Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 499 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгү жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) кызыкчылыктарын көрсөтүүнү жана Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары Өкмөттүн Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Өкүлчүлүк Жогорку Кеңеште Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелеринин өтүшү, Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы, парламенттин, фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын суроо-талаптарын кароо маселелери, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара аракетинин башка маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт.
4. Өкүлчүлүк өзүнүн карамагына тийиштүү маселелер боюнча Жогорку Кеңеш, Жогорку Кеңештин фракцияларынын коалициялары, фракциялары, комитеттери, депутаттары жана Жогорку Кеңештин Аппараты, Президенттин Жогорку Кеңештеги Ыйгарым укуктуу өкүлү, Президенттин Аппараты, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте иштешет.
5. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелишет.
Өкүлчүлүктү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү (мындан ары - Туруктуу өкүл) жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Туруктуу өкүл Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары болуп эсептелет.
Туруктуу өкүлдүн эки орун басары болот, аларды Туруктуу өкүл менен макулдашып, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрдин сунушу боюнча Премьер-министр кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Туруктуу өкүл жок учурда орун басарларынын бири убактылуу анын милдетин аткарат.
Эксперттер Туруктуу өкүлдүн сунушу боюнча Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр тарабынан кызматка дайындалышат жана бошотулушат.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүгө, мамлекеттик кызматкердин этикасын, эмгек тартибин сактоого жана кызматтык милдеттерин аткарууга жеке жоопкерчилик тартууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам тарабынан корголгон башка сырларды сактоого, жашырындуулук режимин сактоого, анын ичинде мыйзамда белгиленген мезгилдин ичинде мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин дагы сактоого милдеттүү.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кызматкердин класстык чини ыйгарылат.
6. Өкүлчүлүктүн штаттык расписаниеси Премьер-министр тарабынан бекитилет.
II. Өкүлчүлүктүн милдеттери жана функциялары
7. Өкүлчүлүктүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Жогорку Кеңеште Өкмөттүн кызыкчылыгын коргоо;
- Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен натыйжалуу жана ыкчам өз ара байланышта иштешүүсүн камсыздоо;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерин пландоону координациялоо.
8. Өкүлчүлүк алдына коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Жогорку Кеңеште Өкмөттүн атынан чыгат;
- министрликтердин, ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жогорку Кеңештин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, парламенттин, Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптарын аткарууларын контролдойт жана талдайт;
- Жогорку Кеңеште угулуучу Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин ар жылдык отчетун даярдоо боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;
- Жогорку Кеңеште өтүүчү "өкмөттүк күнгө" жана "өкмөттүк саатка" материалдарды даярдоо боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин координациялайт;
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрдин буйруктарынын долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелеринин Жогорку Кеңеште өтүшүн контролдойт;
- Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жана башка аткаруу бийлиги органдарынын ишин контролдойт;
- Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруу бийлиги органдарынын аткарышын контролдойт;
- Жогорку Кеңештин Регламентинин, Өкмөттүн Регламентинин, Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин, Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүүгө жана кароого даярдоо жана тариздөө стандарттарынын талаптарын аткарууну контролдойт;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерин пландоону координациялайт жана Жогорку Кеңештин кезексиз тартипте кароосу үчүн Өкмөт демилге кылган кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин түзөт;
- Жогорку Кеңештин иши жөнүндө, Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу процессинин абалы жөнүндө Өкмөттүн жетекчилигине маалымдайт;
- Өкмөт тарабынан демилге кылынган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин комитеттеринде, фракцияларында, фракцияларынын коалициясында, жыйындарында каралган учурда аныкталган кемчиликтерге талдоо жүргүзөт;
- мыйзам чыгаруу демилгеси субъекттери тарабынан киргизилүүчү мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн корутундусун өз учурунда даярдоого карата министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерин жана анын Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоорлорун кайра чакыртып алуу боюнча министрликтердин, ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин координациялайт;
- Өкмөттүн демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин каршылыгына мониторинг жүргүзөт;
- мыйзам долбоорлорунун электрондук базасынын абалын түзөт жана контролдойт;
- Өкмөт мүчөлөрүнүн, Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган аткаруу бийлиги органдарынын башка кызмат адамдарынын келүүсүн камсыздоодо Жогорку Кеңештин Аппаратына көмөктөшөт;
- мыйзамдарда каралган башка функцияларды ишке ашырат.
