Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-августу № 587
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
40-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчиликти тартышат."
3-бөлүк "граждандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү" деген сөздөрдөн кийин ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан "Электрондук жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, "Электрондук жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик" деген 40-беренеге түзөтүүлөр киргизилди.
Байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишмердик жасаган адамдын укукка каршы ишмердигине байланышкан кылмыштарды алдын алуу. бөгөт коюу жана анын бетин ачуу максатында мыйзам долбоордун экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу бөлүгүнө түзөтүүлөр киргизилет.
Кыргыз Республикасынын ИИОнун практикалык ишмердигинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан экстремисттик сайттарда, "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүндө экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыруучу белгилер камтылган жана көпчүлүккө пайдалануу үчүн арналган басма сөз, аудио, аудиовизуалдык жана ар кандай материалдарды жайылткан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча көйгөйлөр жаралууда.
"Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремизмге багытталган материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан серверлерге, жеке жана юридикалык жактардын сайттарына кылмыштын субъектилери жайгаштырат. Бул кылмышкерлерге укукка каршы жосундарды жасоого жапа кылмыш же административдик жоопкерчиликтен баш тартууга жөндөмдүү болот.
Ошол эле мезгилде "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремисттик материалдарды жайылтуучу адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө тоскоолдуктар пайда болууда.
Сунушталган "Электрондук жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашырган адамды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу, Кыргыз Республикасынын аймагындагы сайттарга толук бөгөт коюу, катышуучусу Кыргыз Республикасы болуп эсептелген эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, макулдашууларга ылайык укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу үчүн негиз берет.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда:
- социалдык жактан эч кандай негативдүүлүк болбостон, кайра киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана анын көрүнүштөрүн жоюуда укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоого укуктук негиз түзөт;
- экономикалык жактан алганда, мыйзам долбоору кабыл алынганда экономикага терс залалын тийгизбейт, тескерисинче, республиканын экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет, анткени бул мыйзам долбоору экономикага кылмыштуулуктун терс таасирин тийгизүүсүн азайтуучу бир элемент катары каралат;
- мыйзам долбоорунун нормалары колдонулуп жаткан мыйзамдардын нормаларына жооп берип жана анын кабыл алуусу укуктук нормаларга терс таасирин тийгизбейт;
- укуктук функцияларга колдонулууда, бул мыйзам долбоору жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылууга шарт түзөт, экстремисттик ишмердикти жүргүзгөнү үчүн күнөөлүү деп таануунун же баш тартуунун чечими соттун чечими аркылуу кабыл алынып, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр мыйзамдын нормаларын туура колдонууга шарт түзөт;
- гендерге кесепети тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт;
- экологияга кесепет тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт.
Сунушталган долбоорду кабыл алууда мамлекеттик бюджетке кошумча чыгым келтирилбейт.
Министр | З.Рысалиев |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Иштеп жаткан баяндамасы │ Сунушталып жаткан баяндамасы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│[40-статья. Электр жана почта │[40-статья. Электр жана почта │
│ байланышы жөнүндөгү │ байланышы жөнүндөгү │
│ мыйзамдардын │ мыйзамдардын │
│ бузулгандыгы үчүн │ бузулгандыгы үчүн │
│ жоопкерчилик] │ жоопкерчилик │
│ │ │
│Электр жана почта байланышы │Электр жана почта байланышы │
│жөнүндөгү мыйзамдардын │жөнүндөгү мыйзамдуулукту │
│бузулгандыгы үчүн күнөөлүү │бузгандыгы, ошондой эле байланыш │
│юридикалык жана жеке жактар, │чөйрөсүндө эстремисттик ишмердикти│
│Кыргыз Республикасынын │жүзөгө ашыргандыгы үчүн күнөөлүү │
│мыйзамдарында белгиленгендей │юридикалык жана жеке жактар, │
│жоопкерчиликти тартышат. │Кыргыз Республикасынын │
│Күнөөлүү тараптардын жоопко │мыйзамдарында белгиленгендей │
│тартылышы аларды Кыргыз │жоопкерчиликти тартышат.] │
│Республикасынын мыйзамдарына │Күнөөлүү тараптардын жоопко │
│ылайык келтирилген чыгашалардын │тартылышы аларды Кыргыз │
│ордун толтуруудан бошотпойт. │Республикасынын мыйзамдарына │
│Байланыш каражаттарын │ылайык келтирилген чыгашалардын │
│мамлекеттин коопсуздугуна │ордун толтуруудан бошотпойт. │
│карама-каршы келген, коомдук │Байланыш каражаттарын мамлекеттин │
│тартипти бузуу жана граждандардын │коопсуздугуна карама-каршы келген,│
│абийирине жана ар-намысына шек │коомдук тартипти бузуу жана │
│келтирүү максаттарында │граждандардын абийирине жана │
│пайдаланууга тыюу салынат. │ар-намысына шек келтирүү, [ошондой│
│Айып салуу байланыш боюнча ыйгарым│эле экстремисттик ишмердикти │
│укуктуу мамлекеттик органы │жүзөгө ашыруу] максаттарында │
│тарабынан жүргүзүлөт. │пайдаланууга тыюу салынат. │
│Айыпты төлөө юридикалык жана жеке │Айып салуу байланыш боюнча ыйгарым│
│жактарды электр жана почта │укуктуу мамлекеттик органы │
│байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын │тарабынан жүргүзүлөт. │
│бузулушун токтотуу тууралу │Айыпты төлөө юридикалык жана жеке │
│буйрукту аткаруудан бошотпойт. │жактарды электр жана почта │
│ │байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын │
│ │бузулушун токтотуу тууралу │
│ │буйрукту аткаруудан бошотпойт. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|