Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 27-январы № 13
Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам эң аз эмгек акы менен төлөнмөлөрдүн жана компенсациялардын, дагы башка төлөмдөрдүн же эң аз эмгек акынын өлчөмүндө эселенип белгиленүүчү, бирок эмгек акы төлөө менен байланышпаган экономикалык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы байланышты алып салууга багытталган.
1-статья.
Эсептешүү көрсөткүчү - социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын жана администрациялык жазалар менен жазапулдардын, эмгек акысын төлөө менен байланышпаган башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөгүдөй өлчөмдөрүн аныктоочу ченемдик акчалай көрсөткүч:
- курагы, иштеген жылдары жана майыптыгы боюнча пенсияларга кошулуучу үстөктөрдүн өлчөмдөрүн;
- пенсияны эсептөө үчүн айлык орточо эмгек акынын, кирешенин (акчалай канааттандырманын);
- ден соолукка зыян келтиргендик үчүн жана багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө компенсацияларын;
- иштин белгилүү бир түрү менен алектенүү үчүн патенттин, лицензиянын наркынын;
- жарандардын айрым категорияларына берилүүчү жеңилдиктердин, өлчөмүн;
- экономикалык санкциялардын, администрациялык жазалардын жазапулдардын, салыктык жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн;
- ишканалардын уставдык жана башка фонддорунун өлчөмдөрүн;
- эмгек акы төлөө менен байланышпаган башка социалдык төлөнмөлөрүн.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 4-П "2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу жарандар Илида Дженалиеванын, Айнура Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин даттануусун канагаттандыруудан баш тартуу тууралуу" токтому
2-статья.
Эсептешүү көрсөткүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Эсептешүү көрсөткүчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитпей койгон учурда анын мурдагы өлчөмү сакталат. Төлөнмөлөрдүн ар бир категориясына өзүнчө эсептешүү көрсөткүчү белгилениши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 15-июнундагы № 1115-III “Эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтому
3-статья.
Ушул Мыйзам 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы №142 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2005-жылдын 8-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |