Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-августу № 547
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майындагы № 330, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94, 2022-жылдын 24-февралындагы № 95, 2022-жылдын 11-мартындагы № 131, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 330 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 316 "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча "Мамагенттик" деген сөз "МСК" кыскартуусуна алмаштырылсын;
- 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамагенттик)" деген сөздөр "Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары - МСК)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94, 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |