Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 1-августу № 529

Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 27 "Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов