Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-августу № 575
"Кыргыз Республикасындагы букмекердик конторалардын жана тотализаторлордун иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы букмекердик конторалардын жана тотализаторлордун иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамдын максаты үчүн пайдаланылуучу аныктамалар
1. Бул Мыйзамда төмөндөгүдөй аныктамалар колдонулат:
сайыштарды кабыл алуучу автоматташтырылган пункт (терминал) - сайыштарды кабыл алуу (букмекердик мелдештерди түзүү), маалыматтарды офиске же букмекердик кеңсенин серверине берүү жана (же) оюнчуларга утуштарды төлөө үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу, ал мелдеш түзүлүп жаткан жана же сайыштарды кабыл алынып жаткан окуяларды кокусунан же атайын программаланган түрдө өөрчүтүүчү жабдуу болушу мүмкүн эмес;
кумар-оюну - тобокелге негизделген жана оюн-зоок жайы белгилеген эрежелер боюнча эки же бир нече катышуучулардын ортосунда түзүлгөн утуш жөнүндөгү макулдашуу, анын жыйынтыгы тараптар өздөрүнүн иш аракеттери менен таасир кылууга мүмкүнчүлүктөрү жок жагдайларга жараша болот;
бинго залы - оюн-зоок жайы, анда бинго оюндары өткөрүлөт;
бинго-лототрон - аба-механикалык, электрондук-механикалык же башка техникалык түзүлүш, анын жардамы менен кокустук сан аныкталат;
букмекердик иш - товарларды сатпаган, жумуштарды жасабаган жана кызмат көрсөтпөгөн, спорттук жана башка окуялардын жыйынтыгына болгон сайышка катышуудан букмекердик конторанын киреше алуусу менен байланышкан ишкердик жүргүзүү;
букмекердик контора - тиешелүү уруксаттын негизинде спорттук жана башка окуялардын жыйынтыгына болгон сайыштын шарттарын түзүү жана аткаруу боюнча иш жүргүзгөн юридикалык жак;
букмекердик сайыштар - тобокелге негизделген, букмекердик контора белгилеген эреже боюнча букмекердик контора менен оюнчулардын ортосунда утуш жөнүндө түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы спорттук же башка окуянын жыйынтыгына жараша болот, болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот, ага тараптар өз аракеттери менен таасир көрсөтө албайт;
букмекердик сызык - букмекердик коэффициентти көрсөтүү менен жыйынтыгына сайыштар сунуш кылынган спорттук жана (же) башка окуялардын тизмеси;
тотализатордук бюро - тиешелүү уруксаттын негизинде спорттук жана башка окуялардын жыйынтыгына карата мелдешти уюштуруу ишин жүргүзүүчү юридикалык жак;
утуш - коюлган сайыштардын жана букмекердик коэффициенттердин негизинде спорттук же башка окуянын жыйынтыгына алар берген жоромолдор туура келген учурда оюнчуларга төлөнүп берилүүчү акчанын суммасы;
тотализатордук бюронун иши - товарларды сатпаган, жумуштарды жасабаган жана кызмат көрсөтпөгөн, спорттук жана башка окуялардын жыйынтыгына карата оюнчулардын ортосунда мелдешти уюштуруудан киреше алуу менен байланышкан ишкердик жүргүзүү (анын ичинде бинго-залдарды уюштуруу);
оюн-зоок иши - товарларды сатпаган, жумуштарды жасабаган жана кызмат көрсөтпөгөн, оюн-зоок жай оюндук жабдууларды эксплуатациялоодон киреше алууга, ошондой эле сайыш түрүндөгү оюндардагы утуш түрүндө киреше алууга байланышкан ишкердик жүргүзүү;
оюн-зоок жайы - тийиштүү лицензиянын негизинде мелдештин сайыштары кабыл алына турган жай: букмекердик конторанын сайыштарды кабыл алуучу пункту, тотализатордук бюронун сайыштарды кабыл алуучу пункту, бинго залдар;
оюнчу - бир же бир нече окуялардын жыйынтыгы кандай болооруна мелдешкен (сайыш сайган) жеке жак;
бинго оюну - оюн, анда туш келди сандар тандалып алынат, ал эми оюнчулар өз карточкаларындагы тиешелүү сандарды толтурушат. Бинго залдын эрежесине жараша карточканы толтурган биринчи оюнчу жеңүүчү болот;
окуянын жыйынтыгы - букмекердик конторанын протоколдорунда жана/же булактарында жазылып белгиленген спорттук же башка окуянын жыйынтыгы;
оюн-зоок жайдын кассасы - сайыштарды кабыл алуу жана утуштарды төлөп берүү үчүн дайындалган, сайыштарды кабыл алуучу пункттун ичиндеги тотализатордук бюронун кызматкеринин өзүнчө жумуш орду;
тотализатордук сайыштар - тобокелге негизделген, мелдешти уюштуруучу (тотализатордук бюро) белгилеген эреже боюнча оюнчулардын ортосунда утуш жөнүндө түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы спорттук же башка окуянын жыйынтыгына жараша болот, болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот, ага тараптар өз аракеттери менен таасир көрсөтө албайт;
сайыштарды кабыл алуучу пункту - букмекердик конторанын каалаган сандагы кассасын жайгаштыруу үчүн дайындалган, зарыл болгон электрондук эсептөө техникалары жана байланыш каражаттары менен жабдылган, калк жайгашкан жер чектерине өзүнчө жайгашкан имарат;
оюн-зоок жайынын иш тартиби (мындан ары - иш тартиби) - оюнчулардын жана оюн-зоок жайларынын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу оюн-зоок жайларынын ички эрежелеринин жыйындысы;
сайыш - акчанын суммасы, оюн-зоок жайы менен мелдешкен учурда аны оюнчу төгүп берет;
мелдешке катышуучулар - оюн-зоок жайы жана оюнчу.
2-глава
Оюн-зоок ишинин субъекттери
2-берене. Оюн-зоок ишинин субъекттери
1. Белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана оюн-зоок ишин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүүчү юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, оюн-зоок ишинин субъекттери болушат.
2. Мамлекет оюн-зоок ишинин субъекттеринин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Оюн-зоок ишинин субъекттери мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
3-берене. Бирликтер жана ассоциациялар
1. Оюн-зоок ишин жүргүзүүчү юридикалык жактар ишин координациялоо, жалпы таламдарды коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана башка жалпы маселелерди чечүү максатында ыктыярдуу негизде бирликтерди же ассоциацияларды түзүүгө укуктуу.
2. Бирликтердин же ассоциациялардын оюн-зоок ишин жүргүзүүгө укугу жок.
3-глава
4-берене. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши мамлекет тарабынан жөнгө салынууга тийиш.
2. Мамлекеттик жөнгө салуу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну, оюн-зоок жайлардын ишин лицензиялоону, мониторингдөөнү, көзөмөлдөөнү жана контролдоону, оюндарга катышуучулардын, оюн-зоок ишинин субъекттеринин жана мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону өзүнө камтыйт.
3. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
5-берене. Тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишине лицензия берүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши ишкердиктин лицензиялануучу түрү болуп эсептелет.
2. Тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишине лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - лицензиар) тарабынан берилет.
3. Лицензия юридикалык жакка, алуучунун арызында көрсөтүлгөн иштин түрүнө берилет.
4. Лицензиялар бардык керектүү документтери менен арыз берилген күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен берилет.
5. Лицензияны алуу үчүн арыз берүүчү (лицензия алуучу) лицензия берүүчүгө төмөнкүдөй документтерди берет:
1) лицензия берүү жөнүндө арызды, төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүү менен:
- толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышты, муну менен бирге фирмалык аталышты жана юридикалык жактын дарегин;
- юридикалык жактын катталган күнүн жана каттоо номерин;
- ИННди жана ОКПО кодун;
- иштин суралган түрүн;
- байланыш телефонун;
- арыз толтурулган күндү;
- юридикалык жактын жетекчисинин аты-жөнүн жана койгон колун;
- юридикалык жактын мөөрү;
2) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) юридикалык жактын уюштуруу документтеринин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) арызда көрсөтүлгөн иштин түрүнө карата бул Мыйзам менен белгиленген милдеттүү резервдин өлчөмүн түзүү максатында кардардын банк менен келишимине жараша депозитке салым салуу жөнүндө уюштуруучулардын (катышуучулардын) жалпы чогулушунун протоколу;
5) арызда көрсөтүлгөн иштин түрүнө карата бул Мыйзам менен белгиленген милдеттүү резервдин өлчөмү түзүлгөнүн ырастаган банктын маалымдамасы;
6) салык төлөөчүгө жана камсыздандыруу акысын төлөөчүлөргө идентификациялык кодду ыйгарууну бышыктаган документтердин көчүрмөсү;
7) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы төлөнгөнү жөнүндө дүмүрчөктүн же төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
8) оюн-зоок ишинин субъектиси бекиткен Иш тартиби.
6. Лицензиат лицензия алуу үчүн тапшырылган маалыматтын жана документтердин тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Лицензия акы төлөөнүн негизинде берилет. Лицензия үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
8. Тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишине лицензия ээликтен ажыратылбайт. Аны колдонуу лицензиат менен бирдикте ишти, анын ичинде кызматташуу жөнүндө келишим боюнча ишти жүзөгө ашырган башка адамдарга, ошондой эле уюштуруучуларынын бири лицензиат болгон юридикалык жактарга жайылтылбайт.
9. Оюн-зоок ишин жүргүзүү укугу лицензия алынган учурдан тартып пайда болот жана ал кайра алып коюлган учурдан тартып токтотулат.
10. Тиешелүү лицензия албай туруп оюн-зоок ишин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
11. Лицензияны берүүдөн баш тартуунун, кайра тариздөөнүн, алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын лицензия берүү маселесин жөнгө салган мыйзамдары менен аныкталат.
4-глава
Атайын талаптар
6-берене. Оюн-зоок жайларга коюлуучу талаптар
1. Оюн-зоок жайлар бала бакчалардын, окуу жайлардын, сыйынуучу мекемелердин жана диний уюмдардын имараттарында, ошондой эле мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарга жайгашуусу мүмкүн эмес.
2. Оюн-зоок иштин субъекттери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оюн-зоок жайдын дарегин көрсөтүү менен тийиштүү түрдө маалымдап, алынган лицензиянын негизинде сайыштарды кабыл алуучу пункттарды жана бинго залдарды ачууга укуктуу.
3. Оюн-зоок жайда иштин түрүнө жараша фирмалык аталышы көрсөтүлүү менен эстетикалык жактан жасалгаланган көрнөгү болушу керек.
4. Катышуучунун мыйзамдуу талабы боюнча оюн-зоок жайдын өкүлү ага оюн-зоок жайынын кассасынан утушту алганы - акчалай сумманы алганын бышыктаган документ берүүгө милдеттүү.
5. Оюн-зоок ишинин субъекти оюндардын жана (же) мелдештердин катышуучуларына утуштарды кумар оюндарын жана (же) мелдештерди өткөрүүнүн Иш тартибинде каралган тартипте жана мөөнөттө, бирок ошол оюндун же мелдештин жыйынтыгы чыгарылган учурдан тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен төлөп берет.
6. Сайыштарды кабыл алуучу пункттарда букмекердик сызык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде берилиши керек.
7. Окуялардын жыйынтыгы уюштуруучулардын, анын кызматкерлеринин, мелдешке катышуучулардын аракеттерине жараша болуучу же уюштуруучу, анын кызматкери, оюнчулар программалык каражаттарды, механикалык, электрдик, электрондук же башка техникалык түзүлүштөрдү пайдаланышынан натыйжа берүүчү мелдештер сайыштарды кабыл алуучу пункттарда өткөрүлбөйт.
8. Бинго залдарда бинго оюну оюндук жабдууну - бинго-лототронду пайдалануу менен гана жүргүзүлүшү керек.
9. Оюн-зоок ишинин субъекттери Жүргүзүүчү ишинин түрү боюнча регламентти бекитүүгө милдеттүү, ал ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбеши керек.
10. Оюн-зоок ишинин субъекттери кызыктыруучу акцияларды (лотереяларды) өткөрүүгө укуктуу. Кызыктыруучу акцияларды (лотереяларды) өткөрүү үчүн оюн-зоок ишинин субъекти лотерея ишин жөнгө салуучу мыйзамга ылайык уруксат алууга милдеттүү.
7-берене. Букмекердик ишти Интернет тармагы аркылуу уюштуруу
1. Сайыштарды Интернет аркылуу уюштуруу жана тартиби Регламент менен аныкталат.
2. Сайыштарды Интернет тармагы аркылуу коюу үчүн оюнчу букмекердик конторанын же тотализатор бюронун интернет сайтына өзүнүн жеке маалыматтарын, анын ичинде өзүнүн фамилиясын, атын жана туулган жылын көрсөтүү менен катталат.
3. Интернет-сайт Кыргыз Республикасынын аймагында тотализатордун жана букмекердик конторанын ишине лицензиясы бар юридикалык жакка (букмекердик конторага, тотализатор бюрого) расмий түрдө бекитип берилген болушу керек.
4. Сайыштарды Интернет тармагы аркылуу уюштурууда жана өткөрүүдө сайыштарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына тете болгон электрондук төлөө системасын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Ар бир жеке адамга (оюнчуга) өзүнүн паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен оюн системасында бирден ашык катталууга болбойт.
8-берене. Милдеттүү резервдик фонд
1. Оюн-зоок жай милдеттүү резервдик фондду түзүүгө тийиш, ал оюн-зоок ишине мүнөздүү мүмкүн болуучу жоготууларды жабууну камсыз кылууга кызмат кылат жана оюн-зоок ишин жүргүзүүдө болушу мүмкүн болгон тобокелдерден коргоону камсыз кылууга арналат.
2. Милдеттүү резервдик фонддун эң аз өлчөмү төмөнкүдөй суммаларга тете болуусу тийиш:
- букмекердик конторалар үчүн - отуз миң эсептик көрсөткүчкө барабар;
- тотализатор бюролор үчүн - он миң эсептик көрсөткүчкө барабар.
3. Милдеттүү резервдик фонд акчалай формада гана жана оюн-зоок жайды уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт. Милдеттүү резервдик фондду түзүүдө насыя жана негизги каражаттарды, ошондой эле материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт.
4. Эң аз өлчөмдөгү милдеттүү резервдик фонд тотализатордун жана букмекердик конторанын ишине лицензия алганга чейин түзүлүшү керек. Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиатты тейлеген банктын эсебинде сакталат жана бул каражаттар бышыктоочу документтерин тапшыруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирилүүгө тийиш.
5. Эгерде милдеттүү резервдин суммасы ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдөн аз болсо, анда оюн-зоок ишинин субъектиси милдеттүү резервди мындай төмөндөгөн күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмгө чейин толтурууга милдеттүү.
6. Оюн-зоок ишинин субъектиси банкка акча салуу келишимин түзүү учурунда ачылган банк эсебиндеги бар акчалар жана алардын кыймылы жөнүндө банк берген маалыматты расмий укуктуу органга календарлык квартал бүткөндөн кийинки 5-күндөн кечиктирбей берет.
9-берене. Оюн-зоок жайлардын кызматкерлери жана кардарлары үчүн белгиленүүчү чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайлардын штатына 18 жаштан жаш эмес (аракетке толук жарактуу) кызматкерлер алынууга тийиш.
2. 18 жашка толгон (аракетке толук жарактуу) адамдар оюн-зоок жайларынын кардарлары боло алышат.
3. Оюн-зоок жайлардын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- оюн-зоок жайдын уруксатысыз киного, сүрөткө, видеого тартууга;
- оюн-зоок жайдын кызматтык зонасына кирүүгө.
4. Регламентте жалпы жүрүм-турум ченемдерине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
5. Оюн-зоок жайдын кызматкерлери оюн-зоок жай белгилеген эрежени, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кардардан оюн-зоок жайдан дароо чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.
6. Регламент кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек.
10-берене. Бул Мыйзамдын колдонууга кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин оюн-зоок жайларды ачууга жана кармоого, кумар оюндарды уюштурууга, букмекердик конторанын жана тотализатордун ишин жүргүзүүгө берилген лицензиялар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир айдын ичинде ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен кайрадан таризделүүгө тийиш.
3. Оюн-зоок жайларды ачууга жана кармоого, кумар оюндарды уюштурууга, букмекердик конторанын жана тотализатордун ишин жүргүзүүгө бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген, кайра тариздөө процедурасынан өткөрүлбөгөн лицензиялар бул Мыйзамдын талаптарына ылайык алып коюлууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти
1. Мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (мындан ары - Мамфинкөзөмөл) тарабынан төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты:
- "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу үчүн;
- мыйзам менен тыюу салынбаган оюн-зоок иштерин, тактап айтканда букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерин жөнгө салуу үчүн;
- букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерин тартипке салууну ишке ашыруу үчүн;
- букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерин жүргүзүү учурунда коюлуучу талаптарды жана чектөөлөрдү так аныктоо үчүн.
"Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына жана анын 2012-жылдын 1-январында күчүнө киришине байланыштуу мурда букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерин жөнгө салган "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготкон. Ушул эле учурда "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде жогоруда аталган Мыйзамдын аракеттери тотализатор жана букмекердик кеңсе сыяктуу оюн-зоок жайларына таркатылбай тургандыгы, алардын иштери өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынары айтылган.
Азыркы учурда мыйзам тарабынан тыюу салынбаган оюн-зоок иштеринин тотализатор жана букмекердик кеңсе сыяктуу түрлөрү укуктук жактан жөнгө салынбай турат. Ушуну менен бирге иштин бул түрлөрүнө мурда берилген лицензиялар оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө мыйзамга ылайык чакыртылып алына элек. Иштердин бул түрлөрүнө лицензиялары бар тотализаторлордун жана букмекердик кеңселердин иши жөнгө салынбай турган абал жаралып, проблемага туш келдик. Сунуш кылынып жаткан Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткрууга, тактап айтканда тотализаторлордун жана букмекердик кеңселердин иштерин укуктук жактан жөнгө салуу ишин жүзөгө ашырууга багытталган. Муну менен бирге бул Мыйзамдын долбоору менен букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун иштерине карата коюлуучу талаптар жана чектөөлөр так белгиленет.
2. Мыйзам кабыл алынып калган учурда болуучу укуктук жана социалдык-экономикалык ийгиликтер
Мыйзам долбоору кабыл алынып калса анда мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган букмекердик кеңселер жана тотализаторлор сыяктуу оюн-зоок мекемелеринин иштерин укуктук жактан жөнгө салуунун жол-жоболору аныкталат да, иштин бул чөйрөсүндөгү укуктук боштук жоюлат. Мындан тышкары иштин бул түрлөрүн жүзөгө ашыруу учурунда коюлуучу талаптар жана чектөөлөр белгиленет. Муну менен бирге "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин казино жана оюн автоматтары залдары сыяктуу оюн-зоок мекемелеринин иштерине уруксат берилген мурдагы учурдагыдай түзүлгөн жагдайлардыкындай болгон социалдык кесепеттер эң төмөндөтүлөт. Ошондой эле интернет тармагынын жана милдеттүү резервдик фондду түзүүнүн жардамы менен букмекердик мелдештерди жана тотализатордук мелдештерди уюштуруунун тартиби жөнгө салынат.
Мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышы жана анын жоболорунун иш жүзүнө ашырылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жалпы ченемдерине карама каршы келбейт жана азыркы мезгилдин талаптарына жооп берет.
Мыйзамдын долбоору букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун өкүлчүлүктөрү менен макулдашылган.
3. Коомдук талкуунун жыйынтыктары
"Кыргыз Республикасындагы ченемдик-укуктук актылар жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына ылайык коомдук талкуудан өткөрүү үчүн бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына (www.gov.kg) жана Мамфинкөзөмөлдүн сайтына (www.fca.kg) жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыгында букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун өкүлчүлүктөрүнөн сын пикирлер жана сунуштар келип түштү, алар толугу менен эске алынды.
4. Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда боло турган өзгөрүүлөр
Бул Мыйзамдын долбоору кабыл алынып калган учурда "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 Токтому менен бекитилген "Иштин айрым түрлөрүнө лицензия берүү жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын экономиканы тескөө жана антимонополиялык саясат министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасындагы лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип жатат, анда букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишине лицензия берүү жагы аныкталган. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынып кала турган болсо анда тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгы жок болуп калышы мүмкүн.
5. Мыйзам долбоорун ишке ашырууга байланышкан каржылык чыгымдардын жоромолу
Бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге кириптер кылбайт.
Төрага | Ю.Тойчубеков |
|
|