Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен бекитилген |
Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Аймактык МСЭКтердин максаттары жана милдеттери
3. Аймактык МСЭКтердин функциялары
4. Аймактык МСЭКтердин укуктары
5. Аймактык МСЭКтердин милдеттери
6. МСЭКтин ишин уюштуруу
7. МСЭКти финансылоо
8. МСЭКти өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо медициналык-социалдык экспертизалоонун мамлекеттик кызматынын мекемелеринин системасында баштапкы деңгээл болуп саналган, аймактык принцип боюнча балдарды жана чоң кишилерди эксперттик тейлөөнү турмушка ашырган аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) аймактык бөлүмдөрү болуп саналат.
3. МСЭКтер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. МСЭК юридикалык жак болот.
МСЭКтин уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
5. МСЭКтин өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган штампы жана мөөрү болот.
2. Аймактык МСЭКтердин максаттары жана милдеттери
6. Аймактык МСЭКтердин максаты болуп турмуш-тиричилигинин категориясынын бузулуу даражасы бар же жоктугу жагынан жарандарды өз учурунда жана сапаттуу күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык коргоо жана реабилитациялоо чараларына муктаждыгын аныктоо саналат.
Аймактык МСЭКтердин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- майыптыктын түзүмүн өз учурунда жана сапаттуу эсепке алууну жана талдоону камсыз кылуу.
3. Аймактык МСЭКтердин функциялары
7. Аймактык МСЭКтердин функциялары:
- жарандар эмгекке жарамдуулугун убактылуу жана туруктуу жоготушун медициналык-социалдык экспертизалоону (мындан ары - экспертизалоо) жүргүзөт, майыптык бар экендигинин фактысын белгилейт, майыптыктын тобун, себептерин (келип чыккан кырдаалдарды жана шарттарды), майыптык келип чыгышынын мөөнөттөрүн жана убактысын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт;
- мертинген адамдарга кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготушунун даражасын (пайыз менен) же алар эмгектик милдеттерин аткарышы менен байланышкан ден соолугунун башкача бузулушун белгилейт;
- эмгектик мертинүүдөн же кесиптик оорудан жабыркаган, майыптыгы бар жарандардын жардамдын кошумча түрлөрүнө, реабилитациялоонун техникалык каражаттарына, медициналык жана кесиптик реабилитациялоого муктаждыгын аныктайт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кыймылдоонун кошумча каражаттарына (кресло-коляскаларга, велоколяскаларга) муктаждыгын аныктайт;
- экспертиза маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарына консультациялык жардам көрсөтөт, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана оорулуу адамдарды консультациялык күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгат жана алардын турмушка ашырылышын контролдойт, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды ишке орноштуруунун МСЭКтин сунуштарындагы ишке ылайык келишине баа берет;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн алардын ден соолук абалына жеткиликтүү эмгектин, иштин жана кесиптин шарттары менен түрлөрүн, ошондой эле эмгекке жарамдуулугунун бузулушун калыбына келтирүүгө же жогорулатууга жардам бере турган шарттар менен ыкмаларды аныктайт;
- тейлөө аймагында майыптыктын абалын жана себептерин иликтейт жана талдайт, майыптыктын абалы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга, саламаттык сактоо уюмдарына отчет берет;
- саламаттык сактоо уюмдары жана иш берүүчүлөр менен бирдикте майыптыктын алдын алуунун комплекстүү программаларын иштеп чыгууга катышат;
- зарыл медициналык документтер бар болгон учурда социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүнүштөрүнүн жолдомосу боюнча:
а) ырастоону талап кылган майыптуулуктун белгилери бар же жоктугу жагынан көзү өткөндөн кийинки экспертизаны жүргүзөт;
б) жөлөкпулдарды төлөө үчүн өткөн мезгил үчүн майыптыкты белгилейт;
в) үй-интернаттын тиби жөнүндө корутунду берет;
г) жашаган жери аныкталбаган адамдарды күбөлөндүрөт;
- медициналык документтер же жабыркаган адамдын тиричилигинде болгон чектөөлөрдүн эмгектик мертинүү же эмгектик милдеттерди аткаруу менен байланышкан ден соолугунун башкача бузулушунун байланышын ырастаган документтер бар болгон учурда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча өткөн мезгил үчүн маселелерди карайт:
а) көрсөтүлгөн мезгил үчүн майыптыктын белгилеринин болушу, майыптыктын себеби жөнүндө;
б) майыптык келип чыккан мөөнөттөр жана убакыт жөнүндө;
в) кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы, жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык жөнүндө;
г) ден соолук абал боюнча жеткиликтүү эмгектин жана кесиптин шарттары жана түрлөрү жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Аймактык МСЭКтердин укуктары
8. Аймактык МСЭКтер төмөнкүлөргө укуктуу:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды экспертизалоо, реабилитациялоо чараларын иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын контролдоо чөйрөсүндөгү иштерди жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан, саламаттык сактоо уюмдарынан, иш берүүчүлөрдөн экспертизаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдардын эмгегинин мүнөзү жана шарттары жөнүндө маалыматтарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу жөнүндө сунуштарды аткаруу жана аларды ишке орноштуруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтарды суратууга жана алууга;
- реабилитациялоонун жекече программаларында каралган иш-чаралардын аткарылышына байкоо жүргүзүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды контролдук күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө;
- Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) МСЭКтин ишин жакшыртуу, майыптыктын алдын алуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо жана ишке орноштуруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- МСЭКтин жыйналышына саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик бирликтердин, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн чакырууга;
- майыптыктын алдын алуу жана реабилитациялоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте иликтөөгө, маселелерди облустук саламаттык сактоо уюмдарынын коллегиясынын биргелешкен жыйналыштарынын кароосуна коюуга;
- акы албастан Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн негизинде кызматкерлердин квалификациясын, аларды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жогорулатууга;
- адистик боюнча квалификациялык категорияны берүү үчүн аттестациялоого документтерди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аймактык МСЭКтердин милдеттери
9. Аймактык МСЭКтерге төмөнкүдөй милдеттер жүктөлгөн:
- күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдардын клиникалык-функциялык диагнозун тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоону жүргүзүү үчүн аларды саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүүгө;
- МСЭКтерге жөнөтүлүүчү медициналык документтерди ойдогудай толтурууну саламаттык сактоо уюмдарынан талап кылууга, алардын объективдүүлүгүн контролдоого.
6. МСЭКтин ишин уюштуруу
10. Ыйгарым укуктуу орган МСЭКтин материалдык базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт, аймактык МСЭКтердин ишинин пландарын, графиктерин карап чыгат жана бекитет.
11. МСЭКти ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага башкарат. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар жана адистиги боюнча иш стажы 7 жылдан кем эмес адам дайындалат.
Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы үч жылдык мөөнөткө бир гана жолу дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
12. МСЭКтин төрагасы комиссиянын ишин уюштуруу, өз учурунда жана сапаттуу аткаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, медициналык документтердин жана архивдин абалы жана сакталышы үчүн, жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте тартипке салуучу, администрациялык, жазык жоопкерчилигин тартат:
- комиссиянын ишин өз учурунда жана сапаттуу аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
- МСЭКтин кызматкерлери ички тартип эрежелерин жана эмгек тартибин сактоосу;
- экспертизалоо маселелерин ыйгарым укуктуу органдын кароосуна коюу.
Төрага бардык уюмдарда, соттук жана башка органдарда МСЭКтин атынан чыгат.
13. Аймактык МСЭКтер ижара акысын төлөбөстөн саламаттык сактоонун дарылоо жана окуу уюмдарынын оорулууларды ар тараптан текшерүү үчүн зарыл шарттары (ар кыл адистиктеги врачтары, диагностикалык кабинеттери, лабораториялары) бар имарат-жайларында жайгашат.
14. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аймактык МСЭКтерге берген жайлар өрткө каршы талаптарга ылайык келүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн эркин киргидей болууга, санитардык-гигиеналык талаптарга жана коопсуздук техникасынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МСЭКтин кызматтарына берген жайлар: күтүү үчүн бөлмө, эксперт врачтар кабинети, каттоо бөлүмү, архив болушун карайт.
15. Аймактык МСЭКтерди жайгаштыруу үчүн саламаттык сактоо уюмдары берген жайлардын аянты төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ылайык келүүгө тийиш:
- күтүү үчүн бөлмө - кеминде 24 чарчы метр;
- каттоо бөлүмү - кеминде 24 чарчы метр;
- эксперт врачтар кабинети - кеминде 30 чарчы метр;
- архив үчүн жай - кеминде 24 чарчы метр.
16. МСЭКтер катуу оорулууларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды үйүндө күбөлөндүрүү, көчмө жыйналыштарды өткөрүү үчүн атайын транспорт менен камсыз кылынат.
17. Оорунун жана майыптыктын түзүмүнүн (курамдын сапаттык көрсөткүчү) деңгээлине (интенсивдүү көрсөткүч калктын белгиленген санына эсептелет) жараша төмөнкүдөй эксперттик комиссиялар түзүлөт: жалпы профилдеги, кургак учук менен ооруган, психикасы ооруган, көрүү органдары ооруган, кан айлануу органдары ооруган адамдарды күбөлөндүрүү үчүн атайын профилдеги жана аралаш профилдеги. 18 жашка чейинки курактагы адамдарды экспертизалоо үчүн педиатриялык МСЭКтер түзүлүшү мүмкүн.
