Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-февралы № 62
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 566 "Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуна ылайык жиберилген "Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 566 "Укук тартибин камсыз кылууга жарандардын катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |