Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-августу № 598
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 231-1-статья менен толукталсын:
"231-1-статья. Жолду мыйзамсыз жабуу
Жеке жана/же юридикалык жактардын жолду мыйзамсыз жабышы, -
жеке жактарга отуз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле иш жолду тосуучу нерселерди колдонуу менен жасалса, -
жеке жактарга элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, юридикалык жактарга жети жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
2. 508-статьянын биринчи бөлүгү "230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө," деген сөздөрдөн кийин "231-1-статьяда," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 556-1-статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "157," деген цифрадан кийин "231-1" деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Ө.Бабановдун 2012-жылдын 2-июнундагы № 13-18 тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан. Бул тапшырмага ылайык Юстиция министрлигине жолдорду жабуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча тиешелүү актынын долбоорун киргизүү зарыл.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жол кыймылы - транспорт каражаттары менен же алардын жардамысыз эле адамдардын жана жүктөрдүн ордун которуштуруу процессинде пайда болгон коомдук мамилелердин топтому. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренеси Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө укуктуу экендигин белгилейт. Бул укук ажырагыс болуп эсептелет. Ошол эле учурда белгиленген Мыйзамдын 13-беренеси жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө жана токтотуу мындай укук ыйгарылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлүшүнө жол берет. Ошол эле мезгилде жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө же токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде тастыкталат.
Бирок, бүгүнкү күндө жол кыймылын мыйзамсыз жабуу кырдаалы өтө таралган. Кээ бир адамдар бийлик тарабынан тиешелүү талаптарды аткаруу үчүн жолду жабуу жолу менен бийликке жеткирүүгө аракет кылышат. Ошол эле мезгилде. бул жарандар менен ушул себептен башка жарандардын укүктары бузулгандыгы эске алынбайт.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга тынч чогулуштарды өткөрүү менен өзүнүн жарандык көз карашын көрсөтүү укугун кепилдейт.
Аталган чогулуштарды өткөрүүнүн укуктук негизи "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамында белгиленген. Ошол эле учурда белгиленген Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык тынч чогулуштардын катышуучулары жана уюштуруучулары тынч чогулуштарга катышпаган жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого милдеттүү. Бул кырдаал башка адамдардын укуктарын чектелишине, тиешелүү ыңгайсыздыктарды пайда кылышына жана олуттуу терс кесепеттерди алып келээрин белгилеп кетүү зарыл.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамынын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген 31-беренесин эске алуу менен, берилген Мыйзам долбоорунда Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин жолду жабуу үчүн административдик жоопкерчиликти белгилеген берене менен толуктоо сунушталууда.
Ошону менен бирге. Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Ошондой эле. аталган мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт.
Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында. сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт.
Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр | А.Шыкмаматов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Мурдагы редакциясы │ Сунушталган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │Статья 231-1. Жолду мыйзамсыз │
│ │ жабуу │
│ │ │
│ │Жеке жана/же юридикалык жактардын │
│ │менен жолду мыйзамсыз жабышы - │
│ │жеке жактарга отуз эсептик │
│ │көрсөткүчүн өлчөмүндө │
│ │администрациялык айып салууга │
│ │кириптер кылат, юридикалык │
│ │жактарга беш жүз эсептик │
│ │көрсөткүчтүн өлчөмүндө │
│ │администрациялык айып салууга │
│ │кирептер кылат. │
│ │Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө │
│ │каралган ошол эле иш жолду тосуучу│
│ │нерселди колдонуу менен жасалса, -│
│ │жеке жактарга элүү көрсөткүчүн │
│ │өлчөмүндө администрациялык айып │
│ │салууга кириптер кылат, юридикалык│
│ │жактарга жети жүз эсептик │
│ │көрсөткүчтүн өлчөмүндө │
│ │администрациялык айып салууга │
│ │кирептер кылат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│508-статья. Судьялар │508-статья. Судьялар │
│ │ │
│Райондук, шаардык соттордун │Райондук, шаардык соттордун │
│судьялары ушул Кодекстин 57-64, │судьялары ушул Кодекстин 57-64, │
│66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, │
│85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, │
│92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, │
│147, 148, 149, 149-1, │147, 148, 149, 149-1, │
│151-157-статьяларында, │151-157-статьяларында, │
│228-статьясынын экинчи жана │228-статьясынын экинчи жана │
│төртүнчү бөлүктөрүндө, │төртүнчү бөлүктөрүндө, │
│230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, │230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, │
│238-статьясынын биринчи-үчүнчү, │231-статьяда, 238-статьясынын │
│бешинчи, сегизинчи, онунчу жана он│биринчи-үчүнчү, бешинчи, │
│биринчи бөлүктөрүндө, │сегизинчи, онунчу жана он биринчи │
│241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, │бөлүктөрүндө, 241-статьясынын │
│242-статьясынын экинчи жана │үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын │
│төртүнчү бөлүктөрүндө, │экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө,│
│248-статьясында, 254-статьясынын │248-статьясында, 254-статьясынын │
│экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, │экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, │
│273, 277-статьяларында, │273, 277-статьяларында, │
│286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, │
│286-1-статьясында, 289-статьясынын│286-1-статьясында, 289-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1,│
│301-2, 301-3-статьяларында, │301-2, 301-3-статьяларында, │
│302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│302-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│
│305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │305-статьясынын экинчи, үчүнчү, │
│төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, │
│339-345, 346-1, 354, 363, 364, │339-345, 346-1, 354, 363, 364, │
│368, 369, 370, 371, 373, 374, │368, 369, 370, 371, 373, 374, │
│382-статьяларында, 390-статьясынын│382-статьяларында, 390-статьясынын│
│экинчи бөлүгүндө, 391, │экинчи бөлүгүндө, 391, │
│392-395-статьяларында, 400, 401-1,│392-395-статьяларында, 400, 401-1,│
│401-2, 401-3, 404-406, 409-1, │401-2, 401-3, 404-406, 409-1, │
│409-2, 412-статьяларында, │409-2, 412-статьяларында, │
│417-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│417-статьясынын биринчи бөлүгүндө,│
│420, 422, 422-1-422-4, 454, 464, │420, 422, 422-1-422-4, 454, 464, │
│466-468, 476, │466-468, 476, │
│505-1-505-10-статьяларында │505-1-505-10-статьяларында │
│каралган администрациялык укук │каралган администрациялык укук │
│бузуулар жөнүндө иштерди карайт │бузуулар жөнүндө иштерди карайт │
│жана администрациялык жаза │жана администрациялык жаза │
│чараларды көрөт. │чараларды көрөт. │
│Ушул Кодекстин 503-статьясынын │Ушул Кодекстин 503-статьясынын │
│биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14,│биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14,│
│504-16, 504-17, 504-19, 504-23, │504-16, 504 504-19, 504-23, │
│504-32, 504-33, 504-36, 505, │504-32, 504-33, 504-36, 505, │
│505-17-статьяларында каралган │505-17-статьяларында каралган │
│администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштер, мындай │жөнүндөгү иштер, мындай │
│администрациялык укук бузуу │администрациялык укук бузуу │
│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти│
│орган же кызмат адамы судьянын │орган же кызмат адамы судьянын │
│кароосуна өткөрүп берген учурларда│кароосуна өткөрүп бер учурларда │
│судьялар тарабынан каралат. │судьялар тарабынан каралат. │
│(КР 2002-жылдын 10-мартындагы № │(КР 2002-жылдын 10-мартындагы № │
│33, 2003-жылдын 17-февралындагы № │33, 2003-жылдын 17-февралындагы № │
│36, 2003-жылдын 19-февралындагы № │36, 2003-жылдын 19-февралындагы № │
│42, 2003-жылдын 5-августундагы № │42, 2003-жылдын 5-августундагы № │
│191, 2003-жылдын 5-августундагы № │191, 2003-жылдын 5-августундагы № │
│192, 2004-жылдын 15-февралындагы №│192, 2004-жылдын 15-февралындагы №│
│13, 2004-жылдын 11-июнундагы № 71,│13, 2004-жылдын 11-июнундагы № 71,│
│2005-жылдын 5-августундагы № 121, │2005-жылдын 5-августундагы № 121, │
│2005-жылдын 5-августундагы № 122, │2005-жылдын 5-августундагы № 122, │
│2006-жылдын 13-февралындагы № 53, │2006-жылдын 13-февралындагы № 53, │
│2007-жылдын 5-мартындагы № 31, │2007-жылдын 5-мартындагы № 31, │
│2007-жылдын 25-июнундагы № 91, │2007-жылдын 25-июнундагы № 91, │
│2007-жылдын 9-мартындагы № 33, │2007-жылдын 9-мартындагы № 33, │
│2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162, │2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162, │
│2008-жылдын 4-августундагы № 185, │2008-жылдын 4-августундагы № 185, │
│2008-жылдын 5-августундагы № 199, │2008-жылдын 5-августундагы № 199, │
│2008-жылдын 17-октябрындагы № 214,│2008-жылдын 17-октябрындагы № 214,│
│2008-жылдын 17-декабрындагы № 264,│2008-жылдын 17-декабрындагы № 264,│
│2009-жылдын 30-мартындагы № 117, │2009-жылдын 30-мартындагы № 117, │
│2009-жылдын 26-июнундагы № 194, │2009-жылдын 26-июнундагы № 194, │
│2009-жылдын 3-июлундагы № 202, │2009-жылдын 3-июлу № 202, │
│2009-жылдын 17-июлундагы № 234, │2009-жылдын 17-июлундагы № 234, │
│2011-жылдын 30-майындагы № 33, │2011-жылдын 30-майындагы № 33, │
│2011-жылдын 22-июлундагы № 123, │2011-жылдын 22-июлундагы № 123, │
│2011-жылдын 12-декабрындагы № 233,│2011-жылдын 12-декабрындагы № 233,│
│2011-жылдын 16-декабрындагы № 240,│2011-жылдын 16-декабрындагы № 240,│
│2012-жылдын 1-мартындагы № 10, │2012-жылдын 1-мартындагы № 10, │
│2012-жылдын 25-июлундагы № 142, │2012-жылдын 25-июлундагы № 142, │
│2012-жылдын 10-августундагы № 164 │2012-жылдын 10-августундагы № 164 │
│Мыйзамдарынын редакцияларына │Мыйзамдарынын редакцияларына │
│ылайык) │ылайык) │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│556-1-статья. Администрациялык │556-1-статья. Администрациялык │
│ укук бузуулар │ укук бузуулар │
│ жөнүндө │ жөнүндө │
│ протоколдорду │ протоколдорду │
│ түзүүгө ыйгарым │ түзүүгө ыйгарым │
│ укуктуу кызмат │ укуктуу кызмат │
│ адамдары │ адамдары │
│ │ │
│1. Администрациялык укук бузуулар │1. Администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндөгү иштер боюнча соттор │жөнүндөгү иштер боюнча соттор │
│тарабынан кароо ишке ашырылуучу │тарабынан кароо ишке ашырылуучу │
│администрациялык укук бузуулар │администрациялык укук бузуулар │
│жөнүндө протоколду түзүүгө │жөнүндө протоколду түзүүгө │
│төмөндөгүлөр укуктуу: │төмөндөгүлөр укуктуу: │
│1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │
│адамдары: │адамдары: │
│прокуратура органдары (49, 50, 51,│прокуратура органдары (49, 50, 51,│
│52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, │52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, │
│61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, │61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, │
│67, 82-1-статьялар, 400, 400-3, │67, 82-1-статьялар, 400, 400-3, │
│404, 406, 409-1-статьялар); │404, 406, 409-1-статьялар); │
│ички иштер органдары (66-3, 66-4, │ички иштер органдары (66-3, 66-4, │
│66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, │66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, │
│66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, │66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, │
│152, 153, 154, 155, 157, 354, 364,│152, 153, 154, 155, 157, 231-1, │
│368, 369, 370, 371, 373, 374, 382,│354, 364, 368, 369, 370, 371, 373,│
│390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, │374, 382, 390-статьянын экинчи │
│392, 393,422-статьялар); │бөлүгү, 391, 392, │
│шайлоо жана референдум өткөрүү │393,422-статьялар); │
│боюнча комиссиялар (49,50, 51, 52,│шайлоо жана референдум өткөрүү │
│53, 54, 55, 56-статьялар); │боюнча комиссиялар (49, 50, 51, │
│мамлекеттик каражаттарды │52, 53, 54, 55, 56-статьялар); │
│пайдаланууга контролдоону жүзөгө │мамлекеттик каражаттарды │
│ашыруучу органдары (60-статья); │пайдаланууга контролдоону жүзөгө │
│балдардын укуктарын жана мыйзамдуу│ашыруучу органдары (60-статья); │
│кызыкчылыктарын коргоо боюнча │балдардын укуктарын жана мыйзамдуу│
│ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, │кызыкчылыктарын коргоо боюнча │
│66-1, 66-3-статьялар); │ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, │
│дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу │66-1, 66-3-статьялар); │
│мамлекеттик органы (61, │дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу │
│395-статьялар); │мамлекеттик органы (61, │
│мамлекеттик эмгек инспекцияларынын│395-статьялар); │
│жана аларга баш ийген мамлекеттик │мамлекеттик эмгек инспекцияларынын│
│инспекциялардын органдары (68, 70,│жана аларга баш ийген мамлекеттик │
│71, 72, 73, 74, 79-статьялар); │инспекциялардын органдары (68, 70,│
│миграция жана ишке орноштуруу │71, 72, 73, 74, 79-статьялар); │
│боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик│миграция жана ишке орноштуруу │
│органы (80-статья); │боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик│
│социалдык коргоо чөйрөсүндөгү │органы (80-статья); │
│ыйгарым укуктуу органдары │социалдык коргоо чөйрөсүндөгү │
│(80-статья); │ыйгарым укуктуу органдары │
│саламаттыкты сактоо органдары (85,│(80-статья); │
│85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, │саламаттыкты сактоо органдары (85,│
│286-статьялар); │85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, │
│стандартташтыруу жана метрология │286-статьялар); │
│боюнча мамлекеттик инспекциясынын │стандартташтыруу жана метрология │
│органдары (92-статьянын экинчи │боюнча мамлекеттик инспекциясынын │
│бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын │органдары (92-статьянын экинчи │
│экинчи бөлүгү, 412-статья); │бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын │
│геология жана минералдык ресурстар│экинчи бөлүгү, 412-статья); │
│органдары (102-статья); │геология жана минералдык ресурстар│
│айлана-чөйрөнү коргоо жана токой │органдары (102-статья); │
│чарба органдары (140, 142, 147, │айлана-чөйрөнү коргоо жана токой │
│148, 149, 149-1, 151, 152, 153, │чарба органдары (140; 142, 147, │
│154, 155, 156, 157-статьялар); │148, 149, 149-1, 151, 152, 153, │
│мамлекеттик бажы кызматынын │154, 155, 156, 157-статьялар); │
│органдары (147, 153-статьялар, │мамлекеттик бажы кызматынын │
│289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, │органдары (147, 153-статьялар, │
│503, 504-10, 504-14, 504-16, │289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, │
│504-17, 504-19, 504-23, 504-32, │503, 504-10, 504-14, 504-16, │
│504-33, 504-36, 505-статьялар); │504-17, 504-19, 504-23, 504-32, │
│мамлекеттик автомобиль │504-33, 504-36, 505-статьялар); │
│инспекциясынын органдары (228, │мамлекеттик автомобиль │
│232, 234-статьялар, 235-статьянын │инспекциясынын органдары (228, │
│экинчи бөлүгү, 238-статья, │232, 234-статьялар, 235-статьянын │
│240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, │экинчи бөлүгү, 238-статья, │
│242, 248, 250-статьялар); │240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, │
│автомобиль транспорт, электр │242, 248, 250-статьялар); │
│транспорт жана жол чарба органдары│автомобиль транспорт, электр │
│(230-статья); │транспорт жана жол чарба органдары│
│аба транспортунун органдары │(230-статья); │
│(254-статья); │аба транспортунун органдары │
│суу транспортунун органдары (264, │(254-статья); │
│265-статьялар); │суу транспортунун органдары (264, │
│байланышка мамлекеттик көзөмөл │265-статьялар); │
│жүргүзүү органдары (271, 273, │байланышка мамлекеттик көзөмөл │
│277-статьялар); │жүргүзүү органдары (271, 273, │
│спиртти жана алкоголдуу │277-статьялар); │
│продукцияны өндүрүүгө, сактоого │спиртти жана алкоголдуу │
│жана сатууга контролдоону жүзөгө │продукцияны өндүрүүгө, сактоого │
│ашыруучу органдары (285, 286, │жана сатууга контролдоону жүзөгө │
│286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, │ашыруучу органдары (285, 286, │
│301-2-статьялар, 302-статьянын │286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, │
│биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, │301-2-статьялар, 302-статьянын │
│307, 310, 341, 354, 408-1, 410, │биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, │
│410-1-статьялар); │307, 310, 341, 354, 408:1, 410, │
│керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо │410-1-статьялар); │
│боюнча ыйгарым укуктуу органы │керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо │
│(286-статья); │боюнча ыйгарым укуктуу органы │
│салык кызматынын органдары (300, │(286-статья); │
│301, 301-3, 302, 308, 340, 342, │салык кызматынын органдары (300, │
│346-1, 405-статьялар); │301, 301-3, 302, 308, 340, 342, │
│ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо │346-1, 405-статьялар); │
│боюнча ыйгарым укуктуу органдары │ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо │
│(404-статья); │боюнча ыйгарым укуктуу органдары │
│мамлекеттик патент кызматынын │(404-статья); │
│органдары (339, 340, 341, 342, │мамлекеттик патент кызматынын │
│343, 344, 345-статьялар); │органдары (339, 340, 341, 342, │
│маданият тармагындагы ыйгарым │343, 344, 345-статьялар); │
│укуктуу органдары (344-статья); │маданият тармагындагы ыйгарым │
│Улуттук банк (363-статья); │укуктуу органдары (344-статья); │
│(Жыйырма жетинчи абзац КР │Улуттук банк (363-статья); │
│2012-жылдын 16-июлундагы № 111 │(Жыйырма жетинчи абзац КР │
│Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) │2012-жылдын 16-июлундагы № 111 │
│мамлекеттик өрткө каршы кызматынын│Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) │
│органдары (371-статья); │мамлекеттик өрткө каршы кызматынын│
│юстиция органдары (394-статья); │органдары (371-статья); │
│улуттук коопсуздук органдары │юстиция органдары (394-статья); │
│(390-статьянын экинчи бөлүгү, 393,│улуттук коопсуздук органдары │
│409-2, 409-3-статьялар); │(390-статьянын экинчи бөлүгү, 393,│
│финансы полициясынын органдары │409-2, 409-3-статьялар); │
│(305-статьянын экинчи-төртүнчү │финансы полициясынын органдары │
│бөлүктөрү, 340, 400-1-статьялар); │(305-статьянын экинчи-төртүнчү │
│билим берүү мекемелерин │бөлүктөрү, 340, 400-1-статьялар); │
│лицензиялоо жана аттестациялоо │билим берүү мекемелерин │
│боюнча мамлекеттик инспекциясынын │лицензиялоо жана аттестациялоо │
│органдары (417-статья); │боюнча мамлекеттик инспекциясынын │
│архитектура жана курулуш иштери │органдары (417-статья); │
│боюнча органдар 454, │архитектура жана курулуш иштери │
│(476-статьялар); │боюнча органдар 454, │
│банкроттук жөнүндө иштер боюнча │(476-статьялар); │
│органдар (505-1, 505-2, 505-3, │банкроттук жөнүндө иштер боюнча │
│505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8,│органдар (505-1, 505-2, 505-3, │
│505-9, 505-10-статьялар); │505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8,│
│терроризмди каржылоого каршы │505-9, 505-10-статьялар); │
│аракеттенүү жана кылмыш жолу менен│терроризмди каржылоого каршы │
│алынган кирешелерди легалдаштыруу │аракеттенүү жана кылмыш жолу менен│
│(адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу │алынган кирешелерди легалдаштыруу │
│мамлекеттик органдары │(адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу │
│(505-17-статья); │мамлекеттик органдары │
│2) ушул статьянын 1-пунктунун │(505-17-статья); │
│1-пунктчасында каралган учурлардан│2) ушул статьянын 1-пунктунун │
│тышкары, ушул Кодекстин │1-пунктчасында каралган учурлардан│
│354-статьясында каралган │тышкары, ушул Кодекстин │
│администрациялык укук бузуулар │354-статьясында каралган │
│жөнүндө протоколдорду түзүүгө │администрациялык укук бузуулар │
│аткаруу бийлигинин органдарынын, │жөнүндө протоколдорду түзүүгө │
│алардын, мекемелеринин, түзүмдүк │аткаруу бийлигинин органдарынын, │
│бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык │алардын мекемелеринин, түзүмдүк │
│органдарынын, ошондой эле тиешелүү│бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык │
│органдардын компетенцияларынын │органдарынын, ошондой эле тиешелүү│
│чектеринде ишмердүүлүктүн айрым │органдардын компетенцияларынын │
│түрлөрүн лицензиялоону жана │чектеринде ишмердүүлүктүн айрым │
│лицензиялардын шарттарын сактоо │түрлөрүн лицензиялоону жана │
│үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу │лицензиялардын шарттарын сактоо │
│башка мамлекеттик органдардын │үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу │
│кызмат адамдары укуктуу; │башка мамлекеттик органдардын │
│3) ушул Кодекстин 420 жана │кызмат адамдары укуктуу; │
│422-статьяларында каралган │3) ушул Кодекстин 420 жана │
│администрациялык укук бузуулар │422-статьяларында каралган │
│жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот │администрациялык укук бузуулар │
│аткаруучулары, сот приставдары │жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот │
│жана соттун төрагасы же соттун │аткаруучулары, сот приставдары │
│жыйналышына төрагалык кылуучу │жана соттун төрагасы же соттун │
│тарабынан ыйгарым укук берилген │жыйналышына төрагалык кылуучу │
│башка сот кызматкерлери укуктуу. │тарабынан ыйгарым укук берилген │
│2. Ушул Кодекстин │башка сот кызматкерлери укуктуу. │
│509-546-3-статьяларында │2. Ушул Кодекстин │
│көрсөтүлгөн органдардын кароосуна │509-546-3-статьяларында │
│өткөрүлүп берилген │көрсөтүлгөн органдардын кароосуна │
│администрациялык укук бузуулар │өткөрүлүп берилген │
│жөнүндө иштерди кароого ыйгарым │администрациялык укук бузуулар │
│укуктуу кызмат адамдары │жөнүндө иштерди кароого ыйгарым │
│администрациялык укук бузуулар │укуктуу кызмат адамдары │
│жөнүндө протоколдорду түзүүгө │администрациялык укук бузуулар │
│укуктуу. │жөнүндө протоколдорду түзүүгө │
│3. Ушул Кодекстин 20-главасында │укуктуу. │
│каралган фото- жана кино тартуу, │3. Ушул Кодекстин 20-главасында │
│видеожазуу функциялары бар │каралган фото- жана кино тартуу, │
│автоматтык режимде иштеген │видеожазуу функциялары бар │
│сертификацияланган атайын │автоматтык режимде иштеген │
│контролдук-өлчөө техникалык │сертификацияланган атайын │
│каражаттарды колдонуу менен укук │контролдук-өлчөө техникалык │
│бузуулар табылган жана белгиленген│каражаттарды колдонуу менен укук │
│учурларда, администрациялык укук │бузуулар табылган жана белгиленген│
│бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, │учурларда. администрациялык укук │
│ал эми администрациялык укук бузуу│бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, │
│жөнүндө иш козголгон адам │ал эми администрациялык укук бузуу│
│катышпастан, ага карата │жөнүндө иш козголгон адам │
│администрациялык укук бузуу │катышпастан, ага карата │
│тууралуу иш боюнча токтом │администрациялык укук бузуу │
│чыгарылат жана ушул Кодекстин │тууралуу иш боюнча токтом │
│589-статьясында каралган тартипте │чыгарылат жана ушул Кодекстин │
│жол-жоболоштурулат. │589-статьясында каралган тартипте │
│Администрациялык укук бузуу │жол-жоболоштурулат. │
│жөнүндө иш боюнча токтом фото- │Администрациялык укук бузуу │
│жана кино тартуу, видеожазуу │жөнүндө иш боюнча токтом фото- │
│функциялары бар автоматтык режимде│жана кино тартуу, видеожазуу │
│иштеген сертификацияланган атайын │функциялары бар автоматтык режимде│
│контролдук-өлчөө техникалык │иштеген сертификацияланган атайын │
│каражаттарды колдонуу менен │контролдук-өлчөө техникалык │
│алынган материалдарды тиркөө менен│каражаттарды колдонуу менен │
│электрондук документ түрүндө │алынган материалдарды тиркөө менен│
│жол-жоболоштурулат, анын │электрондук документ түрүндө │
│юридикалык күчү администрациялык │жол-жоболоштурулат, анын │
│укук бузуу жөнүндө иштер боюнча │юридикалык күчү администрациялык │
│материалдарды кароого ыйгарым │укук бузуу жөнүндө иштер боюнча │
│укуктуу кызмат адамынын │материалдарды кароого ыйгарым │
│электрондук санарип колтамгасы │укуктуу кызмат адамынын │
│менен тастыкталат. │электрондук санарип колтамгасы │
│Администрациялык укук бузуу │менен тастыкталат. │
│жөнүндө иш боюнча токтом жана │Администрациялык укук бузуу │
│фото- жана кино тартуу, видеожазуу│жөнүндө иш боюнча токтом жана │
│функциялары бар автоматтык режимде│фотожана кино тартуу, видеожазуу │
│иштеген сертификацияланган атайын │функциялары бар автоматтык режимде│
│контролдук-өлчөө техникалык │иштеген сертификацияланган атайын │
│каражаттарын колдонуу менен │контролдук-өлчөө техникалык │
│алынган материалдар электрондук │каражаттарын колдонуу менен │
│документти кагаз түрүндөгү │алынган материалдар электрондук │
│документке которуу аркылуу │документти кагаз түрүндөгү │
│даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү│документке которуу аркылуу │
│аталган токтом чыгарылган күндөн │даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү│
│тартып үч күндүн ичинде почта │аталган токтом чыгарылган күндөн │
│аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү │тартып үч күндүн ичинде почта │
│менен администрациялык укук бузуу │аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү │
│жөнүндө иш козголгон адамга │менен администрациялык укук бузуу │
│жиберилет. (КР 2009-жылдын │жөнүндө иш козголгон адамга │
│3-июлундагы № 202, 2011-жылдын │жиберилет. │
│30-майындагы № 33, 2011-жылдын │(КР 2009-жылдын 3-июлундагы № 202,│
│22-июлундагы № 123, 2011-жылдын │2011-жылдын 30-майындагы № 33, │
│16-декабрындагы № 240, 2012-жылдын│2011-жылдын 22-июлундагы № 123, │
│1-мартындагы № 10, 2012-жылдын │2011-жылдын 16-декабрындагы № 240,│
│16-июлундагы № 111, 2012-жылдын │2012-жылдын 1-мартындагы № 10, │
│25-июлундагы № 142, 2012-жылдын │2012-жылдын 16-июлундагы № 111, │
│10-августундагы № 164 │2012-жылдын 25-июлундагы № 142, │
│Мыйзамдарынын редакцияларына │2012-жылдын 10-августундагы № 164 │
│ылайык) │Мыйзамдарынын редакцияларына │
│ │ылайык) │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|