Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-августу № 581
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанөв |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2000-жылдын 9-февралы, № 14) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 14-статьянын 2-бөлүгүндө "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 16-статьянын 2-бөлүгүндө "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү жана 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана" деген сөздөр алып салынсын.
5. 25-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү
Кыргыз Республикасындагы музейлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мекемелер түрүндө түзүлөт.".
6. 27-берененин 3-бөлүгү, 28-статьянын үчүнчү абзацы, 31 жана 35-статьялары күчүн жоготту деп табылсын.
7. 34-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду
жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы
үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" бул Мыйзам долбоору Адилет министрлигине караштуу ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын иш-аракетинин алкагында иштелип чыккан.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнүндөгү" конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык мамлекеттик менчиктин объектилерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктар Өкмөттүн компетенциясына кирет. Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесине долбоор аркалуу ылайыкталган түзөтүүлөр киргизилүүдө.
Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүмү Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирилүүдө. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын негизги бөлүгү болуп эсептелет.
Аны менен бирге эле, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 25 жана 28-беренелери Жарандык кодекске жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык келтирилгендигин белгилейбиз.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Мыйзамынын 25-беренеси жаңы редакцияда берилди. Ага ылайык, Кыргыз Республикасындагы музейлер мекемелер формасында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт. Белгиленген түзөтүүлөр көрсөтүлгөн берененин жоболорун жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларынын укуктук абалын, менчик укуктарын жана башка буюмдук укуктарынын келип чыккандыгын негизин жана тартибин аныктаган Жарандык кодекстин 1-беренесине ылайык келтирүү үчүн багытталган.
31-берене жогоруда аталган Мыйзамдын 1 жана 26-беренелеринин жоболорун кайталагандыктан, белгиленген беренени долбоор аркалуу күчүн жоготту деп табуу сунушталат.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Мыйзамдын 17 жана 23-беренелеринен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктары долбоор аркалуу алып ташталган, себеби, "Жергиликтүү өзүн башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык көрсөтүлгөн беренелердеги санап берилген ыйгарым укуктар жергиликтүү өзүн бшкаруу органдардын компетенциясына кирет.
Мындан тышкары, 34-беренени долбоор аркылуу жаңы редакцияда берүү сунушталат, ал эми 35-беренени, анда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтин түрлөрү административдик мыйзамдарда каралбагандыгына байланыштуу, күчүн жоготту деп эсептөө сунушталат.
Редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр кошумча мыйзам долбоору аркалуу киргизилүүдө.
Булар менен бирге эле, бул долбоордун өткөрүлгөн коомдук талкуулоосунун жүрүшүндө сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилей кетебиз.
Мындан тышкары, белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып барбай тургандыгын маалымдайбыз.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбагандыгын кошумчалай кетебиз.
Ушуга байланыштуу , "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбооруна макулдашуу барактарынын түп нускасы тиркелген, ал эми макулдашуу барактарынын көчүрмөлөрү бул токтомдун долбооруна тиркелди. Мыйзамдын долбооруна макулдашуу барактарынын түп нускалары тиркелди.
Долбоор министрликтер жана ведомстволор менен пикирлерсиз макулдашылды.
Министр | И.Жунусов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Аракеттеги редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│14-статья. Кыргыз Республикасынын │14-статья. Кыргыз Республикасынын │
│ Музей фондунун │ Музей фондунун │
│ мамлекеттик бөлүгүнүн │ мамлекеттик бөлүгүнүн │
│ курамына киргизилген │ курамына киргизилген │
│ музей буюмдарын жана │ музей буюмдарын жана │
│ музейлик коллекцияларды│ музейлик коллекцияларды│
│ менчигинен ажыратуу │ менчигинен ажыратуу │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Музей │Кыргыз Республикасынын Музей │
│фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │
│курамына киргизилген музей │курамына киргизилген музей │
│буюмдары жана музейлик │буюмдары жана музейлик │
│коллекциялар, жоголгон, бузулган, │коллекциялар, жоголгон, бузулган, │
│болбосо башка музей буюмдарына │болбосо башка музей буюмдарына │
│жана музейлик коллекцияларга │жана музейлик коллекцияларга │
│алмаштырылган учурларды албаганда,│алмаштырылган учурларды албаганда,│
│менчигинен ажыратылууга, белекке │менчигинен ажыратылууга, белекке │
│берилүүгө тийиш эмес. │берилүүгө тийиш эмес. │
│Кыргыз Республикасынын Музей │Кыргыз Республикасынын Музей │
│фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │
│курамына киргизилген музей │курамына киргизилген музей │
│буюмдарын жана музейлик │буюмдарын жана музейлик │
│коллекцияларды ушул статьянын │коллекцияларды ушул статьянын │
│биринчи бөлүгүндө каралган │биринчи бөлүгүндө каралган │
│учурларда менчигинен ажыратуу │учурларда менчигинен ажыратуу │
│жөнүндө чечим маданиятты │жөнүндө чечим Кыргыз │
│мамлекеттик башкаруунун борбордук │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│органы тарабынан кабыл алынат. │кабыл алынат. │
│Музейлик коллекциялар бөлүнгүс │Музейлик коллекциялар бөлүнгүс │
│болуп эсептелет. │болуп эсептелет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│16-статья. Кыргыз Республикасынын │16-статья. Кыргыз Республикасынын │
│ Музей фондунун │ Музей фондунун │
│ мамлекеттик бөлүгүнүн │ мамлекеттик бөлүгүнүн │
│ абалына мамлекеттик │ абалына мамлекеттик │
│ контроль │ контроль │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Музей │Кыргыз Республикасынын Музей │
│фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │
│абалына мамлекеттик контролду │абалына мамлекеттик контролду │
│маданиятты мамлекеттик │маданиятты мамлекеттик башкаруунун│
│башкаруунун борбордук органы │борбордук органы төмөнкү түрлөрдө │
│төмөнкү түрлөрдө жүзөгө ашырат: │жүзөгө ашырат: │
│музей буюмдарынын жана музейлик │музей буюмдарынын жана музейлик │
│коллекциялардын сакталышынын жана │коллекцияда сакталышынын жана │
│сактоо шарттарынын абалын │сактоо шарттарынын абалын │
│текшерүү; │текшерүү; │
│Кыргыз Республикасынын Музей │Кыргыз Республикасынын Музей │
│фондунун мамлекеттик эсебин жүзөгө│фондунун мамлекеттик эсебин жүзөгө│
│ашыруу үчүн зарыл болгон музей │ашыруу үчүн зарыл болгон музей │
│буюмдары жана музейлик │буюмдары жана музейлик │
│коллекциялар жөнүндө сурамдарды │коллекциялар жөнүндө сурамдарды │
│жиберүү жана маалыматтарды алуу. │жиберүү жана маалыматтарды алуу. │
│Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз │Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз │
│Республикасынын музей буюмдарын │Республикасынын музей буюмдарын │
│жана музейлик коллекцияларын │жана музейлик коллекцияларын │
│кайтарып алуу эл аралык │кайтарып алуу. │
│келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. │Белгиленген тартипте күчүнө кирген│
│ │жана кыргыз Республикасы катышкан │
│ │эл аралык келишимдерге ылайык │
│ │жүргүзүлөт. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│17-статья. Кыргыз Республикасынын │17-статья. Кыргыз Республикасынын │
│ Музей фондунун │ Музей фондунун │
│ мамлекеттик бөлүгүнө │ мамлекеттик бөлүгүнө │
│ жана Кыргыз │ жана Кыргыз │
│ Республикасындагы │ Республикасындагы │
│ мамлекеттик музейлерге │ мамлекеттик музейлерге │
│ мамлекеттик колдоо │ мамлекеттик колдоо │
│ көрсөтүү │ көрсөтүү │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│Кыргыз Республикасынын Музей │Кыргыз Республикасынын Музей │
│фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн │
│курамына киргизилген жана │курамына киргизилген жана │
│мамлекеттик музейлерге жана башка │мамлекеттик музейлерге жана башка │
│мамлекеттик мекемелерге │мамлекеттик мекемелерге │
│оперативдүү башкарууга өткөрүлүп │оперативдүү башкарууга өткөрүлүп │
│берилген негизги фонддорду │берилген негизги фонддорду │
│толтуруу, музей буюмдарын жана │толтуруу, музей буюмдарын жана │
│музейлик коллекцияларды эсепке │музейлик коллекцияларды эсепке │
│алуу, сактоо жана пайдалануу үчүн │алуу, сактоо жана пайдалануу үчүн │
│зарыл болгон каржылык жана башка │зарыл болгон каржылык жана башка │
│шарттарды камсыз кылууга, ошондой │шарттарды камсыз кылууга, ошондой │
│эле көрсөтүлгөн музей буюмдарына │эле көрсөтүлгөн музей буюмдарына │
│жана музейлик коллекцияларга │жана музейлик коллекцияларга │
│келтирилген зыяндын ордун │келтирилген зыяндын ордун │
│толтурууга зарыл болгон │толтурууга зарыл болгон │
│кепилдиктерди берүүгө милдеттүү. │кепилдиктерди берүүгө милдеттүү. │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, │
│жергиликтүү мамлекеттик │жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│администрациялар жана жергиликтүү │органдары тарыхтын жана │
│өз алдынча башкаруу органдары │маданияттын башкага окшобогон │
│тарыхтын жана маданияттын башкага │эстеликтерин сактоо боюнча кошумча│
│окшобогон эстеликтерин сактоо │чараларды көрүүнүн зарылдыгына │
│боюнча кошумча чараларды көрүүнүн │байланыштуу, ошондой эле дүйнөлүк │
│зарылдыгына байланыштуу, ошондой │маанидеги музей буюмдарын жана │
│эле дүйнөлүк маанидеги музей │музейлик коллекцияларды сактап │
│буюмдарын жана музейлик │турган эң ири мамлекеттик │
│коллекцияларды сактап турган эң │музейлердин иши үчүн кыйла │
│ири мамлекеттик музейлердин иши │ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн │
│үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды │мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн │
│түзүү үчүн мамлекеттик колдоо │өзгөчө түрлөрүн белгилеши мүмкүн. │
│көрсөтүүнүн өзгөчө түрлөрүн │ │
│белгилеши мүмкүн. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│23-статья. Кыргыз Республикасынын │23-статья. Кыргыз Республикасынын │
│ Музей фондунун │ Музей фондунун │
│ мамлекеттик эмес │ мамлекеттик эмес │
│ бөлүгүнө жана Кыргыз │ бөлүгүнө жана Кыргыз │
│ Республикасындагы │ Республикасындагы │
│ мамлекеттик эмес │ мамлекеттик эмес │
│ музейлерге мамлекеттик │ музейлерге мамлекеттик │
│ колдоо көрсөтүү │ колдоо көрсөтүү │
│ │ │
│Жергиликтүү мамлекеттик │Жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│администрациялар жана жергиликтүү │органдары өз ыйгарым укуктарынын │
│өз алдынча башкаруу органдары өз │чегинде Кыргыз Республикасынын │
│ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз│Музей фондунун мамлекеттик эмес │
│Республикасынын Музей фондунун │бөлүгүнө жана Кыргыз │
│мамлекеттик эмес бөлүгүнө жана │Республикасындагы мамлекеттик эмес│
│Кыргыз Республикасындагы │музейлерге төмөнкү түрлөрдө колдоо│
│мамлекеттик эмес музейлерге │көрсөтүшү мүмкүн: │
│төмөнкү түрлөрдө колдоо көрсөтүшү │реставрациялык жумуштарды жүргүзүү│
│мүмкүн: │үчүн мамлекеттик реставрациялык │
│реставрациялык жумуштарды жүргүзүү│мекемелерди берүү; │
│үчүн мамлекеттик реставрациялык │зарыл болгон учурда Кыргыз │
│мекемелерди берүү; │Республикасынын Музей фондунун │
│зарыл болгон учурда Кыргыз │мамлекеттик эмес бөлүгүнүн │
│Республикасынын Музей фондунун │курамына киргизилген музей │
│мамлекеттик эмес бөлүгүнүн │буюмдарын жана музейлик │
│курамына киргизилген музей │коллекцияларды мамлекеттик │
│буюмдарын жана музейлик │сактоочу жайларга сактоого өткөрүп│
│коллекцияларды мамлекеттик │берилишин камсыз кылуу; │
│сактоочу жайларга сактоого өткөрүп│Кыргыз Республикасынын Музей │
│берилишин камсыз кылуу; │фондунун мамлекеттик эмес │
│Кыргыз Республикасынын Музей │бөлүгүнүн курамына киргизилген │
│фондунун мамлекеттик эмес │музей буюмдарынын жана музейлик │
│бөлүгүнүн курамына киргизилген │коллекциялардын коопсуздугун │
│музей буюмдарынын жана музейлик │камсыз кылууга кеткен чыгымдарды │
│коллекциялардын коопсуздугун │жарым-жартылай компенсациялоо. │
│камсыз кылууга кеткен чыгымдарды │ │
│жарым-жартылай компенсациялоо. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│25-статья. Кыргыз Республикасында │25-статья. Кыргыз Республикасында │
│ музейлерди түзүү │ музейлерди түзүү │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында музейлер │Кыргыз Республикасында музейлер │
│тарых жана маданият эстеликтерин │мекеме формасында Кыргыз │
│сактоо үчүн мекемелер, ошондой эле│Республикасынын мыйзамдарында │
│коммерциялык эмес мүнөздөгү │белгиленген тартипте түзүлөт. │
│илимий, маданий жана билим берүү │ │
│милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн │ │
│мекемелер түрүндө түзүлөт. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│27-статья. Кыргыз Республикасында │27-статья. Кыргыз Республикасында │
│ мамлекеттик музейлерди │ мамлекеттик музейлерди │
│ уюштуруунун тартиби │ уюштуруунун тартиби │
│ │ │
│Мамлекеттик музейлерди уюштуруу │Мамлекеттик музейлерди уюштуруу │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│актысынын негизинде жүргүзүлөт. │актысынын негизинде жүргүзүлөт. │
│Иши мамлекеттик бюджеттин │Иши мамлекеттик бюджеттин │
│каражаттарынын эсебинен │каражаттарынын эсебинен │
│каржыланган учурда музей │каржыланган учурда музей │
│мамлекеттик болуп эсептелет. │мамлекеттик болуп эсептелет. │
│Мамлекеттик музейге оперативдүү │Күчүн жоготту деп эсептелсин │
│башкаруу укугунда бекитилип │ │
│берилген кыймылсыз мүлк менчик │ │
│ээси тарабынан ал арналышы боюнча │ │
│пайдаланылбаган учурда, болбосо │ │
│музей жоюлган учурда гана алып │ │
│коюлушу мүмкүн. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│28-статья. Кыргыз Республикасында │28-статья. Кыргыз Республикасында │
│ мамлекеттик эмес │ мамлекеттик эмес │
│ музейлерди уюштуруунун │ музейлерди уюштуруунун │
│ тартиби │ тартиби │
│ │ │
│Мамлекеттик эмес музейлерге музей │Мамлекеттик эмес музейлерге музей │
│буюмдарын жана музейлик │буюмдарын жана музейлик │
│коллекцияларды оперативдүү │коллекцияларды оперативдүү │
│башкаруу укугунда бекитип берүү │башкаруу укугунда бекитип берүү │
│менчик ээси тарабынан Кыргыз │менчик ээси тарабынан Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык жүргүзөт. │ылайык жүргүзөт. │
│Мамлекеттик эмес музейлердин │Мамлекеттик эмес музейлердин │
│уставдары (жоболору) алардын │уставдары (жоболору) алардын │
│уюштуруучулары тарабынан бекитилет│уюштуруучулары тарабынан бекитилет│
│жана белгиленген тартипте │жана белгиленген тартипте │
│катталат. │катталат. │
│Мамлекеттик эмес музейлерге │Күчүн жоготту деп эсептелсин │
│оперативдүү башкаруу укугунда │ │
│бекитилип берилген кыймылсыз мүлк │ │
│менчик ээси тарабынан ушул │ │
│Мыйзамдын 27-статьясында каралган │ │
│учурларда гана алып коюлушу │ │
│мүмкүн. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│31-статья. Кыргыз │Күчүн жоготту деп эсептелсин │
│ Республикасындагы │ │
│ музейлердин ишинин │ │
│ түрлөрү │ │
│ │ │
│Кыргыз Республикасындагы музейлер │ │
│Кыргыз Республикасынын мыйзамдары │ │
│тарабынан тыюу салынбаган жана │ │
│ушул Мыйзамда каралган музейлердин│ │
│ишинин максатына ылайык келбеген │ │
│ар кандай ишти жүзөгө ашырышы │ │
│мүмкүн. │ │
│Кыргыз Республикасындагы музейлер,│ │
│эгерде ушул Мыйзам тарабынан │ │
│каралган максаттарга жетүүгө │ │
│кызмат кылса, ишкердик ишти жүзөгө│ │
│ашырышы мүмкүн. │ │
│Музейлердин ишинин багыттарынын │ │
│түрлөрү жана механизми Кыргыз │ │
│Республикасындагы музейлер жөнүндө│ │
│жободо жана музейлердин │ │
│уставдарында бекитилет. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│34-статья. Кыргыз Республикасынын │34-статья. Кыргыз Республикасынын │
│ музейлери жана Музей │ музейлери жана Музей │
│ фонду жөнүндө Кыргыз │ фонду жөнүндө Кыргыз │
│ Республикасынын │ Республикасынын │
│ мыйзамдарын бузгандык │ мыйзамдарын │
│ үчүн жоопкерчилик │ бузгандык үчүн │
│ │ жоопкерчилик │
│Ушул Мыйзамдын жоболорун бузууда │ │
│күнөөлүү болгон жеке жана │Мыйзамдын бузулгандыгы үчүн │
│юридикалык жактар, мамлекеттик │жоопкерчилик Кыргыз │
│бийлик органдары жана жергиликтүү │Республикасынын мыйзамдарына │
│өз алдынча башкаруу органдары │ылайык белгиленет. │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│мыйзамдарына ылайык │ │
│администрациялык же │ │
│жарандык-укуктук жоопкерчилик │ │
│тартат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│35-статья. Кызмат адамдарынын │Күчүн жоготту деп эсептелсин │
│ жоопкерчилиги │ │
│ │ │
│Кызмат адамдары тарабынан ушул │ │
│Мыйзамдын жоболорунун аткарылбашы,│ │
│атап айтканда: │ │
│музей буюмун Кыргыз │ │
│Республикасынын Музей фондунун │ │
│курамына киргизүүдөн Мыйзамсыз баш│ │
│тартуу; │ │
│музей буюмун Кыргыз │ │
│Республикасынын Музей фондунун │ │
│курамынан мыйзамсыз чыгаруу; │ │
│Кыргыз Республикасынын Музей │ │
│фондунун мамлекеттик эмес │ │
│бөлүгүнүн курамына киргизилген │ │
│музей буюмдары жөнүндө купуя │ │
│маалыматтарды ачыкка чыгаруу; │ │
│музей буюмдары менен жасалган │ │
│бүтүмдөрдү каттоодон укукка │ │
│жатпаган баш тартуу; │ │
│Кыргыз Республикасынын │ │
│мыйзамдарына ылайык │ │
│администрациялык жоопкерчиликке │ │
│алып келет. │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|