Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июлу № 372
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомдун редакциясына ылайык)
Медициналык-социалдык экспертизалоо чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жободо:
- аталган Жобонун 5, 6 жана 7-тиркемелериндеги “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору” деген сөздөр “Республикалык медициналык- социалдык экспертизалоо борбору” деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жободо:
- 7-пунктунун он биринчи абзацындагы “шаардык, райондук социалдык коргоо башкармаларынын” деген сөздөр “социалдык өнүктүрүүнүн аймактык бөлүнүштөрүнүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктунун бешинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине (мындан ары – Министрлик)” деген сөздөр “Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“11. МСЭКти ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага башкарат. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар жана адистиги боюнча иш стажы 7 жылдан кем эмес адам дайындалат.
Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы үч жылдык мөөнөткө бир гана жолу дайындалат.”
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун “в” пунктчасы “реабилитациялоого” деген сөздөн кийин “, ошондой эле жардамдын кошумча түрлөрүнө” деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“18. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык- социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар жана адистиги боюнча иш стажы 7 жылдан кем эмес адам дайындалат.
Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы үч жылдык мөөнөткө бир гана жолу дайындалат.”.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |