Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 804 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 479 токтому менен бекитилген
Эмгектин типтүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. "Эмгекти ченемге салуу" түшүнүгүнүн мазмуну
2. Эмгек боюнча нормативдер
3. Эмгек ченеми
4. Эмгек боюнча нормативдик материалдарды иштеп чыгуунун
методикалык негиздери
5. Эмгек боюнча нормативдерди түзүү методикаларын жана схемаларын
иштеп чыгуу
6. Баштапкы маалыматтарды жыйноо жана изилдөө жүргүзүү
7. Баштапкы маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу, нормативдик
көз карандылыкты алуу
8. Эмгек боюнча нормативдик материалдарды тариздөө
9. Ишканадагы эмгек боюнча нормативдик материалдарды текшерүү,
корректировкалоо жана ишке киргизүү
10. Эмгек ченемин кайра карап чыгуу жана алмаштыруу
Бул Эрежелер окшош жумуштар үчүн эмгектин типтүү (тармактар аралык, тармактык (ведомстволук, кесиптик) жана локалдык) ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү тартиптерин аныктайт.
Ишкана жана уюмдардын жумушчуларына методикалык жардам көрсөтүү үчүн багытталган.
1. "Эмгекти ченемге салуу" түшүнүгүнүн мазмуну
1. Эмгекти ченемге салуу кызматкерге эмгек акы төлөө менен түздөн-түз байланышта. Убакыт бирдигинин ичинде белгилүү бир татаалдыктагы (квалификациядагы) эмгек ченемдерин аткаргандыгы үчүн тарифтик чен, ал эми календардык айдын ичинде белгилүү бир татаалдыктагы эмгек (кызматтык) милдеттерин аткаргандыгы үчүн - кызматкердин эмгек акысынын белгиленген өлчөмү катарында эсептелинип, курамына компенсациялык, стимулдоочу жана социалдык төлөмдөр кирбеген айлык акы же кызматтык айлык акы белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин (мындан ары - ЭК) 19-20-беренелерине ылайык эмгек ченемдерин аткаруу кызматкердин, ал эми эмгек келишиминде шартталган жумушту берүү иш берүүчүнүн милдети болуп эсептелет. Мындан тышкары, ЭКнин 180-беренесине ылайык иш берүүчү кызматкерлердин иштеп чыгуу ченемдерин аткарышы үчүн нормалдуу шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
3. Эмгекти ченемге салуу эмгек боюнча нормативдерге (убакыт, сан жана тейлөө убактысы ченемдери), ошондой эле эмгектин типтүү ченемдерине (убакыт, иштеп чыгуу, тейлөө ченемдери) негизделет.
2. Эмгек боюнча нормативдер
Эмгек боюнча нормативдер - бул регламенттештирилген:
- жумуштун айрым жеке элементтерин (комплекстерин) аткарууга, жабдуу бирдигин тейлөөгө, жумуш орунундагы, бригададагы, түзүмдүк бөлүмдөгү ж.б.у.с. коротулган убакыт;
- өндүрүштүк, башкаруу функцияларын же иштин көлөмүн аткаруу үчүн зарыл болгон, конкреттүү уюштуруучулук-техникалык шарттарга жана өндүрүштүк факторлорго жараша өлчөө бирдиги катары кабыл алынган кызматкерлердин санынын мааниси.
3. Эмгек ченеми
4. Убакыт ченеми - бул кайсы бир квалификациядагы кызматкер белгилүү техникалык шарттарда конкреттүү жумушту (операцияны) аткарууга иш берүүчү тарабынан белгиленген убакыт.
Ошону менен катар анын жумушта болуу убактысы жумуш жана тыныгуу учурунан түзүлөт. Жумуш убактысы өз кезегинде негизги, көмөкчү, даярдоочу-жыйынтыктоочу, ошондой эле жумуш ордун тейлөө убактысынан турат.
Негизги убакыт, конкреттүү жумушту (операцияны) аткаруу процесси менен байланышкан түздөн-түз максатка жетишүү аралыгы, ал эми көмөкчү убакыт - кызматкердин негизги жумушту аткарууну камсыздоого короткон мезгили.
Негизги жана көмөкчү убакыттын суммасы оперативдүү убакытты түзөт.
Жумуш ордун тейлөө убактысы жумуш ордун тиешелүү абалда кармап туруу үчүн зарыл. Ал жумуш ордун уюштуруу жана техникалык жактан тейлөө убакыттарынан түзүлөт.
Даярдоочу-жыйынтыктоочу деп, жумушчуларды жана өндүрүш каражаттарын алдыга коюлган жумушту аткарууга жана аяктоого даярдоочу убакыт аталат.
Тыныгуу убактысы, кызматкерден көз каранды болгон жана түрдүү кемчиликтер менен байланышкан тыныгуу мезгилдерин да өзүнө камтыйт.
Кызматкерден көз каранды болгон тыныгуу:
- анын эс алуусу жана жеке керектөөлөрү үчүн;
- ал тарабынан эмгек тартибинин бузулушу (жумушка эртең менен (нөөмөт учурунда) жана түшкү тыныгуу маалында кечигүү, түшкү тыныгуу жана жумуш аяктаар маалында эрте кетип калуу) жана аткаруучуну иштеп жаткан ишинен алаксытуу натыйжалары.
Аныкталган мезгилге бөлүнгөн убакыт ченеми (жумуш убактысы), иш күнү эмес деп эсептелинген майрам күндөрүнүн алдында жумуш убактысынын 1 саатка кыскартылгандыгын эсепке алуу менен жумадагы 40 жана андан азыраак саатты түзгөн мыйзамда белгиленген жумуш убактысынын жумалык узактыгына жараша эсептелет.
Убакыт ченемине ылайык башка эмгек ченемдери эсептелет, мисалы, иштеп чыгуу ченеми, тейлөө ченеми.
Эмгекти ченемге салуу объектиси катары бир кызматкердин же жумушчу топтун бир жумушчу орунда жана бир эмгек предметинин үстүндөгү өндүрүш операциясы (процесстин бөлүгү) эсептелет.
Эмгекти уюштуруу (жекече жана бригадалык) формасына карабастан өндүрүлгөн операциянын ар бир элементи боюнча убакыт ченемин белгилөө үчүн жекече аналитикалык жана эсеп-кысаптык иш жүргүзүлөт.
5. Тейлөө ченеми - бул кызматкердин эсептелген убакыт бирдигинде (нөөмөт, саат, жумуш күнү, жума ж.б.у.с.) конкреттүү техникалык шарттарда аткарууга тийиш болгон жумуштун белгиленген көлөмү (жумуш орундарынын саны, тейленген адамдардын саны, аянттардын квадрат метрлери ж.б.у.с.),
Тейлөө ченемдери жабдууларды тейлөө, аянттарды, жумушчу орундарын ж.б.у.с. тазалоо менен иштеген кызматкерлердин эмгегин ченемге салууга арналган. Мындан тышкары, тейлөө ченемдери убакыт ченеминин негизинде кызматкерлердин эмгектерин ченемге салуу максатка ылайыксыз учурларда убакыт ченемин (иштеп чыгаруу) белгилөө үчүн иштелип чыгат.
Тейлөө ченеми тейленүүчү объектилердин бирдигине белгиленген убакыт ченеминен жана жумуш убактысынын узактыгынын ченеминен келип чыгат.
Көрсөтүлгөн ченемдер менен катар, локалдык ченемдик актылар менен бекитилген, мисалы, персоналдардын санынын штаттык ченеми сыяктуу эмгек ченемдери да колдонулушу мүмкүн.
6. Сандык ченем өндүрүштүк жана башкаруучулук мүнөздөгү конкреттүү жумуш көлөмүн аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү кесиптик-квалификациялык курамдагы кызматкерлердин санын чагылдырат.
Сандык ченемге жараша кесиптери, адистиктери, жумуштун топтору же түрлөрү, жекече функциялар боюнча, бүтүндөй мекеме жана уюм, ошондой эле анын түзүмдүк бөлүмдөрү боюнча эмгектик чыгымдары аныкталат.
7. Эмгек ченемдерине ченемге салынган тапшырма дагы тиешелүү кызматкердин же кызматкерлердин тобу жумуштун сапатына белгиленген талаптарды сактоо менен аныкталган мөөнөттө аткарууга милдеттүү болгон иштин белгиленген көлөмү.
8. Эмгектин типтүү ченемдери окшош технологиялар боюнча, аналогиялык шарттарда, бир же бир нече экономикалык тармактарда аткарылуучу иштер үчүн иштелип чыгат. Аларды тармактар аралык, тармактык (ведомстволук, кесиптик) жана локалдык деп бөлүшөт.
1) Тармактар аралык ченемдер ишканалардын ведомстволук караштуулугуна карабастан жумуштарды аткаруудагы бирдей уюштуруу-техникалык шарттарды түзүү жана бул ишканалардагы кызматкерлердин эмгегин ченемге салуу үчүн иштелип чыгат. Тармактар аралык ченемдер эки же андан көп экономикалык тармактардагы ишканаларда (мекемелерде, уюмдарда) аткарылуучу жумуштардагы эмгекти ченемге салат. Ал, ченемдик-изилдөөчү уюмдардын, тармактардын, мекемелердин, ишканалардын катышуусу астында эмгек боюнча орган тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилет.
2) Тармактык ченемдер белгилүү бир тармак үчүн мүнөздүү болгон жумуштарды ченемге салууга багытталып, экономикалык тармактардагы (чакан тармактардагы) иштерди башкаруу, жөнгө салуу жана координациялоо жүктөлгөн аткаруу бийлигинин органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилет.
3) Локалдык ченемдер, кеңири чөйрөдө колдонулуучу ченемдик материалдары эскирген же таптакыр жок болгон ошол ишкананын уюштуруучулук-техникалык шарттарына жараша иштелип чыгат.
Жумуштун жеке түрлөрүнө карата локалдык ченемдер жана нормативдер, тиешелүү тармактар аралык же тармактык (ведомстволук) нормативдик материалдар (ченемдер жана нормативдер) жок болсо, ошондой эле эмгекти ченемеге салуу үчүн иштеп жаткан тармактар аралык же тармактык (ведомстволук) нормативдик материалдарды иштеп чыгуу учурунда эске алынгандарга салыштырмалуу мекемеде бир топ прогрессивдүү уюштуруу-техникалык шарттар түзүлгөн учурларда иштелип чыгат.
Локалдык эмгек боюнча нормативдерди иштеп чыгуу учурунда, ченемге салуу боюнча теорияда жана практикада кездешкен методикалык жоболорду, ошондой эле эмгек боюнча нормативдердин ар кандай түрлөрүн (чыгымдардын түрлөрү, дифференцияциялоо даражалары, колдонуу чөйрөсү ж.б.) пайдалануу сунушталат. Андыктан, башкаруунун заманбап шарттарынын жана методдорунун өзгөчөлүктөрүн, ишкананын ресурстарын (анын ичинде эмгектик) башкаруу менен байланышкан экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү, ошондой эле эмгек боюнча нормативдерди өз алдынча иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу керек.
9. Эмгек боюнча нормативдердин экономикалык мааниси жогорулагандыгына байланыштуу алар негизги талаптарга ылайык келүүсү зарыл:
- техниканын, технологиянын, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруунун азыркы деңгээли менен өздөштүрүү даражасын чагылдыруу көз карашынан алганда прогрессивдүү болуусу; ченемге келтирилген жумуштарды аткаруу учурунда, анын ичинде эмгекти бөлүштүрүүнүн жана кооперациялоонун, эмгектин методдорунун жана ыкмаларынын, жумуш орундарын уюштуруунун жана тейлөөнүн жана башкалардын ылайыктуу формаларынын кеңири таралган жана рационалдуу варианттарын камтуусу;
- эмгек чыгымдарынын ченемдерин белгилөөнү колдонууга оңой жана ылайыктуу болуусу;
- азыркы технологиянын автоматташтырылган системасынын шарттарында эмгекти ченемге салуу маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк берген алгоритмдерди, формулаларды жана башка маалыматтарды камтуусу.
10. Эмгек боюнча нормативдерди иштеп чыгуудагы негизги талаптар менен катар, төмөнкүдөй атайын талаптарды дагы эске алуу зарыл:
- нормативдердин, нормативдерди колдонуунун тууралыгын камсыздап, ченемге салынган процессти аткаруудагы уюштуруу-техникалык шарттарга жана элементтик курамга карата аныкталгандыгын, белгиленген ченемдердин негиздүүлүгүн жана реалдуулугун, алардын жайылуу мүмкүнчүлүгүн;
- нормативдерди, эмгек процесстерин долбоорлоо учурларында жетишерлик рационалдуу чечимдерди тандап алууга каражат катарында колдонууга мүмкүндүк берген жана алардын нормативдик узактыгын белгилеген, уюштуруу-техникалык шарттарынын (факторлордун) оптималдуу варианттуулугун (универсалдуулугун);
- ченемдердин сапатын жана нормативдердин универсалдуулугун жогорулаткан нормативдер боюнча белгиленген нормативдердин бирдиктүү системасына өндүрүштүн ар кандай типтери үчүн түрдүү деңгээлдеги нормативдерди байланыштырууну;
- нормативдерди колдонууда маанилештикти камсыздоону, аларды тариздөө учурунда эске алуу зарылдыгын;
- ишти жана өндүрүштү өздөштүрүүнү эске алуу менен нормативдик маанилерди белгилөөнү.
11. Эмгек боюнча нормативдик материалдарга коюлган талаптар, аларды иштеп чыгуу убагында жүзөгө ашырылуусу зарыл.
4. Эмгек боюнча нормативдик материалдарды иштеп чыгуунун методикалык негиздери
12. Адистер нормативдерди долбоорлоо учурунда, эмгек боюнча нормативдик материалдарды иштеп чыгуу боюнча жалпы кабыл алынган методикалык жобону колдонуусу зарыл.
13. Эмгек боюнча нормативдерди иштеп чыгуу бир нече этапта ишке ашырылып, мазмуну долбоорлонуп жаткан нормативдердин түрлөрүнө жараша өзгөрүлүүсү мүмкүн.
Негизги ирилештирилген этаптар төмөнкүдөй:
1) нормативдик материалдарды түзүүнүн методикаларын жана схемаларын иштеп чыгуу;
2) баштапкы материалдарды жыйноо жана изилдөө жүргүзүү;
3) баштапкы маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу, нормативдик көз карандылыктарды алуу;
4) эмгек боюнча нормативдик материалдарды тариздөө;
5) эмгек боюнча нормативдик материалдарды текшерүү, корректировкалоо жана ишканаларга жайылтуу.
5. Эмгек боюнча нормативдерди түзүү методикаларын жана схемаларын иштеп чыгуу
14. Нормативдик материалдарды түзүүнүн методикалары жана схемалары ченемге салынган жумуштардын түрлөрүн, продукцияны чыгаруунун көлөмүн жана өндүрүштүн мүнөзүн дайындоо менен аныкталат.
Бул этапта нормативдердин алдын-ала иштелген мазмуну аныкталып, нормативдик таблицанын макети иштелип чыгат, байкоого алуунун зарыл саны, аларды иштеп чыгуунун жолдору жана изилдөө объектиси аныкталат.
15. Нормативдик материалдардын мазмуну, нормативдер иштелип чыгарылуучу жумушту техникалык-ченемге салуу классификациясынын негизинде белгиленет.
Техникалык-ченемге салуу классификациясы ченемге салынган эмгек процессиндеги системалаштырылган жумуш түрлөрүнүн тизмеги менен элементтерин жана аларды аткаруунун узактыгына таасир тийгизүүчү факторлорду камтыйт. Технологиялык процессти классификациялоодо кээ бир жумуштар жалпы белгилер боюнча топтоштурулат, мисалы тетиктерди орнотуу жана чыгаруу, тетиктерди бекитүү, чыгаруу, үйлөө, майлоо ж.б. Эмгек процесси аны элементтерге ажыратууну эске алуу менен классификацияланат: эмгек кыймылдары, аракеттери, ыкмалары ж.б.у.с.
Техникалык-ченемге салуу классификациясында сапаттык (мисалы, ташуу ыкмасы, өлчөө, тетиктерди бекитүү ж.б.), эмгек предметтери (механикалык касиеттери, тетиктердин массасы, иштетилип жаткан үстүңкү беттердин өлчөмү ж.б.) жана эмгек каражаттары (жабдуулар, уюштуруу жана технологиялык жабдууларды аяктоо) менен байланышкан сандык факторлор чагылдырылат. Эмгекти уюштурууну эсепке алуу фактору дагы абдан маанилүү: эмгектин методдору жана ыкмалары, тышкы жана ички пландоо, жабдуу, жумуш орунундагы ыңгайлуу шарт ж.б., ошондой эле нормативдер иштелип чыгарылуучу өндүрүштүк шарттарда өз орду бар, мүмкүн болуучу рационалдык уюштуруучулук варианттарда алардын өзгөрүү чектери.
16. Техникалык-ченемге салуу классификациясынын негизинде келечектеги ченемге салуу картасынын (таблица) макети иштелип чыгат.
Макеттер төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл: нормативдер долбоорлонуп жаткан аткарылуучу жумуштун аталышы, курамы жана мазмуну; жумуш орунундагы эмгекти уюштурууну жана иштин мүнөзүн түшүндүрүүчү эскиздер; ченемге салынган чыгымдардын узактыгына таасирин тийгизүүчү факторлордун аталыштары же шарттуу белгилери, алардын сандык маанилери (же алардын чектери); жумушту аткаруудагы шарттын өзгөрүүсүнө коэффициенттик түзөтүүлөр (сандык маанилерсиз); эскертүүлөр ж.б.у.с.
17. Макетти түзүү учурунда сунушталуучу ченемдик маалыматтардын формасы алдын-алы аныкталат: таблицалар, таблица-номограммалар, графиктер, график-номограммалар, эмпирикалык көз карандылыктар. Эң эле кеңири таркалганы практикалык эсеп жүргүзүү учурунда пайдалануу жөнөкөйлүгү жана оңойлугу менен шартталган таблица саналат.
6. Баштапкы маалыматтарды жыйноо жана изилдөө жүргүзүү
18. Эмгек боюнча нормативдерди долбоорлоодогу баштапкы материалдар төмөнкүлөр:
- ирилештирүү деңгээли долбоорлонуп жаткандан төмөн болгон колдонуудагы нормативдер;
- Кыргызстандын мамстандарттары, техникалык регламенттер, жабдуунун паспорттук маалыматтары, аспаптарга мүнөздөмөлөр, жабдуулар, чийки зат, материалдар;
- өндүрүштүн уюштуруучулук-техникалык шарттары жөнүндө маалыматтар;
- эмгекти уюштуруу жөнүндө маалыматтар: эмгекти бөлүштүрүү жана кооперация, ченемге салынган эмгек процессин ишке ашыруунун методдору жана ыкмалары, жумуш орундарын уюштуруу жана тейлөө, эмгек шарттары;
- аткаруу нормасы, иш жүзүндө чыгымдалган убакыттын деңгээли, жумуш орундарындагы, участкалардагы жана башкалардагы жумушчулардын саны, алардын жайгаштыруулары жөнүндө статистикалык маалыматтар;
- лабораторияларда жана өндүрүштүк шарттарда өткөрүлгөн эксперименттик изилдөөлөрдүн маалыматтары;
- окшош жумуштар боюнча мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр.
19. Эмгек боюнча нормативдерди иштеп чыгуу үчүн негизги маалыматтар байкоолор жана ченөөлөр аркылуу алынган жумуш убактысына кеткен чыгымды иликтөөнүн жыйынтыгы болуп саналат (жумуш күнүнүн фотографиялары жана жабдууларды, хронометраждарды, фотохронометраждарды пайдалануу убакыттары).
20. Эмгек боюнча нормативдерди типтүү эмгек процессинин мазмунунан жана аны ишке ашыруунун типтүү уюштуруучулук-техникалык шарттарынан иштеп чыгууга туура келет. Типтүү катарында бирдей аталыштагы процесстердин бардык жыйындысы үчүн мүнөздүү, ошол эле учурда аталган өндүрүштүн шартында кеңири таркалган бир топ өндүрүмдүү жана максатка ылайыктуу эмгек процесси тандалат. Типтүү эмгек процессинин рационалдуулугунун негизги критерийлери төмөнкүлөр: продукциянын зарыл сапатынын жана жабдуунун өндүрүмдүү пайдаланышынын сакталуусундагы убакыттын минималдуу чыгымдалышы; чаалыгуунун оптималдуу даражасы; ыкчам чыгармачыл өсүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаган мазмундуулук; жумуш коопсуздугу жана нормалдуу жумуш шарты.
21. Изилдөө жүргүзүү учурунда саат шайманы (саат, бир же эки жебелүү секундомер), ченемге салынган процесстин убактысын, мазмунун, түзүмүн жана аткаруу ыкмасын автоматтык түрдө белгилөөгө мүмкүнчүлүк берген атайын аппаратура колдонулат (осциллография, фото- жана киноаппаратура).
22. Эмгек ченемдеринин негиздүүлүгүн жана прогрессивдүүлүгүн камсыздоо максатында аларды иштеп чыгуу учурунда хронометражды, кино тартууну жана эмгек нормативдеринин микроэлементтерин колдонгон максатка ылайык келет.
7. Баштапкы маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу, нормативдик көз карандылыкты алуу
21. Эмгек боюнча нормативдерди иштеп чыгуу үчүн баштапкы материалдар элементтерди аткаруу узактыгына таасир эткен, ченемге салынуучу процесстердин жана факторлордун элементтери боюнча системага салынат. Баштапкы маалыматтарды системага салуунун жыйынтыкталган картасы түзүлөт.
24. Эмгек боюнча ченемдик-изилдөөчү иштерде көбүнчө графоаналитикалык метод жана эң кичине квадраттардын методу, ошондой эле ыктымалдуулук теориясы, күтүү теориясы (массалык кызмат көрсөтүү) статистикалык моделдештирүү жана линиялык программалоону кошкондо башка методдор колдонулат.
25. Баштапкы материалдарды иштеп чыгуудагы математикалык методдордун жардамы менен жумуш убактысынын чыгымдалышына тийгизген факторлорду аягына чейин аныктап, нормативдик чоңдуктардын эсеби үчүн формулаларды чыгарат.
26. Алынган жыйынтыктардын негизинде нормативдик таблицалардын макети такталат.
8. Эмгек боюнча нормативдик материалдарды тариздөө
27. Эмгекти ченемге салуу үчүн нормативдик материалдар төмөнкүлөр: жалпы бөлүм; колдонуудагы жабдууга жана жабдуу ишине, ченемге салынуучу процесс технологиясына мүнөздөмө; эмгекти жана өндүрүштү уюштуруудагы оптималдуу варианттар; нормативдик бөлүм.
28. Нормативдик бөлүмдү иштеп чыгуу учурунда нормативдик чоңдуктарды сунуштоонун формасы аныкталат (эмпирикалык, графикалык жана таблица түрүндө). Эң эле кеңири формасы болуп, негизги бөлүмдөн жана оңдоп-түзөө коэффициенттеринен турган нормативдик таблица саналат. Анын мазмуну даярдоочу этапта түзүлгөн макетке дал келет.
29. Нормативдик таблицаны иштеп чыгуу учурунда эмгек чыгымдарынын нормативдик чоңдуктарына таасирин тийгизген негизги факторлордун маанилери, типтүү эмгек процесси жана аны жүзөгө ашыруу шарттары такталат жана корректировкаланат; эсепке алынбаган факторлордун таасиринен көз карандылыкта нормативдик чоңдуктардын өзгөрүүсүн эсепке алган оңдоп-түзөө коэффициенти (сапаттык жана сандык); конкреттүү өндүрүш шарттарында негизделген эмгек ченемин белгилөөдө талап кылынган тактыкты камсыздаган нормативдердин түзүлүшү ишке ашырылат (изделүүчү нормативдик чоңдуктардын катары).
30. Сандык факторлордун мааниси адатта "чейин" (мисалы, "масса килограмм менен" же "масса килограмм менен чейин") жазуусу менен интервалдар же конкреттүү чоңдуктар (фактордун эки чектеш мааниси үчүн орточо), ал эми нормативдер - фактордун берилген интервалы үчүн орточо болуп эсептелген конкреттүү чоңдук түрүндө келтирилет.
31. Нормативдерди колдонуу ыңгайлуу болуш үчүн факторлордун сандык маанилерин жана нормативдик чоңдуктарды тегеректеп берүү туура.
9. Ишканадагы эмгек боюнча нормативдик материалдарды текшерүү, корректировкалоо жана ишке киргизүү
32. Иштелип чыккан эмгек боюнча нормативдерди текшерүүнүн негизги милдети алардын прогрессивдүүлүгүн, негиздүүлүгүн ырастоо, ошондой эле аларды өндүрүшкө киргизүүнүн жолдорун аныктоо болуп саналат.
33. Иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирге текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленет:
- уюштуруучулук-техникалык шарттын кабыл алынган нормативдерге, техниканын, технологиянын, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруунун заманбап деңгээлине ылайык келүүсү;
- нормативдерди иштеп чыгуу учурунда кабыл алынган таасир этүү факторлорун тандоонун тууралыгы;
- нормативдерде ченемге салынган жумушту аткаруудагы эң эле кеңири таркалган жана мүнөздүү технологиялык жана уюштуруучулук варианттардын камтылуу даражасы;
- ошол өндүрүштүн шартында ченемди эсептөөнү пайдалануу ыңгайлуулугу;
- нормативдер боюнча эсептелген ченемди аткаруу деңгээли;
- эмгек процессин долбоорлоонун натыйжасында эмгекти көп талап кылуу чоңдугун төмөндөтүү жана долбоорлонгон нормативдерде каралгандай жабдуулардын прогрессивдүү режимдерде иштөөсүн жайылтуу.
34. Эмгек боюнча нормативдерге берилген сунуштар жана эскертүүлөр эске алынып иштелип бүтүп, корректировкаланган соң, ишканада белгиленген тартипке ылайык өндүрүшкө киргизүү үчүн жиберилет. Нормативдерди өндүрүшкө кеңири жайылтуунун маанилүү өбөлгөсү болуп, нормативдерди иштеп чыгуу учурунда кабыл алынгандарга ылайык ар бир жумуш орунунда уюштуруучулук-техникалык шарттарды түзүү саналат.
35. Эмгек боюнча нормативдерди өндүрүшкө киргизүү - аны иштеп чыгуунун акыркы этабы.
10. Эмгек ченемин кайра карап чыгуу жана алмаштыруу
36. Эмгек ченемдерин текшерүү жана аттестациялоо жумуш ордун аттестациялоо процессинде ишке ашырылат. Эгерде аттестациялоо иш чаралары аткарылбаса, эмгек ченемдерин текшерүү үч жылда бир жолудан кем эмес текшерилиш керек.
37. Жаңы эмгек акы шартын киргизүү багытын даярдоодо, эмгек ченемдерин текшерүү пландуу же кезексиз жумуш ордун аттестациялоо процессинде ишке ашырылат. Ошону менен бирге бардык колдонулуп жаткан эмгек ченемдери талдоого алынат.
38. Эмгек ченемдерин кайра карап чыгуу жана алмаштыруу жумушу прогрессивдүү эмгек ченемин, ченемдик тапшырмаларды кеңири колдонуунун негизинде эмгек ченеминин деңгээлин бир кыйла көтөрүүгө жана ушунун эсебинен продукциянын (иштердин) жумуш көлөмүн азайтууну камсыз кылууга багытталууга тийиш.
39. Кайра киргизилген эмгек ченеми уюмда колдонулган техникага, технологияга, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруу деңгээлине ылайык келүүсү зарыл, ал эми эмгек ченемин кайра кароо төмөнкү эки учурда гана мүмкүн.
Биринчиден, эмгек ченемдери эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыз кылуучу жаңы техниканын, технологиянын, болбосо башка уюштуруучулук иш-чаралардын өркүндөтүлүшүнө же жайылтылышына жараша кайра каралышы мүмкүн. Бул учурда ченем көбөйүшү мүмкүн, бирок мындан сөзсүз түрдө алар кайра каралышы же көбөйтүлүшү мүмкүн деген жыйынтык чыгарууга болбойт.
Экинчиден, эмгек ченемдери иштен жешилген жана моралдык жактан эскирген жабдыктар колдонулган учурда кайра каралышы мүмкүн. Бул учурда ченемдер кайра каралышы мүмкүн, бирок төмөндөтүү жагына, анткени ченемди кайра карап чыгуу табигый эскерген жабдууда иш аткаруу менен байланышкан. Эгерде сөз моралдык жактан эскирген жабдууну пайдалануу жөнүндө жүрүп жатса ал ченемди төмөндөтүүгө негиз болбойт, анткени ал жабдуунун тамтыгы чыга элек, а түгүл жаңы болушу мүмкүн.
40. Башка учурларда эмгек ченемин кайра карап чыгуу эмгек мыйзамдарында каралган эмес, ал эми иш берүүчү төмөнкүлөр сыяктуу мотивдер менен эмгек ченемин өзгөртүүгө укуксуз:
- эмгек акынын эң төмөнкү жаңы өлчөмүнүн киргизүүгө (мындан ары ЭТӨ), анткени ЭТӨнү көбөйтүү эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүн эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумунун чоңдугуна жакындатууга шартталган;
- товарларга жана тейлөөлөргө керектөөчүлүк баанын өскөндүгүнө байланыштуу эмгек акынын реалдуу наркынын деңгээлин жогорулатууну камсыздоо максатында кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга.
41. Иш берүүчү жаңы эмгек ченемдерин киргизгенге чейин кызматкерлердин жаңы эмгек ченемдери боюнча жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын камсыздаган атайын уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды өткөрүүсү зарыл:
- жумуш орундарында жаңы ченемде белгиленгенге ылайык зарыл шарттарды түзүү;
- кызматкерлерди жаңы ченем боюнча иш учурундагы эмгектин оордугунун жана чыңалуусунун оптималдуу деңгээлин камсыздоочу, ишти аткаруунун методдоруна жана ыкмаларына окутуп-үйрөтүү;
- жаңы ченемдерди өздөштүрүү мөөнөтүн белгилөө, т.а. жаңы ченемдерге акырындап өтүүнү камсыз кылуу.
42. Кызматкердин макулдугусуз, жумушту аткаруу көлөмүнүн көбөйүшүнө, кызматтык милдеттин айкалышуусуна, ошондой эле толук эмес жумуш убактысынын киргизилгендигине байланыштуу эмгек келишиминин шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн эмес.
43. Эмгекти ченемге салууну системалуу уюштурууга кызматкердин иштеп чыгуу ченемдерин аткаруусу үчүн иш берүүчүнүн нормалдуу шарттарды камсыздап берүүсү кирет. Атап айтканда, мындай шарттарга төмөнкүлөр кирет:
- имараттын, курулмалардын, машиналардын, технологиялык жабдыктардын жана башка жабдуулардын оң абалда болушу;
- иштөө үчүн техникалык жана башка зарыл документтер менен өз убагында камсыздоо;
- ишти аткаруу үчүн материалдардын, аспаптардын, башка каражаттардын жана буюмдардын тийиштүү сапатта болушу, алардын кызматкерге өз убагында берилиши;
- эмгек шарттарынын (санитария-гигиеналык, психофизиологиялык, эстетикалык, социалдык-психологиялык) эмгекти коргоонун жана өндүрүштүк коопсуздуктун талаптарына ылайык келиши.
44. Нормалдуу эмгек шарттарын түзүү зарылчылыгы жөнүндө жобону Уюмдун ички эмгек тартибинин эрежесине кошуу керек. Жамааттык келишимге мындай жоболорду киргизүү же көрсөтүлгөн эрежелер, жумушчу орундарында нормалдуу эмгек шарттарын түзө турган жактын жоопкерчилигин жогорулатат.
45. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек ченемин кайра карап чыгуу эмгек келишиминин шарттарынын өзгөрүүсү, тагыраак айтканда эмгек акынын шарттарынын өзгөрүүсү болуп саналат, демек иш берүүчү мындай учурларда ЭКнин 71-беренесинде каралгандай талаптарды сактоого милдеттүү.
46. Эмгек ченемдерин өзгөртүү кызматкердин дагы, кызматкердин кызыкчылыгын коргоочу органдын дагы макулдугун талап кылат. Адатта бул шайлануучу профсоюздук орган. Ал жок болсо же профсоюздук орган ошол иш берүүчүнүн кызматкерлеринин теңинен көбүрөөгүн камтыбаса, башкача айтканда локалдык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктө бардык кызматкерлердин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга ээ болбосо көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кызматкерлердин жалпы чогулушунда (конференцияда) жашырын добуш берүү жолу менен кызматкерлердин ичинен башка өкүл (өкүлдүк орган) шайланышы мүмкүн.
47. Иш берүүчү жаңы эмгек ченемдерин киргизүү жөнүндө чечимин кабыл алардан мурда (колдонуудагыларды өзгөртүү же жокко чыгаруу) локалдык ченемдик актынын долбоорун жана ага карата негиздемени кызматкерлердин өкүлдүк органына жиберет.
Кызматкерлердин өкүлдүк органы көрсөтүлгөн локалдык ченемдик актынын долбоорун алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей иш берүүчүгө долбоор боюнча кат жүзүндө жүйөлүү пикирлерин жөнөтөт.
Эгерде баштапкы профсоюздук уюмдун шайлануучу органынын жүйөлүү пикири локалдык ченемдик актынын долбоору менен дал келбесе же аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды камтыса, иш берүүчү макул болушу мүмкүн же жүйөлүү пикирди алгандан кийин үч күндүн ичинде эки тарапка тең жаккан чечимге жетишүү максатында кызматкерлердин баштапкы профсоюздук уюмунун шайлануучу органы менен кошумча консультацияларды өткөрөт.
Макулдашууга жетише алышпаса, пикир келишпестиктер протоколго түшүрүлөт, андан кийин иш берүүчү локалдык актыны кабыл алууга укуктуу, бул боюнча кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы тиешелүү мамлекеттик органга же сотко арыз бере алат.
48. Иш берүүчү жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жамааттык келишимди түзүүгө жана жамааттык келишимди же макулдашууну жана алардын аткарылышын контролдоо үчүн зарыл болгон эмгекти ченемге салуу боюнча толук жана так маалыматтарды кызматкерлердин өкүлдөрүнө сунуштоого милдеттүү.
49. Эмгек ченеминин жогорулатылышынын негиздүүлүгүн текшерүү учурунда төмөнкүлөргө көңүл бурулуусу зарыл:
- жаңы техниканын жана технологиянын болуусу;
- иш жүзүндөгү уюштуруучулук-техникалык шарттардын жумушту аткаруу учурунда ылайык келбестиги;
- эмгек чыгымдарын төмөндөтүү;
- жаңы ченемдердин прогрессивдүүлүгүнүн камсыздалышы;
- эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, ишти аткаруудагы эмгекти көп талап кылуучулукту төмөндөтүүнү жана эмгек чыгымдарын кыскартуунун эсебинен санды кыскартууну камсыз кылган, техникалык өнүктүрүү жана жаңы методдорду өркүндөтүү иш-чараларын ишке ашыруу;
- жумуштардын жаңы түрлөрүнө жана мурда эмгекти ченемге салуу камтылбаган жумуштарга ченемдерди иштеп чыгуу.
Төмөнкүлөрдү белгилөө зарыл: кызматкерлер ченемдин өзгөртүлгөндүгү жана кайра каралгандыгы тууралуу кандай жолдор менен маалымдалган; жаңы ченемдерде колдонулуучу методдор, ыкмалар жана шарттар боюнча инструктаж өткөрүлгөнбү; бул жамааттык келишимдин, макулдашуунун өз ара милдеттерине кандайча ылайык келет; кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын пикирлери кандай тартипте эсепке алынган.
50. Жаңы эмгек ченемдери уюмдун буйругу менен киргизилет. Эмгектин жаңы ченемдерин киргизүү жөнүндө кызматкерлер жана кызматчылар алдын ала, бирок жок дегенде бир ай мурда маалымдалууга тийиш.
51. Колдонулуудагы эмгек ченемдерине өзгөртүүлөрдүн, эмгек акы шарттарынын жана анын өбөлгөсүнүн негиздерин түшүндүрүү, ар бир жумушчуга (бригадага) жаңы эмгек ченемдерин белгилөөдө каралган эмгек методдору жана ыкмалары менен тааныштыруу жумуш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
Жаңы эмгек ченемдерин киргизүү материалдык дем берүүнүн тиешелүү чаралары менен коштолуусу зарыл.