Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 488 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги (мындан ары - Агенттик) Кыргыз Республикасынын аймагында адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, калктуу конуштарды, материалдык байлыктарды коргоо максатында иштеген, өрт өчүрүү, анын алдын алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүгү болуп эсептелет.
2. Агенттик мамлекеттик мекеме болуп саналат жана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттиктин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги".
расмий тилде: "Агентство государственной противопожарной службы при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
4. Юридикалык дареги: 720633, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү, 128.
5. Агенттик мамлекеттик мекеме болуп саналат жана аскер кызматчылары, мамлекеттик кызматчылар, кызматчылар, кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдар менен комплекттелет. Агенттиктин аскер кызматчылары аскердик кийим формасы, символикалар жана айырмалоо белгилери менен камсыздандырылат. Атайын техникалары символикалар жана атайын сигналдар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык жабдылат.
6. Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышка, эмблемага, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мөөргө, бланктарга, штамптарга, Кыргыз Республикасынын казыналыгынын системасында жана банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерге ээ болот. Агенттик обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ болуп жана милдеттенмелерди ала алат, соттордо доочу жана жоопкер катары чыга алат.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттигинин укуктук мураскери болуп эсептелет.
2. Агенттиктин милдеттери
8. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- өрт өчүрүү жана алдын алуу жаатында мамлекеттик иш-чараларды иштеп чыгууну уюштуруу;
- кадрларды кесиптик даярдоо.
3. Агенттиктин функциялары
9. Агенттик өз ишинде төмөнкүдөй негизги функцияларды жүргүзөт:
- өрт өчүрүү жана алдын алуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин, эрежелердин жана башка ченемдик документтердин же ушул талаптар белгилене турган долбоорлорун иштеп чыгат, карап чыгат жана макулдашат;
- курулуш объекттерин реконструкциялоонун жана кайра профилдөөнүн долбоордук документтерин жеке жана юридикалык жактардын расмий кайрылуусу боюнча жана эрежелерге шайкеш келүүсү жөнүндө корутундуну берүү менен өрткө каршы ченемге алып келет жана макулдашат;
- жеке жана юридикалык жактардын расмий кайрылуусуна жараша долбоордогу, курулуп, ошондой эле ишке киргизилип жаткан имараттардын, ошондой эле заттардын, товарлардын, материалдардын, орнотмолордун, агрегаттардын өрткө каршы ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги боюнча корутундуну тастыктоону жүргүзөт;
- өрттөрдү өчүрүү жана алдын алуу жаатында региондорду, аймактарды, тармактарды жана ишканаларды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышат;
- жайларды, имараттарды, курулмаларды, орнотмолорду жана агрегаттарды өрттөн жана күйүүчү заттардан автоматтык коргоо тутумун жана каражаттарын киргизүү боюнча иштерди аткарат, кабыл алынган тутумдун ишке кирүүсүнө тиешелүү акт түзөт.
Ошондой эле Агенттик өзүнүн ишмердүүлүгүндө төмөнкү функцияларды аткарат:
1) жөнгө салуу:
- өрттүн жана анын залалдарынын эсебин алат;
- ыктыярдуу өрткө каршы түзүмдөрдү түзүүгө, чыңдоого жана ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- өрткө каршы үгүт иштерин жүргүзөт;
- өрт өчүрүү жана аны менен байланышкан куткаруу иштерин уюштурат жана жүзөгө ашырат;
2) координациялоо жана өз ара аракеттешүү:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, мекеме, ишканалар жана уюмдар менен биргеликте күчтөрдү жана каражаттарды өрт өчүрүүгө тартуу тартибин иштеп чыгып, күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын контролдойт;
- өрт өчүрүүдө ведомстволук, ыктыярдуу жана башка өрткө каршы түзүмдөрдү, өрт өчүрүүгө тартылган башка күчтөрдү жана каражаттарды оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
- мобилизациялык иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө белгиленген башка функцияларды аткарат;
- өзүнө материалдык-техникалык камсыздоону жүргүзөт, каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн маселелерин өз алдынча чечет;
3) кызмат көрсөтүү:
- өрт коопсуздугунун чаралары боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматкерлерди, студенттерди, окуучуларды окутуу;
4) колдоо:
- Агенттиктин кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону, квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштурат жана жүзөгө ашырат, окуу процессинде программалык-усулдук камсыздоону жүргүзөт;
- мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип өзгөчө кырдаалда жабыр тарткан калктын баштапкы тиричилигин камсыздоо боюнча иштерди уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдарда өрттүн алдын алуу жана өчүрүү аракеттери боюнча үгүт иштерин жүргүзөт жана билимдерди жайылтат.
4. Агенттиктин укуктары
10. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- өрт өчүрүүдө ишканалардын байланыш каражаттарынан тоскоолдуксуз пайдаланууга;
- өрт өчүрүүгө ишканалардын бул максат үчүн ылайыкташкан техникасын тартууга;
- өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу зоналарында транспорт каражаттарынын кыймылын жана жарандардын кирүүсүн чектөө боюнча чара көрүүгө;
- өрт жөнүндө калкты кабардар кылуу жана маалымат берүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тартууга;
- өрт өчүрүүдө же ага байланышкан куткаруу иштерин жүргүзүүдө өз компетенциясынын чегинде ишканалар, кызмат адамдары жана жарандар милдеттүү түрдө аткара турган чечимдерди кабыл алууга.
11. Агенттиктин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- өрт өчүрүүдө же аны менен байланышкан куткаруу иштерин жүргүзүүдө өрт таркаган же өрттүн коркунучтуу факторлору таркашы мүмкүн болгон баардык өндүрүштүк, турак жана башка жайларга (курулмаларга) сутканын бардык убагында тоскоолдуксуз кирүүгө, зарыл болгон учурларда эшиктерди, терезелерди жана коргоочу тосмолорду ачып кирүүгө;
- мамлекеттик органдардан, администрациялык ведомстволордон, мекемелерден, уюмдардан, ишканалардан, кызмат адамдарынан, менчик ээлеринен жана жарандардан өрт коопсуздугунун абалы жөнүндөгү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле өрт жана анын залалдары жөнүндө маалыматтарды алууга.
5. Агенттиктин ишмердүүлүгүн уюштуруу
12. Агенттиктин ишмердүүлүгүн уюштурууну пландоонун негизинде, кызматтык ишмердүүлүктүн маселелерин чечүүдө жана коллективдүү талкуулоодо бир башчылыкты, ар бир кызматкерге тапшырылган иштин участогунда иштин абалы жана өзүнчө тапшырмаларды аткаруусу үчүн жеке жоопкерчиликти айкалыштыруу менен жүргүзүлөт.
13. Агенттикти Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна дайындаган жана кызмат ордунан бошоткон директор жетектейт. Директор кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, негизги жана жүгүртүү фонддору, агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жүзөгө ашырылышы жана өзүнүн функцияларынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
Директор:
- Агенттиктин аппаратынын ишин жетектейт, Агенттикке түздөн-түз баш ийген бөлүктөргө жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Агенттиктин региондук жана аймактык органдарына жетекчилик кылат;
- Агенттиктин ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүктөрүнүн функцияларын аныктайт жана кызматкерлердин, тикелей баш ийген бөлүмдөрдүн, Агенттиктин региондук жана аймактык органдарынын начальниктеринин, башкармалыктардын начальниктеринин жана алардын орун басарларынын функционалдык милдеттерин бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде аскер кызматчыларын Агенттиктин аскер кызматына аныктайт, мамлекеттик кызматчыларды жана кызматчыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат орундарына дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- белгиленген тартипте кесиптик өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн штатын бекитет;
- Агенттиктин кенже жетекчи курамына аскердик наамдарды, аскердик "старшина" наамын ыйгарат;
- Агенттиктин аскер кызматчыларына "прапорщик", "улук прапорщик" аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө министрдин тейлөөчү орун басарына сунуш киргизет;
- Агенттиктин аскер кызматчыларына "кенже лейтенант" аскердик наамынан тартып "полковник" аскер наамын ыйгаруу жөнүндө министрге сунуш киргизет;
- өз компетенциясынын чегинде Агенттиктин аскер кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларын, кызматчыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйлайт жана жаза колдонот;
- белгиленген тартип боюнча Агенттиктин аскер кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларын жана кызматчыларын өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого материалдарды сунуштайт;
