Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-майы № 330
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 227 "Алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасына алып келүүнү квоттоонун жана импорттук квотаны аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 49-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |