Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 62 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-августу № 566
"Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-бап
Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) укук тартибин камсыз кылуу - адамга, коомго жана мамлекетке келтирилген коркунучтун алдын алуу, ага бөгөт коюу жана жоюу боюнча иш;
2) укук тартибин камсыз кылуу органдары - укук тартибин камсыз кылуу жүзөгө функцияларын ашырууга мыйзамдар менен укук берилген мамлекеттик бийлик органдары.
2-берене. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусунун
укуктук негиздери
Укуктук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл-аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар түзүшөт.
3-берене. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуу
принциптери
1. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулукка;
2) жарандардын кадыр-баркын, ар-намысын урматтоого;
3) ыктыярдуулукка;
4) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
5) укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандарды укуктук жана социалдык жактан коргоого;
6) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын алмаштырууга жол берилбестикке.
4-берене. Укук тартибин камсыз кылуу органдарынын жарандар
катышкан иш багыттары
1. Жарандар укук тартибин камсыз кылуу органдарынын ишинин төмөнкү багыттарына катыша алышат:
1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
2) коомдук тартипти сактоо;
3) жолдо жүрүү коопсуздугун сактоого;
4) мажбурлап кармоо жерлеринде адам укугунун сакталышына коомдук контроль жүргүзүү;
5) укук тартибин камсыз кылуу органдарынын мыйзамдуулукту сакташына коомдук контроль жүргүзүү;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо;
7) укуктук пропоганда жана коопсуз жана укук ченемдүү жүрүм-түрүм пропогандысы;
8) коомдук аң сезимди коомго каршы укукка жат жүрүм-турумду кабыл албоо багытында калыптандыруу;
9) баңгиликтин жана алкоголизмдин алдын алуу;
10) жашы жетпегендердин кароосуз жана көзөмөлсүз калуусун алдын алуу;
11) менчикти коргоо;
12) курчап турган чөйрөнү, жер казынасын пайдаланууну жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, экологиялык коопсуздук;
13) кыйроолордун, жаратылыш кырсыктарынын, эпидемиялардын кесепетин жоюу;
14) өрт коопсуздугу;
15) тарых жана маданият эстеликтерин коргоо;
2. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык оперативдүү издөө иш милдеттерин чечүүгө жарандарды тартуу.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусунун башка багыттары да белгилениши мүмкүн.
5-берене. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусуна
байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар
1. Укук тартибин камсыздоо органдары жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучтуулары алдын ала болжолдонгон иш-чараларга аларды тарта албайт.
2. Укук тартибин камсыз кылуу органдары, эгерде ал мыйзамдарда түздөн-түз каралбаса же жарандарын каалоосу болбосо, укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу тууралуу маалыматты таратууга укугу жок.
3. Укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандарга өздөрүн мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары катары көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан алардын компетенциясына таандык ишти жүзөгө ашырууга, ушул мыйзам берген укуктарды укук тартибин камсыз кылууга байланышпаган максатта пайдаланууга тыюу салынат.
4. Жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда, укук тартибин камсыз кылууга катышууда аларга белгилүү болгон адамдардын жекеге маалыматтарын таратууга тыюу салынат. Белгиленген мыйзамдын тартибинде укук тартибин камсыз кылууга катышууга тартылуучу жарандарды кызматтык маалымат менен тааныштырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте укук тартибин камсыз кылуу боюнча ачык-айкын милдеттерди чечүү үчүн гана жол берилет.
6-берене. Укук тартибин камсыз кылууга катышууга жарандарды тартуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
1. Мамлекеттик бийлик органдары:
1) өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын укук тартибин камсыз кылууга катышуусу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгышат жана ишке ашырышат;
2) жарандардын укук тартибин камсыз кылууга катышуусун ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү чараларын жүзөгө ашырышат;
3) жарандардын укук тартибин камсыз кылууга катышуусу боюнча ведомстволук максаттуу программаларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат;
4) укук тартибин колдоодо жарандарга көмөктөшүүнү жана кызматташууну уюуштурушат;
5) укук тартибин камсыз кылууга катышуучу жарандардын жеке коопсуздугун, социалдык жана укуктук жактан корголушун, материалдык жана социалдык жактан стимулдаштырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгышат;
6) жарандардын укук тартибин камсыз кылууга катышуусунун алдыңкы тажрыйбасын жалпылашат жана таратышат;
7) жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууну уюштурушат;
8) укук тартибин сактоодо айырмаланган жарандарга колдоо көрсөтүшөт жана стимул беришет;
9) белгиленген иш чөйрөсүндө укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусуна контроль жүргүзүшөт.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгышат, кабыл алышат жана ишке ашырышат, ошондой эле аймактык укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу боюнча региондук максаттуу программаларды ишке ашырууга катышышат;
2) укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусунун алдыңкы тажрыйбасын жалпылашат жана таратышат;
3) укук тартибин камсыз кылууга катышкан калкка көмөк көрсөтүшөт;
4) тийиштүү аймакта коомдук тартипти сактоо боюнча калктын ыктыярдуу түзүлүштөрүнүн иши үчүн шарт түзүшөт;
5) жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташ болушат;
6) укук тартибин сактоодо айырмаланган жарандарды колдошот;
7) тийиштүү аймакта укук тартибин камсыз кылуу боюнча иштеген элдик кошундардын, коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын эсебин алууну жүргүзүшөт;
8) укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусун координациялайт;
9) белгиленген иш чөйрөсүндөгү укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусуна контроль жүргүзүшөт;
10) берилген ыйгарым укуктун чегинде, укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу боюнча башка чараларды ишке ашырышат.
2-бап
Жарандардын укуктук тартибин камсыз кылууга
жеке катышуусунун формалары
7-берене. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын жеке катышуусу
1. Башка адамдардын укугун жана эркиндигин бузбастан, талаптагыдай укук тартибин колдоого багытталган коомдук пайдалуу аракеттерди аткарууга ар бир жарандын укугу бар.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жарандардын коомдук пайдалуу аракеттери төмөндөгүлөрдөн чагылдырылат:
1) укук тартибин колдоо боюнча, мыйзамдар каршы келбеген чараларды өз алдынча колдонууда;
2) укук тартибин камсыз кылуу органдарына көмөктөшүүдө жана кызматташууда;
3) өзүнүн жарандык жана башка укуктары менен эркиндиктерин мыйзамда тыюу салынбаган ыкмалар аркылуу коргоодо.
8-берене. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча өз алдынча чара көрүү
1. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча Мыйзамдарга каршы келбеген өз алдынча колдонулган чаралар төмөнкүлөрдөн көрүнүшү мүмкүн:
1) укукка жат иштерди токтотуу жөнүндө жарандарга жана кызмат адамдарына сунуштар берүү;
2) кадыресе жашоо-турмушка коркунуч туудурган себептерди жана шарттарды четтетүү;
3) өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туулган жарандарды, курчап турган чөйрөнүн жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, ошондой эле жок кылынышы же уурдалышы мүмкүн болгон мүлктү сактоо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан уруксат берилген башка чараларды көрүү.
9-берене. Укук тартибин камсыз кылууда жарандардын көмөктөшүүсү
1. Укук тартибин камсыз кылууда жарандардын көмөктөшүүсү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн:
1) кадыресе жашоо-турмушка коркунуч туудурган укук тартибин бузуулар, алардын себептери жана шарттары жөнүндө так маалыматтарды жыйноо жана укук тартибин камсыз кылуу органдарына өз убагында берүү;
2) укук тартибин камсыз кылуу органдары өткөргөн иш-чараларга катышуу;
3) укук тартибин сактоо жагында илимий иштеп чыгууларды жүргүзүү;
4) укук тартибин камсыз кылуу органдарынын кызмат адамдарын жана укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окутуу жана аларга консультация берүү;
5) укук тартибин камсыз кылуу органдарына, алардын кызмат адамдарына жана калкка юридикалык жардам көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштер.
2. Жарандарына көмөктөшүүсү ачык мүнөздө болот. Көмүскө көмөк берүүгө, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана жол берилет.
3. Укук тартибин камсыз кылуу органдарына көмөк көрсөтүүдө айрым адамдардын, ага тете эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарынын өмүрүнө, саламаттыгына, же мүлкүнө укукка жат чыныгы коркунуч пайда болсо, бул органдар укукка жат жосундардын алдын алуу, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
10-берене. Укук тартибин камсыз кылууда жарандардын кызматташтыгы
1. Укук тартибин камсыз кылуу органдары, укук тартибин камсыз кылууга байланышкан милдеттерди аткаруу боюнча, узак мөөнөттүү кызматташууга 18 жашка толгон жана өзүнүн жеке жана иштиктүү сапаттары боюнча укук тартибин камсыз кылууга катышууга жөндөмдүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын ыктыярдуу негизде тарта алат (мындан - ары штаттан тышкаркы кызматкер).
2. Төмөнкү жарандар штаттан тышкаркы кызматкер боло албайт:
1) соттуулугу алынбаган же жок кылынбаган;
2) мурда оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор;
3) психикалык оорусу, баңгилиги жана алкоголизми боюнча дарылоо-алдын алуу мекемелеринде каттоодо тургандар;
4) соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз жана аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылгандар;
5) эки же андан көп жолу администрациялык жаза алгандар;
6) жашаган жеринде каттоосу жоктор.
3-бап
Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын
жамааттык катышуу формалары
11-берене. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын жамааттык катышуусу
1. Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын жамааттык катышуусунун негизги формалары төмөнкүлөр:
1) укук тартибин камсыз кылуу органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер;
2) укук тартибин камсыз кылууга катышуу уставдык милдеттери болуп саналган коомдук уюмдар;
3) элдик кошундар;
12-берене. Укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандардын бирикмелеринин эсебин алуу
Ушул Мыйзамдын 11-беренесинде көрсөтүлгөн укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандардын бирикмелеринин ишин координациялоо жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзү алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын эсебин алуу системалары түзүлөт.
13-берене. Укук тартибин камсыз кылуу органдарына караштуу коомдук байкоочу кеңештер
1. Укук тартибин камсыз кылуу үчүн көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугу боюнча ар кандай маселелерди эксперттик, консультациялык, илимий жана башка талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн укук тартибин камсыз кылуу органдарынын алдында коомдук байкоочу кеңештер түзүлөт.
2. Коомдук байкоочу кеңештер жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында алар укук тартибин камсыз кылуу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын анализ жүргүзүү жана укук тартибинин абалына баа берүү үчүн өздөрүнүн компетенциясынын негизинде зарыл маалыматтарды алууга укуктуу.
3. Коомдук байкоочу кеңештер, аларды түзүү жана алардын иш тартибин аныктоочу жоболор тиешелүү укук тартибин камсыз кылуу органдарынын жетекчилиги тарабынан бекитилет. Коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
14-берене. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча коомдук бирикмелер
1. Жарандар укук тартибин камсыз кылуу боюнча коомдук бирикмелерди түзө алышат, алардын милдеттери мыйзамга каршы келбеген укук коргоо, юридикалык, кайрымдуулук жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш багыттары боюнча укук тартибин камсыз кылуу органдарына көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча коомдук бирикмелердин иши укук тартибин камсыз кылуу бөлүгүндө төмөнкү багыттарда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) укук тартибин камсыз кылуу жана жарандарды укуктук тарбиялоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
2) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерди иштеп чыгуусуна катышуу;
3) ыктыярдуулук негизинде кайрымдуулук ишин жүргүзүү;
4) ченемдик документтердин жоболорун иштеп чыгууга жана даярдоого, ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
5) укук тартибин камсыз кылуу органдарынын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышы, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө коомдук контролду жүзөгө ашыруу;
6) укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалыматтарды даярдоо жана пропагандалоо;
7) жарандардын коопсуз жана укук ченемдүү жүрүм-турумун пропагандалоо.
3. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча коомдук уюмдар өз ишинде укук тартибин камсыз кылуу органдары менен тыгыз кызматташат.
4. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча коомдук уюмдар өз ишинде укук тартибин камсыз кылууда жарандардын жамааттык катышуусунун башка формаларын алмаштыра алышпайт.
4-бап
Элдик кошундар
15-берене. Элдик кошундарды түзүү
1. Элдик кошундар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча аймактык ички иштер бөлүмүнүн макулдугу менен түзүлөт жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле элдик кошундар жөнүндө жоболорго ылайык иштешет.
2. Элдик кошун түзүлгөндүгү тууралуу аймактык укук тартибин камсыз кылуу органдарына билдирилет.
3. Элдик кошундар тууралуу типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) элдик кошундардын максатын, иш милдеттерин жана түрлөрүн;
2) элдик кошундардын түзүмүн жана аларды түзүү тартибин;
3) элдик кошундардын милдеттерин жана укуктарын;
4) элдик кошундардын социалдык кепилдиктерин;
5) элдик кошундардын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин;
6) элдик кошундарга алуунун жана андан чыгаруунун шарттарын жана тартибин;
7) элдик кошунчунун формалык кийиминин жана күбөлүгүнүн үлгүлөрүн;
8) элдик кошундардын жетектөө системасын.
4. Саясий партиялардын жана алардын органдарына алдында элдик кошундарды түзүүгө, ошондой эле элдик кошундарда саясий партиялардын уюштуруучулук түзүмдөрүн түзүүгө жана алардын иштөөсүнө жол берилбейт.
16-берене. Элдик кошунга кабыл алуу жана андан чыгаруу тартиби
1. Элдик кошунга анын милдеттерин өзүнүн ишкердик жана жеке сапаты жактан аткарууга жөндөмдүү, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны ыктыярдуу негизде кабыл алынат.
2. Тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бекиткен элдик кошундун штабынын чечими боюнча элдик кошунга кабыл алуу жана андан чыгаруу жүзөгө ашырылат.
3. Төмөндөгү жарандар элдик кошунга кабыл алынбайт:
1) соттуулугу алынбаган же жок кылынбагандар;
2) психикалык оорусу, баңгилиги жана алкоголдугу боюнча дарылоо алдын алуу мекемелеринде каттоодо тургандар;
3) мурда оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор;
4) соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылгандар;
5) эки же андан көп жолу администрациялык жаза алгандар;
6) жашаган жери боюнча каттоосу жоктор.
4. Элдик кошунчу, элдик кошундун штабынын чечими менен төмөнкү учурларда элдик кошундан чыгарылышы мүмкүн:
1) элдик кошунчунун жеке арызынын негизинде;
2) ушул берененин 3-бөлүгүндө саналып өткөн жагдайлар келип чыкканда;
3) элдик кошунчу Элдик кошун тууралуу жобонун талаптарын көп жолу аткарбагандыгына же анын ишине иш жүзүндө өзү четтеткендигине байланыштуу;
4) элдик кошунчу укукка жат аракеттерди жасаган учурда.
17-берене. Элдик кошунчулардын күбөлүгү
Элдик кошундар укук тартибин камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашырууда элдик кошунчунун күбөлүгүн алып жүрүүгө тийиш.
18-берене. Элдик кошундардын ишинин негизги багыттары
1. Элдик кошундардын ишинин негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
1) жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
2) коомдук коопсуздукту сактоого камсыз кылууга катышуу;
3) жеке жана юридикалык жактардын менчиктерин сактоого катышуу;
4) кылмыштардын алдын алуу, ачуу, администрациялык укук бузууларга бөгөт коюу иш-чараларына катышуу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын сактоого катышуу;
6) жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
7) жаратылыш кырсыктары, кыйроолор, эпидемия, эпизоотия жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда кечиктирилгис авариялык куткаруу жана карантиндик иш-чараларды жүргүзүүгө катышуу;
8) өрт коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
9) жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү сактоого катышуу;
10) кылмыш жасоого ыктаган адамдар менен алдын алуу иштерин жүргүзүүдө укук коргоо органдарына көмөктөшүү;
11) балдардын көзөмөлсүз калуусун жана жашы жетпегендердин укук бузууларын алдын алууга катышуу;
12) иммиграциялык жана паспорттук контролдоого катышуу.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган чечимдерине ылайык, элдик кошундар укук тартибин камсыз кылууга байланышкан башка иш-чараларга катыша алат.
19-берене. Элдик кошундардын милдеттери
1. Элдик кошунчу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) элдик кошундун командиринин, ошондой эле укук тартибин камсыз кылуу органдардын өкүлдөрүнүн буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн абийирдүүлүк менен аткарууга;
2) элдик кошунду чогултуу жарыяланганда белгиленген тартипте чогулуучу жайга келүүгө;
3) жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин негизсиз чектөөгө, адамдын жана жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын басынтуу максатындагы аракеттерди жасоого жол бербөөгө;
4) жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектеген бардык учурларда аларга мындай чектөөнүн негизин жана себептерин түшүндүрүүгө;
5) жарандардын жеке коопсуздугуна, коомдук коопсуздукка, коомдук тартипке коркунуч туудурган окуялар же фактылар тууралуу билдирүүлөр менен жарандар кайрылган учурда, же болбосо аталган окуялар менен фактыларды элдик кошунчу түздөн-түз тапкан учурда ал жөнүндө жакынкы укук тартибин камсыз кылуу органына, ошондой эле элдик кошундун командирине билдирүүгө;
6) кылмыштардан, администрациялык укук бузуулар же бөөдө кырсыктардан жабыр тарткан, ошондой эле айласыз же өздөрүнүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу башка абалдагы жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чара көрүүгө;
7) белгиленген үлгүдөгү күбөлүгүн алып жүрүүгө жана укуктары жана эркиндиктери чектелген жарандардын талабы боюнча көрсөтүүгө.
20-берене. Элдик кошунчулардын укуктары
1. Укук тартибин камсыз кылууга катышкан элдик кошунчу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) жарандардан жана кызмат адамдарынан администрациялык укук бузулууларды, кылмыштарды жана башка укукка жат жосундарды токтотууну талап кылууга;
2) укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте жарандардын документтерин текшерүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын кароого катышууга;
3) укук тартибин камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерине укук бузууларды жасагандыгы жагында шектүү адамдарды кармоого жардам берүүгө жана кармалгандардын алардын ким экендигин укук бузуу жагдайларын аныктоо үчүн укук тартибин камсыз кылуу органына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же башка жерлерге жеткирүүгө;
4) укук тартибин камсыз кылуу органынын кызматкерлери укук бузууларга бөгөт койгондо окуя болгон жерди коргоого жана буюм далилдеринин сакталышын камсыздоого;
5) укук тартибин камсыз кылуу органдарына жарандардын жана транспорт каражатынын кыймылын убактылуу чектөөгө же тыюу салууга, жердин айрым участокторуна жарандардын баруусун чектөөгө, алардын ал участокто аргасыз болуусун жана ал участоктордон жарандарды чыгарууну камсыз кылуусуна көмөктөшүүгө;
6) өрттүн алдын алууда жана өчүрүүдө өрт өчүрүү бөлүмдөрүнө жардам көрсөтүүгө;
7) укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына, жаныбарлар дүйнөсүнүн мыйзамсыз олжолонгон объекттерин жана алардан алынган азыктарды жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин олжолоонун башка куралдарын, анын ичинде транспорт каражаттарын, ошондой эле тиешелүү документтерин алып коюуга жардам берүүгө;
8) укук тартибин камсыз кылуу органдары менен укук тартибин камсыз кылуунун ачык-айкын милдеттерин чечүү үчүн кечиктирилгис учурларда менчик формасына карабастан, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын коомдук бирикмелердин телефондорун жана башка байланыш каражаттарын (Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүктөрүнүн, эл-аралык уюмдардын байланыш каражаттарынан сырткары) акысыз пайдаланууга.
2. Укук тартибин камсыз кылууга элдик кошун катарында катышкан жаран өмүрү жана ден соолугу коркунучка дуушар болот деп эсептесе, коомдук милдеттерди аткаруудан баш тартууга укуктуу.
21-берене. Элдик кошунчулардын кара күч жана өзүн коргоо куралын колдонуусунун жалпы шарттары жана чектери
1. Элдик кошунчулар аларга же башка адамдарга түздөн-түз туулган коркунучту четтетүү үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектерде, зарыл коргонуу же өтө зарыл абалда кара күч колдонушу мүмкүн.
2. Кара күч колдонгондугу тууралуу элдик кошунчу элдик кошундун командирине (элдик кошундун штабына) 24 сааттын ичинде билдирүүгө милдеттүү.
22-берене. Элдик кошунчунун жоопкерчилиги
1. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткаруу учурунда элдик кошунчу укукка жат аракеттери үчүн (аракетсиздиги үчүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
2. Укук тартибин камсыз кылуу милдеттерин аткарууда элдик кошунчу укукка жат аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
23-берене. Элдик кошундарды каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
1. Элдик кошундарды каржылоо жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе башка түшүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
2. Элдик кошундарга, элдик кошундардын штабдарында жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары имараттарды, транспорт каражаттарын жана алардын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү кызматтык пайдаланууга бере алат.
24-берене. Элдик кошундардын ишин жетектөө
1. Элдик кошундардын ишин жалпы жетектөөнү тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзүшөт.
Элдик кошундарга тиешелүү укук тартибин камсыз кылуу органдары жетекчилик кылган учурлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралышы мүмкүн.
2. Элдик кошундардын ишине түздөн-түз жетекчиликти элдик кошундун командирлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук тартибин камсыздоо органдарынын өкүлдөрүнөн жана башка кызыккан адамдардан түзүлгөн элдик кошундун штабы жүргүзөт.
3. Элдик кошундардын штабдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен ушул Мыйзамда каралган тартипте түзүлөт.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери менен элдик кошундардын ишин координациялоо үчүн штабдар түзүлүшү мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык элдик кошундардын атайын (иштин багыттарына жараша) штабдары түзүлүшү мүмкүн.
5-бап
Укук тартибин камсыз кылууга катышуучу жарандардын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, аларды сыйлоонун формалары
25-берене. Элдик кошунчуларды жана штаттан тышкаркы кызматкерлерди
укуктук жактан коргоонун кепилдиктери
1. Элдик кошунчулар жана штаттан тышкаркы кызматкерлер коомдук милдеттерди аткарууда мамлекеттин коргоосу алдында болот.
2. Укук тартибин камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарууда аларга зомбулук көрсөтүү же аны колдонуу коркунучу, алардын өмүрүнө, ден-соолугуна, ар-намысына жана кадыр-баркына кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
26-берене. Укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандарды социалдык жактан коргоонун кепилдиктери
1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элдик кошунчуларга, администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн чектеринде шаардык, шаар тегерегиндеги жана жергиликтүү каттамдын коомдук транспортунун бардык коомдук бардык түрлөрүндө (таксиден тышкары) акысыз жүрүүгө укук бере алышат.
27-берене. Укук тартибин камсыз кылууга катышкан жарандарды сыйлоонун формалары
Укук тартибин камсыз кылууга катышуучу жарандарга укук тартибин камсыз кылуу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сыйлоонун ар кандай формаларын, анын ичинде баалуу белектер менен сыйлоону пайдалана алышат.
6-бап
Корутунду жоболор
28-берене. Укук тартибин камсыз кылууга катышуучу жарандардын ишин контролдоо
Өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук тартибин камсыз кылууга катышуучу жарандардын ишин контролдойт.
29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чара көрсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.02.2012-жылдагы УП № 24 Жарлыгы менен коомдук тартипти сактоого көмөктөшкөн ыктыярдуу элдик кошуундун катарында турган жарандарга, ошондой эле кылмыштын бетин ачууга, анын ичинен уюшкан кылмыштуу топ жасаган кылмыштын бетин ачууга жөндөмдүү жарандарга материалдык өбөлгө түзүүнүн жана социалдык коргоонун чараларынын тутумун иштеп чыгуу, ошондой эле коомдук түзүмдөрдүн жана ыктыярдуу элдик кошуундардын катышуучуларынын сапаттык курамына өзгөчө көңүл буруу менен, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоого көмөктөшүү боюнча иштерге тартуунун практикасын иретке келтирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине тапшырылган.
Ушуга байланыштуу, жарандарды укук тартибин камсыз кылууга тартуунун укуктук негиздерин бекитүү үчүн "Жарандардын укук тартибин камсыздоого катышуусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору даярдалды.
Бул мыйзам долбоордун маанилүүлүгү жарандарга ички иштер органдары менен гана кызматташууга мүмкүнчүлүк бербестен, бардык мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу укук тартибин камсыздоо боюнча өздөрүнүн коомдук бирикмелерин мыйзамдын негизинде түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ушуга байланыштуу укук бузууга каршы күрөшүүгө жарандардын мыйзамдуу жана активдүү түрдө катышуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн "Жарандардын укук тартибин камсыздоого катышуусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алуу зарылчылыгы бар деп эсептейбиз.
Аталган мыйзам долбоорун ишке ашырууда акча каржылоону талап кылбайт.
Мыйзам долбоорлор иштерине ылайык жана коомдук талкуулоо максатында, "Жарандардын укук тартибин камсыздоого катышуусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган.
Коомчулук арасында талкуулоо учурунда, аталган мыйзам долбоору боюнча, сунуштар жана эскертүүлөр түшкөн жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентине ылайык, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын министрликтеринин кароосуна жөнөтүлгөн. Макулдашуу убагында мыйзам долбоору боюнча министрликтерден сунуштар жана эскертүүлөр түшкөн жок.
Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук дал келет жана социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттери жок.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламентине карама-каршы келбейт.
Министр | З.Рысалиев |
|
|