыныстык жашоосу жөнүндө талкуу кылуу үчүн ал кайрылган медициналык мекемелердеги документтерди изилдеп чыгып, жабырлануучу тараптан же аялынан алынган сурак жүргүзүү протоколдору менен таанышып, күбөлөндүрүлүүчүнү невропатолог, эндокринологдордун консультациясынан өткөрүү зарыл.
Тукум жаратуу жөндөмүн экспертизалоо
25. Тукум жаратуу жөндөмүн экспертизалоо аталык боюнча чырды чечүү, ошондой эле зордуктоо, жашы жете элек адам менен бирге жашоо, ажырашуу иштеринде жүргүзүлөт.
26. Күбөлөндүрүү сырткы жана ички жыныстык органдарды дыкак текшерүү менен кадимки тартипте жүргүзүлөт (караңыз "Жалпы бөлүм", "Жыныстык катнашка баруу жөндөмүн экспертизалоо" бөлүмдөрү).
27. Сурап-билүүнүн жүрүшүндө тукум жаратуу жөндөмүнүн бузулгандыгы туурасында маалыматтар такталат:
1) башынан өткөргөн жана өткөрүп жаткан оорулар: урук чыктагыч безинин, урук көбүкчөлөрүнүн, урук бездеринин, заара чыгаруучу каналдын венерикалык жана венерикалык эмес оорулардан улам сезгенүүсү: инфекциялык оорулар - паротит, безгек, келте, кургак учук ж.б. борбордук нерв системасынын оорусу же травмасы, жыныстык органдардын функциясынын бузулуусу менен коштолуучу жыныстык орган же жамбаш сөөгүнүн оорулары;
2) Зыяндуу адаттары (алкоголдук ичимдиктерди, никотин, наркотик, гармондук препараттар, уктатуучу дары каражаттары ж.б.);
3) жыныстык функциясынын төмөндөшүнө алып келген профессионалдык зыяндуулуктары;
4) күбөлөндүрүлүүчүнүн жыныстык жашоосу туурасында маалымат.
28. Жыныстык органдарды текшерүүдөн келип чыккан маалыматтарды баалоодо, төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
1) уретранын ичкерип кетүүсү байкалган учурда эрендиктин өтүүсүн аныктоо үчүн инструменталдык текшерүү, уретроскопия жана ренгеноскопия өткөрүү зарыл;
2) жыныстык мүчөнүн өнүгүүсүндөгү кемчиликтер болгон эпи же гипоспадия (тамыр же калта алдындагы) сөзсүз түрдө эле күбөлөндүрүлүүчүнүн тукум жарата албастыгынын далили болуп бере албайт;
3) урук без кыртышынын тыгыздыгы же быдырала болуусу сезгенүү процессин баштан өткөргөндүгүнөн кабар берет. Ал эми урук безинин экөө бирдей жабыркашы азоспермиянын келип чыгышынын себеби болуусу мүмкүн. Урук безинин бирөө гана жабыркап, ал эми экинчиси өз функциясын сактап калса, тукум жаратуу мүмкүнчүлүгүнө эч кандай коркунуч жаратпайт;
4) урук без кыртышынын тыгыздалышы баштан өткөргөн травма же сезгенүү процессинен кабар берет; ал эми урук без кыртышынын эки тараптуу жабыркоосу, эреже катары тукум жаратуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунун объективдүү белгиси болуп саналат, бирок айрым бир учурларда урук бези кыртышынын бир тараптуу жабыркоосу деле азоспермиянын келип чыгышын шарттайт;
5) урук көбүкчөлөрү менен урук чыктагыч безиндеги тырыктык өзгөрүүлөр да (башка көрсөткүчтөр жок болгонуна карабай), азоспермия себеби болуусу мүмкүн.
29. Урук суюктугун изилдөө, эркектин тукум жаратуу жөндөмүн аныктоодогу негизги метод болуп саналат.
Күбөлөндүрүлүүчүнүн 7-10 күнгө чейин жыныстык катнашка барбай кармалуусунан соң эякуляттарды изилдөө алда канча натыйжалуу. Бойго жете электерден эрендик алуу урук чыктагыч без жана урук көбүкчөлөрүн укалоо жолу аркылуу гана алынат.
30. Эякулятты дененин температурасына чейин жылытылган таза "Петри" чөйчөгүнө чогултушат. Сөзсүз түрдө эякуляциядан "акыркы тамчы" изилдөөгө алынат. Бул үчүн жыныстык мүчөнү түбүнөн тартып кертмек башын көздөй сыдырып, заара чыгуучу жол аркылуу агып чыккан эрендик калдыгы айнек идишке тамызылат. Күбөлөндүрүлүү учурундагы эякулятта кездешпеген кыймылдуу сперматозоиддердин "акыркы тамчыда" кездешүүсү, анын алмаштырылып коюлгандыгынан же ага кандайдыр бир зат кошулгандыгынан кабар берет.
31. Эякулятты изилдөөгө алуу колдон келишинче тез өткөрүлүүсү (3 сааттан кечиктирилбей) зарыл. Ал өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1) физикалык изилдөө: түсүн, тунуктугун, илээшкектигин, көлөмүн аныктоо;
а) эякуляттын тунуктугун жана түсүн көз болжолу менен аныкташат норма боюнча кошумча ак түстөгү көгүш түстүү эякулят күңүрт болот (кызыл түс кандын болуусу, сары - ириң, күрөң жаш курактык өзгөрүүлөргө байланыштуу же эрендиктин эбак алынгандыгынан кабар берет);
б) эякулят алынып, бөлмө температурасынын шарттарында сакталып, суюлган соң 30 мүнөттөн кийин илээшкектиги аныкталат. Кадыресе илээшкектикте эрендик салынган жыгач же айнек таякча аркылуу агып баштайт. Илээшкектиктин жогору болуусу урук чыктагыч безинин оорусу менен байланыштуу болот;
в) урук суюктугунун көлөмү, суюлтулган соң Петри чөйчөгүнөн куюлуп алынган ченөөчү пробиркада аныкталат.
рH аныктамасм (зарыл болсо)
2) эрендик рНин универсалдык индикатордук кагаздын жардамы аркылуу аныкташат; эрендик үчүн нормалдуусу болуп аз щелочтуу чөйрө эсептелет.
3) микроскопиялык изилдөөлөр: жаңы түрүндө сперматозоиддердин санын жана кыймылдуулугун аныктоо: боелгондон кийин - эякулянттыи патологиялык формаларын жана фирмалык элементтерин издөө. Микроскопиялык изилдөө эякулянтты нативдик препаратта тамчылар обзордук кароону, сперматозоиддердин санын жана сперманын фирмалык элементтерин эсептөөнү, боелгон мазокту патологиялык формаларын табуу максатында изилдөөнү камтыйт. Нативдик препаратты обзордук кароодо микроскопту кичине жана чоң чоңойтууда сперматозоиддердин кыймылдуулугу аныкталат.
Сперматозоиддердин саны эсептөө жолу аркылуу Горяев камерасында аныкталат. Алгач 1,0 мл эрендиктеги сперматозоиддердин жалпы санын эсептеп алышат. Бул үчүн идиштин (лейкоциттерди эсептөө үчүн колдонула турган) "0,5" өлчөмүнө чейин (эгерде сперматозоиддердин саны аз болсо "1,0"гө чейин) суюлтулган эякуляттарды жыйнашат да, сперматозоиддерди кыймылсыз абалга алып келе турган сода-формалиндик суюктук растворун аралаштырышат (5 г кош көмүрдүү кычкыл натрийи, 1,0 мл формалин жана 100 мл дистирленген суу). Растворду "11" өлчөмүнө чейин алып барышып, идишти силкилдетүү жолу аркылуу эякуляттарды аралаштырышкан соң биринчи тамчыны марлиге коео беришип, ал эми экинчи тамчыны тордуу камерага киргизишет. Диагоналы боюнча беш чоң квадратта кездешкен бардык сперматозоиддерди санап чыгышат. Келип чыккан жана 1000000го көбөйтүлгөн сумма (эрендикти 20 жолу, башкача айтканда "0,5" өлчөмүнө чейин суюлткан соң) 1,0 мл эрендиктеги сперматозоиддердин санын түзөт.
Эякуляттагы кыймылсыз сперматозоиддердин саны жогорудагыдай жол менен саналып алынат, бирок, квадраттагы кыймылсыз сперматозоиддер эске алынуу менен эякулят өз кезегинде физиологиялык раствордо (башка идиште) эритилет. 1000000 көбөйтүлүп алынган сумма (20 жолу аралаштырылган), 1,0 мл спермадагы сперматозоиддердин кыймылсыз санын түзөт.
Кыймылсыз сперматозоиддердин саны, эрендикти физиологиялык растворго эриткенден кийин алынып, кыймылсыз абалга келтирилгендеги жалпы санынын ортосундагы айырма боюнча аныкталат.
Эскертүү:
Клиникада 1 мл эякуляттагы сперматозоиддердин саны 60 миллиондон көбүрөөк болуусу норма катары саналат. Ал эми 1 мл эякулятта сперматозоиддердин саны 20 миллиондон азырак болсо, клиника кызматкерлери олигоспермиянын келип чыгуусу туурасында айтышат. Ошого карабастан, соттук-медициналык көз караш боюнча, эякулятта бир эле кыймылдуу сперматозоиддин болуусу, күбөлөндүрүлүүчүнүн толук тукумсуздугунан кабар бербейт. Сперматозоиддер аз санда кездешкен учурда (олигоспермия), эксперттин бүтүмүнө тукум жаратуу мүмкүнчүлүгүнүн аздыгын, бирок, ошол эле учурда, таптакыр жок деп айтуу болбой тургандыгын белгилеп коюу керек.
Сперматозоиддердин патологиялык формасын табуу, боелгон мазоктордо жүргүзүлөт. Мисалы, эрендиктин абада кургатылып, жалынга карматылган мазогун 1 пайыздык хлоромин раствору менен иштетишип (былжырды алып салуу үчүн), суу жана 95 градустук алкогол менен жууп тазалашат. Мындан кийин 2-5 мүнөт эозин кошулган фуксин аралашмасы менен боеп (2 бөлүгүн эозин кошулган фуксин, 1 бөлүгүн эозиндин спиртке каныктырылган маңызына, дагы 1 бөлүгүн 95 градустук алкоголго), Лефлердин синкасы менен түс берип, иммерсиондук системаны колдонуу менен микроскоптун алдында изилдешет. Сперматозоиддердин көп сандаган атиптүү формасы кездешкен учурда (деформацияланган баш жана куйруктары) сөзсүз түрдө эякулятаны кайрадан тыкыр текшерүү зарыл. Себеби алар кокусунан, ошондой эле ага чейинки бир катар жыныстык катнаштардын негизинде кездешип калуусу зарыл.
Эякуляттын формалык элементтерин микроскопто көрүнгөн боюнча санашат (акырындык менен чоңойтуу, объектив - 20 же 40, окуляр - 10 же 15). Формалык элементтерге: эритроцит жана лейкоцит, эпителиалдык клеткалар, лецитиндик буудайчалар, амилоиддүү денечелер кирет. Эякулятта нормада боюнча - бирин-серин учурай турган лейкоциттер, эпителиалдык клеткалар, амилоиддүү денечелер жана көп сандаган лецитин буудайчалар кездешет. Лейкоциттердин көбөйүүсү жыныстык органдардагы сезгенүү процессинен кабар берет. Ал эми лецитин буудайчаларынын азайуусу урук чыктагыч без функциясынын алсырашын билдирет.
32. Күбөлөндүрүлүүчүнүн тукум жаратуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө бүтүм изилдөөлөрдүн бардык комплексине негизделет.
Венерикалык оорулардын экспертизасы
33. Эгерде кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө же граждандык доону (ажырашуу, алимент, аталыгын таануу ж.б.) сотто кароо учурунда текшерилүүчүнүн венерикалык оорусу бар же жок экендигин аныктоо боюнча суроо туулса, соттук-медициналык венерологиялык экспертиза жүргүзүлөт.
34. Соттук-медициналык практикада көпчүлүк учурда котон жара жана гонорея оорусун жуктуруп алуу иш аракеттер кездешет. Белгилей кетчү нерсе, бир эле адамда бир мезгилде котон жара менен гонорея кездешүүсү мүмкүн. Мындан сырткары, күбөлөндүрүлүүчүнүн СПИД жуктуруп алуусу да мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Котон жара жана гонорея үчүн клиникалык картина жана жуктуруп алган мөөнөттүн өнүгүүсүнүн белгилүү бир туруктуулугу мүнөздүү.
35. Котон жаранын төмөндөгүдөй баскычтарын айырмалап көрсөтүшөт:
1) күкүртнегативдүү баштапкы котон жара: катуу шанкр жуктуруп алган күндөн тартып 3-3,5 жума ичинде пайда болот;
2) күкүртнегативдүү баштапкы котон жара: күкүртреакциялар жуктуруп алган күндөн тартып 6-8, ошондой эле катуу шанкр пайда болгондон тартып 3-4 жума ичинде билинет;
3) экинчи жаңы котон жара: жуккан күндөн тартып 8-10 жума ичинде бүртүк-бүртүк майда жаралар (дененин үстүңкү каптал жагында жана колу-бутта, розеолезуу-папулездук, көп сандаган). Күкүрт реакциясы кездешет. Бул учурда гениталия аймактарында, теринин бүгүлгөн жерлеринде эрозивдүү жана гипертрофикалык папулалар пайда болот;
4) кайталануучу экинчи баскычтагы котон жара: жуктуруп алган күндөн тартып 4-5 жума ичинде билинет. Бүртүк-бүртүк жаралардын саны аз саны аз болгону менен көлөмү жагынан чоң келишет. Жуккан мөөнөтү канчалык узак болсо, бүртүк жаралардын саны ошончолук аз санда болот.
Моюндун арт жагына ушул сыяктуу жайгашкан лейкодермия жуккан күндөн кийин 5-6 жума ичинде байкалат. Бадырайган кондиломалар рецидивдүү котон жара учурунда пайда боло беришет. Алардын эң эле эрте пайда болуусу, жуккан күндөн тартып 4-5 айга барат. Уя-уя болуп чач түшүүлөр адатта оору жуккандан 5-6 айдап кийин байкалат.
Алакан жана таманда пайда болгон жаралар эски котон жаранын экинчи рецидивинен же экинчи жаңы котон жаранын күч алгандыгын билдирет (мындай учурда шанкр катуу болуусу);
Ооздун жана алкым тешигинин былжырлуу катмарында эрозивдүү катмарлуу папулездук элементтер, тырык коштогон өзгөрүүлөр, котон жарасынын ангиналары байкалат.
5) үчүнчү баскычтагы котон жара: дарылоого алынбаган учурда 3-4 жылдан кийин билинет. Билинер-билинбес контагиоздуу болгондуктан соттук-медициналык практикада сейрек кездешет.
36. Гонореянын төмөнкү формалары кездешет:
1) жаңы гонорея: курч, анчалык курч эмес, торпиддүү. Курч жана анчалык курч эмес формасында кездешүүчү ириңдүү суюктуктар жана ачышуу коштогон оору, 3-7 күндөн кийин заара кылууда байкалат. Жаңы торпиддүү (асимптомдуу) формасы, гонококтордун жана билинер-билинбес оорунун болушу менен же таптакыр эле кандайдыр бир белгилери жок жүрүшү ыктымал. Анын узактыгы жуккан күндөн кийин 2 айдан көп эмес убакытты түзөт;
2) кайталанма гонорея - 2 айдан узагыраак мөөнөткө созулуучу билинер-билинбес мүнөзгө ээ. Кайталанма процесстин козголуу себебин эске алуу зарыл: мындай кырдаалда аны жаңы гонореядан дифференциялап алуу зор мааниге ээ: мында оорунун узактыгы, ошондой эле жыныстык системага жайылуу процесси эске алынат;
3) латенттүү гонорея - мында оорулуу адам жугузуу булагы болуп жүргөнү билинип турса да, оорунун клиникалык симптомдору менен гонококторду табуу кыйынга турат.
37. Күбөлөндүрүлүүчүгө суроо берүү "Жыныстык катнаш жасоо мүмкүнчүлүгүнүн экспертизасы" бөлүмүндө көрсөтүлгөн шартта жүргүзүлөт. Мындан кийин анын венерикалык оору менен ооруй тургандыгын көрсөтө турган айрым бир түз жана кыйыр түрүндөгү кырдаалдар иликтенет. Венерикалык оору менен мурда ооругандыгы билинсе, кантип дарылангандыгы туурасында сурашат. Мында толук түрдө дарыланбаган учурда рецидивдери кайра кайталана берери эске алынат.
38. Күбөлөндүрүү жалпы план боюнча өткөрүлгөнү менен төмөнкү өзгөчөлүктөргө ээ:
1) баштын чачтуу бөлүгүн, ооз жана алкым тешигинин былжырлуу көңдөйүн, бет, моюн, дене жана колу-буттун тери кыртыштарын карашат. Мындан сырткары, бүртүк-бүртүк жараларга, алардын локализацияланышына, алгач ирет жыныстык катнашка баргандан кийин пайда болуу мөөнөтүнө, интенсивдүүлүгүнө, бүртүк-бүртүк жаралар менен фигуралардын айрым бир элементтеринин топтошуу тенденциясыыа, оорутпаган жараларга же ооз көңдөйүндөгү эрозияга көңүл бөлүшөт;
2) чыканак бүгүлгөн жеринде же көчүк аймагында инъекция жана инфильтраттардын изи бар же жок экендиги текшерилет. Себеби булар спецификалык дарылануу алгандыгынан кабар берет. Эгерде спецификалык инфильтрат болгондугунан шек жаралса, инфильтрат аймагында чогулуп калган металлды (висмут) табуу үчүн ренгенографиялык изилдөөдөн өткөрүлөт;
3) моюн жана колтук алдындагы, чыканак, ошондой эле жука чурайдагы лимфатикалык түйүндөр текшерүүгө алынат. Алар котон жара оорусунда чоң, тыгыз жана жылмакай, кемирчек консистенциясына окшош, оорутпаган жана айланасындагы ткандар менен бириктирилбеген мүнөздө болушат;
4) жара, эрозия, катуу шанкрдан кийинки тырык жана бөлүнүп чыккан суюктуктардын бар же жок экендиги текшерилет. Эгерде заара чыгуучу каналдан суюктук бөлүнүп чыгып жаткандыгы такталса, анын мүнөзүн (ириңдүү, былжырлуу, сероздуу, көп же аз өлчөмдө келип жаткандыгын, жыныстык катнашка баргандан кийин канчадан кийин пайда болгондугун, заара кылуудан мурда же кийин сайгылашып оорурун такташат; айнек идиштин бетине мазок алышып, бактериологиялык лабораторияга жөнөтүшөт.
Эгерде суюктук бөлүнүп чыкпаса, күбөлөндүрүүчүнү тыкыр текшерүү үчүн тери-венерологиялык мекемеге жөнөтүшөт.
Эскертүү:
Эркектердин заара чыгуучу каналындагы оору процессин мүнөздөп алуу үчүн эки стакан сыноосун өткөрүшөт: күбөлөндүрүүчүнү эки стаканга заара кылдырышат. Эгерде алдыңкы уретрада курч процесс боло турган болсо, зааранын биринчиси (1-стакан) - киргилт, экинчиси (2-стакан) - тунук болот.
Арткы уретра жабыркаган учурда эки порция тең киргилт болот. Процесс канчалык курч мүнөздө болсо, бөлүнүп чыккан ириңдүү суюктук ошончолук көп жана заара ошончолук киргилт тартат. Зааранын киргилт тартышы андагы туздун болушу менен да мүнөздөлүшү мумкүн. Мындай учурда туз кислотасын кошуу зааранын тунушуна алып келет.
5) көтөн чучуктун тегерегин карайт, себеби ал жерде баштапкы котон жара белгиси болгон-катуу шанкр, ошондой эле экинчи баскычтагы котон жарага тиешелүү - папула, чоң кондиломалар кездешүүсү мүмкүн. Эгерде гонореялык сезгенүү белгилери табылса, көтөн чучуктан анда мазок алынып, көтөн чучуктун өзү кош кабаттуу атайы метал катетердин жардамы менен жуулат. Бул суу гонококтордун бар же жок экендигин аныктоо үчүн бактериологиялык лабораторияга жөнөтүлөт;
6) гонореялык процессти табуу үчүн урук бездерди, алардын кыртыштарын, урук чыктагыч без жана урук көбүкчөлөрүн изилдешет.
39. Венерикалык ооруларды дарылоо мүмкүнчүлүгү бар экенин билип, күбөлөндүрүүчү антибиотиктерди кабыл алган-албаганын билүү зарыл. Венерикалык оорулуу адам эмне менен ооруп жатканын билбей туруп, башка оору боюнча дарылануусу мүмкүн; мунун натыйжасында, венерикалык оору басаңдап, инкубациялык мезгил созулуп кетүүсү ыктымал. Антибиотиктерди бир кичине өлчөмдө эле кабыл алуу бөлүнүп чыккан суюктукта гонококтордун жоголуп кетүүсүнө алып келет. Уретроскопия өткөрүүнүн натыйжасында дайын болгон инфильтратта (түстүн өзгөрүүсү, былжырлуу уретранын шишик тартышы, туура эмес жайгашкан борбордук фигура), гонореялык оорунун бар экендигинен кабар берүүсү мүмкүн. Антибиотиктер аркылуу дарылоодон соң, инфильтрата белгилери, болжол менен эки жумага чейин сакталат. Мындай учурларда котон жараны табуунун негизги методу болуп кан жана жүлүндү күкүрттүү изилдөөдөн өткөрүү болуп саналат.
40. Жыныстык катнашта болгон адамдарды таап, изилдөөгө алуу оору булагы боюнча маселени чечүүгө жардам берет.
Аялдын мурда боюнан түшкөндүгү туурасында билдириши котон жара болуусу ыктымал деген пикирди жаратпай койбойт. Мындай учурда аял тиешелүү неврологиялык текшерүүдөн өткөнү дурус.
Аялдагы катуу шанкр бир гана сырткы жыныстык органдарда эмес, жатын моюнчасында да локалдашуусу мүмкүн.
Уретранын консистенциясына көңүл буруу зарыл. Анүчүн аны аялдын жыныс мүчөсүнүн ичи аркылуу бармак менен лондук муунду карай кысуу керек. Норма боюнча уретра жумшак консистенцияда болуусу зарыл. Ал эми анын тыгыз болуусу кайталанма сезгенүү процессинин, ошондой эле, көбүнчө гонореялык этиологиянын бар экендигинен кабар берет. Гонореялык процесстин натыйжасы болуп, урук без кыртыштарынын өнөкөткө айланган эки тараптуу сезгенүүсү жана Бартолинийлик без жана өтмөктөрдүн эки тараптуу сезгенүүсү саналат.
Аялдардан мазокту алдын ала бөлүнүп коюлган бир эле айнек идиш бетине уретра, жатын моюнчасы жана көтөн чучуктан алышат.
41. Котон жара менен ооруган учурда венерикалык оорулар туурасындагы акыркы диагноз кан, зарылчылыгына жараша жүлүн суусуна (Вассерман реакциясы жана тунма реакциялар), катуу шанкрда кездешүүчү соскобадагы боз спирохетага, папул жана эрозия катмарларына, лимфатикалык түйүндөрдүн пунктатасына, ошондой эле, эгерде гонорея болсо - уретрага күкүрттүү изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана коюлат.
Бул изилдөөлөрдүн бары адистештирилген мекеме - венерологиялык диспансер же поликлиникалардагы тери-венерологиялык кабинеттерде, ошондой эле ооруканалардын тери-венерологиялык бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүсү зарыл.
Бачабаздык белгилерди аныктоо
42. Бачабаздык боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдө төмөнкүлөр аныкталат:
1) күбөлөндүрүлүүчүнүн жыныстык катнашка болгон мүмкүнчүлүгү; гомосексуалисттердин жыныстык катнашка болгон мүмкүнчүлүгү төмөн болуусу ыктымал, бирок жыныстык алсыздык аялдарга карата гана болот;
2) күбөлөндүрүлүүчү онанизм менен иш алып барганбы, эгер андай болсо, кайсы курактан баштап жана канча ирет;
3) гомосексуализм менен качан жана кандай шарттарда иш алып барып баштаган;
4) психиатрдын тизмесинде турган же турбагандыгы, эгер турган болсо, оорунун диагнозун жана симптоматика мүнөзүн билүү үчүн медициналык документтерди көрсөтүүсү зарыл.
43. Текшерүү жалпы план боюнча өткөрүлгөнү менен тиешелүү өзгөчөлүктөргө ээ.
Эгерде күбөлөндүрүүгө активдүү өнөктөшү тартыла турган болсо, жыныстык мүчөнү текшерип жана өлчөгөндөн сырткары, жыныстык мүчөдө (чаттагы кылдарда) заң калдыгы кездешер-кездешпесин текшерүү зарыл. Эгерде чоочун зат бөлүкчөлөрү табыла турган болсо, таза айнек буюмду жыныс мүчөдөгү шек жараткан жерге бекем кысып кармоо менен изин түшүрүп алышат (фото сүрөт же эмульсия менен жуулган рентгенпленка).
Из, чат кылдары, заң сындуу бөлүкчөлөр түшкөн айнек буюм заң бөлүкчөсүнүн (өсүүчү клетка, булчуңдуу була, глист жумурткасы ж.б.), ошондой эле өнөктөшүнүн көтөн чучугу жабыркаган болсо, кандын бар же жок экендигин аныктоо үчүн соттук-медициналык бөлүмгө жөнөтүлөт.
Эгер мүмкүн болсо, ичеги таякчалары бар же жок экендигин текшерүү үчүн жыныстык мүчөнү бактериологиялык изилдөөдөн өткөрүшөт.
Эскертүү:
Жыныс мүчөнү такай жууп-тазалап турбаган эркектердин (айрыкча жыныс мүчөнүн кермек башы тери аркылуу жабылып турса) кертмек баш жагындагы жиктелишинде (венечная борозда) көгүлтүр-ак түстүү же сары смегма чогулуп калат. Микроскоп менен карагани учурда ал өсүмдүк клеткасы же булчуң буласына тиешелүү өзгөчө бир белгиси жок клеткалык түзүлүш сындуу аморфтук кесинди сымал көрүнөт.
44. Жыныстык мүчөнү текшерүү учурунда кансыраган же жооруп сыйрылган жерлер, жабышып жүргөн кыл, айрыкча вазелин жана башка чоочун заттардын бар же жок экендигине көңүл бөлүнөт.
Эскертүү:
Эгерде вазелин бар деген шек жаралса, жыныстык мүчө сүртүлгөн марли же кебез тампон соттук-медициналык экспертиза бюросунун соттук-химиялык бөлүмүнө текшерүүгө жиберилет.
45. Көтөн чучук аркылуу такай жыныстык катнаш жасаган активдүү өнөктөштөрдүн жыныстык мүчөсүндө бачабаздыкка мүнөздүү кандайдыр бир анатомиялык өзгөрүүлөр жаралбайт.
46. Пассивдүү өнөктөш деп табылган адамды күбөлөндүрүү
учурунда ичеги-карын оорулары же ушул оорулардын натыйжасында
башка бир оорулар (өнөкөткө айланган ич өткөк же ич катуу) менен жана
чегери туурасында айткандарына көңүл буруу зарыл; мындан тышкары ал
көтөн чучук оорулары (геморрой, проктит, парапроктит, көтөн чучуктун
түшүп калуусу, дизентерия) менен жабыркабагандыгын, ошондой эле,
көтөн чучуктагы жарака, гемморой өңдүү ооруларды айыктыруу үчүн
кандайдыр бир аракеттеди кылбагандыгын тактап алуу керек. Себеби,
булардын кесепетинен улам келип чыккан белгилер жаңылыш түрдө
бачабаздык белгилери катары кабыл алынып кетүүсү мүмкүн.
Мындан сырткары венерикалык оорулар менен мурда-кийин оорубагандыгы такталат. Көтөн чучук аркылуу жыныстык катнашка барган-барбаганын тактоо зарылчылыгы келип чыкса (мисалы качандыр бир мезгилде күбөлөндүрүүчүнүн көтөн чучугу тушта катуу шанкрдын болуусу), медициналык мекемелерден бул туурасында кандайдыр бир маалыматтар сакталып калуусу мүмкүн болгон медициналык документтер талап кылынат.
47. Пассивдүү өнөктөшкө тиешелүү белгилерди табуу үчүн көтөн чучук аймагына тыкыр текшерүү жүргүзүлөт. Текшерүү күбөлөндүрүүчүнү чыканак-тизе абалына келтирүү менен кушеткада өткөрүлөт.
1) алгач денеде, айрыкча көчүк тушта манжалар менен кысуудан кийин канталап көгөргөн издердин бар же жок экендиги аныкталат; көчүк ортосундагы жылчыктын абалын (терең, тайыз) белгилеп алуу зарыл. Мындан кийин көчүк кол менен эки жакка ачылып, арткы тешик абалына (кысылып турушу, жылмакайлыгы, одуракайлыгы), боегуна байкоо жүргүзүлөт;
Эгерде тырыктар боло турган болсо, алардын көрүнүшү (түз сызыктуу, туура эмес формада, тартылып же тартылбай турушу ж.б.), локализациясы мүнөздөлүп көрсөтүлөт (шарттуу түрдө алардын сааттын циферблатына карата болгон аналогия боюнча 12 бирдей бөлүккө бөлүнгөн айланасына ылайык жайгашуусу белгиленип жүрөт (мында күбөлөндүрүүчүнүн чыканак-тизе, чалкасынан жатуу өңдүү абалы көрсөтүлүүсү зарыл);
2) тешик ичин көздөй чуңкурайган болсо, айрым адамдардын арткы тешиги өзү эле ошондой болорун эске алуу да зарыл. Мындай шартта варонка былжырлуу катмардын негизинде келип чыккан болот;
Пассивдүү өнөктөштүн көтөн чучугунун ичин көздөй чуңкурайуусу, арткы тешик терисинин үстүңкү катмарынан башталып, көтөн чучуктун былжырлуу бөлүгүнө өтөт. Ошентип варонканын каптал бети тери катмарынан жана арткы тешиктин былжырынан турат.
Эскертүү:
Сфинктерлерди атайылап (күч менен) кысуу, варонка сымал жердин байкалбай калуусуна алып келет. Мындай шартта узагыраак текшерүү зарыл. Себеби, мындай "күч менен" кысуу узак убакытка созулушу мүмкүн эмес;
3) баш бармактардын жардамы аркасында андан ары текшерүү үчүн көчүктү эки жакка жылдырып аналдык тешикти чоюшат. Норма боюнча арткы тешик жабык болот; ар кыл себептер же көтөн чучук аркылуу жыныстык катнашка баруудан улам арткы тешик чоң же кичине көлөмдө аңырайып калышы ыктымал;
4) көтөн чучуктун көзгө көрүнгөн былжырлуу бөлүгүн текшеришет. Көтөн чучуктун былжырлуу бөлүгүнүн түсүнө (кызгылтым, кубакай-кызгылт, кочкул-кызыл, кочкул-көгүш) маани берилет. Себеби, арткы тешик аркылуу жыныстык катнашка баруу көтөн чучуктун былжырлуу бөлүгүнүн дүүлүгүшүнө жана бачабаздыктын кесепетинен улам пайда болуучу ар кыл инфекциялардын (гонореялык проктит ж.б.) пайда болуусуна алып келет.
48. Көпчүлүк учурларда бачабаздыкка тартылган адамдардын арткы тешиги тушта жана көтөн чучуктун былжырлуу бөлүгүндө кайталап көгөргөн, жооруган жерлер, жарака же жаралар болуусу мүмкүн. Бул окшогон майып жерлер табылган учурда алардын мүнөзү, формасы жана жайгашуусу сүрөттөлөт.
49. Көтөн чучуктун былжырлуу бөлүгүн узатасынан кеткен жарака, жооруган жана айрылган жерлерди табуу максатында бүтүлгөн бырыш жерден (аналдык аймактын былжырлуу бөлүгү менен тери чектешкен жер) баштоо зарыл.
Көпчүлүк учурда жабыркаган жерлерге, эреже катары былжырлуу бөлүк менен көтөн чучуктун каптал беттеринде узатасынан жайгашкан жаракалар кирет. Адатта алар тез эле, тагыраак айтканда 3-5 күн ичинде айыгышат (өзгөчө жаш балдардыкы).
Былжырлуу бөлүктүн бүгүлүш жериндеги жооруган жерлер катуу учу жок буюмдун киргендигинен кабар берет. Мындай буюм көтөн чучукка киргенде былжырлуу бөлүктүн бүгүштөрүн кырып кетет. Ал эми жыныстык мүчө мындай жабыркоолорду жаратпайт.
Көпчүлүк учурларда жооруган жерлер былжырлуу бөлүктү: бүгүш жерлердин үстүн жана алардын ортосундагы боштукту бүтүндөй камтыган сүйрү формада болот (өзгөчө, бачабаздык актысына тартылган жаш балдарда).
Көтөн чучуктун былжырлуу бөлүгү айрылып, бир тарабы көтөн чучукка туурасынан, ал эми экинчиси узатасынан кеткен тик бурчтук формасында ичин көздөй кайрылып калуусу мүмкүн. Мындай жабыркоолор жооруну жаратпагыдай зат менен майлабай туруп (вазелин ж.б.), жыныстык мүчөнү күч менен көтөн чучукка киргизүүдөн улам жаралат.
Эскертүү:
Атайы адис же тиешелүү ыкмага ээ соттук-медициналык эксперт гана ректоскоптун жардамы менен көтөн чучукка изилдөө жүргүзөт.
Соттук-медициналык экспертизанын тарабынан жүргүзүлө турган ректоскопиялык изилдөө 10 сантиметрден ашпаган тереңдикте жүзөгө ашырылат.
50. Күбөлөндүрүлүүчүнүн көтөн чучугундагы ички жана тышкы сфинктерлерди текшерүү үчүн чыканак-тизе абалында сөөмөй киргизилет (резина мээлейди вазелин менен майлашат). Жакшы тонус ээ сфинктер кирген сөөмөйдү кысып калат (шакек симптому), ал эми бошоңдоп калган сфинктер сөөмөйдү акырын гана кысуу менен манжанын вертикалдык тегиздикте ары-бери жылуусуна шарт түзөт. Мындан сырткары, сфинктерди жасалма түрдө кысуу мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо зарыл.
51. Эгерде пассивдүү өнөктөш көтөн чучукка жыныстык катнаш жасалган соң дефекация актысын кылбаган болсо, көтөн чучуктан кебез тампон менен мазок алынат.
Мазокту бөлмө температурасында кургатып, фуксин менен боегон соң изилдешет. Мазокто сперматозоид табылбаса, тампонду изилдөө керек. Мазок жана тампондорду эксперт жеке өзү изилдейт же соттук-медициналык лабораториянын соттук-биологиялык бөлүмүнө жөнөтөт.
Изилдөө жүргүзүү үчүн тампон соттук-медициналык лабораторияга дароо жеткирилген учурда аны пробиркага жайгаштырышат, эгерде ал канча бир убакыт өткөн соң гана текшерилсе, алдын ала аны бөлмө температурасында кургатып алышат.
Эскертүү:
Тампонду даярдоо үчүн хирургиялык пинцеттин браншам ортолоруна кебез бөлүгүнүн учун кыстарышат, ал эми калган бөлүгүн бир нече ирет пинцетти айландыра орошот. Тампонду көтөн чучукка болжол менен 3-5 сантиметр (андан көп эмес) киргизишип, айландыруу менен былжырды алып чыгышкан соң (эрендик чогулуп кала турган чөнтөкчөнү түзотүү үчүн), айнек буюмга 5-6 мазок жасалат.
52. Эгерде иш аракет жаңы гана болуп өтсө, пассивдүү өнөктөштүн (же жабырлануучунун) арткы тешиги аймагында активдүү өнөктөштүн чат кылдары, кургап калган эрендик изи кездешүүсү ыктымал. Мындай учурда аларды соттук-медициналык лабораториянын соттук-биологиялык бөлүмүнө жөнөтүү зарыл.
53. Кез-кезде болуучу бачабаздык, эреже катары арткы тешик жана көтөн чучук аймагында кандайдыр бир белгилерди калтырбайт (олуттуу жабыркоолор улам келип чыккан тырыктарды эске албаганда). Арткы тешик жана көтөн чучук анмагында үстүртөдөн пайда болгон жаралуу жер жана теринин үстүнкү катмары, адатта эч кандай белги калтырбастан жок болушат.
54. Пассивдүү өнөктөш катары такай бачабаздыкка барган адамдар үчүн арткы тешик жана көтөн чучук аймагында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр байкалат: воронка сымал ичин көздөй чуңкурайгандык, арткы тешиктин аңырайып ачылып калуусу, арткы тешик айланасындагы бүгүш жерлердин жылмакайлыгы, сфинктерлердин бошоңдошу жана көтөн чучуктун былжырлуу бөлүгүнүн кочкул-кызыл тартып көгөрүшү.
Бул белгилердин пайда болуусу жана интенсивдүүлүк баскычы ар кандай болуусу мүмкүн, ал эми алардын айрымдары таптакыр эле кездешпейт.
55. Пассивдүү өнөктөштүн (жабырлануучунун) кийиминде эрендик жана заң калдыктары болуусу мүмкүн. Эгерде мунун өзу бачабаздык актысынын негизинде пайда болгон деген шек жаралса, кийим-кече соттук-медициналык лабораториянын соттук-биологиялык бөлүмүндө текшерүүдөн өтөт. Бул иш-аракет эрендиктин кайсы группага тиешелүү экендигин текшерүү максатында жүргүзүлөт.
56. Бойго жете электерге карата бузукулук иштер боюнча тергөө ишинин жүрүшүндөгү экспертиза жыныстык орган жана арткы тешик аймагындагы жаракат жана өзгөрүүлөрдү эске алуу менен бул бөлүмдө көрсөтүлгөндөй таризде жүзөгө ашырылат.
Жыныстык катнаштын күч колдонуу жолу аркылуу болгондугун мүнөздөгөн белгилерди аныктоо (зордуктоодо шектүүнү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү)
57. Зордуктоо ишине барган деп күнөөлөнүп жаткан адамдын соттук-медициналык экспертизасын, окуя болуп өткөндөн мөөнөттөн көп өтпөй жүргүзүү зарыл.
58. Кийимди текшерүүдө анын жабыркагандыгына (айрылгандыгы, топчуларынын жоктугу ж.б.) кирдегенине (баткак, акиташ, чөп ж.б.) кан, заң, шилекей өңдүү шек жараткан заттарга, кийимдеги чач, ткан калдыктарына (жабырлануучуга тиешелүү) көңүл бөлүнүп, зарыл деп эсептелген маалыматтар "Эксперттин бүтүмүнө" (Соттук-медициналык күбөлөндүрүү актысы) киргизилет.
Эскертүү:
Зордуктоо болуп өткөн болсо, кийимдин кирдеши белгилүү бир мүнөздө болот: тизе, чыканак, билек аймагынын, ошондой эле байпактын кирдеши. Айрым учурларда кийимдин кирдеши күбөлөндүрүүчүнүн белгилүү бир жерде болгондугунан кабар берет. Мунун өзү жабырлануучунун берген көрсөтмөсү жана иштин абалы үчүн чоң мааниге ээ болуусу мүмкүн.
59. Күбөлөндүрүүчүнүн кийиминдеги кан жана башка заттарга карата шек туудурган тактар, тергөөчү тарабынан кандын бар же жок экендигин, эгер бар болсо ал кайсы группага таандык экендигин аныктоо үчүн соттук-медициналык лабораторияга жөнөтүлөт. Эгер лабораторияда бул тармак боюнча даярдыктан өткөн адис бар болсо, кандын кайсы жыныска тиешелүү экендиги текшерилет.
Зордуктоого катышы бар деп шектелип жаткан эркектердин кийиминен табылган эрендик далил катары саналбайт. Бирок, топтук зордуктоого катышы бар деп шектелип жаткан адамдын кийиминен табылган эрендик зордуктоого катышкан башка бир эркекке тиешелүү болуп чыгуусу мүмкүн экендигин эске алуу зарыл. Мындай шартта эрендиктин топко таандык экендигин аныктоо маанилүү.
60. Күч-кубатын, экинчи жыныстык белгилерин аныктоо үчүн күбөлөндүрүүчүнүн физикалык абалына текшерүү жүргүзүлөт.
61. Жабырлануучунун активдүү каршылыгы алдында болуп өткөн зордуктоонун натыйжасында, зордукчунун денеси, моюну, бети (эрин жана тил), колу, чыканак жана тизе муундарында жабыркоолор пайда болот. Ошондой эле, тырмак менен тытуу жана тиштөөдөн улам калып калган издер болуусу мүмкүн.
Жыныстык мүчө жана чат аймагында төмөнкүлөр кездешүүсү мүмкүн: жыныстык мүчөнүн кермек башынын жабыркашы (жооруган, канталаган жерлер) кандын изи, бош жаткан чач же кылдар. Табылган чач күбөлөндүрүүчү жана жабырлануучунун чачы менен салыштыруу үчүн соттук-медициналык экспертиза бюросунун соттук-медициналык лабораториясынын соттук-биологиялык бөлүмүнө жөнөтүлөт.
Эгерде соттук-биологиялык бөлүмдө атайы билими жана даярдыгы бар эксперт болсо, жыныстык мүчөдөн изилдөө үчүн алынган материалдын вагиналдык клеткага жана көпчүлүккө тиешелүү экендиги аныкталат.
Жабырлануучунун тырмагы алдында жабырлануучунун каны, кийим буласы кездешүүсү мүмкүн болгондуктан ал соттук-медициналык экспертиза бюросунун соттук-медициналык лабораториясынын соттук-биологиялык бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ошондой эле бул жакка шектүү адамдын жыныстык мүчөсүнөн алынган кийим буласы да жөнөтүлөт.
62. Жыныстык мүчөнүн кертмек башын текшерүүдө эпителиалдык катмарга, препуциалдык капта смерманын бар же жок экендигине көңүл бөлүнөт. Мунун өзү күбөлөндүрүүчүнүн текшерүү алдында жыныстык катнашка барган же барбагандыгын аныктоо үчүн маанилүү.
63. Жыныстык мүчө жана кийимде кездешкен ар кыл заттар болгон бүткөн өзгөчөлүктөрү менен толук баяндалып жазылат. Мындан сырткары, денеге келтирилген залалдар жана алардын кандай жол менен жасалгандыгы, ошондой эле ден соолукка болгон зыяны да эске алынат.