Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 5-мартындагы № 107 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-августу № 541
"Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам турак жайларды милдеттүү камсыздандыруунун (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) укуктук, экономикалык жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамды кабыл алуу максаты
Ушул Мыйзам табигый жана башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында турак жайлардын кыйрашы же бузулушу менен байланышкан зыян тартууларды кайтаруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында кабыл алынат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
пайда табуучу - эгер камсыздандыруучу өлсө, анын мураскери, эгер юридикалык жак кайра уюштурулса, камсыздандыруу акысын алууга укуктуу мыйзамдуу укук мураскери болгон жак;
турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу келишими (мындан ары милдеттүү камсыздандыруу келишими) - келишимде каралган окуя (камсыздандыруу учуру) пайда болгон учурда ушул окуянын кесепетинен турак жайга келтирилген зыяндын ордун келишимде шартталган төлөмү менен (камсыздандыруу акысын) келишимде аныкталган сумманын чегинде (камсыздандыруу суммасын) камсыздандырууга келишим түзүлгөн башка адамга (пайда табуучуга) толтуруп берүүгө камсыздандыруучу милдеттенме алган камсыздандыруу келишими;
турак жай - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, менчик түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак деп таанылган, жарандардын жашоосу үчүн жарактуу жана мыйзамдуу негиздерде алар тарабынан колдонулуучу кандай гана болбосун жай;
кепилдик төлөмдөр - камсыздандыруучуга банкроттук тартипти колдонгондун натыйжасында милдеттүү камсыздандыруу келишим боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү ишке ашырылбаса, зыяндын ордун толтуруу эсебинен ушул Мыйзамга ылайык ишке ашырылчу төлөмдөр:
көз карандысыз эксперт - экспертиза жүргүзүү жана атайын билимдерди колдонууну талап кылган маселелер боюнча корутунду берүү үчүн милдеттүү камсыздандыруунун катышуучулары (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, пайда табуучу) тарабынан чакырылган камсыздандыруу жаатында атайын билимдерге ээ болгон өз кызыкчылыгын көздөбөгөн жеке же юридикалык жак;
камсыздандырылуучу - менчик ээси болуп саналган жана камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн юридикалык же аракетке жөндөмдүү жеке жак;
камсыздандыруу сый акы - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим менен шартталган төлөм;
камсыздандыруу суммасы - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттенген сумманын чеги;
камсыздандыруунун ордун толтуруу - камсыздандыруу учуру пайда болгондо мүлктүк камсыздандырууда зыянды тындыруу үчүн камсыздандыруу фондунан камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга төлөнүүчү акчалай компенсация;
камсыздандыруу окуясы - камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү үчүн камсыздандыруучунун милдети пайда болгон, милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган болуп өткөн окуя;
камсыздандыруу полиси - камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучуга берилүүчү камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгүн тастыктаган документ (күбөлүк, сертификат, квитанция);
камсыздандыруу тобокели - болушу мүмкүн деп болжолдонгон окуя, ал болгон учурда камсыздандыруу жүргүзүлөт;
камсыздандыруу төгүмү - камсыздандыруу сый акы, аны камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга мезгил мезгили менен төлөп турат;
камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишим боюнча камсыздандыруу сый акысын аныктоодо камсыздандыруучу тарабынан колдонулган жана базалык чендерден жана коэффициенттерден турган, ушул Мыйзамга ылайык белгиленген баалык ставкалар;
камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга атайын уруксаты (лицензиясы) бар коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак (камсыздандыруучу уюм);
франшиза - белгилүү бир акчалай сумма, анын чегиндеги, пайда болгон зыянды (залал келтирүүнү) камсыздандыруучу компенсация кылбайт, аны камсыздандырылуучу (пайда табуучу) өз алдынча тындырат:
турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздоо төлөмдөрүн кепилдөө фонду (мындан ары - Фонд) - банкрот тартибинин жыйынтыгында камсыздандыруучуга колдонулуучу кепилдик төлөмдөрдү жүргүзүү максатында мекеме түрүндө уюшулган коммерциялык эмес уюм.
4-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери
1. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ушул Мыйзамда белгиленген чекте турак жайларга келтирилген зыяндын ордун жабуу кепилдиги;
2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, турак жайлардын ээлери тарабынан камсыздандыруунун милдеттүүлүгү жана жалпылыгы;
3) турак жайларды эксплуатациялоодо бардык мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандырууну колдонуунун күчүнүн үзгүлтүксүздүгү.
5-берене. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси
1. Милдеттүү камсыздандыруу объектиси болуп турак жайлардын, анын ичинде, алардын конструктивдик элементтеринин, оңдоп-түзөө элементтеринин, инженердик жабдуусунун жана анын ички коммуникацияларынын талкаланышы же бузулушу менен байланышкан камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыктары саналат.
2. Милдеттүү камсыздандырууга төмөнкү турак жайлар кирбейт:
1) талаптагыдай каралбагандыктын натыйжасында авариялык абалда турган;
2) ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан баштап бузула турган же кайра өзгөртүү жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу органга берген учурдан баштап, арналышы турак эмес жайларга өзгөртүлө турган үйлөрдө (курулмаларда) жайгашкан;
3) аларга милдеттенмелер боюнча алуу салынган болсо;
4) жер участогун алып коюуга байланыштуу ээликтен ажыратыла турган үйлөрдө (курулмаларда) жайгашкан;
5) өз алдынча жана мыйзам талаптарын бузуу менен курулгандар;
6) конфискациялана тургандар.
6-берене. Кыргыз Республикасынын турак жайларды милдеттүү
камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары
1. Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституциядан, Жарандык кодекстен, ушул Мыйзамдан, башка нормативдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2-глава
Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруунун шарттары жана тартиби
7-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
1. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоодо эркин болот.
Камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөй коюуга укуксуз.
3. Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү типтүү милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык келиши керек.
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучу тарабынан турак жайды базар баасы боюнча баалоонун негизинде камсыздандыруу суммасы көрсөтүлөт.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу түрүндө түзүлөт. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун арызы саналат.
8-берене. Камсыздандыруу окуялары
1. Камсыздандыруу окуясы болуп төмөнкү окуялардын натыйжасында камсыздандырылуучунун турак жайын жок кылуу же бузуу саналат:
1) өрт (жалындын, түтүндүн, жогорку температуранын таасири), анын ичинде, камсыздандыруудан тышкары жайда келип чыккан;
2) тиричилик муктаждары үчүн колдонулуучу газдын жарылуусу;
3) суу, жылытуу, канализация системасынын түтүктөрүнүн авариясы;
4) өрттү өчүрүү боюнча укуктук аракеттерди жүргүзүүнүн жыйынтыгында суунун кириши;
5) турак жай курулуштарынын ички суу агызгычтарынын авариясы;
6) болтурбоого мүмкүн болбогон күчтүн кесепетинен бузуулар.
Эгерде алар камсыздандыруу келишимин колдонуу убагында турак жайларды иш жүзүндө жана кокустан болгон бузууларынын же жок кылуунун себеби болсо, жана камсыздандыруу окуясы жөнүндө актысы менен далилденсе, анда көрсөтүлгөн окуялар камсыздандыруу окуялары деп табылат.
2. Окуялар камсыздандыруу окуялар деп табылбайт, эгерде алар төмөнкүлөрдүн натыйжасында болуп өтсө:
1) камсыздандырылган турак жайды башка максаттарга пайдаланышса;
2) жарандык же согуштук, бийликтердин буйругу боюнча согуштук аракеттеринин жана алардын натыйжасынын, террористтик актылардын, жарандык толкундоолорунун, массалык дүрбөлөңдөрдүн, иш таштоолордун, конфискациялоонун, камактын, жок кылуунун же бузуунун натыйжасында болсо.
Ушул бөлүктө аталган аракеттер, себептер жана окуялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган документтердин негизинде ушундай деп таанылат.
3. Эгерде алар жардыруу иштерин, котловандардан же карьерлерден топуракты алуу, жер алдындагы коммуникацияларды орнотуу, боштуктарды толтуруу же жер үйүүчү иштерди жүргүзүүдөн, ошондой эле пайдалуу кендер чыккан жерди казуудан жана иштетүүдөн келип чыккан болсо, жер көчкүлөрдөн, топурактын чөгүүсүнөн же башка кыймылынан болгон зыян тартуулардын ордун толтуруп берүү болбойт.
4. Эгерде бул тешиктер куюндун, бороондун же аба массасынын башка кыймылдарынан пайда болбосо, камсыздандырылган турак жайларга ачык терезеден, эшиктен же башка тешиктерден жаандын, кардын, мөндүрдүн же ылайдын киришинин натыйжасынан пайда болгон зыян тартуулардын ордун толтуруп берүү болбойт.
9-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишим убагында камсыздандыруучу менен макулдашуу боюнча камсыздандыруу суммасын же камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин өлчөмүн көбөйтүүгө:
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимдин (камсыздандыруу полистин) дубликатын, аны жоготуп алган учурда, алууга;
3) турак жайга келтирилген зыяндын көлөмүнө баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматын көрүүгө;
4) камсыздандыруучу жана (же) көз карандысыз эксперт тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруунун ордун толтуруунун өлчөмүнүн эсептери жана келтирилген зыяндын көлөмүнө баа берүү жыйынтыктары менен таанышууга;
5) камсыздандыруунун ордун толтуруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартуу же анын көлөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каршы доо арыз берүүгө.
2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү;
1) эгерде камсыздандыруу сый акысы келишим түзүүдө толук төлөнбөсө, камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө;
2) камсыздандыруу объектине карата башка камсыздандыруу келишимдеринин түзүлгөнү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
3) камсыздандыруу тобокелдиги көбөйгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга кечиктирбестен билдирүүгө;
4) камсыздандыруу окуясы пайда болгондугу жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө жана аны ырастоо чараларын көрүүгө;
5) камсыздандыруу учурунда зыянды азайтууга чара көрүүгө;
6) милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн камсыздандырылуучуга белгилүү болгон керектүү маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
7) камсыздандыруу окуясы пайда болгондон кийин турак жайды текшерип көрүүнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыз кылууга;
8) камсыздандыруу окуясынын башталышынын себеби, жүрүшү жана натыйжасы, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмү жана мүнөзү жөнүндө талкуулоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды (зарыл болсо - жазуу түрүндө) жана документтерди камсыздандыруучуга берүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзүүгө.
3. Ушул Мыйзамга ылайык, өзүнүн турак жайларын камсыздандырган турак жайлардын ээлери, келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берүү үчүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жетишсиз болгон учурда, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелдигине тиешеси болбогон окуялар пайда болгон учурунда өз каалоосу менен кошумча камсыздандырууну жүзөгө ашыра алышат.
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршылыгы болбогон башка укуктар жана милдеттер каралышы мүмкүн.
10-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясынын башталыш фактысын жана турак жайга келтирилген зыяндын көлөмүн ырастоочу документтерди тийиштүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, алардын компетенциясына жараша суроого;
2) зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча компетенттүү органдардын комиссиясынын ишине катышууга;
3) камсыздандыруу окуясы пайда болгон учурда камсыздандыруунун ордун толтуруу көлөмүн аныктоо жана келтирилген зыяндын көлөмүнө баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматын колдонууга.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү;
1) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлүшү менен камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисти берүүгө, анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
2) камсыздандыруунун ордун толтуруу көлөмүн көрсөтүүсү менен камсыздандыруу актысын түзүүгө жана аны таанышуу үчүн камсыздандырылуучуга берүүгө;
3) камсыздандыруу окуясы деп таанылганда, камсыздандырылуучунун арызын алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде камсыздандыруунун ордун толтуруу төлөмдөрүн жүргүзүүгө;
4) камсыздандыруу окуясында, зыянды жоюу же азайтуу максатында камсыздандырылуучу тарткан чыгашаларынын ордун толтуруп берүүгө;
5) камсыздандыруунун ордун толтуруп бербөө үчүн негиз бар болгондо, бул себептердин негиздөөсү менен камсыздандырылуучуну жазуу түрүндө отуз күндүн ичинде кабарлоого;
6) камсыздандыруу сырын сактоого.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктар жана милдеттер каралышы мүмкүн.
11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү
Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү ушул Мыйзам менен мындай келишимдер үчүн башка мөөнөт каралган учурларды кошпогондо, бир жылды түзөт.
12-берене. Камсыздандыруу сумманын көлөмүн жана камсыздандыруу сыйакысынын көлөмүн аныктоо
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасы минималдуу көлөмү жана камсыздандыруу сый акысынын тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу суммасынын жана камсыздандыруу сый акыларынын тарифтеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген төмөнкү көлөмдөрдөн төмөн эмес башка төлөмдөр белгилениши мүмкүн.
2. Камсыздандыруу сумманын көлөмү камсыздандыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 46-главасынын эрежелерине ылайык эсептелет.
3. Эгерде камсыздандырылуучу менен башка мөөнөт макулдашылбаса, камсыздандыруучу камсыздандырылуучу тиешелүү түрдө кайрылган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде бузулган мүлктү текшерип көрүүгө милдеттүү.
Эгерде бузулган мүлктү текшерүү милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча оорду толтурула турган камсыздандыруу окуясынын болгондугун жана зыяндын өлчөмүн так белгилөөгө мүмкүндүк бербесе, камсыздандыруучу көз карандысыз экспертизасын (баалоону) уюштурууга укуктуу.
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен бузулган мүлктү текшерүү үчүн камсыздандыруучу келүүчү башка мөөнөттөр каралышы мүмкүн.
5. Эгерде камсыздандыруучу бузулган мүлктү ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө карабаса же көз карандысыз экспертизаны (баалоону) жүргүзүүнү уюштурбаса, жабыр тартуучу бузулган мүлктү камсыздандыруучуга карай чыгууга бербестен, бузулган мүлктү көз карандысыз экспертизаны (баалоону) жүргүзүүнү өз алдынча уюштурууга укуктуу.
6. Камсыздандыруунун ордун толтурууга негиз болгон көз карандысыз экспертизанын (баалоонун) наркы, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу ордун толтуруп берүүчү чыгымдардын курамына кошулат.
7. Камсыздандыруу окуясынын пайда болгон жагдайларын билүү, бузулууларды жана алардын себептерин, ошондой эле аны оңдоонун технологиясын, методдорун жана наркын белгилөө максатында көз карандысыз экспертиза жүргүзүлөт.
13-берене. Камсыздандыруу ордун толтуруунун төлөмдөрү
1. Камсыздандырылуучу камсыздандыруу сумманын чегинде зыяндын ордун толтуруу жөнүндө түздөн-түз камсыздандыруучуга талап коюуга укуктуу. Камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө талапты камтыган, документтер тиркелген, жабыр тартуучунун берген арызы камсыздандыруучу же камсыздандырылуучунун көрсөтүлгөн талаптарын карап чыгууга камсыздандыруунун ордун толтурууну жүзөгө ашырууга камсыздандыруучу ыйгарым укук берген өкүлүнүн турган жери боюнча камсыздандыруучуга жиберилет.
2. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө арызын жана ага тиркелген документтерди бардык керектүү документтерди кабыл алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде карап көрөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде камсыздандыруучу жабыр тартканга камсыздандыруунун ордун толтурууга же ага негизделген баш тартууну жиберүүгө милдеттүү.
Зыяндын ордун толтурууга тиешелүү көлөмдү толук аныктоого чейин, камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун арызы боюнча, көрсөтүлгөн зыяндын белгилүү бир бөлүгүнө иш жүзүндө туура келген камсыздандыруунун ордун толтуруунун бир бөлүгүн төлөп берүүгө укуктуу.
Арызга төмөнкү документтер тиркелиши мүмкүн:
1) келишимдин (камсыздандыруу полисинин) көчүрмөсү;
2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт.
Же арызда аны түзүү даталары жана бул документтердин номерлери көрсөтүлүшү керек.
3. Камсыздандырылуучунун, анын Кыргыз Республикасынын аймактарындагы бардык өкүлдөрүнүн турган жери жана почталык дареги, алар менен байланыш каражаттары жана алардын иштөө убактылары жөнүндө маалыматтар камсыздандыруу полисинде көрсөтүлүшү керек.
4. Камсыздандыруу ордун толтурууну төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткенде, анын ичинде төлөп берүүдөн негизсиз баш тартуунун натыйжасында мөөнөттү өтүп кетсе, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 360-беренесине ылайык, камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасына пайыздар эсептелет жана мөөнөтүнөн ар бир өткөн күнгө мөөнөтү өтүп кеткен сумманын 0,1 пайызы өлчөмүндө туум төлөнүп берилет.
14-берене. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык экономикалык негизделген камсыздандыруу тарифтерин же алардын чектик деңгээлдерин, ошондой эле камсыздандыруу тарифтердин структурасын жана аларды камсыздандыруучулар тарабынан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысын аныктоодо колдонуунун тартиптерин белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруу тарифтери, алардын структурасы жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөө тартиби ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Милдеттүү камсыздоо жөнүндө ар жылдык статистикалык маалыматтар камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан расмий жарыялоого тийиш.
4. Камсыздандыруу тарифтери базалык ставкалардан жана коэффициенттерден турат. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сый акылары камсыздандыруу тарифтеринин базалык ставкаларынын жана коэффициенттеринин көбөйтүлүүсү катары эсептелинет.
5. Камсыздандыруу тарифтеринин курамына кирген коэффициенттер турак жай жайгашкан аймакка жараша белгиленет.
6. Ушул Мыйзамга ылайык белгиленген камсыздандыруу тарифтери камсыздандыруучулар тарабынан милдеттүү колдонулууга тийиш.
