Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 500 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 529 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө ТАРТИБИ
1. Бул Тартип "Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторун тандоо боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) мүчөлөрүнө "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча Кеңештин иштөө мезгилинде материалдык сый акы төлөө тартибин жөнгө салуучу нормаларды белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө материалдык сый акы төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти тарабынан ай сайын төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
1) Кеңештин төрагасына - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө;
2) Кеңештин мүчөлөрүнө - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматтык маянасынын өлчөмүндө.
3. Материалдык сый акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше салыгын жана мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн суммасын кармоо менен төлөнөт.
4. Материалдык сый акынын суммасын эсептөөдө соттордун кызмат ордун ээлөөгө талапкерлигин койгон адамдардын арыздарын жана документтерин кароо боюнча жумушчу топтун, Кеңештин жыйындарына келбей калган ар бир күнү үчүн ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген материалдык сый акынын суммасынан 1 процентке барабар болгон азайтуучу коэффициент колдонулат.
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда белгиленген коэффициентти колдонуу үчүн негиз болуп ар бир айдын аягында Кыргыз Республикасынын Сот департаментине берилүүчү Кеңештин, жумушчу топтун жыйындарынын ишине Кеңештин мүчөлөрүнүн катышпаган күндөрүнүн саны жөнүндө Кеңештин төрагасынын, ал эми ал жок учурда - Кеңештин төрагасынын орун басарынын маалыматы эсептелет.
6. Материалдык сый акынын суммасы ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жеке арыздарынын негизинде банктагы алыш-бериш эсебине которулушу мүмкүн.