Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-августу № 549
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Каржылоо булактарын конкреттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иш-чаралар планындагы 12-пунктунун "Каржылоо булагы" графасындагы "Республикалык бюджет" деген сөздөр "Өздүк каражаттардын эсебинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|