- кызмат ордуларынын номенклатурасынын чегинде Агенттиктин өздүк курамын аттестациялоону уюштурат жана жүргүзөт, Министрликтен аттестациядан жана конкурстук тандоодон өтүүчү аскер кызматчыларына жана мамлекеттик кызматчыларына материалдарды даярдайт;
- Агенттиктин аскер кызматчыларына, мамлекеттик кызматчыларына, кызматчыларына, түздөн-түз баш ийген түзүмдөрдүн, аймактык жана региондук органдардын, башкармалыктардын башчыларына өргүүнүн бардык түрүнө уруксат берет;
- Агенттиктин аймактык жана региондук органдардын, башкармалыктардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн ишин контролдоону уюштурат;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин жана башка бөлүктөрдүн түзүмүн өркүндөтүү боюнча министрге сунуш киргизет;
- Агенттиктин, ошондой эле түздөн-түз баш ийген бөлүктөрдүн аскер кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматчыларынын жана кызматчыларынын турак-жай жана башка социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууга чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, башка уюмдарда, анын ичинде эл аралык уюмдарда өрттүн алдын алуу жана өчүрүү маселелери боюнча Агенттиктин өкүлү катары чыгат;
- Агенттикке бөлүнгөн финансы каражаттарын (анын ичинде валюталык) жана материалдык ресурстарын белгиленген тартипте пайдаланат.
14. Директор өзүнүн кээ бир укуктарын ага баш ийген кызмат адамдарына ыйгарып берүүгө укуктуу.
15. Агенттиктин директорунун сунушу боюнча директордун Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат орунга дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу орун басарлары болот.
16. Директор болбогон учурда (өргүүдө, иш сапарында, ооруп калган учурда) анын милдетин Агенттиктин директору аныктаган орун басарларынын бири аткарат. Директордун милдетин аткаруу учурунда анын орун басары директордун бардык укугуна ээ болот.
17. Агенттикте аскер кызматын өтөө жалпы аскердик милдетти аткаруу болуп саналат, ал эми Агенттиктин бардык аскер кызматчылары аскер кызматында деп эсептелет.
18. Агенттиктин аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөөсүнүн шарты жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
6. Агенттикти каржылоо
19. Агенттиктин ишмердүүлүгүн каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо республикалык бюджеттин, салымдардын, кайрымдуулуктардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт. Каржылоо каражаттары өрт кырсыгын болтурбоо үчүн алдын алуу иш чараларын жүргүзүүгө, материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга, ошондой эле өздүк курамды социалдык коргоого жана эмгегине дем берүүгө жумшалат.
Агенттиктин ишканаларды коргоо боюнча бөлүмдөрүн имарат, жайлар, өрт техникасы, жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле аларды техникалык пайдалануу жана оңдоп-түзөө келишимдин негизинде ишкананын администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
20. Агенттик ишинин жыйынтыгы боюнча оперативдүү жана бухгалтердик эсепти өз алдынча жүргүзөт, статистикалык отчетту жүргүзөт жана мамлекеттик статистика органдарына статистикалык отчеттун маалыматтарын берет жана алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Каржылык ишмердикти эсепке алуу жана контролдоо үчүн Агенттик келишимдик негизде ушул багытта атайын адистешкен, анын ичинде аудитордук уюмдардын кызматынан колдонууга укуктуу.
22. Бухгалтердик эсептин уюштурулушуна, абалына жана аныктыгына, тиешелүү органдарга жылдык жана башка каржылык отчеттун өз убагында берилишине, ошондой эле кредиторлорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына берилген маалыматтар үчүн жоопкерчиликти директор тартат.
7. Агенттиктин ишин токтотуу
23. Агенттиктин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аны өзгөртүп түзүү же болбосо жоюу жолу менен жүргүзүлөт.
24. Агенттиктин ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.