15-берене. Камсыздандыруучуну алмаштыруу
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучуну алмаштыруу ушул камсыздандыруучунун тийиштүү лицензиясы бар башка камсыздандыруучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруучуну алмаштырууга милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучулардын жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугу менен уруксат берилет.
3. Камсыздандыруучуну алмаштырууга камсыздандырылуучунун макулдугу милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттерди кабыл алуучу камсыздандыруучу тарабынан жазуу түрүндө суралат.
Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну алмаштырууга макулдук берүүгө, же андан баш тартууга укуктуу. Өзүнүн чечими жөнүндө камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттерин өткөрүп берүүчү же кабыл алуучу камсыздандыруучуну жазуу түрүндө билдирет. Камсыздандырылуучунун камсыздандыруучуну алмаштырууга макулдугу жөнүндө сурамда анын камсыздандыруучуну алмаштыруудан баш тартууга болгон укуктары түшүндүрүлүшү керек.
4. Камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда камсыздандыруучуну алмаштыруудан баш тартууга укуктуу, эгерде:
1) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өткөрүп берүүчү милдеттерди кабыл алганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген камсыздандыруучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн кепилдиктерине коюлган талаптарды бузууну пайда кылса:
2) милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттерди кабыл алган камсыздандыруучу турак жайларды милдеттүү камсыздоо жүргүзүүгө лицензиясы жок болсо:
3) камсыздандыруучуну алмаштыруу шарттары жана тартиптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербесе.
3-глава
Камсыздандыруу төлөмдөрүн кепилдөө фонду
16-берене. Фондду түзүү тартиби
1. Фонд камсыздандыруучуга колдонулуучу банкрот тартибинин жыйынтыгында кепилдик төлөмдөрдү жүргүзүү максатында мекеме түрүндө түзүлгөн коммерциялык эмес уюм түрүндө түзүлөт.
2. Фонддун уюмдаштыруучулары турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруу тутумунун катышуучулары - камсыздандыруучу уюмдар болуп саналат.
3. Фонддун ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн жана жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Фондду уюмдаштыруучуларынын жалпы жыйынында бекитилет.
17-берене. Фонддун кепилдик төлөмдөрү
1. Фонд зыян тарткан же камсыздандыруучуга банкрот тартиби колдонулгандын кесепетинен, зыяндын ордун толтуруу укугуна ээ болгон жакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдик төлөмдөрдү жүргүзөт.
2. Кепилдик төлөмдөр камсыздандыруучу уюмдардын (катышуучулардын) үзгүлтүксүз негизде жүргүзгөн чегерүүлөрүнүн (төгүмдөрүнүн) эсебинен жүргүзүлөт.
3. Кепилдик төлөмдөрдү жүргүзүү тууралуу чечим, эгерде зыян тарткан жак жана/же пайда алуучу тарабынан кепилдик төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди тапшыргандан кийин гана Фонд тарабынан кабыл алынат.
18-берене. Кепилдик төлөмдөрдү алууга укук
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруу төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган банкрот тартиби камсыздандыруучуга колдонуунун натыйжасында жүргүзүүгө мүмкүн болбогон учурларда, компенсациялык төлөмдөр зыян ордун толтуруунун эсебинде жүргүзүлөт.
2. Ушул берененин 1-пункутунда каралган кепилдик төлөмдөрдү алууга камсыздандырылуучулар укуктуу.
3. Кепилдик төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кепилдик төлөмдөрдү жүргүзүү жөнүндө камсыздандырылуучулардын талаптары боюнча камсыздандыруу окуясы пайда болгон учурдан баштап доо-арыз эки жылдын ичинде берилиши мүмкүн.
4-глава
Корутунду жоболор
19-берене. Маалыматтык өз ара аракеттенүү
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликтин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчиктин формасына карабастан, башка юридикалык жактары жана жарандары камсыздандыруучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн суроосу боюнча камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу окуялары менен же камсыздандырылуучулар тарабынан гарантиялык төлөмдөр жөнүндө талаптарды берүү үчүн негиз болгон окуялар менен байланышкан аларда болгон маалыматтарды акысыз түрдө берүүгө милдеттүү.
Камсыздандыруучулар жана алардын өкүлдөрү алган маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коргоо, иштеп чыгуу режимин жана аны колдонуу тартибин сактоого милдеттүү.
2. Камсыздандыруучулар түзүлгөн, узартылган, жарабаган жана колдонуусу токтотулган милдеттүү камсыздандыруу келишимдери жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруу ишине көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоого милдеттүү. Ушул бөлүктө каралган маалыматтарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Милдеттүү камсыздандыруу жана аны жүзөгө ашырууну көзөмөлдөө боюнча маалыматтар менен алмашууну уюштуруу максатында камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишимдери, камсыздандыруу окуялары, статистикалык жана башка маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган автоматташтырылган маалыматтык система түзүлөт. Көрсөтүлгөн автоматташтырылган маалыматтык системанын чектеринде түзүлүүчү маалыматтар маалыматтык ресурстарга кирет.
Купуя сырды түзгөн маалыматтардан тышкары, автоматташтырылган маалыматтык системанын маалыматтык ресурстарын колдонуу эркин жана жалпыга жеткиликтүү болот.
Колдонуу мүмкүндүгү чектелген маалыматтарды пайдалануу мамлекеттик бийликтин органдары, камсыздандыруучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Автоматташтырылган маалыматтык системанын маалыматтык ресурстарын түзүү үчүн мамлекеттик бийликтин органдары, камсыздандыруучулар, башка жактар тарабынан милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтардын тизмелери, анда камтылуучу маалыматтарды пайдалануучуларга берүү тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматтык ресурстарды чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн жооптуу органдардын жана уюмдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
20-берене. Турак жайларды милдеттүү камсыздоо жаатындагы мамлекеттик көзөмөл
1. Камсыздандыруу ишин мамлекеттик көзөмөлдөө камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
21-берене. Талаштарды чечүү тартиби
1. Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
22-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам этап этабы менен күчүнө кирет:
Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында - расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин:
Кыргыз Республикасынын башка шаарларынын аймагында - расмий жарыяланган күндөн тартып жети ай өткөндөн кийин:
расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин - Кыргыз Республикасынын бардык аймагында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Табигый жана башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында турак жайлардын зыян тартышы же кыйрашына байланыштуу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында турак жай кызыкчылыктарын жана менчик ээлеринин жана турак жайларды жалдагандардын турак жайга болгон укугун камсыздандырып сактоо тутумун киргизүү сунуш кылынат.
Камсыздандырууга караганда каалагандай ресурстарды сактоо менен байланышкан жоготууларды төмөндөтүүнүн эң цивилизациялык арзан ыкмасы. Советтик мезгилде 100 пайыз үйлөр, өзгөчө айыл жергесинде камсыздандыралган. Тарифи өтө чоң эмес, болжол менен мүлктүн наркынын 0,35 пайызы болгон. Бул милдеттүү камсыздандырууга көп сандагы курулуштар киргендиги менен шартталган. Бүткүл дүйнөдөгү камсыздандыруунун өнүккөндүгү (биздин өлкө өзгөчө болбошу керек) - бул бүткүл экономиканын өнүгүшүнүн индикаторлорунун бири. Ал экономикалык өнүгүүнүн жалпы индекси менен коррелацияланат. Ошондуктан камсыздандырууну стимулдаштырууга болушунча көп ар кандай ыкмалар керек, анын ичинде жарандар үчүн камсыздандыруу. Мүмкүн милдеттүү камсыздандыруу жана стимулдаштыруунун башка ыкмалары. Жалпы камсыздандырууда тарифтер өтө жогору эмес, советтик мезгилдеги тарифтерге окшош болмок.
Кыргызстан жер титирөө коркунучундагы аймакта жайгашкан, бир жылдык жер алдындагы силкинүүлөрдүн саны 3 миңге чейин жетет, ошондой эле калктуу конуштар жайгашкан кар көчкү жана жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактар бар. Калкка жана чарбага зыян келтирүүчү кооптуу табигый кубулуштардын дүйнө жүзүндөгү 70 түрүнүн ичинен 20дан ашууну Кыргызстандын аймагында көрсөтүлөт. Биздин өлкөгө мүнөздүү болгондору жер титирөөлөр, жер көчкүлөр, селдер, ташкындар жана кар көчкүлөрү. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер алдындагы суулардын деңгээлинин жогорулоо процесси активдешти.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасында жер титирөөлөрдүн кыйратуучу таасиринен жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча төмөнкү биринчи кезектеги иш чараларды жүргүзүү керек:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш тутумун уюштуруу;
- жер титирөөгө каршы мониторинг;
- жер титирөөлөрдү божомолдоо, жер титирөө коркунучун баалоо, жер титирөөгө туруктуулукту каттоо;
- күн мурунтан билдирүү тармагын түзүү;
- өмүрдү жана мүлктү камсыздандыруу;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кыйратуучу жер титирөөлөрдөн жоготууларды жана зыяндарды төмөндөтүү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле уюштуруу-укуктук түрүнө карабай ишканалардын жана ведомстволордун күн мурунтан билдирүү жана Кыргызстандын калкын кыйратуучу жана кооптуу жер титирөө процесстеринен жана кубулуштарынан коопсуздугун күн мурунтан камсыздоо жаатында калк менен өз ара аракеттенүү процесси зарыл.
Турак жайды жана жайларды милдетүү камсыздандырууну жайылтуу кырдаалдардын масштабдуу маселелери менен өз ара байланыштан сырткары кароого болбойт.
Биринчи планга болжолдоо жана эскертүү, кесепеттерин жеңилдетүү, алдын-ала баалоо жана коркунучтарды башкаруу маселелери чыгат, ал үчүн төмөнкү аракеттер зарыл;
1. КРнын ӨКМи "Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму" максаттуу окуу, илимий-техникалык программасын ишке ашырууну тездетүү керек.
2. Өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жөнгө салуунун экономикалык рычагдарын жайылтуу, калктын билим деңгээлин жогорулатуу кыйроолордун, табигый жана башка кырсыктардын (мындан ары табигый кырсыктар) кесепеттеринен камсыздандыруу тутумун өнүктүрүүгө жана натыйжалуу иштешине шарттарды түзөт.
3. Турак жайларды табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тутумун жайылтуу мамлекеттик деңгээлде маанилүү иш чара болуп эсептелинет. Бул процесске бардыгы кирүүсү керек: мамлекеттик органдар, жарандык коом, эл аралык уюмдар, илимий коомдор, массалык маалымат каражаттары, каржы институттары, жеке сектор жана башкалар. Ошентип, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу тутумун киргизүү зарылдыгы талашсыз.
4. Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу тутумун негизги аспектилеринин бири Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымдалуусу жана камсыздандыруу компаниялардын алдындагы милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик бийликтин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кепилдиги болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аймагында табигый кырсыктардан жапа чеккендер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттигинин Турак жай курулушунун департаменти тарабынан төмөнкү ссудалар берилген:
2002-ж. - 43 млн. сом 288 үй-бүлө үчүн;
2003-ж. - 74,072 млн. сом 485 үй-бүлө үчүн;
2004-ж. - 80,24 млн. сом 532 үй-бүлө үчүн;
2005-ж. - 124,924 млн. сом 935 үй-бүлө үчүн;
2006-ж. - 108,9 млн. сом 817 үй-бүлө үчүн;
2007-ж. - 105,695 млн. сом 3316 үй-бүлө үчүн;
2008-ж. - 369,357 млн. сом 8515 үй-бүлө үчүн;
2009-ж. - 439,0 млн. сом 4009 үй-бүлө үчүн
2010-ж. - 489,075 млн. сом 4555 үй-бүлө үчүн.
Жыйынтыгында 9 жыл ичинде 1834,358 млн. сом ссуда берилген!
Турак жай куруу үчүн узак мөөнөттөгү жеңилдетилген ссудага муктаж жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.
Жогорку баяндоону эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттиги тарабынан "Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу тууралуу" Мыйзамынын долбоору даярдалды.
Бул Мыйзамдын биринчи кезектеги маселеси калкка камсыздандыруу маселелерин жеткирүү жана төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берүү:
- турак жайды камсыздандыруунун зарылдыгы жана сөзсүздүгү жөнүндө;
- камсыздандырууну коргогон камсыздандыруучу компаниялардын ар бир региондо болушу жөнүндө;
- камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу келишимдерин түзүү жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тартиби жөнүндө.
Мындан тышкары бул Мыйзам долбоору төмөнкү максаттарга жетүүгө жардам берет:
- ЖКЧ чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун бардык деңгээлдеринде бюджеттин чыгымдарын төмөндөтүү;
- өзгөчө кырдаалдарда турак жай фондуна зыяндын ордун толтуруу үчүн калктын каражаттарын жана башка бюджеттик эмес булактарды тартуу;
- жабыр тарткандарга даректүү жардам көрсөтүү;
- турак жайга келтирилген зыянды объективдүү баалоо тутумун түзүү;
- калктын камсыздандыруу маданиятын аз-аздан жогорулатуу;
- кыйраган турак жайды калыбына келтирүү жана жаңысын ишке киргизүү; социалдык ипотекалык насыялоону стимулдаштыруу;
- батирлерди жөнөкөй камсыздандыруудан көп батирлүү (көп кабаттуу) үйлөрдү комплекстүү камсыздандырууга өтүү;
- статистикалык базаны түзүү;
- турак жай-коммуналдык чарбаны реформалоого жардам көрсөтүү.