III. Өкүлчүлүктүн ыйгарым укуктары
9. Өкүлчүлүк коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, министрликтерден, ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан жана юридикалык жактардан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Өкмөт, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр тарабынан тапшырылган маселелерди оперативдүү тартипте чечүү үчүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, парламенттин, Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талаптарын аткарууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин зарыл учурда чакырууга;
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөт, Премьер-министр, вице-премьерлер, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр жана Жогорку Кеңеш тарабынан карала турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарыл учурда министрликтердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин алардын жетекчилеринин макулдугу боюнча ишке тартууга;
- жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга;
- Өкмөттүн маалымат ресурстарын, ошондой эле болгон байланыш системасын жана коммуникацияларды, анын ичинде атайын системаны белгиленген тартипте пайдаланууга.
IV. Өкүлчүлүктүн жетекчилиги жана кызматкерлери
10. Жогорку Кеңештеги Туруктуу өкүл - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Өкүлчүлүккө түздөн-түз жетекчилик жүргүзөт. Өкүлчүлүккө жүктөлгөн милдеттерди тиешелүү аткарууга жоопкерчилик тартат.
Ушуга байланыштуу:
- Өкүлчүлүктүн ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат;
- кызматкерлер ортосунда иш милдеттерин жана аткарууга келген документтерди бөлүштүрөт жана тийиштүү кызматтык тартипти камсыз кылат;
- документтерди жана тапшырмаларды кызматкерлердин аткаруусун контролдойт;
- Өкүлчүлүктүн кароосуна түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, башка документтерге виза коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коет;
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматкерлер менен кеңешме өткөрөт;
- Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрде болгон кеңешмелерге катышат;
- Жогорку Кеңештин жыйындарына, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун иштерине Өкмөттүн атайын чечимисиз катышат;
- Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер боюнча Өкмөттүн позициясын билдирүү менен Өкмөттүн атынан чыгып сүйлөйт;
- Өкмөт демилге кылган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш жана анын органдары караган учурда расмий өкүлдөрдүн (мыйзам долбоору боюнча докладчы) позициялары дал келбеген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий позициясын билдирет;
- Жогорку Кеңештин жыйындарына, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн катышуусун контролдойт;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлору боюнча расмий өкүлдөрүнүн катышуусу мүмкүн болбогон учурда аларды убактылуу алмаштыруу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин Төрагасы, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин жетекчилери менен ыкчам тартипте макулдашат;
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын министрликтердин, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын аткаруусун контролдоону камсыз кылат;
- ушул Жобонун 4-пунктунда саналган кызмат адамдары жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
- Өкмөт, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр тарабынан тапшырылган маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырат;
- Өкмөт, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерин алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча ишке тартат, Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча алардын маалыматтарын угат;
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин (аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселеден башка) жана алардын орун басарларын сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин сыйлаганга көргөзөт, тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизет;
- Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштурат;
- Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Туруктуу өкүл Өкүлчүлүктө жашырындык режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарууга жатпаган маалыматтарды айтууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт.
11. Туруктуу өкүлдүн орун басары:
- Туруктуу өкүл жок учурда анын ордун алмаштырат;
- Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинде болгон кеңешмелерге катышат;
- Жогорку Кеңештин жыйындарына, парламенттик көпчүлүк коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана жумушчу топтордун иштерине Өкмөттүн атайын чечимисиз катышат;
- Жогорку Кеңештин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, парламенттин, Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талабын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аткаруу бийлиги органдарынын аткаруусун контролдойт;
- Жогорку Кеңеште Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин ар жылдык отчетун даярдоо боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин координациялайт;
- Жогорку Кеңеште "өкмөттүк күнгө" жана "өкмөттүк саатка" карата материалдарды даярдоо боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин координациялайт;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо бөлүгүндө өкүлчүлүктүн ишин тейлейт;
- Өкмөттүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын аткарылышын координациялайт;
- Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилге кылынган мыйзам долбоорлоруна Өкмөттүн корутундусунун долбоорлорун даярдоо боюнча иштерди координациялайт;
- мыйзам долбоорлоо иштери боюнча маалыматтар базасын түзүү, жыйындарга, кеңешмелерге материалдарды даярдоо жана мыйзам долбоорлору боюнча талдоо материалдарын иштеп чыгуу бөлүгүндө өкүлчүлүктүн эксперттик тобун жетектейт;
- эксперттердин ишин талдайт жана иштин сапатын жакшыртуу боюнча Туруктуу өкүлгө сунуш киргизет;
- Өкүлчүлүктүн ишинде уюштуруу маселелерин чечет;
- Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча башка функцияларды ишке ашырат.
12. Өкүлчүлүктүн эксперти кызматкерлер ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык жүктөлгөн милдеттерди аткарат, тапшырманын сапаты жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Өкүлчүлүктүн эксперти:
- Жогорку Кеңештин жыйынына, парламенттик көпчүлүк коалициясына, фракцияларга жана комитеттерге киргизилүүчү маселелер боюнча материалдарды иликтейт;
- Жогорку Кеңештин жыйындарына жана анын органдарына катышуу үчүн зарыл материалдарды Өкүлчүлүктүн жетекчилигине өз убагында берүүнү камсыз кылат;
- жетекчилик үчүн Өкүлчүлүк жүргүзгөн маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды, отчетторду, баян каттарды даярдайт;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, министрликтер, ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Жогорку Кеңештин токтомдорун, протоколдук тапшырмаларын, парламенттин, Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын суроо-талабын аткарууга мониторинг жүргүзөт жана контролдойт жана алар боюнча маалыматтар базасын түзөт;
- иш милдеттерине кирген маселелер боюнча Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерин пландоого жана аткаруунун жүрүшүнө талдоо жүргүзөт;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле методикалык, маалыматтык, аналитикалык камсыздоо маселелери боюнча Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштерин өркүндөтүүгө карата сунуш киргизет;
- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына жана программаларга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча аткаруу бийлиги органдарынын сунуштарын Өкмөттүн Аппаратында изилдейт, макулдашууну уюштурат;
- иш милдетинде каралган маселелер боюнча Өкмөттүн токтом долбоорлорун иштеп чыгат, даярдоого катышат;
- Өкмөт тарабынан демилге кылынган жана Жогорку Кеңеш жана Президент тарабынан карап чыгуу процессинде турган мыйзам долбоорлору боюнча электрондук маалыматтар базасынын контролдук абалын түзөт жана колдойт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ар жылдык отчетун Жогорку Кеңештин угуусуна даярдоо боюнча, Жогорку Кеңеште "өкмөттүк күндү" жана"өкмөттүк саатты" өткөрүүнү даярдоо боюнча, Жогорку Кеңештин жыйындарында каралуучу мыйзамдардын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды даярдоо боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аткаруу бийлиги органдары менен өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына чакырылган Өкмөт мүчөлөрүнүн, Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн, аткаруу бийлиги органдарынын башка кызмат адамдарынын келүүсүн камсыздоодо Жогорку Кеңештин Аппаратына көмөк көрсөтөт;
- жетекчиликтин тапшырмасы боюнча иш милдетинде каралган маселелер боюнча Өкмөттүн мыйзам долбоорлорун кароодо Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин жыйындарына катышат;
- Туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча иш милдетинде каралган маселелер боюнча Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр, анын орун басары тарабынан өткөрүлүүчү жыйындарга жана кеңешмелерге катышат;
- Туруктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.
V. Корутунду жоболор
Өкүлчүлүктүн иштерин материалдык, техникалык, программалык жана башка камсыздоо мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.