18. Медициналык-социалдык экспертизалоо кызматтары калктын санын эске алуу менен түзүлөт: жалпы профилдеги район аралык МСЭКтер 100-120 миң чоң кишиге (18 жаш жана андан улуу курактагы) бир комиссия же жалпы 70-90 миң кишиге бир комиссия деп түзүлөт.
Эрежеден тышкары тартипте, географиялык, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрдү (калктын жыштыгы, алыстык, оорунун жана майыптыктын деңгээли) эске алуу менен азыраак сандагы калкка (белгиленген ченемдин кеминде 75%ы) комиссия түзүлүшү мүмкүн.
19. Аймактык МСЭКтердин эксперт врачтарына квалификациялык талаптар - жогорку медициналык билим, адистиги боюнча кеминде 3 жыл иш стажы.
Кызматкерлердин ээлеген кызматына кесиптик ылайык келиши үч жылда бир жолу өткөрүлүүчү аттестациялоо аркылуу аныкталат.
20. Эксперттик чечим кабыл алуучу МСЭКтер 3-4 жана андан ашык эксперт врачтан турат (терапевт, невропатолог, хирург, реабилитолог). 18 жашка чейинки курактагы адамдарды экспертизалоо үчүн комиссиялардын курамына педиатр врачтар кирет.
21. Адистешкен (медицинанын айрым тармагында атайын билимдерди талап кылган) профилдеги комиссияга адистиги комиссиянын профилине ылайык келген 3-4 врач кирет.
22. Комиссияларда улук медициналык айымдын, медициналык каттоочунун, санитарканын кызмат орду каралат, ал эми адистешкен психиатриялык комиссияларда кошумча түрдө көзөмөл боюнча санитардын кызмат орду каралат. Транспорт болгон учурда айдоочунун кызмат орду каралат.
23. МСЭК жайгашкан аймактагы анын бир жыйналышында төмөнкүлөр каралат:
- жалпы профилдеги оорулууларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды күбөлөндүрүү - аралаш (балдарды жана чоң кишилерди) кабыл алуу учурунда бир жумушчу күндө 12 адам же чоң кишилерди кабыл алуу учурунда бир иш күндө 15 адам;
- адистештирилген МСЭКтер үчүн аралаш (балдарды жана чоң кишилерди) кабыл алуу учурунда бир жумушчу күндө 8 адам, чоң кишилерди кабыл алуу учурунда бир иш күндө 10 адам;
- педиатриялык МСЭК үчүн бир иш күндө 6-8 адам.
Шаарда үйүндө же стационарда бир оорулууну күбөлөндүрүүгө - 2 саат, айыл жеринде 3 саат бөлүнөт.
24. Жылдык иш - бир комиссия бир жылда күбөлөндүрүшүнүн саны төмөнкүлөрдү түзөт:
- чоң кишилердин жалпы профилдеги МСЭКтери үчүн - 1800-2000 адам;
- адистештирилген МСЭКтер үчүн - 1200-1400 адам;
- педиатриялык МСЭКтер үчүн - 1000-1300 бала.
25. Бардык деңгээлдердеги МСЭКтер ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен пландар жана графиктер боюнча иштейт.
26. МСЭК усулдук ишти аткаруу үчүн эксперттик комиссияга жумасына бир иш күндү белгилөөгө укуктуу.
27. МСЭКтер өз ишин аймактык социалдык коргоо органдары, саламаттык сактоо уюмдары, ишке орноштуруу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуу жайлары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо чөйрөсүндөгү ишти жүргүзгөн уюмдар менен өз ара байланышта аткарат.
28. Майыптыкты белгилөө жөнүндө чечим комиссиянын экспертизаны жүргүзгөн мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен коллегиялуу түрдө кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда МСЭКтин төрагасы жактап добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
29. МСЭКтин төрагасы өзүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет.
30. МСЭК өзүнүн ишинде белгиленген тартипте бекитилген баштапкы эсептик-отчеттук документтердин жана катуу отчеттогу бланктардын формасын пайдаланат.
31. МСЭКтин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо (мындан ары - экспертизалоо) жана реабилитациялоо маселелери боюнча корутундусу МСЭКтин маалымкаты жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө менен таризделет жана аны менчигинин түрүнө карабастан бардык мекемелер, ишканалар, уюмдар аткарууга милдеттүү.
7. МСЭКти финансылоо
32. МСЭК республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын (демөөрчүлүк жардамдын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын) эсебинен каржыланат. Аймактык МСЭКтерди каржылоо ыйгарым укуктуу органдын финансылык маселени тейлеген түзүмдүк бөлүмү аркылуу ишке ашырылат.
33. МСЭКтердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
34. МСЭК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчетту жүргүзөт.
8. МСЭКти өзгөртүп түзүү жана жоюу
35. МСЭКтин иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
36. Жоюлган учурда документтер "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.