Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-августу № 550
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин курамында:
- "Жакиев Б. - драматург, жазуучу, Комитеттин төрагасы" деген позиция төмөнкү редакцияда берилсин:
"Абдыкалыков А. - режиссер, артист, Комитеттин төрагасы";
- Комитеттин курамына киргизилсин:
Асылбашев А. - балетмейстер;
Жакиев Б. - драматург, жазуучу;
- Комитеттин курамынан У.Сарбагышев чыгарылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|