Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо министрлигинде кылмыш жана жарандык иштер боюнча комплекстүү медициналык-криминалисттик жана медициналык-автотехникалык экспертиза өткөрүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын кылмыш-процесстик жана жарандык мыйзамдарынын жалпы талаптарына жана берилген тиркемеге ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Көрсөтүлгөн экспертизаларды өткөрүү тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун, соттун аныктамасынын жана суроого жооп алуу талабы болгон учурда соттордун аныктамасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо министрлигинин соттук-эксперттик мекемелердин кызматкерлери болуп эсептелген эксперттердин биргелешип чыгарган корутундусунун (корутундуларынын) негизинде уюштурулат.
3. Медициналык-криминалисттик жана медициналык-автотехникалык экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо анын өндүрүшү кайсы соттук-эксперттик уюмуна тапшырылган жана анын кайсынысы ишти алып баруучу боло тургандыгы көрсөтүлүшү керек. Ишти алып баруучу уюм тууралуу маселени экспертиза дайындаган орган же жак тарабынан соттук-эксперттик уюмунун тиешелүү жетекчилеринин макулдугу же алардын илимий (эксперттик) иштери боюнча орун басарларынын макулдугу боюнча чечилет. Макулдашуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда тиешелүү адистер менен кеңешкенден кийин экспертиза дайындаган жак же орган суроону өз алдынча чечет. Кызматкерлери экспертизага берилген иштин негизги көлөмүн аткарган же алгачкылардан болуп аткарган уюмду ишти алып жүрүүчү кылып дайындоо максатка ылайык.
Эгерде экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо ишти жүргүзүүчү уюм көрсөтүлбөсө, анда иштин материалдары жана изилдөөгө алынган объектке багытталган уюм ишти алып жүрүүчү болуп эсептелет.
Комплекстүү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү өндүрүшү тапшырылган бардык мекемелерге жөнөтүлөт.
4. Комплекстүү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомду алган мекеме жетекчилери же алардын илимий (эксперттик) иштери боюнча орун басарлары адистердин саны жетиштүү болгон эксперттик топту түзүшөт.
Ишти алып баруучу мекеменин жетекчиси адистердин бирине эксперттик топтун башчылык милдетин жүктөйт.
Башкы эксперт изилдөөнүн жалпы иш чарасын иштеп чыгууну, эксперттик топтун ишмердүүлүгүн жетектөөнү, эксперттердин жыйынын жетектөөнү экспертиза өткөрүүнүн жалпы мөөнөтүнүн алкагында бөлүнүп каралган изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүн аныктоону, ушул тиркеменин 9-пунктунун талаптарына ылайык жүзөгө ашырат жана бул мөөнөттүн сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле мекемелердин жетекчилери менен экспертизаны дайындаган тарап же органдар менен байланыш түзөт. Башкы эксперт берилген иш боюнча маселелерди чечүүдө эч кандай процесстик артыкчылык албайт.
5. Изилдөөнүн жүрүшүндө маселелер ар башка мекемелердин эксперттери тарабынан көз карандысыз чечиле турган болсо, анда ал экспертиза комплекстүү болуп эсептелбейт. Мындай учурда ар бир мекеме маселе боюнча изилдөөнү өзүнүн кызматкерлеринин милдетине жараша жүргүзсө, иштин жыйынтыгы өз-өзүнчө бүтүм менен бекитилет.
Эгер экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо камтылган маселелердин кээ бирлери КР ССМнин жана КР Юстиция министрлигинин эксперттеринин биргелешкен чечимин талап кылса, дагы бири алардын бирөөнүн гана иш милдетине кирсе, экспертиза комиссиялык эреже менен жүргүзүлөт.
6. Эгер соттук-медициналык, криминалисттик жана автотехникалык экспертизаны жүргүзүүдө же экспертизага түшкөн материалдар менен таанышууда өндүрүшкө комплекстүү экспертиза зарыл болуп калса, эксперттик мекеменин жетекчилиги аталган тиркеменин 3-пунктунун талаптарына ылайык комплекстүү экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом чыгаруу укугуна ээ болгон, экспертизаны дайындаган органга же тарапка билдирет.
7. Объекттерде комплекстүү медициналык-криминалисттик жана медициналык-автотехникалык экспертиза жүргүзүлө турган затка тиешесиз нерселер табылган учурда башкы эксперт экспертиза дайындаган органга же тарапка табылган объектини жана анын эксперттик изилдөөсүнө мүмкүн экендигин көрсөткөн кат түрүндө билдирме жөнөтөт.
8. Комплекстүү экспертиза өткөрүү тапшырмасын алган мекеменин кызматкерлери болбогон адистер экспертизаны дайындаган тараптын же органдын көрсөтмөсү боюнча гана ишке тартылышы мүмкүн. Мындай зарылдык тууралуу аларды ишти алып баруучу мекеменин жетекчиси билдирет.
9. Комплекстүү медициналык-криминалисттик жана медициналык-автотехникалык экспертиза өткөрүү мөөнөтүн ишти алып баруучу мекеменин жетекчилери төмөндөгүдөй чекте белгилейт:
- көлөмү чакан болгон же татаал изилдөөлөрдү талап кылбаган материалдар боюнча - 20 күнгө чейин;
- көлөмү жактан чоң болгон же өзгөчө татаал изилдөөлөрдү талап кылган адистиги ар башка эксперттер тарабынан бир эле объектинин үзгүлтүксүз изилдениши боюнча материалдар - 1 айга чейин. Мындай учурда экспертиза өндүрүшүнүн мөөнөтү эксперттер иштин материалдары менен таанышып, алар тарабынан коюлган тиешелүү убакыттан кийин экспертизаны дайындаган орган же тараптын макулдугу боюнча белгиленет. Алдын ала тааныштыруу мөөнөтү 5 күндөн ашпоого тийиш.
10. Эгерде комплекстүү экспертиза изилдөө башталгандан кийин уюштурулса, ошондой эле иштин жүрүшүндө эксперттер топтун курамын кеңейтүү же кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү талап кылынган жаңы жагдайлар табылган учурда, ушул тиркеменин 9-пунктунда көрсөтүлгөндөй экспертизанын алгачкы мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эгер мөөнөтү 1 айдан ашып кетсе, анын узартылышы аталган тиркеменин ошол эле бөлүмүндө көрсөтүлгөн эреже боюнча жүзөгө ашырылат.
11. Экспертиза дайындаган орган же тараптарга кошумча материалдар көрсөтүлгөндүгү жөнүндө же изилдөө объектисине көрсөтүлгөн зыянсыздандыруу же жок кылуу боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн учурда, эгерде сурамжылоого чейин изилдөө жүргүзүүгө мүмкүн болбогон учурда комплекстүү экспертиза өндүрүшүнүн мөөнөтү токтотулат.
Ар кайсы эксперттер тарабынан бир эле объектиге жүргүзүлгөн комплекстүү экспертизанын жүрүшүндө үзгүлтүксүз изилдөө зарылдыгы мөөнөтүн токтотууга негиз боло албайт.
12. Комплекстүү экспертиза жүргүзгөн эксперттердин бүтүмү кат түрүндө берилет жана үч бөлүктөн турат: киришүү, изилдөө жана корутунду.
13. Киришүү бөлүгүндө төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) экспертизанын аталышы (медициналык-криминалисттик, медициналык-автотехникалык) анын номери (ишти алып баруучу мекеменин номери жана сызыкча аркылуу башка мекеменин номери көрсөтүлөт); эгер экспертиза кошумча же кайталанма болсо, анда ал өзгөчө көрсөтүлөт;
2) эксперттер тууралуу маалымат: аты-жөнү, билими, адистиги (жалпы жана эксперттик), илимий даражасы, илимий наамы, ээлеген кызматы, эксперттик иштеги тажрыйбасы;
3) материалдын экспертизага түшкөн жана бүтүмгө кол коюлган күнү;
4) экспертиза жүргүзүлгөн жери;
5) экспертиза жүргүзүүгө негиз (токтом же аныктама, качан жана ким тарабынан чыгарылган);
6) бүтүм чыгаруу үчүн олуттуу мааниге ээ болгон иштин жагдайлары;
7) экспертизага түшкөн материалдардын аталышы, изилдөө объектисинин таңгактоо түрү жана жеткирүү ыкмасы;
8) экспертиза жүргүзүүгө катышкан тараптар жөнүндө маалымат (аты-жөнү, процесстик абалы);
9) экспертиза чечимине коюлган маселелер. Маселелер экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо берилген формада келтирилет. Бир канча суроолор болуп калган учурда эксперттер аларды топтоштуруу, изилдөөнүн максаттуу түрү камсыздандырылган ирээтте билдирүү укугуна ээ. Эгер токтомдогу маселенин басылмасы соттук медицинада жана криминалистикада кабыл алынган жолдомого дал келбесе, бирок мазмуну эксперттерге түшүнүктүү болсо, анда маселени баштапкы формасына келтиргенден кийин эксперттер өздөрүнүн атайын таанымдарына жараша бул маселе боюнча түшүнүк берүүгө укуктуу.
Эксперттин демилгеси менен коюлган маселе, экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн маселеден кийин берилет.
Эгерде комплекстүү экспертиза кошумча же кайталанма болсо, бүтүмдүн кириш бөлүгүндө негизги (баштапкы) экспертиза тууралуу; бүтүмдүн номери жана күнү, эксперттин аты-жөнү, атасынын аты, эксперттик мекеменин аталышы, эксперттер тарабынан берилген кошумча же кайталанма экспертизаларды дайындоо себеби жана корутундусу көрсөтүлөт.
14. Изилдөө бөлүгүндө эксперттик изилдөөнүн жүрүшү жана анын жыйынтыгы баяндалат, эксперттик изилдөө объектисинин абалы көрсөтүлөт, изилдөө ыкмалары жана аны кабыл алуу шарттары камтылат, коюлган маселелерди чечүүдө эксперттер жетектеген маалымдама-ченемдик материалдарга (токтом, буйрук, тиркеме, усулдук көрсөтмө жана жолдомо) шилтеме, ошондой эле изилдөө жүргүзүүдө пайдаланылган адабий булактар (автору, иштин аты, басылган жери, жылы, бети) берилет.
Иштин материалында камтылган эксперттердин берген жыйынтыктарын пайдаланууда, иштин изилдөө бөлүгүндө берилген корутундулар иштин ошол барактарына шилтеме катары берилиши керек.
Изилденүүчү бөлүктө иштин ар башка адистиктеги эксперттери тарабынан изилдөөгө бөлүнүп каралган түрү бүтүмдүн бир бөлүмү катары камтылышы мүмкүн. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аралык корутундулары чыгарылышы мүмкүн. Бул корутундуларга иштин ушул бөлүгүнө изилдөө жүргүзгөн жана корутунду чыгарууга катышкан эксперттердин колу коюлат.
Бүтүмдүн синтездик бөлүмүндө ар башка адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына коюлган ар бир маселе боюнча биргелешкен баа берилет жана такталган фактылар тууралуу корутундулардын негиздемеси келтирилет.
Эгер комплекстүү экспертиза кошумча болсо, бүтүмдүн тиешелүү бөлүмүнө шилтеме берүү менен эксперттер баштапкы бүтүмдүн материалдарын пайдаланууга укуктуу. Медициналык-криминалисттик жана медициналык-автотехникалык кайталап кароодо эксперттер баштапкы экспертизанын жыйынтыгы менен айырмачылыктарды жокко чыгаруу негизин бериши керек.
15. Корутундулар эксперттердин алдына коюлган маселелерге жооп катары берилет жана ошондой эле эксперттердин өздүк демилгеси менен көтөрүлгөн маселелер камтылат. Ар бир коюлган маселе боюнча жооп берилет же аны чечүүгө мүмкүн эместиги көрсөтүлөт.
Корутундулар ар түрдүү талкууларды жаратпагандай, таасын так тил менен берилиши керек. Эгерде корутунду изилдөөнүн так жыйынтыгысыз чыгарылууга мүмкүн болбосо, каралган маселе боюнча жокко чыгаруу ирээтиндеги жооп камтылса, бүтүмдүн бул бөлүгүнө шилтеме киргизилет.
16. Корутундуга изилдөөнүн жыйынтыгына жалпы баа берүүгө, аны чыгарууга катышкан эксперттер кол коюшат.
Фототаблица, диаграмма, чийме ж.б. түрүндөгү бүтүмдүн тиркемелерине берилген изилдөөнү жүргүзгөн эксперттер тарабынан кол коюлат жана ал даярдалган мекеменин мөөрү менен бекемделет.
Бүтүм ишти алып баруучу мекеменин мөөрү менен бекемделет.
17. Комплекстүү экспертизанын өндүрүшүндө эксперттердин иш милдетинин чеги жөнүндөгү процесстик мыйзам көрсөтмөсү так сакталышы керек. Ар бир эксперт адистик таанымына жараша изилдөө жүргүзүүгө, ал тиешелүү болгон маселелерге корутунду чыгарууга катышууга укуктуу.
18. Жалпы корутунду чыгарууда эксперттер арасында ар түрдүү көз караш пайда болгон учурда, жалпы пикирге макул болбогон эксперттер өзүнчө бүтүм беришет. Аралык корутунду чыгарууда эксперттер арасында ар түрдүү көз караш пайда болгон учурда, эксперттер өздөрүнүн корутундуларын өзүнчө, бирок ошол эле бүтүмдүн ичинде берет.
19. Эгерде изилдөөнүн жүрүшүндө эксперттер тарабынан ар башка эксперттик мекемелердин биргелешкен корутундусун чыгаруу үчүн жеткиликтүү маалыматтар алынбаса, же башка себептери боюнча мүмкүн болбосо, ар бир мекеменин эксперттери каралып жаткан маселенин толук же жарым-жартылай чечими менен өзүнчө бүтүмүн берет. Мындай учурда ишти алып баруучу мекеменин жетекчилиги экспертизаны дайындаган тарапка же органга жалпы жыйынтык чыгарууга мүмкүн болбогон себептерин көрсөтүү менен экспертиза комплекстүү мүнөзүн жоготкондугу тууралуу билдирет.
20. Комплекстүү изилдөө жүргүзгөн эксперттердин бүтүмү экспертизаны дайындаган тарапка же органга жөнөтүү үчүн жетиштүү нускада жана кызматкерлери экспертизанын өндүрүшүнө катышкан ар бир мекеменин архивдик бөлүмүндө даярдалат.
Бүтүмдү жана ага тиркемени ишти алып баруучу мекеме тариздейт. Ишти алып баруучу мекеме катышпай аткарылган бүтүмдүн тиркемеси алар даярдалган мекеме жана эксперттер тарабынан таризделет.
21. Бүтүмдүн сапатына көзөмөл, анын илимий-усулдук талаптарга, процесстик мыйзам ченемдерине жана учурдагы Эрежеге дал келиши кызматкерлерин эксперттик өндүрүшкө катыштырган мекемелердин жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эскертүү:
КР Юстиция министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик мекемелериндеги адистер башка ведомстволордун комплекстүү экспертизаны жүргүзгөн адистери менен ушул Эреженин талаптарын жетекчиликке алат.