Мамлекет турак жайды камсыздандыруу менен катар ипотекалык насыялоо жана калктын ипотекалык төгүмдөрүн камсыздандыруу Программасын жайылтып жаткан Турциянын мисалында алдыңкы өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбасын эске алып, Кыргыз Республикасында милдеттүү камсыздандыруу Программасын жана ипотекалык насыялоо Программасын жайылтуу боюнча комплекстүү мамиле кылуу керектигин айтса болот.
Кыргыз Республикасынын жарандары өзгөчө кырдаалдар учурунда калкка түз төлөмдөрдү аз-аздан токтоторуна жана жыйынтыгында жабыр тарткан калкка узак мөөнөткө жеңилдетилген ссудалар катары бюджеттен бөлүп берилген каражаттар тийиштүү кепилдик фонддорго, анын ичинде турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча Мамлекеттик программанын алкагында түзүлгөн фонддорго жөнөтүлөрүнө даяр болуусу керек.
Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу тутумун түзүүнүн негизги максаттары төмөнкүлөр:
- турак жайга келтирилген мүмкүн болгон материалдык зыяндын ордун толтурууну камсыздоо;
- тутумдун ичине кирген бардык турак имараттарга солгун камсыздандыруучу төгүм менен камсыздандыруу кепилдигин берүү;
- өлкө ичинде коркунучту бөлүштүрүүнү камсыздоо;
- каржы жүгүн кайра камсыздандыруунун эл аралык базарларында камсыздандыруу жолу менен бөлүштүрүү;
- камсыздандырууну жер титирөөгө каршы курулушту стимулдаштыруунун каражаты катары колдонуу;
- зыяндын ордун толтуруу узак мөөнөттө чогулган ресурстар менен жабууну камсыздоо;
- коомдун камсыздандыруу түшүнүгүн өнүктүрүүгө салым кошуу;
- мамлекеттин каржылык жүгүн азайтуу.
Келтирилген материалдык зыяндардын ордун толтурууга кеткен чыгымдар бюджетке чоң жүк келтирет. Азыркы убакта Кыргыз Республикасында жыл сайын төлөмдөргө талап 1 млрд. сомдон жогору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү Мамлекеттик агенттиги "Турак жайды милдеттүү камсыздандырууну" төмөнкү баскычтар менен жайылтууну сунуш кылат:
- 1-баскыч:
Бишкек жана Ош шаарларында жайылтуунун пилоттук долбоору.
- 2-баскычы:
Долбоорду облустук борборлорго жана шаарларга жайылтуу.
- 3-баскыч:
Кыргыз Республикасынын аймагынын бардык региондорунда жайылтуу.
Бул бактыруу маанайдагы жарандардын жана алардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоонун камсыздандыруучу принциптерине өтүү себептеринин санынын төмөндөшүнө түрткү берет.
Мунун бары келечекте Кыргыз Республикасында табигый жана башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу тутумуна өтүүгө шарттарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн чыгарылган. Жарандык сектордон эскертүүлөр жана сунуштар келип түшкөн жок.
Долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна, ылайык иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1-бөлүгүнүн 928-беренесинде баяндалгандай, Мыйзам тарабынан төмөнкү камсыздандыруунун милдеттери белгилениши мүмкүн:
мыйзамда аныкталган жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген учурда өмүрү, ден соолугу же мүлкү;
башка жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн жыйынтыгында пайда болуучу жарандык жоопкерчилик коркунучу.
Мыйзам тарабынан милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 929-беренесине ылайык милдеттүү камсыздандыруу камсыздандыруу милдеттери жүктөлгөн (камсыздандыруучу) жак менен камсыздардыргычтын камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен жүргүзүлөт; милдеттүү камсыздандыруу камсыздандыруучунун эсебинен жүргүзүлөт; милдеттүү камсыздандырылуучу объекттер, камсыздандырылуучу коркунучтар, камсыздандыруучу катары милдеттендирилген жактар, камсыздандыруу суммасынын эң төмөнкү өлчөмү жана милдеттүү камсыздандыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.
Бул мыйзам долбоору ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" 19-беренесине ылайык жөнгө салуу аракетин анализдөөгө жатпайт.
Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, аны ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен каржылоо талап кылынбайт.
Министр | К.Нарбаев |
|
|