Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-майы № 309
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасында саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасын ишке ашыруу аяктаганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун андан аны өнүктүрүүнү улантуу маанилүүлүгүн жана зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, мониторингдин индикаторлорун иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча жалпы координация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү жылга республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
5. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасын аткарууга алышсын.
6. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасын ишке ашырууга көмөктөшүү сунушталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген |
КИРИШҮҮ
I. САЛАМАТТЫК САКТОО СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛООНУН
2006-2010-ЖЫЛДАРГА "МАНАС ТААЛИМИ" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫН
ЖүЗӨГӨ АШЫРУУНУН ЖҮРҮШҮНДӨ АЛЫНГАН САБАКТАР ЖАНА НЕГИЗГИ
ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
II. "ДЕН СООЛУК" ПРОГРАММАСЫНЫН МИССИЯСЫ, ПРИНЦИПТЕРИ,
СТРАТЕГИЯЛЫК МАМИЛЕЛЕРИ ЖАНА САЯСИЙ МИЛДЕТТЕРИ
III. "ДЕН СООЛУК" ПРОГРАММАСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА
НЕГИЗГИ КЫЗМАТТАР ЖАНА КҮТҮЛҮҮЧҮ ЖЫЙЫНТЫКТАР
IV. САЛАМАТТЫК САКТОО СИСТЕМАСЫНЫН БАРДЫК ФУНКЦИЯЛАРЫН КҮЧӨТҮҮ
АРКЫЛУУ НЕГИЗГИ КЫЗМАТТАР МЕНЕН КАМТУУГА ЖОЛТОО БОЛГОН
СИСТЕМАЛУУ ТОСКООЛДУКТАРДЫ ЖЕҢҮҮ
V. "ДЕН СООЛУК" ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
VI. 2012-2016-ЖЫЛДАРГА КАРАТА "ДЕН СООЛУК" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫН
БААЛОО ЖАНА МОНИТОРИНГ
КИРИШҮҮ
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы (мындан ары - "Ден соолук" программасы) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун "Манас" (1996-2005-жж.) жана "Манас таалими" (2006-2011-жж.) мурдагы улуттук программаларынын логикалуу улантылышы болуп эсептелет.
Аталган программаларды ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында саламаттык сактоонун жаңы системасынын мыйзамдык базасы түзүлдү. "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынды, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.
2001-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен жыл сайын Мамлекеттик кепилдиктер программасы бекитилет, ал жарандардын социалдык статусуна жана медициналык камсыздандыруусу болушу же болбошуна жараша акысыз, жеңилдетилген же акы төлөнүүчү (расмий кошумча төлөм) кызмат көрсөтүүнү караштырат.
2006-жылдан баштап саламаттык сактоо системасын реформалоо Sector Wide Approach кеңири сектордук мамиленин (мындан ары - SWAp) алкагында жүргүзүлүп келатат. SWАр алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Манас таалими" программасын ишке ашырып келди, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өз жардамдарын ушул программанын артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө жиберишти, биргелешкен процесстер жана ишке ашыруунун жылыштарына мониторинг жүргүзүү инструменттери түзүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги жылына эки жолу сектордун ишине биргелешип сереп салууларды уюштуруп турду, алардын жүрүшүндө жетишкендиктерге жана кемчиликтерге тереңирээк баа берилип, келечекке иш-чаралар пландалат.
Иштин ушул жаңы методдору SWАр алкагында көрүнүктүү натыйжаларды берди, атап айтсак:
- реформаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана аларга мониторинг жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик ролу көтөрүлдү;
- саламаттык сактоо секторунда жүргүзүлгөн бардык иш-чаралардын координациясы жана донордук каражаттардын "Манас таалими" Улуттук программасынын артыкчылыктары менен синхронизациялоо даражасы жакшырды;
- процесстердин мониторинги жана саясатты иштеп чыгууда далилдерди колдонуу даражасы жогорулады. Ушул мамиленин жогорку натыйжалуулугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Ден соолук" программасын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда SWАр принциптерин жактоочулугун сактап келет.
"Манас" жана "Манас таалими" улуттук программалардын алкагында эл аралык деңгээлде таанылган саламаттык сактоону каржылоо модели жүзөгө ашырылган. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан акыркы 5 жылда саламаттык сактоо системасын каржылоо деңгээли, анын ичинде донордук каражаттардын жана жүргүзүлгөн түзүмдүк өзгөртүүлөрдүн эсебинен көбөйдү. Саламаттык сактоо системасын каржылоонун жакшыртылган модели жана каражаттар көлөмүнүн көбөйүшү калктын финансылык жактан корголушун, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда белгилүү жыйынтыктарга жетишүүгө жана анын натыйжалуу болушуна көмөктөштү. Акыркы 5-6 жылда республикабызда болгон социалдык-саясий жайсыздык шартында, ошондой эле түзүлгөн экономикалык жагдайдан улам ресурстардын чектелүү болгонун эске алсак, бул жетишкендиктер өтө маанилүү болду десек жаңылышпайбыз.
Бирок бир катар жетишкендиктерге карабай, орчундуу кемчиликтер да сакталууда. Тилекке каршы, жүрөк-кан тамыр оорулары, эне жана баланын саламаттыгы жагында калктын ден соолук көрсөткүчтөрүндө кыйла жакшыруусу байкалган жок; кургак учуктун дары каражаттарга туруктуу учурлары көбөйгөнү тынчсыздандырат. Кыргызстан жарандарынын ден соолугун жакшыртуу максатында калктын жүрүм-турумун андан ары өзгөртүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу өтө зарыл. Мына ушул маселелерди "Ден соолук" Программасы чечиши керек. "Манас" жана "Манас таалими" программаларынын жетишкендиктерине негизделип жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДССУ) негизги принциптерин жетекчиликке алып, "Ден соолук" Программасынын иши сапаттуу медициналык-санитардык жана алдын алуучу кызматтар менен, калктын камсыздандыруу статусуна, гендердик айырмаларына жана социалдык статусуна карабай, калктын универсалдуу (жалпылай) камтылышын камсыз кылууга багытталган.
"Ден соолук" Программасы 2010-2011-жылдарда Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги алдында бардык кызыкдар түзүмдөрдүн кызматташуусунда жана ДССУ, SWАр алкагында активдүү иштеген өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосунда иштелип чыкты. Программаны иштеп чыгууда эксперттер тобу координациялаган техникалык жумушчу топтор катышты. Программа саясатчылар, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү адистер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен талкууланды, алардын пикирлерин жана сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдарга "Ден соолук" улуттук программасынын акыркы версиясы жасалды.
I. САЛАМАТТЫК САКТОО СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛООНУН
2006-2010-ЖЫЛДАРГА "МАНАС ТААЛИМИ" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫН
ЖүЗӨГӨ АШЫРУУНУН ЖҮРҮШҮНДӨ АЛЫНГАН САБАКТАР ЖАНА НЕГИЗГИ
ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
2011-жылдын майында Саламаттык сактоо министрлиги Саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук Программанын ишке ашырылышын баалоо" Отчетун жарыялаган, анда ушул Программаны ишке ашырууну ар тараптуу баалоонун жыйынтыктары көрсөтүлдү. Баалоочу отчет SWАр алкагында макулдашылган жана жүргүзүлгөн биргелешкен мониторингдин базасында, ошондой эле Саламаттык сактоо саясатын талдоо борбору (мындан ары СССТБ) даярдаган отчеттордун, изилдөөлөрдүн жана баалоочу отчеттордун негизинде түзүлдү, алар менен www.hрас.kg сайтында таанышууга болот. Сунушталган бөлүктө келтирилген корутундулар толук жана тастыктаган маалыматты камтыган жогорудагы отчеттун негизинде чыгарылган. Бул бөлүктө реформалоонун мурдагы программаларынын жетишкендиктерине баа берилет, "Ден соолук" программасынын алкагында ишке ашырыла турган бүтүрүлө элек позициялар белгиленет.
1. "Манас таалими" программасынын ишке
ашырылышына сереп салуу
"Манас таалими" Программасынын негизги максаты жеке жана коомдук саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн ийкемдүү, натыйжалуу, комплекстүү, интеграцияланган системасын түзүү, ар бир адамдын жана жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жарандын, үй-бүлөнүн, коомдун, мамлекеттик бийлик жана башкаруучу органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жолу менен калктын саламаттыгын жакшыртуу болуп саналат. Бул максатка жетишүү саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө багытталган бир катар иш-чаралардын эсебинен камсыз кылуу аркылуу каралган жана төмөнкү компоненттердин алкагында уюштурулган:
- жамааттарды тартуунун;
- саламаттык сактоону каржылоонун;
- жеке медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн;
- коомдук саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн;
- далилдүү медицинаны алдыга жылдыруунун, артыкчылыктуу программаларды өнүктүрүүнүн, адамдык ресурстарды өнүктүрүүнүн жана стратегиялык башкарууну калыптандыруунун.
"Манас таалими" программасы "Манас" программасынын алкагында башталган реформаларды аяктоого жана институтташтырууга, алсак саламаттык сактоо системасын каржылоо жана түзүмүн өзгөртүү чөйрөсүндө, ошондой эле коомдук саламаттык сактоодо, медициналык билим берүүдө жаңы муундагы реформаларды баштоого стратегиялык түрдө багытталган.
Өлкөбүздөгү саясий жана экономикалык кыйынчылыктарга карабай, "Манас таалими" программасынын иш-чаралары аткарылды. Төмөнкү негизги реформалар жүргүзүлдү:
- саламаттык сактоого мамлекеттен акча бөлүү республикалык бюджеттин жалпы көлөмүнөн 10%дан 13%га чейин өстү, мамлекет үчүн бул анын артыкчылыктуулук жагы жогорулашы тууралуу айтып турат; бул саламаттык сактоо кызматтарын каржылоо оңолушун камсыз кылды, алсак калкты дары каражаттар менен камсыз кылууга, пациенттер үчүн финансылык жүктү азайтууга жардам берди;
- саламаттык сактоо системасы үчүн каражаттар облустук деңгээлден улуттук деңгээлге өткөрүп берилди, бул региондор боюнча каржылоо ченемдерин акырындык менен теңдештирүүгө жардам берип, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - МКП) жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын (мындан ары - ММК КП) алкагында ресурстарды бөлүштүрүүдө калыптанып калган адилетсиздикти жоюуга көмөктөштү;
- айылдык ден соолук комитеттеринин (мындан ары - АДК) калктын ден соолугун чыңдоо боюнча иши кыйла жанданды, иштеп жаткан айылдык ден соолук комитеттердин саны 1200 ашты. АДК институционализациясы жана берген жардамынын туруктуулугу жогорулады, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун (мындан ары - РДЧБ) жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (мындан ары - ҮМБ) ден соолукту чыңдоо кабинеттердин (мындан ары - ДЧК) ролу так аныкталды;
- алгачкы медициналык жардам фельдшердик-акушердик пункттарга (мындан ары - ФАП) салган капиталдык салымдардын аркасынан жана МКПдан алгачкы деңгээлге бөлүп берген каржылоо үлүшү 2006-жылы 23%дан 2010-жылы 39%га чейин жогорулашы менен андан ары бекемделди;
- Коомдук саламаттык сактоонун реформасы бир катар мыйзамдык актыларды кабыл алуу жана республикада таркаган оорулардын жүгүнө шайкеш жооп берген коомдук саламаттык сактоонун заманбап кызматын түзүүгө багытталган ведомстволук ченемдик актыларды кайра кароо менен башталган;
- Саламаттык сактоо министрлиги "Манас таалими" Программасынын ишке ашырылышын кыймылга келтирген күч болуп калды жана башкаруу деңгээлин кыйла күчөттү; Программанын жыйынтыктарын баалоо жана мониторинг жүргүзүү пландуу мүнөздө өтүп, SWАр алкагында өткөрүлчү биргелешкен жыл сайынкы серептердин бир бөлүгү болуп калды.
2. "Манас таалими" Программасынын ишинин
натыйжаларын баалоо
"Манас таалими" Программасын ишке ашырууда жүргүзүлгөн реформалардын анын негизги максаттарына тийгизген таасири аралаш мүнөздө болду. Бир жагынан, көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун, финансылык коргоону камсыз кылууда көрүнүктүү жылыштар байкалды. Башка жагынан, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана калктын саламаттыгын жакшыртуу ишиндеги жылыштар анчалык көзгө көрүнөрлүк болбой калды. Ошондуктан финансылык коргоо, жеткиликтүүлүк жана натыйжалуулукту камсыз кылуудагы көзгө көрүнөрлүк жетишкендиктерди сактоо менен катар, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана калктын ден соолугун жакшыртуу "Ден соолук" Программасынын алкагында да маанилүү максаттар болуп кала берет.
Калктын саламаттыгы. Белгилеп кетчү нерсе, саламаттыкты сактоо боюнча айрым иш-чаралар ийгиликтүү болду, ошол эле мезгилде башка багыттар боюнча жылыштар байкалган жок. Алсак, энелердин жана балдардын өлүмгө учуроо көрсөткүчү төмөндөп баштады, кургак учуктан ооруга чалдыгуу жана өлүмдөр азайды, чоң адамдардын арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдөр деңгээли стабилдештирилди. Ошол эле мезгилде, эне өлүмүнүн көрсөткүчүндө оңолуу болгон жок, АИВ-инфекциянын жаңы учурларынын саны өсүп баратат, кургак учуктун мультирезистенттик формасы менен ооруп калуунун пайда болушу жана өсүшү тынчсыздандырат. Ошондуктан "Ден соолук" Программасынын маанилүү маселеси болуп ушул негизги көрсөткүчтөр боюнча жакшы жыйынтыктарга жетишүү эсептелет.
Финансылык коргоо жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. 2003-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде жакыр жашаган калктын 40% үчүн финансылык оорчулук кыйла азайды, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук кылган географиялык жана финансылык жолтолор азайды. Азаюу Бирдиктүү төлөөчү системасын адегенде облустук деңгээлде киргизүүдөн улам мүмкүн болду, кийин каражаттарды улуттук деңгээлде топтоо менен, МКП иш-аракетинин чөйрөсүн кеңейтүүнүн жана түзүмдү өзгөртүүнүн эсебинен натыйжалуулукту жогорулатууга жетишилди. 2006-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде финансылык оорчулукту андан ары азайтуу байкалган жок. Ошентип, бул маселелер "Ден соолук" Программасынын алкагында чечилиши керек, амбулаториялык медициналык кызматтар үчүн өсүп бараткан накталай төлөмдөргө жана түзүм өзгөртүү менен камтылбаган чоң шаарларда жайгашкан стационарлардагы дарылоого берилген расмий эмес төлөмдөргө өзгөчө көңүл бурулат.
Каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугу. МКП алкагында каражаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулук даражасы эки макулдашылган көрсөткүчтүн натыйжасында жогорулады:
а) чыгымы азыраак алгачкы медициналык-санитардык жардамга жумшалчу МКП алкагында саламаттык сактоонун сарптоолор үлүшү 2005-жылы 29%дан 2009-жылы 38%га чейин көбөйдү;
б) пациенттерге кеткен түз чыгымдар (дары каражаттар, медициналык багыттагы буюмдар жана тамак-аш продуктулары) саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын оптималдаштыруунун натыйжасында 2005-жылы 20%дан 2009-жылы 30%га чейин көбөйдү. Ошого карабастан, чоң шаарларда инфраструктураны рационалдуу эмес бөлүштүрүү жана аны башкаруу менен МКП алкагында каржылоонун сакталып калган ажырымдуулугун эске алганда, каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу "Ден соолук" Программасынын маанилүү багыты болуп кала берет.
Саламаттык сактоо системасынын ишинин ачык-айкындыгы. 2006-жылга чейин дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар үчүн мыйзамсыз төлөмдөр кыйла азайган, бул жогоруда белгиленген натыйжалуулукту жогорулатуудан түздөн-түз келип чыкты. Натыйжада инфраструктурага сарптоолордун ордуна, пациенттерге кеткен мамлекеттик сарптоолор көбөйдү. Бирок медициналык персоналга төлөнгөн мыйзамсыз төлөмдөр өсүп баратты, анткени эмгек акынын деңгээли өтө төмөн болчу жана инфляция деңгээли менен медициналык персоналдын эмгек акы деңгээли ортосунда ажырым чоңоюп баратты. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысы жакында көтөрүлүшүн эске алып, мыйзамсыз төлөөлөр чөйрөсүндө мониторингди улантуу чоң ролду ойнойт.
3. Алынган сабактар жана "Ден соолук" программасын ишке
ашыруунун жүрүшүндө чечиле турган маселелер
Акыркы он беш жылдын аралыгында республиканын саламаттык сактоо чөйрөсүндө жүргүзүлгөн реформалар, атап айтсак, "Манас" жана "Манас таалими" Программаларын ишке ашыруу "Ден соолук" Программасынын мазмунуна таасир берген бир катар маанилүү сабактарды алууга жардам берди. Мындан тышкары, "Манас" жана "Манас таалими" программалары менен камтылбаган бир катар маселелер "Ден соолук" Программасына кирди.
1-сабак. Өз ден соолугуна карата калктын мамилесин жана саламаттыкты сактоо боюнча негизги иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында клиникалык практиканы өзгөртүүгө көп көңүл буруу керек жана олуттуу инвестициялар зарыл. Тилекке каршы, айтып кетчү нерсе, он беш жыл аралыгындагы саламаттык сактоонун реформаларынын жыйынтыгы күтүлгөн деңгээлден төмөн болуп калды.
Муну көзгө көрүнөрлүк жылыштарга тоскоолдук кылган каржылоонун чектелүү болушу жана жалпысынан ден соолук көрсөткүчтөрүнүн өтө жай өзгөрүүлөрү сыяктуу объективдүү факторлор менен түшүндүрсө болот. Мунун башка себеби клиникалык практика маселесине жана ден соолуктун негизги детерминанттарына медициналык кызматкерлердин жетишсиз көңүл бургандыгында жатат. Чындыгында, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында клиникалык практиканы өзгөртүүнүн татаалдыгы жете бааланбайт. Натыйжада, ден соолуктун негизги абалдары боюнча салынган каражаттарды эске алуу менен (мисалы, артериялык гипертензия, диабет, кош бойлууларга байкоо салуу, кургак учук учурларын аныктоо ж.б.) саламаттык сактоонун эң чоң жетишкендиктерин камсыз кылган далилдүү медицинанын принциптерине негизделген саламаттык сактоонун кызматтары менен калкты камтуу деңгээли дагы эле төмөн бойдон калууда. Бул дарылоочу уюмдардын деңгээлинде медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу механизмдерин бекемдөөнү талап кылат, өз кезегинде бул башкаруудагы толук автономияны жана иштин жыйынтыгы боюнча отчеттуктун даражасын көтөрүүнү талап кылат. Саламаттык сактоонун негизги кызматтарынын сапатын жогорулатуу "Ден соолук" Программасынын стратегиялык багыты болуп калат, саламаттык сактоо боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугу оңолушу ошого байланыштуу болот.
2-сабак. Саясий тынч эместик жана жетекчиликтин тез алмашып туруусу реформаларды ырааты менен жүргүзүүгө жолтоо болду. Өлкөдөгү тынч эмес саясий жагдай саламаттык сактоо системасындагы реформаларды максаттуу жүргүзүүгө терс таасирин тийгизди. Жогорку звенодогу жетекчилердин тез алмашып турушу реформалоо багытын аныктоодо ыраатсыздыктын себеби болду жана натыйжалуу башкарууга керектүү жетиштүү көлөмдө билимди жана компетенттүүлүктү топтоого кыйынчылык жаратты. Жетекчилердин тез алмашып турушу Саламаттык сактоо министрлигинин ылайыксыз коммуникациялык стратегиясы менен күчөтүлдү, ал реформаларды жана өзгөртүп түзүү процессин айкын жана коомчулук үчүн ачык ыкма менен жүргүзсө болмок.
3-сабак. Кадрлардын кетишине байланыштуу проблеманы жетекчилик чече албагандыгы медициналык жардамдын, өзгөчө алыскы айыл жериндеги калктын аз камсыз болгон топтору үчүн жеткиликтүүлүгүнө жана анын сапатына терс таасир тийгизди. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында кадрдык курамды комплекттөө жаатында кыйын жагдай түзүлүп калды. Бишкек жана Ош шаарларында медициналык кызматкерлердин өтө көп топтолушу байкалат, ошол эле мезгилде облустарда кадрлардын, биринчи кезекте практикалык иш менен алектенген дарыгерлердин жетишсиздиги белгилүү. Ошентип, бул проблема медициналык кызматкерлердин саны жетишпей жаткандыкта эмес, аларды бирдей эмес бөлүштүрүүдө жатат. Облустарда жана айыл жеринде социалдык турмуштун төмөн сапаты жаш адистердин борбордон ыраак региондордо калып иштөөнү каалоосун жокко чыгарган олуттуу фактор болуп калды. Жаш адистер региондордо иштеши үчүн өбөлгөлөрдү түзүүдө жергиликтүү бийлик органдарын тартуу жаатында көрүлгөн атайын чаралар жетишсиз болуп чыкты. Жер-жерлерде, өзгөчө алыскы райондордо медицина кызматкерлерин кармап калуунун маанилүү мотивациялык фактору катары 2011-жылдын майынан тартып өлкөнүн Өкмөтү баштаган эмгек акыны жогорулатуу болушу мүмкүн. "Ден соолук" Программасы үчүн бул маселе да негизги проблемалардын бири.
4-сабак. Ролдорду жана милдеттерди бөлүштүрүү аяктай электиги, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин өз эрки менен аракет кылуусу чектелгендиги башкарууну уюштуруудагы көйгөйлөрдү түздү. Республиканын саламаттык сактоо системасын реформалоонун жүрүшүндө маанилүү кадамдардын бири катары системаны башкаруу, саламаттык сактоону каржылоо, медициналык кызмат көрсөтүү жана башка ушуга окшогон саламаттык сактоо системасынын функцияларына ылайык жоопкерчиликти так бөлүштүрүү болушу керек. Каржылоого байланыштуу айрым функцияларды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (мындан ары - ММКФ) берилгендигин кошпогондо, жалпысынан, Саламаттык сактоо министрлигинин милдеттери мурдагыдай боюнча калды, Бул Саламаттык сактоо министрлиги үчүн иш көлөмүн көбөйттү, анын ичинде саясатты аныктоо, медициналык кызматты көрсөтүү, тармактын каржыланышы үчүн жоопкерчилик, ошондой эле күнүнкү көйгөйлөрдү чечүү бар. Жүктүн мындай көптүгүнөн улам Саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жана башкаруу боюнча негизги функцияларын аткаруу сапаты жана натыйжалуулугу төмөндөдү. Бир катар башка институттук өзгөрүүлөр бүткөрүлбөй калды, алар "Ден соолук" Программасын ишке ашыруунун алкагында көңүл бөлүүнү талап кылат:
- ММКФ Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүнөн чыгышы саламаттык сактоо маселелерин биргелешкен аракеттер менен ыкчам чечүү жөндөмүнө терс таасирин тийгизди;
- кызмат көрсөтүүчүлөргө саламаттык сактоо уюмдарынын ишин башкарууда толук автономиясы камсыз кылынган эмес;
- облустук мамлекеттик администрацияларга караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештер жана саламаттык сактоо боюнча облустук координаторлор институту облустук деңгээлде саламаттык сактоонун натыйжалуу координациясын камсыз кылышкан жок;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (мындан ары ЖӨБО жана ЖМА) саламаттык сактоо маселесин чечүү ишине өтө аз кызыккандыгы байкалды.
Ушул институттук маселелер саламаттык сактоонун көптөгөн программаларынын натыйжалуу иштешине олуттуу тоскоолдуктарды түздү. "Ден соолук" Программасын ишке ашыруунун алкагында саламаттык сактоо системасынын негизги түзүмдөрү ортосунда өз ара мамилелерди жана ролдорду так аныктоонун эсебинен стратегиялык жетекчиликтин функцияларын күчөтүү боюнча чаралар көрүлөт.
5-сабак. Жетиштүү каржылоо экономикалык жактан натыйжалуу саламаттык сактоо кызматтары менен калкты болушунча камтууну камсыз кылуу үчүн чечүүчү шарттардын бири болуп эсептелет. "Манас таалими" Программасынын маанилүү жетишкендиги катары мамлекеттик чыгымдоолор көлөмүндө саламаттык сактоого кеткен чыгымдар 10%дан 13%га чейин жыл сайын ырааты менен өсүшүн белгилеп кетсек болот. Мындай дурус динамикага чейин мурун 10 жылдан ашуун сакталып келген терс жагдай орун алган, анда каржылоо үлүшү барган сайын төмөндөп, бул кызмат көрсөтүү системасынын бузулушуна жана мыйзамсыз төлөмдөрдүн өсүшүнө алып келген. Саламаттык сактоо системасын мамлекеттик каржылоону көбөйтүүнүн натыйжасында төрөт кызматы үчүн, 5 жашка чейинки балдарга жана улгайган адамдарга медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча төлөм алып салынган, дарылоочу мекемелердин дары каражаттар менен камсыздалышы оңолду, дары препараттарга мыйзамсыз төлөөлөр азайды. Ошого карабастан, ооруканага жаткыруулардын туруктуу өсүшүнө (2006-жылы 560000 ооруканага жаткыруулар, 2010-жылы 950000), жеңилдиктерге укуктуу калктын топтору көбөйүшүнө (2001-жылы 27 топ, 2010-жылы - 72), кызмат көрсөтүү түзүмүнүн (Бишкек жана Ош шаарларында потенциалдын ашыкча болушу) жана клиникалык практиканын (ооруканага негизсиз жаткыруулар жана полипрагмазия) натыйжасыз болуп турганда, көбөйүп бараткан мамлекеттик каржылоо донордук каражаттар менен кошо чыгымдарды жабууга жетишсиз болуп калды. Натыйжада каржылоодогу пайда болгон ажырым, баамдоолор боюнча ал чыгашалардын жалпы көлөмүнөн 27-39% түзөт, мыйзамсыз төлөмдөрдүн эсебинен толтурулат. Бул калк үчүн финансылык оорчулук гана жаратпастан, жарандардын реформалар процессине ишенимин жоготот. "Ден соолук" Программасында каржылоодогу ушул ажырым комплексте каралат, бардык негизги себептерге изилдөө жүргүзүлүп, мамлекеттик каражаттарды сактоого жана көбөйтүүгө, клиникалык практиканы жана түзүмдүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле жеңилдиктерди алуу укуктарын андан ары жөнгө салууга багытталган чаралар көрүлөт.
6-сабак. Клиникалык практиканын өзгөрүшү жана медициналык жардамдын бардык деңгээлдеринде, мамлекеттик да, жеке да секторлордо далилдик практика норма болуп эсептелген шарттарды камсыз кылуу өтө татаал болуп саналат. Кызмат көрсөтүүчүлөр деңгээлиндеги жаңы финансылык түрткүлөргө, далилдик медицинага негизделген клиникалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүүгө кыйла каражат салынгандыкка жана медициналык кызматкерлерди окутууга карабастан, көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын далилдик практикадан олуттуу четтеп кетүүлөр байкалат. Медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу механизмдеринин жоктугу, саламаттык сактоо уюмдарынын жетишсиз автономиясы жана алардын отчеттуулугунун начар механизмдери, ошондой эле медициналык билим берүүнүн эскирген методдору терс таасирин тийгизбей койгон жок. Бул суроолор "Ден соолук" Программасынын төрт артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда чечүүчү болуп берет.
7-сабак. Медициналык кызмат көрсөтүү системасынын түзүмү өзгөрүшүнө карабай, алгачкы, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын так иштелип чыккан өз ара аракеттешүүчү оптималдуу тармагы азыркыга чейин түзүлө элек. Бир багыттагы адистер амбулаториялык пациенттер үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу проблемасы толугу менен чечиле элек. Кечиктирилгис медициналык жардамдын сапаттуу өнүгүшү болгон жок. Үчүнчү деңгээлдеги көп уюмдар жогорку технологиялуу медициналык кызматтарды көрсөткөн уюмдар катары өнүккөн эмес. Жеке медициналык уюмдарды жөнгө салуучу механизмдерге байланыштуу кемчиликтер алардын көзөмөлсүз иштешине алып келди. Жеке медицинаны өнүктүрүү программасы 2009-жылы иштелип чыкты, бирок, жалпысынан, Кыргыз Республикасында жеке медицинаны өнүктүрүү саясаты олуттуу түрдө өзгөрүлгөн жок.
8-сабак. Түзүмү жана деңгээли өлкөдөгү оорулардын санына жана ден соолукту чыңдоонун заманбап ыкмалары менен оорулардын алдын алуу маселесине жооп берген саламаттык сактоонун заманбап мамлекеттик системасын түзүү үчүн каражаттар жетишсиз салынды. Кыргыз Республикасында коомдук саламаттык сактоону жөнгө салган азыркы ченемдик укуктук база жеке кызматты алгачкы звено менен стационарлар деңгээлинде көрсөтүү ортосунда өз ара байлашты жакшыртууга көмөктөшпөйт. Бул айрым артыкчылыктуу багыттар (мисалы, бруцеллез, кургак учук, жүрөк-кан тамыр оорулары, вирустук гепатит ж.б.) боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугу азайышына алып келет. Башка жагынан, инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу ишинде, ошондой эле санитардык-гигиеналык абалды жакшы кармап турууда секторлор аралык кызматташуу жетишсиздиги байкалат.
Ушул мурда эле жетилип бүткөн маселелердин чечилиши техникалык компетенттүүлүктү гана эмес, саясий жоопкерчиликти да талап кылат (саясий милдеттерге жана алкактуу шарттарга арналган 6-бөлүмдү карагыла.)
II. "ДЕН СООЛУК" ПРОГРАММАСЫНЫН МИССИЯСЫ, ПРИНЦИПТЕРИ,
СТРАТЕГИЯЛЫК МАМИЛЕЛЕРИ ЖАНА САЯСИЙ МИЛДЕТТЕРИ
4. Миссиясы жана принциптери
"Ден соолук" Программасынын миссиясы социалдык статуска жана гендердик айырмачылыкка карабай калктын жана ар бир адамдын ден соолугун чыңдоо жана сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүүдө.
Бул Программа мурдагы реформалоодо жетишкен өзгөрүүлөрдүн ырааттуулугунун негизинде, ошондой эле өлкөдөгү азыркы социалдык-саясий жагдайды эске алып түзүлгөн жана 1-таблицада көрсөтүлгөн принциптерге негизделет:
|
1-таблица |
"Ден соолук" Программасынын принциптери
┌──────────────────────┬──────────────────────────────────────────────┐
│ Принциптер │ Мүнөздөмөсү │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│Адамдарга │"Ден соолук" программасында ооруларды алдын │
│багытталгандыгы │алуу жана ден соолукту чыңдоо максатында │
│ │көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жардамды │
│ │артыкчылыктуу багыттар боюнча жакшыртууга, │
│ │ошондой эле адамдардын чыныгы муктаждыктарына │
│ │багышталган дарылоо-диагностикалык кызматтарга│
│ │көп көңүл бөлүнөт │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│Натыйжага │"Ден соолук" Программасынын иш-чаралары жана │
│багытталгандыгы │ишинин бардык багыттары ден соолукту чыңдоодо │
│ │конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө багытталат │
│ │жана эң жакшы практиканын эл аралык │
│ │стандарттары менен далилдик принциптерге │
│ │негизделет │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│Ден соолукту чыңдоого │Көп жылдардан бери ден соолук көрсөткүчтөрүн │
│жолтоо болгон │жакшыртууга жана реформаларды жүзөгө ашырууга │
│системалуу │жолтоо болгон системалуу жана туруктуу │
│тоскоолдуктарды жок │тоскоолдуктарды жеңүүгө багытталган ырааттуу │
│кылуу │аракеттерди аныктоо жана ишке ашыруу │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│Ишке ашыруунун │Чечим кабыл алуунун ачык-айкындыгы, │
│демократиялык принциби│"Ден соолук" Программасын иштеп чыгууга жана │
│ │ишке ашырууга калкты жана медицина │
│ │кызматкерлерин тартуу, аны ишке ашыруу боюнча │
│ │үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү отчет берүү │
├──────────────────────┼──────────────────────────────────────────────┤
│SWАр принциптери │Программаны Саламаттык сактоо министрлигинин │
│"Ден соолук" │жетекчилиги менен ишке ашыруу; программанын │
│Программасын ишке │артыкчылыктарына ылайык донордук каражаттарды │
│ашырууда │(бюджетти колдоого жана ар кандай долбоорлорду│
│ │каржылоого жиберилген каражаттар) колдонуу; │
│ │донорлор менен өнөктөштүк; сектордун бирдиктүү│
│ │Улуттук программасы аракетте; жыл сайынкы │
│ │биргелешкен серептер аркылуу иштеген │
│ │координациялык механизмдер жана сектордун │
│ │расмий мониторинги │
└──────────────────────┴──────────────────────────────────────────────┘
5. Стратегиялык мамиле
"Ден соолук" Программасын ишке ашырууга стратегиялык ыкма Программанын иш-чаралары менен алардын ден соолук көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири ортосундагы туруктуу байланышты түзүүгө, мурдагы реформаларды жүргүзүү мезгилде салынган пайдубалга түптөлгөн жана бири бири менен өз ара байланышта болгон үч негизги принципке негизделет:
а) калктын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү оңолушу;
б) калктын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү оңолушуна жетишүү үчүн керектүү негизги кызматтар;
в) калктын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү оңолушуна жетишүүгө тоскоолдук кылып, негизги кызматтар менен камтууга жолтоо болгон саламаттык сактоо системасындагы бөгөттөрдү аныктоо жана жоюу (1-диаграмма).
§1. Калктын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү оңолушу
"Ден соолук" Программасынын негизи - спецификалуу жана болжолдогон калктын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү оңолушу аркылуу бардык программалык иш-чараларга жана аракеттерге түрткү берүүдө. Күтүлүүчү жыйынтыктары аныкталган төрт программалык багыттар тандалып чыккан. Бул жыйынтыктарга жетишүү келерки 5 жылдын ичинде негизгилерден болуп саналат (III бөлүк), аларсыз калктын ден соолугунун жалпы көрсөткүчтөрү оңолушуна жетишүүгө мүмкүн эмес. Калктын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн оңолушу төмөнкү багыттар боюнча пландаштырылууда:
- жүрөк-кан тамыр оорулары;
- эне жана баланын саламаттыгын сактоо;
- кургак учук;
- АИВ инфекция.
§2. Негизги кызматтар
Ар бир программалык багыт үчүн негизги кызматтар аныкталган, аларды толук көрсөтүүдөн жана ошол негизги кызматтар менен муктаж калкты камтуудан ден соолук көрсөткүчтөрүнүн оңолушу жана "Ден соолук" Программасынын күтүлүүчү жыйынтыктарына жетишүү түздөн түз байланыштуу. Негизги кызматтар калктын деңгээлиндеги кызматтарды, далилдүү негиздеги жеке медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды жүзөгө ашырууга керектүү тиешелүү институттук иш-чараларды камтыйт.
§3. Саламаттык сактоо системасында тоскоолдуктарды аныктоо жана
жоюу
"Ден соолук" Программасында саламаттык сактоо системасын бекемдөө иши ден соолук көрсөткүчтөрүнүн оңолушуна жетишүү үчүн керектүү негизги медициналык кызматтар менен калкты камтууга көп жылдардан бери жолтоо болуп келген тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу жолу менен пландаштырылган. Төрт программалык багыттын ар бири боюнча системалык тоскоолдуктар аныкталган, алар ар бир бөлүктө берилген жана, андан кийин, саламаттык сактоо системасынын негизги функцияларынын тегерегинде топтолгон: кызмат көрсөтүү, каржылоо, ресурстардын түзүлүшү жана башкаруу. Саламаттык сактоо системасындагы негизги тоскоолдуктардын саны бардык программалар үчүн окшош болуп калды, ошол эле учурда алардын айрымдары программалык-спецификалуу.
1-диаграмма
"Ден соолук" Программасынын стратегиялык мамилеси
Сүрөт.
"Ден соолук" Программасы "Манас" жана "Манас таалими" программалардын жетишкендиктеринде түзүлгөндүгүнө карабастан, анын пайдубалдык принциптери башкача. Биринчиден, бардык программалык иш калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртуудагы күтүлүүчү макулдашылган жыйынтыктар менен аныкталат. Бул ден соолуктун күтүлүүчү оңолушуна эң чоң таасир берген артыкчылыктуу кызматтарды жана программаларды аныктоого жардам берди. Жаңы мамиле, ошентип, аракеттерди жакшыраак топтогон программа үчүн негиз түздү жана ден соолук көрсөткүчтөрү менен байланышты бекемдеди. Экинчиден, негизги медициналык кызматтардын (жеке жана коомдук саламаттык сактоонун) оңолушу бул программанын негизин түзөт. "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу учурунда Саламаттык сактоо министрлиги далилдерге негизделген кызматтар менен калктын камтылышын көбөйтүүнү, негизги кызматтарга муктаждыктын негизинде ресурстардын чектелүү шартында каржылоо артыкчылыктарын аныктоону камсыз кылат, мында негизги кызматтар менен камтуу деңгээли үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары менен аныкталат. Негизги медициналык кызматтар менен камтууну камсыз кылууга багытталуу адамдардын ден соолугун жана алардын медициналык кызматтарга муктаждыктарын артыкчылыктуу кылууга мүмкүндүк берет. Үчүнчүдөн, саламаттык сактоо системасын күчөтүү жалпы мамилеге негизделбей, төрт конкреттүү программалык багыттарда негизги кызматтарды көрсөтүү процессин токтоткон саламаттык сактоо системасындагы тоскоолдуктарды жок кылууга багытталат. Мисалы, МКПнын камсыз болушундагы финансылык ажырым саламаттык сактоо системасындагы негизги тоскоолдук болуп саналат, ал бир нече программалардын ишине таасирин тийгизип турат. Ушул финансылык ажырымдын кыскарышы бул жерде көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарга багытталган программага гана жагымдуу таасир калтырбастан, МКП алкагында көрсөтүлчү бардык саламаттык сактоо кызматтарына жакшы таасир тийгизет. Мындан тышкары, ден соолукту жакшыртууда күтүлүүчү жыйынтыктардан баштап төрт артыкчылыктуу багыт боюнча көрсөтүлчү негизги кызматтарга байланыштуу тоскоолдуктарды жок кылуу аркылуу саламаттык сактоо системасын күчөтүүгө чейин "Ден соолук" Программасынын бардык ишин аныктаган байланыш бар.
6. Саясий милдеттер жана түзүмдүк (алкактык) шарттар
Саламаттык сактоо системасын андан ары реформалоо жана бардык максаттар менен маселелерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бир катар саясий милдеттенмелер жана түзүмдүк (алкактык) шарттар боюнча макулдашуулар түзүлдү, алар "Ден соолук" Программасын жана анын иш-чараларын ишке ашыруунун негизин түздү:
- Саламаттык сактоону каржылоодо бирдей жоопкердик принциптери сакталып, саламаттык сактоо каражаттарын топтоонун азыркы механизмдерин күчөтүү жана МКП боюнча Бирдиктүү Төлөөчү Системасы\ММКФ сатып алуулар тартиби аркылуу жакшыртылат;
- ММКФ өзүнүн көз карандысыз юридикалык статусун сактап, толук финансылык жана администрациялык автономияда болот, ошол эле убакта өз функцияларына жоопкерчиликтери кеңейтилет;
- калк үчүн финансылык оордукту азайтуу жана кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында саламаттык сактоо кызматтарын сатып алуу чөйрөсүндө андан ары жакшыртуу күтүлөт;
- МКПнын финансылык ажырымын азайтуу үчүн бардык аракеттер жумшалат;
- Бишкек жана Ош шаарларында саламаттык сактоо уюмдарынын керектүү түзүм өзгөртүүсүнө жана саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн жалпы системасына вертикалдык программалардын тездетилген интеграциясына багытталган Саламаттык сактоо системасындагы мындан аркы оптималдаштыруу жүргүзүлөт;
- медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн автономиясы кеңейтилет, бул сапатты башкаруунун мыкты практикаларын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет, көрсөтүлчү кызматтардын сапаты үчүн жоопкерчилик жогорулайт, ресурстарды пайдаланууда натыйжалуулук көтөрүлөт;
- Саламаттык сактоонун инфраструктурасын жакшыртуу эксплуатациялык чыгымдар жана капиталдык салымдар фонддорунун бюджетин пландаштыруу жана аныктоо аркылуу жүргүзүлөт.
III. "ДЕН СООЛУК" ПРОГРАММАСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫ
БОЮНЧА НЕГИЗГИ КЫЗМАТТАР ЖАНА КҮТҮЛҮҮЧҮ ЖЫЙЫНТЫКТАР
"Ден соолук" Программасы аныкталган артыкчылыктарды эске алып жана аларды көңүл ортосуна коюп түзүлгөн. Ошентип, ал саламаттык сактоо системасынын бардык аныктоочу факторлорун бир убакта чечүүгө, бардык кызматтарды көрсөтүү көлөмүн көбөйтүүгө жана республиканын саламаттык сактоо системасындагы бардык тоскоолдуктарды жок кылууга багытталган жок. Артыкчылыктар диалог аркылуу жана алган милдеттерди толук аткарууга чыныгы ишенүү менен баштан өткөргөн тажрыйбанын негизинде дыкат тандалган.
Оорулардын санынын түзүмүнө жана Миң жылдыктын Өнүктүрүү Максаттарына (мындан ары - МӨМ) жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттерине негизделип, "Ден соолук" Программасы үчүн ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн, жогоруда көрсөтүлүп кеткендей, төрт артыкчылыктуу багыт тандалып алынган, атап айтсак: жүрөк-кан тамыр оорулары, эне жана баланын саламаттыгын сактоо, кургак учук жана АИВ-инфекция.
Ар бир артыкчылыктуу багыттар боюнча күтүлүүчү жыйынтыктардын сүрөттөмөсү, ошол жыйынтыктарга жетишүү үчүн керектүү саламаттык сактоо системасынын негизги кызматтары аныкталган, ошондой эле саламаттык сактоо системасында болгон жана негизги кызматтарды дурус көрсөтүүгө жолтоо болгон негизги тоскоолдуктар чагылдырылды.
Күтүлүүчү жыйынтыктар эки деңгээлде берилди. Башында ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү өзгөрүүлөрү аныкталды, андан кийин ден соолук көрсөткүчтөрүнүн оңолушуна эң чоң таасир берген "Ден соолук" Программасы үчүн конкреттүү күтүлүүчү жыйынтыктар белгиленди (ар бир программалык багыт үчүн 3-5тен). Негизги кызматтар менен камтуу жана бардык иш-чараларды жүзөгө ашыруу мониторингдин жыйынтыктары аркылуу аныкталат, мында күтүлүүчү жыйынтыктар контролдук панелдин ролун ойнойт: эгерде алар боюнча дурус динамика байкалбаса, ден соолук көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү өзгөрүшүнө жетишүү күмөн болуп калат.
Негизги кызматтар үч маанилүү өлчөмдө көрсөтүлгөн:
а) калктын деңгээлинде негизги иш-чаралар: ден соолук көрсөткүчтөрүнө таасир берген жүрүм-турумдук, социалдык жана экологиялык факторлордун өзгөрүшү;
б) далилдүү медицина принциптерине негизделген жеке негизги медициналык кызматтар, алар калкка зарыл көлөмдө жана сапатта көрсөтүлүшү керек;
в) калктын ден соолук абалына үзгүлтүксүз байкоо салууну камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын ролу жана өз ара аракеттешүүсү.
Негизги кызматтарды тийиштүү түрдө көрсөтүүгө жолтоо болгон саламаттык сактоо системасындагы тоскоолдуктар аныкталган жана саламаттык сактоо системасынын негизги функциялары боюнча топтолгон:
а) коомдук саламаттык сактоонун кызматтары;
б) жеке кызматтарды көрсөтүү;
в) саламаттык сактоо системасын каржылоо;
г) ресурстарды калыптандыруу (кадрларды, дары каражаттарды, маалыматтык системаларды);
д) стратегиялык башкаруу.
Жогоруда айтылган негизги кызматтар менен кызмат көрсөтүү (коомдук саламаттык сактоо жана жеке кызматтар) ортосунда айырмачылык бар. Негизги кызматтар көрсөтүлчү кызматтардын мазмунун караштырат, ал эми саламаттык сактоо системасында кызмат көрсөтүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды жок кылуу бөлүгүндөгү компоненттер түзүмдүк жана уюштуруу маселесине көп көңүл бурат.
7. Жүрөк-кан тамыр оорулары
Жүрөк-кан тамыр оорулары чоң экономикалык жана социалдык түйшүк болуп, ишке жөндөмдүү курактагы жаш адамдардын өмүрүн алып кетүүдө. Кыргызстан Евразиялык региондогу өлкөлөрдүн арасында жүрөктүн коронардык оорусунан өлүмгө учуроонун стандартташкан көрсөткүчү боюнча 6 орунду ээлейт, ал эми мээ инсультунан өлүмдөр боюнча биринчи орунда турат (ДССУ, 2004). Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учуроонун негизги себептери болуп катуу кармаган миокард инфаркты жана артериялык гипертензия (90% ашууну) саналат.
Акыркы жылдары 30-39 жаш курактык топто жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдөрдүн саны 31,2% өстү, 40-49 жаш курактык топто - 47,8%. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын диагностикасы жана аларды дарылоо боюнча саламаттык сактоо системасынын иши натыйжасыз болуп чыкты. Түзүлгөн ушундай жагдайдын себептеринин бири - биздин калкыбыздын жүрүм-турумунда, ал тамеки чегүү, алкоголду көп ичүү, туура эмес тамактануу, ошондой эле тобокелдик факторлору жана дарылоо мүмкүндүктөрү жөнүндө маалымдуулуктун аздыгы менен мүнөздөлөт. Башка жактан алып караганда, бул жагдай баштапкы медициналык-санитардык жардам (мындан ары - БМСЖ) деңгээлинде артериялык гипертензиясы бар пациенттерди жетишсиз аныктоо, каттоо жана консультация берүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүү тобокели бар (тамеки чегүү, кант диабети ж.б.) пациенттерди начар табуу жана начар консультациялоо менен себептелген. Ошондой эле катуу кармаган коронардык синдрому менен пациенттерге аспиринди милдеттүү түрдө дайындоо практикасынын жоктугу, кечиктирилгис абалда өз убагында ооруканага жаткыруу үчүн райондор менен айылдарда транспорттун жоктугу, миокарддын инфарктында натыйжалуу кызматтарды (аспирин, бета-блокаторлор, тромболитиктер) жетишсиз пайдалануу, инсульт болгон пациенттерге адистештирилген дарылоонун жоктугу жана саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлинде экинчи иреттеги профилактика (реабилитациялоо) боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөгөндүгү белгиленет.
Бул натыйжаларга жетишүү үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга, стационардык дарылоо жана тез кечиктирилгис жардам деңгээлинде натыйжалуу технологияларды колдонууга жана медициналык кызматтардын толуктугуна көңүлдү буруу керек. Ошондой эле гипертониялык оорунун жана катуу кармаган коронардык синдромдун алгачкы жана экинчи профилактикасы боюнча чараларды көрүү зарыл.
| 2-таблица |
Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча "Ден соолук"
Программасынын күтүлүүчү жыйынтыктары жана
көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү оңолушу
┌─────────────────────────────────────────┬───────────────────────────┐
│ Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары │ Көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү│
│ │ оңолушу │
├─────────────────────────────────────────┼───────────────────────────┤
│1. Баштапкы медициналык-санитардык жардам│Жүрөк-кан тамыр ооруларынан│
│деңгээлинде табылган гипертониялык │өлүмгө учуроонун жыл сайын │
│оорулар санын 2016-жылы 10%га көбөйтүү. │1,0% азайышы │
│2. Гипертониялык ооруларды контролдоо │ │
│боюнча саламаттык сактоо системасынын │ │
│натыйжалуулугун 2016-жылга 50%га │ │
│жогорулатуу. │ │
│3. Кызматтардын стандарттуу пакетин: │ │
│тромболитикти, аспиринди, гепаринди, │ │
│бета-блокаторду алышкан, катуу кармаган │ │
│миокард инфаркты менен ооруканага │ │
│жаткырылган пациенттерди көбөйтүү. │ │
└─────────────────────────────────────────┴───────────────────────────┘
§1. Калктын деңгээлиндеги негизги иш-чаралар
Тамеки чегүү, алкоголду көп ичүү, туура эмес тамактануу факторлоруна көңүл буруп, жүрөк-кан тамыр оорулары өнүгүү тобокелине карата калктын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө багытталган чараларды көрүү керек. Ошондой эле дарылоо принциптери жана методдору жөнүндө, дарылоо режимин аткарбаганда жаман натыйжа болоору тууралуу калктын маалымдуулугун жакшыртуу зарыл. Калктын деңгээлинде, "Ден соолук" Программасынын алкагында негизги иш-чаралар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Жүрөк-кан тамыр оорулар тобокелинин факторлору жана дарылоо методдору жөнүндө, мүмкүн болгон миокард инфаркты же инсультту баамдоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарына тезинен кайрылуу керек болгон симптомдор, дайындаган дарылоону аткаруунун мааниси жана жеңилдетип дарылар менен камсыздоо программалары тууралуу калктын маалымдуулугун жөгорулатуу.
2. Тамеки чегүүгө каршы багытталган иш-чараларга секторлор аралык мамиле жасоо, мында төмөнкүдөй далилдик методдор колдонулат: тамеки продукциясына салыкты кыйла жогорулатуу, тамеки чекпеген зоналарды милдеттүү түрдө камсыздоо, коомдук жерлерде тамеки чегүүгө тыюу салуу, тамеки продукциясынын тышына иллюстрацияланган эскертүүлөрдү жайгаштыруу, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жана айылдык ден соолук комитеттери аркылуу тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча маалыматтык өнөктүктөр;
3. Спирт ичимдиктерин ичүүнү азайтуу боюнча секторлор аралык иштешүүнү өнүктүрүү (бааны жөнгө салуу маселеси, жарнама берүүнү, сатуу мезгилин жана жерлерин чектөө), ошондой эле туура эмес тамактанууга карата жүрүм-турумду өзгөртүү (тузу көп жана майлуу тамак-аш продуктуларын керектөөнү азайтуу).
§2. Негизги жеке кызматтар - саламаттык сактоо уюмдарында
медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу
Саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде сапатты жакшыртуу боюнча чаралар саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде натыйжалуу жана жеткиликтүү кызматты бардык муктаж адамдарга камсыз кылууга алып келиши керек.
1. Диагностиканын жана дарылоонун далилдүү методдорун киргизүү жолу менен саламаттык сактоонун баштапкы звеносунда жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууну жакшыртуу жана сактануу буларды камтыйт:
а) тамеки чеккен пациенттерди айкындап, аларга тамекини таштоо боюнча консультацияларды берүү;
б) саламаттык сактоонун баштапкы звеносунда артериялык гипертензия жана катуу кармаган коронардык синдрому бар пациенттерди туура аныктоо, каттоо жана алар боюнча иш жүргүзүү;
в) жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болуу коркунучунун бир себеби катары кант диабетин баштапкы звено деңгээлинде аныктоо жана дарылоо;
г) артериялык гипертензия жана катуу кармаган коронардык синдром тобокели көп пациенттерге натыйжалуу фармакотерапияны дайындоо;
д) артериялык гипертензия бар пациенттердин жана катуу кармаган коронардык синдром болгон пациенттердин дайындалган дарылоосун кармануусун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү.
2. Стационарда дарылоонун шайкештиги медициналык жардамдын стандарттарын ишке киргизүү жана жакшыртуу, дарылоо менен диагностиканын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жолу менен жогорулатылат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) миокард инфарктынан өлүм тобокелин төмөндөткөн жана кайталанган учурларды болтурбаган натыйжалуу дары каражаттарды колдонуу, натыйжалуу кызматтарды көрсөтүү;
б) миокарды инфаркт болгон пациенттерге тромболитикалык терапиясы жеткиликтүү болушун камсыз кылуу;
в) аймактык жана облустук ооруканалар деңгээлинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар үчүн сапаттуу байкоого алынышын жана лабораториялык процедураларды көрсөтүүнү камсыз кылуу;
г) облустук ооруканалар деңгээлинде мээдеги кан айлануунун катуу кармаган бузулушун жана катуу кармаган миокард инфарктын башынан өткөргөн бейтаптардын эрте реабилитациясы жана аларды тиешелүү көзөмөлдөө.
3. Кечиктирилгис тез жардам кызматтары катуу кармаган коронардык синдрому жана мээдеги кан айлануунун катуу кармаган бузулушу бар бейтаптарга жардам көрсөтүү боюнча райондор деңгээлинде тез медициналык жардам бригадаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, катуу кармаган коронардык синдром жана мээдеги кан айлануунун катуу кармаган бузулушу бар пациенттери үчүн дары каражаттардын жана керектүү жабдуулардын тизмесин аныктоонун негизинде жана тез медициналык жардамдын автоунааларын керектүү жабдуулар (жабдыктарды сатып алуу) менен жабдуу аркылуу жакшыртылат.
§3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн ырааттуулугу жана жаңы моделдери
Жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптарга жардам уюштуруу системасы олуттуу өзгөртүүлөргө муктаж эмес. Бирок деңгээлдер ортосунда ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн ошол кызматтарды оптималдаштыруу чараларын көрүү зарыл. Кызмат көрсөтүүнүн жаңы модели катары пилоттук райондордо жаңы моделди тестирлөө жолу менен аймактык ооруканалардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрүндө жана ҮМБларда кардиологдордун рационалдуу жайгашуусун иликтеп чыгуу керек.
1. Айылдык ден соолук комитеттери менен саламаттык сактоонун баштапкы звеносу ортосундагы өз ара аракеттешүүсү (ФАП-ҮДТ-ҮМБ). Айылдык ден соолук комитеттеринин күчү менен өткөрүлчү скринингдик изилдөөлөрдө айкындалган гипертониясы бар пациенттер жөнүндө баштапкы звенонун кызматкерлерин жана алардын жетекчилерин маалымдоо системасын жакшыртуу.
2. Стационарлар жана баштапкы медициналык-санитардык жардам ортосундагы өз ара байланышта иштешүү. Стационарлар саламаттык сактоонун баштапкы звеносу менен байланышта иштешүүнү жакшыртууга алып келген чараларды дарылоону андан ары улантуу үчүн көрүү керек (жолдомо жана кайрадан жолдомолоо системаларын жакшыртуу, маалымат алмашуу, тобокел даражасы бийик пациенттер үчүн адистештирилген жардам).
3. Артериялык гипертензия тобокели бийик бейтаптар үчүн амбулаториялык шартта адистештирилген кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу.
§4. Тоскоолдуктар
Жүрөк-кан тамыр ооруларды контролдоо боюнча Программанын күтүлүүчү жыйынтыктарына жетишүүгө жана негизги кызматтарды көрсөтүүгө жолтоо болгон саламаттык сактоо системасынын негизги тоскоолдуктары саламаттык сактоо системасынын бардык функциялары боюнча топтолгон жана 3-таблицада берилди.
|
3-таблица |
Жүрөк-кан тамыр ооруларды контролдоо
жаатындагы тоскоолдуктар
┌────────────────────────┬────────────────────────────────────────────┐
│ Саламаттык сактоо │ Тоскоолдуктар │
│системасынын функциялары│ │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Коомдук саламаттык │1. Жүрөк-кан тамыр оорулардын тобокелинин │
│сактоо │негизги факторлорун (тамеки чегүү, семирүү, │
│ │алкоголь) контролдоо боюнча секторлор аралык│
│ │мамилени талап кылган иште лидерликтин │
│ │жоктугу жана аракеттешүү механизмдердин │
│ │начардыгы. │
│ │2. Ден соолуктун социалдык детерминанттарына│
│ │багытталган инфекциялык эмес оорулар боюнча │
│ │бирдиктүү улуттук саясаттын жоктугу. │
│ │3. Калктын сергек жашоо үлгүсүн кармануусу │
│ │төмөн болушу. │
│ │4. Артериялык гипертензияны контролдоо │
│ │боюнча саламаттык сактоонун баштапкы звеносу│
│ │жана ДЧК аракеттешүүлөрүнүн системасы жок │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Жеке кызматтарды │1. Баштапкы звено жана стационарлар │
│көрсөтүү │деңгээлинде клиникалык протоколдорду ишке │
│ │киргизүүнүн механизмдери начар. │
│ │2. Тез жана адистештирилген медициналык │
│ │жардамдын жеткиликтүүлүгү төмөн. │
│ │3. Жүрөк-кан тамыр оорулардын функциялык │
│ │жана лабораториялык диагностикасынын │
│ │жеткиликтүүлүгү аз. │
│ │4. Жүрөк-кан тамыр ооруларды дарылаганда │
│ │жана диагностикасында гендердик айырмалоо │
│ │аспекттерине медкызматкерлер үйрөнгөн эмес. │
│ │5. Сапаттын тышкы контролу жазалоо мүнөздө │
│ │өткөрүлөт, бул гипертониянын чыныгы санын │
│ │катталгандарга салыштырмалуу азайтат │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Саламаттык сактоону │1. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын │
│каржылоо │финансылык ажырымы жүрөк-кан тамыр оорулары │
│ │бар бейтаптар үчүн бардык далилдик │
│ │кызматтарды (лабораториялык жана │
│ │функционалдык диагностика методдорун) │
│ │камтууга жол бербей жатат. │
│ │2. Кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн │
│ │кызмат көрсөтүүчүлөргө экономикалык түрткү │
│ │берүүчү механизмдер жок. │
│ │3. Медициналык билим берүүнүн бюджетин түзүү│
│ │жана аткаруу механизмдери начар │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Ресурстарды │1. Райондук деңгээлде кардиологдордун │
│калыптандыруу │жетишсиздиги. │
│ │2. Азыркы үзгүлтүксүз медициналык билим │
│ │берүү системасы жетиле элек. │
│ │3. Клиникалык протоколдор билим берүү │
│ │системасына интеграцияланган эмес. │
│ │4. Статиндер Милдеттүү медициналык │
│ │камсыздандыруунун Кошумча программасына │
│ │камтылган эмес жана генерикалык │
│ │препараттарга рыноктук баалар стандарттык эл│
│ │аралык баалардан жогору │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Стратегиялык башкаруу │1. Лидерликтин жоктугу, республикалык жана │
│ │облустук деңгээлдерде координациянын │
│ │начардыгы. │
│ │2. Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн автономиясынын │
│ │проблемалары чечилбегендиги иштин │
│ │жыйынтыктарын жана кызматтардын сапатын │
│ │жакшыртууга жетекчилердин умтулуусун │
│ │төмөндөтөт. │
│ │3. Бейтаптарга жардамды уюштуруу боюнча │
│ │мониторинг системасы жетик эмес │
└────────────────────────┴────────────────────────────────────────────┘
8. Эненин жана ымыркайдын ден соолугу
Акыркы жылдары Кыргызстан ымыркайлар өлүмү боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жетишти жана аны андан ары азайтуу багытын сактап келатат. Энелер өлүмүнүн көрсөткүчү дагы деле көп бойдон калууда. Бүгүнкү күндө эне өлүмүнүн түзүмү төрөттөн кийинки кан кетүүдөн (44,2%), гипертензиялык бузулуштардан (23,1%), септикалык кабылдоолордон (3,8%) турат, башкача айтканда кош бойлуу учурунда, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде аялды жакшы кароого жана байкоого алууга байланыштуу.
Ымыркайлардын чарчап калуусун талдоо көрсөткөндөй, көпчүлүк өлүмдөр төрөлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде болуп жатат, б.а. бала медициналык кызматкердин байкоосунда турган учурда. Ошондуктан ымыркайлардын жана энелердин өлүмдөрүн азайтуу үчүн негизги көңүлдү жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде саламаттык сактоо уюмдарда көрсөтүлчү медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга, ымыркайлардын жана энелердин ден соолугун сактоо ишине калкты жана мамлекеттин башка секторлорун активдүү тартууга буруу керек.
Бул бөлүмдө эне жана ымыркайдын ден соолугуна карата, кийинки бөлүмдө - баланын ден соолугуна карата негизги кызматтар жана күтүлүүчү жыйынтыктар берилди, ошол эле мезгилде бул эки программа боюнча саламаттык сактоо системасындагы тоскоолдуктар жарым-жартылай окшош болуп, бирге берилген.
| 4-таблица |
Эне жана ымыркайдын саламаттыгын сактоо маселеси боюнча
"Ден соолук" Программасын аткаруунун күтүлүүчү жыйынтыктары
жана көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү оңолушу
┌─────────────────────────────────────────┬───────────────────────────┐
│Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары │Ден соолук көрсөткүчтөрүнүн│
│ │ күтүлгөн өзгөрүшү │
├─────────────────────────────────────────┼───────────────────────────┤
│1. Анемиясы бар төрөгөн аялдардын санын │1. Энелер өлүмүнүн │
│2014-жылга карата 4%га, 2016-жылы - 12%га│деңгээлин азайтуу. │
│азайтуу. │2. Салмагы 2500 гр │
│2. Эклампсия учурларын 2016-жылга карата │балдардын перинаталдык │
│10%га азайтуу. │өлүмдөр деңгээлин │
│3. Хирургиялык кийлигишүүлөрдү колдонуп, │2016-жылга карата 10%га │
│төрөттөн кийинки ириңдүү-септикалык │төмөндөтүү │
│кабылдоолорду 2016-жылга карата 10%га │ │
│азайтуу. │ │
│4. Хирургиялык кийлигишүүлөрдү колдонуп, │ │
│төрөттөн кийинки кан кетүүлөрдүн санын │ │
│2016-жылга карата 10%га азайтуу. │ │
│5. 2016-жылга үй-бүлөнү пландаштыруу │ │
│методдорун пайдаланган фертилдик │ │
│курактагы аялдардын камтылышы 10%га │ │
│жогорулатуу. │ │
└─────────────────────────────────────────┴───────────────────────────┘
§1. Калктын деңгээлиндеги негизги иш-чаралар
Калктын деңгээлиндеги негизги иш-чаралар коопсуз энелик жана үй-бүлөнү пландаштыруу иштери боюнча аялдардын маалымдуулугун жакшыртууга багытталышы керек. Ошондой эле маанилүү багыттардын бири болуп үй-бүлөнү пландаштыруу жана коопсуз энелик маселесин ишке ашырууда секторлор аралык аракеттешүүнү күчөтүү саналат.
1. Анемияны алдын алуу, энелердин тамактануусу, кош бойлуулуктагы кооптуу белгилер, кепилге алынган кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн саламаттык сактоо системасына өз убагында кайрылуунун зарылдыгы жөнүндө аялдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маалымдуулугун жакшыртуу. Бул маселени чечүүдө жарандык коомду (коммерциялык эмес уюмдарды) жана массалык маалымат каражаттарын тартуу негизги механизмдердин бири болушу керек.
§2. Негизги жеке кызматтар - саламаттык сактоо уюмдарында
кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар
Үй-бүлөнү пландаштыруу, коопсуз энеликти камсыз кылуу үчүн натыйжалуу жана жеткиликтүү кызматтар жалпыга жакшы маалым. Анын кыйынчылыгы - ошол кызматтарга муктаж айрым аялдар аларды толук көлөмдө албагандыкта жатат.
1. Баштапкы звенодогу саламаттык сактоо уюмдары үчүн негизги кызматтар. Дарылоо жана диагностиканын далилдүү методдорун бардык жерде ишке киргизүү жолу менен баштапкы звенодогу саламаттык сактоо уюмдар деңгээлинде кош бойлуулук жана төрөттөн кийинки мезгилдеги аялдардын кооптуу белгилерин өз убагында айкындоо жана чара көрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) Анемияны өз убагында диагноздоо жана темир камтыган препараттарды, фолий кислотасы менен дайындоо, бактериурияны диагноздоо жана антибиотиктерди дайындоо, гипертензивдүү бузулуштарды эртерээк табуу жана төрөткө өз убагында жиберүү, күмөндүн абалына жакшы байкоо салуу, жыныс жолу менен жуккан инфекцияларды айкындоо жана дарылоо, АИВ инфекциясы энеден балага жугушун алдын алуу максатында антенаталдык кароо.
б) Контрацепция жана консультация берүүнүн заманбап методдорун колдонуу жолу менен үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кызматтар, кош бойлуулуктун кооптуу белгилери жана аялдарды төрөткө даярдоо боюнча консультация берүү.
2. Төрөткө жардам берген уюмдардагы негизги кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) Партограмманы толук жана туура толтурулушун камсыз кылуу, күмөндүн абалын баалоо, ымыркайлардын гипотермиясын алдын алуу үчүн жылуулаткан түрмөкчөнү камсыз кылуу, ымыркайларды реанимациялоо көнүмдөрү боюнча төрөт залдардын кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн камсыз кылуу, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча төрөттөн кийинки консультация берүү, ымыркайдын кооптуу белгилери жана эмчек эмизүү боюнча консультация берүү жолдору менен төрөткө жардам берген уюмдарда энелердин жана ымыркайлардын өлүмдөр тобокелин азайтуу боюнча иш-чаралар.
б) Төрөттүн 3 мезгилине активдүү чара көрүүнү киргизүү, аялдарды байкоого алуу, төрөттөн кийинки кан агуулар боюнча билимдерди жана көнүмдөрдү жакшыртуу, канды токтотуу үчүн натыйжалуу препараттарды колдонуу жолу менен төрөттөн кийинки кан кетүүнүн санын азайтуу.
в) Сапаттуу акушердик кечиктирилгис кызматтарды камсыз кылуу жолу менен оор преэклампсия жана эклампсия менен түшкөн аялдардын оңолуп кетишин жогорулатуу.
г) Периоперациялык антибиотикопрофилактиканы киргизүү жолу менен төрөттө кийинки септик кабылдоолор учурларын азайтуу, төрөт учурунда негизсиз изилдөөлөрдү азайтуу, шайкеш антибиотикотерапия жана бардык төрөттөн кийинки септикалык кабылдоолордун катталышын жакшыртуу.
3. Кечиктирилгис жардамдын сапаты азыркы системаны өркүндөтүү, тез медициналык жардам деңгээлинде кош бойлуу аялдардын кечиктирилгис абалдары (кан агуулар, гипертензивдик бузулуштар) үчүн керектүү жабдуулар жана дары препараттары менен жабдуу аркылуу жакшыртылышы керек.
§3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн ырааттуулулугу жана жаңы моделдери
Кош бойлуу, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде аялдарга үзгүлтүксүз байкоо салууну камсыз кылуу боюнча чаралар зарыл. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы жаңы моделдер пилоттук уюмдарда сыноодон өтүшү керек жана аларды андан ары ишке киргизүү боюнча талкуулоо зарыл.
1. Баштапкы жана экинчи деңгээлдеги уюмдар ортосундагы ырааттуулук төрөткө жардам берүүчү уюмда аялдарга консультация берүү жана баштапкы деңгээлде төрөттөн кийинки мезгилде тийиштүү байкоо салуу үчүн жакшыртылышы керек.
2. Үчүнчү деңгээл жана облустардын, райондордун төрөткө жардам берүүчү уюмдары ортосунда аракеттешүүнү жакшыртуу.
3. Кечиктирилгис абалдар боюнча акушерлерди жана гинекологдорду сертификаттоонун жана аттестациялоонун жаңы модели; үчүнчү деңгээлдеги уюмдар үчүн конкурстук негизде кызматкерлерди тандоо модели.
4. Тобокели бийик кош бойлуу аялдар үчүн райондор деңгээлинде амбулаториялык кызматтарды көрсөтүү модели.
5. Аялдарга жана ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн транспорттук-консультациялык системасынын модели.
9. Баланын ден соолугу
Балдардын өлүмгө учуроосун азайтуучу чараларды көрүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу маселе жана актуалдуу проблема, анткени өлкөбүз балдардын өлүмүн азайтуу боюнча Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн бардык аракеттерди жасашы керек (4-максат). Акыркы жылдары 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн себеби негизинен дем алуу органдардын ооруларынан жана катуу кармаган ичеги инфекцияларынан болгон. Балдар арасында анемиянын көп таркашы алардын ооруга чалдыгуусуна жана оорунун жүрүшүнө жагымсыз таасир калтырат. Ушуга байланыштуу саламаттык сактоо системасы тарабынан ошол көрсөткүчтөрдү азайтууга багытталган чаралар көрүлдү. Тамак-аш продуктуларын байытуу боюнча программалар иштеп жатат, 5 жашка чейинки балдардын негизги ооруларын дарылоо үчүн керектүү дары каражаттар өтө керектүү дары каражаттар тизмесине киргизилди, эмдөө менен камтуу 96% түзөт.
Бул жетишкендиктердин бардыгы маанилүү, бирок балдарга медициналык жардам көрсөтүү сапатын жакшыртуу боюнча аракеттерди: жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде дарылоонун жана диагностиканын далилдүү методдорун ишке киргизүүнү, кечиктирилгис, тез медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну улантуу керек. Ошентип, балдардын саламаттыгын сактоо боюнча күтүлүүчү жыйынтыктар аныкталды, аларга 2016-жылга чейин жетишүү "Ден соолук" Программасынын алкагында негизгилерден.
|
5-таблица |
Баланын ден соолугу маселеси боюнча "Ден соолук"
Программасын аткаруунун күтүлүүчү жыйынтыктары
жана көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү оңолушу
┌───────────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│ Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары │ Көрсөткүчтөрдүн │
│ │ күтүлгөн жакшыруусу │
├───────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│1. 5 жашка чейинки балдар арасында анемиянын │1. 2016-жылга 5 жашка│
│таркалышын 2016-жылга 10-15%га азайтуу │чейинки балдарда дем │
│2. Диареяда цинк жана ооздон алынчу │алуу органдардын │
│регидратациялык терапияны алган 5 жашка чейинки│ооруларынан өлүмдөрдү│
│камтылган балдарды 75%га чейин көбөйтүү; │7%га чейин азайтуу. │
│3. Пневмонияда антибактериялык препараттарды │2. 2016-жылга 5 жашка│
│алган 5 жашка чейинки камтылган балдарды 75%га │чейинки балдардын │
│чейин көбөйтүү; │диареядан өлүмдөрүн │
│4. 2 жашка чейинки балдарды вакциналык комплекс│7%га чейин азайтуу │
│менен камтууну 96% кармоо │ │
└───────────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
§1. Калк үчүн негизги максаттар
Калк үчүн негизги кызматтар 5 жашка чейинки балдардын саламаттыгын сактоо иши боюнча коомду маалымдоого багытталышы керек (эмчек менен гана багуу, иммундаштыруу, балдарды тамактандыруу, 5 жашка чейинки балдардын ооруларынын белгилери жана медкызматкерлерге кайрылууга зарыл болгон кооптуу белгилер ж.б.).
1. Балдардын ооруларынын кооптуу белгилери боюнча ата-энелерге консультация берүүнү, анемияны дарылоо жана диагностикасын, тамак-аш продуктуларын толук микронутриенттик байытууну ("Гүлазык" аралашмасы), иммундаштырууну, баланын өсүшүн баалоону камтыган 5 жашка чейинки балдар үчүн сунушталган алдын алуучу кызматтардын стандарттуу пакети жөнүндө калктын маалымдуулугун жакшыртуу ишине калкты (волонтерлорду жана башка уюмдарды) жана жарандык коомду (КЭУ, АДК) тартуу.
2. Пландуу вакцинацияда жана иммундаштыруунун кошумча кампанияларында, ошондой эле эмчек эмизүү жумалыктарында социалдык мобилизацияны камсыз кылуу жана маалыматтык колдоо көрсөтүү.
§2. Негизги жеке кызматтар - саламаттык сактоо уюмдарында
кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар
Саламаттык сактоо уюмдардын деңгээлинде сапатты жакшыртуу ооруган жана оорубаган балдарды кароону камсыз кылууда, оорулардын кооптуу белгилерин баалоодо жана стационарга өз убагында жиберүүдө, ооруган баланы бекитилген клиникалык протоколдорго ылайык сапаттуу дарылоодо турат.
1. Ооруган балдарды дарылоо жана дени сак балдарга байкоо салуу жана каралышын камсыз кылуу жолу менен баштапкы деңгээлдеги кызматтардын сапатын жакшыртуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) маанилүү алдын алуучу чаралар боюнча ата-энелерге консультация берүүнү, анемияны дарылоо жана диагностикасын, баланын өсүшүн баалоону (бала өсүшүнүн картасын колдонуу менен, Улуттук календарга ылайык иммундаштырууну, тамак-аш продуктулардын демейки микронутриенттик байытууну (анемияны жана микронутриенттик жетишсиздик менен байланышкан ооруларды алдын алуу үчүн) камтыган алдын алуучу сунушталган кызматтардын стандарттуу пакетин бардык балдарга көрсөтүүнү камсыз кылуу;
б) балдар ооруганда медициналык жардамды жана керектүү кызматтарды көрсөтүү (диареяда цинк жана оозго алынчу регидратацияны дайындоого, пневмонияда антибиотиктерди дайындоого көңүлдү буруу), абалын баалоо жана стационарга негиздүү жана өз убагында жиберүү.
2. Бала курактагы ооруларды дарылоо боюнча ДССУ сунуштарынын негизинде ("Балдарга стационардык жардам көрсөтүү" чөнтөк маалымдамасы) стационардагы негизги кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) диарея жана респиратордук оорулар менен стационарга түшкөн балдарды туура бөлүштүрүү керек (амбулаториялык же консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрдө оорулардын кечиктирилгис жана приоритеттүү белгилерин баалоонун негизинде) жана далилдүү методдор менен мамилелердин негизинде өз убагында медициналык жардам менен камсыз кылынат;
б) ДССУ сунуштарынын негизинде ("Балдарга стационардык жардам көрсөтүү" чөнтөк маалымдамасы) ооруган балдарга сапаттуу байкоо салууну камсыз кылуу.
3. Балдарга көрсөтүлчү госпиталга чейинки тез жана кечиктирилгис медициналык жардам баштапкы деңгээлде жана тез медициналык жардам бригадалары деңгээлинде кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу ("Амбу" баштык, кычкылтек концентратору, пульсоксиметр, небулайзер) жана балдарга тез кечиктирилгис жардам көрсөтүү үчүн препараттар тизмеси (адреналин, кортикостероиддер, антибиотиктер ж.б.) аркылуу жакшыртылат.
§3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн ырааттуулугу жана жаңы моделдери
Балдарды стационарга жиберүүнүн так критерийлеринин жана андан ары байкоо салуу үчүн баштапкы деңгээлге кайрадан жиберүүнүн механизмдеринин негизинде стационардык дарылоого муктаж балдарды өз убагында жана негиздүү ооруканага жаткырууну камсыз кылуу үчүн стационарлар менен баштапкы деңгээлдеги уюмдар ортосундагы ырааттуулукту жакшыртуу боюнча чараларды көрүү зарыл. 5 жашка чейинки балдарга медициналык жардамды уюштурууда жаңы моделдердин натыйжалуулугун изилдөө керек.
1. Баштапкы деңгээлдеги уюмдар менен стационарлардын аракеттешүүсүн жакшыртуу.
2. Өсүүнүн тубаса кемтиктерине көзөмөл салуу системасын түзүү боюнча мүмкүндүктөрдү билүү.
3. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга медициналык-реабилитациялык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү.
4. Медициналык-генетикалык кызматты өнүктүрүү (тубаса кемтиктер, тукум кууган оорулар).
§4. Тоскоолдуктар
Негизги кызматтарды тиешелүү түрдө көрсөтүүгө, энелердин жана балдардын өлүмгө учуроосун азайтууда натыйжага жетишүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктар 6-таблицада көрсөтүлдү.
| 6-таблица |
Эне жана баланын ден соолугун сактоодогу
тоскоолдуктар
┌────────────────────────┬────────────────────────────────────────────┐
│ Саламаттык сактоо │ Тоскоолдуктар │
│системасынын функциялары│ │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Коомдук саламаттык │1. Эне жана баланын саламаттыгын сактоо │
│сактоо │ишине башка секторлордун начар тартылышы. │
│ │2. Эне жана баланын саламаттыгын сактоо иши │
│ │боюнча калктын жоопкерчилиги жана │
│ │маалымдуулугу төмөн │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Жеке медициналык │1. Кош бойлуулуктун кооптуу белгилерин │
│кызматтар │аныктоо, балдардын ооруларынын кооптуу │
│ │белгилери боюнча баштапкы деңгээлдеги │
│ │адистердин билимдери жана көнүмдөрү │
│ │жетишсиз. │
│ │2. Тез медициналык жардамга │
│ │жеткиликтүүлүктүн кечиктирилгис жардамды өз │
│ │убагында жана сапаттуу көрсөтүүнүн азайышына│
│ │алып келет. │
│ │3. Стационарлардын инфраструктурасы сапаттуу│
│ │кызматтарды көрсөтүүгө шайкеш келбейт (суу, │
│ │жылуулук, канализация ж.б.). │
│ │4. Лабораториялык кызматтын сапаты жана │
│ │натыйжалуулугу төмөн │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Саламаттык сактоону │1. Сапатка багышталган кызматтарга │
│каржылоо │дифференциялуу төлөп берүү механизмдердин │
│ │жоктугу. │
│ │2. Камсыздандырылбаган кош бойлуулардын дары│
│ │менен камсыз кылуу системасы жетик эмес. │
│ │3. Инфраструктураны жакшыртуу үчүн │
│ │капиталдык инвестицияларды каржылоонун │
│ │туруктуу саясаты жок. │
│ │4. Контрацепциялык каражаттарды алып келүүнү│
│ │мамлекеттик каржылоо системасынын жок │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Ресурстарды куроо │1. Райондордо жана шаарларда адистердин │
│ │дисбалансы (неонатологдор, │
│ │акушер-гинекологдор). │
│ │2. Натыйжалуу технологиялар боюнча │
│ │адистердин билимдери жана көнүмдөрү │
│ │жетишсиз. │
│ │3. Үчүнчү деңгээлдеги персоналдын кесиптик │
│ │деңгээли жетишсиз. │
│ │4. Бардык деңгээлдерде башкаруучулук │
│ │персоналды калыптандыруу боюнча кадрдык │
│ │саясат натыйжасыз │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Стратегиялык башкаруу │1. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетишсиз │
│ │автономиясы мекеме ичиндеги менеджментти │
│ │жакшыртууга, сапаттын ички контролун, │
│ │мониторинг өткөрүүгө, лабораториялык │
│ │кызматтарды жакшыртууга ж.б. кызыгуусун │
│ │төмөндөтөт. │
│ │2. Эне жана баланын саламаттыгын сактоо │
│ │боюнча иш-чараларга жүргүзүү системасы │
│ │начар. │
│ │3. Кош бойлуу аялдарга жана балдарга │
│ │жардамды уюштуруу боюнча иш-чаралардын │
│ │сапатын контролдоо системасы жетик эмес │
└────────────────────────┴────────────────────────────────────────────┘
10. Туберкулез
Кыргыз Республикасында кургак учукка чалдыгууну жана андан өлүмгө учуроону азайтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү боюнча мамлекеттин саясий умтулуусу бар, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун "Кургак учукту токтотуу" стратегиясынын принциптеринде түзүлгөн "Кургак учук-1, 2 жана 3" Улуттук программалары кабыл алынган. Өлүмдөр жана ооруга чалдыгуу көрсөткүчтөрүн стабилдештирүүгө карабай, Кыргызстанда кургак учук боюнча эпидемиологиялык жагдай жакшы эмес бойдон калууда. Биринчи жана экинчи туруктуулуктун өсүшү дарылоонун бардык этаптарындагы олуттуу проблемаларды айгинелеп турат. Кургак учуктун көйгөйлөрү төмөнкүлөргө байланыштуу, алар: саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинин жана лабораториялык кызматтын начардыгы; мазоктун терс жыйынтыгы бар пациенттердин, балдар менен чоңдордун арасында кургак учуктун гипердиагностикасы; БМСЖ деңгээлинде түздөн-түз байкоого алган терапияны начар уюштуруудан дарылоодогу үзгүлтүк учурлардын көрсөткүчтөрү өтө көп жана дарыланууга умтулуусун жакшыртуу үчүн пациенттерди натыйжалуу социалдык колдоонун жоктугу. Белгилеп кетчү нерсе, инфекциялык контролдун натыйжалуу системалары стационардык деңгээлде да, баштапкы деңгээлде да жок. Бул жагдай, какырыктын терс жыйынтыгы бар пациенттерди ооруканага зарылдыгы жок жаткыруу жана мазоктун туура чыккан жыйынтыгы менен бейтаптарды ооруканага узак жаткыруу айкалышканда кургак учуктун (анын ичинде кургак учуктун дарыга көп жолку туруктуулугу менен) оорукана ичиндеги балдар жана чоңдор арасында таркалышына шарт түзөт.
|
7-таблица |
Кургак учук боюнча "Ден соолук" Программасын
аткаруунун күтүлүүчү жыйынтыктары жана
көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү оңолушу
┌─────────────────────────────────────┬───────────────────────────────┐
│ Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары │ Көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү │
│ │ оңолушу │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│1. Кургак учуктун жаңы бациллярдык │1. Кургак учуктан өлүмдөрдү │
│учурларын аныктоону 2016-жылга 70%га │2016-жылга 100 миң калкка 8ден │
│чейин жакшыртуу. │төмөн кылып азайтуу. │
│2. Кургак учуктун жаңы бациллярдык │2. Ооруга чалдыгууну 2016-жылга│
│учурларын ийгиликтүү дарылоо │100 миң калкка 92ден төмөн │
│көрсөткүчүн 2016-жылга 85%га чейин │кылып азайтуу │
│жакшыртуу. │ │
│3. Кургак учуктун дарыларга туруктуу │ │
│формалары бар бейтаптарды дарылоо │ │
│менен камтууну 2016-жылга 85%га чейин│ │
│жеткирүү │ │
└─────────────────────────────────────┴───────────────────────────────┘
§1. Калк үчүн негизги кызматтар
Калк үчүн негизги кызматтар кургак учуктун баштапкы жана экинчи профилактикалоо, пациенттерди үйрөтүү, калк ичинде жана коомдо стигманын төмөндөшү, пациенттердин дарылануугу умтулуусун жакшыртуу үчүн максаттуу жана интенсивдүү социалдык колдоо көрсөтүү, кургак учук менен ооруган бейтаптардын аялуу топтору үчүн кызматтар багыттарында аткарылышы керек. "Ден соолук" Программасынын калк менен иштөө боюнча артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Кургак учуктун аныкталышына, дарылоонун ийгилигине, стигманы жана калк арасында дискриминацияны болтурбоого, мунун бардыгын калктын аялуу катмарына өзгөчө көңүл буруу менен (мигранттарга, наркотикке көз карандыларга, мурда абакта жаткандарга ж.б.) көмөктөшүү үчүн жарандык коомду, маалымат каражаттарын жана башка уюмдарды активдүү тартуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) кургак учук менен ооруган бейтаптарга, дарыга туруктуу формалары бар пациенттерди кошуп, социалдык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн (АДК ж.б.) тартып, амбулаториялык шартта контролго алынган дарылоону уюштуруу.
б) кургак учукту баштапкы звенодо жана стационар деңгээлинде аныктоо жана дарылоо боюнча акысыз кызматтарга укуктар, жана кургак учуктуу бейтаптарды амбулаториялык шартта дарылоонун жаңы модели жөнүндө калкты маалымдоо боюнча комплекстүү өнөктүк.
2. Кургак учуктун дарыга туруктуу формаларына чалдыгуунун көбөйүшүнө шарт түзгөн сапаттык кемчиликтерди эртелеп аныктоо үчүн эпидемиологиялык көзөмөл механизмдерин жакшыртуу.
§2. Негизги жеке кызматтар - саламаттык сактоо уюмдарында
кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар
Медициналык жардамдын сунушталган моделдерин жана жаңы диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, эл аралык сунуштарга ылайык кургак учук боюнча азыркы клиникалык протоколдорду кайра карап чыгуу керек. Кургак учукту, анын ичинде дарыга туруктуу формаларын дарылоо жана диагностикасынын жаңыртылган стандарттарын саламаттык сактоо уюмдарынын ишине киргизүү үчүн сапатты ички жана тышкы контролдоо механизмдери керек, алар сапаттуу медициналык жардамга карай жолдогу системалуу тоскоолдуктарды жок кылууга жардам берет. Фтизиатрлардын, лаборанттардын, баштапкы звенонун кызматкерлеринин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мультидисциплиналык топторду түзүү саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде сапатка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө жакшы ыкма болушу мүмкүн. Баштапкы деңгээлде инфекциялык контролдоонун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган чараларын ишке киргизүү жана саясатты иштеп чыгуу керек. Ошондой эле кургак учукту дарылоо боюнча кызматтардын түзүмүн өзгөртүүдө артыкчылыктуу катары кургак учуктун дарыга туруктуу формасынын оорукана ичинде таркалышын болушунча азайтуу үчүн инфекциялык контролдоо чаралары көрүлүшү керек.
1. Баштапкы деңгээлдеги уюмдарда кургак учук боюнча негизги кызматтарды көрсөтүү:
а) 2 жумадан ашкан жөтөлү бар бардык пациенттердин мазогун микроскопиялоо стандартын аткаруу жолу менен кургак учук учурларын айкындоо; медициналык айымдар жана фельдшерлер какырык алууну жана жөтөлү бар пациенттерди тандоону жакшыртуусу; какырык мазокторунун ишенимдүү лабораториялык интерпретациясы, сапатты ички жана тышкы контролдоо боюнча чаралар жана стандарттык операциялык процедураларды ишке киргизүү;
б) туберкулиндик пробаны алуу жана интерпретациялоо ыкмасын аткаруу жолу менен балдарда кургак учукту диагностикалоону жакшыртуу, туура чыккан туберкулиндик пробасы бар балдардын диагностикасын жана чара көрүүнү жакшыртуу жана байланыш топтордогу балдарды контролдоо;
в) саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде кургак учуктун контролдоочу дарылоосун уюштуруу боюнча ыкмаларды өркүндөтүү;
г) баштапкы звенонун уюмдарында инфекциялык контролдун натыйжалуу чаралары: пациенттер агымын бөлүштүрүү, жөтөл этикасын аткаруу, потенциалдуу инфекциялык бейтаптарды баалоо жана башкалардан бөлүп коюу;
д) бардык зарыл шарттарды колдонуп, окутуу, техникалык тейлөө, ошондой эле сапатты камсыз кылуу чаралары менен жаңы тез диагностикалык методдорду ишке киргизүү (Ge№eXpert).
2. Кургак учукка каршы стационарларда көрсөтүлчү негизги кызматтарды берүү, жаза аткаруу системасынын медициналык мекемелерин кошуп, төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) кургак учук менен биринчи жолу ооруп калган бейтаптарды дарылоо үчүн контролдончу химиотерапиянын стандартташкан схемаларын колдонуу;
б) экинчи катардагы препараттар менен дарыга туруктуу кургак учуктун формалары бар бейтаптарды дарылоо менен толук камтуу.
в) дарыга туруктуу формадагы пациенттерди, ошондой эле какырык мазогунун туура жыйынтыктары бар пациенттерди какырык жыйынтыгы терс чыккан пациенттерден бөлүү жолу менен оорукана ичиндеги инфекциялык контролду камсыз кылуу.
г) стационарларда кургак учукка каршы препараттарга кургак учуктун сезгичтигин аныктоонун жаңы методологиясын ишке киргизүү жана кургак учуктун диагностикасынын сапатын жогорулатуу.
д) жаза аткаруу системасынын медициналык мекемелеринде кургак учукту дарылоо жана диагностикалоо сапатын жогорулатуу.
§3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн ырааттуулугу жана жаңы моделдери
Кургак учук менен ооруган бейтаптарга медициналык жардамды көрсөтүү жана уюштуруу системасына өзгөрүүлөрдү киргизүү жана ар кайсы деңгээлдеги уюмдар ортосунда жолдомо берүү системасын өркүндөтүү зарыл. Жеке кызматтарды көрсөтүү стационардагы дарылоодон амбулаториялык шартта дарылоого карай өнүктүрүлөт. Мындай өзгөрүүлөрдү жакшы факторлорду билип, терс жактарын жоюп этап-этабы менен киргизүү керек. Туберкулез оорулууларды амбулаториялык дарылоого өтүү практикасын какырык мазогунан терс жыйынтык чыккан пациенттерден баштап, андан ары - какырык мазогу оң жыйынтыктуу пациенттерге өтүү менен кеңейтүү керек. Кургак учукка каршы кызматтын каржылоо реформасы менен активдештирилген өзгөрүүлөр баштапкы деңгээлдеги интеграцияны күчөтүүгө, кургак учук менен ооруган бир стационардык бейтап үчүн бөлүнүүчү каражаттарды көбөйтүүгө жардам берет.
1. Бейтаптардын (мурдагы абактагылардын) дарыланышын аяктоо үчүн саламаттык сактоо системасы менен жаза аткаруу системасы ортосунда удаалаштык системасын иштеп чыгуу.
2. Кургак учук менен ооруган бейтаптарды толук амбулаториялык дарылоонун жаңы моделин пилоттук райондордо ишке киргизүү.
§4. Тоскоолдуктар
Ооруга чалдыгуу менен өлүмгө учуроо боюнча жалпыланган маалыматтар 2004-жылдан баштап абал бир аз жакшырганын көрсөткөнүнө карабастан, мультирезистенттик кургак учуктун пайда болушу Программа иштебегендигинин белгиси болуп турат. Бул Программанын контролунан сыртта калган жакырлык, легалдуу эмес мигранттардын эмгек жана жашоо шарттары сыяктуу факторлордон гана эмес, жетишсиз стратегиялык башкаруудан жана персоналдын натыйжасыз жалпы менеджментинен, инфекциялык контролдон, жабдууларды, транспортту жана байланышты тейлөөдөн да болот. Кургак учук эпидемиясын натыйжалуу токтотуу жолунда саламаттык сактоо системасынын бир нече тоскоолдуктары бар, алар 8-таблицада көрсөтүлдү.
|
8-таблица |
Кургак учукту контролдоодогу
тоскоолдуктар
┌────────────────────────┬────────────────────────────────────────────┐
│ Саламаттык сактоо │ Тоскоолдуктар │
│системасынын функциялары│ │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Коомдук саламаттык │1. Коомдук саламаттык сактоо боюнча │
│сактоо │иш-чаралар кургак учук боюнча иш-чаралар │
│ │менен координацияланган эмес; │
│ │2. Кургак учуктун таркалышын контролдоо │
│ │ишине мамлекеттик көзөмөл жана контроль │
│ │механизми жетик эмес │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Жеке кызматтарды │1. Жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде │
│көрсөтүү │жеке медициналык кызмат көрсөтүү системасы │
│ │жетик эмес │
│ │2. Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жетишсиз │
│ │автономиясы (финансылык, башкаруучулук) │
│ │кызматтын сапатына таасир тийгизет │
│ │контроль). │
│ │3. Кургак учук боюнча клиникалык протоколдор│
│ │жаңыртылган эмес. │
│ │4. Инфекциялык контроль боюнча чараларды │
│ │ишке ашыруу механизмдери иштелип чыккан эмес│
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Саламаттык сактоону │1. Кургак учукка каршы стационарларды │
│каржылоо │каржылоо кызматтардын сапаты жогорулашына │
│ │түрткү берүүчү таасир көрсөткөн жок. │
│ │2. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын │
│ │финансылык ажырымы мыйзамсыз төлөмдөрдүн │
│ │көбөйүшүнө жана калктын финансылык жүгү │
│ │оорлошуна алып келет жана кургак учукту │
│ │дарылоо жана диагностикасы жеткиликтүү │
│ │болушун чектейт │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Ресурстарды түзүү │1. Орто медициналык кызматкерлердин жана │
│ │фтизиатрлардын жетишсиздиги. │
│ │2. Саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде│
│ │медперсоналдын көнүмдөрү жана билимдери │
│ │жетишсиз │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Стратегиялык башкаруу │1. Секторлор аралык аракеттешүү жана кургак │
│ │учукка каршы иш-чараларды координациялоо │
│ │жетишсиз. │
│ │2. "Кургак учуктан калкты коргоо жөнүндө" │
│ │Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу │
│ │боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен │
│ │аракеттешүү начар. │
│ │3. АИВ инфекция барларда кургак учукту алдын│
│ │алуу үчүн СПИД кызматы менен аракеттешүү │
│ │начар │
└────────────────────────┴────────────────────────────────────────────┘
11. АИВ-инфекция
АИВ инфекциянын таркалышын токтотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын саламаттыгын сактоо тармагында артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Дозордук эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматы боюнча өлкөбүз, АИВ инфекция таркалышынын концентрациялуу стадиясында турат жана инъекциялык баңги зат керектөөчүлөр арасында АИВ инфекция таркалышынын көрсөткүчү 13,6% түздү. Башка жагынан, акыркы жылдары АИВ менен жашаган аялдардын жана АИВ инфекциялуу энелерден төрөлгөн балдардын саны көбөйүп баратат, бул инфекция баңги затты инъекциялык керектөөчүлөрдүн чөйрөсүнөн жалпы популяцияга өтүп кеткени тууралуу айтып турат. АИВ инфекциянын таркалышы көбөйүп, анын өсүшүнүн ыктымалдуу себептеринин бири катары аялуу топторду алдын алуучу иш-чаралар менен камтуу чектелгендиктен болуп калды, ошондой эле АИВ инфекцияны алгачкы алдын алуу чаралары тууралуу калктын маалымдуулугу төмөн болушу да чоң мааниге ээ. Акыркы жылдарда өлкөбүздүн саламаттык сактоо системасы үчүн АИВ инфекциянын парентералдык жуктуу жолу өзгөчө актуалдуу болуп калды, бул медициналык процедуралардын коопсуздугуна байланыштуу проблема тууралуу айтып турат. Ошентип, АИВ инфекцияны "Ден соолук" Программасынын алкагында контролдоо боюнча күтүлүүчү жыйынтыктар аныкталды, аларга жетишүү концентрациялуу стадиядагы АИВ инфекцияга чалдыгууда абалды жакшыртуу үчүн негизгилерден болуп калат.
|
9-таблица |
АИВ инфекция боюнча "Ден соолук" Программасын
аткаруунун күтүлүүчү жыйынтыктары жана
көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү оңолушу
┌─────────────────────────────────────┬───────────────────────────────┐
│ Программанын күтүлүүчү жыйынтыктары │ Көрсөткүчтөрдүн күтүлүүчү │
│ │ оңолушу │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│1. АИВ тестирлөөдөн өткөн жана өз │АИВ инфекциянын таркалышын │
│жыйынтыгын билген негизги калктын │концентрациялуу стадиясында │
│үлүшү - 2016-жылга 80%. │токтотуу │
│2. АИВ инфекциянын вертикалдуу │ │
│жуктурулушун 2016-жылга төрөлгөн │ │
│балдардын санынын 3%ына чейин │ │
│азайтуу. │ │
│3. Антиретровирустук терапияны │ │
│башталышынан 12 ай өткөндөн кийин │ │
│улантышкан АИВ инфекциясы менен │ │
│жашаган адамдар үлүшүн көбөйтүү │ │
└─────────────────────────────────────┴───────────────────────────────┘
§1. Калк үчүн негизги кызматтар
Бул иш-чаралардын негизги максаты калк арасында АИВ инфекциянын таркалышы жана жуктуруу жолдору, алдын алуу чаралары тууралуу коомдун жана калктын маалымдуулугун жогорулатууда турат. Коммуникациялык, маалыматтык, санитардык-агартуучу иштерди (кампаниялар, эл алдында сүйлөгөн сөздөр, түшүндүрүүчү иш ж.б.) күчөтүү керек. Төмөнкү негизги кызматтар калкка "Ден соолук" Программасынын алкагында көрсөтүлөт:
1. Негизги калк, жаштар арасында тобокелдүү жүрүм-турум деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш;
2. Айылдык ден соолук комитеттери, мектептер, жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү ж.б. менен иштөө аркылуу калк менен алдын алуучу ишти жүргүзүү.
3. Алдын алуу, дарылоо, кароо жана колдоо иштери боюнча жамааттар жана коммерциялык эмес уюмдар менен аракеттешүү.
4. АИВ инфекция менен жашаган адамдардын үй-бүлөлөрү менен иштөө, АИВ инфекция менен жашаган адамдарга колдоо көрсөтүү жана кароо маселеси боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берүү, "күйүп кетүү" профилактикасы, дарылоону, баладан энеге АИВ инфекцияны жуктурууну алдын алуу ж.б.
§2. Негизги жеке кызмат көрсөтүүлөр - саламаттык сактоо
уюмдарында кызматтардын сапатын жакшыртуу чаралары
Негизги аракеттер АИВ инфекцияны калктын негизги тобу арасында диагностикалоо үчүн кызматтардын базалык пакетин камсыз кылууга, АИВ жугушун алдын алуу үчүн медициналык процедуралардын коопсуздугун жана антиретровирустук препараттар менен камсыз кылууга багытталышы керек.
1. Баштапкы деңгээлдин уюмдарындагы негизги кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) консультация менен толук камтуу жана калктын негизги катмарын АИВ тестирлөөгө жиберүү.
б) АИВ инфекция менен жашаган адамдар антиретровирустук терапияны алышат жана клиникалык протоколдорго ылайык диспансердик каттоодо турушат;
в) кош бойлууларды саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлиндеги уюмдарда АИВ инфекциянын болушуна текшерүү;
г) кургак учук менен ооруган бейтаптарда АИВ алдын алуу жана диагностикалоо, АИВ инфекция менен жашаган адамдарда кургак учукту алдын алуу жана дарылоо.
2. Стационарлар деңгээлинде негизги кызматтар:
а) АИВ инфекцияга текшерилбеген кош бойлуу аялдар үчүн төрөттө экспресс-тестирлөө өткөрүү, АИВ инфекцияны эрте аныктоо жана алдын алуу үчүн төрөткө жардам берчү мекемелерде антиретровирустук препараттар менен дарылоо жана алдын алуу;
б) медициналык кызматкерлер үчүн медициналык процедуралардын коопсуздугун камсыз кылуу (коргонуунун жеке каражаттары, медперсоналды үйрөтүү, постконтакттык профилактика);
в) АИВге лабораториялык текшерүүлөрдүн сапатына ички жана тышкы контроль, оорукана ичиндеги инфекцияларды контролдоо;
г) оорулардын профили боюнча стационарларда оппортунисттик инфекцияларды дарылоо (инфекциялык бөлүмдөр, тери-венерологиялык, неврологиялык, наркологиялык, соматикалык ж.б.);
д) АИВ-инфекциялуу кош бойлуу аялдарды эрте аныктоо үчүн төрөткө жардам берчү мекемелерди экспресс-тесттер жана антиретровирустук препараттар менен камсыз кылуу.
§3. Тоскоолдуктар
Жасалган аракеттерге карабастан, АИВ инфекциянын эпидемиясы өсүп баратат. Абактан бошотулгандарга жардам көрсөтүүдө ырааттуулуктун жоктугу, оорукана ичинде жуктуруу, инфекцияларды контролдоо жана жалпы профилактика шайкеш эмес болгондугу калктын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Жетишсиз каржылоо, иш-чаралардын экономикалык натыйжасы аздыгы, кызмат көрсөтүү боюнча потенциалдын шайкеш эместиги жана географиялык бөлүштүрүү, мониторинг жана баалоо системасынын жетик эместиги - мунун бардыгы эпидемияны стабилдештирүүгө жолто болот. Аялуу адамдарды жана АИВ инфекция менен жашаган адамдарга карата коом тарабынан да, өзгөчө медициналык кызматкерлер тарабынан дискриминация кылуу жана стигма болушу өз убагында консультацияга кайрылууга, дарыланууга жана каралууга чоң тоскоолдукту түзүүдө. Мындай көрүнүштөрдү негизги проблема катары моюнга алуу керек, алар саясий колдоону талап кылат жана реформанын жаңы программасын ишке ашыруу фазасында аларга абдан көңүл буруу зарыл (10-таблица).
| 10-таблица |
АИВ инфекцияга каршы күрөштөгү тоскоолдуктар
┌────────────────────────┬────────────────────────────────────────────┐
│ Саламаттык сактоо │ Тоскоолдуктар │
│системасынын функциялары│ │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Коомдук саламаттык │1. Негизги калк арасында АИВ инфекциянын │
│сактоо │таркалышы жана жуктуруу жолдору, алдын алуу │
│ │чаралары жөнүндө маалымдуулук деңгээли │
│ │жетишсиз. │
│ │2. Вертикалдуу программалар боюнча бирин │
│ │бири кайталоо бар коммуникациялык │
│ │стратегиянын координациясы начар. │
│ │3. Эпидемиологиялык көзөмөлдүн жетик эмес. │
│ │4. Жаштар арасында тобокелдүү жүрүм-турум │
│ │деңгээли жогору │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Жеке кызматтарды │1. Жыныс жолу аркылуу жуккан оорулардын жана│
│көрсөтүү │АИВ инфекциянын диагностикасы жана дарылоосу│
│ │боюнча сапаттуу медициналык тейлөөнүн │
│ │жеткиликтүүлүгү чектелүү. │
│ │2. АИВге тестирлөөдө консультация алуу │
│ │жеткиликтүүлүгү │
│ │3. Саламаттык сактоо уюмдарынын инфекциялык │
│ │контроль жана медициналык калдыктарды │
│ │утилдөө иш-чаралары (жеке коопсуздук │
│ │каражаттары, инструментарийлер ж.б.) боюнча │
│ │материалдык камсыздалышы начар. │
│ │4. АИВге лабораториялык текшерүүлөрдүн │
│ │сапатын жана тышкы контролдоо жетишсиз. │
│ │5. АИВ инфекция менен жашаган адамдарды │
│ │дискриминация кылуу жана стигматизация │
│ │деңгээли жогору, саламаттык сактоо уюмдарын │
│ │кошуп │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Саламаттык сактоону │АИВ инфекция жаатында программалардын │
│каржылоо │финансылык туруктуулугу жетишсиз │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Ресурстарды түзүү │1. Медициналык кызматкерлердин │
│ │квалификациясын жогорулатуу маселесин │
│ │координациялоо начар. │
│ │2. Дипломго чейинки деңгээлде даярдыктын │
│ │сапаты төмөн жана билим берүү процессинде │
│ │АИВ-инфекция маселеси боюнча иш начар. │
│ │3. Клиникалык протоколдорду жана клиникалык │
│ │колдонмолорду ишке киргизүү механизмдери, │
│ │окутуу сапаты начар │
├────────────────────────┼────────────────────────────────────────────┤
│Стратегиялык башкаруу │1. АИВ инфекция маселеси боюнча │
│ │аракеттешүүнү секторлор аралык │
│ │координациялоо механизмдери жок. │
│ │2. Саламаттык сактоо секторунун жогорку │
│ │башкаруучу звеносу алмашканда саясий │
│ │жактоочулук төмөндөп кетүү тобокели. │
│ │3. АИВ инфекция маселесинде секторлор аралык│
│ │жана ведомстволор аракеттешүүнү │
│ │координациялоо жетишсиз. │
│ │4. Мониторинг жана баалоо системасы жетик │
│ │эмес │
└────────────────────────┴────────────────────────────────────────────┘
Калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында күтүлүүчү жыйынтыктарга жетишүү үчүн программаларды жана иш-чараларды ишке ашырууга, керектүү негизги кызматтарды көрсөтүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды жоюу үчүн "Ден соолук" Программасы аларды жоюунун жолдорун сунуштайт, натыйжада бул саламаттык сактоо системасынын негизги функцияларын бекемдөөгө көмөктөшөт.
IV. Саламаттык сактоо системасынын бардык функцияларын
күчөтүү аркылуу негизги кызматтар менен камтууга
жолтоо болгон системалуу тоскоолдуктарды жеңүү
Мурдагы бөлүмдөрдө көрсөтүп кеткендей, саламаттык сактоо системасындагы бир топ тоскоолдуктар артыкчылыктуу багыттардын алкагында калкка негизги кызматтарды көрсөтүүгө жолтоо болууда. "Ден соолук" Программасында мурда аныкталган саламаттык сактоо системасынын тоскоолдуктарын жок кылууга көңүл бөлүнүп, саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө максаттуу багытталган мамиле кылынат. Өткөн бөлүктө көрсөтүлгөн көп тоскоолдуктар бирдей болгон жана бардык төрт артыкчылыктуу багыттарда кайталанып келген, алар системалуу тоскоолдуктар катары аныкталды жана саламаттык сактоо системасынын ар кайсы функциялары боюнча бөлүштүрүлдү:
- коомдук саламаттык сактоо;
- жеке кызматтарды көрсөтүү;
- саламаттык сактоону каржылоо;
- ресурстарды калыптандыруу;
- стратегиялык башкаруу.
12. Коомдук саламаттык сактоо
Программанын күтүлүүчү жыйынтыктарына жетишүү үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын маселелерин ишке ашырууда төмөнкүлөргө байланыштуу бир катар тоскоолдуктар бар, алар:
а) ден соолуктун социалдык детерминанттарын эске алуу менен инфекциялуу эмес ооруларды алдын алуу жана сергек жашоо образы маселесинде секторлор аралык мамиленин жоктугу;
б) өз саламаттыгын сактоо жана чыңдоо маселелерине калктын жетишсиз тартылгандыгына, начар коммуникациялык стратегия;
в) коомдук саламаттык сактоонун заманбап концепциясынын талаптарына кызматтын адаптацияланбаган ишинин механизмдери.
Ушул тоскоолдуктарды эске алып, коомдук саламаттык сактоо кызматынын иши "Ден соолук" Программасынын алкагында ден соолук маданиятын калыптандыруу боюнча секторлор аралык кызматташууну күчөтүүгө, калктын жүрүм-турумдук стереотиптерин өзгөртүүгө, ден соолуктун негизги аспекттери жөнүндө билим деңгээлин жогорулатууга, социалдык, жүрүм-турумдук жана ден соолукка таасир берген башка факторлорду жок кылуу жагына аракеттерди жумшоого, ошондой эле ден соолукту чыңдоо боюнча кызматтарды кеңейтүүгө жана коомдук саламаттык сактоо кызматын оптималдаштырууга багытталат.
§1. Коомдук саламаттык сактоонун ишмердигинде секторлораралык
мамилени күчөтүү
Саламаттыкты сактоого жана чыңдоого байланыштуу проблемаларды чечүү коомдун бардык секторлорунун активдүү тартылышын талап кылат. Ушуга байланыштуу ден соолуктун социалдык-экономикалык детерминанттарына багышталган саламаттыкты сактоо жана чыңдоо иши боюнча секторлор аралык жана мультидисциплинардык аракеттешүү үчүн платформа керек, ал жерде ар бир сектордун салымы аныкталат. Мындан тышкары, секторлор аралык натыйжалуу ишти жүргүзүү үчүн жогорку өкмөттүк деңгээлде үзгүлтүксүз координациялоо механизмдерин өнүктүрүү керек. Коомдук саламаттык сактоонун кызматтары ден соолуктун социалдык детерминанттарына байланыштуу проблемаларды (алкоголь, баңги зат, тамеки чегүү, жашоо сапаты, тамактануу, травматизм, стресс, инфекциялар ж.б.) чечүүдө жаңы мамилелерди ишке киргизүүгө, бардык коомду активдүү тартып, саламаттыкты сактоо жана чыңдоо суроолорунда өнөктөштүктүн жаңы түрлөрүн түзүүгө, жаңы коркунучтарга жана өзгөчө кырдаалдарга мамлекеттин даярдыгын жогорулатууга ж.б. багышталат.
Мындай мамиле саламаттык сактоонун жаңы функцияларын эске алуу менен натыйжалуу секторлор аралык ишти алып баруу үчүн (мисалы, калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоого бизнес түзүмдөрдү, жарандык коомду, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча ишке тартуу) саламаттык сактоонун мыйзамдык базасын андан ары кайра карап чыгуу жана модернизациялоо зарылдыгын караштырат.
Иштин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
1. Коомдук саламаттык сактоо боюнча секторлор аралык координациялык кеңешти түзүү.
2. Ден соолуктун социалдык детерминанттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес ооруларды алдын алуу жана контролдоо боюнча стратегияны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
3. Билим берүү секторун активдүү тартуу менен сергек турмуш үлгүсүнүн принциптерин алдыга жылдыруу стратегиясын жүзөгө ашыруу ("Саламат мектеп", "Саламат лицейлер" ж.б. Программасы ж.б.).
4. Тамак-аш продуктуларын микронутриенттик байытуу ишинде (ундун фортификациясы, тузду йоддоштуруу ж.б.) секторлор аралык аракеттешүүнү андан ары өнүктүрүү.
5. Коомдук саламаттык сактоо тармагында мыйзамдык базаны иштеп чыгуу жана жакшыртуу ("Кыргыз Республикасында социалдык жарнама жөнүндө", "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ж.б.).
§2. Ден соолукту чыңдоо боюнча кызматтарды кеңейтүү
Ден соолукту чыңдоону өз алдынча кызмат кылып, кийин саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлине интеграцияланышы менен бөлүп чыгаруу, ооруларды алдын алуу иш-чараларына калкты катыштыруу шарттарын түзүүдө, ден соолукту чыңдоо маселесин чечүүдө комплекстүү мамиле жасоону өнүктүрүүгө жардам берет эле. Ден соолукту чыңдоо ишинин күчөтүлүшү жаматтар менен ишти кеңейтүү, шаарларда жана райондук чоң борборлордо калк менен иштөө үчүн натыйжалуу ыкманы аныктоо, ден соолукту чыңдоо жана сергек турмуш үлгүсү боюнча ишти кеңейтүү жана "Ден соолук" Программасынын артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти координациялоо аркылуу жүргүзүлөт. "Ден соолук маселеси боюнча жамааттардын аракеттери" Программасы мындан ары мыйзамдык статусту алат жана республиканын бардык региондоруна таркатылат. Ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларда маалымат каражаттарын активдүү тартуу жана анын ролун күчөтүү, секторлор аралык кызматташууну жакшыртуу, калктын сергек турмуш үлгүсүн саясий жактоочулукту өнүктүрүү, социалдык жарнама жана калктын тартылышы камтылат.
Иштин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
1. Жамааттар менен ишти кеңейтүү, бардык региондордо "Ден соолук маселеси боюнча жамааттардын аракеттери" Программасын ишке киргизүү жана институтташтыруу.
2. Оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча Программаларга шаардык калкты тартуу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү ("Дени сак шаар" Программасы ж.б.).
3. "Ден соолук" Программанын артыкчылыктуу багыттарынын алкагында маалыматтык-билим берүү программаларын координациялоо.
4. Ден соолук маселесин алга жылдырууда маалымат каражаттардын ролун жогорулатуу.
§3. Коомдук саламаттык сактоо кызматын оптималдаштыруу
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу азыр да коомдук саламаттыкты сактоо жана чыңдоо чөйрөсүндө саламаттык сактоо системасынын негизги маселелеринин бири болуп калууда. Бул ишти натыйжалуу камсыз кылуу үчүн мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл уюмдарынын түзүмдүк-финансылык реформасы боюнча аракеттер керек, коомдук саламаттык сактоо кызматтарын тийиштүү каржылоону камсыз кылуу, инфекциялык артыкчылыктуу жана инфекциялык эмес ооруларга эпидемиологиялык көзөмөлдүн жаңы системасын ишке киргизүү, коомдук саламаттык сактоо борборлордун лабораторияларын аккредитациялоо жана коомдук саламаттык сактоонун кызматтарына такай баа берип турууну камсыз кылуу зарыл.
Иштин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:
1. Түзүмдүк-функционалдык өзгөртүүлөрдү андан ары жүргүзүү жана тийиштүү каржылоону камсыз кылуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
2. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлордун лабораторияларын аккредитациялоого техникалык көмөктөшүү.
3. Коомдук саламаттык сактоо кызматынын кадрдык потенциалын бекемдөө.
4. Ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл салуунун жаңы системаларын ишке киргизүү жана андан ары өнүктүрүү, мамлекеттик жөнгө салууну күчөтүү.
5. Медициналык процедуралардын коопсуздугун жана медициналык таштандыларды утилдөөнү камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүү.
6. Индикаторлорду баалоонун макулдашылган методологиясынын негизинде коомдук саламаттык сактоо кызматынын ишин үзгүлтүксүз тышкы жана ички баалоону камсыз кылуу.
13. Жеке медициналык кызматтарды көрсөтүү
Негизги кызматтарды туура көрсөтүүгө жолтоо болгон жеке кызматтар тармагындагы тоскоолдуктардын болушу терс таасирин артыкчылыктуу багыттарга гана эмес, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлчү саламаттык сактоонун бардык кызматтарына да тийгизет. Бул компонент боюнча иш төрт конкреттүү программалык багытта жыйынтыктарга жетишүү процессине жол бербей, саламаттык сактоо системасында негизги кызматтарды көрсөтүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды жок кылууга жана медициналык кызмат көрсөтүү системасын күчөтүүгө багыт алган. Программанын ушул бөлүгүндө негизги боло турган жана багынтууга коюлган негизги тоскоолдуктар болуп төмөнкүлөр саналат:
а) калк үчүн жеке кызматтарды көрсөтүү системасы натыйжасыз, анын кесепетинен БМСЖга баруу азайып, стационарларга жаткыруу саны көбөйөт, ошол эле мезгилде полипрагмазия жана ооруканага негизсиз жаткыруулардын саны өсүшү байкалат;
б) саламаттык сактоо уюмдарынын ишин башкарууда толук автономиялуу статустун жоктугу, бул көрсөтүлчү кызматтардын сапатына терс таасир тийгизет (мекеме ичиндеги натыйжасыз менеджмент, лабораториялык кызмат ж.б.);
в) сапатты башкарууда жана үзгүлтүксүз жакшыртууда жеке кызматтарды көрсөтүү системасынын төмөн потенциалы.
Аталган тоскоолдуктарды жеңүү саламаттык сактоонун ар кандай деңгээлдеринде жеке медициналык кызмат көрсөтүүнү андан ары оптималдаштыруу, медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн толук автономиясын ишке ашырууну камсыз кылуу, медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу жана башкаруу системасын бекемдөө аркылуу жүргүзүлөт.
§1. Саламаттык сактоонун ар кандай деңгээлдеринде калкка
медициналык кызмат көрсөтүүнү андан ары оптималдаштыруу
Медициналык жардамдын туруктуу жакшыртылышына жетишүү үчүн негизги маселелер катары бардык деңгээлде лабораториялык кызматтарды жана медициналык жардамды оптималдаштыруу, алардын калкка жеткиликтүү болушун жогорулатуу иши каралат. Баштапкы звенодогу уюмдар стационарлар менен бирикпейт, ал эми жалпы профилдеги ооруканалар бөлүнбөйт деген саясий чечим жеке медициналык кызмат көрсөтүүнү андан ары уюштурууда негизги идея болот.
Райондордун жана облустардын стационарларынын түзүмүн өзгөртүүдө жетишкен ийгиликтерге карабастан, Бишкек жана Ош шаарларында ооруканаларды кайра уюштуруу проблемасы чечилбей калды. Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын милдеттери жана жолдомо берүү системасы ажыратылбагандыгы, алардын иштери бирин бири кайталашына, материалдык жана финансылык ресурстарды үнөмсүз пайдаланууга алып келди. Стационарларда квалификациялуу амбулаториялык-диагностикалык адистештирилген жардамдын жоктугу пациенттердин агымын жөнгө салууга жана профилдүү, негиздүү ооруканага жаткырууну камсыз кылууга жардам бербейт.
Жеке медициналык кызмат көрсөтүүнүн башка маанилүү багытынын бири болуп тез жана кечиктирилгис медициналык жардамды камсыз кылуу саналат. Тез медициналык жардам бригадаларын квалификациялуу кадрлар менен жетишсиз комплекттөөгө, аларды каржылоо механизмдердеги кемчиликтерге байланыштуу проблемаларды чечүү керек.
Саламаттык сактоо системасы адистештирилген жана жогорку технологиялуу кызматтарды (кардиохирургия, трансплантология, онкология, паллиативдик терапия, радиология) шайкеш өнүктүрүүнү жана өлкөбүздүн бүтүндөй калкы үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышы керек. Адистештирилген жардам (психиатрия, онкология, кургак учук ж.б.) кызматтын сапатын жакшыртууга, жалпы дарылоочу тармактын уюмдары менен алардын аракеттешүүсүн жакшыртууга муктаж. Белгиленген проблемаларды чечүү үчүн иштин төмөнкү багыттары аныкталган:
1. Калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) финансылык түрткү берүү механизмдери жана ФАП үчүн кызматтардын минимумдук тизмегин аныктоонун негизинде саламаттык сактоонун артыкчылыктуу медициналык-санитардык проблемалары боюнча медициналык жана алдын алуучу кызматтарды көрсөтүүдө ФАПтардын медициналык кызматкерлеринин ролун күчөтүү.
б) жардам көрсөтүү жана уюштуруу иштери боюнча ҮДТнын ҮМБ жана аймактык ооруканалар менен аракеттешүүсүн жакшыртуу жана ФАПтардын ишин колдоо жана мониторинг жүргүзүүдө алардын потенциалын күчөтүү;
в) ҮМБнын бир багыттагы адистерине, тез медициналык жардамдын иштешине, стоматологиялык кызматты өнүктүрүүгө жана стационарлар менен аракеттешүүнү жакшыртууга байланыштуу маселелерди чечүү менен калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатында ҮМБ ишин оптималдаштыруу;
г) калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү күчөтүүдө жалпы дарыгердик практика борборлорунун ишин кайра карап чыгуу;
д) стационар ордуна болуучу технологиялар системасын, алардын финансылык камсыз болуу маселесин чечүү менен өнүктүрүү.
2. Жардам көрсөтүүнүн ар бир этабында стационардык кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) стационардык кызмат көрсөтүү системасын түзүмдөштүрүү (стационарлар тармагын картирлөө, жабдуулар табели, ченемдер. Этаптуу жол жолдоочулук жардам системасы, кызматтардын көлөмү жана түрлөрү, пациенттерге жолдомо берүү жана кайрадан жолдомо берүү системасы, лабораториялык-диагностикалык кызматтар);
б) райондук ооруканаларга консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү жана жогорку адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүү боюнча облустук ооруканалардын ролун күчөтүү;
в) стационарларда амбулаториялык адистештирилген жардам көрсөтүү системасын кайра уюштуруу (ченемдик актылар, каржылоо, жолдомо берүү жана кайра жолдомо берүү системасы, эсепке алуу-отчеттук форма).
3. Тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү кызматын өнүктүрүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) рационалдуу дислокация, ченемдик актылар менен тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү системасын картирлөөнүн негизинде түзүмдүк-функционалдык моделди түзүү;
б) кадрлардын потенциалын жогорулатуу жолу менен кечиктирилгис жардамдын сапатын жакшыртуу;
в) иштөөгө уюштуруучулук даярдык жана зарыл ченемдик актылардын негизинде өзгөчө кырдаал шартындагы ишке саламаттык сактоо уюмдарынын даярдыгын камсыз кылуу;
г) калкка тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө республикадагы бардык стационарлардын даярдыгын камсыз кылуу.
4. Адистештирилген жана жогорку технологиялуу медициналык жардамды өнүктүрүү төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) так критерийлер, кызматтардын түрү жана көлөмүнүн негизинде үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдардын ишин тартипке келтирүүнү;
б) адистештирилген медициналык жардамды (психиатрия, онкология, кургак учук, паллиативдик жардам ж.б.) өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну жана ошол кызматтардын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин киргизүүнү;
в) Бишкек жана Ош шаарларында жеке медициналык кызмат көрсөтүү системасынын түзүмүн өзгөртүүнү аяктоону;
г) адистештирилген медициналык жардамды (психиатрия, онкология ж.б.) Бирдиктүү төлөөчү системасына которууну.
§2. Жеке кызмат көрсөтүү системасына жаңы Институтташкан өз ара
мамилелерди киргизүү (кызмат көрсөтүүчүлөрдүн автономиясы,
башкаруунун жаңы ыкмалары)
Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн автономиясы, аларда отчеттуулук механизмдерин киргизүү мекемелер деңгээлинде сапатты башкаруу практикасын кабыл алуу үчүн чечкиндүү кадам болот. Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн толук автономиясы - кызмат көрсөтүүчүлөр, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) ортосундагы институтташкан жаңы өз ара мамилелер - кошумча түзүмдүк жана функциялык өзгөрүүлөрдү так аныктоо зарылдыгын шарттайт.
Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн автономиясы боюнча механизмдер ишке ашпагандыктын себептеринин бири ушул мамилени так регламенттөөнүн жоктугунда. Автономияны күчөтүү, башкарууну децентарлдаштыруу үчүн башкаруунун натыйжалуу ыкмалары, механизмдери жана инструменттери керек. Ыкмалардын тышкы да (ССМ жана ММКФ менен аракеттешүү ж.б.), ички да багытталышы (мекеме ичиндеги менеджмент) болушу керек. Бул башкаруучулук мүмкүнчүлүктөрдү жана жетиштүү каражаттарды бөлүп берүү шартында башкарууну тартипке келтирүүгө жардам берет, ал кийин кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалында жана натыйжалуулугунда көрүнөт. Бул проблемаларды чечүү үчүн саламаттык сактоо уюмдардын автономиясын жогорулатуу максатында ченемдик базаны жана жөнгө салуучу негизди өркүндөтүү керек:
а) саламаттык сактоо уюмдарынын иштерин жөнгө салуу, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Саламаттык сактоо министрлиги, төлөп берүүчү менен аракеттешүү боюнча ченемдик базаны эриш-аркак келтирүү;
б) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн Саламаттык сактоо министрлиги менен (базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча контракттар + жаңы кызматтарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү), ММК фонду менен (кызматтардын милдеттүү көлөмүнө төлөп берүү боюнча келишимдер) жана башка саламаттык сактоо уюмдары менен (келишимдердин негизинде кошумча кызматтар боюнча ж.б.) натыйжалуу секторлор аралык аракеттешүүсү үчүн башкаруунун ыкмаларын жана механизмдерин жакшыртуу;
в) коюлган максаттарга жетүү жана натыйжалуу пландаштыруу үчүн автономия шартында башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу механизмдерин ишке киргизүү;
г) критерийлердин бирдиктүү системасынын негизинде иштин экономикалык жыйынтыктары үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу аркылуу саламаттык сактоо мекемелеринин чарбалык өз алдынчалыгын кеңейтүү.
§3. Медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу жана башкаруу
системасын өркүндөтүү
Сапатты башкаруунун натыйжалуу системасы өзүнө сапатты пландаштырууну, анын мониторингин жана сапатты үзгүлтүксүз жакшыртуу системасын камтыйт. Тилекке каршы, сапатты жакшыртуу боюнча көп иш-чаралар кызмат көрсөтүүчүлөрдү - саламаттык сактоо уюмдарын жакшылап тартпастан ишке ашырылып келген. Түзүлгөн структуралар (сапат комитеттери) сапатты жакшыртуу ыкмаларына үйрөтүлгөн эмес, клиникалык протоколдорду жана колдонмолорду медицина кызматкерлеринин ишине киргизүү механизмдери иштелип чыкпаган, эмгекке катышуу коэффициенти аркылуу түрткү берүүчү азыркы механизмдер сапат көрсөткүчтөрүнө негизделген эмес. Ошондуктан кызмат көрсөтүүчүлөр өздөрү кызматтын сапатын жакшыртуусу жана башкаруусу үчүн бардык керектүү шарттарды түзүү зарыл.
Сапатты башкаруу бир нече аспекттерди камтыйт (ички мониторинг жана сапатты баалоо, сапатты үзгүлтүксүз жакшыртуу жана пландаштыруу), жүргүзгөн иш-чаралардын ийгилиги алардын комплекстүүлүгүнө жана туруктуулугуна көз каранды болот. Клиникалык колдонмолорду жана протоколдорду натыйжалуу ишке киргизүү үчүн кызмат көрсөтүүчүлөр өздөрү ээ боло турган инструменттери жана ыкмалары керек. Проблемаларды аныктоодо жана өзгөрүүлөрдү байкап турууда азыркы маалымат системасын колдонуу мүмкүндүгү сапатты жакшыртуу системасында маанилүү звено болуп саналат. Пациенттин канааттануусун билүү практикасы сапатты жакшыртуу боюнча иш-чараларды натыйжалуу кылууга жардам берет. Ушул максатта төмөнкүлөрдү жасоо керек:
1. Саламаттык сактоо уюмдарында сапатты башкаруу системасын киргизүү төмөнкүлөрдү караштырат:
а) саламаттык сактоо уюмдарында сапатты башкаруу системасын оптималдаштыруу;
б) сапатты башкаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жогорулатуу;
в) сапаттуу кызмат көрсөтүүгө саламаттык сактоо уюмдарынын жана медициналык кызматкерлердин мотивациясына түрткү берүү механизмдерин киргизүү;
д) оорукана ичиндеги инфекцияны контролдоо жаатында саламаттык сактоо уюмдарынын ишин күчөтүү.
14. Саламаттык сактоону каржылоо
"Саламаттык сактоо системасын каржылоо" компоненти "Ден соолук" Программасынын жалпы стратегиясына ылайык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга жана калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртууга багыт алган. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкүдөй системалуу тоскоолдуктарды жок кылуу керек:
- сектордун бюджеттик каржылоосу мамлекеттик милдеттенмелерге жана саламаттык сактоо кызматтарга муктаждыгына баланстуулугу жок;
- медициналык кызматка төлөө системасы жетик эмес, анын кесепетинен көрсөтүлгөн кызматтардын сан көрсөткүчтөрү дайыма өсүп, сапаттык көрсөткүчтөр оңолбогону байкалат;
- саламаттык сактоонун финансылык ресурстарын башкаруу натыйжалуулугу төмөн.
Бул тоскоолдуктарды жеңүү үчүн "Саламаттык сактоо системасын каржылоо" компоненти өз көңүлүн каржылоонун үч негизги функцияларын (каражат чогултууну, топтоону жана сатып алууларды) бекемдөөгө, "Ден соолук" Программасынын артыкчылыктуу багыттарына: жүрөк-кан тамыр ооруларына, эне жана баланын саламаттыгын сактоого, кургак учукка жана АИВ инфекцияга күч-аракетти топтоп, сектордун финансылык ресурстарын натыйжалуу башкарууну жогорулатууга, сапатка экономикалык түрткү берүү механизмдерин киргизүүгө багыт алат.
§1. Саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүдө саламаттык сактоо
секторунун мамлекеттик милдеттенмелерге шайкеш эмес бюджеттик
каржыланышы
Саламаттык сактоо секторун мамлекеттик милдеттерге жана калктын муктаждыгына шайкеш эмес каржылоо финансылык ажырым пайда болушуна алып келди, бул биринчи кезекте саламаттык сактоо уюмдарынын дары-дармек менен камсыз болушуна жана материалдык-техникалык жабдылуу сапатына терс жагынан көрүнөт, ошондой эле бардык керектүү кызматтарды МКПга камтууга жардам бербейт.
20 жыл ичинде дарылоо мекемелердин курулушу жана оңдолушу боюнча иш-чараларды каржылоо деңгээли төмөн болгондуктан сектордун инфраструктурасын, анын ичинде суу менен камсыздоо жана жылытуу системалары олуттуу начарлашына алып келди. Ооруканалардын эскирген инфраструктурасы инфекциялык контролдун жана медициналык процедуралардын коопсуздугунун (жеке коопсуздук каражаттары, инструментарийлер ж.б.) керектүү чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Ошентип, бул маселенин чечилиши каражат чогултууну, топтоону жана бөлүштүрүүнү жакшыртууда, секторду мамлекеттик жана жеке каржылоо ортосундагы алгылыктуу балансты табууда, саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн капиталдык инвестицияларды көбөйтүүдө турат. Сектордун бардык түзүмдөрүнүн функцияларын жана жоопкерчилигин бөлүштүрүү маанилүү. Коюлган маселелерди чечүү үчүн иштин төмөнкү багыттары аныкталды:
1. Саламаттык сактоону мамлекеттик каржылоонун туруктуулугун, бирдей жоопкердик жана бирдиктүүлүк принциптерин сактап жогорулатуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) мамлекеттик бюджеттин болжолдук көрсөткүчтөрү жана өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясына ылайык саламаттык сактоо системасынын кирешелерин жана чыгашаларын пландаштыруу процессин жакшыртуу;
б) саламаттык сактоо программасын ишке ашыруу процессине жеке секторду тартуу жолу менен саламаттык сактоо системасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн негиздерди түзүү;
в) эл аралык донорлордун каражаттарын саламаттык сактоо секторуна тартуу боюнча натыйжалуу инвестициялык саясатты жаратуу жана жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык уюмдардын саламаттык сактоо жаатындагы аракеттерин жөнгө салуу;
г) медициналык жабдууну жана инфраструктураны жаңыртуу үчүн саламаттык сактоодо капиталдык инвестициялар программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
2. Бирдиктүү төлөөчү системасын Мамлекеттик кепилдиктер программасынын каржылоосун көбөйтүү жолу менен бекемдөө өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) ММК фонддо болгон Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга каражат чогултуу механизмдерин бекемдөө;
б) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын азыркы бюджеттик-камсыздандыруу каржылоо системасын инфраструктурадан медициналык камсыздандырууга которуу;
в) МКП ишке ашырганда кошумча төлөө саясатын жана жакырлардын муктаждыгын, төрөткө кошумча төлөөнү кошуп, канааттандыруу үчүн жеңилдиктерди комплекстүү кайра карап чыгуу.
3. Саламаттык сактоо министрлигинин, ММКФнын жана саламаттык сактоо уюмдарынын саламаттык сактоо секторунун финансылык ресурстарын башкаруудагы жоопкерчилигин жана милдеттерин аныктоо жана бөлүштүрүү төмөнкүлөрдү караштырат:
а) ролдорду, милдеттерди, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти аныктоо жана бөлүштүрүү: Саламаттык сактоо министрлиги - башкаруу жана ресурстарды генерациялоо; ММК фонду - сектордун ишин каржылоо; саламаттык сактоо уюмдары - медициналык-санитардык, фармацевттик, алдын алуучу жана башка кызматтарды көрсөтүү;
б) саламаттык сактоо чөйрөсүндө программаларды ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишти координациялоо, секторду бюджеттик каржылоонун мамлекеттик саясатын калыптандыруу суроолору боюнча Финансы министрлигинин, ММК фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин өз ара мамилелерин жөнгө салган мыйзамдарды жакшыртуу;
в) программалык негизде төмөнкүлөрдү камтыган бюджетти түзүү: саламаттык сактоо программаларын түзүү эрежелерин жана тартибин аныктаган ченемдик документтерди иштеп чыгуу, ишке ашыруучу органдардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо, саламаттык сактоо уюмдарын жана финансылык агымдарды программалар боюнча бөлүштүрүү (11-таблица).
| 11-таблица |
Саламаттык сактоо системасынын
ар кандай программаларын каржылоо
┌─────────────────────────────────────────────────┬───────────────────┐
│ Саламаттык сактоо программалары │ Аткаруучулар │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┬────────┤
│ │ │ ММКФ │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────────┤
│Кыргыз Республикасынын жарандарын │ │ │
│медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу │ │ │
│боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы │ │ │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────────┤
│Коомдук саламаттык сактоо │ ССМ │ │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────────┤
│Жогорку технологиялуу жардам фонду │ ССМ │ │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────────┤
│Билим берүү программалары │ ССМ │ │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────────┤
│Медициналык-социалдык реабилитация │ ССМ │ │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────────┤
│Тескөө │ ССМ │ │
├─────────────────────────────────────────────────┼──────────┼────────┤
│Амбулаториялык деңгээлде камсыздандырылган │ │ ММКФ │
│жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча │ │ │
│ММК Кошумча программасы │ │ │
└─────────────────────────────────────────────────┴──────────┴────────┘
§2. Медициналык кызматтарга төлөө системасынын жетик эместиги
Саламаттык сактоону кызмат көрсөтүү системасынын сапаттуу көрсөткүчтөрүн эске албастан каржылоо калктын саламаттык абалын жана жалпысынан саламаттык сактоо системасын жакшыртууга жакшы таасир тийгизе албайт. "Ден соолук" Программасынын алкагында ооруканалардын ишине төлөө методдору жакшыртылат, алар саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин сапат көрсөткүчтөрүн эске алат, стратегиялык пландаштырууну, сатып алууларды күчөтүүнү, ММКФ менен саламаттык сактоо уюмдары ортосундагы келишимдердин ролун кайра карап чыгууну камтыйт.
1. Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык кызматтарды сатып алуу/аларга төлөө механизмдерин жакшыртуу төмөнкүлөрдү караштырат:
а) каржылоонун азыркы механизмдеринин базасында Бирдиктүү төлөөчү системасындагы медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга экономикалык түрткү берүү методдорун ишке киргизүү;
б) стационарды алмаштыруучу технологияларды өнүктүрүү, негизсиз ооруканага жаткыруулардан баш тартуу, стационардык кызматтар түзүмүн оптималдаштырууда кызмат көрсөтүүчүлөрдүн мотивациясын күчөтүү үчүн стационардык жардамга азыркы төлөө системасын жакшыртуу;
в) сапаттык көрсөткүчтөрдү чагылдырган саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин индикаторлорун жана "Ден соолук" Программасынын артыкчылыктуу багыттары боюнча аларды баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
г) баштапкы медициналык-санитардык жардамдын кызматтарын сатып алууну андан ары оптималдаштыруу, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде алдын алуучу ишти финансылык жактан камсыз кылуу;
д) саламаттык сактоо системасынын бардык каражаттарын республикалык деңгээлде чогултуу боюнча жөнгө салуучу нормаларды иштеп чыгуу жана мыйзамдарды жакшыртуу;
е) адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүнүн (психиатрия, кургак учук, онкология, гематология) вертикаль системаларын Мамлекеттик кепилдиктер программасына интеграциялоо жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштин түпкү жыйынтыгы боюнча каржылоо.
2. Амбулаториялык деңгээлде жарандарды дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылуу боюнча программаларды жакшыртуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) пациенттердин аялуу категорияларын (өнөкөт оорулуу бейтаптар, балдар жана кош бойлуу аялдар) дары-дармек менен камсыз кылууну приоритет катары аныктоонун негизинде "Баштапкы деңгээлде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу" ММК Кошумча программасы боюнча кызматтарды сатып алуу механизмдерин жакшыртуу;
б) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында амбулаториялык деңгээлде жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу кызматтарынын механизмдерин өркүндөтүү;
в) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн финансылык тобокелин азайтууга жана өнөктөштөрдүн тең укуктуулугуна басым жасоо менен сатып алуучу жана фармацевттик кызмат көрсөтүүчүлөр ортосунда келишимдик мамилелерди өркүндөтүү.
3. Саламаттык сактоо министрлиги кызматтарга төлөө системасын өркүндөтүшү төмөнкүлөрдү караштырат:
а) коомдук саламаттык сактоону каржылоону өркүндөтүү, каржылоо көлөмүнүн коомдук саламаттык сактоонун ишине экономикалык таасир берүү механизмдерин жана критерийлерин иштеп чыгуу;
б) жогорку технологиялуу жардам фонду боюнча кызматтарды сатып алуу механизмдерин өркүндөтүү;
в) билим берүү программаларын каржылоого багытталып, Саламаттык сактоо министрлиги тескеген башка программаларды каржылоо механизмдерин андан ары реформалоо.
§3. Саламаттык сактоонун финансылык ресурстарын башкаруунун
натыйжасы төмөндүгү
Саламаттык сактоонун натыйжалуу иштеген каржылоо системасы болбосо калкты медициналык-санитардык кызматтар менен толук камтууга жетишүү, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана калктын финансылык корголушун камсыз кылуу боюнча мурдагы реформалардын жетишкендиктеринде саламаттык сактоонун позицияларын кармап калуу жана күчөтүү мүмкүн эмес. Сектордун жетекчилеринин жана финансылык кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга, финансылык башкаруу, эсепке алуу, ички контроль жана маселелери боюнча билимдерди жогорулатууда медициналык кызмат көрсөтүүчүлөргө стимулдарды жана шарттарды түзүүгө аракеттерди жыйноо өтө маанилүү. "Манас таалими" улуттук программаны ишке ашырууда чагылдырылган фидуциардык аспекттер "Ден соолук" Программасында да улантылат, анткени алар системанын финансылык ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана сектордун потенциалын жогорулатуу иштери менен ажырагыс байланышта. Потенциалды жогорулатуу жана сектордун финансылык каражаттарын натыйжалуу башкаруу, ошондой эле "Ден соолук" Программасынын маселелерин жана максаттарын ийгиликтүү аткарууга жолтоо болгон фидуциардык тобокелдерди төмөндөтүү боюнча иштин багыттарын өнүктүрүү керек.
1. Саламаттык сактоо ресурстарын натыйжалуу башкарууну жогорулатуу үчүн фидуциардык аспекттер төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) Саламаттык сактоо министрлигинин, ММК фондунун адистеринин, жетекчилердин жана финансылык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу. Саламаттык сактоодо финансылык менеджмент системасын калыптандыруу;
б) эсепке алууну жана отчеттукту автоматташтыруу процесстерин улантуу жана аяктоо;
в) Саламаттык сактоо министрлигинин, ММК фондунун маалыматтык системаларын интеграциялоо, бирдиктүү медициналык жана финансылык маалыматтык ресурсту түзүү;
г) саламаттык сактоонун Улуттук эсептерин түзүү жана маалымат чогултуу процесстерин институтташтыруу жана жакшыртуу;
д) саламаттык сактоо уюмдарында жана министрликтин деңгээлинде техникалык спецификацияларды иштеп чыгуу жана баалоо боюнча адистердин потенциалын жогорулатуу, сатып алуу механизмдерин жакшыртуу;
е) ички аудит жана ички контроль кызматын күчөтүү. Саламаттык сактоо уюмдары үчүн ички контроль системасын түзүү боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу, мекеме ичиндеги менеджментти күчөтүү;
ж) жыл сайынкы негизде эл аралык стандарттар боюнча финансылык жана операциялык аудит.
2. Саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык автономиясын жогорулатуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жана кошумча төлөөнүн каражаттарын пайдаланууда Кызмат көрсөтүүчүнүн автономиясын жогорулатуу;
б) кызмат көрсөтүүчүнүн ички ресурстарын (финансылык, материалдык, кадрдык ж.б.) башкаруу жагындагы мыйзамдарды жакшыртуу, алардын ыкчамдыгын, натыйжалуу жана оперативдүү пайдаланууну жогорулатуу;
в) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн автономиясын жана отчеттуулугун күчөтүү, ошондой эле жоопкерчиликти жана милдеттерди так аныктоо жана бөлүштүрүү үчүн башкаруу органдары менен кызмат көрсөтүүчүлөр ортосунда контракттык системаны киргизүү.
15. Саламаттык сактоо системасы үчүн ресурстарды түзүү
Саламаттык сактоо системасы үчүн ресурстарды түзүү саясаты "Ден соолук" Программасынын маанилүү бөлүгүнүн бири, ал саламаттык сактоо системасынын натыйжалуу иштеши үчүн ресурстардын керектүү көлөмүн камсыз кылууда турат. Ресурстарды түзүү жана мобилизациялоо процесси саламаттык сактоо секторунун азыркы ресурстук потенциалына таянып, аларды жүргүзүлүп жаткан стратегияга ылайык андан ары арбытуу зарылдыгынан башталат.
Ресурстарды түзүү саясатын иштеп чыгуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт: адамдык ресурстарга инвестициялоо, дары-дармектик саясат, жана саламаттык сактоонун маалыматтык системалары.
§1. Адамдык ресурстарга инвестициялоо
Саламаттык сактоону өнүктүрүү келечеги саламаттык сактоонун башкы стратегиялык ресурстары болгон медициналык жана фармацевттик кадрларды даярдоо сапатына көз каранды. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке саламаттык сактоо секторундагы эмгек рыногунун негизги талабы жалпы коомдун муктаждыгына жооп берген сапатта жана деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат. Коюлган маселелер азыркы медициналык билим берүү системасы менен камсыз кылынышы керек, анын негизги элементтери болуп профессордук-окутуучулук курамдын деңгээли, окуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу, клиникалык базанын болушу, жогорку жана орто-кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүүчү стандарттары, ошондой эле ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү системасы саналат.
Кыргыз Республикасынын элет жана алыскы жерлеринде саламаттык сактоонун кадрдык ресурстары жетишпегени барган сайын ырбап келатат. Негизги көйгөй даярдалган кадрлардын абсолюттук санында эмес, айылдык региондор үчүн керектүү адистердин саны (мисалы, үй-бүлөлүк медицина тармагындагы дарыгерлер), жаш адистерди тартуу үчүн социалдык жана экономикалык шарттардын жоктугу жана жер-жерлерде кадрлар менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө ЖӨБ жана ЖМА органдардын өкүлдөрүнүн солгун тартылышында. Бүгүнкү күндө адистин жумуш орун тандоосун эки негизги нерсе шарттайт - бул турак жайдын болушу (социалдык пакет, социалдык инфраструктуранын өнүккөнү) жана эмгек акынын өлчөмү.
Ошондуктан, Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык саясат боюнча аракети төмөнкү тоскоолдуктарды чечүүгө багытталат: дарыгер кадрлардын рационалдуу эмес бөлүнүшүн жоюу, мунун айынан республикада, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо адамдык ресурстарга байланыштуу кризистик жагдай түзүлүп калган; адистерди даярдоо системасы практикалык саламаттык сактоого жана заманбап эл аралык стандарттарга шайкеш келбегендиги.
1. Дарыгердик кадрларды рационалдуу эмес бөлүштүрүү, мунун айынан республикада, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо адамдык ресурстарга байланыштуу кризистик жагдай түзүлүп калгандыгы байкалууда, бул төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) белгилүү социалдык кепилдиктерди берүү боюнча ЖМА, ЖӨБ администрациясы жана жаш адис ортосуна келишим түзүүнү караштырган айылдык жана алыскы райондорго жаш адистерди тартуу механизмдерин өркүндөтүү;
б) мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен даярдык алган адистерди милдеттүү мамлекеттик бөлүштүрүү системасын жакшыртуу жана эки жылдык милдеттүү иштеп берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу;
в) жергиликтүү аткаруучу органдардын максаттуу заказдарын түзүүнүн негизинде, анын ичинде демөөрчүлүк каражаттарды жана жеке инвестицияларды тартуу жолу менен макулдашуулардын негизинде медициналык кадрларды комплектилөө жана келечекти пландаштыруу механизмдерин иштеп чыгуу;
г) практикалык саламаттык сактоо менен байланышты түзүү үчүн кадрдык ресурстардын мониторинг жана пландаштыруу маселелерин чечүүгө медициналык билим берүү уюмдарын тартуу;
д) Бишкек жана Ош шаарларында дарыгер кадрлардын штаттык санын оптималдаштыруу механизмдерин иштеп чыгуу;
е) үй-бүлөлүк дарыгерлердин (жалпы практика дарыгерлеринин) жумуш орундарын ыңгайлуу кылуу максатында мотивациялаган жана социалдык-экономикалык факторлорду андан ары түзүү;
ж) медициналык кызмат көрсөтүүдө орто медперсоналдын маанисин жогорулатуу, калкка берилчү медайымдык жардамдын технологияларын жана жаңы уюштуруу формаларын өнүктүрүү;
з) саламаттык сактоо уюмдарында башкаруучулук жана финансылык автономияны киргизүүгө багытталган "Саламаттык сактоодогу менеджмент" магистрлик программаны түзүү жана ишке ашыруу аркылуу жетекчилердин башкаруучулук маданиятын жакшыртуу;
и) саламаттык сактоонун кадрдык ресурстарын башкаруу жаатында маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү.
2. Адистерди даярдоо системасы практикалык саламаттык сактоого жана заманбап эл аралык стандарттарга шайкеш келбегендиги төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) далилдүү медицинага негизделген жогорку медициналык, фармацевттик жана дипломдон кийинки билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жолу менен эл аралык стандарттарга ылайык медициналык жана фармацевттик билим берүү системасын өркүндөтүү;
б) медициналык билим берүү мекемелеринин медициналык билим берүүнүн эл аралык таанылган критерийлерине ылайык аккредитация жол-жоболоруна даярданышы жана өтүшү;
в) дисциплиналардын окуу программаларына далилдүү медицинаны андан ары окутуу жана киргизүү аркылуу медициналык билим берүү уюмдарындагы окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;
г) баштапкы деңгээлде медициналык кадрларды даярдаган региондук медициналык билим берүүчү мекемелердин потенциалын жогорулатуу;
д) айылдык жана алыскы райондордо орто медициналык кызматкерлер жана үй-бүлөлүк дарыгерлер үчүн үзгүлтүксүз окутуу системасын оптималдаштыруу;
е) медициналык билим берүүчү уюмдар жана саламаттык сактоо уюмдары студенттердин региондук клиникалык базаларда практиканын бардык деңгээлдеринен өтүү механизмдерин иштеп чыгышы, бул алардын регионго тартылышына жана иштешине жакшы таасир тийгизиши мүмкүн;
ж) эл аралык стандарттардын деңгээлинде коомдук саламаттык сактоо системасынын негиздерине окутуучу билим берүү программаларын түзүү;
з) "Ден соолук" программасынын артыкчылыктуу багыттарынын алкагында медициналык илимге мамлекеттик тапшырманы түзүү.
§2. Дары-дармек саясаты
Калкты сапаттуу жана коопсуз дары препараттар менен камсыз кылуу максатында рыноктогу дарыларды айландыруунун ачык-айкындык жана отчеттук принциптерин аткаруу жана натыйжалуу мыйзамдык жөнгө салуу керек. Кыргызстанда субстандарттык же жалган дарыларды айландыруу коркунучу бар. Республикада фармацевттик иш коммерциялык иштин башка түрүнөн обочолонбойт жана атайын кесиптик текшерүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылган саламаттык сактоо системасынын бир бөлүгү катары анын атайын абалы тууралуу айтылган эмес.
"Ден соолук" Программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө коюлган маселелерди чечүү максатында дары каражаттарды колдонуу коопсуздугуна жана сапатына байланыштуу маселени, ошондой эле дары каражаттарды рационалдуу колдонуу жана тийиштүү дары-дармектик менеджментти камсыз кылуу маселесин чечүү зарыл. Ошондуктан бул компоненттин ишинин негизги багыттары топтолгон тоскоолдуктар болуп төмөнкүлөр саналат: дары каражаттарды айландырууну мамлекеттик жөнгө салуу системасы жетик эмес; дары каражаттардын сапатын камсыз кылуу механизмдери начар.
1. Дары каражаттарды айландырууну мамлекеттик жөнгө салуу системасы жетик эместиги төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) натыйжалуу мыйзамдарга жетишүү үчүн чара көрүү, мамлекеттик дары-дармектик саясатты калыптандырууда жана ага мониторинг жүргүзгөндө коомдук экспертизаны (катышууну) камсыз кылуу;
б) баалоо индикатору жана ишке ашыруу планы менен Кыргыз Республикасынын жаңы Улуттук дары-дармектик саясатын иштеп чыгуу;
в) Дарылык камсыздоо жана медициналык технология департаментинин маалыматтык системасын өнүктүрүү жана дары каражаттардын сапаты менен коопсуздугу жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; саламаттык сактоо уюмдарында сатып алууларды мониторингдөө инструменттерин жакшыртуу, диабетке каршы, залалдуу шишиктерге каршы, психотроптук ж.б. өтө маанилүү препараттарды алып келүүнү жакшыртуу.
2. Дары каражаттардын сапатын камсыз кылуу механизмдери начардыгы төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) субстандарттык жана жалган дарылар фармацевттик рынокто айландырбоо боюнча аракеттер планын жана стратегиясын аныктоо;
б) фармацевттик инспекциянын ишин күчөтүү, анын ичинде фармацевттик инспекцияга зарыл ыйгарым укуктарды камсыз кылуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү, коомчулук үчүн текшерүүлөр/инспекциялар жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
в) фармацевттик инспекциянын зарыл ыйгарым укуктарын камсыз кылуу жана шайкештикти тастыктоо системасынан дары каражаттарды мамлекеттик контролдоо системасына которуу бөлүгүндө "Дары каражаттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
§3. Саламаттык сактоо секторунун маалыматтык системалары
Маалыматтардын толуктугун, медициналык-статистикалык маалыматтардын тууралыгын камсыз кылуу максатында 2003-жылдан баштап бардык программаларды бирдиктүү платформага өткөрүү жана интеграциялоо боюнча иштер аткарылууда. Өлкөбүздө учурда маалыматтык-коммуникациялык инфраструктуранын элементтери түзүлдү, саламаттык сактоо чөйрөсүндө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жана таркатууга кадам ташталды. Бирок саламаттык сактоонун бирдиктүү маалымат системасын түзүү боюнча иш аяктай элек. Ошондуктан бул компонентченин негизги тоскоолдуктары төмөнкүлөр: унификациялуу жана стандартташкан медициналык маалымат системалары практикалык саламаттык сактоодо жок; медициналык билим берүү системасына заманбап маалымат технологияларды ишке киргизүү начар.
1. Практикалык саламаттык сактоодо унификациялуу жана стандартташкан медициналык маалымат системасынын жоктугу төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) жалпы бөлүктө маалымат базалардын жана адистештирилген программалык камсыздоонун айкалышуусун камсыздоо үчүн бирдиктүү стандарттар системасын киргизүү жана маалыматтык ресурстарды аларга ылайык келтирүү;
б) жыйынтыктарга жетишүү боюнча саламаттык сактоонун ишине мониторингдин туруктуу системасын түзүү, бардык деңгээлдерде, Саламаттык сактоо министрлигин, ММК фондун, Республикалык медициналык-маалыматтык борбор (мындан ары РММБ), саламаттык сактоо уюмдарын кошуп, мониторинг жана талдоо маалыматтарын колдонуу жана талдоо методологиясын ишке киргизүү;
в) бирдиктүү медициналык-маалыматтык борборду түзүү: Республикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар борборунун маалыматтык борборун РММБга өткөрүп берүү менен ММК фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин Маалыматтык системаларын бириктирүү;
г) калк үчүн медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу жана персонификациялуу эсепке алуу системасын түзүү үчүн жекелештирилген маалымат базаларын андан ары өнүктүрүү;
д) саламаттык сактоонун корголгон мультисервистик ведомстволук (корпорациялык) тармагын түзүү, маалыматтык базалардын, маалыматтык системалардын (РММБ, ММК фонду, Улуттук статистика комитети) ишеничтүүлүгүн камсыз кылуу.
2. Билим берүү жана телекоммуникациялар системасында заманбап технологиялардын ишке киргизилиши начар болгондугу төмөнкү зарылчылыктарды күн талабына коет:
а) эл аралык медициналык маалыматтык стандарттарды, DICOM стандартын кошуп, колдонуу менен программалык камсыздоону иштеп чыгуу, адаптациялоо жана ишке киргизүү;
б) телемедициналык тармакты жана телемедицина боюнча Интернет сайттарды жана ресурстарды түзүү, телемедицина тармагында адистерди окутуу, кийин сертификатташтыруу менен.
16. Стратегиялык башкаруу
Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлинде натыйжалуу башкаруу жана күчтүү жетекчилик кылуу реформаларды ийгиликтүү алдыга жылдыруунун маанилүү шарттарынын бири. Натыйжалуу башкаруу, перспективалуу максаттарды жана аларга жетишүүгө стратегиялык жолдорду аныктоо үчүн күтүлүүчү жыйынтыктарга жетишүүдөгү жылыштарды баалоонун жана иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруунун макулдашылган көрсөткүчтөрүнүн негизинде так отчеттук система керек. Натыйжалуу стратегиялык башкаруу үчүн негизги тоскоолдуктар төмөнкүлөр:
- саламаттык сактоону каржылоо, медициналык кызмат көрсөтүү, башкаруу функцияларын бөлүштүрүү бүтүрүлгөн эмес;
- калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо проблемаларын чечүүгө мамлекеттик бийлик органдарынын тартылгандыгы жетишсиз.
§1. Саламаттык сактоону каржылоо, медициналык кызмат көрсөтүү,
башкаруу функцияларын бөлүштүрүү бүтүрүлбөгөндүгү
Саламаттык сактоо секторун реформалоодо маанилүү кадам болуп саламаттык сактоодогу башкаруу, каржылоо, кызмат көрсөтүү функцияларын саламаттык сактоо секторунун ар кандай түзүмдөрүнүн: Саламаттык сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, саламаттык сактоо уюмдарынын отчеттуулугун, жоопкерчилигин жана милдеттерин так аныктоо менен бөлүштүрүү саналат. ММК фондун Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүнөн бөлүү Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК фондунун өз ара мамилелериндеги принциптерди так аныктоону талап кылат, өлкөбүздүн жарандарынын саламаттыгын сактоо жаатында мыкты жыйынтыктарга жетишүү үчүн эки ведомствонун аракеттерин бириктирүү жана координациялоо өтө маанилүү. Сектордун бардык деңгээлиндеги башкаруу системасы программанын тандап алынган негизги тармактарындагы күтүлүүчү жыйынтыктарга жетишүүнү камсыз кылышы керек: жүрөк-кан тамыр ооруларын контролдоодо, эне жана баланын саламаттыгын сактоодо, кургак учукту, АИВ-инфекцияны контролдоодо. Жетекчилерге саламаттык сактоо уюмдарынын ишин башкарууну жакшыртуу боюнча инструменттерди сунуштап, акы төлөө системасын иштеп чыгуу керек. Жетекчилерди тандоо процесси алардын билимин жана кесиптик тажрыйбаны эске алуу менен, ошол кызматты ээлөө мөөнөтүн аныктап, конкурстук негизде жүргүзүлүшү керек.
1. Далилдерге негизделген башкаруунун комплекстүү системасын түзүү төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) саясий чечимдердин айкын кабыл алынышын камсыз кылуу, кызматкерлердин потенциалын туруктуу күчөтүү, иштин тактыгын күчөтүү жана вертикалдык башкаруунун ордуна айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жолу менен Саламаттык сактоо министрлиги деңгээлинде башкарууну өркүндөтүү;
б) саламаттык сактоо секторунун ченемдик укуктук базасын инвентарлаштыруу;
в) көрсөтүлчү медициналык кызматтардын сапатын башкаруу системасын өркүндөтүү, сапатты башкарууга тартылган түзүмдөрдүн аракеттешүүсүн жакшыртуу (Саламаттык сактоо министрлиги, ММК фонду, МАК, медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр);
г) Программаны ишке ашырууда жылыштарды байкоо үчүн саламаттык сактоо секторунун мониторинг инструментин андан ары пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жыл сайынкы серептерде талкуулоо, саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу боюнча операциялык бардык процесстерди контролдоону күчөтүү, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты колдонуу көнүмдөрүн жана иштин индикаторлорун талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча бардык деңгээлдерде адистердин потенциалын жогорулатуу;
д) Республикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар борборунун ишин оптималдаштыруу;
е) саламаттык сактоонун жеке уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салууну, мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгууну өркүндөтүү;
ж) облустук координаторлордун жоопкерчилигин жогорулатуу жана облустарда саламаттык сактоо системасын башкаруу боюнча Координациялык комиссиялардын ишин жакшыртуу жолу менен региондук деңгээлде саламаттык сактоо системасын координациялоону өркүндөтүү.
2. Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруу, саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу, саламаттык сактоо жана каржылоо тармагында өнүктүрүүнүн саясий багыттарын аныктоодо Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК фондунун аракеттешүүсүн өркүндөтүү төмөнкүлөрдү талап кылат:
а) Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК фондунун ортосундагы аракеттешүү тартибин жана эрежелерин жөнгө салган ченемдик укуктук документтерди өркүндөтүү;
б) Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК фондунун аракеттешүүсүн жөнгө салган бирдиктүү көзөмөлдөөчү орган катары Саламаттык сактоо реформасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин ролун жана статусун күчөтүү.
3. Медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн автономиясын жогорулатуу жана саламаттык сактоо уюмдардын жетекчилик звеносун туура тандоо:
а) саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
б) Саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруучулук звеносун даярдоону, тандоону, жалдоону, баалоону, жайгаштырууну камтыган кадрдык заманбап технологияларды ишке киргизүү.
§2. Калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо проблемаларын чечүүгө
мамлекеттик бийлик органдарынын жетишсиз тартылганы
Саламаттык сактоо секторунун иши менен катар калктын саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо маанилүү ролду коомдук-экономикалык факторлор, мамлекеттик бийлик органдарынын саламаттык сактоо секторунан сырткары жасаган аракеттери жана саясий чаралары ойнойт. Саламаттык сактоо секторунда жумушсуздукка карата, айылдык райондордо миграцияны жөнгө салууга, алкоголго салыкты жогорулатууга, автотранспорт үчүн техникалык нормаларды киргизүүгө карата саясатты өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү жок, бирок ушул жана башка чаралар саламаттык деңгээлин жакшыртууга көмөктөшүүсү мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги ден соолукка жагымсыз таасир көрсөткөн социалдык-экономикалык факторлордун проблемаларын чечүүдө секторлор аралык жана ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүнү түзүү жаатында чечкиндүү ролду ойношу керек. Жүргүзүлгөн реформалардын алкагында маанилүү иш-чараларды жетишсиз чагылдыруу, саламаттык сактоо секторундагы проблемалар жана жетишкендиктер жөнүндө маалымдуулук төмөн болушу көп учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан да, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан да, калк тарабынан да реформаларга колдоо жоктугуна жана түшүнбөстүккө алып келет.
1. Саламаттык сактоо маселелерин чечүүгө мамлекеттик бийлик органдары тартылышын күчөтүү, саламаттык сактоонун жүргүзүлүп жаткан реформаларынын айкындыгын жана отчеттуулугун жакшыртуу жаатында төмөнкүлөр каралган:
а) маалымат, отчет берүү жолу менен реформалар алкагында аткарылган иш-чаралар жана алардын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана калкты үзгүлтүксүз маалымдап туруу;
б) жүргүзүлүп жаткан реформаларды алдыга жылдырууга жарандык коомду, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук Байкоочу кеңешти, өкмөттүк эмес уюмдарды, коомдук бирикмелерди, кесиптик ассоциацияларды активдүү тартуу;
в) региондордо саламаттык сактоо маселесин биргелешип чечүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аракеттешүүнү жакшыртуу.
V. "ДЕН СООЛУК" ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлинде "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керектигин даана түшүнүү болушу керек. "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу боюнча 5 жылдык деталдуу иш план иштелип чыккан. Программанын жалпы наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын (каржылоосун), инвестициялык сарптоолорду жана МКП бюджетин колдоого донорлордун каражаттарын кошуп, чагылдырат.
"Ден соолук" Программасын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- саламаттык сактоо секторунун саясатын аныктоо жана алдыга жылдыруу;
- бюджетти натыйжалуу башкаруу;
- так системалык жетекчиликти камсыз кылуу жана Программанын аткарылышын контролдоо;
- Программаны ишке ашыруу процессине тартылган бардык өнөктөштөрдүн иштерин координациялоо.
17. Саламаттык сактоо секторунун саясатын
аныктоо жана алдыга жылдыруу
Саламаттык сактоо министрлиги ден соолукту чыңдоо жана сактоо жаатында мамлекеттик саясатты түзүүгө, андан аркы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоого жооптуу орган катары "Ден соолук" Программасын түзүү жана ишке ашыруу үчүн жооптуу жана негизги орган болуп кала берет. Бирдиктүү төлөөчү системасынын жана ММК фондунун ишинин бүтүндүгүн сактоо зарыл, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын каражат чогултуу, топтоо жана каржылоо механизмдерин калтыруу керек. Бирдиктүү төлөөчү системасы Мамлекеттик кепилдиктер программасына адистештирилген медициналык кызматтарды интеграциялоонун эсебинен күчөтүлөт жана кеңейтилет.
Саламаттык сактоо реформасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин ролун жана милдеттерин күчөтүү аркылуу Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК фондунун аракеттешүүсүн жакшыртуу Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоону камсыз кылуу жаатында тараптардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга багытталган биргелешкен иш-чараларды координациялоо боюнча анын (Байкоочу кеңештин) маанисин жогорулатууга жардам берет.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңештин иши "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессин жалпы координациялоого, иш-чаралар планын аткарылышын контролдоого, сатып алуулар жана жыл сайынкы иш-чаралар планын иштеп чыгууда жана кийинки түзөтүүдө чечимдерди кабыл алууга, Программанын артыкчылыктуу багытын же компонентин аткарууга жооптуу түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин жыл сайынкы отчетторун талкуулоого жана бекитүүгө багытталат.
18. Бюджетти натыйжалуу башкаруу
"Ден соолук" Программасын ишке ашыруу кеңири сектордук ыкманын принциптеринде (SWАр) улантылат, ал өзүнүн натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн "Манас таалими" Программасын аткаруу процессинде көрсөттү. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр саламаттык сактоо программалардын параллелдүү каржылоону сактап калуу менен катар, өлкөнүн бюджетине финансылык колдоо көрсөтүшөт, ушул финансылык булактын экөө тең Программанын ийгилигине жетишүү үчүн керектүү "Ден соолук"/SWАр каржылоосунда ажырагыс жана бирин бири толуктаган салымдар болуп саналат.
"Ден соолук" Программасында эки финансылык агым сакталат: Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК фондунун.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн финансылык каражаттары Мамкепилдиктер программасын ишке ашырууга, инфраструктураны жакшыртууга жана жабдыктарды, медикаменттерди, сарптоочу материалдарды, компьютердик техниканы сатып алууга, консультациялык жана маалыматтык кызматтарга төлөөгө, ошондой эле "Ден соолук" Программасын ишке ашырууга жана медициналык жардамдын сапатын жана бүтүндөй калктын саламаттыгын жакшыртуу боюнча максат кылып коюлган натыйжаларга жетишүүгө багытталат.
|
2-диаграмма |
"Ден соолук" Программасын биргелешкен каржылоонун
каражаттарын бөлүштүрүү тартиби
┌───────────────────┐ ┌─────────────────────────────────────────┐
│ 50% жалпы донордук│ │ 25% жалпы донордук каражаттар - │
│ каражаттар - │ │ капиталдык инвестицияларга: саламаттык │
│ Мамкепилдиктер │ │ сактоо секторунун инфраструктурасын │
│ программасын │ │ жакшыртуу жана медициналык жабдыктарды │
│ колдоого │ │ жана дары препараттарды сатып алуу │
└───────────────────┘ └─────────────────────────────────────────┘
┌─────────────────────────────────────────┐
│ 25% жалпы донордук каражаттар - │
│ программалык сарптоолорго (микрокостинг)│
└─────────────────────────────────────────┘
"Ден соолук" Программасын биргелешип каржылоого катышкан Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары мурдагыдай эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына түшөт жана саламаттык сактоо программаларын каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилет. Ал каражаттар республикалык бюджетте эсепке алынат жана Казыналыктын эрежелери боюнча колдонулат. Мамкепилдиктер программасын каржылоо үчүн бюджетти колдоого арналган Биргелешкен каржылоо каражаттардын жыл сайынкы көлөмүнүн 70% квартал сайын каржылоо көлөмүн теңдештирүүгө биринчи жарым жылдын ичинде бөлүнүп берилери күтүлүүдө.
Саламаттык сактоонун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн инвестициялык чыгымдарга аныкталган каражаттарды пайдалануу сатып алынчу медициналык жабдуулардын, анын ичинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен макулдашылган жана Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан дары препараттардын, жана курулуш-оңдоо иштеринин тизмесине ылайык жүргүзүлөт. Программалык чыгымдарды жабууга жумшалчу Биргелешкен каржылоо каражаттары Иш-чаралар планына ылайык бөлүштүрүлөт.
19. Так системалык жетекчиликти камсыз кылуу жана
"Ден соолук" Программасынын аткарылышын контролдоо
"Ден соолук" Программасын ишке ашыруунун сунушталган стратегиясы вертикалдуу башкаруунун ордуна башкаруучулук милдеттерди децентралдаштыруу жолу менен саламаттык сактоо реформаларын ишке ашыруу процессине тышкы да, ички да бардык уюмдук түзүмдөрдү кеңири тартууга негизделген саламаттык сактоо секторун андан ары институтташкан өнүктүрүүнү караштырат, бул маанилүү чара болуп саналат жана Программаны ишке ашыруу натыйжасына иштиктүү таасир этет. Стратегияны ишке ашыруу жалпы стратегиялык планды ийгиликтүү аткаруу үчүн сектордун ар бир түзүмү эмне кылыш керектигин дыкат талдоодон башталат. "Ден соолук" Программасынын негизги максаттары жана маселелери башкаруунун бардык деңгээли аркылуу өтүп, ар бир өз алдынча кызмат же саламаттык сактоо уюму тарабынан эске алынышы керек.
"Ден соолук" Программасы ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуу жана белгиленген натыйжаларга жетишүү үчүн тиешелүү отчеттук жана баш ийүү системасы менен 4 башкаруу деңгээли аныкталган.
Биринчи деңгээл. Кыргыз Республикасынын Парламенти жана Өкмөтү "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессин жалпы контролдошот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Ден соолук" Программасын жана анын аракеттер планын Саламаттык сактоо реформасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңеш аркылуу саламаттык сактоо тармагындагы жакшыртууларды жана бардык реформаларды жүзөгө ашыруу жана пландаштыруу, саламаттык сактоо тармагында саясатты жакшыртуу механизми катары колдонот.
Экинчи деңгээл. Саламаттык сактоо министрлиги, Финансы министрлиги, ММК фонду стратегиялык жетекчилик кылышат жана Программанын жыйынтыктарына жооптуу болушат, тоскоолдуктарды жоюшат. "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу Саламаттык сактоо министрлигинин жана республиканын бардык администрациялык деңгээлдериндеги бардык саламаттык сактоо мекемелеринин ар күндүк ишине кирет.
Үчүнчү деңгээл. Саламаттык сактоо министрлиги, Кардиология жана терапия улуттук борбору, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Фтизиатрия улуттук борбору, "СПИД" Республикалык борбору аткаруучу түзүмдөрдү техникалык координациялашат, иштин жыйынтыктары боюнча отчет беришет жана мониторинг жүргүзүшөт.
Төртүнчү деңгээл. Аткаруучу институттар (облустук координаторлор) - бардык аткаруучу түзүмдөр үчүн жылдык деталдуу иш-чаралар планын ишке ашырышат, саламаттык сактоо системасынын бардык аткаруучу түзүмдөрүнүн региондогу аракеттерин координациялайт.
"Ден соолук" Программасын ишке ашыруунун айырмалаган белгилеринин бири саламаттык сактоо уюмдарын тартуу жана тиешелүү багыттар боюнча үчүнчү деңгээлдеги уюмдардын жетекчилик жана координациялык ролун күчөтүү, ал үчүн 3 жана 4-деңгээлдеги жооптуу аткаруучулар аныкталган.
§1. Тоскоолдуктарды жоюу боюнча аракеттерди топтоштуруу
Түпкү натыйжага багыт алуу басымды алгачкы ресурстарды жана ишти башкаруудан коюлган максатка жетишүү үчүн стратегиялык башкарууга жылдырат жана эң ыңгайлуу механизмдерди жана каражаттарды тандайт.
Саламаттык сактоо системасынын негизги процесстерин, реформаларын жана өзгөрүүлөрүн аныктагандан кийин, "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессине жана күтүлүүчү жыйынтыктарга жолтоо болгон потенциалдуу тоскоолдуктарды аныктоо керек, ошондой эле ошол тоскоолдуктарды жоюу боюнча механизмдерди, ырааттуу аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл. Ошентип, тоскоолдуктарды жоюуга багыт алуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ушул Программанын стратегиялык багыты жана инновация катары жактырылды.
Негизги системалуу тоскоолдуктарды жоюу боюнча маселелер "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессинин негизги индикаторлору катары аныкталгандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги жалпы 5 жылдык иш пландан алардын чечилишине жана жок кылууга түздөн түз таасир берген иш-чараларды аныктайт жана "L" белгиси менен белгилейт - биринчи кезекте маанилүү. Андан ары алар боюнча борбордук деңгээлде жооптуу аткаруучулар жана жылдар (кварталдар) боюнча бөлүштүрүп, иш-чаралардын деталдуу планы иштелип чыгат.
§2. Ишти уюштуруу жана күтүлгөн натыйжаларга жетишүү
"Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессин ийгиликтүү координациялоо үчүн Программанын ар бир артыкчылыктуу багыты жана компоненти боюнча техникалык координаторлорду ишке киргизүү пландаштырылды, алар өз милдетин артыкчылыктуу багытына жараша республикалык мекеменин жетекчисинин же Программанын тиешелүү компоненти боюнча башкарманын начальнигинин жетекчилиги менен аткарышат жана Саламаттык сактоо министрлигине отчет беришет.
Техникалык координаторлор "Ден соолук" Программасынын компоненттери менен артыкчылыктуу багыттары ортосундагы байланыштыруучу звено болот. Техникалык координатордун иш милдетине саламаттык сактоонун ар кандай түзүмдөрүнүн аракеттешүүсүн камсыз кылуу жана биргелешкен иштин координациясы, уюмдардагы аткаруучуларга техникалык колдоо көрсөтүү жана Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, отчеттук маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, ошондой эле мониторинг жүргүзүүгө жана алган натыйжаларды талдоого көмөктөшүү кирет.
"Ден соолук" Программасынын аткарылышын контролдогон жана координациялаган Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалары жана улуттук мекемелердин жетекчилери техникалык координаторлордун колдоосунда иш-чаралар планын ишке ашырууну башкарышат, процесстердин аракеттешүүсүн координациялайт, бардык түзүмдүк мекемелердин жылдык аракеттер пландарын иштеп чыгат жана бириктирет, ошондой эле алган жыйынтыктар жөнүндө жогору турган жетекчиликке билдирип турушат.
"Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессинде региондук деңгээлде "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессин башкаруу боюнча негизги звено катары саламаттык сактоо боюнча облустук координаторлордун (Бишкек жана Ош шш. кошуп) ролу күчөтүлөт. Аларга жыл ичине аныкталган иш-чаралардын ишке ашырылышын контролдоо жана координациялоо боюнча милдеттер жүктөлөт. Саламаттык сактоо боюнча облустук координаторлор "Ден соолук" Программасын ишке ашыруунун региондук планын иштеп чыгышат, региондогу ар бир уюмдун облустун саламаттык сактоо системасындагы ролун жана ордун аныкташат, күтүлүүчү жыйынтыктарга жетишүү үчүн оптималдуу жолдорду жана механизмдерди табышат, региондогу ар бир уюмдун иш-чаралар планын иштеп чыгууга түздөн түз катышат.
Саламаттык сактоо уюмдарынын ролу жыл сайынкы иш-пландарды түзүүдө жана ишке ашырууда, бюджетти жана сатып алуулар планын иштеп чыгууда, тиешелүү көрсөткүчтөр жана индикаторлор боюнча отчетторду түзүүдө жана көрсөтүүдө турат. Жыл сайын ар бир региондо "Ден соолук" Программасынын артыкчылыктуу багыттарын жана компоненттерин ишке ашырууга жооптуу түзүмдөрдүн катышуусу менен Программаны ишке ашыруудагы жетишкендиктерди баалоо боюнча жалпы кеңешме өткөрүлөт. Ошондой эле координаторлор Саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешке региондук отчетторду беришет. "Ден соолук" Программаны ишке ашыруу процессине жетекчилик кылуу жана координациялоо принциптери "Ден соолук" Программасынын операциялык колдонмосунда" чагылдырылат.
20. "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессине
тартылган бардык өнөктөштөрдүн иштерин координациялоо
SWАр негизги артыкчылыгы болуп донордук каражаттарды мамлекеттик приоритеттер менен синхрондоштуруу жана саламаттык сактоо секторунда жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды координациялоо эсептелет. Өткөн мезгилде биргелешкен аракеттешүү жана жылыштарга мониторинг жүргүзүү үчүн жакшы механизмдер жана инструменттер түзүлгөн. "Ден соолук" Программасынын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги менен эл аралык уюмдардын аракеттешүү даражасын жогорулатуу пландаштырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги менен жана донордук жамааттын ичиндеги ишти координациялоо жана тыгыз өз ара байланыш "Ден соолук" Программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык тараптардын жоопкерчилигин жана кызыгуусун күчөтөт.
Саламаттык сактоону реформалоо процесси биргелешкен серептерде жана донорлордун катышуусу менен жылына 2 жолу Саламаттык сактоо боюнча саммиттерде талкууланат, алардын жүрүшүндө жетишкендиктерге жана кемчиликтерге терең баалоо берилет, келечекке иш-чаралар пландаштырылат. Жыл сайынкы биргелешкен серептерди өткөрүү механизмдери жана жол-жоболору Программаны ишке ашыруунун башында иштелип чыгат.
"Ден соолук" Программасын ишке ашырууну башкаруу механизмдери, финансылык процедуралар, сатып алууларды кошуп, деталдуу түрдө "Ден соолук" Программанын операциялык колдонмосунда" сүрөттөлгөн.
"Ден соолук" Программасын ишке ашыруу процессин башкаруу сектордун ичинде да, тышында да ушул процесске тартылган бардык түзүмдөрдүн ишин координациялоо механизмдерин камтыйт, мында секторлор аралык өз ара байланышта иштешүү маселеси, Программаны ишке ашырууну баалоо жана мониторингин камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, ошондой эле саламаттык сактоонун ар кандай деңгээлдеринде отчеттук жана баш ийүүчүлүк системасы камтылат.
"Ден соолук" Программасынын финансылык процедуралар жана сатып алуулар боюнча колдонмосунда секторду каржылоо боюнча эрежелер жана жол-жоболор, саламаттык сактоо ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун арттырууга жардам берген механизмдер жана инструменттер камтылат. Жүргүзүлгөн сатып алууларды жана каражаттарды айкын колдонууну камсыз кылуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин донорлор алдында финансылык отчеттук системасын иштеп чыгуу каралат, ал отчет квартал сайынкы негизде берилип турат.
VI. 2012-2016-ЖЫЛДАРГА КАРАТА "ДЕН СООЛУК" УЛУТТУК
ПРОГРАММАСЫН БААЛОО ЖАНА МОНИТОРИНГ
21. "Манас таалими" Программасын мониторингдөө
жана баалоо жагындагы жетишкендиктер
Кыргызстан саламаттык сактоо секторунда мониторинг жана баалоо (мындан ары МжБ) ишин күчөтүүдө алгачкылардын катарында келатат. Саламаттык сактоо системасынын мониторинг инструменти алгач 2002- жылы иштелип чыккан жана саламаттык сактоо секторундагы жаңы программаларга шайкештиги жагынан дайыма кайра каралып турду. МжБ инструментин жыл сайын даярдоо Саламаттык сактоо министрлигинин Реформаларды координациялоо жана ишке ашыруу башкармасында институтташтырылган, ал аны иштеп чыгууга/даярдоого жана биргелешкен жыл сайынкы серептерде презентациясына жооптуу. Мындан тышкары, ар кандай маселелер боюнча саламаттык сактоо системасына изилдөөлөр жүргүзүлөт, алардын жыйынтыктары саламаттык сактоо саясатын иштеп чыгуу процессинде чечим кабыл алууга жардам берет. Изилдөөлөрдүн жыл сайынкы планын Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыгат, ал эми изилдөөлөрдү Саламаттык сактоо Саясатын Талдоо Борбору (СССТБ), статистика, саясатты колдонмо талдоосун жүргүзүү ишине окутулган изилдөөчүлөрү бар коммерциялык эмес уюм жүргүзөт. "Манас таалими" Программасын (2006-2010-жылдарда) ишке ашыруу мезгилинде 30 ашуун изилдөө иштери даярдалган (www.hрас.kg сайтында). Саламаттык сактоо секторун изилдөөлөрдүн, мониторингдөөнүн жана баалоонун жыйынтыктары саясатты иштеп чыгуу процессинде, ошондой эле, негизинен жыл сайынкы биргелешкен серептин жардамы менен диалог жана координация үчүн колдонулат.
22. "Ден соолук" Программасы үчүн мониторинг
жана баалоо стратегиясы
"Ден соолук" Программасы үчүн МжБ стратегиясы мурдагы МжБ системасынын артыкчылыктарынан куралган жана ошол эле мезгилде Программанын түзүмү менен толук синергияны камсыз кылат.
Тиешелүү негизги кызматтарды кеңири масштабда көрсөтүү жолу менен төрт артыкчылыктуу багыт боюнча калктын саламаттыгы оңолушу (жүрөк-кан тамыр оорулары, эне жана баланын ден соолугу, кургак учук жана АИВ инфекция) "Ден соолук" Программасынын кыймылдаткыч күчү болот. Бирок, саламаттык сактоо секторунда коомдук саламаттык сактоо, жеке кызмат көрсөтүү, каржылоо, адамдык ресурстар, дары каражаттар менен камсыз кылуу жана стратегиялык башкаруу жаатында тоскоолдуктар аныкталды. "Ден соолук" Программасы ден соолук жагында күтүлүүчү жыйынтыктарга жетишүү жана негизги кызматтарды андан ары кеңейтүү үчүн ал тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган саламаттык сактоо секторунун реформаларына таянат.
"Ден соолук" Программасынын ушул ыкмасынан улам, МжБ стратегиясы төрт негизги компоненттен турат, алар биргелешип Программаны ишке ашыруунун жүрүшүн толук сүрөттөп чагылдырат (3-диаграмма). МЖБ негизги компоненттер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жыл сайын мониторингделген жана демейки (пландуу) маалыматтардын негизинде МжБ боюнча индикаторлор пакети;
- негизги кызматтардын кеңейтилишин баалаган медициналык кызмат менен камтууну үзгүлтүксүз изилдөө;
- саламаттык сактоо системасынын негизги тоскоолдуктарын жоюуга жолтоо болгон факторлорду баалоо боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин/ММКФ заказы боюнча саламаттык сактоо системасын изилдөө;
- үй чарбаларды масштабдуу изилдөө жана дарыланып чыккан пациенттерди сурамжылоо.
Ушул негизги блоктордун ар бири төмөндө деталдуу сүрөттөлөт.
|
3-диаграмма |
"Ден соолук" Программасынын МжБ түзүмү
┌──────────────────────────┬─────────────────────────┐
│ МжБ │ Негизги кызматтар │
│ индикаторлор │ менен камтууну │
│ пакети │ изилдөө │
├──────────────────────────┼─────────────────────────┤
│ Саламаттык сактоо │ Чоң масштабдуу │
│ системасынын │ изилдөөлөр │
│ изилдөөлөрү │ │
└──────────────────────────┴─────────────────────────┘
§1. "Ден соолук" Программасынын МжБнын индикаторлор пакети
Жыл сайынкы индикаторлор пакети МжБ стратегиясынын негизин түптөөчү болот жана толук "Ден соолук" Программасынын түзүмүнө ылайыкталып иштелип чыккан. Индикаторлор пакети эки бөлүктөн турат, анын бирөөсү Программанын багыттары жана калктын саламаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга арналат, экинчи бөлүгү саламаттык сактоо секторун Программанын компоненттери боюнча бекемдөө жыйынтыктарын жакшыртуудагы жылыштарды байкоого арналат (13-таблица).
|
13-таблица |
Индикаторлор пакетинин түзүмү
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│1-бөлүм │
│ │
│Программанын артыкчылыктуу багыттары боюнча ден соолук │
│көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү оңолушу: │
│- жүрөк-кан тамыр оорулары; │
│- эне жана баланын саламаттыгын сактоо; │
│- 5 жашка чейинки балдардын саламаттыгы; │
│- кургак учук; │
│- АИВ-инфекция │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│2-бөлүм │
│ │
│Программанын компоненттери боюнча саламаттык сактоо системасын │
│бекемдөө жыйынтыктарынын күтүлүүчү оңолушу: │
│- коомдук саламаттык сактоо; │
│- жеке кызматтар; │
│- каржылоо; │
│- ресурстарды түзүү; │
│- стратегиялык башкаруу │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
"Ден соолук" Программасынын индикаторлорунун Улуттук пакетинин негизинде облустук деңгээлдеги индикаторлор пакети иштелип чыгат, алардын жардамы менен облустук координация күчөтүлүшү мүмкүн. "Ден соолук" Программасын ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн облустук деңгээлде жана саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлинде МжБ жаатындагы потенциалды кыйла көбөйтүү жана чыңдоо пландаштырылат.
Ошондой эле үчүнчү деңгээлдеги негизги уюмдарда мониторинг боюнча потенциалды андан ары көбөйтүү караштырылды, бул деңгээлдеги адистер артыкчылыктуу программалар боюнча индикаторлор пакети менен иштей алышы керек. Мындай ыкманын рационалдуулугу артыкчылыктуу программалар боюнча индикаторлор пакети негизинен клиникалык практиканын индикаторлорунда жана ден соолукка карата жүрүм-турумга топтолгонунда, ушуга байланыштуу үчүнчү деңгээлдеги мекемелерге негизги роль берилет. Программаны ишке ашыруунун толук картинасын алыш үчүн МжБга тартылган бардык уюмдардын так аракеттешүүсүн камсыз кылуу керек.
§2. Негизги кызматтар менен камтылышын изилдөө
Негизги кызматтар менен камтууну изилдөө "Ден соолук" Программасынын МжБ стратегиясында жаңы аспект болуп калат. Программада калк үчүн негизги кызматтар бир жагынан саламаттык сактоо секторун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт, экинчи жагынан, ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртууда да мааниси чоң. Ошого карабастан, демейки маалыматтык системада негизги кызматтар менен камтуу жөнүндө маалымат жок. Бул кемчиликти жоюу үчүн ар эки жыл сайын Программаны ишке ашырууда камтылууга изилдөө жүргүзүлүп турат (2012-жылы - алгачкы баалоо үчүн жана 2016-жылы Программанын аягында), ар бир төрт артыкчылыктуу багыт боюнча өз алдынча жүргүзүлөт. Бул изилдөөлөр калктын негизги кызматтар менен камтылышын документтештирет, ошондой эле камтууну андан ары кеңейтүүгө бөгөт болгон жана кызмат көрсөтүүчүлөр деңгээлинде болгон тоскоолдуктарды чагылдырат.
Камтылышын изилдөө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги алдында СССТБ көмөгү менен төрт артыкчылыктуу багыт боюнча үчүнчү деңгээлдеги башкаруучу уюмдар менен жүргүзүлөт.
§3. Саламаттык сактоо системасын тоскоолдуктарды жоюуга басым
жасоо менен изилдөө
2000-жылдан тартып жүргүзүлүп келген саламаттык сактоо секторунун ишинин ар кандай аспекттери боюнча баалоочу изилдөөлөр маанилүү бойдон калууда. Изилдөөлөрдүн мындай түрүн жүргүзүү тапшырмасы бир нече жылдар бою сыноо жана ката кетирүү ыкмалары менен иштетилип келди, азыркы мезгилде жолго коюлуп, Саламаттык сактоо министрлигине чечим кабыл алуу үчүн баалуу маалымат берип турат. "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу учурунда Программада аныкталган, же ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон системалуу тоскоолдуктарга басым жасап, саламаттык сактоо секторуна баалоо жүргүзүү караштырылды. Изилдөөлөр үчүн темаларды аныктоо процесси ийкемдикти камсыз кылуу жана Саламаттык сактоо министрлигинин саясатына жана ишинин приоритеттерине болушунча шайкеш келүү үчүн багыттары жыл сайынкы негизде жүргүзүлөт.
Изилдөөлөр Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен СССТБ өкүлдөрү жана изилдөөчүлүк потенциалы бар башка уюмдар менен жүргүзүлөт.
§4. Чоң масштабдуу изилдөөлөр
Кыргызстан Борбордук Азияда, Чыгыш Европада жана постсоветтик мейкиндикте үй чарбаларга изилдөө жүргүзгөн жана пациенттерди белгилүү убакыт ичинде үзгүлтүксүз сурамжылоо жасаган жалгыз өлкө. Үй чарбаларды изилдөө алардын финансылык корголушу жана кызматтардын жеткиликтүүлүгү тууралуу башка демейки булактардан алууга мүмкүн эмес болгон негизги маалыматты камсыз кылат. Ооруканадан чыгарылган пациенттерди сурамжылоо мыйзамсыз төлөмдөр тууралуу негизги маалымат булагы болуп берет, ал МКПда финансылык ажырымдын өлчөмүн же көлөмүн чагылдырган негизги көрсөткүч болот. Изилдөөлөрдүн бул түрлөрүн жүргүзүү улантылат, анткени алар "Ден соолук" Программасын ишке ашыруу ийгилиги үчүн өтө маанилүү. Үй чарбаларды изилдөө 2013 жана 2016-жылдарга пландаштырылды, ооруканадан чыгарылган пациенттерди сурамжылоону 2012 жана 2016-жылдарда жүргүзүү сунушталууда.
Масштабдуу изилдөөлөр Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги алдында, СССТБ, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, ММКФ жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүзүлөт.
|
|