Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 26-январындагы №61/68/2 токтому менен жактырылган |
Киришүү
1. Макроэкономикалык саясат
2. Акча-кредиттик саясат
3. Фискалдык саясат
4. Бюджеттик саясат
5. Мамлекеттик карыз
6. Реалдуу секторду өнүктүрүү
7. Социалдык саясат
Корутунду
Киришүү
2010-жылдагы окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясаты социалдык натыйжаларды жеңүүгө жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн туруктуу векторуна алып чыгууга, бюджеттин абалын жакшыртууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш аракеттеринин негизги натыйжалары болуп экономикалык өсүштүн тартыштык коркунучун жок кылуу жана макроэкономикалык стабилдүүлүк параметрлерин жакшыртуу фонунда социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу тенденциясына чыгуу жана өлкөдөгү ички саясий чыңалууларды азайтуу саналат.
2011-жылы экономикалык өсүшкө жеттик. 2011-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыктары боюнча ички дүң продукциялардын (ИДП) көлөмүн алдын-ала баалоо 273,1 млрд. сом суммасында түзүлдү, реалдуу өсүш 105,7%ти түздү, ошондой эле 2010-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 99,5%ти түзгөн. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 105,6%ти түздү (2010-ж. - 99,0%).
2011-жылдын январь-декабрь айларында экономикалык өсүштүн жакшы темпине жетүүгө таасирин тийгизген негизги секторлор өнөр жай жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү болду, ал эми курулуштун салымы терс болуп калды.
2011-жылы инфляциянын деңгээли (2011-жылдын декабры 2010-жылдын декабрына карата) 5,7% деңгээлинде түзүлгөн, ал эми 2010-жылы бул көрсөткүч 19,2%ти түзгөн.
Өлкөнүн экономикалык жагдайын жакшыртууга таасирин тийгизген негизги факторлор:
- өлкөдөгү туруктуу экономикалык өсүш - Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү (Россия - 4,2%, Казакстан - 7,5%, Кытай 9,2%);
- өлкөдөгү инфляциянын орточо көрсөткүчтөрү - негизги соода өнөктөштөр (Россия, Казакстан);
- дүйнөлүк товардык - сырьелук рыноктогу баалардын орточо динамикасы (азык-түлүк, энергия алып жүрүүчүлөр);
- ишкердиктин субъекттери үчүн салыктык преференциялар (тигүү жана текстиль тармактарынан салык алууну жеңилдетүү жана жөнөкөйлөтүү, КНСтен бошотуу: айнек кайнатуучу мештерди куруу жана оңдоо үчүн адистештирилген товарларды, алтын жана күмүш эритмелерин, аффинаждалган алтын жана күмүштү берүү жана экспорттоо, "Майлуу-Суу электр лампа заводу" ЖЧКсын салык алынуучу субъекттердин тизмесине киргизүү ж. б.);
- коррупцияны жана көмүскө экономиканы азайтуу максатында текшерүүлөрдү, лицензиялардын санын жана башка мамлекеттик жөнгө салуучу чараларды кыскартуу аркылуу бизнести жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөтүү;
- бир катар ишканалардын кредиттик карыздарын реструктуралаштыруу ("Касиет" ачык акционердик коому (ААК), "Ак-Тилек" ААК, "Достук" заводу);
- 1 унция үчүн 1326-1652,3 доллар деңгээлинде алтынга болгон бааны өстүрүү (2011-ж. январь-декабрь);
- Россия тараптан Кыргызстанга берилүүчү нефти продуктыларына экспорттук алымдарды алып салуу;
- экономикага кредиттерди жана кайра иштетүү, кен казуу өнөр жайларына инвестициялардын агымын өстүрүү.
Кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон көйгөйлөрдү оперативдүү чечүү жана экономикалык өсүштөгү төмөндөөнү болтурбоо, бюджеттин жана жалпы финансылык системанын туруктуулугун сактоо, ошондой эле 2011-жылы иштиктүү активдүүлүктөрдү калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылга "Экономика жана коопсуздук" кыска мөөнөттүү иш чаралар планы ишке ашырылды. Социалдык саясат эмгек акыны жана пенсияларды жогорулатууга багытталды, анын ичинде мугалимдердин жана врачтардын эмгек акысы эки эсеге жана андан ашык, пенсиялар 30%ке көбөйдү. Түштүк региондо жабыр тарткан ишкердик субъекттери үчүн салыктык жана бажылык өзгөчө жеңилдиктерди берген ченемдик укуктук документтер белгиленди, ишкердик субъекттерин жана башкаларды колдоого багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө коомчулук жана бизнес үчүн Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү, ошондой эле узак мөөнөттүү багыттары зарыл. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасы жактырылды (2011-жылдын 23-декабры № 1451-V). Бул Программа Өкмөттүн өзүнүн иштөө учурунда ишке ашыруучу максаттарын, милдеттерин жана негизги чараларын аныктайт. Программа уланмалуулук жана коомчулуктун кызыкчылыктарын чагылдыруу принцибинде иштелип чыкты. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 540 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көпчүлүгү кирген коалициядагы партиялардын шайлоо алдындагы программалары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо алдындагы программасы эске алынды.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, ошондой эле экономиканын ар кандай секторлорундагы экономикалык стабилдүүлүктү сактоо жана колдоо максатында 2012-жылга экономикалык саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсү иштелип чыкты.
1. Макроэкономикалык саясат
2012-жылга макроэкономикалык саясатты ишке ашыруунун негизги максаты туруктуу экономикалык өсүш үчүн макроэкономикалык стабилдүүлүктү бекитүү, орто мөөнөттүү мезгилге экономикалык жана социалдык өнүктүрүү үчүн базалык шарттарды түзүү болуп саналат.
2012-жылдагы макроэкономикалык саясат төмөнкү негизги маселелерди чечүүгө багытталат:
- ички дүң продуктунун (ИДПнын) 7,5%тен төмөн эмес реалдуу өсүш темпин камсыздоо, анын ичинен төмөнкүлөрдүн эсебинен:
өнөр жай секторунун продуктуларын 7,6%ке өстүрүү;
айыл чарба өндүрүшүн 3,5%ке өстүрүү;
курулуш секторун 24,6%ке өстүрүү;
кызмат көрсөтүү секторун 7,5%тен кем эмес өстүрүү;
- 9%тен жогору деңгээлде инфляцияны сактоо;
- бюджеттин тартыштыгын ИДПга карата 5,0% чегинде кармап туруу;
- айлык орточо эмгек акыны 15,5%ке көбөйтүү;
- мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында аткаруу.
Өлкөдөгү макроэкономикалык стабилдүүлүктү жакшыртуу, туруктуу экономикалык өсүш, дүйнөлүк азык-түлүк жана сырьелук рыноктордогу баанын төмөндөшү 2012-жылы жогорку эмес инфляциялык көрүнүштүн сакталып туруусу үчүн шарт түзөт. Өкмөт жана Улуттук банк бул шарттарда инфляциянын иш жүзүндөгү мааниси белгиленген инфляциялык чектен жогору болуп калышы мүмкүн экендигин түшүнүшөт, ошондуктан 2012-жылы өлкөдө баалардын өсүш темпин кармап турууга багытталган чаралардын комплекси кабыл алынат, бул андан ары инфляцияны бир маанидеги деңгээлге төмөндөтүүгө мүмкүндүк бермекчи.
2. Акча-кредиттик саясат
2011-жылы экономиканы калыбына келтирүү туруктуу мүнөзгө ээ боло баштады. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макроэкономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн экономикалык саясаттын чаралар комплексин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталган күчтөрү экономикалык өсүшкө өз салымдарын кошту. Ошону менен бирге баанын жалпы деңгээлинин өсүш темпинде маанилүү төмөндөөлөр болду, бирок инфляциядагы жагдай дагы да болсо кылдат көңүл бурууну талап кылат. Соңку жылдарда байкалган керектөө бааларынын динамикасы болуп жаткан инфляциянын бир кыйла өйдө-төмөн болушу көпчүлүк жагынан монетардык эмес факторлор менен, атап айтканда азык-түлүк товарларына баалардын волатилдүүлүгүнөн, эң башкысы дүйнөлүк товардык жана сырьелук рыноктордо баалардын өйдө-төмөн болушу менен шартталган.
Азык-түлүк товарларынын айрым топторуна баалардын төмөндөшүнө карабастан орто мөөнөтүү келечекте мурункудай эле маанилүү тамак-аш продуктуларына карата баалар жогорку деңгээлде калууда. Тышкы баа коньюнктурадан көз карандылыкты сактоо факторунан тышкары ички баа жагдайы көпчүлүк учурда айыл чарба секторун структуралык реформалоо, өндүрүштүк артыкчылыктарды жана ата мекендик товарлардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн тышкы экономикалык позициясын өзгөртүү, анын ичинен Бажы союзуна кирүү процессине байланыштуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү суроо жана сунуштоо ортосундагы баланс административдик белгиленүүчү тарифтер сыяктуу факторлор менен аныкталат. Монетардык инфляциялык факторлордун таасири көпчүлүк деңгээлде мамлекеттик финансылык секторлордун бюджеттик тартыштыктарынын көрсөткүчтөрү эсебинен болот.
Бул шарттарда Улуттук банктын иш аракеттери 2012-жылдын аягына чейин инфляцияны 9%тен жогору эмес деңгээлде сактоо үчүн акча-кредит саясатынын инструменттерин пайдалануу аркылуу инфляциянын монетардык факторлорун кармап турууга багытталган. Ошону менен, биринчи кезектеги милдети болуп адекваттуу инфляциялык күтүүлөрдү түзүү жана банктык системаларга ишенимдерди калыбына келтирүү болуп саналат.
Улуттук банктын орто мөөнөттүү негизги милдеттеринин бири болуп проценттик трансмиссиялык механизм иштерин жакшыртуу, финансылык рынокту өнүктүрүү жана банктык сектордогу атаандашууну күчөтүү аркылуу акча-кредиттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу саналат. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн болтурбоо максатында валюталык интервенциялар жүргүзүлүүчү алмашуу курсунун өзгөрүлүп туруучу саясаты сакталат. Алмашуу курсуна басым күчөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы эл аралык резервдерди олуттуу кыскартуудан четтейт, мында башкаруу өтүмдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоонун негизги принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.
Банк секторлорундагы системалык тобокелдиктерди алдын алууга эрте таасир берүү системасын өнүктүрүүнүн жана кыска мөөнөттө проблемалуу банктардын санациялоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн ченемдик укуктук базаларды жакшыртуу зарылдыгы Улуттук банктын көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү иш-аракеттеринин төмөнкү артыкчылыктуу тармактарын аныктайт: а) Банктык кодексти иштеп чыгуу; б) коммерциялык банктардын иш аракеттерин көзөмөлдөө маселелери боюнча регулятивдүү ченемдик базаны жакшыртуу; в) консолидардык көзөмөлдөө системаларын өнүктүрүү; г) көзөмөлдөөгө багытталган тобокелдиктердин айрым элементтерин жайылтуу; д) банктык тобокелдиктерди баалоо, талдоо жана алдын-алуу системаларын жакшыртуу.
Банктык системаларды чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзгөчө режимдеги банктарды жөнгө салуучу талаптарга толугу менен туура келгенге же жоюу башталганга чейинки проблемаларын чечет.
2012-жылы микрокаржылоо секторунун иш-аракеттериндеги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшүндөгү дурус тренддерди сактоо күтүлүүдө. Микрокаржылоо рыногунда көрсөтүлгөн кызматтардын жана атаандашуунун транспаренттүүлүгүн жогорулатуу үчүн керектөөчүнүн укугун коргоо принцибин жайылтуу менен микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмесин кеңейтүүгө байланыштуу, өнүктүрүүнүн негизги багыты болуп банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны жакшыртуу саналат. Көзөмөлдөө функцияларын жакшыртуу бөлүгүндө банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө багытталган тобокелдиктердин методикасын жайылтуу боюнча иш-чаралар ишке ашырылат.
Улуттук банк республикада чекене төлөө рыногун өнүктүрүү, калкты банктык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча план ченемдүү иштерин улантууда. Ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, мамлекеттик органдар менен бизнес-чөйрөнүн өз ара тыгыз байланышы атаандашууну колдоого жана акыркы керектөөчүнү коргоого багытталат. 2012-2017-жылдар аралыгында акчаны которуп төлөө жана эсептешүү үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун экинчи этабын кайрадан баштоо акча жүгүртүүнүн айкындуулугуна жана накта же накталай эмес акчаны жүгүртүүнүн оптималдуу катышына байланышына жетүүгө мүмкүндүк болот.
Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жана төлөө системасындагы финансылык тобокелдиктерди азайтуу максатында Улуттук банк өлкөнүн төлөө системаларын түзүү үчүн көзөмөлдөө жана Кыргыз Республикасынын төлөө системаларынын техникалык инфраструктурасын жана корреспонденттик мамилелерди контролдоону камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат. Төлөө системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) чөйрөсүндөгү саясат рыногунда пайда болгон инновациялык технологияларды эске алуу менен жакшыртылат.
2012-жылы Улуттук банк автоматташтырылган банктык маалыматтык системаны ишке киргизүү жана финансы рыногунун инфраструктурасын модернизациялоо, ал эми орто мөөнөттүү келечекте - маалыматтык системаларды жана технологияларды жаңылоо боюнча долбоорду аяктоону пландайт.
Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын иш-аракеттерин макулдашуу кеминде эки багыт боюнча жүргүзүлөт: ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында макулдашылган макроэкономикалык болжолдорду иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ведомстволор аралык координациялык кеңешинин алкагында акча-кредиттик жана салык-бюджеттик саясатты координациялоо.
Акча-кредиттик саясаттын параметрлери мамлекеттик финансылык секторлордун көрсөткүчүнөн көз каранды. 2012-жылга республикалык бюджеттин параметрлерин аныктоочу мыйзам долбоордун ушул билдирүүсүн кабыл алуу учурунда бекитүү жол-жоболорунан өтө элек болчу. Белгисиздиктин дагы бир фактору болуп өлкөнүн Бажы союзуна өтүү шарттарын макулдашуу жол-жоболорунун аяктай элеги саналат. Бул жагдайлар макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолдорун инфляцияларды баалоону кошо алганда кайрадан каралышы мүмкүн экендиги менен болжолдонот.
3. Фискалдык саясат
2012-жылы фискалдык саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
а) салыктык жана бажылык башкаруунун системасын өркүндөтүү;
б) ишкерлердин жана контролдоочу органдардын укуктарынын алгылыктуу балансына жетишүү; в) коррупцияны азайтуу; г) контролдоочу органдардын иштеринин ачык-айкындыгын камсыздоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу, бажы органдары көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана бажылык тариздөөдө тышкы экономикалык иш аракеттердин катышуучуларын ашыкча кармоону кыскартуу.
Салыктык саясат салыктык түшүүлөрдүн толуктугун камсыздоого, башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталат. Бул максаттарга жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- легалдуу бизнести стимулдоочу башкаруунун көз карашынан алганда бир түргө келтирилген жана жөнөкөйлөтүлгөн салык салууну пайдалануу;
- сапаттуу башкарууга багытталган патенттөө режимин өркүндөтүү;
- нарктык баалоодон салмактын негизинде баалоо менен импорттолуучу көпчүлүк товарларды өткөрүү;
- социалдык жыйымдарды жана отчетторду башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына топтоо, бул текшерүүчү органдардын санын кыскартууга жана бизнеске болгон оорчулуктарды алып келет.
- бажылык жана салык иштериндеги тобокелдиктерди башкаруу системасына текшерүү жүргүзүүгө өтүү;
- алып келинген товарлардын бажылык наркын контролдоону оптималдаштыруу;
- товарларды декларациялоонун ырастыган контролдоону күчөтүү;
- бажылык чек ара аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды контрабандалык алып өтүүлөргө масштабдык операцияларды жүргүзүү.
Салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо үчүн төмөнкүлөр каралаган:
1) бажылык декларацияларды берүү жана тышкы экономикалык иштин (ТЭИ) катышуучулары менен бажы органдарынын ортосундагы маалымат алмашууну жеңилдеткен электрондук системасын кошуп, бажы кызматынын автоматташтырылган маалымат системасын жайылтуу;
2) салыктык отчетторду электрондук түрдө берүү үчүн салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасын жана салык төлөөчү салыктык милдеттерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн салыктык башкаруудагы заманбап технологияларды жайылтуу;
3) тобокелдик факторлорун эске алуу менен салыктык текшерүүлөрдүн натыйжалуу системаларын жайылтып, салыктык контролдоо жол-жоболорун автоматташтыруу (салык төлөөчүлөрдү текшерүү боюнча электрондук мониторинг системасын түзүү);
4) системалык негизде салык салуудан четтөө үчүн пайдаланылуучу жаңы ыкмаларды жана схемаларды ачып көрсөтүү жана мындан ары алардын пайда болуусуна көмөктөшкөн себептерди жок кылуу боюнча чараларды жайылтуу;
5) бажылык башкарууга жаңы прогрессивдүү технологияларды жайылтуу.
Коомчулуктун салык жана бажы кызматтарына ишенимин жогорулатуу жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн төмөнкүлөр пландалууда:
1) салыктык декларацияларды иштеп чыгуучу 3 борбор түзүү (түндүк, түштүк жана чыгыш региондору боюнча);
2) көп тараптуу өткөрүү пункттарын видеобайкоо системасы менен жабдуу;
3) кызмат өтөөдө коррупциялык жагдайларды алдын алуу боюнча салык жана бажы кызмат органдарында маалыматтык программаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
4) салык жана бажы органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө салык төлөөчүлөрдү жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин субъекттерин системалык анкеталоону жайылтуу;
5) көрсөтүлүүчү кызматтар, толтурулган формадагы документтердин үлгүсү, документтерди электрондук толтуруу жана берүү мүмкүнчүлүктөрү, документтерди жүгүртүү тартиптери, чечимдерди талашуу жана даттануу тартиптери жөнүндө салык төлөөчүгө маалымат берүү жол менен салык кызматын башкаруу процессиндеги ачык-айкындуулукту камсыздоо.
Бажы органдары көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана бажылык тариздөөдө жана бажылык контролдоо тышкы экономикалык иш аракеттердин катышуучуларын ашыкча кармоону кыскартуу үчүн төмөнкүлөр каралды:
- мамлекеттик чек арада, негизинен "Ак-жол унаа жолдору" көп тараптуу өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүүгө жөндөмдүү өткөрүү пункттарын көбөйтүү;
- чек арадан өтүүдө убакытты кыскартуу үчүн жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымдарын ажыратуу;
- күтүүгө жана текшерүүгө максималдык убакыт белгилөө;
- ТЭИ катышуучуларына маалымат жана кеңеш берүү тажрыйбасын кеңейтүү;
- GPS системасын (Global Positio№i№g Sistem - позициялоонун глобалдуу системасы) жайылтуу жана бажылык коштоп жүрүүдөн толугу менен баш тартуу маселелерин карап чыгуу.
4. Бюджеттик саясат
2012-жылы мамлекеттик сарптоолор саясатынын максаты мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо, экономикалык өсүш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экономикалык баа берүү системасын киргизүү менен мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болмокчу.
2012-жылы бюджеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик милдеттенмелерди жана социалдык кепилдиктерди аткаруу;
- калктын жашоо деңгээлиндеги региондор аралык дифференциалдуулукту азайтуу;
- бюджеттин тартыштыгын кыскартуу;
- инвестициялык жол-жоболорду активдештирүү.
2012-жылы өлкөнүн бюджеттик саясатын аныктоочу Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун иштеп чыгуу форматын жана жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча иштер улантылат. Бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү анын программалык форматын ишке киргизүү да улантылат.
Азыркы учурда мамлекеттин чыгаша милдеттенмелеринин өсүш тенденциясы сакталууда, бул жылдан жылга бюджеттин тартыштыгын жогорулатууга алып келет. Бюджеттин олуттуу тартыштыгы салттуу механизмдерди жакшыртуу, ошондой эле кирешенин альтернативдүү булактарын издөө жолу менен аны оптималдаштыруу зарылдыгын таңуулайт. Бул - экономиканын реалдуу секторлоруна кошумча инвестицияларды тартуу, салыктык жеңилдиктерди кайрадан карап чыгуу, салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, башкаруунун бардык системасын жакшыртуу аркылуу бюджеттик келип түшүүлөрдү көбөйтүү.
Чыгашаларды кыскартуу боюнча саясат лицензияларды жана уруксат берүүлөрдүн санын кыскартууга, контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүн реформалоого, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүн тартипке келтирүүгө жана мамлекеттик кызматкерлердин штаттык санын кыскартууга багытталат.
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу үчүн 2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча Иш аракеттердин орто мөөнөттүү планы өркүндөтүлдү.
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо алкагында Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси иштелип чыгат, бюджеттик процесстерди автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлдү жана бюджеттер ортосундагы мамилелер системасы өркүндөтүлөт.
Салыктык эмес төлөмдөр структурасын реформалоо акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды оптималдоого жана мамлекеттик менчиктерди жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталат.
Салык жана бажы органдары тарабынан башкарууну жакшыртуу боюнча атайын программалар кабыл алынат, ошондой эле эл аралык уюмдар менен келишимдер боюнча бюджетке гранттардын түшүүсүн камсыздоо үчүн Өкмөттүн бардык милдеттенмелери аткарылды. Бюджеттин кирешелери Эл аралык валюта фонду менен Меморандумдун жобосун эске алат.
Мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу максатында мамлекеттик аппараттын структураларын кыскартуудан башка конкреттүү программаларга жана долбоорлорго бюджеттик чыгымдарды пландаган жана пайдаланууну болжолдогон бюджеттик чыгашалардын натыйжалуулук механизми киргизилет. Бул бошогон каражаттар экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат, ал кийин кирешенин көбөйүшүнө алып келет.
Бюджеттик саясатты өркүндөтүү алкагында мамлекеттик карыздарды башкаруу жолдору кайрадан каралат. 2012-жылы тышкы карыздардын жагдайын жакшыртуу үчүн Мамлекеттик карыздарды башкаруу боюнча жаңы Стратегия иштелип чыгат жана кабыл алынат.
5. Мамлекеттик карыз
Мамлекеттик карызды башкаруу карыз түйшүгүн акырындап жеңилдетүү багытында, анын ичинде тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн белгиленген графигин бир эле учурда сактоо менен тышкы карыздарды кыскартуунун эсебинен ишке ашырылат. Орто мөөнөттүү келечекке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик карыздарды башкаруу боюнча жаңы стратегиясынын алкагында жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлине жетишүү, анын структураларын оптималдаштыруу жана мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу үчүн негиздерди түзүү максатында төмөнкүлөр болжолдонот:
- мамлекеттик тышкы карыз түйшүктөрүн жеңилдетүү;
- мамлекеттик карызды өз убагында тейлөө;
- тышкы карызды андан ары реструктуралоо мүмкүнчүлүгүн кароо;
- эки тараптуу кредиторлор менен конверсиялык операцияларды жүргүзүү;
- натыйжалуу жана экономикалык жактан негизделген долбоорлорго кеминде 35 процент грант-элементи менен жеңилдетилген тышкы кредиттерди тартуу;
- мамлекеттик баалуу кагаздардын баштапкы, ошондой эле экинчи рыногун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды кармоочулардын чөйрөсүн кеңейтүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу ички карыз алуулардын көлөмүн өстүрүү;
- тобокелдиктерди башкаруу тажрыйбасын колдонууга киргизүү.
6. Реалдуу секторду өнүктүрүү
6.1. Өнөр жай
2012-жылы өнөр жай секторунда(1) ИДПга карата салыштырма салмагы 19,9% менен 7,6%ке өстүрүү болжолдонууда. "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишкананы эсепке албаганда, кен казуу жана кайра иштетүү тармагындагы өндүрүштөрдүн туруктуу иштешинин эсебинен өнөр жай өндүрүштөрүн өсүшү 10,8% деңгээлинде болжолдонууда.
Кайра иштетүүчү өнөр жайында өндүрүштү 8,0%ке, тамак-аш продуктуларын, анын ичинде суусундуктарды жана тамекини 6,8%ке, текстиль жана тигүү өндүрүшүн 7,8%ке, химиялык өндүрүштү 29,7%ке, металл эмес башка минералдык продуктуларды 26,1%ке, металлургия өндүрүшүн 6,9%ке өстүрүү болжолдонууда.
Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жогорулатуу тамак-аш продуктуларын, анын ичинде суусундук жана тамеки, кант, ун, өсүмдүк майын өндүрүү эсебинен, ошондой эле алкоголдук жана тамеки тармагындагы көмүскө иш-аракеттердин көлөмүн кыскартуу эсебинен болжолдонууда. Болжолдонгон көрсөткүчтөрдү аткаруу 2012-2015-жылдарга азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайларын өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылат.
2012-жылы текстиль жана тигүү өндүрүшүндөгү болжолдуу көрсөткүчтөр "Касиет" ААК, "Розквит" ЖЧК, Бишкек кендир фабрикасы, "Илбирс" АК, "Кара-Балта Килем" ЖЧК ж.б. иштеп жаткан ишканалардын өндүрүштүк көлөмүн өстүрүү, сатуу рынокторду кеңейтүү жана экспорттук берүүлөрдү жогорулатуу, жаңы ишканаларды түзүү эсебинен пландалууда.
Болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында 2011-2013-жылдарга текстиль жана тигүү өнөр жайларын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууну улантуу, ошондой эле иштеп жаткан тигүү өнөр жайларын кеңейтүү жана жаңы өндүрүштөрдү киргизүү, эл аралык рынокторго тигүү продукцияларын жылдыруу, экспортту көбөйтүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүү каралууда.
Химиялык өнөр жайдын өндүрүштүк көлөмүн көбөйтүү "Таш-Көмүр Солар" ("Кристалл" ААК) жабык-акционердик коомдун (ЖАК) иш-аракеттерин активдештирүү жана "КХМЗ-Астра" ЖЧК жана Айдаркен сымап комбинаты АК ишканаларынын иштерин турукташтыруу эсебинен болжолдонууда.
Курулуш материалдарын өндүрүүдө өндүрүштүн иш жүзүндөгү болжолдонгон өсүшү көпчүлүк деңгээлде узак мөөнөттүү оңдоолордон кийин 2012-жылы май-июнь айларында "Интергласс" ЖЧК айнек заводун ишке киргизүү, мында курулуш материалдарын өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы 20%ти түзөт, ошондой эле "Түштүк-Кыргыз Цемент" ЖАКтын кубаттуулугун өздөштүрүү менен цемент өндүрүшүнүн (тармактагы эң чоң салыштырма салмагы - 50%) кубаттуулугун өздөштүрүүнү улантуу менен шартталат. "Интергласс" ЖЧКсына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 9-июнундагы Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин айнек өндүрүшүн модернизациялоо үчүн жабдууларды импорттоодо КНСтен бошотуу бөлүмүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Курулуш продукцияларынын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү улантылууда, мисалы, пескоблокту өндүрүүнү 1,5 эсеге, гипс алууну 1,7 эсеге жана андан жасалган буюмдарды 3 эсеге көбөйтүү болжолдонууда.
Металлургия өндүрүшүндөгү өсүш негизинен алтын казуу тармагындагы өндүрүштөрдү көбөйтүү эсебинен болжолдонууда, мында негизги үлүштү реалдуу өсүшү 5,0% менен "Кумтөр" кен казуу ишканасы ээлейт. Бул учурда "Кыргызалтын" ААКсы ишканасынын иши алтын казууну 20,0%ке көбөйтүү менен болжолдонууда. Мындан тышкары, металлургиялык өндүрүштө кен казууну көбөйтүү Иштамберди, Жамгыр, Бозымчак, Караказык кендеринен алтын казууну өздөштүрүү эсебинен болжолдонууда.
Кен казуу өнөр жайындагы реалдуу өсүш темпин 7,8%ке жеткирүү төмөнкүлөрдүн эсебинен болжолдонууда: а) көмүр, лигнит жана чым көңдөрдү казууну 1,2 эсеге көбөйтүү; б) нефти казуу боюнча жабдууларды технологиялык жаңыртуу жана нефти иштетүүчү ишканаларды толугу менен иштетүү аркылуу нефти казууну 4,7%ке көбөйтүү.
(1) Кайра иштетилген сырьенун наркын кошпогондо
6.2. Айыл чарба
Айыл чарба приоритеттүү болуп кала берет, анткени бүткүл калктын үчтөн бир бөлүгү ушул сектордо иштейт, жана элдин 65 проценти айыл жерлеринде жашайт. 2012-жылы реалдуу өсүш темпи 3,5% деңгээлинде күтүлөт, ал өсүмдүктөрдү 4,9%ке жана мал чарбачылыгын 2,0%ке өстүрүү эсебинен камсыз кылынат.
2012-жылы өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн болжолдонгон өсүш темпи пайдаланылбаган айдоо жерлерин кыскартуу, айыл чарбасына багытталган түшүмдүү жерлерди калыбына келтирүү жана өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы комплекстүү коргоо иш-чараларын өткөрүү, дыйканчылык тармагына жагымдуу агрохимиялык жана фитосанитардык жагдайларды түзүү, кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн себилүүчү кондициялык үрөндөрүнүн салыштырма салмагын көбөйтүү, айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, жер реформасын тереңдетүү, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, техникалык өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү, айдоо аянттарынын структурасын оптималдаштыруу, кредиттик ресурстарга жетүүнү жогорулатуу, үрөндөрдүн сортторун жакшыртуу, машина-трактор парктарын жаңылоо эсебинен камсыздалат.
Мал чарбачылыгындагы реалдуу өсүш малдын башын көбөйтүү, зооветсервистерди жана жеке ветеринардык кызматтарды кеңейтүү эсебинен селекциялык-асыл-тукум малдын генофондун көбөйтүү иштерин жогорулатуу жолу менен камсыздалат.
Региондорго карата айыл-чарба продукцияларын өндүрүүгө чоң салым Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынын иш аракеттеринен пландалууда, айыл чарба продукцияларын дүң чыгарууда алардын суммардык үлүшү 75,2%ти түзөт. Бул сектордогу коркунуч отун жана күйүүчү майлоочу майларга болгон баанын өсүшү, ошондой эле минералдык семирткичтердин тартыштыгы жана жаратылыштык-климаттык факторлор.
Белгиленген чараларды ишке ашырууда мамлекеттик инвестициялар программаларынын ишке ашырылган долбоорлордун: "Агробизнес жана маркетинг, "Айылдык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр долбоору", "Ички чарбачылык сугат иштеринин экинчи долбоору", "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу" жана башкалардын алкагында колдоо көрсөтүлөт:
Мындан тышкары, айыл чарбасындагы өсүш 2012-жылы жазгы талаа иштерине ата мекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан "Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоору боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 1 млрд. сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттерди берүүнү жана 2012-2013-жылдары мал чарбасын өнүктүрүүнү пландоону эске алуу менен күтүлүүдө.
6.3. Курулуш
2012-жылы курулуш секторундагы реалдуу өсүш темпи 124,6% деңгээлинде болжолдонууда. Капиталдык салымдарга чыгымдарды социалдык-экономикалык маанидеги объекттерди (билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт, турак-жай курулуштар) республикадагы унаа жолдорун курууга жана оңдоого багытталаары пландалууда. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн каралган каражаттар шаарды калыбына келтирүү жана турак-жайды, социалдык жана инженердин инфраструктураларды өнүктүрүү боюнча иштерди улантууга жумшалат.
Чыгымдар биринчи кезекте төмөнкүлөргө жумшалат:
- республикалык бюджеттен каржыланган, курулушу бүтө элек объекттерге жана пландалган жылга бүтүрүүгө тийиш болгон курулуштарга;
- иш жүзүндө бөлүнүп берилген каражаттардын жетишсиздигинен улам аткарылбай калган республикалык бюджеттин акча милдеттенмелеринин бюджеттик милдеттенмелер лимитинин чегинде кабыл алынган курулуштарга жана объекттерге;
- суу чарбасындагы объекттерди куруу программасы боюнча иш чараларды аткарууга жана республикадагы жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө;
- Бишкек шаарындагы массалык жеке курулуш аймактарындагы инженердик жана социалдык инфраструктураларды курууга;
- каржылоонун башка кошумча булактарын тартууну камсыздаган заказчы үчүн курулуштарга жана объекттерге.
2012-жылы капиталдык салымдын көлөмүн 63,6 млрд. сомго же 2011-жылга салыштырганда реалдуу өсүшүн 23,4%ке көбөйтүү болжолдонууда. Учурда курулуштагы негизги салымды төмөнкү ири инвестициялык долбоорлор кошот: 500 кВ "Датка" ПС, ВЛ 220 кВ подстанцияларын куруу жана республиканын түштүгүндөгү 220 кВ объекттерин реконструкциялоо, Иштамберди, Жамгыр кендеринде алтын казуу объекттерин куруу. "Датка-Кемин" ВЛ 500 кВ, ГЭСтин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштоо пландалууда. "Датка-Худжент" ВЛ 500 кВ (САSА-1000 долбоору) ишке ашыруу жана Камбарата - 1 ГЭСин куруу боюнча иштер улантылат.
Региондорду өнүктүрүү негизги капиталга тренддин түшүшүнөн инвестициялардын өсүшү болжолдонууда. Бул секторго негизги салым инвестициядагы суммалык үлүшү негизги капиталда 84,8%ти түзгөн, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облустары жана Бишкек, Ош шаарлары тарабынан болжолдонууда. Курулуш сектору үчүн терс факторлор болуп чет элдик инвесторлордун ишеничи төмөндөгөндөн улам курулушка инвестициялык түшүүлөрдүн азайышы калууда.
Артыкчылыктары болуп жолдорду жана жол коммуникацияларын оңдоого салымдарды көбөйтүү саналат, ошондуктан 2012-жылы "Тараз-Талас-Суусамыр", "Бишкек-Нарын-Торугарт", "Ош-Исфана", "Ош-Сарыташ-Эркечтам", "Түп-Кеген", "Түштүк транспорт коридору" автожолдорун реконструкциялоону улантуу, "Региондук жол коридорлорун жакшыртуу" долбоору боюнча жолдорду реабилитациялоо күтүлүүдө.
6.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
2012-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө төмөнкүлөр аркылуу туруктуу өсүш тенденциясы сакталат: а) ишкердик чөйрөнү жөнгө салган ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү; б) өсүштүн натыйжасында жаңы, тез өскөн кызматтарды, туризмди жана телекоммуникацияны кошо алганда кызмат көрсөтүү секторун кеңейтүү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү дүң чыгаруунун өсүшүнө негизинен төмөнкү рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүш эсебинен жетет: соода, транспорт жана байланыш, мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүлөр. Кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптар калктын акчалай кирешесинин өсүшү менен колдоого алынат.
Ички соода тармагындагы саясат калк, товар жүгүртүүдө финансылык контролдоону калыбына келтирүү, ири чекене соода ишкана түйүндөрүн өнүктүрүү жана сервистердин заманбап индустрия тармагын түзүү үчүн керектөөчү рынокко жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталат.
Тездетилген экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн транспорттук инфраструктураларды жана алардын эл аралык транспорттук түйүндөрдө интеграциясын өркүндөтүү белгиленди.
Дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде республиканын интеграциясына көмөктөшкөн, кызмат көрсөтүүнүн кеңири спектрин камсыздаган жогорку технологиялык телекоммуникациялык системаны түзүү базасында почта жана электрондук байланыш кызматтарын көрсөтүүнү динамикалуу өнүктүрүү улантылууда.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн мындан ары өсүшүнө республикада чоң артыкчылыктарга ээ болгон туризмди өнүктүрүү өбөлгө түзөт.
6.5. Инвестициялык саясат
Бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн ишкердик иш-аракеттерди киргизүүгө жагымдуу шарттарды түзүү, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана жакынкы үч жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын өсүшүн 1,5 эседен жогорулатууну камсыздоо максаттары коюлган.
Ушуга байланыштуу экономиканы кайрадан жөнгө салуу, ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүлөрүн болтурбоо, инвестициялык жана башка ишкердик иш аракеттер чөйрөсүндөгү административдик тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу, рыноктук мамилелерди жөнгө салууда жаңы ыкмаларды жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн курулуш чөйрөсүнө уруксат берүү системасын жөнөкөйлөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын пакети иштелип чыкты.
Инвестицияларды тартуунун жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун дагы бир натыйжалуу каражаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болууга мүмкүндүк берүү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизми бизнес менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин сапаттуу жаңы системасын түзүүгө багытталган, анда социалдык жана инфраструктуралык милдеттерди чечүүдө бизнестин жана мамлекеттин потенциалын абдан натыйжалуу пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.
Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясаты мурунку жылдагыдай эле Өкмөттүн кепилдигине тартылгын чет өлкөлүк карыз алууларды кыскартууга, ошондой эле гранттык негизде өлкөнүн экономикасына тышкы инвестициялардын жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган чаралардын эсебинен жеке инвестициялардын агымын стимулдаштырууга багытталды.
Инвесторлор үчүн мындан ары өлкөнүн экономикасын либералдаштыруу алдыда турат, ага байланыштуу Кыргыз Республикасы тике инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө "ачык эшик" саясатын жүргүзөт.
7. Социалдык саясат
2012-жылы социалдык саясаттын башкы максаты болуп орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн социалдык стабилдүүлүктү сактоо жана базалык шарттарды түзүү калууда. Стабилдүүлүктү сактоонун башкы шарттарынын бири болуп инфляциянын деңгээлин алгылыктуу деңгээлде кармап туруу саналат, анткени керектөөчү баанын жогорку деңгээли кирешенин реалдуу өсүшүн, эмгек акыны, ошондой эле калктын пенсиясын төмөндөтөт, алардын номиналдык өсүшүнүн баасы түшөт.
2012-жылы социалдык саясат социалдык кепилдиктерди толук көлөмдө сактоодон, мамлекеттик колдоого муктаж болгон калктын аз камсыз болгон катмарына колдоо көрсөтүүдөн башка төмөнкүлөргө да багытталат:
- социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу. Бул багытта сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүү спектрин өнүктүрүүнү камсыздаган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү каралат. Сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү жана аларды өнүктүрүү үчүн жер-жерлерде ушул кызматтарды көрсөткөн социалдык кызматкерлердин статусун жана потенциалын жогорулатууга көмөктөшкөн социалдык кызматкерлердин институту түзүлөт. Ошондой эле өкмөттүк эмес секторлордун потенциалын жогорулатуу жана алардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо максатында мамлекеттик социалдык заказ аркылуу социалдык кызматтарды сатып алуу механизми өнүктүрүлөт;
- пенсиялык системада финансылык туруктуулукту чыңоого жана эмгек рыногунда активдүү чараларды чыңдоо аркылуу жумушсуздукту жана миграциялык агымды кыскартууга.
2012-жылы социалдык чөйрөдөгү негизги чаралар калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана социалдык жактан корголбогон жарандардын абалын жакшыртууга; балдарга пособие төлөөнү тартипке салууга жана өлчөмүн көбөйтүүгө; камсыздалган үй-бүлөлөрдү пособие алгандардын катарынан чыгарууга жана кепилдик берилген минималдык кирешенин өлчөмүн жыл сайын жогорулатуу натыйжасында пособиелердин өлчөмүн көбөйтүүгө арналат.
Пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүү менен катар, социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү негизги милдеттер болуп пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында каржылоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу чогултууларынын планын аткаруу маселелери калууда.
Эмгек рыногундагы чыңалууларды төмөндөтүү максатында жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу боюнча активдүү чаралар жүргүзүлөт, алардын ичинде: жумушсуз жарандарды кесиптик окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана кайрадан окутуу; акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу; ишкердик демилгелерге жардам көрсөтүү жана чакан кредиттерди берүү менен жумушсуздардын өз алдынча иштөөсүнө колдоо көрсөтүү.
Саламаттыкты сактоодо медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн реалдуу жеткиликтүүлүк көйгөйлөрү чечилет. Сапаттуу жана натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке медициналык камсыздандырууну жайылтуу жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу принциптерин белгилөө сунушталат.
Билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр мектептик билим берүүлөрдү реформалоого, билим берүүнү каржылоо жана башкаруу системасын өзгөртүүгө, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системаларын модернизациялоого, мугалимдердин жана мектептердин мотивация системасын түзүүгө багытталат. Ошондой эле мамлекеттик колдоо алыскы райондордогу жөндөмдүү жаштар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталат.
Ош жана Талас облустарындагы мектептерде мындан ары жан башына каржылоо механизми жайылтылат.
Миграциялык процесстерди натыйжалуу жөнгө салуу жана эмгек мигранттарын социалдык коргоону камсыздоо үчүн кийин улуттук эмгек рыногунда талап кылынуучу тажрыйбаларды түзүү же аларга ээ кылуу, кеңейтүү каражаттары катары чет мамлекетке кетип жаткан жумушчуларга убактылуу контракттык жумушка орноштуруу системасы жайылтылат.
Республикадагы калктын социалдык жактан корголбогон катмарынын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр боюнча иштер жүргүзүлөт:
- мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо;
- калктын мамлекеттик колдоого муктаждыгын аныктоо методологиясын өркүндөтүү;
- пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыздоо, пенсиялардын орточо өлчөмүн көбөйтүү.
Корутунду
Туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо максатында орточо 7,5%ке жетүү болжолдонууда, бул өсүш өлкөнүн ИДПсын түзгөн реалдуу экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыздалат. Максималдуу салым кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү объекттердин жана ишкерлердин ишинен күтүлүүдө. Айыл чарбасынын жана өнөр жай өндүрүшүнүн реалдуу салымы орточо болот. ИДП структурасындагы анча чоң эмес салыштырма салмагына карабастан курулуш секторунун салымы пландалган жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү эсебинен жогорулайт.
Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан дүйнөлүк конъюнктуранын начарлашына байланыштуу жагымсыз процесстерден экономикага соккулардын таасирин жеңилдетүүгө багытталган чаралардын системасы иштелип чыгат. Өкмөт жана Улуттук банк 2012-жылы инфляцияны 9%тен жогору эмес деңгээлде кармап туруу үчүн макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясаты жүргүзүлөт. Өтүмдүүлүктөгү экономикалык керектөө менен инфляцияны кармап туруу зарылдыгынын ортосундагы тең салмактуулукка жетүү акча-кредиттик саясатында негизги багыттардын бири болуп калат.
Жогоруда көрсөтүлгөн макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетүү үчүн Өкмөттүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасында берилген чаралар, негизги принциптер ишке ашырылат. Өлкөнүн кирешесин көбөйтүү, тышкы карыздарды кыскартуу жана мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын жок кылуу үчүн башкы факторлор болуп Кыргыз Республикасынын экономикалык базасы саналат, ал үчүн төмөнкүлөр каралууда:
- улуттук ири долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканы өнүктүрүү;
- өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу;
- экономиканын бардык тармактарына дем берүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо.