Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-августу № 534
"Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева демилге кылган "Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Алтыбаева демилге кылган "Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
Мыйзам долбоору үчүнчү, төртүнчү жана кийинки балдарды төрөгөн, асырап алган жарандарга эненин капиталына мамлекеттик сертификатты берүү менен мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын берүүгө багытталган. Эненин капиталынын өлчөмү 300000 сом өлчөмүндө белгиленген, аны турак-жай шарттарын жакшыртууга, баланын билим алышына, аялдар үчүн эмгек пенсиясынын топтоочу бөлүгүн түзүүгө жумшоо болжолдонууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин жоболоруна ылайык, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Долбоордун 3-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 11-беренесинин 3-бөлүгүндө эненин (үй-бүлөнүн) капиталынын каражаттарынан билим алууга ар кандай курактык чек белгиленген.
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 7-бөлүгүндөгү "6.1" деген сандар "6" деген сан менен алмаштырылууга тийиш.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары укуктуу.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 12-беренесинин 4-бөлүгүндө саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларды кабыл алуусунун ыйгарым укуктарын белгиленген жоболорду кайра карап чыгууну сунуш кылабыз. Жогоруда аталган Мыйзамга ылайык бул ыйгарым укуктар Өкмөткө берилген.
Мыйзам долбоорунун 5-берененин 1-бөлүгүндө эненин капиталына мамлекеттик сертификатты алуу үчүн арыз менен бирге кандай документтер берилээри такталууга тийиш.
Мыйзам долбоорунун 5-берененин 6-бөлүгүнүн 4-пунктунда сертификатты берүү жөнүндө арызды канаттандыруудан баш тартуунун негизи болуп, анын ичинде энелик капиталынын каражатын толук өлчөмдө иштетүүгө байланыштуу мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын алуу укуктарынан ажыроо болуп саналат деп каралган.
Бирок энелик капиталдын сертификатын алуу үчүн кайрылган адам, бул капиталдын каражатын албай туруп кантип аны колдоноору түшүнүксүз болуп турат.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 1-бөлүгү энелик капиталдын өлчөмүн белгилөө жагында Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнө карама каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 1-бөлүгүндө энелик капиталдын өлчөмү 300000 сом деп белгиленет.
Бирок ушул Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 2-бөлүгүндө энелик капиталдын өлчөмү жыл сайын инфляциянын темпинин негизинде кайра каралып чыгат жана тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленет деп аныкталган.
Долбоордун 6-беренесинин 1-бөлүгүндө эненин капиталынын өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнө негизделүүгө тийиш, анткени эненин капиталы бюджеттин эмгек акы менен байланышпаган каражаттарынан төлөнөт деп белгиленген. "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-бөлүгүнө ылайык эсептешүү көрсөткүчү социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын, администрациялык жазалар менен айыптардын, эмгек акысын төлөө менен байланышпаган башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн өлчөмдөрүн аныктоо үчүн колдонулат.
10-берененин 1.1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "кадастр паспорту" деген сөздөр алып салынсын, анткени Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында бул түшүнүк колдонулбайт.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 3-бөлүгүндө баш тартуу жөнүндө арыздын мөөнөтү такталууга тийиш, себеби шилтеме берилген Мыйзам долбоорунун 7-берененин 6-бөлүгүндө ал аныкталган эмес.
Мыйзам долбоорунда энелик (үй-бүлөлүк) капиталга сертификатты берүү, регистрди алып баруу, колдонуу тууралуу арыздарды кароо боюнча аткаруу органы катары "Кыргыз Республикасынын Пенсиялык фонду" аныкталган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган, пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду эсептелет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга тийиш.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен тындырылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү карайт. Мыйзам долбооруна экономикалык эсептер жана финансылык негиздеме берилген эмес. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул мыйзам долбоорун Өкмөт каржылоо булактарын аныктагандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алышы мүмкүн экенин белгилеп кетебиз.
Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты балдардын төрөлүшүнө дем берүү жана калктын өсүшүн көбөйтүү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасында стабилдүү демографиялык кырдаал сакталып, калктын табигый өсүшү көбөйүп жатат жана үч жана андан ашык балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоо чараларын киргизүү кошумча каржылоону талап кылат. Жалпы алганда "Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга али эрте деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|