Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-марты № 107
"Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 541 "Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому менен жактырылган "Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 541 "Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|